Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2001-жылдын 13-ноябры N 89

Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55, 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 47 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги N 261 “Кыргыз Республикасынын "Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому

Ушул Мыйзам өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктайт жана өндүрүш менен керектөөнүн калдыктары менен иштөө учурунда алардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирин четтетүүгө, ошондой эле аларды чийки заттын кошумча булагы катары чарбалык жүгүртүүгө толук тартууга көмөктөшүүгө арналган.

I Бөлүм
 Жалпы жоболор

1-статья. Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1. Ушул Мыйзам өндүрүш жана керектөө калдыктарын (мындан ары калдыктар) түзүү, чогултуу, сактоо, пайдалануу, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү, ошондой эле калдыктар менен иштөөдө мамлекеттик башкаруу, көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салат.

2. Калдыктар менен иштөө жагынан мамилелер Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана башка ченемдик-укуктук актылары жана ошондой эле эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

3. Радиоактивдүү калдыктар менен иштөө, зыяндуу заттардын атмосферага чыгарылышы жана алардын суу объекттерине келип куюлушу атайын мыйзамдар менен жөнгө салынат.

2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

калдыктарды көмүү - калдыктарды изоляциялоо, ал булгай турган заттардын айлана-чөйрөгө келип түшүшүн четтетүүгө багытталган жана бул калдыктарды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат;

калдыктарды пайдалануу - калдыктарды продукция өндүрүү жана башка иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу же энергия алуу үчүн пайдалануу;

компетенттүү орган - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган, ал өзү жөнүндөгү Жобого ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот жана калдыктар менен иштөө жаатындагы ишти координациялайт;

калдыктарды жайгаштыруу лимити - региондогу экологиялык кырдаалды эске алуу менен белгилүү мөөнөткө жайгаштырууга уруксат берилген жана юридикалык же жеке жакка белгиленген калдыктардын эң жогорку саны;

аз калдыктуу технология - продукцияны өндүрүү процесси, мында продукциянын бирдигин өндүрүү учурунда бул продукцияны алуунун учурдагы демейки ыкмасына салыштырганда аз сандагы калдык келип чыгат;

калдыктарды зыянсыздандыруу - айлана-чөйрөгө жана адамга тийгизген коркунучтуу таасирин азайтууга алып келүүчү атайын орнотмолордо калдыктарды иштетүү (анын ичинде өрттөө);

калдыктар менен иштөө - калдыктарды чогултуу, сактоо, пайдалануу, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;

калдыктарды жайгаштыруу объекти - полигондор, топтогучтар, таштандылар, шламсактагычтар, уулуу заттарды сактагычтар, тоо тектеринин калдыктары жана калдыктарды сактоо жана көмүү үчүн атайын жабдылган башка жерлер;

коркунучтуу калдыктар - өзүнүн курамында коркунучтуу касиеттердин бирин камтыган (уулуу, жугуштуу, жарылуучу, тутануучу, жогорку реакциялуу кудурети) жана ушундай санда жана ушундай түрдө өз алдынча, ошондой эле башка заттарга аралашкан учурда адамдын ден соолугу же айлана-чөйрө үчүн түздөн-түз же потенциалдуу коркунуч туудуруучу заттарды камтыган калдыктар (радиоактивдүү калдыктардан башка);

өндүрүш калдыктары - продукцияны өндүрүү же иштерди аткаруу процессинде түзүлгөн жана өзүнүн керектөө касиеттерин толугу менен же жарым-жартылай жоготкон материалдын, чийки заттын, жарым фабрикаттын калдыктары, ошондой эле өндүрүш процессинде түзүлгөн жана бул өндүрүштө колдонулбай турган көмөкчү заттар;

керектөө калдыктары - иш жүзүндө же моралдык жактан эскирүүдөн улам өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына, ошондой эле адамдардын жашоо-тиричилик процессинде келип чыккан турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары кирет;

калдыктардын паспорту - калдыктардын сапаттык же сандык мүнөздөмөсүн тастыктаган документ;

калдыктарды жайгаштыруу - калдыктарды сактоо жана көмүү боюнча ар кандай иш-аракеттер;

калдыктарды транс чек аралык ташуу - башка мамлекеттин юрисдикциясында болгон райондон калдыктарды Кыргыз Республикасынын юрисдикциясындагы районго/же ал аркылуу ар кандай ташуу;

калдыктарды сактоо - калдыктарды көмүү, зыянсыздандыруу же пайдалануу максатында алып чыкканга чейин аларды атайын жабдылган топтогучтарда сактоо;

экологиялык экспертиза - экологиялык тобокелдиктин жана белгиленип жаткан чечимдерди турмушка ашыруунун деңгээлин аныктоо, аны ишке ашыруу айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр түрдө таасир берет.

3-статья. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:

аз калдыктуу технологиялык процесстерди өздөштүрүүнүн артыкчылыктуулугу;

калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө тартуу үчүн экономикалык стимулдаштыруу механизмдерин пайдалануу;

жаратылышты коргоо жана санитардык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз түрдө боло тургандыгы;

калдыктар менен иштөө боюнча чечимдерди кабыл алууда экологиялык экспертизаны милдеттүү түрдө жүргүзүү;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калдыктар менен иштөө жаатындагы маалыматтарды ээн-эркин алуу;

улуттук таламдарды коргоону эске алуу менен, калктын кызыкчылыктарын козгогон чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.

II Бөлүм
 Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

4-статья. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары

Калдыктар менен иштөө жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

калдыктар менен байланышкан апааттарды, авариялардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү;

калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

калдыктар менен иштөө жаатындагы региондук программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу;

калдыктар менен иштөө жаатында өздөрүнүн аймагында жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын ишине контролдук кылуу;

калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткан объекттерди кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын, жергиликтүү бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын чогултууну уюштуруу;

калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу тутумун уюштуруу, ал компоненттерди өз-өзүнчө чогултууну (тамак-аш калдыктары, түстүү жана кара металл, текстиль, айнек, кагаз жана башкалар), калдыктарды сактоону, дайыма ташып чыгууну, зыянсыздандырууну, утилдештирүүнү, ошондой эле ведомствого караштуу аймакты кайра культивациялоону карайт;

калкты калдыктар менен иштөө, алардын сакталышынын абалы жана региондо кайра иштетүү боюнча маалымат менен кабардар кылуу.

5-статья. Компетенттүү органдын ыйгарым укуктары

Компетенттүү органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

калдыктар менен иштөөгө байланышкан документтерди мамлекеттик экспертизадан өткөрүү;

калдыктар менен экологиялык жактан коопсуз иштөө тартибин жөнгө салган жана айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн калдыктардын коопсуздугунун талаптарын белгилеген эрежелерди жана ченемдерди иштеп чыгуу;

калдыктардын кадастрын киргизүүнү уюштуруу;

өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары келтирген зыяндын ордун толтуруу талабын коюу менен бирдикте калдыктардын ээлеринин эсебинен аларды жоюуну уюштуруу;

калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө;

калдыктар менен иштөө жаатындагы эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу, эл аралык тажрыйбаны иликтөө, жалпылоо жана таркатуу;

калдыктар менен иштөө боюнча маалыматтар менен коомчулуктун кабардар болушун камсыз кылуу.

III Бөлүм
 Калдыктар менен иштөө учурундагы талаптар

6-статья. Ишканаларды, курулуштарды жана башка объекттерди долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо учурундагы талаптар

Иштеп жаткан ишканаларды, курулуштарды жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду, уулуу калдыктарды зыянсыздандыруу жана утилге чыгаруу боюнча полигондорду жана башка объекттерди долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо учурунда юридикалык жана жеке жактар:

калдыктар менен иштөө жаатында айлана-чөйрөнүн сапатынын белгиленген стандарттарын, ченин жана башка ченемдерин сактоого;

долбоорду турмушка ашыруу башталганга чейин калдыктар менен иштөөгө байланышкан ишти жөнгө салган долбоорлорго жана башка документацияга мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алууга милдеттүү.

7-статья. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү пайдалануу учурундагы талаптар

1. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү пайдалануунун жүрүшүндө юридикалык жана жеке жактар:

топтолгон калдыктарды инвентарлаштырууну жүргүзүүгө жана ишенимдүү маалыматты расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана компетенттүү органга берүүгө;

калдыктар менен иштөө жаатындагы өндүрүштүк контролду жүргүзүүгө;

калдыктар менен иштөө боюнча зарыл маалыматты компетенттүү органга берүүгө;

авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча талаптарды сактоого;

экологиялык терс кесепеттери бар өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда бул жөнүндө компетенттүү органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка тез арада маалымдоого;

калдыктарды транс чек аралык ташуу учурунда Коркунучтуу калдыктарды транс чек аралык ташууга жана аларды жок кылууга контролдук жөнүндө Базель конвенциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2. Экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жок кылынбай турган коркунучтуу калдыктар топтолгон өндүрүштөрдү пайдаланууга тыюу салынат.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Калдыктарды жайгаштырууга коюлган талаптар

1. Айлана-чөйрөнүн булганышынын булагы болуп калышы күмкүн болгон калдыктарды өз алдынча жайгаштырууга, ошондой эле аларды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын аймагында өрттөөгө тыюу салынат.

2. Айлана-чөйрөнүн булганышынын булагы болуп саналган калдыктар атайын полигондордо же калдыктарды жайгаштыруу үчүн башка бөлүнгөн жерлерде жок кылынууга, кайра иштетилүүгө, тазаланууга, сакталууга же көмүлүүгө, болбосо атайын орнотмолордо өрттөлүүгө тийиш.

3. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн объекттерди куруунун ордун тандоону мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары (зарыл учурларда коомдук пикирди эске алуу менен) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда экологиялык, геологиялык, гидрогеологиялык жана башка изилдөөлөрдүн негизинде компетенттүү органдын талаптарына ылайык аныктайт.

4. Калдыктар көмүлгөн жер калдыктар кадастрына киргизилет.

5. Калдыктарды көмүү учурунда ал көмүлгөн жердин мониторинги милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Мониторинг компетенттүү орган менен макулдашылган тартипте калдыктарды жайгаштыруу объектинин менчик ээси тарабынан жүргүзүлөт.

6. Калдыктарды жайгаштыруу объектинин менчик ээси бул объектти (же участкаларды) кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.

9-статья. Калктуу конуштарды калдыктардан тазалоого коюлуучу талаптар

1. Калктуу конуштун аймагы калдыктардан дайыма тазаланып турууга тийиш.

2. Баалуу компоненттерди өз-өзүнчө чогултууну, аларды убактылуу сактоону, дайыма ташып чыгууну жана зыянсыздандырууну караган калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу тутумун уюштурууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт жана ал санитардык эрежелердин, гигиеналык жана экологиялык ченемдердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

3. Калктуу конуштардын аймагын күтүүнүн белгиленген эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышына контролдукту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы мамлекеттик контролдукту жүзөгө ашырган органдар камсыз кылат.

10-статья. Коркунучтуу калдыктар менен иштөө учурундагы талаптар

1. Иши коркунучтуу калдыктардын топтолушу менен байланышкан юридикалык жана жеке жактар алар менен иштөө учурунда алардын зыяндуу таасиринен айлана-чөйрөнү жана калкты ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

2. Бардык коркунучтуу калдыктар адамга жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасиринин даражасы боюнча класстарга бөлүнөт.

3. Калдыктын коркунучтуулугунун классы аларды өндүрүүчүлөр тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык-эпидемиологиялык, тоо жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чектеринде бекиткен ченемдик документтерге ылайык аныкталат.

4. Коркунучтуу калдыктарды лицензиянын негизинде бул максаттар үчүн атайын жабдылган курулуштарда гана жайгаштырууга уруксат берилет.

5. Коркунучтуу калдыктар менен иштеген юридикалык жана жеке жактар расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган жана компетенттүү орган белгилеген тартипте коркунучтуу калдыктардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Коркунучтуу калдыктарды ташууга коюлган талаптар

1. Коркунучтуу калдыктарды атайын жабдылган транспорт каражаттары менен гана ташууга жол берилет.

2. Калдыктарды транспорттун белгилүү түрү (автомобиль, темир жол, суу жана башка транспорт) менен ташуунун тартиби, жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууга талаптар жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башка зарыл талаптар тиешелүү ченемдик документтер менен аныкталат.

3. Калдыктарды транспорт каражатына жүктөөнү жана калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу уюм же жеке жак, аларды кабыл алган учурдан тартып жана аларды белгиленген жерде транспорт каражатынан түшүргөнгө чейин аны менен коопсуз иштөө үчүн юридикалык жоопкерчиликти бул транспорт каражаты таандык болгон транспорт уюму тартат.

12-статья. Калдыктарды транс чек аралык ташуу

1. Калдыктарды жайгаштыруу максатында аларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салынат.

2. Коркунучтуу жана башка калдыктарды транс чек аралык ташууну мамлекеттик жөнгө салуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

3. Бажылык, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык контролду жүзөгө ашырган мамлекеттик аткаруу бийлик органдары коркунучтуу жана башка калдыктарды ташып чыгууга (ташып келүүгө) контролду камсыз кылат.

13-статья. Калдыктар менен иштөө боюнча ишти лицензиялоо

1. "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, юридикалык жактардын жана адамдардын калдыктар менен иштөө боюнча иши лицензияланууга тийиш.

IV Бөлүм
 Калдыктар менен иштөөгө контроль

14-статья. Калдыктар менен иштөөгө мамлекеттик контроль

1. Калдыктар менен иштөөгө мамлекеттик контролду компетентүү орган жүзөгө ашырат.

2. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик контроль төмөнкүлөрдү камтыйт:

калдыктар менен иштөө боюнча мыйзамдардын талаптарын, анын ичинде эл аралык макулдашууларда жана келишимдерде каралган талаптарды юридикалык жана жеке жактардын сакташына контролдук кылуу, бул талаптарды бузууларды табуу жана аларды жоюу боюнча чара көрүү;

калдыктар менен иштөөдө жаратылышты коргоо, санитардык жана экологиялык ченемердин аткарылышына контролдук кылуу;

калдыктар жөнүндө берилген маалыматтын жана отчеттун аныктыгына контролдук кылуу;

калдыктар менен иштөө боюыча маалыматты чогултуу, ылгоо жана талдоо;

иштеп жаткан өндүрүштөрдү талдоо, топтолгон калдыктардын коркунучтуулугунун көлөмүн жана даражасын азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн жана ыкмаларын табуу, аларды чийки зат катарында чарбалык жүгүртүүгө алда канча толук тартууга контролдук кылуу;

күнөөлүү адамдарды белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу, жазапул санкцияларын колдонуу, калдыктар жөнүндө мыйзамды бузуунун натыйжасында айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо коюу;

калдыктар менен иштөө жаатындагы ишти чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты калктын ээн-эркин алышына контролдук кылуу.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын 4-статьясында белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде калдыктар менен иштөөгө контроль кылат.

4. Калдыктар менен иштөө учурунда мамлекеттик контролду жүзөгө ашырган органдардын чечимдерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

15-статья. Калдыктар менен иштөөгө өндүрүштүк контроль

Калдыктар менен байланышкан чарбалык ишти жүргүзгөн уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, калдыктар менен иштөөгө өндүрүштүк контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат, анын максаты калдыктар менен иштөө боюнча экологиялык, санитардык жана башка талаптардын аткарылышын текшерүү болуп саналат.

16-статья. Калдыктар менен иштөөгө коомдук контроль

Калдыктар менен иштөөгө коомдук контролду коомдук уюмдар өздөрүнүн уставдарына ылайык, эмгек жамааттары же жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырат жана мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, ушул Мыйзамдын талаптарын сактагандыгын текшерүүнү өзүнө камтыйт.

V Бөлүм
 Калдыктар менен иштөөдө нормага салуу, мамлекеттик эсепке алуу жана экономикалык жөнгө салуу

17-статья. Калдыктар менен иштөөнү нормага салуу

1. Юридикалык жана жеке жактар калдыктар менен иштөөнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2. Калдыктарды жайгаштыруунун эң жогорку санынын жана алардагы уулуу заттардын эң жогорку өлчөмүнүн ченемдери калдыктар менен алардагы уулуу заттар айлана-чөйрөдө булганч заттардын жол берилген эң жогорку топтолушунун ченемдеринен ашып кетишине алып келбей турган деңгээлде белгиленет.

18-статья. Коркунучтуу калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик эсепке алуу

1. Коркунучтуу калдыктардын топтолушуна тиешеси болгон юридикалык жана жеке жактар алардын алгачкы сандык жана сапаттык эсебин жүргүзөт.

2. Берилген маалыматтын толуктугун жана анык болушун камсыз кылуу менен, коркунучтуу калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик эсепке алуу расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте бирдиктүү тутум боюнча жүзөгө ашырылат. Юридикалык жана жеке жактар эсепти жүргүзөт жана белгиленген тартипте өз өндүрүшүнүн коркунучтуу калдыктарынын, ошондой эле башка жактан келип түшкөн калдыктардын бар экени, алардын топтолгондугу жана аларды пайдалануу жөнүндө отчетту расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана компетенттүү органга берет.

3. Коркунучтуу калдыктар менен иштөө жаатындагы алгачкы эсепке алуу тартибин компетенттүү орган, ал эми расмий статистикалык эсепке алуу тартибин компетенттүү орган менен макулдашуу боюнча расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган белгилейт.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Калдыктардын мамлекеттик кадастры

1. Калдыктарды эсепке алуу боюнча маалыматтардын тартипке келтирилген жыйындысы мамлекеттик кадастрга топтолот.

2. Калдыктардын кадастрын компетенттүү орган бирдиктүү методология боюнча мамлекеттик классификаторлордун, техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын негизинде жүргүзөт.

3. Калдыктардын кадастрын жүргүзүү тартиби, анын мазмуну компетенттүү орган тарабынан аныкталат.

20-статья. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу

1. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу калдыктардын көлөмүн, коркунучтуулугунун классын жана жайгаштыруу ченемдерин эске алуу менен аларды жайгаштыруу үчүн акы алуунун негизинде белгиленет.

Калдыктарды белгиленген лимиттерден ашыкча жайгаштыруу үчүн акы тиешелүү өзгөртүүлөр менен алынат.

Сымап камтылган калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүүгө утилдештирүү жыйымын алуунун негизинде белгиленет.

2. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуудан келип түшкөн каражаттар жаратылышты коргоо иш-чараларына пайдалануу үчүн республикалык бюджетке жөнөтүлөт.

Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн эсебинен республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар сымап камтылган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга субсидияларды берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу сымап камтылган калдыктарды жыйноого, ташууга, кайра иштетүүгө чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген иштерди кошо финансылоого жумшалат.

3. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык стимулдаштыруунун жол-жоболору жана чаралары, калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуу жана анын өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55, 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI Бөлүм
 Калдыктар жөнүндө мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

21-статья. Калдыктар жөнүндө мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдын эрежелерин бузууларга төмөнкүлөр кирет:

ушул Мыйзамдын, эл аралык макулдашуулар менен келишимдердин талаптарын сактабоо;

калдыктар менен иштөөдө айлана-чөйрөнүн сапатынын стандарттарын, ченемин жана башка ченемдерин сактабоо;

калдыктар менен иштөөдө айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө зыян келтирүү;

алгачкы эсепке алуунун талаптарын аткарбоо, мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн тиешелүү органдарына калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты өз убагында бербөө же анык эмес маалыматты берүү;

калдыктар менен иштөө боюнча документтерге мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун жоктугу;

калдыктарды атайын арналбаган жерлерге жайгаштыруу;

контролдун жана көзөмөлдүн мамлекеттик органдарынын милдеттендирген талаптарын аткарбоо;

калдыктарды транс чек аралык ташуунун тартибин бузуу;

калдыктарды көмүүчү жерлердин мониторингин жана рекультивациясын жүргүзүү боюнча талаптарды бузуу;

калктуу конуштарды калдыктардан тазалоонун белгиленген тартибин бузуу;

калдыктарды ташуунун белгиленген тартибин бузуу;

2. Өңдүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Жоопкерчиликке тартуу юридикалык жана жеке жактарды жарандардын ден соолугуна жана/же алардын, башка юридикалык жактардын мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

4. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуунун натыйжасында болгон булганууну көрсөтүлгөн эреженин бузулушуна жол берген жак жоет.

VII Бөлүм
 Корутунду жоболор

22-статья. Талаштарды чечүү

Калдыктар менен иштөө жаатындагы талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

Эл аралык талаштар эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет.

23-статья. Эл аралык келишимдер

Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык макулдашууда же келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка талаптар каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

24-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А. Акаев

 

2001-жылдын 18-октябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган