Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 15-январы № 10

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы
Жарандык авиация агенттиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу» Жарлыгына ылайык:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 310 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин маселелери» тууралуу токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Д.Үсөнов

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2010-
жылдын 15-январындагы
№ 10
токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө жобо

 

1. Жалпы жоболор

 

1.1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги (мындан ары - Агенттик) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук органы болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Аба кодексинде жана ушул Жободо каралган жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик жөнгө салууну, атайын - аткаруучу, контролдоочу, жөнгө салуучу жана башка функцияларды жүргүзөт. Агенттик Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация департаментинин укук мураскери болуп эсептелет.

1.2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин буйруктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерин, конвенцияларын жана алардын тиркемелерин, ошондой эле ушул Жобону, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

1.3. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы, штамптары, фирмалык бланктары жана казыналык системасындагы эсептери болот.

1.4. Агенттикти каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана жарандык авиациянын чарбакер субъекттеринин тийиштүү төлөмдөрүнүн эсебинен белгиленген тартипте ишке ашырылат.

1.5. Агенттиктин жобосун жана башкаруу схемасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Агенттиктин аппаратынын түзүмүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бекитет.

1.6. Агенттиктин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 184.

1.7. Агенттиктин толук аталышы:

мамлекеттик тилде - «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги»;

расмий тилде - «Агентство гражданской авиации при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики»;

кыскартылган аталышы:

мамлекеттик тилде - «Жарандык авиация агенттиги»;

расмий тилде - «Агентство гражданской авиации».

 

2. Агенттиктин негизги милдеттери

 

Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

2.1. Аба кемелердин учууларынын коопсуздугун, авиациялык коопсуздукту, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыздоо максатында жарандык авиация тармагындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуу.

2.2. Экономиканын жана калктын жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү абадагы ташууларга жана жарандык авиациянын тармагындагы башка кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу.

2.3. Абада коопсуз, туруктуу жана натыйжалуу ташуулар жана авиациялык атайын жумуштар, авиациялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү, ошондой эле аба транспортун жана авиациялык атайын жумуштарды керектөөлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

2.4. Жарандык авиацияда атаандаштыкты өнүктүрүү жана жарандык авиация субъекттери көрсөтчү кызматтарды керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо.

2.5. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарын жана сунушталган практикасын киргизүү.

2.6. Жарандык авиациянын аба катнашы маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо.

2.7. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча - жарандык авиациянын өзгөчө кырдаалдарда пайдаланылышын камсыздоо, ошондой эле коргонуу мүнөзүндөгү атайын программаларды ишке ашыруу.

2.8. Издөө-куткаруу жумуштарын уюштуруу.

2.9. Жарандык авиация тармагында экономикалык, илимий-техникалык жана инновациялык саясатты жүргүзүү.

 

3. Агенттиктин функциялары

 

Агенттик коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

3.1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация субъекттеринин иштерин жөнгө салуу.

3.2. Жарандык авиациянын тийиштүү субъекттери учуулардын коопсуздугунун мамлекеттик программасын ишке ашырышын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө.

3.3. Авиациялык коопсуздукту жана аба кемелердин учууларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.

3.4. Жарандык авиациянын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын, тармактык стандарттардын, техникалык шарттардын, авиациялык эрежелердин, нускамалардын, сертификациялык талаптардын, ошондой эле башка укуктук жана техникалык актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кароосуна киргизет.

3.5. Төмөнкүдөй атайын уруксаттарды (лицензияларды) жана сертификаттарды берүүгө байланыштуу функцияларды аткарат, алар:

- авиациялык персоналды сертификаттоо жана күбөлүктөрдү берүү;

- аба кемелердин эксплуатанттарын сертификаттоо;

- жарандык аба кемелерди жана авиациялык буюмдарды сертификаттоо;

- жарандык аэродромдорду жана Кыргыз Республикасы чогуу жайгашуучу аэродромдорду сертификаттоо;

- жарандык авиация тармагында учууларды тейлөөгө, аба кемелерин жана башка авиациялык буюмдарды техникалык тейлөөгө, оңдоого, иштеп чыгууга жана жасоого, авиациялык персоналды даярдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясындагы коопсуздуктун, туруктуулуктун жана натыйжалуулуктун кызыкчылыктары үчүн сертификаттоо же лицензиялоо зарыл болгон башка кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан иштерди сертификаттоо жана/же лицензиялоо;

- Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылчу аба кемелер менен жүргүнчүлөрдү ташууга, авиациялык атайын жумуштардын бардык түрлөрүнө, жарандык авиациянын аба кемелерин кабыл алууга жана чыгарууга лицензияларды берүү.

3.6. Жарандык авиациянын субъекттери Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагындагы башка нормативдик укуктук актыларын аткарышын көзөмөлдөө максатында инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде берилген сертификаттардын, лицензиялардын, башка уруксаттардын жана мыйзамга ылайык келбеген авиациялык документтердин колдонулушун убактылуу токтотууга жана алып коюуга чейинки тийиштүү чараларды көрүү.

3.7. Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна (ИКАО) улуттук стандарттар менен Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттарынын ортосундагы болгон айырмалар жөнүндө билдирет.

3.8. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон авиациялык окуяларды жана инциденттерди териштирүүгө катышат.

3.9. Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилген жарандык аба кемелеринде башка мамлекеттердин аймактарында болгон авиациялык окуяларды жана инциденттерди териштирүүгө катышат.

3.10. Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда (ИКАО) жана жарандык авиация тармагындагы башка эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыгынын атынан чыгат жана кызыкчылыгын коргойт.

3.11. Жарандык авиация тармагындагы Мамлекеттик концепциянын жана программалардын долбоорлорун иштеп чыгат.

3.12. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналына карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгат.

3.13. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясындагы чарбакер субъекттердин тарифтик саясатын түзүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгат.

3.14. Авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча рекомендацияларды жана иш-чараларды иштеп чыгат.

3.15. Жарандык авиация тармагын өнүктүрүүнүн ведомстволор аралык финансылык жана уюштуруучулук-техникалык планын түзүүгө катышат.

3.16. Жарандык аба кемелерди жана жарандык авиациянын аэродромдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттайт жана эксплуатациялоого уруксат берет, ошондой эле жарандык авиациянын жарандык аба кемелеринин жана аэродромдорунун мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт.

3.17. Кыргыз Республикасынын аба трассаларынын жана аба жолдорунун тизмесин бекитет.

3.18. Кыргыз Республикасындагы аба кемелерди пайдалануучулардын реестрин жүргүзөт.

3.19. Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагын чыгарат.

3.20. Авиациялык техниканын аныкталган конструкциялык кемчиликтерин анализдейт, алар жөнүндө аба кемелердин эксплуатанттарына билдирет, ошол авиациялык техниканы иштеп чыгуучуларга аларды жоюу боюнча сунуштарды берет.

3.21. Аба кемелерде борттук радиостанцияларды колдонууга чакыруучу радиосигналды ыйгаруу менен уруксаттарды берет.

3.22. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун тартиби жөнүндө сунуштарды даярдайт.

3.23. Жарандык авиация тармагында Кыргыз Республикасы тарабы болгон эл аралык келишимдерден жана башка документтерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери аткарылышын камсыздайт.

3.24. Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык келишимдерине/макулдашууларына ылайык башка мамлекеттердин авиаташуучуларына жана аба кемелерине Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учууларды аткарууга уруксаттарды берет жана аталган авиаташуучулар жана аба кемелери Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учуунун эрежелерин аткарышын көзөмөлдөйт, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандык аба кемелеринин кемелик документтерин жана экипаж мүчөлөрүнүн кызматтык документтерин текшерүү максатында аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерип карайт.

3.25. Авиациялык уюмдардын авиациялык персоналынын медициналык-санитардык тейленишин контролдойт.

3.26. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча жарандык авиацияны өзгөчө кырдаалдарда жана Кыргыз Республикасынын аскердик максаттары жана коргонуусу үчүн пайдаланууну камсыздайт.

3.27. Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө мамлекеттик башкаруунун республикалык органдары, аткаруучу жана тескөөчү органдар, башка уюмдар менен өз ара байланышта иштешет.

3.28. Кыргыз Республикасындагы монополиялык ишти жөнгө салуучу тийиштүү мамлекеттик орган менен бирдикте Кыргыз Республикасында аэронавигациялык жана аэропорттук тейлөө үчүн алынчу тарифтерди жана акыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык макулдашат.

3.29. Авиация тармагындагы мамлекеттик кадр саясатын ишке ашырууну камсыздайт.

3.30. Өз компетенциясынын чегинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууларды координациялайт.

3.31. Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын ортосундагы жарандык авиация тармагындагы макулдашууларга өз компетенциясынын чегинде жана ал үчүн берилген ыйгарым укуктарга жараша Кыргыз Республикасынын атынан кол коет жана/же катышат.

3.32. ИКАО, ошондой эле башка эл аралык уюмдар менен өз компетенциясынын чегинде кызматташат.

3.33. Чет мамлекеттердин авиациялык бийликтери менен учуулардын коопсуздугун камсыздоо, жарандык авиациянын авиациялык персоналын даярдоо маселелери боюнча кызматташат.

3.34. Агенттиктин компетенциясына кирген жарандык авиация объекттеринин иштеши, курулушу, оңдолушу, реконструкцияланышы жана күтүлүшү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланышта иштешет.

3.35. Аэродромдорду куруунун жана реконструкциялоонун, аэродромдордун иш аянтында жана аэродромдордун районунда болуучу имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруунун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын тийиштүү авиациялык эрежелеринин талаптары аткарылышын камсыздоо максатында макулдашат.

3.36. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз башка кызматтарды көрсөтөт.

3.37. Литердик жана контролго алынчу рейстердин уюштурулушун жана аткарылышын контролдойт.

3.38. Издөө-куткаруу жумуштарын уюштурат.

3.39. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, ошондой эле Агенттиктин максаттарынан жана милдеттеринен келип чыгуучу башка функцияларды аткарат.

 

4. Агенттиктин укуктары

 

Агенттик ага ыйгарылган функцияларга ылайык төмөнкүдөй укуктарга ээ:

4.1. Өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди, нускамаларды чыгарууга.

4.2. Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жарандык авиацияга тиешелүү маселелер боюнча маалыматтарды суроого.

4.3. Абадагы ташууларды, авиациялык атайын жумуштарды жана аба кемелерин пайдаланууга байланыштуу иштин башка түрлөрүн аткаруучу субъекттерден керектүү документтерди, информацияны, ошондой эле Агенттикке тапшырылган функцияларды аткаруу үчүн керектүү башка маалыматтарды суроого.

4.4. Авиаташуучуларды жана жарандык авиациянын башка чарбакер субъекттерин абадагы ташуунун коопсуздугун жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын талаптарын аткаруусу боюнча текшерүүгө.

4.5. Мамлекеттик башкаруунун республикалык органдарынын, жергиликтүү аткаруучу жана тескөөчү органдардын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, депутаттардын жана жарандардын Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылууларын кароого;

4.6. Юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;

4.7. Өз ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүүгө;

4.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, ошондой эле Агенттиктин функцияларынан жана милдеттеринен келип чыгуучу башка укуктарды ишке ашырууга.

 

5. Мүлкү жана каражаттары

 

5.1. Агенттиктин мүлкүн оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы баланста көрсөтүлөт.

5.2. Агенттик өзүнө бекитип берилген мүлктү менчик ээсинин макулдугу боюнча гана ажыратууга же башка жол менен тескөөгө укуктуу.

5.3. Агенттик мүлктүн сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын аны эксплуатациялоо нормаларын жана эрежелерин сактоо менен камсыздайт.

5.4. Агенттикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсеп жана отчет, ошондой эле статистикалык отчет жүргүзүлөт.

 

6. Ишин уюштуруу

 

6.1. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана бошотуучу директор башкарат, ал Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине түз баш ийет жана өзүнө тапшырылган милдеттердин чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.

6.2. Департаменттин директорунун эки орун басары болот. Орун басарлар кызматка Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат жана бошотулат, директорго түз баш ийет, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша Агенттиктин ишин уюштурушат. Директор жокто директордун тапшырмасы боюнча анын милдеттерин директордун биринчи орун басары аткарат.

