Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\Венера\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0865e5cc-b539-42b8-80fa-075db73ab241\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 17-ноябры № 708

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 2-мартындагы №124 токтомунун редакциясына ылайык, 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ №113,
2010-жылдын 5-ноябрындагы №268 , 2012-жылдын 20-февралындагы №128 токтомдорунун редакцияларына ылайык,)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы төмөнкүлөрдүн укук мурастоочусу болуп белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин;

- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №268 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- айдоочулук курамды жана автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;

- Жер инспекциясынын жерлерди пайдалануу жана коргоо үчүн мамлекеттик контроль жүргүзүү боюнча функцияларын, Жер жайгаштыруу боюнча "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтун, Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин паспортторду берүү жана жарандарды жашаган жери боюнча каттоо Паспорттук-визалык контролдоо башкармалыгынын;

- жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;

- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ №113 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттигинин.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №124, 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ №113,
2010-жылдын 5-ноябрындагы №268 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- Эмгек акы төлөө фонду менен штаттык бирдиктерди, документтерди, имараттарды, курулмаларды, финансылык ресурстарды жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык өткөрүп беришсин;

- ушул токтомго ылайык башка зарыл чараларды көрсүн.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ №113 токтомунун, 2010-жылдын 5-ноябрындагы №268 редакциясына ылайык)

3-1. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ №113 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппаратын жайгаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

5. Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча функцияларын аткаруу бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү, ошондой эле Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча департаменти, "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" Дүйнөлүк банкынын долбоору, Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Швед агенттиги (СИДА) тарабынан каржылануучу "Кыргызстанда жер администрациялоону чыңдоо" долбоору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги мурда ээлеп келген администрациялык имараттарында оперативдүү башкаруу укугунда жайгаштырылаары белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №268 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы бир айлык мөөнөттө:

- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- ушул токтомго ылайык ведомстволук бөлүмдөрүнүн оптималдаштырылган түзүмүн, штаттык санын жана алар тууралуу жоболорду жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын жана анын ведомстволук бөлүктөрүн 2009-жылга республикалык бюджетте каралган чектерде каржылоо жүргүзсүн;

- 2010-жылга республикалык бюджетти түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын ведомстволук бөлүктөрүнүн иштеши үчүн зарыл каражаттарды эске алсын.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-сентябрындагы № 691 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 444 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 7 жана 9-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2009-жылдын
17-ноябрындагы № 708
токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу
СХЕМАСЫ

 

КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 1-июлундагы УӨ №113 токтомунун
редакциясына ылайык)

 

┌──────────────────────┐    ┌──────────────────┐

│        Төрага        ├────┤     Коллегия     │

└──────────┬───────────┘    └──────────────────┘

┌──────────┴───────────┐

│   Борбордук аппарат  │

└──────────┬───────────┘

┌─────────┬───┴──────┬───────────┬───────────┐

┌────┴────┐┌───┴────┐┌────┴─────┐┌────┴────┐┌─────┴────┐

┌─┤  Архив  ││ Калкты ││ Жарандык ││Кадастр  ││Транспорт-│

┌──────────┐ │ │агенттиги││ каттоо ││ абалдын  ││жана     ││ту жана   │

│"Инфоком" │ │ └────┬────┘│департа-││ актыларын││кыймылсыз││айдоочулук│

│ мамлекет-├─┤      │     │ менти  ││  каттоо  ││  мүлккө ││ курамды  │

│   тик    │ │      │     └───┬────┘│ департа- ││укуктарды││  каттоо  │

│ ишканасы │ │      │         │     │   менти  ││  каттоо ││ департа- │

└──────────┘ │      │         │     │          ││ департа-││  менти   │

┌──────────┐ │      │         │     │          ││  менти  │└────┬─────┘

│"Маалымат-│ │      │         │     │          │└────┬────┘     │

│тык кызмат├─┘      │         │     └────┬─────┘     │          │

│ көрсөтүү-│   ┌────┴────┐┌───┴────┐┌────┴─────┐┌────┴────┐┌────┴─────┐

│  лөрдүн  │   │Аймактык ││Аймактык││ Аймактык ││Аймактык ││ Аймактык │

│адистешти-│   │органдар ││органдар││ органдар ││органдар ││ органдар │

│  рилген  │   └─────────┘└────────┘└──────────┘└─────────┘└──────────┘

│ борбору" │

│ мамлекет-│

│   тик    │

│ мекемеси │

└──────────┘