Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 1-августу № 437

«Канттын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

 «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген «Канттын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор өз чечимдерин ушул токтом менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык келтиришсин.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 1-августундагы № 437
токтому менен бекитилген

 

«Канттын коопсуздугу жөнүндө»
 Техникалык регламент

 

(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 3-февралындагы №83, 2014-жылдын 16-июлундагы № 396
токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Техникалык регламент төмөнкү максаттарда кабыл алынат:

- жарандардын жашоосун жана ден-соолугун коргоо;

- айлана-чөйрөнү сактоо;

- керектөөчүлөрдү адаштырган иш-аракеттердин алдын алуу жана канттын аталышы жана керектелүүчү касиеттери тууралуу маалыматтын аныктыгын камсыздоо.

2. Ушул Техникалык регламент төмөндөгүлөрдү белгилейт:

1) ушул Техникалык регламент тизмесин жана сүрөттөмөсүн камтыган техникалык жөнгө салуунун объектилери;

2) техникалык жөнгө салуу объектилеринин коопсуздугуна талаптар;

3) ушул Техникалык регламентти колдонуу максатында техникалык жөнгө салуу объектилерин идентификациялоо эрежелери;

4) ушул Техникалык регламенттин талаптарына техникалык жөнгө салуу объектилеринин шайкештигин баалоо эрежелери жана формалары жана шайкештикти ырастоо;

5) канттын терминологиясына, таңгакталышына, маркаланышына коюлуучу талаптар, анын ичинен аталышы, чийки заттын түрү боюнча келип чыгуу булагы жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кумшекердин таңгагындагы, аны коштоочу документтердеги керектүүлүк касиеттери жөнүндөгү маалыматтарга коюлуучу талаптар;

6) кант өндүрүү үчүн канттуу сырьенун коопсуздугуна талаптар, кантты өндүрүүдөгү технологиялык каражаттарга жана айлана-чөйрөнү коргоого талаптар.

3. Ушул Техникалык регламент, катышуучулардын бул Техникалык регламент менен жөнгө салынуучу мамилелерге укуктарын жана милдеттерин да белгилейт.

4. Ушул Техникалык регламент юридикалык жактар жана жеке ишкер болуп эсептелген, Кыргыз Республикасынын аймагында ишкерлик иш жүргүзгөн кантты өндүрүүчүлөргө, тапшыруучуларга, ташуучуларга, сатуучуларга, контролдоочу жана көзөмөл органдарына, сыноо лабораторияларына (борборлоруна), сапат системасын сертификациялоо органдарына, керектөөчүлөргө жайылтылат.

5. Ушул Техникалык регламент тизмесин жана сүрөттөмөсүн камтыган, техникалык жөнгө салуу объектилери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган кант;

2) кантты өндүрүү, сактоо жана ташуу процесстери.

6. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объектилери болуп эсептелген канттын түрлөрүнүн тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) кант кызылчасынан чыгарылган ак кристалдуу кант;

2) тростниктен чыгарылган ак криссталдуу кант;

3) кант кызылчасынан чыгарылган рафинаддалган ак түстөгү кант;

4) тростниктен чыгарылган рафинаддалган ак түстөгү кант;

5) кант кызылчасынан чыгарылган күрөң түстөгү кристаллдык кант;

6) тростниктен чыгарылган күрөң түстөгү кристаллдык кант;

7) кант кызылчасынан чыгарылган рафинаддалган күрөң түстөгү кант;

8) тростниктен чыгарылган күрөң түстөгү рафинаддалган кант;

9) кант кызылчасынан чыгарылган суюк кант;

10) тростниктен чыгарылган суюк кант;

11) кант кызылчасынан чыгарылган байытылган кант;

12) тростниктен чыгарылган байытылган кант;

13) кант кызылчасынан чыгарылган кант упасы;

14) тростниктен чыгарылган кант упасы;

15) атайын чыгарылган кант.

7. Ушул Техникалык регламенттин максаты үчүн «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - «Техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзам) белгиленген негизги түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

1) Кантты аныктоо:

кант - тамак-аш азыгы, Эл аралык кант шкаласынын 97,5 градусунан аз эмес поляризацияланган, кант кызылчасын жана кант тростнигин - канттуу өсүмдүк сырьесун биринчи жана экинчи жолку кайра иштетүүсүнөн алынган кристалдуу сахароза;

кант кызылчасы канты - бул кант кызылчасынан чыгарылган кант;

тростник канты - кант тростнигинен же болбосо кант тростниги кантынан чыгарылган кант;

ак түстөгү кант - Эл аралык кант шкаласынын 99,5 градусунан кем эмес поляризацияланган таттуу-жыттуулар кошулбаган кант;

күрөң түстөгү кант - Эл аралык кант шкаласынын 99,5 градусунан кем эмес поляризацияланган кант, кант кызылчасын же кант тростнигин кайра иштетүү учурундагы кантка ачык сары түстөн күрөң түскө чейин баштапкы түсүн берген зат;

кристаллдык кант - өлчөмү 0,2 миллиметрден ашуунду түзгөн кристаллдар түрүндөгү кант;

кант упасы - размери 0,2 миллиметрден чоң эмес, майдаланган кристал түрүндөгү кант;

рафинаддалган кант - кристалдык кумшекерди ныктоо жолу менен же болбосо формага куюлган кантты бөлүү жолу менен формадагы абдан ысытуу жолу менен алынган, белгилүү бир өлчөмдөгү айрым бөлүктөр түрүндөгү кант;

суюк кант - кургак зат 64 пайызын түзгөн, ак түстөгү канттын эритмеси;

байытылган кант - азыктуулук баасын жогорулата турган заттар: витаминдер, макро жана микроэлементтер, аминокычкылдыктар, өсүмдүк экстракттары кошулган ак түстөгү кант;

атайын кант - тамак-аш өнөр жайында колдонууга арналган канттын бир түрү, анын ичинде кулинардык азыктарды даярдоодо ароматташтыруу жана кондитердик азыктарды жана десерттерди жасалгалоо (ванилдик кумшекер, ванил кошулган кант упасы), желе түрүндөгү кондитердик азыктарды жана десерттерди даярдоо (желе канты), шоколадды жана жумшак конфеттерди (помадалык кумшекер) даярдоо максатында колдонулат.

