Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\59820cfd-a9b1-471a-b843-bc61005caf35\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 20-февралы № 3557-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 20-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 20-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Ар кандай;

Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Асрандиев Эркин Шамшудиновичтин;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Мадумаров Акрам Камбаралиевичтин;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Замирбек Марипбаевичтин;

"2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ("Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"2019-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чех Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Ысык-Көл" биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Касымалиева