КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры № 634
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги №
206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо
фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршылыктарды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин казыналыктын региондук бөлүмүндөгү атайын эсебинде топтолот.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
И.Чудинов |