Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1420a3e7-8d33-4945-b90d-12d09b20fb8c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ
ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2019-жылдын 13-сентябры №135

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Москва, Нарын шаардык, Ат-Башы жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Москва, Нарын шаардык, Ат-Башы жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва, Нарын шаардык, Ат-Башы жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.

3. Москва, Нарын шаардык, Ат-Башы жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2019-жылдын 13-сентябрындагы
№ 135 токтомунун
1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
ТИЗМЕСИ

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы

Чүй облусу

Москва району

1

Садовое айылдык

Ташкулов Нурлан Октомбекович

Өз арызы

№ 03,
05.09.2019-ж.

Нарын облусу

Нарын шаары

2

Нарын шаардык

Жолдошев Алмаз Жамгырбаевич (№ 2) (деп. фракция "Республика - Ата-Журт")

Өз арызы

№ 6,
05.09.2019-ж.

Ат-Башы району

3

Ак-Жар айылдык

Аттокурова Сымбаткан Кадыровна

Өз арызы

№ 8,
06.09.2019-ж.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

4

Жалал-Абад шаардык

Исмаилов Нурбек Сапарбекович (№ 6) (деп. фракция "Өнүгүү-Прогресс")

Өз арызы

№ 43/25,
06.09.2019-ж.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2019-жылдын 13-сентябрындагы
№ 135 токтомунун
2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин
ТИЗМЕСИ

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А.

Негиз

Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими

Нарын облусу

Нарын шаары

1

Нарын шаардык

Турсуналиев Эрмек Турдалиевич № 8 ("Республика - Ата-Журт" с/п)

Өз арызы

№ 6,
05.09.2019-ж.

2

Телтаев Максат Казыбекович № 11 ("Республика - Ата-Журт" с/п)

Өз арызы

3

Кыдыров Уланбек Акбагышович № 14 ("Республика - Ата-Журт" с/п)

Өз арызы

№ 5,
24.07.2019-ж.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2019-жылдын 13-сентябрындагы
№ 135 токтомунун
3-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин
ТИЗМЕСИ

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Чүй облусу

Москва району

1

Садовое айылдык

Малоэр Хусе Ибрагимович

Убактылуу иштебейт

№ 03,
05.09.2019-ж.

Нарын облусу

Нарын шаары

2

Нарын шаардык

Таалайбек уулу Камчыбек (№ 15) ("Республика - Ата-Журт" с/п)

Убактылуу иштебейт

№ 6,
05.09.2019-ж.

Ат-Башы району

3

Ак-Жар айылдык

Осмонкожоев Турганбек Асанбекович

Дыйкан чарбанын мүчөсү

№ 9,
06.09.2019-ж.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

4

Жалал-Абад шаардык

Таев Элдос Ысакович (№ 12) ("Өнүгүү-Прогресс" с/п)

ОсОО "Туз-Бел-Таш", директор

№ 43/25,
06.09.2019-ж.