Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 25-ноябры №301

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, катталган кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө маалыматтарды онлайн режиминде алуунун механизмин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева