Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

1998-жылдын 8-июну № 77

Мунай жана газ жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2004-жылдын 9-мартындагы № 19,
2012-жылдын 29-майындагы № 74,
2012-жылдын 11-октябрындагы № 171,
2013-жылдын 13-февралындагы № 15, 2015-жылдын 20-январындагы № 19
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизденет.

Ушул Мыйзамдын жоболорунун күчү республиканын мунайгаз тармагынын менчигинин түрүнө карабастан, бардык уюмдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык граждандарына, жеке жана юридикалык жактарына жайылтылат.

 

1-статья. Мунайгаз тармагы

 

Мунайгаз тармагы - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды издөөгө, чалгындоого, иштетүүгө (алууга), сактоого, кайра иштетүүгө, ташууга жана сатууга байланышкан жана уюштуруучулук техникалык жана технологиялык процесстерди камтыган өнөр жайдын курамдык бөлүгү.

Мунайгаз тармагындагы уюмдардын иши ушул Мыйзамдын жоболору, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

 

2-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары

 

Ушул Мыйзамдын максаты мунайгаз тармагындагы уюмдардын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууну, функцияларынын жана ишинин бекемдигин жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл аралык стандарттарга ылайык келген ченемдик-укуктук базаны түзүү, керектөөчүлөр менен өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо, аларды өндүрүүнүн көлөмдөрүн интенсивдүү жогорулатуу үчүн мунайгаз тармагына инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды калыптандыруу болуп эсептелет.

 

3-статья. Терминдердин аныктамасы

 

Ушул Мыйзамдагы терминдер төмөндөгүдөй мааниге ээ:

жер казынасы - геологиялык изилдөө жана өнөр жайда өздөштүрүү үчүн мүмкүн болгон, кыртыш катмарынын үстүнө же анын төмөнкү чегине чейин, көлмөлөрдүн түбүндө жана агын суулардын терең жерлеринде жайгашкан пайдалуу кендерди кошо камтыган жер катмарынын бөлүгү;

пайдалуу кендер - товардык өндүрүш чөйрөсүндө колдонулуучу, жер катмарында пайда болгон табигый минералдык түзүлүштөр;

кеңири таралган пайдалуу кендер - курулуш жумуштары жана курулуш материалдарын чыгаруу үчүн колдонулуучу бөлүктөргө бөлүнгөн, табигый жана технологиялык жагынан өзгөртүлгөн абалдагы кеңири таралган минералдар жана тоо-тектери;

геологиялык бөлүп берүү - геологиялык изилдөө үчүн берилген жана графикалык документтердин бурч жагына географиялык же тик бурчтук координаттарда берилген жер казынасынын участогу;

жерди бөлүп берүү - лицензиатка геологиялык изилдөө жана жер казынасын өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн берилген жана графикалык документтердин бурч жагына тик бурчтуу үч өлчөмдүү координаттарда көрсөтүлгөн жердин үстүңкү катмарынын участогу;

тоону бөлүп берүү - лицензиатка мунай жана газ чыккан жерлерди өнөр жайлык иштетүү (алуу) үчүн берилген жана графикалык документтердин бурч жагына тик бурчтуу үч өлчөмдүк координаттарда көрсөтүлгөн жер казынасынын участогу;

мунайгаз тармагы - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды издөөгө, чалгындоого, иштетүүгө (алууга), сактоого, кайра иштетүүгө, ташууга жана сатууга байланыштуу жана уюштуруучулук техникалык жана технологиялык процесстерди ичине камтыган өнөр жайдын курамдык бөлүгү;

мунайгаз тармагындагы уюм - менчигинин түрүнө карабастан мунайгаз тармагында ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана (же) юридикалык жактар;

мунайгаз тармагындагы иш - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заатарды издөөгө, чалгындоого, иштетүүгө (алууга), сактоого, кайра иштетүүгө, ташууга жана сатууга байланыштуу уюмдардын иштеринин жыйындысы жана (же) комплекси;

баштапкы ресурстар - жер казынасында жайгашкан жана мунайгаз тармагында пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый абалдагы ресурстар;

экинчи ресурстар - баштапкы ресурстарды кайра иштетүүдөн алынган ресурстар;

чийки мунай - кадыресе атмосфералык температурада жана басымда жер казынасынан алынуучу көмүр суу тектери, анын ичинде дистиллят (газоконденсат) же конденсат деген ат менен белгилүү болгон, табигый конденсациялоо аркылуу табигый газдан түзүлгөн суюк көмүр суу тектери;

мунай - чийки мунай, ошондой эле чийки мунайды тазалагандан, күйүүчү сланецтерди жана битумду камтыган тектерди кайра иштетүүдөн алынган көмүр суу тектери;

пайдалуу кендерди алуу -пайдалуу кендерди жер казынасынан алуу боюнча процесстердин комплекси;

жер казынасын коргоо - жер казынасын жана аларда жайгашкан пайдалуу кендерди сарамжал пайдалануу, аларды жер казнасынан мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде жана экономикалык максатка ылайык толук алууну, кен чыккан жерлерди жана алынган минералдык сырьелорду аны кайра иштетүүнүн бардык стадияларында комплекстүү пайдаланууну камсыз кылуу;

жер казынасын геологиялык изилдөө - кен чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо, аларда болгон минералдык сырьенун санын жана сапатын алардын экономикалык баалуулугуна баа берүү менен аныктоо, ошондой эле пайдалуу кендерди алууга байланышпаган башка геологиялык объектилерди изилдөө боюнча атайын изилдөө иштеринин комплекси;

жер казынасын пайдалануу үчүн акы төлөө - жер казынасынын ресурстарынын менчик ээсине (мамлекетке) аларды өздөштүрүү укугун бергендиги үчүн бир жолу төлөнүүчү акы;

жаратылыш газы - тиешелүү температуралык шарттарда жана жер астындагы басымда жер казынасында газ түрүндөгү абалда болгон көмүр суу тектери;

газ конденсаты - жер казынасынын термодинамикалык шарттарында газ түрүндөгү же буу түрүндөгү абалда болгон, газ сыяктуу жана тез кайнай турган майлуу мунай көмүр суу тектеринин өз ара эрип кетүүчү табигый тутуму; кадыресе басымдын жана кадыресе температуранын шарттарында газ түрүндө болуучу, ал эми басым бир аз эле жогорулаганда (суюлтулбаган абалга келбестен) суюк абалга өтүүчү көмүр суутек газдары. Басым төмөндөгөндө бул көмүр суутек суюктуктары бууланат жана буу же газ түрүнө өтөт. Көмүр суутектеринин сапаттык курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген тиешелүү мамлекеттик органдар белгилеген стандартка ылайык келүүгө тийиш;

мунайзаттар - термокатализатордук жана мунайды химиялык синтездөө жана белгиленген эл аралык стандарттарга ылайык келген башка ыкмалар аркылуу чийки мунайды жана газды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган заттар жана компоненттер;

мунай жана (же) жаратылыш газы менен чогуу болгон компоненттер мунайда, жаратылыш газында жана кен чыккан жерлерде жаткан сууларда эриген жана бууланган абалда болгон ар кандай химиялык элементтер жана алардын кошундулары;

мунай жана жаратылыш газы чыккан жерлер - жер казынасында бирдиктүү геологиялык структурага байланыштуу болгон, баалардын жана өнөр жай технологияларынын ушул деңгээлинде экономикалык мааниге ээ болгон көмүр суутектеринин бир же бир нече табигый топтомдору;

издөө - мунайдын жана жаратылыш газынын чыккан жерин ачууга (табууга) келечектүү болгон жер кыртышынын казынасындагы геологиялык структураларды жана нерселерди аныктоого (белгилөөгө) багытталган ар кандай (геологиялык, геофизикалык, илимий-усулдук, бургулоо) операциялары;

чалгындоо - геологиялык структуралардын жана жер казынасындагы нерселердин чектериндеги мунай жана жаратылыш газынын чыккан жерлерин (жайгашкан жерлерин) белгилөөгө багытталган ар кандай, барыдан мурда бургулоо операциялары;

кенди ачуу - геологиялык структуралардын жана жер казынасындагы нерселердин чектеринде мунайдын жана (же) жаратылыш газынын баштапкы заттык жайгашуусунун геологиялык нерселерин бургулоо аркылуу табуу жана ачуу;

мунайды жана жаратылыш газын иштетүү (алуу) - жер казынасында жайгашкан мунайды жана жаратылыш газын жердин үстүнө чыгаруу максатында пайдаланылуучу скважиналарды бургулоону жана башка операциялардын комплексин камтыган операциялар;

өндүрүү (кайра иштетүү) - катуу, суюк жана газ түрүндөгү көмүр суутектеринин мунайдан жана газдан алынуучу органикалык жана органикалык эмес заттарынан экинчи бир заттарды алуунун технологиялык, техникалык процесстеринин комплекси;

лицензиялык орган (лицензиар) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга жана анын жүзөгө ашырылышына контролдук кылууга лицензия берүү боюнча ыйгарым укук берген мамлекеттик орган;

лицензиат - мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга укук берген лицензиянын ээси;

лицензия - лицензиар тарабынан берилүүчү мунайгаз тармагында ишти жүзөгө ашырууга лицензиатка укук берген юридикалык документ (уруксат);

лицензиялык макулдашуу (контракт)- лицензиар менен макулдашылган мунайгаз тармагында лицензиаттын ишинин шарттары жөнүндө келишим;

контракттык аймак (лицензиялык аянт) - лицензиатка ошол аянттын чектеринде мунайгаз тармагындагы ишти жүргүзүүгө укук берген жерди жана тоону бөлүп берүүнүн чектеринде аныкталган аянт;

жер укуктарынын ээси - Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жерлерди бөлүп берүү укугу берилген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары;

үчүнчү жактар - лицензиат менен лицензиардан башка чарба жүргүзүүчү субъектилер болуп эсептелген ар кандай жактар;

сервитут - чектеш жана алыскы жерлерге, тоолорго жана (же) геологиялык бөлүп берүүлөргө мүмкүнчүлүк берген укук, ал лицензиатка "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте берилет.

Сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча уруксат берилген "макулдашылган" (эркин), же болбосо лицензиардын катышуусу менен же сот тартибинде чечилүүчү мажбурлоочу (администрациялык) болушу мүмкүн;

пакеттештирүү (унитизация) - кен чыккан жер лицензиянын эки же андан ашык ээсинин аймагынан өткөн кезде кен чыккан жерди иштетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө лицензиялардын ээлеринин ортосунда түзүлгөн келишим;

түтүк өткөргүч - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды ташуу үчүн жердин астында же жердин үстүндө салынган ар кандай өлчөмдөгү түтүктөр;

ташуу - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды алар алынган жерден аларды сактоочу жана кайра иштетүүчү жерлерге, ошондой эле алар кайра иштетилген жерлерден керектөөчүлөргө түтүк өткөргүчтөр боюнча, транспорттун башка түрлөрү менен белгилүү аралыкка жеткирүү, бөлүштүрүү;

керектөөчү - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды түздөн-түз өндүргөн уюмдан же рыноктон сатып алуучу;

магистралдык жана бөлүштүрүүчү түтүк өткөргүч - мунайды, газды, көмүр суутектин сырьелорун жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды алар алынган, сакталган жана кайра иштетилген жерлерден керектөөчүгө чейин ташып жеткирүү үчүн арналган инженердик курулуштар, жердин үстүндөгү жана жердин астындагы түтүк өткөргүчтөр, коммуникациялардын, теле башкаруулардын жана байланыштын объектилери;

газды, мунайды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды бөлүштүрүү тармагы - газды, мунайды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды керектөөчүгө берүү жана сатуу үчүн арналган жердин үстүндөгү жана жердин астындагы түтүк өткөргүчтөр, анын ичинде инженердик курулуштар, жабдуулар жана аппаратуралар;

мунай жана (же) газ чыккан жерлерди иштетүүнүн (алуунун) оң практикасы - лицензиялык макулдашууга (контрактка) ылайык мунайды жана газды коопсуз, экономикалык жагынан натыйжалуу чалгындоону жана иштетүүнү (алууну) камсыз кылуучу, мунайгаз тармагындагы иштин эл аралык эрежелери;

форс-мажор - лицензиялык макулдашууну (контрактты) - аткарууну татаалдаштырган тилсиз жоонун жагдайлары. Аларга согуштук жаңжалдар, табигый кыйроолор, бөөдө кырсыктар жана башка жагдайлар таандык.

жасалма инженердик курулуштар - мунайды, газды жана аларды иштетүүдөн келип чыккан заттарды издөө, чалгындоо, иштетүү (алуу), ташуу жана сатуу менен байланышкан белгилүү бир технологиялык процесстердин жүрүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүчү жасалма курулуштар.

турмуш-тиричилик керектөөчүсү - контракттын шарттарына ылайык жаратылыш газын турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануучу жеке жак.

 (КР 2004-жылдын 9-мартындагы № 19 , 2013-жылдын 13-февралындагы № 15  мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

4-статья. Мунайга жана жараталыш газына менчик укугу

 

Кыргыз Республикасынын жер казынасында жайгашкан бардык мунайдын жана жаратылыш газынын геологиялык ресурстары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттин гана менчиги болуп эсептелет.

5-статья. Мунайгаз тармагындагы иштин жана менчиктин түрлөрү

Мунайгаз тармагында иш жүргүзүүгө компетенциясы бар уюмдар менчиктин мамлекеттик, жеке жана аралаш түрүнө ээ болушу мүмкүн.

6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мунайгаз тармагындагы ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мунайгаз тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруунун программасын иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга мүлктүк укуктарды берет;

- мунай жана газ ресурстарын пайдаланууну жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоону жүзөгө ашырат;

- мунайгаз тармагына инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу ченемдик укуктук жана фискалдык шарттарды түзөт;

- мунайгаз тармагындагы иштин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасиринен коргоо программасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- жер казынасын пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди иштетүүнүн жана пайдалануунун, жаратылыш газын жана мунайын жөнөтүүнүн, ташуунун, пайдалануунун жана сатуунун эрежелерин белгилейт;

- мунайдын жана жаратылыш газынын балансынын абалына контролдук жүргүзөт, жер казынасынын изилденишинин мамлекеттик эсепке алынышын уюштурат;

- мунайдын, жаратылыш газынын стратегиялык корлорун калыптандырууну жана алардын республиканын аймагында жайгаштырылышынын эсепке алынышын камсыз кылат;

- мунайгаз тармагындагы инвестициялык саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- лицензиялоонун, мунай газ тармагындагы ишти лицензиялоонун шарттарынын сакталышын контролдоонун мамлекеттик тутумунун иштешин камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мунайгаз тармагындагы жалпы баа саясатын жүргүзөт;

- мунайгаз тармагын монополиядан арылтуу, мамлекеттик менчиктен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча программаны иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук техникасын камсыз кылынышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым ыйгарым укуктарын башка мамлекеттик органдарга бере алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн мунай менен газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды себептерин көрсөтүү менен календарлык жылдын ичинде алты айдан ашпаган мөөнөткө экспорттоого тыюу салууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 29-майындагы № 74, 2015-жылдын 20-январындагы № 19 Мыйзамдарынын  редакцияларына ылайык)

7-статья. Лицензиялык ишти жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

Лицензиялык ишти жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар лицензиялоо боюнча даярдык көрүү иштерин жүзөгө ашырат.

Жер казынасын пайдаланууга укук берген лицензияларды берүү боюнча конкурстук комиссияларды бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Лицензиялоо жөнүндө" жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга укук берген лицензияттарды берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мунайгаз тармагындагы иштин башка түрлөрүнө лицензия берүү укугун башка мамлекеттик органдарга берүү укугуна ээ болот.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Мунайгаз тармагындагы ишке концессия

 

Мунайгаз тармагындагы ишке концессия "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурстук негизде берилет.

Концессияга акы төлөө концессиялык келишимге кол коюу учуруна карата кен чыккан жердин табигый баалуулугуна жараша белгиленет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ыйгарым укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары лицензиаттар тарабынан мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда:

а) мунайгаз тармагында издөө, чалгындоо, иштетүү (алуу) үчүн берилүүчү бөлүнгөн жерлерди жер казынасынын участоктору катары берет;

б) жергиликтүү кеңештер менен биргелешип көмүр, суутек сырьесунун ресурстарын өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;

в) Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык экологиялык кызматтары менен биргелешип мунайды жана газды издеп-чалгындоо жумуштарынын жана иштетүүнүн (алуунун) долбоорлорун экологиялык экспертизадан өткөрүүгө катышат;

г) жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык кызматтары менен биргелешип издеп-чалгындоодо жана мунайды жана газды иштетүүдө (алууда) жер казынасын пайдаланууга жана коргоого контролдукту жүзөгө ашырууга катышат;

д) тиешелүү аймактык мамлекеттик кызматтар менен биргелешип аларды пайдалануу адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына, чарбалык объектилерге же айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда жер казынасынын участокторун пайдаланууга чектөөлөрдү киргизет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашыруунун долбоорлоруна тендерди (конкурсту) өткөрүүнүн тартиби

Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашыруунун долбоорлоруна тендерлерди (конкурстарды) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү тендердик комиссия өткөрөт. Массалык маалымат каражаттарында "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тендерди (конкурсту) өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө билдирилет. Тендердик комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында мунайгаз тармагында тендерди (конкурсту) өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алат.

 

11-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти лицензиялоонун тартиби

 

Мунайгаз тармагындагы ишти лицензиялоонун тартиби "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2004-жылдын 9-мартындагы № 19 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууга укук берүү

 

Лицензиялар "Лицензиялоо жөнүндө" жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мунайгаз тармагындагы иштин түрлөрүнө берилет. Лицензияга ээ болгон уюм мунайгаз тармагындагы иштин тиешелүү түрүнө карата артыкчылык укугуна ээ болот.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Мунайды жана газды лицензиат тарабынан сарамжал пайдаланууга коюлуучу талаптар

 

Лицензиянын ээси мунай жана газ боюнча операцияларды мунай жана газ чыккан жерлерди өтө жакшы пайдаланууну камсыз кылгандай жүргүзүүгө, аларды өндүрүүдө жана ташууда коромжулуктарды жана башка жоготууларды жокко чыгарууга тийиш. Иштетүүнүн планында таштандыларды чыгаруунун альтернативалуу ыкмалары кен чыккан жерди коммерциялык жагынан өнүктүрүүгө тоскоолдук кылгандыгы аныкталган учурда гана газды күйгүзүүгө жол берилет.

 

14-статья. Лицензиялар менен лицензиялык макулдашуулардын (контракттардын) түрү жана мазмуну

 

Лицензиар тарабынан иштелип чыккан типтүү лицензиялык макулдашуулардын (контракттардын) түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана отчет берүүчү документ болуп эсептелет.

Лицензияда жана лицезиянын ажырагыс бөлүгү катарында болгон лицензиялык макулдашууда (контрактта) лицензиат жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтар:

а) мунайгаз тармагындагы компетенттүүлүгү;

б) финансылык жагынан кудуреттүүлүгү;

в) мунайгаз тармагындагы айкын программасы жана иштеринин максаттуу багыты;

г) колдонгон ыкмалары жана технологиялары;

д) жаратылыш чөйрөсүн коргоонун жана калыбына келтирүүнүн гарантиялары;

е) лицензиялоо жөнүндө жоболордо аныкталган мунайгаз тармагындагы иштин айрым түрлөрүнө болгон форс-мажордук жагдайлар жана башка маалыматтар камтылууга тийиш.

 

15-статья. Мунайгаз тармагындагы ишке лицензиялык макулдашуу (контракт) түзүүнүн жана каттоонун тартиби

 

Мунайгаз тармагындагы ишке лицензиялык макулдашуу (контракт) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген лицензиар менен лицензиаттын ортосунда түзүлөт жана "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык катталат.

 

16-статья. Мунайгаз тармагындагы ишке лицензиялык макулдашуунун (контракттын) колдонулуш мөөнөтү

 

Лицензиялык макулдашуунун (контракттын) колдонулуш мөөнөтү мунай жана газ чыккан жерлердин техникалык-экономикалык негиздемелери, техникалык долбоорлору, масштабдары тарабынан аныкталат жана лицензияда белгиленет.

Мунайгаз тармагындагы иш жөнүндө лицензиялык макулдашууларга (контракттарга) карата Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жоболору колдонулат.

 

17-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти биргелешип жана (же) өзүнчө жүргүзүү

 

Лицензиялардын эки же андан ашык ээлеринин аймагынан өткөн кен чыккан жерде мунайгаз тармагындагы ишти жүргүзүүнүн түрү лицензиар менен макулдашуу боюнча эки же бир нече лицензиаттын ортосундагы келишимдин негизинде өзүнчө жана (же) биргелешкен болушу мүмкүн.

Эгерде тараптар макулдашууга жетише албаса, анда лицензиар өзүнүн компетенциясынын чектеринде келишим түзүүдө тараптардын ортосунда алгылыктуу макулдашууга жетишүү үчүн зарыл болгон аракеттерди көрөт.

Лицензиянын ээси түтүк өткөргүчтөрдө жана имарат жайларда мунай, газ жана мунайзаттар ашык болгондо аларды үчүнчү жакка ташып жеткирүү үчүн ачык жол берүүгө тийиш. Ачык жол эки тараптын ортосунда түзүлгөн контракттын негизинде тиешелүү транспорттук тарифтер төлөнгөн шарттарда ачылат. Эгерде ачык жол берүүгө буюртма келип түшкөндөн кийин 6 айдын ичинде лицензиянын ээси жана үчүнчү жак ушундай бүтүмдөрдү жасоо үчүн коммерциялык негизде макулдашууга жетише албаса, лицензиялык орган тараптардын ортосунда ушундай макулдашууну камсыз кылуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте зарыл чараларды көрүүгө укуктуу.

 

18-статья. Лицензиялардын эки же андан ашык ээлеринин аймагында жайгашкан мунайгаз тармагына тиешелүү болгон кен чыккан жерде ишти биргелешип жүргүзүүгө пакет берүү (унитизация)

 

Эгерде кен чыккан жер лицензиялардын эки же андан ашык ээлеринин аймагынан өтсө, лицензиялардын ээлери кен чыккан жерлерди чогуу иштетүүнү талкуулоону баштоого тийиш. Лицензиялардын ээлери кен чыккан жерлерди чогуу иштетүүнүн алда канча оптималдуу ыкмасын аныктоого жана биргелешип иштетүү жөнүндө кат жүзүндөгү макулдашууларды түзүүгө тийиш. Мындай макулдашууларда иштетүүлөрдүн биргелешкен планы камтылып, ал лицензиат тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде лицензиялардын ээлери өз ара пландарды макулдаша албаса, лицензиар мыйзамда белгиленген тартипте бул ишке кийлигишүүгө жана план көз карандысыз эксперт тарабынан иштелип чыгуусун жана аны лицензиялардын ээлеринин аткарышын талап кылууга тийиш. Ушул маселе боюнча лицензиардын көрсөтмөлөрүн аткарбоо кен чыккан жерге берилген лицензиядан ажыратууга алып келет жана тиешелүү аймак лицензиянын ээсинин иштөө тармагынан алынып коюлат.

 

19-статья. Мунайгаз тармагында иш жүргүзүүдө жасалма аралдарды, тосмолорду жана башка инженердик курулмаларды куруу укугу жөнүндө

 

Мунайгаз тармагынын ажырагыс бөлүгү жана анын ийгиликтүү иштеши үчүн зарыл болуп эсептелген жасалма инженердик курулмаларды мунайгаз тармагында куруу укугу лицензиатка тендердин (конкурстун) жыйынтыгынын негизинде жана лицензиялык келишимге (контрактка) ылайык берилет.

(КР 2004-жылдын 9-мартындагы № 19 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Мунайгаз тармагында иш жүргүзүүдө лицензия укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүү

 

Лицензиат лицензиардын макулдугу менен лицензия укугун долбоорду контракттык аймакта кошумча каржылоону камсыз кылууга техникалык жана каржылык мүмкүнчүлүгү бар үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу.

Эгерде лицензиат милдеттенмелерин аткарбаса, анда лицензиар лицензияны үчүнчү жактарга берүү укугунан лицензиатты ажыратышы мүмкүн.

Кийинки лицензиат катарында болгон үчүнчү жак 30 күндүн ичинде лицензиарга лицензияны өзүнүн атына кайра каттатуу үчүн зарыл болгон маалыматты берүүгө милдеттүү.

Лицензияны өзүнө кайра каттаткан үчүнчү жак мурдагы лицензиат менен түзүлгөн лицензиялык макулдашууда белгиленген шарттарды сактоо жана тиешелүү каржылык документтердин негизинде лицензиар жана каржылык структуралар тарабынан ырасталган өлчөмдөрдө лицензиянын мурдагы ээси тарткан чыгымдардын ордун толтуруу боюнча өзүнө милдеттенме алат.

 

21-статья. Кыргыз Республикасында мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды сатып алууга артыкчылык укук

 

Мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды сатып алууга артыкчылык укук "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына ылайык берилет.

Мунай, газ жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттар сатылган же экспорттолгон учурда, лицензиат мындай операция жөнүндө ага чейин бир ай калганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга алдын ала билдирүүгө жана ага мунайгаз тармагындагы иштин натыйжасында алынган мунайдын, газдын жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттардын бардык санын же бир бөлүгүн сатып алууга артыкчылык укук берүүгө милдеттүү.

 

22-статья. Форс-мажордук жагдайлар болгон учурда мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды реквизициялоо жана кийин алардын ордун толтуруу

 

Форс-мажордук жагдайлар болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лицензиатка таандык болгон мунайдын, газдын жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттардын бүткүл санын реквизициялоо укугуна ээ болот жана алардын ордун кийинки 6 (алты) айдын ичинде накталай же реквизиция учурунда аныкталган наркы боюнча толтурууну гарантиялайт.

 

23-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында мунайгаз тармагындагы ишке мамлекеттик контроль

 

Кыргыз Республикасынын аймагында мунайгаз тармагындагы ишке мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ушул Мыйзамдын 6-статьясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жоболордун жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырылат. Мунайгаз тармагындагы ишке мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары алынган маалыматтардын жашырындуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликте болот.

 

24-статья. Маалымат алмашуу жана отчеттуулукка коюлуучу талаптар

 

Лицензиянын ээси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын (лицензиардын) ортосунда толук жана тиешелүү маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу максатында лицензиянын ээси коммерциялык ачылыш болгон учурда кен чыккан жерди иштетүүнүн планын берет. Мындай планды бекитүү негизсиз кечеңдетилбөөгө тийиш.

Кен чыккан жер жабылган күнгө чейин лицензиянын ээси лицензиардын кароосуна кен чыккан аймакты жоюунун жана реабилитациялоонун планын бериши керек, ал негизсиз кечеңдетилбөөгө тийиш. Лицензиялык келишимде (контрактта) каралган жашырындуулук камсыз кылынган шартта лицензиарга мунай жана газ боюнча ишке тиешелүү маалыматтар берилүүгө тийиш.

 

25-статья. Мунайгаз тармагындагы иш учурунда чектеш жаткан бөлүнүп берилген тоолордо сервитуттун пайда болушу

 

Төмөндөгү учурларда:

- аталган бөлүнүп берилген тоодогу жумуштар чектеш жаткан бөлүнүп берилген тоого зыян келтириши мүмкүн экендигинин далили болсо;

- эгерде контракттык аймактагы (лицензиялык аянттагы) кыйроону жоюу боюнча жумуштарды чектеш жаткан бөлүнүп берилген тоонун аянтынан тезирээк жүргүзүүгө мүмкүн болсо, чектеш жаткан бөлүнүп берилген тоого эркин же мажбурлап мүмкүнчүлүк алуу укугу пайда болот.

Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн жумуштарды жүргүзүүгө байланыштуу чыгашалар бардык учурларда чектеш жаткан бөлүнүп берилген тоого мүмкүнчүлүк берген укук алган тараптын эсебинен толтурулат.

Келип чыккан талаштар мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.

26-статья. Мунайгаз тармагындагы иш учурунда чектеш жаткан бөлүнүп берилген жерлерде сервитуттун пайда болушу

Төмөндөгү учурларда:

- бөлүнгөн жердин аянты боюнча өткөн авто- жана темир жол магистралдарын, мунайгаз түтүктөрүн, электр зымдарын жана башка региондук жана мамлекеттик маанидеги курулуштарды тейлөөдө жана оңдоодо;

- эгерде бөлүнүп берилген жердеги кыйроо кырдаалдарын жоюу үчүн чектеш жаткан жана (же) чектеш жатпаган бөлүнүп берилген жер тараптан мүмкүнчүлүк тезирээк ачылса;

- геофизикалык, топографиялык, маркшейдердик, археологиялык жана башка мамлекеттик маанидеги изилдөө жумуштарын жүргүзүүдө чектеш жаткан бөлүнүп берилген жерге эркин же мажбурлап мүмкүнчүлүк алуу укугу келип чыгат.

 

27-статья. Мунайгаз тармагындагы иште лицензиат менен жер укукта-

рынын ээлеринин ортосундагы мамилелер

 

Мунайгаз тармагындагы ишке зарыл болгон жер участокторун, кеңири таралган пайдалуу кендерди жер үстүндөгү сууларды, токойлорду жана материалдык ресурстарды пайдалануудагы лицензиат менен жер укугунун ээлеринин ортосундагы мамилелер тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде аныкталат.

Эгерде жер укуктарынын ээси мунайгаз тармагындагы ишке таасирин тийгизүүчү ирригациялык жана башка тутумдарды айыл чарба максаттарында өзгөртүүгө ниеттенсе, ал буга лицензиардан уруксат алууга милдеттүү.

 

28-статья. Мунайгаз тармагындагы иш учурунда лицензиар менен жер укугунун ээлеринин ортосундагы талаштарды чечүү

 

Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашыруучу лицензиат жана жер укугунун ээлери өз компетенциясынын чектеринде, лицензиардын көмөк көрсөтүүсү менен келишим түзүү учурунда, тараптардын ортосунда алгылыктуу макулдашууга жетишүү үчүн зарыл болгон аракеттерди жүзөгө ашырат. Эгерде тараптар кош тараптуу макулдукка жетише албаса, талаш маселе боюнча акыркы чечим сот тартибинде кабыл алынат.

 

29-статья. Мунайгаз тармагындагы түтүк өткөргүч транспортуна менчик укугу жөнүндө - (КР 2004-жылдын 9-мартындагы № 19 мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

 

30-статья. Мунайгаз тармагындагы түтүк өткөргүч транспортту жана инженердик курулуштарды пайдалануу

 

Түтүк өткөргүч транспортту жана анын иштешин камсыз кылуучу бардык инженердик курулуштарды пайдалануу лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун (контракттын) негизинде бир же бир нече лицензиат тарабынан жүзөгө ашырылат. Лицензиат түтүк өткөргүч транспортту жана бардык инженердик курулуштарды пайдалануу укугун тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде экинчи тарапка бере алат. Эгерде тараптар макулдашууга жетише албаса, анда лицензиар келишим түзүү учурунда тараптардын ортосунда алгылыктуу макулдашууга жетишүү үчүн өз компетенциясынын чектеринде зарыл болгон аракеттерди көрөт. Эгерде тараптар кош тараптуу макулдашууга жетише албаса, анда талаш маселелер боюнча акыркы чечим сот тартибинде кабыл алынат.

 

31-статья. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана аларды мунай, газ жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттар менен камсыз кылуу боюнча лицензиаттын милдеттери

 

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиат тараптардын ортосундагы келишимдин негизинде, алардын таламдарына ылайык керектөөчүлөрдү мунай, газ жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттар менен камсыз кылат.

Чыр-чатактуу жагдай келип чыкканда лицензиар келишим түзүү учурунда тараптардын ортосунда алгылыктуу макулдашууга жетишүү үчүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттерди көрөт. Эгерде тараптар кош тараптуу макулдашууга жетише албаса, анда талаш маселелер боюнча акыркы чечим сот тартибинде кабыл алынат.

 

33-1-статья. Пайдаланылган газ үчүн төлөө шарттары жана тартиби

 

Газды керектөөчү, анын ичинде турмуш-тиричиликтик керектөөчү төлөөнү керектөө мезгилинде колдонулган тарифтер боюнча, жеке эсептегичтин көрсөткүчүнө ылайык, календардык айда бир жолу, же болбосо алдын ала төлөө картасы менен электрондук эсептегичти пайдалануу, же болбосо контракттын шарттарына ылайык алдын ала төлөө жолу менен жүргүзөт.

Керектөөчү эсептегичти сындырган учурлардан тышкары (заводдук бракты же сапатсыз орнотууну кошпогондо), турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн эсептегичтер газ берүүчү тарабынан акысыз негизде орнотулат.

(КР 2013-жылдын 13-февралындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-статья. Лицензиаттын керектөөчүлөрдү мунай, газ жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттар менен камсыз кылууну токтотуу укугу

 

Керектөөчүлөр тараптардын ортосундагы келишимди бузган учурда лицензиат мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды жөнөтүүнү токтотууга укуктуу. Лицензиат келишимдин шарттары бузулган факты белгиленген учурдан тартып бир айдын ичинде жөнөтүүнү токтото тургандыгы жөнүндө керектөөчүгө кабарлайт. Лицензиар тараптардын ортосундагы лицензиялык макулдашуунун (контракттын) жана келишимдин негизинде тараптардын ортосундагы чыр-чатакты чечүү үчүн өз компетенциясынын чектеринде зарыл аракеттерди көрөт. Эгерде жөнөтүүчү жана керектөөчү кош тараптуу макулдашууга жетише албаса, анда алардын ортосунда келип чыккан талаш маселелер сот таратибинде чечилет.

 

33-статья. Мунайдын, газдын жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттардын баалары жана тарифтери

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык лицензиар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча:

- мунайга, жаратылыш газына жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарга экономикалык жагынан негизделген жана социалдык жагынан багытталган бааларды;

- мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды сатууну жүзөгө ашыруучу лицензиаттарды монополиядан арылтуу саясатын жөнгө салып, бардык атаандаштардын мунайгаз тармагындагы ишинин бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана шарттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

 

34-статья. Мунайгаз тармагындагы ишке салыктар жана төлөмдөр

 

Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашыруучу уюмдардан салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык мамлекеттик бюджетке алынат.

 

35-статья. Мунайгаз тармагындагы иш учурунда айлана-чөйрөнү коргоого жана жумуштарды коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик контроль

 

Мунайгаз тармагындагы иш учурунда айлана-чөйрөнү коргоого жана жумуштарды коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жоболордун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Контракттык аймакты изилдөөдө жана пайдаланууда бардык лицензиаттар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, стандарттардын (эрежелердин), ченемдердин сакталышын камсыз кылуу, алардын калкка, айлана-чөйрөгө, имараттарга жана курулуштарга зыяндуу таасирин, ошондой эле гидрокарбонаттар менен газдардын кыртыштын алдына, көлмөлөргө, жердин үстүнө жана атмосферага таралышынын алдын алуу жана четтетүү айлана-чөйрөнү коргоого жана мунайгаз тармагындагы жумуштарды коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик контролдун милдети болуп саналат.

Жабыр тарткан тарапка келтирилген зыяндардын жана айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу күнөөлүү тараптын эсебинен, зыяндардын жана чыгымдардын ордун толтуруу учурундагы тиешелүү тарифтерге ылайык келген өлчөмдөрдө жүргүзүлөт, ал эми тараптар макул болбогон учурларда, бул маселе сот тартибинде чечилет.

 

36-статья. Контракттык аймакта мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда өзүнө таандык болбогон кыймылсыз мүлктү лицензиаттын пайдалануу укугу

 

Контракттык аймакта өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүдө лицензиат менчигинин түрүнө карабастан, өзүнө таандык болбогон, анын ичинде мамлекеттик кыймылсыз мүлктү лицензиардын көмөгү астында тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде пайдаланууга укуктуу.

 

37-статья. Мунайгаз тармагында иш жүргүзүүдөгү мамлекеттер аралык мамилелер

 

Мунайгаз тармагында иш жүргүзүүдөгү, анын ичинде транзиттөөдөгү мамлекеттер аралык мамилелер ушул ишке катышкан мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъектилеринин ортосундагы кош тараптуу же көп тараптуу макулдашуулар тарабынан жөнгө салынат жана мамлекеттер аралык макулдашуулар менен бекитилет.

Тараптар макул болбогон учурда, маселелер ченемдик укуктук актыларга, стандарттарга, эрежелерге жана тараптардын ортосунда түзүлгөн мамлекеттер аралык макулдашуулардын баяндалган шарттарына ылайык чечилет.

 

38-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн лицензиаттын жоопкерчилиги

 

Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашыруучу лицензиат:

- контракттык аймактагы иштерде иштегендердин жана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч түзгөн, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгаган ыкмалар жана жолдор менен иш жүргүзгөндө;

- мунай жана газ чыккан жерлердин аянттарында өзү билип курулуш курганда;

- мунай жана газ чыккан жерлер жөнүндө маалыматка болгон менчик укугун бузганда;

- жоюлуп жаткан жана консервацияланып жаткан бургулоо скважиналарын калктын коопсуздугун камсыз кылган абалга келтирүү жөнүндө талаптарды, ошондой эле уюмдарды консервациялоо мезгилинде бургулоо скважиналарын сактоо жөнүндө талаптарды аткарбаганда жана башка укук бузууларды жасаганда;

- мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдарды бузган учурларда, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

39-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда талаштарды чечүүнүн тартиби

 

Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда тараптардын ортосунда келип чыккан талаштар ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет.

Тараптар макулдашууга келе албаган учурда, талаш маселе боюнча чечим сот тартибинде кабыл алынат.

 

40-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мыйзам актыларына ушул Мыйзамдан келип чыгуучу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуш берсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев