Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\cd3b562a-477d-4641-9dcb-cb1c18b1f7d8\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 15-апрели № 3665-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.К.Бешимбаеванын, С.К.Ибраевдин ант берүүсү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин;

"Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 71 Жарлыгын бекитүү тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 72 Жарлыгын бекитүү тууралуу;

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

"1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын жана 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгынын урматына мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

"Мамлекеттик бюджеттик резервдин каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

"Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында азык-түлүк коопсуздугун, 2020-жылдын жазгы-талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу тууралуу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча ишке тартылган адамдарды талаптагыдай эмгек шарттары жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жана медициналык уюмдардын кызматчыларына, укук коргоо органдарынын жана башка күч органдарынын кызматкерлерине кошумча кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөн кайтып келүүсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков