Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 2-августундагы №143

«Тез тургузулчу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштардагы имараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентти бекитүү тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 533 «2006-2010-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун программасы жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Тез тургузулчу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштардагы имараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө» тиркелген техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Техникалык регламентке ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин жана анын колдонууга киргизилишин камсыздасын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 2-августундагы
№143 токтому менен бекитилген

 

«Тез курулуучу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштагыимараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент

 

1. Бул Техникалык регламент колдонула турган чөйрө

 

1. «Тез курулуучу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштагы имараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө» ушул Техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) тез курулуучу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштагы имараттарды (мындан ары - имарат) курууда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөрдү жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо, куруунун коопсуздугу жагында керектөөчүлөрдү атайылап адаштыруучу иш-аракеттерди болтурбоо максатында колдонулат.

2. Бул Техникалык регламент имараттарды долбоорлоодогу жана куруудагы коопсуздукка коюлуучу минималдуу талаптарды белгилейт.

3. Имараттарды изилдөөдө, пайдаланууда, капиталдык оңдоодо, реконструкциялоодо, демонтаждоодо жана утилдештирүүдө, имараттарды жайгаштыруу үчүн орун тандоодо, долбоордук жана аткаруу документтерине, курулушту консервациялоого, ошондой эле ички микроклиматка, түтүк менен өткөрүлүүчү коммуникацияларга, жылытууга, желдетүүгө, кондициялоого, суу берүү системасына, сууну алып өтүүгө, газ жана электр берүүгө коюлуучу талаптар имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жөнүндө тийиштүү техникалык регламентте белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

4. Бул Техникалык регламент Кыргыз Республикасынын аймагында тургузулуучу, тобокел фактору орто (III категория) жана төмөн (IV категория), тирөөчү металл же жыгач каркастуу жана жеңилдетилген панелдик конструкциялуу, эки кабаттан бийик эмес имараттарга колдонулат.

5. Бул Техникалык регламент тирөөчү металл же жыгач каркастуу жана жеңилдетилген панелдик конструкциялуу эки кабаттан ашык, темир бетон конструкциялуу жана дубалдары комплекстүү конструкциялуу имараттарга, ошондой эле тобокел фактору абдан жогору (I категория) жана жогору (II категория) болгон имараттарга колдонулбайт.

6. Курулуш объекттеринин категорияларынын классификациясы Кыргыз Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

2. Негизги түшүнүктөр

 

Бул Техникалык регламенттин максаттары үчүн «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө», «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген негизги түшүнүктөр пайдаланылат. Алар менен бирге эле төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

тез тургузулчу конструкциялардан курулган имарат - бул Техникалык регламентте тез тургузулчу конструкциялардан курулчу имараттарга болттор, бөрк менен же ширетүү менен бириктирилген жана имараттын элементтерин тез жана оңой кураштырууга мүмкүндүктү камсыздоочу металл жана жыгач тирөөч конструкцияларды жана жеңилдетилген панелдерди пайдалануу менен курулган имараттар кирет;

каркас имараттар - тирөөч каркастары (колонналары, түркүктөрү, устундары) тик жана туурасынан болуучу жүктөмдөрдү толугу менен көтөрүүчү имараттар;

комплекстүү конструкция - кыш, таш, оор жана жеңил бетондон жасалган блоктор колдонулуп көтөрүлгөн жана темир бетон кошулуп бекемдетилген дубалдын конструкциясы;

металл конструкциялар - металлдан (болоттон, алюминийден) жасалган курулуш конструкциялары;

тосуучу конструкциялар - тышкы жана ички дубалдар, жабуулар, жогорку кабаттын, жерпайдын, техникалык жерпайлардын үстүндөгү жабуулар, каптоолор; өзүнчө панелдер, көзөнөктөрдүн жабуулары (терезелер, витраждар, витриналар, фонарлар, каалгалар жана дарбазалар), сэндвич-панелдер (ортосуна күйбөс жана (же) оңой менен күйбөөчү жылуулагыч катмар салынган, цинктелген же сырдалган металлдын эки тактасынан жасалган конструкция);

полимери бар курулуш материалдар - бириктиргич катары синтетикалык жогорку молекулалык кошулмаларды пайдалануу менен алынган курулуш материалдары.

 

3. Имараттардын коопсуздугун камсыздоо

 

1. Тез курулуучу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштагы имараттарды долбоорлоодогу жана куруудагы коопсуздук талаптары ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык болууга тийиш.

2. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган колдонуунун натыйжасында ушул Техникалык регламенттин талаптары ыктыярдуу негизде сакталышын камсыздоочу нормативдик документтердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасында жана (же) жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат системасында жарыялайт.

 

4. Имараттарды долбоорлоодогу жалпы талаптар

 

1. Имараттарды долбоорлоодо төмөнкүлөр зарыл:

- имараттардын бекемдигин, ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун жана мейкиндикте өзгөрбөстүгүн камсыз кылуучу көлөмдүк-пландоочу жана конструкциялык чечимдерди кабыл алуу;

- конструкциялардын элементтеринин кесилиштерин жана алардын туташууларын белгиленген тартипте бекитилген методикалар боюнча эсептөөлөрдүн натыйжаларын эске алуу менен дайындоо;

- жер титирөө убагында тирөөч конструкциялардын күч берүүсүн жана чогуу иштөөсүн камсыз кылуучу туташып бекитүүлөрдү, жүк көтөрүүчү таяныч элементтерди жана түйүндөрдү конструкциялоо.

2. Ар кандай кыртыштарда коюлган имараттын негизи эсептөөлөр боюнча жасалат.

3. Имараттардын негиздерин тиешелүү түрдөгү инженердик-геологиялык негиздемесиз долбоорлоого жол берилбейт.

4. Фундаменттердин конструкциялык схемасы имараттын негиздеринин эсептелген маалыматтарына жана кыртыштын шарттарына жараша кабыл алынат.

5. Фундамент бетонунун классы В 12.5тен төмөн болбоого тийиш.

6. Каркас, каркастын төмөнкү байлануучу тилкеси, жеңилдетилген панелдер фундаментке анкердик металл байламталар менен бириктирилет. Анкердик болттордун диаметри 12 миллиметрден кем эмес болууга тийиш. Анкерлердин ортосундагы аралык 1,5 метрден ашпоого тийиш.

7. Имараттардын каркастарын эки багытты көздөй кеткен бекем түйүндөрү бар рамаларды жайгаштыруу менен долбоорлоо зарыл.

8. Дубалдар жана тосмолор сейсмикалык күч келүүнү көтөргөн каркастын бекем элементтери түрүндө долбоорлонууга тийиш. Тушма-туш тирөөч дубалдар бири-бири менен жабуулардын горизонталь дисктери аркылуу байланышат. Дубалдардын же аларды алмаштырган каркастын конструкцияларынын ортосундагы аралык жыгач каркас үчүн 6 метрден ашык эмес, металл каркас үчүн 9 метрден ашык эмес болууга тийиш.

9. Бүткүл имараттын же имараттын бөлүгүнүн алдына жертөлө казууга жол берилет.

10. Чатырларды мейкиндикте жантайган, бекемдиги камсыз кылынган жеңил конструкциялар менен долбоорлоо зарыл. Стропила конструкциялардан дубал каркаска кергич берүүгө жол берилбейт.

11. Имараттардын дубалдарынын бекемдиги кергичтер, жантайган каптоолор, тилке болоттон жасалган планкалар же алардын комбинациялары аркылуу камсыз кылынат. Каркастын элементтеринин жалгашуусу жана аны башка конструкциялар менен бириктирүү имараттын өзгөрүп туруучу күчтөрдү көтөрүүсүн камсыз кылууга жана негизги конструкциялардын тирөөгө жарактуулугу жок болгонго чейин анын бузулушун же кыйрашын жокко чыгарууга тийиш.

Жабуунун дискиндеги бекемдик диагональ түрүндө салынган тактайлар, кайчылаш байламталар же устундар боюнча башка байламталар аркылуу камсыз кылынат. Жогорку жана төмөнкү кабаттарды бириктирүү атайын бекемдөөчүлөрдү же жантайган каптоолорду жасоо аркылуу камсыз кылынууга тийиш.

12. Жыгач же металл тирөөч каркастуу имараттар күйбөс же кыйындык менен күйүүчү натыйжалуу жылуулагычы бар жеңил панелдерди курчоочу конструкция катары колдонуу менен долбоорлонууга тийиш.

 

5. Имараттарды куруудагы жалпы талаптар

 

1. Курулуш району үчүн сейсмикалык таасирлердин балл түрүндөгү ургаалдуулугу (сейсмикалуулугу) Кыргыз Республикасынын аймагын сейсмикалык микрорайондорго бөлүү картасы боюнча же белгиленген тартипте бекитилген, күтүлгөн жер титирөөлөрдүн баштапкы баллы көрсөтүлгөн калктуу конуштардын тизмеси боюнча кабыл алынат.

2. Төмөнкүдөй участоктордо имараттарды курууга болбойт:

- жер титирөөдө эзилип кетиши мүмкүн болгон, сууга каныккан жер кыртышына;

- кен иштетүүдөн жана жер кыртышынын туруксуз чөйрөсүнөн күбүлүп түшүү, уроо, жер көчкү, карста, чуңкур, деформация болушу ыктымалдуу жерге;

- сел агымы же кар көчкү болушу ыктымалдуу жерге;

- геологиялык таштандылардан турган жана физикалык-геологиялык процесстерден улам породаларынын структурасы катуу бузулган жерге.

3. Ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн участоктордо имараттарды куруу өтө зарыл болгон учурда:

- жер кыртышынын сейсмикалык сапаттарын жакшыртуу же аны алмаштыруу боюнча инженердик иш-чараларды жүргүзүү зарыл;

- түбүн бекемдөө боюнча чараларды көрүү керек;

- имараттардын долбоорунда тирөөч конструкцияларды кошумча бекемдөөнү караштыруу зарыл;

- имараттардын жана курулмалардын түбүн жакшыртууда же бекемдөөдө колдонулчу иш-чараларды аткаруу керек.

4. Имараттарды куруу боюнча иштер жумуштарды аткаруунун бекитилген долбоору боюнча жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр каралат:

- конструкцияларды орнотуунун ырааттуулугу;

- орнотуунун талап кылынган тактыгын камсыз кылуучу иш-чаралар;

- конструкцияларды ирилештирүүчү куроодо жана долбоордогу абалга келтирип орнотууда анын мейкиндикте өзгөрбөстүгү;

- куруу процессинде имараттын конструкцияларынын жана бөлүктөрүнүн туруктуулугу;

- конструкциялардын ирилештирүү даражасы жана коопсуз эмгек шарттары.

5. Мурда курулган имаратка кошуп же ага жанаша аралыкта имарат курууда алардын бири-бирине мүмкүн болуучу өз ара таасири эске алынат.

6. Конструкциялардын элементтеринин геометриялык өлчөмдөрүнөн четтеп кетүүсүнө же ийилүүсүнө жол берилбейт.

7. Металлдан жасалган конструкциялардын түйүндөрүндө жана бириккен жерлеринде ширетүү жумуштарынын технологиясы бузулушуна, электроддордун конкреттүү шарттарга туура келбеген маркасын колдонууга, ошондой эле ширетүүчүлөрдүн квалификациясы төмөн болушуна жол берилбейт.

8. Конструкциялардын сырткы беттеринин бузулууларына жол берилбейт. Эксплуатациялоо абалында металл конструкциялар коррозиядан, ал эми жыгач конструкциялар нымдашуудан, биологиялык бузулуудан жана күйүүдөн жакшылап корголот.

9. Монтаждоо иштерди аткарууда ширетилген жерлерге сокку менен таасир этүүгө тыюу салынат.

 

6. Болот конструкцияларды долбоорлоодогу жана куруудагы талаптар

 

1. Имараттардын болот каркастары төмөнкүдөй конструкциялык схемаларга ээ болушу керек:

1) алкактууларда түйүндөрү катуу;

2) байланыштыруучуларда горизонттук жүктүн олуттуу бөлүгүн өзүнө алуучу диафрагмалык же катуулук байланыш.

