Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-декабры № 763

Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 583, 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725,
2012-жылдын 25-декабрындагы № 857, 2014-жылдын 8-майындагы № 250, 2015-жылдын 27-октябры № 742, 2016-жылдын 6-майындагы № 232, 2017-жылдын 22-июнундагы № 397,
2017-жылдын 24-июлундагы № 452, 2017-жылдын 10-октябрындагы № 657 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Региондордо электр энергияны керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактабагандык Кыргыз Республикасынын энергия системасында авариялык абалдын көбөйүшүнө алып келди.

Таңкы жана кечки максимум сааттарда энергетикалык жабдуулардын ашыкча күч келүүдөн сакталышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, энергетика компанияларынын жетекчилери электр энергиясын керектөөнүн лимиттери сакталышына жана облустар жана региондор боюнча бөлүштүрүлүшүнө күн сайынкы контролду камсыздашсын. Белгиленген лимиттер сакталбаган учурда ал региондорду Кыргыз Республикасынын энергия системасынын таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарында, көп батирлүү турак үйлөрдү жылуулук менен камсыздоочу отказандардан башкаларын чектөө жөнүндө маселени карашсын.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)

2. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Жалал-Абад электр", "Ош электр" жана "Чыгыш электр" ачык акционердик коомдорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилери:

- электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитин сактабаган керектөөчүлөрдү өчүрүшсүн;

- электр менен камсыздоо келишиминин шарттарын бузган керектөөчүлөргө мурда электрдик жылытууга кошуу жөнүндө берилген техникалык шарттарды жокко чыгарышсын;

- электр энергиясын кубаттуулугу техникалык шартта уруксат берилгенден ашкан жылытуу максатына жана ысык суу менен камсыздоого, электрдик жылыткыч приборлорго жана түзүлүштөргө, сауналар үчүн (коомдук мончолордон башкалары), автомобиль жуугучтарга, ошондой эле электрдик котелдорго пайдаланган керектөөчүлөрдү өчүрүшсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 857 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:

- 500 кВ "Датка-Кемин" жана 500 кВ "Кемин" ПС эксплуатацияга берилгенге чейин электрдик жылытууну жана электр жылыткычтарды туташтырууга техникалык шарт берүүгө тыюу салсын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен бирдикте ВЛ - 500 кВ "Датка-Кемин" жана 500 кВ "Кемин" ПС курууну каржылоо маселесин 2012-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө чечсин;

- "Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте:

Германиянын өнүктүрүү банкы КfW каржылаган "Бишкек шаарынын локалдык тармагын оңдоо" жана "Электр бөлүштүрүүчү тармактын натыйжалуулугун арттыруу" долбоорлорун ишке ашырууну тездетсин;

(алтынчы абзацы КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 583 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 583 токтомунун редакциясына ылайык)

4. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Жалал-Абад электр", "Ош электр" жана "Чыгыш электр" ачык акционердик коомдоруна 35-110-220 кВ жогорку вольттуу подстанцияларга ашыкча күч келгенде жөнгө салуучу иштерди өчүрүү менен жүргүзүү, авариялуу учурларда - дароо өчүрүү менен, калган учурларда - керектөөчүлөргө билдирүү менен жүргүзүү сунушталсын.

4.1. Төмөнкүлөр сунушталсын:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-октябрындагы № 657 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-октябрындагы № 657 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому:

"Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имаратын кошууга электр жылытууну эске алуу менен "Парковая" подстанциясынын экинчи кезеги ишке киргизилгенден кийин техникалык шарттарды берүү маселесин карасын;

Бишкек шаары, Киев көчөсү, 148 дареги боюнча жайгашкан "Руби Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коому соода-оюн-зоок борбору бар администрациялык-турак жай комплексин электр менен жылытууга укугусуз электр менен жабдууга техникалык шарттарды берүү маселесин карасын;

Бишкек шаары, "Көк-Жар" жаңы конушу, Куйручук көчөсү, 12/21 дарегинде жайгашкан "Арзан турак жай" программасы боюнча курулуп жаткан "Нурлан" жоопкерчилиги чектелген коому турак жай комплексин электр-жылуулук менен жабдууга техникалык шарттарды берүү маселесин карасын;

Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун имаратына электр берүү үчүн техникалык шарттарды (электр менен жылытууну эске алып) берүү жөнүндө маселени карап чыксын;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын кызматкерлери үчүн курулган, Бишкек шаары, "Көк-Жар" турак жай массиви дареги боюнча жайгашкан турак үйлөрдү 2016-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жылытуу үчүн электр энергиясын убактылуу пайдаланууну эске алып, "Электросила" жоопкерчилиги чектелген коому менен бирдикте "Көк-Жар" 35/10 кВ көмөк чордонун электр менен камсыздоого "Асанбай" көмөк чордонунан жана "Орок" көмөк чордонунан экинчи киргизүү менен техникалык шарттарды берүү жөнүндө маселени карасын;

2020-жылдын акырына чейинки мөөнөттө жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн электр энергиясын убактылуу пайдаланууну эске алуу менен Бишкек шаары, Жал кичи району, 30-43 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз-Түрк "Манас" университетине мурда берилген кубаттуулуктардын чегинде, отундун альтернативдүү түрүнө өткөнгө чейин электр менен камсыз кылууга техникалык шарттарды берүү жөнүндө маселени карасын;

 

"Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте Бишкек шаары, "Көлмө" турак жай массиви дарегинде жайгашкан, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан курулуп жаткан балдарга билим берүү борборун жылытуу үчүн электр энергиясын пайдаланууну эске алып, электр менен камсыз кылууга техникалык шарттарды берүү жөнүндө маселени карасын;

 

Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы курулуп жаткан "Кабыл алуу үйүнүн" имаратын жана конок үйлөрүн электр менен жабдууга (электр менен жылытууну эске алып) техникалык шарттарды берүү жөнүндө маселени карасын;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-октябрындагы № 657 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 583, 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725, 2014-жылдын 8-майындагы № 250, 2015-жылдын 27-октябры № 742, 2016-жылдын 6-майындагы № 232, 2017-жылдын 22-июнундагы № 397, 2017-жылдын 24-июлундагы № 452, 2017-жылдын 10-октябрындагы № 657 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна күч келүү менен иштеп жаткан подстанцияларга туташтырылган ири өнөр жайлык керектөөчүлөргө зарыл болсо таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр менен камсыздоо контракттарына ылайык авариялык бронго чейинки чектөөлөрдү киргизүү сунушталсын.

6. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна "Узтрансгаз" жана "Казтрансгаз" акционердик коомдору менен 2012-жылга карата келишимдерди түзүү жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо сунушталсын.

7. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары электр энергиясын өчүрүүлөрдү болтурбоо үчүн электрдин аба жана кабелдик линияларынын корголуучу зоналарындагы бактарды өз убагында бутоону ишке ашырышсын.

8. Бишкек шаарынын мэриясына 220-110 кВ подстанцияларды куруу үчүн жер участокторду бөлүү маселесин чечүү жана каржылоо маселесин кароо сунушталсын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов