Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3392354f-73a4-41fc-ac3a-12a4966f1f67\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-декабры №762

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12,
2012-жылдын 10-февралындагы №87
 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине, төмөнкү функцияларды өткөрүп берүү менен:

туризм чөйрөсүнүкүн - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине;

өнөр жай чөйрөсүнүкүн - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине;

тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай жана айыл чарба базарларын өнүктүрүү чөйрөсүнүкүн - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна, мамлекеттик мүлктү башкаруу саясаты функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берүү менен;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке, минералдык ресурстарды башкаруу саясаты функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өткөрүп берүү менен;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине, тышкы миграция маселелери боюнча функцияларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандары менен иштөөнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүү менен;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, дарыялардын бассейндерин;

- Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине, маалыматтык саясат функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өткөрүп берүү менен.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87 токтомунун редакциясына ылайык)

2.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин өзгөртүп түзүлгөн мамлекеттик органдарынын жетекчилери:

он күндүк мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өзгөртүп түзүлүшүнө байланыштуу жоюу комиссияларын түзүү боюнча сунуштарды киргизишсин;

бир айлык мөөнөттө:

- жоболорунун, түзүмдөрүнүн, башкаруу схемасынын жана штаттык санынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизишсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизишсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу бардык чараларды көрүшсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ө.Бабанов