2. Жабуунун конструкциялык чечилиши катуу горизонттук дискти жана каркастын конструкциясы менен бекем байланышты камсыз кылышы керек.

3. Курама темир-бетон плиталарды жабуу жана каптоо үчүн колдонууга болбойт.

4. Колонналардын айкашкан жерлери туташуу зонасынан сырткары, кыйла аз күч келген жерлерден кошулат.

5. Колонналардын ортосундагы вертикалдуу байланыш бөлүктүн ортосунда жайгаштырылат. Байланыштардын саны эсептөө аркылуу аныкталат жана ар бир ок үчүн бирден кем эмес болушу керек. Эки жеринен байланыш түзүү зарыл болгондо алардын ортосундагы аралык 48 м ашпашы керек.

Колонналардын үстү боюнча ар бир октун багыты боюнча кергич орнотулат.

6. Курулуш аянтынын 8 балл жер титирөөгө туруктуулук эсеби үчүн устундардын же фермалардын таяныч участокторунун ортосунда вертикаль байланыштар орнотулат, алардын саны эсептөө менен аныкталат жана имараттын четтерине орнотулчу 2ден кем эмес болот. 9 баллга эсептелген жер титирөөгө туруктуулугунда фермалардын же устундардын таяныч участокторунун ортосундагы вертикаль байланыштар кергичтер менен бир кадамдан кийин алгоолоштурулуп орнотулат.

Ферма менен жабууларда төмөнкү курчоо кергичтер жана эки тик байланыштар менен стропила конструкциясынын четки кадамдарында жайгашкан бөлүктө ажыратылышы керек.

Фонардык конструкциянын туруктуулугу байламталар системасы менен камсыздалышы керек.

7. Стропила фермалардын ортосундагы вертикаль байламталар тирөөчтүн үстүнө жана орто аралыкка, стропила конструкциялардын үстүндөгү курчоолорундагы тууралай байламта фермалар жайгашкан жеринде орнотулат.

8. Стропила конструкциялардын үстүндөгү курчоолорундагы каршылаш байламта фермалар, эсептөөлөр боюнча экиден ашык байланыш талап кылынса же имараттын узундугу 60 м болгон учурда имараттын четки кадамдарында жана бөлүктүн ортосуна орнотулат. Жабуунун калган жактарында кергичтер орнотулат.

9. Фермалардын төмөнкү курчоолорунун түз байламталар системасы төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- кесилиштин учтары боюнча каршылаш байламта фермаларды;

- орто аралыгынын саны 3кө чейинки узатасынан кеткен байламта фермалар колонналардын четки катарын бойлой орнотулушу керек, ал эми орто аралыгы 3төн ашык болсо ортоңку катарын бойлой орнотулат.

10. Тосуучу конструкциялар катары жылуулукту жакшы изоляциялоочу күйбөс жана (же) начар күйүүчү материалдан жасалган жеңил конструкциялар колдонулат.

11. Болот конструкцияларын коррозиядан жана өрттөн сактоо боюнча иш-чараларды көрүү. Конструкцияларды коррозиядан сактоо жана конструкциялардын өрткө каршы туруктуулук чегин жогорулатуу максатында түтүктүн жоондугун калыңдатууга болбойт.

12. Болоттон жасалган тирөөч конструкцияларды долбоорлоодо төмөнкүлөр зарыл:

- прогрессивдүү конструкцияларды колдонуу (стандарттуу элементтерден аралыктык системалар; тирөөчү жана тосуучу функцияларды айкалыштырган конструкциялар; ар түрдүү болоттон алдын ала чыңалган, ванттык, жука такта жана комбинацияланган конструкциялар);

- төмөнкүдөй заводдук бирикмелерди колдонууну кароо: автоматтык жана жарым автоматтык ширетүү, фланцтык бириктирүү, капталы фрезеровкаланган жана буроолор менен бириктирүү;

- эң аз күч келген жерлерге ширетүүчү монтаждык бириктирүүлөрдү кароо.

13. Болотко коюлуучу талаптар болот конструкциялардын жумушчу (КМ) жана деталдаштырылган (КМД) чиймелеринде жана материалдарга заказ берүүнүн документтеринде көрсөтүлөт.

14. Болот конструкциялар бирдиктүү аралыктык система катары эсептелет.

Бирдиктүү аралыктык системаларды өзүнчө жалпак конструкцияларга бөлүүдө элементтердин бири-бири менен жана негиз менен өз ара таасир этишүүсү эске алынат.

15. Каркастын тирөөчү жука такта болот элементтеринин калыңдыгы 1,0 миллиметрден кем эмес болушу керек. Каркастын элементтери бураганда кирип кетме винттер, бөрк жана буроолор менен бириктирилет. Аларды пайдалануу мүмкүн эмес болгон учурда ширетүү менен бириктирүүгө жол берилет. Дубал каркастарын бурчтук биригиши такта чаптама аркылуу бириктирилет.

16. Стропилалык фермалар жана устундар дубалдын тик түркүктөрүнүн үстүнө коюлат.

 

7. Алюминий конструкцияларды колдонуу менен имараттарды долбоорлоого жана курууга талаптар

 

1. Алюминий конструкциялар төмөнкүдөй учурларда колдонулат:

- имараттын тосмо жана тирөөч конструкцияларынын массасын кыйла азайтуу зарыл болгондо;

- зарыл учурда коррозияга жогорку туруктуулукту жана төмөнкү температураларда конструкциянын бекемдик касиеттеринин сакталышын камсыздоо үчүн зарыл болгондо.

2. Алюминийден жасалган курулуш конструкцияларын долбоорлоодо алюминий конструкцияларга коюлчу талаптарды эске алуу жана алюминий профилдеринин каталогдорун пайдалануу керек.

3. Алюминийден жасалган тирөөч конструкцияларды долбоорлоодо төмөнкүлөр зарыл:

- температуранын өзгөрүшүнүн таасиринин коэффициенттерин, алюминий конструкциялардын элементтеринин иштөө шарттарынын коэффициенттерин, ошондой эле арналышы боюнча ишеничтүүлүк коэффициенттерин эске алуу;

- монтаждоо жана эксплуатациялоо процессинде жалпы имараттын жана анын элементтеринин туруктуулугун жана өзгөрбөстүгүн камсыздоочу байланыштарды караштыруу;

- элементтерде куроонун оңойлугун жана монтаждаганда бириктирүүнүн ыңгайлуулугун, ошондой эле конструкцияларды ченөөнүн тездигин камсыздоочу монтаждык бириктиргичтерди караштыруу;

- элементтерди буроолор менен монтаждап бириктирүүнү караштыруу (ширетилген жана бөрк колдонгон монтаждык бириктирүүлөр кыйла аз күч келген жерлерге колдонулат).

4. Алюминий конструкциялардын минималдуу калыңдыгы эсептөөлөр боюнча аныкталат.

5. Алюминийдин болот менен айкалышуусун төмөнкүлөрдүн курамында колдонууга жол берилет:

- алюминий же болот конструкциялардан ар түрдүү элементтерди жасоодо бир конструкциянын курамында;

- болот бирикмелер (болттор) менен бекиген алюминийден жасалган конструкциянын бир элементинде.

6. Конструкцияларга алюминийди башка курулуш материалдар (терезе жана каалга конструкциялардагы алюминий жана жыгач, дубал жана чатыр конструкциялардагы алюминий жана полимер) менен айкалыштырып колдонууга болот. Мында материалдардын ийилгичтик модулдарынын чоңдугундагы жана линиялык кеңейүү коэффициенттериндеги айырма эске алынат, ошондой эле алюминийди контакттык коррозиядан жана оттон сактоо боюнча иш-чаралар каралат.

7. Курама-ажыратма имараттардын конструкцияларында алюминий төмөнкүдөй түрдө колдонулат:

- дубал, чатыр, тосмо, эшик жана терезе үчүн толук куралган тосуучу элементтер;

- заводдон болт менен монтаждап толук бириктирилген даяр тирөөч элементтер түрүндө.

8. Курама-ажыратма имараттардын конструкцияларында тосуучу жана тирөөчү элементтерин долбоорлоодо алардын бири-бирин өз ара алмаштыруусу караштырылат. Монтаждык түйүндөр жана туташуулар кир, чаң жана нымдуулук топтолбочу жерлерге жайгаштырылат.

9. Катаал жаратылыш шарттарына дуушар болгон имараттардын алюминий конструкцияларынын коррозиялык туруктуулугу алюминийдин маркасын жана абалын тандоо, рационалдуу конструкциялык формаларды жана минималдуу калыңдыктарды дайындоо аркылуу камсыздалат.

10. Алюминий эритмелеринен жасалган конструкцияларда анкер буроолору болоттон жасалышы керек.

11. Бириктирүүнүн түрүн (ширетүү, буроо, бөрк) тандоо бириктирүү жумушунун мүнөзүнө жараша жана алюминийдин бириктирүүнүн түрүнө жараша бошоо даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.

12. Тирөөч конструкциялардын элементтеринин ширетилген бирикмелери заводдун шартында жасалат.

13. Жарымы бөрк, ал эми экинчи жарымы ширетүү менен бекитилген комбинацияланган бирикмелерди колдонууга тыюу салынат.

 

8. Болт менен жана бөрктөп бириктиргендеги талаптар

 

1. Долбоордук жободо белгиленген конструкцияларды (айрым элементтерди жана блокторду) долбоордогудай монтаждык бириктиргичтер менен бекитүү жумуштарды аткаруунун долбоорунда айтылгандан башка учурларда конструкциялардын абалынын тактыгы аспап менен текшерилгенден жана тууралангандан кийин дароо ишке ашырылышы зарыл.

2. Бирикмелерди кураштырууда конструкциялардын тетиктериндеги тешиктер тушташтырылат жана тетиктер жылышуудан кураштыргыч тыгындар менен карматылып (экиден кем эмес), ал эми пакеттер болт менен бекем тартылат.

3. Жасап чыгарган ишкананын эн белгиси жок жана бекемдик классын билдирчү маркасы жок болтторду жана гайкаларды колдонууга тыюу салынат.

4. Гайкаларды болттун сайын каңдап чыкпагыдай кылып бекитүүгө же гайканы болттун өзөгүнө ширетип бекитүүгө тыюу салынат.

5. Гайкалар жана контргайкалар бирикмелердин ортосунан баштап четин карай такалып калгыча бурап бекитилет.

6. Болттордун, анын ичинде фундаменттик болттордун учтары жана гайкалары тарткандан кийин шайбалардын же конструкциялардын элементтеринин бети менен тыгыз (жылчыксыз) тийишүүгө тийиш.

7. Курап баштаардан мурда бириктирилчү беттер даярдалат жана тазаланат.

8. Туташтырылчу тетиктердин беттери 3 мм чейин оош-кыйыш болсо аны механикалык жол менен иштетип жылыштырып жоюу керек.

Оош-кыйыш 3 мм ашык болсо, бирикменин тетиктери сыяктуу жол менен иштетилген, керектүү калыңдыктагы каттама коюлат. Каттама колдонууда долбоорду иштеп чыккан уюм менен макулдашуу керек.

9. Болот болттор колдонулган бирикмелер үчүн аларды туташкан жерлерин дат басуудан сактоо боюнча иш-чаралар караштырылат.

10. Муздак каңдоо үчүн бөрктүн формасы жана өлчөмү алюминийден курулуштук конструкцияларды жасоого техникалык шарттар менен белгиленет.

11. Чатырдын профилденген такталарын бирин экинчисинин үстүнөн бастыра (сеңирлерин бойлото) бириктирүүдө туташтырчу элементтер (болт, бөрк) ар бир сеңирдин кырына орнотулат.

Калыңдыгы 2 мм чейинки мембрана же мурдатан тартылган каптоонун туташкан жерлери биринин үстүнөн бири бастыра куралат жана туташуусу эки катардан кем эмес каңдоо же бөрктөө менен бекитилет.

12. Конструкциялардын жумушчу элементтеринде туташуудагы элементти бекиткен бөрктөрдүн бир бетиндеги саны экиден кем эмес болууга тийиш.

 

9. Ширетип бириктирүүдөгү талаптар

 

1. Ширетип бириктирилчү конструкцияларды долбоорлоодо төмөнкүлөр зарыл:

- ширетүүнүн жогорку өндүрүмдүү механикалаштырылган ыкмаларын колдонуу;

- конструкцияларды жасоодо аларды кантовкасыз ширетүү мүмкүндүгүн караштыруу;

- ширетүүнүн тандалган ыкмасын жана технологиясын эске алуу менен ширөө салынчу жерлерде кенен иштөөнү камсыздоо;

- туташуулардын өлчөмдөрүн жана бири-бирине карата жайгашуусун белгилөө жана ширетүүнүн ыкмасын иште чымыркануу жана ширеткендеги деформация эң эле аз болгудай тандоо;

- ширетүү чекиттеринин санын жана өлчөмдөрүн минимум зарыл чекте кабыл алуу.

2. Ширетүү үчүн жээктерди ширетүүнүн ыкмасын жана технологиясын эске алуу менен, ширетилчү жердин абалына жана ширетилчү элементтердин калындыгына жараша белгилөө керек.

3. Тирөөч конструкцияларда ширетилчү бирикмелерди жана туташууларды долбоорлоодо чыңалуунун концентрациясын азайтуу каралат, ал үчүн тийиштүү конструкциялык чечимдер жана технологиялык иш-чаралар колдонулат. Көбүнчө улаштыра ширетип бириктирүү колдонулуп, анда ширендинин түбү сөзсүз бекемдеп ширетилет же форма түзүүчү подкладкалар пайдаланылат. Улаштыра ширеткенде четтери туташкандын чегинен аша чыгарылышы зарыл.

Ар түрдүү калындыктагы эки тактаны улаштыра ширеткенде калыңынан жукасын карай жантайтуу жолу менен өтүү зарыл.

4. Эсептеги элементтерде улашуулардын саны минимум болууга тийиш.

5. Ширетилген туташуулар конструкциянын чыңалуу азыраак болчу жерлерине туураланат.

6. Пресстелген профилдерден жасалган тирөөч конструкциялардын түйүндөрүндө улаштыра жана туурасынан болчу ширетме туташуулар каралат.

7. Жука такта конструкциялардын ширетилген туташууларын ширетүүнүн колдонулчу ыкмасынын технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоорлоо зарыл:

- каптоонун жука такталарын каркастын калың элементтерине жабыштырып ширетүүнү аргон-дугалуу чокума же контакттуу чокума ширетүү менен аткарууга жол берилет; контакттуу чокума ширетүүдө ширетилчү элементтердин калыңдыктарынын ара катышы 1:3төн ашпашы керек;

- заводдук шартта жука такта элементтерди чоңойтуп бириктирүү үчүн суу өткөрбөөчү бекем бирикме чыгышын камсыздоочу ролик ширетүүнү колдонуу керек.

8. Чатырдын жабууларын ширетүүдө туташтыруунун негизги түрлөрү биринин четин экинчиси басуучу жана борттук болууга тийиш.

9. Ширетүү жумуштарын аткарууда өрт коопсуздугунун жана санитардык эрежелердин талаптарын аткаруу зарыл.

10. Ширетүү жумуштары ширетүү иштерин жүргүзүүнүн бекитилген долбоору же башка технологиялык документтер боюнча аткарылат.

11. Монтаждык ширетме бирикмелүү конструкциялар эки этап менен адегенде убактылуу, анан долбоор боюнча бекитилет. Убактылуу бекитүүнүн ыкмасы долбоордо көрсөтүлөт.

12. Ирилештирүүдө жана долбоордук абалга келтирүүдө бирикмелерди ширетүү кураштыруунун тууралыгы текшерилгенден кийин жасалат.

13. Монтаждоодо жасалган ширетме бирикмелердин четтеринин жана ширөөлөрүнүн конструкциялык элементтеринин өлчөмдөрү, жана ширетме бирикмелердин кесилиштеринин өлчөмүндөгү четтөөлөр ширетүү жумуштарынын талаптарына ылайык болууга тийиш.

14. Ширетилчү элементтердин беттери даттан, майдан, сырдан, кирден жана нымдан тазаланат.

15. Монтаждалган ширетме бирикмелердеги кураштырчу болтторду ширетип бүткөндөн кийин алып салуу зарылдыгын монтаждоочу уюм аныктайт.

16. Ширетме бирикмелердин ширөөлөрүндө бардык түрдөгү жана өлчөмдөгү кемтиктер жана жаракалар болушуна жол берилбейт жана алар бышыктап ширетүү жана контролдоо менен жоюлат.

 

10. Жыгач конструкциялуу имараттарды долбоорлоодогу жана куруудагы талаптар

 

1. Жыгач каркастуу имараттарды артыкчылыктуу түрдө суу менен жылытуучу системаны пайдаланып бир-эки кабат кылып куруу зарыл. Жылытуу системасынын таш конструкциялары жер титирегенде мештин жана мордун бузулушун болтурбачу металл алкактын ичине гана тургузулат.

2. Фундаменттин үстүндөгү жыгач конструкцияны фундаментке бекемдечү анкер бекиткичтерди караштыруу зарыл.

3. Жыгач конструкциялуу имараттардын конструкциялык-техникалык чечилиштери төмөнкүдөй түрдө аткарылат:

- тышы капталган жана ичи жылууланган тирөөч каркастуу же натыйжалуу жылуулук сактагычтары бар жеңил панель конструкциялардан;

- толук курама барак (панель) конструкциялардан.

4. Каркастуу жыгач конструкциялуу имараттардын бекемдиги кайчылаш түркүктөр менен камсыздалат.

5. Туташуулардын тоомдору жана улашкан жерлер бүткүл имараттын бекемдигин жана туруктуулугун камсыздоого тийиш.

6. Бурчтарга жана дубалдардын тоомдоруна коюлчу негизги түркүктөрдүн, ошондой эле каркастын ылдыйкы бекитилчү жеринин туурасынан кесилиши 100 кв.см кем эмес болууга тийиш. Жыгач каркастын дубалдарынын ортодогу түркүктөрүнүн туурасынан кесилиши 50 кв.см кем эмес болууга тийиш.

7. Каркастын тик элементтери өйдө жагында жана түбүндө туурасынан кесилиши 100 кв.см кем эмес жыгач конструкциялардан турган бекиткич алкактар менен бириктирилет.

8. Негизги түркүктөрдүн жана кайчылаш түркүктөрдүн бириккен жерлери ортосунан өткөрүлгөн болттор, болот тасмадан жасалган каамыттар же накладкалар менен бышыкталат. Каамыттар же накладкалар каркаска көзөп кирип кетчү бурамалар же болттор менен бекитилет. Тиштүү металл пластиналар же мык менен кураштырып бекитсе болот. Туташкан жерлерди кашаа же клей менен бириктиришке болбойт. Өйдө жактагы, анын ичинде бурчтардагы туташтырылган бардык тоомдор тасма болоттон жасалган бириктиргич планкалар менен бекитилет. Жыгач устундардын таяныч участоктору дубалдын каркасына жана туташчу түркүктөргө металл менен ишеничтүү бекитилиши керек.

9. Дубалдын таманы фундаментке металл анкер бекиткичтер менен бириктирилет.

10. Каалганын жана терезелердин өйдөкү четинде жана терезелердин ылдыйкы четинде туурасынан кесилиши 100 кв.см кем эмес горизонталь тилкелер караштырылат.

11. Каркастын түркүктөрү тилкелер менен жыгачтын жарымына чейин бириктирилет жана металл алкактар же элементтердин бекем туташуусун камсыздачу башка бириктиргичтер менен бекемделет.

12. Жыгач каркас жана диагональ байламталар чирүүгө каршы иштетилип жана оттон сактачу каражат сиңдирилет.

13. Ташуу же сактоо учурунда урунуп бузулуп калган жана бузугун курулуш аянтында оңдоого болбогон жыгач конструкцияларды долбоорду иштеп чыккан уюмдун корутундусу болмоюнча монтаждоого болбойт. Корутундуда бузулган конструкцияларды пайдаланууга мүмкүндүгү, бышыктоо зарылдыгы же алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарылат.

14. Жыгач конструкциялар топуракка, монолит бетонго тийише турган болсо монтаждоодон мурда долбоордо каралган изоляциялоо жумуштары аткарылат.

15. Куруу жана монтаждоо жумуштарынын тактыгын мүнөздөөчү жол берүүлөр жана четтөөлөр тактыктын белгиленген классына (ал функциялык, конструкциялык жана технологиялык талаптар менен аныкталат) жараша жумуштарды аткаруунун долбоорунда дайындалат.

16. Жыгач устундар, аркалар, рамалар жана фермалар жумуштарды аткаруунун долбооруна ылайык монтаждалат.

Жумушчу болттор же нагелдер менен бириктирилчү аркаларды жана рамаларды монтаждоо бекитилген таяныч тоомдор менен ишке ашырылышы зарыл.

Ортодогу асма аралык 24 м жана андан ашкан жыгач конструкцияларды адистештирилген монтаждоочу уюм гана монтаждайт.

17. Жыгач фермаларды курулуш аянтында жумуштарды аткаруунун долбоору боюнча кураштыруу керек.

18. Жыгач жана металл тартмалуу кайчылаш байламтасыз, түз линиялуу чапталган элементтүү үч шарнирлүү фермалар өзүнчө бөлөк элементтерден атайын стендде же аянтта кураштырылууга тийиш.

19. Жыгач колонналарды жана түркүктөрдү орнотууда, ошондой эле алардын элементтерин кураштырууда куралчу конструкциянын элементтеринин учтарын бекем туташтыруу зарыл. Жылчыктар калышына жол берилбейт.

20. Жыгач колонналарда жана түркүктөрдө монтажга чейин ригелдерди, тирөөчтөрдү, түркүктөрдү, байламталарды, панелдерди жана башка конструкцияларды коюу үчүн белгилерди коюп алуу зарыл.

21. Тирөөчү жыгач конструкцияларды долбоорлогондо алардын нымдан, биологиялык бузулуудан жана оттон сакталышы караштырылат.

22. Жыгач тирөөч конструкциялар күч келүүнүн мүнөзүн жана узактыгын эске алуу менен көтөрүмдүүлүгү боюнча талаптарга (чектик абалдын биринчи тобу) жана нормалдуу эксплуатациялоого тоскоол болбоочу деформация боюнча талаптарга (чектик абалдын биринчи тобу) жооп бериши керек.

23. Жыгач конструкциялардын бышыктыгы ушул берененин 24-29бөлүктөрүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык конструкциялык чаралар менен камсыздалат, жана зарыл учурларда нымдашуудан, биологиялык бузулуудан жана күйүүдөн сактачу иштетүү менен камсыздалат.

24. Жыгач боюнча конструкциялык чаралар жана сактоочу иштетүү монтаждаганда жыгач конструкциялардын бузулбашын, ошондой эле эксплуатациялоо процессиндеги туруктуулугун камсыздоого тийиш.

25. Конструкциялык чараларда төмөнкүлөр караштырылууга тийиш:

1) жыгач конструкциялардын атмосфералык жаан-чачындардан, жер кыртышындагы, эриген жана өндүрүштүк суулардан коргоо;

2) жыгач конструкцияларды тоңуудан, буудан жана конденсациялык нымдашуудан сактоо;

3) кургатуучу температуралык-нымдык режимди түзүү жолу менен жыгач конструкцияларды дайым кургатып туруу (жайды табигый жана жасалма желдетүү, имараттардын конструкцияларында жана бөлүктөрүндө кургаткыч продуктуларды, аэраторлорду жайгаштыруу).

26. Тирөөч жыгач конструкцияларды фундаментке, таш дубалдарга, болот жана темир-бетон колонналарга жана жылуулукту көбүрөөк өткөрүүчү материалдардан жасалган конструкциялардын башка элементтерине (алар түздөн-түз тийишсе) орнотууда гидроизоляциялоочу катмарлар төшөлөт.

Тирөөч конструкциялардын таяныч бөлүктөрү орнотулчу жыгач төшөөчтөр (жаздыктар) көбүнчө лиственница породадагы антисептик сиңирилген жыгачтан жасалат.

27. Конденсат тамышы мүмкүн болгон шарттарда эксплуатацияланчу конструкциялардын туташууларындагы металл каптамалар жыгачтан гидроизоляциялык катмар менен изоляцияланат.

28. Тирөөчү жана калканчысы жыгач жабуулар сууну сыртка чыгаруу менен долбоорлонот.

29. Жылытылчу имараттардагы тоскуч конструкциялар эксплуатациялоо процессинде ным топтолбогудай жасалат. Дубалдардын панелдеринде жана жабуучу плиталарда сырттагы аба кирип туруучу желдеткичтер жасалат, ал эми жылытуу-техникалык эсептөөдө каралган учурларда бууну изоляциялачу катмар караштырылат.

Каптоолору жыгач же фанерадан жасалган клейленген каркаска мык же шуруп менен бекитилчү дубалдык плиталарда жана панелдерде бууну изоляциялагыч катары пайдаланылчу рулон жана пленка материалдар каркас менен каптоонун ортосуна үзгүлтүксүз туташ катмар болуп төшөлөт.

Каптоолору каркаска клей менен бириктирилген тосуучу конструкцияларда сыр же май буу изоляциялоо колдонулат. Панелдердин жана плиталардын ортосундагы ачыктар жылчыкты бүтөөчү материалдар менен тыгыздалат.

30. Такай же узак убакытка ысычу шарттагы жыгач конструкциялар, эгер чапталбаган жыгач конструкциялар үчүн айлана-чөйрөдөгү абанын температурасы 50 град. Цельсиядан, чапталган жыгач конструкциялар үчүн 35 град. Цельсиядан ашпаса колдонулат.

31. Жыгач конструкцияларды долбоорлоодо төмөнкүлөр зарыл:

- жыгач конструкцияларды жасачу ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу;

- монтаждоо жана эксплуатациялоо процессинде айрым конструкциялардын жана бүткүл имараттын туруктуулугун жана өзгөрбөстүгүн камсыздоо боюнча чараларды караштыруу.

32. Жыгач материалдардан жасалган улаштырып узартылган жана ийилген элементтерде четтери бош болушуна жол берилбейт.

33. Жумуру жыгач материалдардын элементтеринин туруктуулугун эсептөө элементтин эсептелчү узундугунун ортосундагы туурасынан кесилиши боюнча, ал эми бекемдиги - максимум ийилчү жериндеги туурасынан кесилиши боюнча эсептелет.

34. Жыгач конструкциялардын бекемдигин жана туруктуулугун туурасынан жана тигинен байламталарды коюу менен камсыздоо зарыл.

Туурасынан байламталар үстүңкү тилкени бойлото же тирөөч конструкциялардын үстүнө коюлат.

Байланыштырчу фермалардын тилкелери катары үстүңкү тилкелер же тирөөч конструкциялардын бардык кесилиштери пайдаланылат.

35. Жабуучу плиталардын таянчу бөлүгүнүн өлчөмү 6,0 см кем эмес болууга тийиш. Жабуучу плиталар тирөөч конструкцияга ар бир тарабынан жылышып жана ажырап кетишин болтурбачу бириктиргичтер менен бекитилет.

36. Жыгачтан жасалган улаштырып узартылган элементтердин туташуулары бирдей кесилиште айкалыштырылат жана жумуру болот нагель накладка же башка бириктиргичтер менен бастырылат.

Улаштырып узартылган элементтердин туташкан жерлеринин конструкциясы күч келүүнүн окту бойлото өткөрүлүшүн камсыздоого тийиш.

37. Ийилүүсү ар бөлөк байламталардагы туташууларды жана улаштырууларды, ошондой эле жыгач элементтердин бир бөлүгү түздөн-түз, ал эми калган бөлүктөрү - ортомчу элементтер жана бириктиргичтер менен туташтырылган туташууларды жана улаштырууларды колдонууга тыюу салынат.

38. Элементтерди эрежеден тышкары бириктирүү эсептелген кесилиштеги ийилчү жерди азайткандан башка учурларда жыгач конструкциялардын элементтерин тоомдорго, туташууларга жана тирөөчтөргө борбордоштуруу зарыл.

39. Конструкциялардын элементтери улашууларда жана туташууларда болт менен бекитилет, ал эми кыймылдуу бирикмелердеги курамдык элементтер түйүндөрдүн ортосунда да камдаштырылат.

Тартуучу болттордун диаметри d6 эсептөө боюнча алынат, бирок 12 мм кем болбойт. Тартуучу болттордун шайбаларынын тараптарынын өлчөмү же диаметри 3,5 d6 кем эмес жана калыңдыгы 0,25 d6 кем эмес болууга тийиш.

40. Аралап өтмө тирөөч конструкциялардын жыгач элементтеринин туурасынан нетто кесилиш аянты 50 кв.см кем эмес, ошондой эле симметриялык азайтууда брутто кесилиштин толук аянтынын 0,5 өлчөмүнөн кем эмес болууга тийиш.

41. Устундар, тирөөчтөр, жабуучу жыгачтар, обрешеткалар жана башка ийилчү элементтер бекемдигине жана канча ийилээрине эсептелип коюлат.

42. Туташ жабууда же тактайлардын же брустардын ортосу 150 мм ашык эмес арасы ачык жабууда аларга келчү салмакты эки тактайга же бруска, ал эми 150 мм ашык аралыкта - бир тактайга же бруска келтирүү зарыл. Эки кабат жабууда (жумушчу жана жумушчу жабууга бурч менен жасалган коргоочу жабууда) салмакты жумушчу жабуунун 500 мм энине бөлүштүрүү керек.

43. Жыгач каркас жана башка тирөөч жыгач конструкциялык элементтер ийне жалбырактуу жыгач породалардан жасалат.

44. Панель (каркассыз) имараттар узата жана туурасынан, бири-бири менен, астанасы жана үстүңкү жабуулары менен бир мейкиндик системага бириктирилген, сейсмикалык күч келүүнү кабыл алуучу тирөөч дубалдуу кылып долбоорлонот.

45. Дубалдар узатасынан үзгүлтүксүз болууга тийиш. Терезе же каалга көзөнөктөрүнүн жайгашуусунун кабаттар боюнча өзгөрүүсү 20 проценттен ашпоого тийиш.

46. Дубалдардын жана жабуулардын панелдери бөлмөнүн өлчөмүнө жараша караштырылат. Жабуу үчүн панелдердин ар бир четин бойлото башка жанаша панель же дубал менен байлаштыруу үчүн экиден кем эмес байламта болууга тийиш.

47. Тирөөч каркасы жыгачтан жасалган имараттар жана панель (каркассыз) имараттар үчүн жабуусу жеңил болот.

 

11. Тосуучу конструкцияларга карата талаптар

 

1. Жука такта тоскуч конструкциялар жана алардын бирикмелери ширетме же бөрктөмө болуп (каптоолорду каркаска жабыштырчу заводдук жана монтаждык бекиткичтер, жука такта элементтерди ирилештирүү үчүн туташтыргычтар, чатырдын жабууларындагы туташуулар), ошондой эле бүтүштөрүндө жана кыйышууларында бириктиргичтерди колдонуу менен долбоорлонот.

2. Имараттардын тосуучу конструкциялары, ошондой эле тосмолорду имараттын каркасына бекитүүчү тетиктер жыл ичинде температуранын өзгөрүүсүн эске алуу менен, тосмолордун жылуулук-техникалык касиеттери жана жылчыксыздыгы сакталгыдай жана температуралык деформация камсыздалгыдай кылып долбоорлонот.

3. Тосуучу конструкциялардын минимум калыңдыгы эсептөөлөр боюнча белгиленет.

4. Тосуучу конструкцияларды эсептеп чыгууда тышкы беттериндеги температуранын өзгөрүшүнүн маанилери тыштагы абанын жылдын кыш жана жай мезгилдериндеги температурасынын эсептөөдөгү маанилерине жараша аныкталат. Мында жай мезгилинде күн радиациясынын таасири эске алынат.

5. Тосуучу конструкциялардын тышкы жана ички беттериндеги температуранын эсепке алынчу өзгөрүүлөрү имаратты эксплуатациялоонун ички температуралык режимин эске алуу менен кабыл алынат.

6. Тосуучу конструкциялардын элементтеринин (витриналардын, витраждардын, эшиктердин жана терезелердин) каттама коюп бириктирилген жерлери тажрыйбалык конструкцияларда текшерилет.

Айнек менен алюминий каркастын элементтери бири-бирине түз тийишүүсүнө жол берилбейт.

7. Тосуучу конструкцияларды долбоорлогондо жылуулукту сактагыч үчүн материал, клей жана герметиктер тосуучу конструкциялардын сырткы жана ички беттериндеги температуранын эсептөөдөгү өзгөрүүлөрүнүн ажырымын эске алып тандалат.

8. Тосуучу конструкциялардын жылуулукту сактагыч үчүн материалдары жана элементтери күйбөс жана (же) оңой менен күйбөй турган болушу керек.

9. Тосуучу конструкцияларды долбоорлоодо бат эскирчү, бузулчу же оңдолчу элементтерди оңой алмаштыруу мүмкүндүгү камсыздалат.

 

12. Имараттардын ар түрдүү конструкциялык элементтерин долбоорлоого жана монтаждоого карата талаптар

 

1. Имараттардын жабуулары имараттын вертикаль конструкциялары менен бириктирилген жана аларга горизонталь сейсмикалык күч келүүнү бөлүштүрүүчү катуу горизонталь дисктер түрүндө жасалат.

2. Бөлмөлөрдүн ортосундагы тосмолор жеңил, чоң өлчөмдүү болууга тийиш. Каркастуу имараттардын дубалды бөлүп туруучу конструкциясы катары күйбөс жана (же) оңой менен күйбөй турган материалдардан жасалган панелдер колдонулат.

3. Жабуулардын жана алардын бекитүүлөрүнүн бышыктыгы эсепке алынчу сейсмикалык күч келүүнүн таасирин эсептөө менен ырасталат.

4. Жеңил (жылууланган) тосуучу конструкциялар монтаждалган жайлардагы температура 10 град. Цельсиядан төмөн эмес, абанын нымдуулугу 70%тен ашык эмес болууга тийиш.

5. Жабуулар тирөөч конструкциялар менен жакшы байланышта болууга тийиш. Жабуулардын башка конструкцияларга тийишкен жерлери оңой чыгарылчу материалдар менен бүтөлөт.

6. Тепкич клеткалар имараттын планынын чегинде жайгаштырылат. Тепкич клеткаларда табигый жарык түшкүдөй болууга тийиш. Имараттын ар бир блогунда бирден кем эмес тепкич клетка болушу керек. Тепкич клеткаларды өзүнчө турган курулма түрүндө жасоого болбойт. Тепкичтерди, косоурларды, топтомо марштарды бекитүү, тепкичтик аянттардын жабууларга байлашуусу караштырылат.

7. Металл косоурлуу жана ага жаткырылган бөлөк-бөлөк баскычтуу тепкичтерди баскычтар жана косоурлар бекитилген шартта гана колдонууга жол берилет.

8. Устундардын таянчу бөлүктөрү имараттын тирөөч конструкцияларына бекитилет.

9. Бөлмө-жайлар жеңил материалдар менен капталат жана шыбалат. Имараттардын дубалдарын жана башка бөлүктөрүн таш менен каптоого алар тийиштүү анкерлер менен бекитилген шартта жол берилет.

 

13. Колдонулчу курулуш материалдарга карата талаптар

 

Имараттарды курууда жана ар түрдүү оңдоо-куруу жумуштарын аткарууда пайдаланылчу жылуулукту изоляциялоочу, жасалгалоочу жана полимердүү курулуш материалдар «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга, жылуулукту изоляциялачу, жасалгалоочу жана полимердүү курулуш материалдардын коопсуздугу боюнча башка техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык болууга тийиш.

 

14. Имараттардын негизги коопсуздук талаптарына шайкештигин баалоо

 

Имараттардын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсү «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу» техникалык регламенти» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жараша бааланат.

 

15. Мамлекеттик көзөмөл

 

Бул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

 

16. Бул Техникалык регламенттин талаптарын аткарбагандык үчүн жоопкерчилик

 

Бул Техникалык регламентти тийиштүү түрдө аткарбаганы, өз убагында аткарбаганы же аткаруудан качканы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылат.