Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-марты № 127

Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобону жана Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

 

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү тууралуу жобо;

- Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши тууралуу отчет берүүнүн тартиби.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А.Атамбаев