6.3. Агенттиктин директору:

- Агенттиктин ишин жетектейт жана Агенттикке тапшырылган милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;

- учуулардын коопсуздугу камсыздалышын көзөмөлдөө максатында өз компетенциясынын чегинде тескемелерди, буйруктарды, директиваларды жана нускамаларды чыгарат;

- Агенттиктин түзүмдүк бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду жана Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;

- Агенттиктин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот (анын ичинде контракттык негизде), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларга сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонот;

- ИКАОнун жана Кыргыз Республикасынын авиациялык стандарттарындагы айырмаларды аныктоо, ИКАОго өз убагында билдирүү жана Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагына (AIR) жарыялоо боюнча ишти уюштурат жана жетектейт;

- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кароосуна белгиленген тартипте киргизет;

- өз ишинде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине түз баш ийет;

- Кыргыз Республикасынын Аба кыймылын уюштуруу Башкы борборунун жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинин жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттиктин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат, ишеним каттарды берет жана финансылык жана эмгектик тартип сакталышын камсыздайт;

- тийиштүү жумуштарды аткарууга эмгектик келишимдерди түзөт;

- республиканын кызыкчылыктарын сактоо, жарандык авиациянын ишинин коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын бардык субъекттери үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын аткарылышын контролдойт;

- аба транспортунун субъекттерине эксплуатанттын күбөлүгүн (сертификатын) берүү, аларда учуулардын коопсуздугунун белгиленген талаптарына шайкеш эместик аныкталган учурда эксплуатанттын күбөлүктөрүнүн (сертификатынын) жарактуулугун убактылуу токтотуп туруу, узартуу жана токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө буйруктарды чыгарат;

- аба транспортунун субъекттерине лицензия берүү, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандык үчүн лицензиянын жарактуулугун убактылуу токтотуп туруу жана алып коюу жөнүндө буйруктарды чыгарат;

- Агенттиктин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды берүү жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине киргизет;

- Агенттиктин милдеттеринен жана функцияларын аткаруу үчүн белгиленген тартипте берилген башка ыйгарым укуктарга ээ болот.

6.4. Агенттиктин инспекторлору учуулардын коопсуздугу камсыздалышын көзөмөлдөө максатында аба транспортунун субъекттеринин аймактарындагы объекттерге алардын менчигинин формасына карабастан тоскоолдуксуз кирүүгө жана тийиштүү документтерди текшерүүгө укуктуу.

6.5. Агенттиктин инспектордук персоналы квалификациянын жана компетенциянын талап кылынган деңгээлин сактоо үчүн Агенттиктин директору менен Кыргыз Республикасынын аба кемелерин эксплуатациялачулардын жетекчилеринин ортосундагы келишим же башка макулдашуу боюнча экипаждын мүчөсүнүн тийиштүү күбөлүгү берчү укуктарына ылайык инспекциялачу адамдар катары учууларды такай аткарышат.

6.6. Учуу ишин жөнгө салуучу документтердин талаптары аткарылышын инспекциялык текшерүү жана контролдоо же методикалык учууларды аткаруу үчүн Агенттиктин учкучтук-инспектордук персоналы Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелерин эксплуатациялоочулардын экипаждарынын курамына учуунун бардык түрлөрүн аткарууда кирүүгө укуктуу.

6.7. Агенттиктин инспектордук курамы учуунун коопсуздугуна коркунуч келтирген негиздер бар болсо аба кемесинин учуп чыгышын токтотуп турууга укуктуу.

6.8. Учуунун коопсуздугуна коркунуч келтирген орчундуу негиз бар болсо Агенттиктин инспектордук курамы авиациялык персоналдын кайсы адамына болсо да авиациялык күбөлүк, сертификат же документ менен берилген укуктарды ишке ашырышына тыюу салууга укуктуу ал жөнүндө авиациялык персоналдын ошол адамы иштеген жарандык авиациянын субъектинин жетекчисине дароо кабарлайт.

6.9. Агенттикте: Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация персоналын сертификаттоо жана күбөлүктөрдү берүү боюнча иштеген Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын мамлекеттик квалификациялык комиссиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба транспортун пайдалануучуларды сертификаттоо боюнча комиссия туруктуу иштешет. Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын мамлекеттик квалификациялык комиссиясы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын аба транспортун пайдалануучуларды сертификаттоо боюнча комиссия жөнүндө жоболорду Агенттиктин директору бекитет.

6.10. Кыргыз Республикасынын бардык авиациялык чарбакер субъекттери жүргүнчүлөрдү ташуунун бардык этаптарында авиабилетти саткан учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аэропортторуна учуп келип аэровокзалдан чыкканга чейин авиаташууларды камсыздоону уюштуруу боюнча жол-жоболорду аткарышынын сапатын (аба кемелердин жүргүнчүлүк салондорунун абалы, бортту коштоочулардын тейлөө деңгээли, тамактануунун сапаты, аэропорттогу транспорт, ташуу кызматынын ишинин уюштурулушу, аэропорттордун бөлмө-жайларынын санитардык абалы ж.б.) текшерүү үчүн Агенттиктин директорунун чечими менен Агенттиктин жердеги компетенттүү адистеринен да, инспекторлордун учуучу курамынан да тийиштүү тапшырмаларды берүү менен текшерүүчү адам дайындалышы мүмкүн.

6.11. Агенттиктин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

6.12. Агенттиктин мамлекеттик кызматчыларын ишке алуунун, кызмат өтөөсүнүн жана бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

 

7. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу

 

7.1. Агенттикти өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.

7.2. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.

7.3. Агенттиктин иши токтотулган учурда документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 15-январындагы
№ 10 токтому менен
бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин башкаруу схемасы

 

            ┌────────────────────────────────────────────┐

            │    Кыргыз Республикасынын Транспорт жана   │

            │  коммуникациялар министрлигинин алдындагы  │

            │         Жарандык авиация агенттиги         │

            └───┬─────────────────────────┬──────────────┘

                │                         │

┌───────────┐   │┌─────────────────────┐  │   ┌───────────────────────┐

│И.Абдраимов│<──││Авиациялык ташуучулар│<─┤   │ Авиациялык ишти тейлөө│

│  атындагы │   │└─────────────────────┘  │   │    боюнча иштеген     │

│ Авиациялык│   │┌─────────────────────┐  ├──>│    отун-май куюучу    │

│  колледж  │   ││Авиациялык техниканы │  │   │комплекстер (транспорт,│

└───────────┘   ││  жана жабдууларды   │  │   │   күйүүчү-майлоочу    │

┌───────────┐   ││ оңдоо жана/же жасоо │<─┤   │     материалдар,      │

│  Кыргыз   │   ││   боюнча иштерди    │  │   │    лабораториялар)    │

│Республика-│   ││аткаруучу авиациялык │  │   └───────────────────────┘

│ сынын Аба │<──┘│      ишканалар      │  │   ┌───────────────────────┐

│ кыймылын  │    └─────────────────────┘  │   │   Жарандык авиациянын │

│уюштуруунун│    ┌─────────────────────┐  ├──>│  окуу жайлары (окутуу │

│   башкы   │    │       Кыргыз        │  │   │   борборлору ж.у.с.)  │

│  борбору  │    │   Республикасынын   │  │   └───────────────────────┘

└───────────┘    │  аэродромдору жана  │<─┤   ┌───────────────────────┐

                 │аэропорттору, ошондой│  │   │ Аба кыймылын уюштуруу │

                 │   эле аэродромдук   │  │   │  жана тейлөө боюнча   │

                 │тейлөө жана камсыздоо│  │   │мамлекеттик жана башка │

                 │     объекттери      │  ├──>│объекттер, анын ичинде │

                 └─────────────────────┘  │   │ радиотехникалык жана  │

                 ┌─────────────────────┐  │   │    метеорологиялык    │

                 │     Авиациялык-     │  │   │ камсыздоо объекттери  │

                 │медициналык камсыздоо│<─┘   └───────────────────────┘

                 │       (ВЛЭК)        │

                 └─────────────────────┘