Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\59b2b002-a5b2-46f5-ab4f-87a05308d141\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 18-декабры № 775

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик
кызматы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611, 2015-жылдын 8-июлундагы № 462, 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215 , 2018-жылдын 16-июлундагы № 326, 25 декабря 2019 года № 706 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун укуктуу орун басуучусу деп эсептелсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жана аскер кызматчыларын, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эс алуу объектилеринде жана мектепке чейинки мекемелеринде мурункудай шарттарда, кызматкерлер жана аскер кызматчылары тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан берилген маалыматтардын негизинде тейленет;

- жазык-аткаруу тутумунун органдарына кызматка кабыл алынып жаткан жарандар, ошондой эле анын кызматкерлери кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн жазык-аткаруу тутумунун органдарынын аскердик-врачтык комиссияларынан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 215, 2019-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жазык-аткаруу тутумун көзөмөлдөө башкармалыктардын мүлкүн жана жабдууларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына белгиленген тартипте берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондор менен камакка алынгандарды коштоп жүрүү боюнча Департаментине жарандарды аскердик кызматка чакырууну ишке ашырсын.

5. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине:

- Кыргыз Республикасынын Ички ишкер министрлигинин дарылап ден-соолук чыңдоочу жайларын, эс алуу объектилерин жана мектепке чейинки мекемелерин каржылоону мурунку деңгээлде сактасын;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагына өткөрүп берүүдөгү чыгымдарды камтыган Кыргыз Республикасынын "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогноз жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Мыйзамынын долбоорун көрсөтүлгөн тартипте иштеп чыгып жана бекитүүгө киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматчыларына жана аскер кызматкерлерине жазык-аткаруу тутумунун ишкердүүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын статусун аныктоочу нормативдик-укуктук иш кагаздары кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик-укуктук иш-кагаздары күчүндө экендиги таркатылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин башчысы көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин ок атуучу жайларында ок атуу машыгууларын өткөрүүсүн камсыздасын.

8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына:

- көрсөтүлгөн тартипте, ушул токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук иш кагаздарынын долбоорлорун кароого киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайыктасын.

9. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-августундагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык аткаруу тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндөгү" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июнундагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жазык аткаруу тутумун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндөгү" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жазык аткаруу тутумун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" токтому.

10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2009-жылдын
18-декабрындагы № 775
токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу
СХЕМАСЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Описание: Описание: Описание: rt706_251219.png