Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c99477d9-9256-4ba4-84f9-60127a7ca06a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 19-февралындагы № 111

Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин
бекитүү жөнүндө токтому

 «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги муктаждыктарды жана ички азык-түлүк рыногунун камсыздыгын аныктоодо тамактануунун бекитилген орточо физиологиялык ченемдерине таянсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Д.Үсөнов

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдери

 

Продуктулар

Негизги тамак-аш азыктарын

керектөөнүн элдеги адам башына карата

орточо физиологиялык нормалары

Негизги тамак-аш азыктарынын кубаттуулугу

кг/сутка

кг/ай

кг/жыл

белоктор, г

майлар, г

углеводдор, г

кубаттуулугу,

суткасына ккал

Дан азыктар (нан, макарон

азыктар, ун, акшактар, дан

буурчактар) данга айлантып

эсептегенде

0,32

9,61

115,34

33,64

4,31

221,85

1040,86

Картөшкө

0,27

8,21

98,55

5,30

1,00

47,96

212,00

Жашылча жана бакча өсүмдүктөр

0,32

9,52

114,25

3,32

0,32

17,71

72,06

Мөмө-жемиштер

0,34

10,31

123,74

2,57

4,39

44,92

199,20

Кант жана кондитер азыктар

0,07

2,13

25,55

0,00

0,00

69,86

265,30

Өсүмдүк май

0,03

0,76

9,13

0,00

24,98

0,00

224,75

Эт жана эт азыктар (этке айлантып эсептегенде)

0,17

5,11

61,30

28,70

27,00

0,00

358,60

Балык жана балык азыктар

0,03

0,76

9,10

4,60

0,28

0,00

21,00

Сүт жана сүт азыктар (сүткө

айлантып эсептегенде)

0,56

16,67

200,00

25,30

39,20

26,20

556,00

Жумуртка, даана

0,51

15,21

182,50

2,54

2,30

0,14

31,40

Бардыгы

 

 

 

105,97

103,78

428,64

2981,17