Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1e308e94-fd0d-42fb-84c5-ceefb248a147\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 15-январы № 11

Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-августундагы № 151, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Мамлекеттик администрациялык имараттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик органдарды жайгаштыруу менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департаментти анын балансында турган мамлекеттик администрациялык имараттары менен кошо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына эки жумалык мөөнөттө өткөрүп берсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департаментти өзүнүн карамагына өткөрүп алсын жана белгиленген тартипте аны кайра уюштурууну жүргүзсүн;

- ушул токтомдон келип чыккан башка маселелерди чечсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:

министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын сунуштары боюнча мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана ишканаларды республиканын региондорундагы мамлекеттик имараттарга жана жайларга жайгаштыруу жөнүндө чечим чыгарат;

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын, министрликтердин, ведомстволордун, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациялык имараттарынын реестрин бекитет;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик администрациялык имараттардын реестрине киргизилген мамлекеттик администрациялык имараттарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин балансына өткөрүүнү-кабыл алууну камсыздайт;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин балансында турган, бир мамлекеттик орган жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттарды кийинки күтүлүшүн жана эксплуатацияланышын контролдоо менен ошол мамлекеттик органга белгиленген тартипте пайдаланууга берүүгө укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-августундагы № 151, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын административдик имараттарды пайдаланышы боюнча жыйынды реестрди бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин балансына "Манас" кинотеатрынын имаратын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын жайгаштыруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын жайгаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-декабрындагы № 830-б буйругу.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министри

 

Д.Үсөнов