Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\6d44b363-a218-47d8-9715-c0a4bf17454c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 5-февралындагы № 76

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды
жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185, 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 , 2018-жылдын 6-июнундагы № 273 токтомдоруна ылайык)

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобо;

- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин

милдетин аткаруучу

 

 

А.Жапаров

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2010-жылдын 5-февралындагы
№ 76 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө
 жобо

 

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819, 2018-жылдын 6-июнундагы № 273  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

 1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти (мындан ары - департамент) транспорттук каражаттарды каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү, тракторист-машинисттердин күбөлүктөрүн берүү жана айдоочуларга транспорттук каражаттарды башкарууга жол берүү тармагындагы ишкердикти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

2. Департамент өзүнүн ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кызматтын буйруктарын жана бул Жобону жетекчиликке алат.

3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.

4. Департаментти жана анын аймактык бөлүмдөрүн каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган, бекитилген сметага ылайык Кызмат тарабынан бөлүштүрүлгөн каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Милдеттери

5. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- транспорттук каражаттарды, укуктарды жана транспорттук каражаттарга чектөөлөрдү жана айдоочулук курамды каттоо системасын уюштуруу;

- департаменттин компетенциясынын чегинде маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;

- транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;

- зарыл усулдук жардам көрсөтүү менен транспорттук каражаттардын катталышы, айдоочулук курамдан квалификациялык сынак алуу, документтештирүү жана эсепке алуу тармагындагы аймактык органдардын ишкердигин тескөө жана көзөмөлдөө;

- департаменттин кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын көтөрүү;

- жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Функциялары

6. Департамент өзүнө коюлган милдеттерге ылайык:

- транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү тармагындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоодо катышат;

- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү, анын ичинен өзүнүн компетенциясына ылайык заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен камсыздайт;

- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүнү, сактоону, колдонууну жана коопсуздугун камсыздоого катышат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрин түзөт жана тейлейт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстарга кирүү мүмкүнчүлүгүнө укуктарын ишке ашырууну камсыздайт;

- транспорттук каражаттарды каттоону, кайра каттоону ишке ашырат;

- транспорттук каражаттардын номурдук түйүндөрүн жана агрегаттарын текшерүүнү жана аларды каттоо маалыматтары менен салыштырууну жүргүзөт, ошондой эле түйүндөрдөн жана агрегаттардан кайра жабдылган жана куралган машиналарды жана жабдууларды техникалык күбөлөндүрүүнү ишке ашырат;

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- күрөөгө коюлган, чектөөсү бар жана Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына убактылуу киргизилген транспорттук каражаттарды эсепке алууну жүргүзөт;

- катталган транспорттук каражаттарга каттоо документтерин, мамлекеттик каттоо белгилерин берет, ошондой эле аларды алмаштырууну ишке ашырат;

- жокко чыгарылган, жарабай калган, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен транспорттук каражаттарды каттоодон чыгарат;

- катталган транспорттук каражаттар жана алардын ээлери, автотранспорттук каражаттарды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү, ишеним каттарды алган адамдар жана жоголгон техникалык паспорттор жөнүндөгү маалыматтарды берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен макулдашылган графикке ылайык өз ара иштешет;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- айдоочуларды даярдоо, кайра даярдоо программаларын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышат;

- айдоочуларды даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзгөн окуу уюмдарын көзөмөлдөөнү ишке ашырат;

- айдоочулук күбөлүктү, тракторист-машинисттин күбөлүгүн алууга талапкерлерди каттоону жүргүзөт;

- адамдардын сынакка кирүүсүн ишке ашырат жана айдоочулук күбөлүктү, тракторист-машинисттин күбөлүгүн алууга квалификациялык сынак кабыл алат;

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- айдоочулук күбөлүктөрдүн, тракторист-машинисттердин күбөлүктөрүнүн бланкаларын, транспорт каражаттарына каттоо документтерин, мамлекеттик каттоо белгилерин жана башка транспорттук каражаттарды жана айдоочуларды жол кыймылына катышууга жол берүү үчүн зарыл болгон атайын продукцияларды иштеп чыгууга белгиленген тартипте катышат;

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы жөнүндө жарандарга билдирет;

- транспорттук каражаттарды каттоонун эл аралык практикасын өздөштүрүү, айдоочулук курамды даярдоо жана квалификациялоо, аларды документтештирүү жана каттоо боюнча сунуштарды карайт жана киргизет;

- транспорттук каражаттарды каттоодо жана кайра каттоодо транспорттук каражаттардын ээлеринин тийиштүү салыктарды жана жыйымдарды өз убагында жана туура төлөөсүн көзөмөлдөйт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгууга катышат;

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- өзүнүн компетенциясынын чегинде администрациялык бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт;

- администрациялык тартип бузууларды жасаган кызмат адамдарына жана жарандарга администрациялык жаза көрөт. Кызмат адамдарына жана жарандарга администрациялык жаза көрүү тартиби мыйзамдарга ылайык аныкталат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралган жыйымдарда чогултат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы атайын эсептерине которот;

- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын белгиленген тартипте карайт;

- өзүнүн компетенциясынын чегиндеги маселелер боюнча эл аралык кызматташуу жүргүзөт.

- катталган транспорттук каражаттардын жана айдоочулук курамдын маалыматтар базасын түзөт;

- департаменттин компетенциясынын чегинде айдоочулук күбөлүктөрдүн, транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн, транспорттук каражаттардын паспортторунун жана башка документтердин бланктык продукциясын жекелештирет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185, 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819, 2018-жылдын 6-июнундагы № 273 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Укуктары

7. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;

- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;

- коопсуз пайдалануунун жана жол кыймылына катышуунун белгиленген талаптарына жооп бербеген, түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын же мамлекеттик каттоо белгилеринин жашыруун, жасалма, өзгөртүлгөн номурлары бар транспорттук каражаттарга тийиштүү документтерди берүүдөн жана каттоодон баш тартууга;

- өз алдынча даярданган жана менчик транспорттук каражаты бар адамдарды өзгөчө тартипте сынак тапшырганга жол берүүгө;

- айдоочуларды даярдаган окуу мекемелерин өз алдынча текшерүүнү жүргүзүүгө же комиссиялардын курамында катышууга;

- берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доочу жана/же жооп берүүчү катарында чыгууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка иш-аракеттерди жасоого.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Ишин уюштуруу

8. Департаментти Кызматтын төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон директор жетектейт.

9. Директор өзүнүн сунуштамасы боюнча Кызматтын төрагасы кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон бир орун басарга ээ.

10. Директордун, анын орун басарынын функционалдык милдеттерин Кызматтын төрагасы аныктайт.

11. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет.

12. Департаменттин директору:

- департаментти жана анын аймактык органдарын башкарууну ишке ашырат;

- департаментке жана анын аймактык органдарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жана укуктарды ишке ашырууга жеке жоопкерчиликти алат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде департаменттин жана аймактык органдардын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;

- аймактык органдардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;

- номенклатурага ылайык департаменттин жана анын аймактык органдарынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

- департаменттин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;

- департаменттин кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда көрсөтөт;

- департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө Кызматка сунуштарды киргизет;

- департаменттин кызыкчылыктарын соттук жана башка мамлекеттик органдарда көрсөтүүгө ишеним каттарды белгиленген тартипте берет;

- департаменттин жана аймактык органдардын кызматкерлерине белгиленген тартипте тартиптик жаза-чара колдонот;

- департаменттин жана аймактык органдардын айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле мындай кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Кызматка сунуштарды киргизет;

- белгиленген тартипте департаменттин каражаттарын жана мүлкүн башкарат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана ушул Жобого ылайык департаменттин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

6. Жоюу жана кайра уюштуруу

13. Департаментти жоюу жана кайра түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2010-жылдын 5-февралындагы
№ 76 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башкаруу
 схемасы

 

+-------------------------------------------+

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  |

|  Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы  |

| Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук |

|        курамды каттоо департаменти        |

+-------------------------------------------+

+---------------------------------+

|                                 |

+----------------------+        +----------------------+

| АМТКны каттоо боюнча |        | АТМди каттоо боюнча  |

| регионалдык бөлүмдөр |        | регионалдык бөлүмдөр |

+----------------------+        +----------------------+