Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\ЖОЛДОШ\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\d9ee7eaf-9223-46cf-b0a5-612f8564d143\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 31-июлу № 488

"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жана "Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жактырылсын:

2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-берене) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнүн бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын;

85-берененин 3-бөлүгүндөгү "кооперативдер" деген сөздөн кийин "саясий партиялар," деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик реестр", "юридикалык жактардын мамлекеттик реестри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 4-берененин 13-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын.

3. 9-беренеде:

- 8-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин;

"9. Каттоочу орган тиешелүү чечимди кабыл алган учурдан тартып жоюу аяктады, ал эми чарбалык шериктик же коом өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.".

4. 42-беренеде "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү органдардагы" деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 6, 240-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 11-берененин 4-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын.

2. 18-беренеде:

- 2-пунктта:

биринчи абзац "жоюу комиссиясын" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучуну)" деген сөз менен толукталсын;

экинчи абзац "жоюу комиссиясын" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучуну)" деген сөз менен толукталсын;

3-пункт "Жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын;

3. 19-берененин 1-пунктунун биринчи абзацы "жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.

4. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Каттоочу орган тиешелүү чечим чыгарган учурдан тартып коомду жоюу аяктады, ал эми коом өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.".

 

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 1-берене.

"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 10, 436-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

10-берененин 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда гана кооперативди мамлекеттик каттоодон баш тартылышы мүмкүн.".

 

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 1-берене.

"Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 11, 446-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-берененин 3-пунктунда "райондун тиешелүү юстиция органдарында" деген сөздөр "тиешелүү каттоо органында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти