Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\083627ab-45b2-47b5-9465-dbfa6015d9c5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ
ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2019-жылдын 20-сентябры №139

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл, Аксы, Базар-Коргон, Кадамжай, Жети-Өгүз, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кара-Көл, Аксы, Базар-Коргон, Кадамжай, Жети-Өгүз, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл, Аксы, Базар-Коргон, Кадамжай, Жети-Өгүз, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.

2. Кара-Көл, Аксы, Базар-Коргон, Кадамжай, Жети-Өгүз, Түп жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2019-жылдын 20-сентябрындагы
№ 139 токтомунун
1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын
ТИЗМЕСИ

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары

1

Кара-Көл шаардык

Бабаканов Эркиналы Бабаканович (№ 10) ("Энергетик" с/п)

Өз арызы

№ 2,
09.09.2019-ж.

Аксы району

2

Ш.Назаралиев айылдык

Жунусбаев Алтынбек Абдымаликович

Соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши

№ 8,
12.09.2019-ж.

Базар-Коргон району

3

Базар-Коргон айылдык

Токсонов Маратбек Мусабекович

Өз арызы

№ 14,
12.09.2019-ж.

Баткен облусу

Кадамжай району

4

Орозбеков айылдык

Усенов Даниярбек Ибрахимович

Өз арызы

№ 12,
10.09.2019-ж.

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз району

5

Даркан айылдык

Алиев Нурлан Эркинбекович

Өз арызы

№ 12,
10.09.2019-ж.

Түп району

6

Талды-Суу айылдык

Акматов Бактыбек Сагындыкович

Өз арызы

№ 3,
13.09.2019-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

7

Нариман айылдык

Кадыров Мансур Хатамжонович

Каза болгондугуна байланыштуу

№ 22,
12.09.2019-ж.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2019-жылдын 20-сентябрындагы
№ 139 токтомунун
2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин
ТИЗМЕСИ

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары

1

Кара-Көл шаардык

Култаев Бакыт Токтомушевич (№ 17) (п/п "Энергетик")

Токтогул ГЭС, инженер

№ 2,
09.09.2019-ж.

Аксы району

2

Ш.Назаралиев айылдык

Шайымкулов Мадамин Маматкулович

Убактылуу иштебейт

№ 8,
12.09.2019-ж.

Базар-Коргон району

3

Базар-Коргон айылдык

Токоев Алмаз Ашырбаевич

Базар-Коргон РЭС, мастер

№ 14,
12.09.2019-ж.

Баткен облусу

Кадамжай району

4

Орозбеков айылдык

Манатов Имамидин Абдыкаарович

Убактылуу иштебейт

№ 12,
10.09.2019-ж.

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз району

5

Даркан айылдык

Алдашов Руслан Турусбекович

Салиев атындагы орто мектеби, мугалим

№ 12,
10.09.2019-ж.

Түп району

6

Талды-Суу айылдык

Исаев Төлөмүш Турдалиевич

Дыйкан чарба

№ 3,
13.09.2019-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

7

Нариман айылдык

Усманов Одил Маматазизович

"Усманов и Ко" ЖЧК, башкы директор

№ 22,
12.09.2019-ж.