2) Ушул Техникалык регламентте пайдаланылуучу аныктамалар:

кант кызылчасы - эки жылдык кабыктуу канттуу өсүмдүк, биринчи вегетация жылындагы тамыры кант чыгаруу максатында кайра иштетүү өнөр-жайында колдонулат;

кант тростниги - канттуу көп жылдык өсүмдүк, анын сөңгөгү кайра иштетүү өнөр-жайында кант алууга пайдаланылат;

тростникалык кант-чийки зат - тамак-аш эмес, кантты өндүрүү үчүн чийки зат, сахарозанын Эл аралык кант шкаласындагы поляризациясы 99,4 градусту түзгөн сахарозаны камтыган кант тростнигинен кайра иштетилген жарым фабрикат;

сироп - жарым фабрикат, кант кызылчасын кайра иштетүүдө тазаланып алынган шире;

(алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №83 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

мүнөздүү микронутриент - чийки заттын курамында сакталып жана баштапкы абалдан же болбосо өзгөргөн абалда кантка өтүүгө жөндөмдүү табигый тамак-аш компоненти;

раффиноза - трисахарид, ке кант кызылчасынын жана кызылча кантынын мүнөздүү микронутриенти;

крахмалды деструкциялоо азыктары - кант тростнигин жана тростник кант чийки затын кайра иштетүү процессинде крахмалды иштетүүдө пайда болгон 2ден 7ге чейинки полимеризация даражасындагы декстриндер жана мальтодекстриндер, тростник кант чийки затынын жана кант тростнигинин мүнөздүү микронутриенти;

диффузиялык шире - кант кызылчасынын кырындысынан сахарозаны суу менен экстрациялоо процессинде алынган шире;

клеровка - тростникалык кант-чийки затынын экинчи же андан кийинки кристаллдаштыруу баскычтарындагы канттын эритмеси;

утфель - кумшекердин кристалынан жана кристалдын аралашмасынан алынган масса;

криссталдашуунун экинчи жана андан кийинки баскычтарындагы кант тростник кант-сырьесунан жана кант кызылчасын кайра иштетүүдө кристаллизациянын экинчи жана соңку баскычындагы утфелди центрифугиралоонун натыйжасында алынган жарым фабрикат;

технологиялык каражат - тамак-аш ингредиенти болбогон, кантты өндүрүүнүн атайын технологиялык процесстерин ишке ашыруу, алардын параметрлерин турукташтыруу максатында канттуу өсүмдүк чийки затын биринчи жана экинчи кайра иштетүүдө колдонула турган жана технологиялык процесстин жүрүшүндө максималдуу жоготула турган зат же материал, ал эми жоготулбай тургандары кантта жана анын башка заттарында регламенттелет;

күкүрттүн диоксиди - кант өндүрүү процессинде канттуу эритмелердин түсүнүн өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн пайдалануучу технологиялык каражат;

аки таш сүтү - технологиялык каражат, кант өзөгүн түзгөн эритмелерди дефекация ыкмасы менен тазалоочу реагент катары колдонула турган, акиташты өчүрүү жолу менен алынган куб сантиметрге 1,18 граммдан куб см 1,20 граммга чейинки тыгыздыктагы кальций гидроксидинин тазаланган суу суспензиясы;

акиташ - аки таш сүтүн алуу өндүрүшүндө колдонула турган 90 пайыздан кем эмес кальцийдин активдүү оксидин камтыган акиташ ташын күйгүзүү продуктусу;

көмүртектин диоксиди - технологиялык каражат, сатурациялык газдын компоненти, сатурация ыкмасы менен канттуу эритмелерди тазалоочу реагент;

сатурацияланган газ - акиташ ташын күйгүзүү жолу менен алынган тазаланган жана муздатылган газ;

акиташ ташы - 93 пайыздан кем эмес кальцийдин карбонатын камтыган, кантты өндүрүүдө акиташ сүтү жана көмүртек диоксидин алуу өндүрүү колдонула турган жаратылыштагы карбонат породасы;

технологиялык буу - берилген параметрде буу түтүкчөдөн ширени буулантуу процессинде иштетилген буу;

кант өндүрүүнүн кошумча азыгы - биринчи жана экинчи кант өзөгүн түзгөн өсүмдүк чийки затын кайра иштетүүдөгү кошумча азык;

жом - кошумча азык кант кызылчасынан кант өндүрүүдө сахарозаны экстракциялангандан кийинки алынган кызылча кырындысы;

меласса - кошумча азык, биринчи жана экинчи жолу кант өзөгүн түзгөн өсүмдүк чийки затын кайра иштетүүдө кристал эритмесиндей болгон, утфелди центрифугадан өткөргөндөн кийин бөлүнүп чыккан кристалдашуунун акыркы баскычы;

фильтрленген тунма - биринчи жана экинчи жолу кант өзөгүн түзгөн өсүмдүк сырьесун кайра иштетүүдө пайда болгон кошумча азык;

кагат - көрүнүшү түз геометриялык формадагы, өлчөмү аныкталган трапециялык кесүү түрүндөгү кант кызылчасынын үймөгү;

кычкыл жом суусу - ачык жом сактоочу жайдагы сактоо жана анын ачытылган азыктарын сактоо процессинде бөлүнүп чыккан суу;

кызылча жыйноочу автоунаа - автоунаадан кант кызылчасын түшүрүүдө, калган майда өсүмдүктөрдү тазалап алуу жана кагатка жыйуу ишинде колдонула турган көп функциялуу механизм;

гидротранспортер - кант кызылчасы кайра иштетүүгө суу менен агып баруучу кобул;

диффузиялык аппарат - кызылчанын кырындысынан сахарозаны экстракциялоого колдонулуучу аппарат;

бууландыруучу орнотмо - биринчи корпуска келе турган технологиялык буунун жылуулугун көп жолу пайдалануу менен ширени бууландыруучу ырааттуулукта бириктирилген бөлүкчөлөр;

чыпкалоо талаасы - кант өндүрүшүндөгү табигый биологиялык агын сууларды тазалоого арналган жердеги тазалоочу жай;

билдирүүчү - юридикалык же жеке жак (кант даярдоочу жана (же) Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте катталган чет өлкөлүк даярдоочунун өкүлү), ал ылайыктуулугун ырастоо үчүн ылайыктуулугу жөнүндө декларацияны кабыл алат же ылайыктуулук сертификатын алуу үчүн кайрылат.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №83 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2-глава. Чийки заттын, канттын коопсуздугуна талаптар жана керектөөчүлөрдү чаташууга  алып келген иш-аракеттердин алдын алуу

 

8. Кыргыз Республикасынын аймагында кант өндүрүү үчүн: кант кызылчасы; тростник кант-чийки заты; кант кызылчасын кайра иштетүүдө буу казанынан буулантылып алынган сироп; ал эми байытылган, рафинаддалган ак кант, кант упасын өндүрүүгө ак түстөгү кант колдонулат;

9. Кант өндүрүүдөгү колдонула турган чийки заттар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

10. Кант өндүрүү үчүн чийки затка төмөндөгү кошумча талаптар коюлат:

1)(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №83 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2) тростник кант-чийки затындагы сахарозанын массалык үлүшү 97,0 пайыздан кем болбошу керек;

3) тростник кант чийки затындагы редуцияланган заттардын массалык үлүшү 0,5 пайыздан көп болбошу керек;

4) тростник кант чийки затындагы күкүрттүн диоксиди килограммына 20 миллиграммдан көп болбошу керек;

5) тростник кант-чийки затындагы крахмалдын деструкциясынын тутуму килограммына 400 миллиграммдан көп болбошу керек;

6) буулануудан кийинки өз өндүрүшүндөгү сактоого чыгарылган сироптогу кургак заттардын массалык үлүшү кант кызылчасын кайра иштетүүдө 65 пайыз кем эмес, активдүү кычкылдуулук (рН) 8,5 пайыздан кем эмес болушу керек.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №83 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Кант кызылчасынын жана тростник кант-чийки затынын коопсуздугунун көрсөткүчтөрү бул Техникалык регламенттин 1-тиркемесинде белгиленгенден ашпоого тийиш.

12. Канттын коопсуздугунун көрсөткүчү ушул Техникалык регламенттин 2-тиркемесинде белгиленген деңгээлден ашпоого тийиш.

13. Канттын микробиологиялык коопсуздугунун көрсөткүчү ушул Техникалык регламенттин 3-тиркемесинде белгиленген деңгээлден ашпоого тийиш.

14. Канттын жаңы түрүн иштеп чыгуу жана өндүрүү дүйнөлүк жана улуттук үлгүлөргө же уюмдардын үлгүлөрүнө ылайык ишке ашырылат. Мындай азыктарга же аларга байланыштуу өндүрүү, сактоо, ташуу, сатып-өткөрүү, утилдештирүү процесстерине аталган үлгүлөрдүн талаптары ушул Техникалык регламентте бекитилген талаптарга ылайык келүүсү керек.

15. Сатууга арналган кант, калктын санитардык-эпидемиялык саламаттыгын камсыздоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө көзөмөл жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органынын уруксаты менен экологиялык коопсуз материалдан жасалган идиште таңгакталышы керек.

16. Колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин таңгак кантты коркунучтан, идентификациялык белгилеринин өзгөрүп кетүүсүнөн сактоону камсыз кылуусу керек.

17. Канттын керектөө таңгагы жарабай калганда кантты азыктын менчик ээси жүгүртүүдөн алып коюга тийиш.

18. Кыргыз Республикасынын аймагында дүң жана чекене соода түйүндөрүндө сатыла турган, керектөө качасына салынган кант керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык керектөөчүлөр үчүн маалыматтар менен коштолууга тийиш. Керектөөчүлөр үчүн маалымат мамлекеттик жана расмий тилде жазылат, башка тилде да жазылышы мүмкүн, бирок ал маалымат мамлекеттик жана расмий тилде жазылган маалымат менен бирдей болууга тийиш.

18-1. Кант өндүрүүнүн ишке ашырган даярдоочу Кыргыз Республикасынын «Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы» техникалык регламенти тууралуу» Мыйзамынын жана ушул Техникалык регламенттин жоболорун сактоого тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Этикеткага, ярлыкка же таңгакка түшүрүлүүчү маркалоо Кыргыз Республикасынын «Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө» техникалык регламент тууралуу» Мыйзамынын, ушул Техникалык регламенттин жоболоруна шайкеш келиши керек жана керектөөчүлөр үчүн төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) ушул Техникалык регламенттин талабына ылайык чийки заттын түрү боюнча теги, аты көрсөтүлүшү керек;

2) өзүнүн аймагындагы керектөөчүлөрдүн талаптарды кабыл алууга ыйгарым укуктуу, Кыргыз Республикасындагы өндүрүүчүнүн же уюмдун аты жана дареги;

3) нетто, брутто салмагы;

4) өндүрүүчүнүн товардык белгиси;

5) азыктуулук баалуулугу;

6) даярдаган жылы жана салынган датасы;

7) жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарты;

8) орун номери (мешоктор үчүн);

9) салынган азыктын партиясынын номерине салынган датасы дал келүүсү керек;

10) күкүрт диоксиди килограммына 10 миллиграммдан ашпоого тийиш;

11) гендик-модификациялык булактарды колдонуу менен алынган технологиялык каражат кантты өндүрүүдө пайдалангандыгы жөнүндө маалымат;

12) кант буга ылайык даярдалган же идентификацияланышы мүмкүн болгон үлгүнүн, ченемдик же техникалык документтин белгиси;

13) канттын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келүүсүн бекемдөө жөнүндө маалымат;

14) байытылган кант үчүн витаминдерди, макро жана микроэлементтерди, аминокислоталарды, өсүмдүк экстракттарды милдеттүү түрдө көрсөтүү менен ингредиенттердин массалык үлүшүнүн азайышы тартибиндеги курамы көрсөтүлөт;

15) кумшекер упасын үчүн кошулган жабышкакка каршы (антислеживающего) агенттин аталышы жана максималдуу саны көрсөтүлөт;

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Канттын салмагы 5 тен 20 граммга чейин массадагы пакетинде төмөндөгү маалыматтар берилет:

1) өндүрүүчүнүн аталышы жана товардык белгиси;

2) канттын аталышы, чийки заттын түрү боюнча булакты көрсөтүү менен;

3) салмагы;

4) кант буга ылайык даярдалган же идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин белгиси.

21. Канттын аталышы ушул Техникалык регламентге белгиленген түшүнүктөргө туура келүүсү, азыктын нукура мүнөзүн чагылдыруусу, конкреттүү болушу керек, канттын түрүн, келип чыккан жерин ачып берүүсү керек, канттын бул түрүн башкалардан айырмалоого мүмкүндүк берип, керектөөчүлөрдү адаштырбоого тийиш;

22. «Байытылган кант» түшүнүгү аньш азыктуулук баалуулугун: витаминдер, макро жана микроэлементттер, аминокислоталар, өсүмдүктөрдүн экстракттары менен көтөрө турган заттын аталышына ылайык колдонулушу керек жана ага кошулган заттар, алардын саны жөнүндө, анын ичинде аларды керектөөнүн суткалык ченемдери жөнүндө маалыматты, ошондой эле мындай кантты керектөө боюнча сунуштарды камтууга тийиш. Байытылган кангга бир эле сөздөн турган «биоазык» же био деген бөлүк кошулган татаал сөздү жазып коюуга жол берилбейт.

23. Керектөөчүлөргө таңгакка салынбаган кантты сатууда же сатып алуучунун көзүнчө соода түйүндөрүндө таңгактоодо кант жөнүндөгү маалыматты азыктын жанына баасы боюнча тиркемеге тиркеп же таңгакталган бөлүкчөгө баракты кошо жайгаштыруу керек.

24. Кантты тобу менен жүктөөдөгү транспорттук маркалоодо «Нымдан сакта» деген белги кошумча киргизилет.

25. Суюк канты ар бир транспорт идишине куюуда салмагын жана анын сыйымдуулугун көрсөткөн майлуу боектуу трафарет коюлат.

26. Ушул Техникалык регламенттин талабына ылайыктуу кант, техникалык регламентке ылайыктуулук белгиси менен маркаланат.

27. Ылайыктуулук белгисинин сүрөтү коштоочу документтерге жана (же) транспорттук таңгакчага түшүрүлөт.

28. Ылайык белгисинин сүрөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

29. Техникалык регламентке ылайыктуулук белгисин түшүрүү ыгын жана ордун азыкты даярдоочу өз алдынча аныктайт.

30. Кант ушул техникалык регламенттин жобосуна туура келбесе ылайыктуулук белгисин колдонууга уруксат берилбейт.

 

3-глава. Кант алуу өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугуна жана айлана-чөйрөнү сактоого коюлган талаптар

 

31. Кантты өндүрүүнүн технологиялык процесстерин коопсуздугунун талаптарына ылайык келүүнү баалоо аны долбоорлоодо, ал эми бул талаптардын сакталышын өндүрүштү уюштурууда контролдоо даярдоочу тарабынан ишке ашырылат.

32. Кантты өндүрүү процессинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү техникалык регламенттериндеги жалпы коопсуздук талаптары сакталууга тийиш.

33. Кант кызылчасын түшүрүү процессинде кызылча жыйноочу машина анын техникалык паспортуна жана даярдоочу заводдун нускамасында көрсөтүлгөн типтеги автотранспорттон гана түшүрүүгө тийиш.

34. Кант кызылчасы менен тростник кант-чийки затын жыйылган кагаттын дубалы бастырмаланып кеткенге жол бербей алуу керек.

35. Кант кызылчанын кагаттан гидротранспортердун лотогуна бирдей агымда агышына гидрантка 0,3 мегапаскаль басымы, суук түшөөрү менен 0,4 мегапаскаль басымына чейин (температура минус 5 градус Цельсиядан төмөн) суу менен камсыз кылуу керек.

36. Сахарозаны экстракциялоо процессинде диффузия аппаратын иштетүүдө сөзсүз түрдө көбүк жоготуучуну кошуу менен көбүктүн пайда болушуна жол бербөө керек. Диффузия аппаратына антисептикти жана көбүк жоготуучуну берерде адам менен байланышы жок коомуникациялар боюнча жүргүзүлөт.

37. Тростник кант-чийки затынын диффузиялык ширеси менен эритмесин тазалоодо сатурация аппаратына көмүртек диоксидин жана сульфаттоочу аппаратка күкүрт диоксидин берүү герметикалык жабдыктарды пайдалануу менен арматура бекиткичи бар дистанциялык башкаруу аркылуу жүргүзүлөт.

38. Утфелди центрифугадан өткөрүү процессинде мезгилдүү иштеген центрифуганы эксплуатациялоодо утфелдеги кургак заттардын 92 пайыздан 93 пайызга чейин, ал эми центрифуганы үзгүлтүксүз иштеткенде 92 пайыздан 95 пайызга чейин болушун көзөмөлдөө зарыл.

39. Химиялык реагент эритмелери аба тартуучу түзүлүштөр менен жабдылган жабык аралаштыргычтарда даярдалат.

40. Кургатуучу жана кантты себелөө процесстери жүрүп жатканда канттын чаңынын концентрациясы абада бир куб.метрде 10 граммдан төмөнкү концентрациялык чектен ашпаш керек.

41. Каптагы ак түстөгү кантты сактоого жыйноодо төмөнкүдөй бийиктиктеги үймөктөр түзүлүүгө тийиш:

1) 36 катар - кристаллдык кант, чөнтөкчүлөрү бар полипропилен кабына салынган;

2) 4 метр - кристаллдык кант, 25 килограммдык капка жана транспорт пакеттерине салынган;

3) 2 метр - кант упасы, капка салынган.

42. Капка салынган кумшекерди штабелге жыйуу процессинде штабелдин бардык бурчуна төрт чүпүрөктүн же кургак тактайдан, 10 дон 12 ге катарга чейин бийиктик боюнча кошумча катмар төшөлет.

43. Штабелдеги капка салынган кантты эң акыркы катарынан ажыратууга болбойт, анткени жогорку катардагы каптарды бузулушуна жана тик ылдый чукул дубалдын пайда болушуна алып келет.

44. Кантты өндүрүүдө колдонула турган технологиялык каражат Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде жана/же улуттук үлгүлөрдө белгиленген талаптарга ылайык болуш керек.

45. Кантты өндүрүүдө ушул Техникалык регламенттин 4-тиркемесинде берилген технологиялык каражат колдонулат.

46. Канттын упасын өндүрүүдө жабышкакка каршы агенттер: крахмал - 5 пайызга чейин; трикальцийфосфаты, магнийдин карбонаты, кремнийдин кош кычкылы, кальцийдин силикаты, магнийдин силикаты, натрийдин алюмосиликаты, кальцийдин алюмосиликаты - 1,5 пайыз максималдуу деңгээлинде өзүнчө же бирге колдонууга уруксат берилет.

47. Ак түстөгү кантты өндүрүүдө микробго каршы формальдегидди, боекторду жана ароматташтырчу каражаттарды колдонууга уруксат кылынбайт.

48. Кантты өндүрүүдө айлана-чөйрөнү коргоо Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын аткаруу, ошондой эле ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоо менен камсыздалат.

49. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы №83 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

50. Кагат талаасы катуу төшөмө менен төшөлүп, агын сууларды буруу түзүлүштөрү болууга тийиш.

51. Майда таштарды кармоочулардан оор кошулмалар дыйканчылык үчүн жараксыз аянттарга чыгарылышы керек.

 

4-глава. Кантты сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине талаптар

 

52. Кант ушул Техникалык регламент жана өндүрүүчү тарабынан белгиленген шарттарда жарактуулук мөөнөтү ичинде сакталат, мында ушул Техникалык регламентте белгиленген коопсуздуктун көрсөткүчтөрүнө ылайык канттын сакталуусу камсыздалат.

53. Кантты сактоочу жайлар ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсү керек.

54. Кантты башка материалдар, кескин жана атайын жыты бар азыктар менен бирге сактоого болбойт.

55. Ак түстөгү кант упасын эсептебегенде жана таңгактагы күрөң түстөгү кант сакталчу жайдагы абанын температурасы 40 градус Цельсиядан жогору эмес жана рафинаддалган кант үчүн - абанын салыштырмалуу нымдуулугу 75 пайыздан жогору эмес жана кристаллдык кант үчүн - 70 пайыздан жогору эмес температурада сакталуусу керек.

56. Ак түстөгү кант кристаллдык канттын упасын эсептебегенде абанын температурасы 25 градус Цельсиядан жогору эмес жана 20 градус Цельсиядан кем эмес жана салыштырмалуу абанын нымдуулугу 60 пайыздан жогору эмес жана 40 пайыздан кем эмес силосто сакталат.

57. Канттын упасы нымдуулукту өткөрбөгөн таңгакта температурасы 18 градустан 20 градус Цельсияга чейин сакталат.

58. Суюк кантты температурасы 40 градус Цельсиядан жогору эмес жана минус 20 градус Цельсия ылдый эмес температурада сактоо керек.

59. Узак убакытка сактала турган ак түстөгү канттын нымдуулугу: кристаллдык - 0,10 пайыздан; рафинаддалган - 0,25 пайыздан ашпаш керек.

60. Канттын жарактуу мөөнөтү:

1) ак түстөгү кристаллдык кант - өндүрүлгөн күндөн баштап 4 жылга чейин;

2) рафинаддалган ак түстөгү кант - өндүрүлгөн күндөн тартып 2 жылдан кем эмес;

3) кант упасы - өндүрүлгөн күндөн тартып 1,5 жылдан кем эмес;

4) күрөң түстөгү - өндүрүлгөн күндөн тартып 2 жылдан кеп эмес.

61. Сатуу үчүн арналган кант бөлүштүрүлүп салынууга, идишке салынууга жана (же) экологиялык коопсуз материалдардан даярдалган, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мамлекеттик департаменти тамак-аш азыктары менен иштөөгө уруксат берген жана жарактуулук мөөнөтү ичинде канттын керектөөчүлүк касиеттерин сактаган, ташууда жана сатууда анын коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген таңгакка салынууга тийиш.

62. Кантты ташуу жана сатуу процесстери ушул Техникалык регламенттин жана калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык анын коопсуздугун камсыздаган шарттарда ишке ашырылышы керек.

63. Өндүрүүчүнүн күнөөсү менен кант ушул Техникалык регламенттин талаптарына туура келбгендиги табылса, анда кант өндүрүүчү уюмга кайтарылат. Ал эми кантты тапшыруучунун, ташуучунун же болбосо сатуучунун күнөөсү менен кант ушул Техникалык регламенттин талаптарына туура келбей калса, аны утилдештирүү жоопкерчилиги аларга жүктөлөт.

64. Эгерде кумшекерде уулуу заттардын, пестициддердин жол берилген деңгээлдери ашып кеткен учурда кант кант заводунда кайра иштетүү жолу менен утилдештирүүгө жатат.

 

5-глава. Техникалык жөнгө салуу объектилерин идентификациялоо

 

65. Техникалык жөнгө салуу объектилерин идентификациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

1) техникалык жөнгө салуу объектилерин ушул Техникалык регламенттин колдонуу чөйрөсүнө киргизүү;

2) канттын, анын ичинде анын аталыштарынын жана идентификациялык көрсөткүчтөрүнүн ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктоону белгилөө;

3) даярдоочу жана сатуучу берген шайкештик декларациясына керектөөчүлөр үчүн маалыматтагы кабарларга канттын туура келүүсүн белгилөө.

66. Канттын белгилүү бир түрүнүн маркалоосундагы маалыматта анын сүрөттөлүүсү толук эмес болсо, же сүрөттөөнүн аныктыгын бекемдөө зарыл болсо, ошондой эле канттын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгын ырастоодо кантты идентификациялоо жүргүзүлөт.

67. Канттын идентификациясын төмөнкүлөр жүргүзөт:

1) мамлекеттик көзөмөл боюнча милдетти аткаруучу аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органы;

2) канттын ал жөнүндө берилген маалыматка туура келүүсүн аныктоо зарылдыгы туулса демилге тартибинде же мындай маалыматтын аныктыгы шектүү болсо же кантты алдын ала баалоо максатында жеке жана юридикалык жактар;

68. Кантты идентификациялоо ушул Техникалык регламенттин 5 жана 6-тиркемелеринде көрсөтүлгөн белгилер боюнча, ошондой эле өндүрүүчү же сатуучу тарабынан берилген сүрөттөмөлөр боюнча жүргүзүлөт.

69. Кантты сүрөттөмөсү катары техникалык регламенттер, эл аралык үлгүлөр, улуттук үлгүлөр же ишкананын үлгүлөрү, кантты коштоочу документтер, тапшыруу келишимдери, контракттары, канттын спецификаттары, керектөөчүлүк таңгактардын этикеткаларындагы маалыматтар жана кантты сүрөттөгөн башка документтер.

70. Кантты идентификациялоонун милдеттерине жана спецификасына жараша идентификациянын төмөндөгү жол-жоболору колдонулат:

1) кант ылайык өндүрүлгөн документтердин экспертизасы;

2) канттын үлгүлөрүн текшерүү;

3) документтердин экспертизасы жана канттын үлгүлөрүн сыноо.

71. Ушул Техникалык регламенттин 70-пунктунда көрсөтүлгөн экспертиза жолу менен канттын идентификациясын өткөрүүдө канттын конкреттүү бир түрүнө, белгилүү бир партиясына туура келүүсүн аныктоо максатында кантты коштогон документтер жана керектөөчүлүк таңгагындагы жана унаа тарасындагы маркалоосуна, идентификацияланган канттын жана таңгактын сырткы түрүнө шайкеш келүүсү изилденет.

72. Ушул Техникалык регламенттин 70-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин экспертизасында алынган маалымат жетишсиз же болбосо анык эмес болсо, ошондой эле канттын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги аныкталгандан кийин кант төмөнкүдөй көрсөткүчтөр боюнча изилдөөлөрдөн (сыноолордон) өткөрүлөт:

1) органолептикалык - татымы боюнча (таттуу, башка чоочун татымы жана жыты кургакта жана суудагы эритмесинде жок), өңү боюнча (канттын түсүнө жараша ак түстөн ак темгилге чейин жана чыгарылган өсүмдүктүн экстрактка ылайык келген жана агыш сары түстөн күрөң түскө чейин), сырткы түрү боюнча (кристаликалык - тоголоктору жок үбөлөнүүчү, раффинаддалган - белгилүү бир формадагы кесектер, суюк -сиропко окшош суюктук), эритменин тазалыгы боюнча (кумшекердин эритмеси эрибей турган тунмасы, механикалык же башка аралашмалары жок, тунук болушу керек), канттын конкреттүү түрүн өндүрүүнүн үлгүлөрүндө, ченемдик жана техникалык документтерде жана канттын мындай түрүн сүрөттөгөн башка документтерде көрсөтүлгөн башка органолептикалык көрсөткүчтөр боюнча;

2) канттын белгилүү түрүн өндүрүүнүн үлгүлөрүндө, ченемдеринде жана техникалык документтеринде көрсөтүлгөн физикалык-химиялык-поляризациясы, түстүүлүгү, нымдуулуктун массалык үлүшү, күлдүн массалык үлүшү боюнча жана башка физикалык-химиялык көрсөткүчтөргө жана кумшекердин мындай түрүн сүрөттөөнү камтыган башка документтер боюнча;

3) келип чыгуу боюнча - тростник кантындагы крахмалды деструкциялоо азыктарынын болушу жана раффинозанын жок болушу; кызылча кумшекериндеги раффинозанын болушу жана крахмалды деструкциялоо азыктарынын жок болушу сыяктуу чийки заттын мүнөздүү микронутриенттүү курамы боюнча кызылча (кант кызылчасынан) же тростник (кант тростнигинен же тростник кант) чийки затынан келип чыгуу булагы боюнча.

73. Аталышы жана идентификация көрсөткүчтөрү боюнча ушул Техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген кант, жасалма (фальсификацияланган) болуп эсептелип, жүгүртүүдөн чыгарылып ташталат.

74. Ушул Техникалык реглманеттин иш-аракет чөйрөсүнө киргизүү максатында өндүрүү, сактоо жана ташуу процесстерин идентификациялоо үчүн ар бир кызыкдар жак аталган процесстер кантты өндүрүүнү, сактоону жана ташууну ушул Техникалык регламенттин 6-пунктунда көрсөтүлгөн кантты өндүрүүнү, сактоону жана ташууну камсыз кылып жатканына ынанышы керек.

 

6-глава. Ушул Техникалык регламенттин талаптарына канттын ылайыктуулугун баалоо

 

75. Ылайыктуулугун баалоо формалары

1. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган кант, анын ичинде импорттолгондору ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келиши керек.

2. Канттын ушул Техникалык регламенттин талаптарьша шайкештигин баалоо төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:

1) өндүрүштүк контролдоо;

2) ылайыктуулугун декларациялоо;

3) мамлекеттик көзөмөл.

76. Кант азыктарын өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар коркунучтуу тобокелдиктерди жана оор контролдук жерлерди тандоо системасынын же тамак-аш азыктарынын коопсуздугу системасынын негизинде өндүрүштүк технологиялык процесстин ар бир этабында ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду уюштурушат.

77. Өндүрүштүк контроль уюмдун жетекчиси, жекече ишкер же ыйгарым укуктуу адам тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

78. Өндүрүштүк контроль программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- технологиялык процесстердин контролдонуучу параметрлерин жана аларды контролдоонун мезгилдүүлүгүн;

- коопсуздук талаптары боюнча чийки заттын, технологиялык жана көмөкчү материалдардын, даяр продукциянын контролдонуучу параметрлерин, идентификациялык белгилерин;

- сактоо жана ташуу шарттары, жарактуулук мөөнөтү жана контролдун мезгилдүүлүгү;

- өндүрүштүк жайларды жууп тазалоо, дезинфекциялык жана деритациялоо графиктерин жана режимдерин;

- жабдууларды жана шаймандарды техникалык тейлөөнүн графиктерин жана режимдерин;

- азыкты кайра алуу, толуктап иштетүү жана кайра иштетүү жолдорун;

- кызматкерлердин гигиенасын камсыздоо боюнча иш-чаралар;

- мүмкүн болгон булганууларды контролдоо пункттары (кризистик контролдоо жерлери;

- азыкты кайра алуу (жүгүртүүдөн алуу) жол-жоболорун;

- жол берилбеген тобокелчиликтердин алдын алууну камсыздаган башка режимдер, программалар жана жол-жоболорду.

79. Өндүрүштүк контролдоонун программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү өндүрүштүн, технологиялык процесстердин шарттары уюштуруучулук, инженердик же техникалык жактан өзгөргөн учурларда ишке ашырылат.

80. Өндүрүштүк контролдоо ушул Техникалык регламенттин талаптарына кондитердик азыктардын ылайыктуулугун сыноолорду жүргүзүү менен коштолууга тийиш. Сыноо менчигинин түрүнө карабастан аккредиттелген сыноо лабораториясында (борборунда) жүргүзүлөт.

81. Сыноолордун натыйжасы боюнча аккредиттелген сыноо лабораториясы (борбору) белгиленген формадагы сыноо протоколун берет.

82. Ылайыктуулугу жөнүндө декларацияны кабыл алуу кондитердик азыктарды өндүрүүчүнүн өзүнүн же үчүнчү жактын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде аны өзү тарабынан ишке ашырылат.

Арыз берүүчү ылайыктуулук декларациясын төмөнкү декларациялоо схемалардын бири боюнча ишке ашырууга укуктуу:

1) Д 1 схемасы - өзүнүн далилдеринин негизинде ылайыктуулук декларациясын кабыл алууда колдонуу сунушталат. Мында декларацияны кабыл алуучу арыз берүүчү канттын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугун тастыктоо максатында далилдөөчү базаны өз алдынча түзөт;

2) Д 2 схемасы - өзүнүн далилдеринин жана үчүнчү тараптын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде канттын ылайыктуулугу тууралуу декларацияны кабыл алууда колдонуу сунушталат. Мында техникалык документтердин комплектисине жеке далилдөөлөргө кошумча катары үчүнчү тарап аккредиттелген сыноочу лабораторияларда өткөргөн декларациялануучу кантты сыноонун протоколу кошулат;

3) Д 2 а схемасы - Д 2 схемасындагы шарттарда эле колдонуу сунушталат, бирок арыз берүүчү өзүнүн далилдерине кошумча ирээтинде өздөрү өндүргөн канттын сапат менеджменти системасынын сертификатынкошо берет.

84. Сапат менеджменти системасынын сертификаты канттын ылайыктуулугун декларациялоонун ар кандай схемасы боюнча далил базасынын курамында пайдаланылышы мүмкүн.

85. Далил базасы ушул Техникалык регламенттин жана тамак-аш азыгынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү башка техникалык регламенттердин жоболорун аткарууну ырастаган сыноолордун натыйжаларын камтууга тийиш. Сыноолор менчигинин түрүнө карабастан аккредиттелген сыноо лабораториясында (борбордо) жүргүзүлөт.

86. Далил базасы катары төмөнкүлөр пайдаланылышы мүмкүн:

1) техникалык документтер;

2) өзүнүн сыноолорунун жана өлчөмдөрүнүн натыйжалары;

3) чийки затка, материалдарга, комплекттөөчү буюмдарга сыноо жүргүзүүлөрдүн ылайыктуулук сертификаттары же протоколдору;

4) ченемдик укуктук актыларда кант үчүн каралган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген документтер (гигиеналык корутундулар, өрт коопсуздугу жөнүндө корутундулар ж.б.);

5) декларацияланган канттын ушул Техникалык регламенттин жоболоруна ылайыктуулугу жөнүндө билдирүү үчүн негиз катары кызмат өтөгөн башка документтер.

87. Ылайыктуулук декларациясын арыз берүүчү кантты чыгарууну пландаштырылган мезгилине жараша белгиленген мөөнөттө же алардын бир бөлүгүн сатуу мөөнөтүндө кабыл алынат, бирок ал 3 жылдан ашпайт.

88. Ылайыктуулук жөнүндө декларация канттын айкын-ачык түрүнө же бир даярдоочу чыгарган жана ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптары боюнча декларацияланган алардын бирдей топтогу түрлөрү боюнча кабыл алынат. Мында бир түрдүү азык топторуна карата ылайыктуулук жөнүндө декларацияга анын аракетине таралган азыктын тизмесин же ылайыктуулук жөнүндө декларацияга кирбеген кошумча кабарларды камтыган тиркеме таризделет.

89. Канттын ушул Техникалык регламенттин жоболоруна ылайыктуулугу жөнүндө кабыл алынган декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте аныкталган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу органда 3 күндүн ичинде катталууга тийиш.

90. Сыноолордун (өлчөөлөрдүн) эрежелери жана методдору, анын ичинде канттын ушул Техникалык регламенттин жоболоруна ылайыктуулугун баалоодо колдонулуучу сынамыктарды тандап алуу методдору Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган улуттук, региондук стандарттардын, уюмдардын стандарттарынын, технологиялык жана башка документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүүдө метрологиялык аттестациядан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги өлчөм каражаттары колдонулууга тийиш.

Улуттук, региондук стандарттардын, уюмдардын стандарттарынын, технологиялык жана башка документтердин сынамыктарды тандап алуу методдору, сыноолордун (өлчөөлөрдүн) эрежелери жана методдору ушул Техникалык регламенттин жоболоруна карама-каршы келбөөгө тийиш.

91. Техникалык регламенттин жоболорун сактоого мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кантты өндүрүү жана колдонуу стадиясында жүзөгө ашырылат.

92. Мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менеджменти системасын өндүрүшкө киргизүү аны өндүрүүнү жүзөгө ашырган, тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менеджментинин натыйжалуу системасын түзүүгө, документтештирүүгө, өздөштүрүүгө жана жумушчу абалында кармоого милдеттүү, ошондой эле өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында коркунучтуу тобокелдиктерди жана кризистик контролдук жерлерди тандоо системасынын же тамак-аш азыктарынын коопсуздугу менеджменти системасынын негизинде өндүрүштүк контролду жүргүзүүгө милдеттүү жеке жана юридикалык жактар камсыз кылышат.

(Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 396 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)

93. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алынган ылайыктуулугун баалоо, ылайыктуулук белгиси жөнүндө документтер, алынып келинген канттын сыноо протоколдору Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана мамлекеттер аралык макулдашууларга ылайык таанылат.

 

7-глава. Канттын ушул Техникалык регламенттин жоболоруна ылайыктуулугу эместиги үчүн жоопкерчилик

 

94. Канттын, аны өндүрүү, сактоо жана ташуу процесстеринин ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык эместиги үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактар же жекече ишкерлер болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ишкердик иш жүргүзгөн өндүрүүчүлөргө, берүүчүлөргө, ташуучуларга, кант сатуучуларга жүктөлөт.

95. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү процесстерин жүзөгө ашырууда табылган укук бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмөлөрү аткарылбаган учурда өндүрүүчү, берүүчү, ташуучу, кант сатуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактар же жекече ишкерлер болуп саналгандар жоопкерчиликтүү болушат.

96. Ушул Техникалык регламенттин жоболорун аткарбай коюуга байланышкан зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүчү, берүүчү, ташуучу, кант сатуучу тарабынан жүргүзүлөт.

Мында өндүрүүчү, берүүчү, ташуучу, кант сатуучу башка адамдарга, алардын мүлкүнө, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө тийиш.

97. Өндүрүүчүнүн, берүүчүнүн, ташуучунун, кант сатуучунун зыянынын ордун толтуруу боюнча милдети ордун толтуруу үчүн негиз пайда болгонго чейин түзүлгөн келишимге бир тараптуу билдирүү менен чектелиши мүмкүн эмес.

Ордун толтурууга укук пайда болгонго чейин түзүлгөн макулдашуулар же жоопкерчилигин чектөө жөнүндө билдирүү жараксыз.

98. Кемчиликтерди жоюу, сапатсыз жана коркунучтуу азыктарды утилдештирүү жана аларды кемчиликтерди жоюу жерине же утилдештирүү жерине ташуу өндүрүүчү, берүүчү, ташуучу, сатуучу тарабынан жана анын эсебинен жүргүзүлөт.

 

8-глава. Эл аралык жана улуттук стандарттардын талаптары

 

99. Кантка, аны өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстери боюнча эл аралык стандарттардын талаптары техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарында белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат.

100. Кантка, аны өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстери боюнча улуттук стандарттардын талаптары ыктыярдуу тартипте жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

101. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган ушул Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин эл аралык тизмени бекитет, алар жок болгон учурда - сыноолордун (өлчөөлөрдүн) эрежелерин жана методдорун камтыган, анын ичинде ушул Техникалык регламентке ылайыктуулугун баалоо жол-жоболорунда колдонулуучу сынамыктарды тандап алуу методдорун камтыган региондук жана улуттук стандарттарды бекитет.

 

9-глава. Корутунду жоболор

 

102. Ушул Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган жана анын аймагына импорттолгон кант Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

103. Ушул Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган ылайыктуулугун ырастаган документтер аларды колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу деп эсептелинет.

 

1-тиркеме

 

Кант өндүрүлө турган чийки заттагы коркунучтуу заттардын болушунун жол берилген деңгээлдери

 

Көрсөткүч

Мүмкүн болгон деңгээли, мг/кг

кант кызылчасы

тростник кант чийки заты

Токсикалык элементтер:

 

 

- кыт;

0,3

0,5

- мышьяк;

0,2

1,0

- кадмий;

0,04

0,05

- ртуть;

0,01

0,01

Пестициддер:

 

 

- гексахлорциклогексан

 

 

(ά, β, γ-изомерлер);

0,1

0,005

- ДДТ* жана анын метаболиттери;

0,1

0,005

Радионуклиддер:

 

 

- цезий-137;

140 Бк/кг

140 Бк/кг

- стронций-90

100 Бк/кг

100 Бк/кг

 

___________________

*ДДТ - дихлордифенил-трихлорэтан, инсектицид.

 

2-тиркеме

 

Канттагы өтө кооптуу заттардын мүмкүн болгон деңгээлдери

 

Азык

Өтө кооптуу заттар

Мүмкүн болгон деңгээли, мг/кг

Ак кант

Уулуу элементтер:

 

Күрөң кант

кыт

0,5

Байытылган кант

мышьяк

1,0

Атайы кант

кадмий

0,05

 

ртуть

0,01

 

Пестициддер:

 

 

гексахлорциклогексан

0,005

 

(ά, β, γ-изомерлер)

 

 

ДДТ* жана анын метаболиттери

0,005

 

Радионуклиддер:

 

 

цезий-137

140 Бк/кг

 

стронций-90

100 Бк/кг

 

Күкүрттүн кош оксиди

15

 

Ферроприместер

0,0003 %

 

___________________

* ДДТ - дихлордифенил-трихлорэтан, инсектицид.

 

3-тиркеме

 

Канттагы микроорганизмдердин мүмкүн болгон деңгээлдери

 

Азык

КМАФАнМ*, КОЕ**/г, көп эмес

Микро-скопиялык грибдер, КОЕ/г, көп эмес

Ачыткылар, КОЕ/г, көп эмес

Микроорганизмдер мүмкүн болбогон азыктын массасы

 

 

 

 

БГКП***

(колиформалар)

патогендүү, анын ичинде сальмонеллалар

Ак кант

 

 

 

 

 

Күрөң кант

1,0 х 103

10

10

1

25

Байытылган кант

 

 

 

 

 

Суюк кант

1,5 х 103

50

50

1

25

 

*КМАФАнМС - мезофидик аэробдук микроорганизмдердин жана факультативдик-анаэробдук микроорганизмдердин саны.

**КОЕ - колония түзүүчү бирдиктер.

***БГКП - ичеги палочка тобунун бактериялары.

 

4-тиркеме

 

Кантты өндүрүүнүн атайы технологиялык процесстеринде колдонула турган технологиялык каражаттар

 

Технологиялык каражаттардын аталыштары

Технологиялык каражаттардын дайындалышы

Технологиялык процесс, технологиялык каражатттарды пайдалануу стадиясы

 

1

2

3

 

Химиялык реагенттер:

Аралашманын түбүндө тунган, кант өсүмдүгүнөн алынган жана иштетүү процессинде түзүлгөн, сахарозаны коштогон бузулуу, коагуляция, комплекс түзүүчү, адсорбация реакцияларынын жүрүшүн камсыздоо.

 

 

- акиташ сүтү Са(ОН)2,

Дефекация, сатурация, фосфотация

 

-углерод кош оксиди СО2,

 

 

- ортофосфор кычкылтеги Н3РО4,

 

- күкүрттүн кош оксиди SО2,

Сироп менен клеровканын бууланышында жана жабышкактыгын азайтуудагы ширенин түстүүлүгүнүн өсүүсүнүн алдын алуу

Ширенин, сироптун, клеровканын сульфитациясы

 

- натрий фосфат Nа3РО4,

Биринчи сатурациядагы ширенин төмөн натуралдуу жегичиндеги экинчи сатурациядагы кальцийдин туздарынын толук тунушун камсыздоо

Экинчи сатурация

 

- натрий карбонат Na2СО3,

 

- күкүрт кычкылдыгы Н2SО4,

Аммиак концентраттарын же алардын барометрикалык суу менен аралашмасын пайдаланууда тамакаш суусунун рН түзөө.

Сахарозаны экстрагациялоо өндүрүү ичүүчү сууну даярдоо

 

Сахарозаны экстрагациялоо өндүрүү жомду ныктоо сууну даярдоо

 

- кальций сульфат (гипс) СаSO4

Ныкталган жомдун кургак заттарын көбөйтүү

 

Коагулянттар

Колоиддик бөлүктөрдүн жабышкандыгынан аларды ирилетүү

Сахарозаны экстрагациялоо өндүрүү ичүүчү сууну даярдоо

 

Флокулянттар

Жогору молекулярдуу кошулманын (флокулянттын) макромалекулада адсорбацияланышынан салмак бөлүктөрүн агрегациялоо

Ширени, транспортерлук-жуучу сууну тундуруу, сахарозаны экстрагациялоо өндүрүү ичүүчү сууну даярдоо

 

Фильтрлөөчү тосмолор

Ширенин, сироптун, клеровканын суспензияларын катуу (фильтрациялык тунма) жана суюк фазаларга бөлүү

Ширени, сиропту, клеровканы фильтрлөө

 

Фильтрлөөчү каражаттар

Сироптон жана клеровкадан майда дисперстик бөлүктөрдү бөлүүнү камсыздоочу жуучу фильтрлөөчү катмарды түзүү

Сиропту, клеровканы фильтрлөө

 

- перлит,

 

- кизельгур

 

Сорбенттер

Сиропту жана клеровканы боёочу заттарды адсорбациялоо

Сироп менен клеровканы түссүздөндүрүү

 

Ионоалмашуучу чайырлар

Канты бар эритмелерден сахарозаны коштоочу аралашмаларды, кальций туздарын жана боёочу заттарды чыгаруу.

Шире менен сиропту деминерализациялоо, ширени жумшартуу

 

Көбүк өчүрүүчүлөр

Канты бар эритмелердеги көбүктөрдүн алдын алуу же азайтуу

Сахарозаны экстрагациялоо, ширени, сиропту, клеровканы тазалоо жана фильтрлөө ширени бууландыруу, сахарозаны кристаллизациялоо

 

Үстүртөн-активдүү заттар

Утфелдердин жабышкаактыгын азайтуу, көбүктөнүүнүн алдын алуу

Утфелдерди кайнатуу (уваривание) жана кристаллизациялоо

 

Антинакиптер

Бууландыруучу орнотмодо чөбөгөнөн (накипь) көбүктөнүү процессин Ингибирлөө.

Ширени бууландыруу

 

Ууландыруучу (дарылоочу) материалдар

Канты көп эритмелердеги сахарозанын кристалдоо борборлорун түзүү

Утфелдерди кайнатуу

 

Ферменттик препараттар

Тростник кант чийки затынын полимердик крахмал, кант кызылчасынын декстранын жана кумшекерди өндүрүүдөгү жарым фабрикаттардагы тростник кант чийки затынын чынжырларын бузуу

Канты бар эритмени фильтрлөө алдындагы технологиялык процесстердин бир стадиясы

 

- амилаза,

 

- декстраназа

 

 

 

Антимикробдук каражаттар

Микроорганизмдерди жоготуу же алардын өнүгүүсүн басуу

Кант кызылчасын сактоо, иштетүүгө берүү жана жууп-тазалоо, сахарозаны экстрагациялоо, тростник кант чийки затын клералоо

 

Өсүү ингибиторлору

Корнеплоддордун өсүү процессин жайлатуу

Кант кызылчасын сактоо

 

Консерванттар

Микроорганизмдердин өнүгүүсүн басуу жана кант кызылчасынын микробиологиялык бузулууларынын алдын алуу.

Кант кызылчасын сактоо

 

Ашдоого каршы агенттер

Тоголок түзүлүштөрдүн жана шекер пудрасынын чубурмасынын алдын алуу.

Кант пудрасынын сактоо

 

 

 

 

 

 

 

5-тиркеме

 

Канттын идентификациясынын физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү

 

Көрсөткүч

Ак кант

Байытылган кант

Күрөң кант

экстра

биринчи категория

кант пудрасы

Поляризациялоо, °Z*,

 

 

 

 

 

көп эмес

99,8

99,7

99,7

98,5

97,5

Күлдүн массалык үлүшү:

 

 

 

 

 

- %;

0,027

0,036

0,036

0,05

0,20

- баллдан**

15

20

-

-

-

көп эмес

 

 

 

 

 

Эритменин түстүүлүгү:

 

 

 

 

 

ICUMSA бирдик

45,0

67,5

67,5

800,0

1500,0

- баллдан**

6

9

9

-

-

көп эмес

 

 

 

 

 

Нымдуулуктун массалык үлүшү % менен:

 

 

 

 

 

- кристалликалык;

0,10

0,10

0,20

0,14

0,14

- рафинаддык

0,25

0,25

 

0,25

0,25

 

*°Z - Эл аралык кант шкаласынын градусу.

**Күлдүн көрсөткүчтөрүн жана канттын түстүүлүгүн балл менен аныктоодо күл боюнча 1 балл 0,0018 %; түстүүлүк боюнча 1 баллга 7,5 бирдик ICUMSA туура келет.

 

6-тиркемеси

 

Суюк канттын идентификациясынын физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү

 

Көрсөткүч

Суюк кант

экстра

биринчи категория

Кургак заттардын массалык үлүшү % менен, көп эмес

64,0

64,0

Азыктын кургак заттарынын массасына сахарозанын массалык үлүшү, % менен, көп эмес.

99,90

99,80

Кычкылдуулуктун жана жегичтиктин рН көрсөткүчү.

6,8-7,2

6,8-7,2

Түстүүлүк, ICUMSA бирдиги, көп эмес

45,0

67,5