Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\68b95dbf-2626-415b-94eb-df16b84d3616\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-февралы № 126

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө

 (КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 18-апрелиндеги № 253 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" жана 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин реформалоого байланыштуу уюштуруучу чаралар жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо № 1 тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы № 2 тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл функциясын кошпогондо, укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигин каржылоону учурдагы финансы жылы үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;

 - нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Айылдарды суу менен камсыздоо департаментин түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ө. Бабанов

 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ

                   ┌───────────────────────────────┐

                   │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө│

                   │    караштуу Курулуш жана      │

                   │региондук өнүктүрүү мамлекеттик│

                   │           агенттиги           │

                   └──────────────┬────────────────┘

                                  │

                ┌──────────┐      │     ┌────────────────────┐

                │ Коллегия ├──────┼─────┤  Шаар куруу кеңеши │

                └──────────┘      │     └────────────────────┘

                        ┌─────────┴───────────┐

                        │  Борбордук аппарат  │

                        └─────────┬───────────┘

                                  │

     ┌──────────────────────┐     │     ┌────────────────────────┐

     │Аймактарды өнүктүрүү  │     │     │Кыргыз жер титирөөгө    │

     │боюнча региондук      │     │     │туруктуу курулуш        │

     │өкүлчүлүктөр          ├─────┼─────┤илим-изилдөө долбоорлоо │

     │                      │     │     │институту               │

     └──────────────────────┘     │     └────────────────────────┘

     ┌──────────────────────┐     │     ┌────────────────────────┐

     │Шаар куруу жана       │     │     │Кыргыз шаар куруу       │

     │архитектура боюнча    ├─────┼─────┤илим-изилдөө долбоорлоо │

     │аймактык органдар     │     │     │институту               │

     └──────────────────────┘     │     └────────────────────────┘

     ┌──────────────────────┐     │     ┌────────────────────────┐

     │Курулуштагы           │     │     │Кыргыз                  │

     │сертификациялоонун    │     │     │курорттук-рекреациялык  │

     │республикалык борбору ├─────┼─────┤жана туристтик          │

     │                      │     │     │комплекстер боюнча      │

     │                      │     │     │илим-изилдөө долбоорлоо │

     │                      │     │     │институту               │

     └──────────────────────┘     │     └────────────────────────┘

     ┌──────────────────────┐     │     ┌────────────────────────┐

     │Турак жай - жарандык  │     │     │Мамлекеттик             │

     │курулуш департаменти  ├─────┼─────┤экспертизалоо           │

     │("Бирдиктүү заказчы") │     │     │департаменти            │

     └──────────────────────┘     │     └────────────────────────┘

     ┌───────────────────────┐    │     ┌────────────────────────┐

     │   Ичүүчү суу менен    │    │     │    "Ала-Тоо Курулуш"   │

     │ камсыздоону жана суу  ├────┴─────┤  мамлекеттик ишканасы  │

     │бөлүштүрүүнү өнүктүрүү │          │                        │

     │      департаменти     │          │                        │

     └───────────────────────┘          └────────────────────────┘