Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 5-февралындагы № 75

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185, 2016-жылдын 5-январы № 1, 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 токтомдорунун ылайык)

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 «Кыргыз Республикасыныы Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө жобо;

- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.

 

Премьер-министрдин

 

милдетин аткаруучу

А.Жапаров

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 5-февралындагы
№ 75 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө
жобо

 

 КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185, 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомдорунун ылайык)

 

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти (мындан ары - департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат) жер кадастрын, кадастрдык картографиялоону жүргүзүүчү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоочу жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоону камсыздаган ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кызматтын буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөргө, өз алдынча баланска, казына системасында алыш-бериш жана башка эсептерге ээ болот.

4. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка булактардын Кызмат тарабынан бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүлчү каражаттарынын эсебинен, каржыланат.

 

2. Милдеттери

 

5. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүдөй:

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, кадастрдык картографиялоо, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, кадастрдык картографиялоо, ощондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;

- департаменттин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;

- кадастрдын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин камсыздоо;

- кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоону камсыздоо;

- Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин базасында Кыймылсыз мүлк боюнча мамлекеттик геомаалыматтык системаны түзүү жана актуалдаштыруу;

- өз компетенциясынын чегинде Мамлекеттик жер кадастрын түзүү жана жүргүзүү;

- бардык кызыкдар жактарды кыймылсыз мүлк жана ага карата укуктар жөнүндө маалыматтар менен мыйзамда белгиленген тартипте камсыздоо;

- департаменттин кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу;

- жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык)

3. Функциялары

 

6. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык:

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасын, кадастр жана кадастрдык картография боюнча иштердин жүргүзүлүшүн жетектейт;

- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүгө, сактоого, пайдаланууга жана коопсуздугун камсыздоого катышат;

- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрлерин түзөт жана тейлейт;

- өз компетенциясынын чегинде жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстардан пайдалануу укуктары ишке ашырылышын камсыздайт;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону ишке ашырат, кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт жана катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берет;

- кепилдик фондунун каражаттарын жыйноону жана эсепке алууну ишке ашырат;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, укуктардын жана жер кадастрынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун  андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;

- Бирдиктүү маалыматтык жана геомаалыматтык системаларды түзүүгө жана жүргүзүүгө катышат;

- каттоо органдары тарабынан тийиштүү чечим жана билдирүү алынганда бардык аресттерди жана тыюу салууларды эсепке алууну, ошондой эле аресттерди жана тыюу салууларды өз убагында алып салууну камсыздайт;

- Департаменттин аймактык бөлүнүштөрү аткаруучу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, кадастрдык жана башка иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө боюнча таодоо жүргүзөт жана Кызматтын кароосуна сунуштарды киргизет;

- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана пайдаланылышы жөнүндө жылдык жер отчетун түзүү менен Мамлекеттик жер кадастрын уюштурат жана жүргүзөт;

- каттоолук, кадастрлык материалдарды эсепке алуунун, сактоонун, берүүнүн жана андай материалдарды көбөйтүүнү жана сактоону контролдоонун тартибин белгилейт;

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- башка мамлекеттик органдар менен бирдикте Координаттардын улуттук системасын киргизүүнү жана өнүктүрүүнү камсыздайт;

- кадастрдык сүрөткө тартууну жана кыймылсыз мүлк объекттерин түзүүнү жүргүзөт;

- жер участокторун натуралай (жерлерде) чектөөнү, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын жер пайдаланууларынын чек араларын аныктоону жана бекитүүнү ишке ашырат;

- укук ээлеринин арыздарынын негизинде кыймылсыз мүлк бирдиктерин бөлүүнү жана бириктирүүнү ишке ашырат;

- (Он тогузунчу абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

- укук бекитүүчү документтердин негизинде жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документтерди толтурууну, берүүнү жана каттоону ишке ашырат;

- Кызматтын тапшырмасы боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын, жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан башкасына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- каржылоо булактарына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылган кадастрдык сүрөткө тартуу боюнча документтерди экспертизалайт;

- кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык изилдөөнү жана техникалык паспорт берүүнү ишке ашырат;

- каттоо жана кадастрдык материалдарды эсепке алууну, сактоону жана берүүнү ишке ашырат;

- кыймылсыз мүлккө салык салуу максатында кыймылсыз мүлктү мамлекеттик баалоого (кайра баалоого) катышат;

- кыймылсыз мүлктүн салык салынчу базасы боюнча реестр түзүүнү камсыздайт;

- кыймылсыз мүлктүн базар баасына таасир тийгизчү факторлорду дайыма изилдөөнү жана анализдөөнү ишке ашырат;

- жер ресурстары жөнүндө маалыматтар менен кошо кыймылсыз мүлк тууралуу бардык маалыматтардын базасын түзүүгө катышат;

- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле керектөөчүлөрдү кыймылсыз мүлк рыногу жана жер кадастры жөнүндө маалыматтар менен белгиленген тартипте камсыздайт;

- кыймылсыз мүлктү, анын ичинен жерди баалоо ыкмаларын иштеп чыгууга катышат;

- кыймылсыз мүлк боюнча конкурстарды жана тооруктарды өткөрүүгө белгиленген тартипте катышат;

- кыймылсыз мүлк боюнча талаш-тартыштарды чечүүгө өз компетенциясынын чегинде катышат;

- Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасынын сызыктарын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жыйымдарды өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казына системаларындагы атайын эсептерге кириштейт;

- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын белгиленген тартипте карайт;

- департаменттин компетенциясына берилген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык)

 

4. Укуктары

 

7. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде приказдарды, буйруктарды чыгарууга;

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- министрликтер менен ведомстволордон, жергиликтүү бийлик органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан кыймылсыз мүлк, жер ресурстары, аспап менен жана аэрофото-сүрөт тартуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле пландык-картографиялык материалдарды, метеорологиялык маалыматтарды, суу кадастрынын маалыматтарын жана башка каттоо, кадастр иштеринин бардык комплексин жүргүзүү үчүн зарыл материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

- басма жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзүүгө;

- департаменттин бөлүмдөрүндө кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана окутууну номенклатурага ылайык жүргүзүүгө;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү, кадастрдык сүрөткө тартууну жана кадастрдык картографиялоону жүргүзүү боюнча илимий-усулдук рекомендацияларды чыгарууга;

- берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доочу жана/же жооп берүүчү катарында чыгууга;

- департаменттин функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка иштерди өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырууга.

 

 

5. Ишти уюштуру

 

8. Департаментти Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор жетектейт.

9. Департаментте директордун орун басары болот, аны департаменттин директорунун сунушу боюнча Кызматтын төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.

10. Директордун, анын орун басарынын функциялык милдеттерин Кызматтын төрагасы аныктайт.

11. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет.

12. Департаменттин директору:

- департаментти жана анын аймактык органдарын башкарат;

- департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат;

- өз компетенциясынын чегинде департаменттин жана аймактык органдардын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон приказдарды, буйруктарды чыгарат;

- аймактык органдардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;

- номенклатурага ылайык департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

- департаменттин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;

- мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда департаменттин кызыкчылыгынын атынан чыгат;

- Кызматка департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө сунуштарды киргизет;

- соттук жана башка мамлекеттик органдарда департаменттин кызыкчылыгынын атынан чыгууга ишеним каттарды белгиленген тартипте берет;

- департаменттин жана аймактык органдардын кызматкерлерине белгиленген тартипте тартиптик жазаларды берет;

- департаменттин жана аймактык органдардын айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Кызматка сунуштарды киргизет;

- белгиленген тартипте департаменттин каражаттарын жана мүлкүн башкарат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык департаменттин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

 

6. Жоюу жана өзгөртүп түзүү

 

13. Департаментти жоюу жана өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 5-февралындагы
№ 75 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо Департаментинин башкаруу 
схемасы

 

+--------------------------------------------+

¦  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  ¦

¦  Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы   ¦

¦  Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды   ¦

¦            каттоо департаменти             ¦

+--------------------------------------------+

¦

¦

+--------------------------------------------+

¦   Аймактык органдар (өзүн өзү каржылоо)    ¦

+--------------------------------------------+