Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\04a63602-d170-4dec-8e0c-404c52c5a6b1\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 28-февралы № 150/40/6

Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын
 бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы № 369/7 токтомуна ылайык)

Калктын кирешеси аз катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн туруктуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана кошумча жумуш орундарын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:

1. Тиркелген Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясы бекитилсин.

2. Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо жана Кыргыз Республикасында микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында Микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлсүн.

3. Тиркелген Координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, финансы-кредит мекемелери жана алардын ассоциациялары (макулдашуу боюнча):

- Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясында каралган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;

- отчёттук жарым жылдыктан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчётту Координациялык кеңештин катчылыгына берип турушсун.

5. Координациялык кеңештин катчылыгы отчёттук жарым жылдыктан кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турсун.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына жүктөлсүн.

7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкынын төрагасы

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
2012-жылдын 28-февралындагы
 № 150/40/6 токтому менен бекитилген

 

Микрофинансылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү

стратегиясы

 

1. Киришүү

 

Мамлекеттердин экономикасында микрокредиттөө боюнча алгачкы программалар 1980-жылдардын акырында жана 1990-жылдардын баш жагында ишке киргизиле башталган. Өнүктүрүү каражаты катары анын эл аралык деңгээлде кеңири таанылышы микрофинансылоонун өсүшүнө түрткү берип, ошондон улам ал, калкынын бардык катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн жана ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга аракеттенишкен дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн колдоосуна ээ болгон.

Акыркы 15 жыл ичинде көпчүлүк өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө микрофинансы секторунун жылына 30-40 пайыз чегинде, болуп көрбөгөндөй өсүшкө ээ болгондугу байкалган.

Кыргызстан да мына ушундай маанилүү эл аралык процесстерден четте калбай, бул секторду өнүктүрүү мамлекеттин эң башкы милдетинин бири, жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук программанын бөлүгүнөн болгон.

Биздин өлкөдө микрофинансылоо системасы 1994-жылдан тартып Дүйнөлүк банктын, ПРООНдун, Азия өнүгүү банкынын, АСВ1Л/ОСАнын, Кайрымдуулуктун эл аралык корпусунун, Швейцариянын «Каритас» бейөкмөт уюмунун долбоорлорунун жардамы аркасында өнүгө баштаган. Ошентип, бул багытта иш алып барган алгачкы институттар - ФИНКА, Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы (учурда «Айыл банк» ААК), Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы түзүлүп, ишин башташкан. 1994 - 2000-жылдар аралыгын өзүнчө кредиттик схемалар өздөштүрүлүп, алгачкы долбоорлор, баштапкы ченемдик укуктук документтер иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» биринчи мыйзамы кабыл алынган өнүгүүнүн алгачкы баскычы катары кароого болот.

2000-жылдын акырына карата абал боюнча банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин чогуу алгандагы кредит портфели 586 млн. сомду, ал эми карыз алуучулардын саны 19 миң адамды түзгөн.

Ал эми 2000-2005-жылдары микрофинансылоо институттары үчүн экономикалык жана укуктук шарттар түзүлгөн, мисалы 2002-жылы «Микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзам кабыл* алынып, алардын ресурстук базасы көбөйүп, айрыкча айыл жерин камтыган филиалдык тармагы кеңейген. Ошентип, микрофинансылоо сектору ыргактуу, туруктуу өсүшкө ык коюп, кирешелүүлүгүн айкын тастыктоо менен өзүнө донорлордун жана эл аралык уюмдардын көңүлүн барган сайын көбүрөөк тарта баштаган. Бул чөйрөдө АКШнын Айыл-чарба департаментин, Швейцария өкмөтүн, USAID, Германия өкмөтүн, Голландия өкмөтүн, Европа союзун, КFW ж.б. кошо алганда, дээрлик бардык донор уюмдардын долбоорлору өздөштүрүлө баштаган.

Мамлекеттик органдардын, эл аралык донорлордун жана микрофинансы секторунун уюмдарынын күч-аракети, 2005-жылдын акырына карата банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин кредиттик портфелинин көлөмүнүн 41 млрд. сомду түзүп, карыз алуучуларынын саны 116 миң адамга жетишин шарттаган.

Бул сектордун ыргактуу өсүш нугуна бет алгандыгын эске алуу менен 2005-жылы Улуттук банк, Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу демилгесин көтөргөн.

Мына ушул стратегияны жүзөгө ашыруу мезгили ичинде калайык- калкты, айрыкча айыл жерин жана өлкөнүн алыскы райондорунда жашаган калкты финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу көрсөткүчү олуттуу жогорулап, ошону менен .катар эле, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири жайылтылышы көрсөткүчү да арткан. Микрофинансылоо сектору жакырчылыкты кыскартууда олуттуу рол ойноп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө калкты иш менен камсыз кылууга жана миңдеген үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзүп, шериктештиктердин өнүгүшүнө . колдоо көрсөтүп, айыл . жеринин жана чакан шаарлардын социалдык-экономикалык өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен үй чарбалары деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жетишкен;

Калктын жакыр жашаган катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аркылуу жакырчылыкты кыскартуу, айрыкча мында өлкөнүн алыскы региондоруна басым жасоо, Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын башкы максатынан болгон. Улуттук статистика комитетинин көрсөткүчтөрүнө кайрыла турган болсок, анда олуттуу, алгылыктуу өзгөрүүлөрдүн жүргөндүгүн байкоого болот.

 

1-таблица

 

Салыштыруу үчүн негизги көрсөткүчтөр (2005-2010-жылдары)2

 

2005

2010

Калкты микрокредиттөө кызматы менен камтуу

1,4%

7,1%

Финансылык өтүмдүүлүк көрсөткүчү (МФИ КП/ИДӨ)

3,9%

5,2%

Жакырчылык деңгээли

43,1%

33,7%

Киши башына ИДӨ, АКШ доллары

478

890

Инфляция

4,9%

19,2%

 

Финансы секторунда 2010-жылы орун алган негизги проблемалар, жылдын биринчи жарымында болуп өткөн массалык башаламандык жана элдик толкундоолор, андан соң коңшу мамлекеттер менен чек аралардын жабылышы сыяктуу оор жагдайлардан улам республиканын экономикасынын абалынын начарлоосуна байланыштуу келип чыккан, ушунун өзү өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген. Албетте, кесепеттүү окуялар өлкө экономикасынын жана финансы секторунун абалына да таасирин тийгизген. Бул учурда Улуттук банк, жогору айтылган жагдайлардын финансы секторунун өнүгүшүнө таасир этүүсүн жеңилдетүү максатында, бир кыйла күч-аракет жумшаган.

Статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай эле (1-таблица), кароого алынып жаткан мезгил ичинде жакырчылык деңгээли 2005-жылдагы 43,1 пайыздан 2010-жылдагы 33,7 пайызга чейин азайып, 9 пайыздан көбүрөөккө төмөндөгөн. Ал эми киши башына ички дүң өнүмдүн катышы, бул көрсөткүчтүн дээрлик 2 эсеге өскөндүгүн тастыктайт. Калкты микрокредиттөө кызматы менен камтуу көрсөткүчү 7,1 пайызга чейин жогорулаган, ушунун өзү 5,2 пайыз чегинде түптөлгөн финансылык өтүмдүүлүк көрсөткүчүнүн жакшыруусунан көрүнгөн. 2008 - 2009-жылдардагы глобалдуу финансылык каатчылыктын, ошондой эле 2010-жылдагы саясый окуялардын өлкөдөгү макроэкономикалык жагдайга жана бизнестин жигердүүлүгүнө терс кесепетин тийгизгендигине карабастан, мына ушундай көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүн болгон.

Аталган көрсөткүчтөр, 2006 - 2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын жүзөгө ашырууга алгылыктуу таасир эткендигин тастыктап, кароого сунушталып жаткан стратегиянын өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жетишүүнүн таасирдүү инструменти катары маанилүүлүгүн баса белгилөө менен микрофинансылоону өнүктүрүүнүн олуттуулугун көрсөтүүдө.

 

2-таблица

Микрофинансы институттарынын салыштырмалуу иш көрсөткүчтөрү (2005 - 2010-жылдары)3.

 

 

2005

2010

 

МФО

КС

МФО

КС

Саны

134

320

396

217

Кардарлар

52 125

22 376

371 913

19 571

Бардыгы болуп, кредит портфели

1,49 млрд. сом (36,0 млн. АКШ доллары)

0,58 млрд. сом (14,0 млн. АКШ доллары)

9,9 млрд. сом (211,2 млн. АКШ доллары)

1,14 млрд. сом (24,2 млн. АКШ доллары)

Кредиттин орточо өлчөмү

28,5 миң. сом (691 АКШ доллары)

25,9 миң. сом (628 АКШ доллары)

26,7 миң. сом (568 АКШ доллары)

58,2 миң. сом (1 236 АКШ доллары)

Катышуучулар/ мүчөлөр

 

28 485

 

27 748

Бардыгы болуп сактык пайлар

 

0,17 млрд. сом (4,1 млн. АКШ доллары)

 

0,20 млрд. сом (4,3 млн. АКШ доллары)

Сактык пайлардын орточо өлчөмү

 

5,9 миң. сом (144 АКШ доллары)

 

7,2 миң. сом (153 АКШ доллары)

Депозиторлор

Н/П

Н/П

Н/П

1 298

Бардыгы болуп депозиттер

-

-

-

35,0 млн. сом (743 миң. АКШ доллары)

Депозиттин орточо өлчөмү

-

-

-

26,9 миң. сом (571 АКШ доллары)

 

Жогорудагы 2-таблицада келтирилген көрсөткүчтөр микрофинансы институттардын ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын тастыктайт. Сектор кредит портфелинин жана карыз алуучулардын санынын беш жыл ичинде 5 эседен көбүрөөккө ыргактуу өскөндүгүн көрсөтүүдө. Кредиттик союздар өз мүчөлөрүнө депозиттик кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу, жаңы кызмат көрсөтүүнүн түрүн сунуштоону баштаган. Кредиттик союздардын тартылган депозиттеринин көлөмү 2010-жылдын акырына карата 1 298 аманатчыдан 35 млн. сомду түзгөн. Буга чейин мындай кызмат көрсөтүүлөр кредиттик союздар тарабынан өз катышуучуларынын сактык пайларды сатып алуусу аркылуу гана сунушталып келинген.

Кредиттик союздардын институционалдык капиталынын (өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы) олуттуу өсүшү 2005-жылдын акырына карата алынган 91 млн. сомдон 2010-жылдын акырындагы 313 млн. сомго чейин жеткен. '

Ошентип, 2010-жылдын акырына карата бир адамга кредит берүү сыяктуу эле, топтошуп алып майда кредит алуу кең чөйрөсү калыптанган. Учурда микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, микрокредиттик агенттиктер, кредиттик союздар (каржы кооперативдери) жана өз жардам топтору кең иш жүргүзүүдө.

Микрофинансылоону 2011 - 2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын (мындан ары - Стратегия) иштеп чыгуу, буга чейинки 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүү орто мөөнөтүү стратегиясына (МӨС) мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун отурумунда демилгеленген. Ушунун өзү мамлекеттин финансы секторун өнүктүрүү жагында ырааттуу жүргүзүлүп келген саясатынын натыйжасы, өлкөдө микрофинансылоону өнүктүрүү боюнча түптөлгөн багыттын уландысы болуп саналат.

Стратегияны иштеп чыгуунун жүрүшүндө 2006 - 2010-жылдарга каралган стратегиянын ишке ашырылышына баа берилип, изилдөө ишин жүргүзүү үчүн атайын компания тартуу менен микрофинансылоо рыногунун абалына талдоо-иликтөөлөр жүргүзүлүп, бул кызмат көрсөтүү рыногуна катышкандар менен пикир алышуулар болуп өткөн. Сектордо орун алган негизги проблемаларды чечүү жолдорун табуу максатында, эки тегерек стол маеги уюштурулуп, айрым таламдаш тараптар менен консультациялар өткөрүлгөн.

Көрсөтүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй тыянактап чыгарылып сунуш-көрсөтмөлөр берилген:

 

 

Негизги сунуш-көрсөтмөлөр

Макродеңгээл

(1) Микрофинансылоо кызмат көрсөтүүсүнүн наркын белгилөө маселесине мамлекеттин кийлигишпөө позициясы ырааттуу сакталууга тийиш.

(2) Микрофинансылоо кызмат көрсөтүүсүн сунуштоочулардын ишинин ачык-айкындуулугуна карата талаптарды жогорулатуу зарыл.

(3) Калктын финансылык маселелер боюнча сабаттуулугун жогорулатуу, алардын жашоо деңгээлин жакшыртууда кошумча фактор катары каралууга тийиш.

(4) Учурда орун алган жагдайларга жана топтолгон тажрыйбаларга ылайык, микрофинансы институттарынын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү талап кылынат.

(5) Микрофинансылык институттар үчүн операциялардын тизмегин кеңейтүү, калктын финансылык кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттырууга жана алардын наркын төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.

(6) Кредиттик союздар системасында өзүн-өзү жөнгө салууну өркүндөтүү анын институционалдык жактан өнүгүшүнө түрткү берип, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө ишине кеткен сарптоолорду азайтат.

(7) Сектордун өкүлдөрү менен өкмөттүн микрофинансы секторундагы интервенцияларынын шарттары жана параметрлери боюнча консультацияларды жүргүзүү зарыл. Бул иштин натыйжалуулугун арттырып терс кесепеттердин секторго таасирин басаңдатат.

(8) Негизги фондулардын эскилигинин жетиши айыл чарбасында орун алган орчундуу проблемалардан. Айыл чарба техникаларын жана кайра иштетүүчү жабдууларды лизингге берүүнү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, бул маселени чечүүгө өкмөттүн катышуусун талап кылган, өзгөчө актуалдуу милдет болуп саналат.

(9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын микрофинансы секторунун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү жана аны жөнгө салуу жагында потенциалын арттыруу талап кылынат.

(10) Рынокко кирүү үчүн кыйла жогорку көрсөткүчтөрдүн (параметрлердин) белгилениши, микрофинасы уюмдарынын институционалдык потенциалын жогорулатууга жана алардын консолидацияланышына өбөлгө түзөт.

(11) Мамлекеттик органдардын, ошондой эле донор шериктештердин сектордун ишине түрктү берүү жагындагы көргөн чараларын координациялоону жакшыртуу зарыл.

Мезодеңгээл

(1) Ассоциациялардын өз мүчөлөрүнө сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн потенциалын күчөтүү талап кылынат. Сектор талап кылган сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сунушталышы ассоциацияларга өзүн өзү актай алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишүүгө түрткү берүүгө тийиш.

(2) Кредиттик союздардын финансылык апексинин институционалдык калыптанышына колдоо көрсөтүү, кредиттик союздар системасын өнүктүрүүнүн өзөктүү маселелеринин бири болуп саналат.

(3) Дүңүнөн кредиттөөнү кеңейтүү жана макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө маселесин талкууга алууну уюштуруу зарыл.

(4) Микрофинансылык институттары үчүн депозиттерди коргоо түзүмүн жөнгө салуу үчүн тиешелүү концепцияны иштеп чыгуу талап кылынууда.

(5) Ассоциациялар жаңы продуктылардын өздөштүрүлүшү, анын ичинде агенттик схемалар боюнча алардын рынокко аралашуусу үчүн бул ишке тартылган тараптардын өз ара пикир алышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, аларды колдоого алууга тийиш.

(6) Кредиттик таржымал боюнча маалыматтарды алмашуу системасынын укуктук базасын жакшыртуу талап кылынат. Этика (жүрүм-турум) кодексин колдонууга киргизүү жана кредиттик бюролордун ишинин корпоративдик принциптерин өркүндөтүү зарыл.

(7) Микрофинансы сектору үчүн инфраструктураларды колдоону, кеңейтүүнү жана суроо-талапка негизденген кызмат көрсөтүүлөрдү (IТ технологиялар, аудит, рейтингдик кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) сунуштоо зарыл.

(8) Керектөөчүлөрдү коргоо механизмдерин институционализациялоо жана орун алган пикир келишпестиктерди мезодеңгээлде чечүү маселесин кароо зарыл.

Микродеңгээл

(1) Корпоративдик башкарууну өркүндөтүү жана кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүк деңгээлине жетишүү микрофинансылык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган уюмдар үчүн ийгиликке жетишүүнүн пайдубалын түптөйт.

(2) Иштин жүрүшүн автоматташтыруу, өндүрүмдүүлүктү арттырып, мына ушул уюмдардын ишинин ийгиликтүү арымдашынын негизин түптөйт.

(3) Өкмөттүн менчигинде турган микрофинансылык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган уюмдардын ишин натыйжалуу тескөөгө алуу, калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн олуттуу кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

(4) Микрофинансылык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган уюмдар толук кандуу финансылык ортомчулукту жүзөгө ашырууга аракеттенүүгө тийиш, мында алар аманаттык (сактык) продуктыларды өнүктүрүүгө айрыкча көңүл буруулары зарыл.

(5) Ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү жана «экологиялык» каржылоо, мына ушул уюмдарга кардарлардын талабына толук жооп берүүгө түрткү берет.

(6) Агенттик банкингди өнүктүрүү бул уюмдарга кардар базасын кеңейтүүгө жана кирешени арттырууга өбөлгө түзөт.

(7) Микрофинансы секторун узак мөөнөткө каралган туруктуу өнүктүрүү үчүн жоопкерчиликтүү каржылоо жана сектордун социалдык жоопкерчилик маселелерине айрыкча көңүл бурууну талап кылат.

Жана башкалар

(1) Донорлордун жалпы багытты көздөшү алардын ишин координациялоону жакшыртып, ачык-айкындуулугун, демек көрсөтүлгөн жарамдардын натыйжалуулугун арттырат.

 

Тараптардын ортого салган ой-пикирлери мына ушул стратегияны иштеп чыгуунун пайдубалын түптөгөн. Ушундан улам, стратегияны' иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу негизги сунуш-көрсөтмөлөрдү жалпылоо менен аталган стратегияны жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш планын иштеп чыккан. Албетте, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Улуттук банк жана микрофинансы сектору (АМФО, НСКСКК жана АКСКК) ассоциациялары сыяктуу таламдаш тараптарга макулдашылган.

Микрофинансылоодо инновациялык ыкмалар колдонулат, ошондуктан алар кирешеси аз үй чарбаларына жана чакан бизнес чөйрөсүнө финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн орду коммерциялык банктар тарабынан жабылбай келет.

Микрофинансылоо кызмат көрсөтүүлөрүндө кредиттер, өздүк жыйымдар микрокамсыздандыруу, акчалай которуулар, каржы лизинги ж.б. иш чөйрөсү камтылат. Кирешеси аз үй-чарбалары пайда алып келген активдерди сатып алуу, билим деңгээлин жогорулатуу, маалыматтардан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алуу, кирешесин арттырып, жыйым топтоо үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланат. Мына ушунун өзү аларга жашоо деңгээлин бара-бара жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Бул стратегияда аталган секторду кийинки беш жыл аралыгында өнүктүрүү келечеги, максаттары жана принциптери аныкталган. Өткөндө жетишилгендерге иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн, таламдаш тараптар ортосундагы пикир алышуунун жана эксперттердин сунуш- көрсөтмөлөрүнүн негизинде бул документте финансы системасынын ар бир деңгээлиндеги негизги стратегиялык чөйрөлөр аныкталган. Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын бөлүгү катары, тиешелүү аракеттенүү планы кошо тиркелген, анда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышына жоопкерчиликтүү тараптарды көрсөтүү менен күтүлүп жаткан натыйжалар камтылган.

Белгиленген иш-чаралардын жүзөгө ашырылышына, иш-аракеттер планын корректировкалоого жана алынган натыйжаларга байкоо жүргүзүүгө жетекчилик кылуу анын милдетине кирген координациялык кеңешти түзүү маселеси, бул иштин маанилүү элементинен болуп саналат.

Төмөндө келтирилген 1-кыстырмада микрофинансылоо аныктамасына кеңири түшүндүрмө берилген.

 

1-кыстырма: Микрофинансылоонун аныктамасы

Кыргыз Республикасынын «Микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2002-ж., № 9, 412-берене) микрофинансылоо «Микрофинансылык уюмдардын микрокредиттерди берүү боюнча иши» катары аныкталган. Ушул мыйзамдын 1-беренесинин 6-пунктунун талабына ылайык «Микрокредит - бул, микрофинансылык уюм тарабынан жеке адамдарга жана юридикалык жактарга же болбосо алар тарабынан түзүлгөн шериктештиктерге, юридикалык жактарга микрофинансылык уюмдардын уставына ылайык акча каражаттарын берүү». Мыйзамда келтирилген аныктамага таяна турган болсок, микрофинансылоо түшүнүгү өтө эле тар мааниде чечмеленген. Иш жүзүндө бул терминди кызмат көрсөтүүнүн түрү сыяктуу эле, ошол кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган институттар катары да кеңири мааниде түшүнүү зарыл.

Учурда эл аралык тажрыйбада микрофинансылоо, калктын кеңири катмары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн толук кандуу чөйрөсүн сунуштаган «инклюзивдик финансылык система» кыйла кеңири контекстте каралууда.

Ушул стратегиянын максаттары үчүн микрофинансылоо «калкка, фермерлерге, үй чарбаларга, чакан ишкерлерге жыйым топтоо, акча которуу, ар кандай максаттарга кредиттерди берүү сыяктуу, чекене финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү» катары аныкталган.

Мына ушул кызмат көрсөтүүлөр ар кандай формада түзүлгөн финансылык уюмдар тарабынан, көптөгөн механизмдер аркылуу сунушталышы мүмкүн. Ушундай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган институттар «микрофинансылоо кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар» жалпы термининде камтылган.

 

2. Келечеги, максаттары жана принциптери

 

Кыргызстандын экономикалык жактан жигердүү калкына сапаттуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, бул стратегия көздөгөн келечек.

Калктын кирешеси аз катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн туруктуу негизде пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү - стратегиянын максаты.

Ал эми узак мөөнөткө каралган туруктуулук төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн маанилүү:

- кредиттик продуктылардын ийкемдүү чөйрөсүн;

- ички жыйымдардын өсүшүн;

- акчалай которуулар, инновациялык төлөм продуктылары, микрокамсыздандыруу ж.б. сыяктуу жаңы кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн.

Мына ушул мүмкүнчүлүктөр экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана жакырчылыкты кыскартууга туруктуу таасир этүүгө өбөлгө түзөт.

Кийинки беш жыл аралыгында иш-чаралар планынын кандайча жүзөгө ашырылышына жараша» стратегия, төмөнкүдөй максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүдө өз салымын кошушу күтүлөт:

- микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган финансылык институттардын кредит портфелинин жалпы өлчөмүнүн 20-22 млрд. сомго чейин көбөйүүсү, мында финансылык өтүмдүүлүк көрсөткүчү (мындай уюмдардын кредиттеринин ИДӨгө катышы) - 6,5-7,5 пайызды түзөт;

- ички жыйымдарды мобилизациялоо аркылуу микрокредиттөөнү каржылоону 5 млрд. сомго чейин кеңейтүү, мында финансылык өтүмдүүлүк көрсөткүчү (мындай уюмдардын депозиттеринин ИДӨгө катышы) - 1,5 пайыздан көбүрөөктү түзөт.

- микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн калктын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн 10-11 пайызга чейин көбөйтүү (калктын жалпы санынан), мында кардарлардын саны - 550-600 миң. адамды түзөөрү болжолдонууда.

Ал эми төмөндө келтирилген принциптер, жогоруда белгиленген максаттарга жетишүү үчүн ушул стратегиянын негизинде камтылып, мындан ары бардык аракеттерди багыттоого тийиш:

- экономикалык жана социалдык максаттардын балансташуусу: экономикалык (финансылык) жана социалдык максаттар ортосундагы тиешелүү тең салмактуулукка жетишүү, стратегия микрофинансы институттардын туруктуулугуна кедергисин тийгизбестен, өнүгүүнүн улуттук максаттарына жооп берүүгө тийиш экендигин түшүндүрөт. Өз капиталына жана каржылоо үчүн калктын жыйымдарына таянуу менен иш алып барган микрофинансылык институттар пайда алуу менен иштеп, туруктуу пайдубалды түптөшү зарыл. Ошол эле учурда микрофинансы секторунда, жетиштүү институционалдык потенциалга ээ жана калктын кирешеси аз катмарына багыт алган атайы программалар аркылуу айрым региондорду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн микрофинансылык кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар ийгиликтүү иштей алышат.

- башка өнүгүү стратегиялары менен шайкеш келүүсү: Стратегия жана анын иш аракеттер планы мамлекеттин башка өнүктүрүү стратегияларына (Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы, Финансы (банк) системаларын өнүктүрүү стратегиялары менен) макулдашууга тийиш.

- эл аралык мыкты тажрыйбаларга жана сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык келүүсү: финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жагында башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын окуп үйрөнүү калпыстыктарга жол бербөөгө өбөлгө түзүп, биздин өлкө үчүн алгылыктуу тажрыйбаларды жана стратегиянын максаттарына жетишүүгө багытталган иш-аракеттерди колдонууга мүмкүндүк берет. CGAP, Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү альянсы (АFI), Эл аралык кооперативдер альянсы (IСА), Базель комитети, Камсыздандыруу компанияларын көзөмөлдүктүн эл аралык ассоциациясы (IAIS) жана G20 уюму, Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануунун глобалдуу платформасы (GPFI) сыяктуу эл аралык деңгээлде таанымал уюмдар; эл аралык эң мыкты тажрыйбалардын негизинде талкууларды өткөрүү үчүн тиешелүү колдонмолорду, нускамаларды жана талкуу мүмкүнчүлүгүн түзүшүүдө. Алардын берген сунуш-көрсөтмөлөрү Стратегиянын Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылышында колдонмо катары кызмат кылат.

- биргелешкен жоопкерчилик: Стратегияны жүзөгө ашыруу - бул, микро, мезо жана макро деңгээлдерде микрокаржылоого катышкан бардык тараптардын милдети.

 

3. Стратегиялык багыттар

 

3.1 Макродеңгээл: саясый, укуктук жана жөнгө салуучу чөйрө

Ушул бөлүктө микрофинансылоону өнүктүрүү жагындагы мамлекеттик саясаттын маселелери кароого алынып, укуктук жана жөнгө салуучу чөйрөлөрдү жакшыртуу багыттары талкууланат.

 

3.1.1 Мамлекеттин микрофинансылоону өнүктүрүү саясаты

Өнүктүрүү маселеси жагында мамлекеттик башкаруунун таасирдүү системасын калыптандырууну кошо алганда, микрофинансы сектору үчүн тиешелүү укуктук жана жөнгө салуучу чөйрөнү түптөө, мамлекеттин негизги ролу болуп саналат. Учурда калыптанган укуктук жана жөнгө салуучу чөйрө Кыргызстанда микрофинансылоонун ыргактуу өнүгүшү үчүн негиз болуп калган. Ошондой болсо да, орун алган проблемаларды четтетүү үчүн мамлекет, калктын жакыр жашаган катмарынын сапаттуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруунун жана социалдык жоопкерчиликтүү институттардын рынокко багыт алып өнүгүшүнүн негизинде, финансы секторун өнүктүрүүгө басым жасаган жаңы стратегиялык ыкмаларды колдонууга тийиш.

Мамлекеттин рыноктук процесстерге кийлигишпөөсүн көздөгөн ырааттуу саясат (мисалы, микрофинансылоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын белгилөө) мындан ары микрофинансы секторунун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн пайдубалын түптөп, бул чөйрөдө ыңгайлуу инвестициялык жагдайды камсыз кылат.

Мында, мамлекеттин күч-аракети рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүүгө жана алардын ишинин ачык айкындуулугуна жетишүүгө багытталууга тийиш.

Мамлекеттин жана жеке сектордун финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү жана бизнесте корпоративдик социалдык жоопкерчиликтүүлүктү өнүктүрүүчүлөрдү коргоону камсыз кылган жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин түшүнүүсү, секторду сапаттуу өнүктүрүүнүн өзөгүн түзгөн негизги фактордон болуп саналат. Жоопкерчиликтүү финансылоо бардык таламдаш тараптар тарабынан таанылууга жана микрофинансылоодо негизги принцип катары колдонулууга тийиш.

Мамлекет калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында саясый аракеттерди көрүп, тиешелүү эрежелерди белгилөөгө тийиш. Калктын бул багыттагы сабаттуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, экономикалык өнүгүүгө узак мөөнөттүү алгылыктуу таасирин тийгизет.

Микрофинансы сектору тике чет өлкө инвестицияларын тартып, ички ресурстарды мобилизациялай алат. Финансы секторунда ички жана тышкы инвесторлор үчүн ыңгайлуу инвестициялык жагдайды камсыз кылуу үчүн негизги кадамдар жасалууга тийиш. Чет өлкөлүктөр катышкан финансы-кредиттик мекемелерди юстиция органдарында каттоодон өткөртүү процесси (каттоо, кайра каттоодон өткөртүү) мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүлүшү зарыл.

Сырттан каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгү валюталык, кредиттик жана өлкөлүк тобокелдиктерди оптималдуу деңгээлде чектей алуудагы рыноктун дараметине түздөн-түз байланыштуу. Микрофинансылоо рыногундагы ресурстардын олуттуу үлүшү чет өлкөлөрдөн тартылат. Ошондуктан мамлекет, бул секторго инвестицияларды тартуунун ыңгайлуу шарттарын түзүү үчүн ырааттуу фискалдык жана монетардык саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.

Мамлекет ошондой эле, социалдык маселелерди чечүүгө багыт алган инвесторлордун рынокко аралашуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылышы зарыл.

 

3.1.2 Укуктук жана жөнгө салуучу чөйрө

Микрофинансылык институттары үчүн укуктук жана жөнгө салуучу чектерди андан ары жакшыртуу өтө зарыл ыңгайлуу шарттарды түзүп, бул инструментти рыноктук принциптерге негизденүү менен иш алып барган уюмдарды туруктуу өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн толук пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачат. Микрофинансылоо үчүн жөнгө салуучу шайкеш стандарттар белгисиздик жагдайларын азайтып, секторду өнүктүрүүгө инвестиция жумшоо жагдайын арттырат. Мында, микрофинансылоону жөнгө салуу мурдатан колдонулуп келинген ыкмалар менен гана чектелип калууга тийиш эмес. Микрофинансы секторунда жөнгө салуу жана көзөмөлдүк иши, өз алдынча ыкмалардын иштелип чыгышын талап кылат анткени, микрофинансылык институттарынын ишиндеги тобокелдиктер кызмат көрсөтүүнү сунуштоо технологияларына жараша өзгөрүүгө дуушар болуп турат жана алар стандарттык банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн айырмаланат.

Микрофинансылык ортомчулардын алыскы региондордогу кирешеси аз рынокторду тейлөөгө алышына өбөлгө түзүү үчүн уруксат берилген финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин кеңейтүү зарыл, бул айрым кызмат көрсөтүүлөрдү башка кызмат көрсөтүүлөр топтомунда сунуштоонун наркын төмөндөтүүгө түрткү берет. Бул ошондой эле, инновациялык технологияларды бир кыйла кеңири колдонуу үчүн да негиздерди түптөйт. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансы институттарына талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди кабыл алууга уруксат берүү келечекте аларга кредиттик жана депозиттик продуктылардын чөйрөсүн кеңейтүүгө жана карттарды, уюлдук телефондорду колдонуу менен банктык продуктыларды өнүктүрүүгө түрткү берет.

Микрофинансылык институттары коммерциялык банктардын, башка микрофинансылоо кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдардын жана камсыздандыруу компанияларынын агенти катары, кызмат көрсөтүүнүн кеңири чөйрөсүн сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Мобилдик банкинг, электрондук акча жана агенттик түйүндөр аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо концепциясы, жөнгө салуу чөйрөсүнүн бөлүгү болуп калууга тийиш.

Микрокамсыздандыруу да микрофинансылык институттарынын кардарлары үчүн маанилүү кызмат көрсөтүүлөрдүн бири болуп калууга тийиш, анткени бир жагынан - мындай кызмат көрсөтүүлөр ушул институттардын киреше базасын арттырып, экинчи жагынан өлкө калкынын көпчүлүк бөлүгү үчүн олуттуу тобокелдиктерди төмөндөтөт.

Ушуга байланыштуу, финансылык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдык актыларда мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү караштыруу зарыл.

Микрокамсыздандырууну жөнгө салуу боюнча иш-чаралар өмүрдү, ден соолукту ж.б. камсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн түптөө үчүн өнөктөш-агент (каржылоону сунуштаган уюмдар - камсыздандыруу компаниясынын өнөктөшү) моделинде ишке ашырылууга тийиш.

Күрөөнү каттоочу борбордук контора органдарында кыймылдуу күрөөлүк мүлктөрдү каттоодон өткөртүүнүн милдеттүү талаптары, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууда орун алган тоскоолдуктардын бири. Бул талап карыз алуучу үчүн кредиттин олуттуу кымбатташына алып келип, кредиторду коргоону камсыз кыла албайт анткени, күрөө предмети персонификациялануга жана идентификацияланууга тийиш эмес.

Карыз алуучу менен кредитордун ортосундагы мамилелерди жөнөкөйлөтүү үчүн күрөө менен келишилген бүтүмдөрдү жөнгө салуучу мыйзамдарды шайкеш келтирүү камсыз кылынууга тийиш. Мындай бүтүмдөр финансылык жана убакыт боюнча сарптоолорду төмөндөтүү үчүн эң эле түшүнүктүү жана жөнөкөй нормалардын жана талаптардын чегинде ишке ашырылышы зарыл.

Тартылган каражаттардын булактарынын чектелүүлүгүнөн улам ресурстардын тартыштыгы, микрофинансылоону өнүктүрүүдөгү курч проблемалардын бири болуп калууда. Ушул проблеманы чечүүдө ички инвесторлордон каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле апекстик мекемелердин каржылоосу аркылуу ресурстарды дүңүнөн берүүчүлөрдүн ишине түрткү берүү зарыл. Ички жыйымдарды мобилизациялоого өбөлгө түзүү - бул, орун алган проблемаларды чечүү үчүн негизги ыкмадан. Апекстик институттардын иши үчүн укуктук жана жөнгө салуучу негиздерди өркүндөтүү, микрофинансы секторунун ресурстук базасын жакынкы келечекте эле кеңейтүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт.          /

Пруденциалдык эмес жөнгө. салуучу чаралар да, аларды иштеп чыгууну жөнгө салуучу (регулятор) өзүнө алган ар түрдү чараларды камтыйт. Мисалы, пайыздык чендерди чечмелөө же шектүү адамдардын жогорку кызмат ордун ээлөөсүнө жол бербөө, отчёттордун ачык-айкындуулугу талабын коюу. Жөнгө салуучу чөйрө керектөөчүлөрдүн укугун коргоонун: өтө карызга батып кетүүгө жол бербөө, баа түзүүнүн ачык айкындуулугу жана ага жоопкерчиликтүү мамиле, карыздарды өндүрүүнү жөнгө салуу ыкмалары, персоналдын иш алып баруу этикасы, келип түшкөн арыздарды канааттандыруу механизмдери, кардарлардын жеке маалыматтарынын купуялуулугунун сакталышы сыяктуу, универсалдуу принциптеринин жайылтылышын колдоого алууга тийиш.

Микрофинансылык уюмдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын биринин башка бир каржы институтуна, операциялардын чөйрөсүн кеңейтүү менен трансформацияланышы, ошол институттардын сапаттык жактан жогорулоосуна түрткү берип, финансы системасынын шайкеш өнүгүүсү үчүн өбөлгөлөрдү түзүп, алгылыктуу атаандаштыктын калыптанышынын пайдубалын түптөйт.

Финансы институттарынын трансформациялануу үлгүсү иштелип чыгууга тийиш, ал жүзөгө ашырылып жаткан операциялардын чөйрөсүн кеңейтип, ушул институттардын эволюциялык жол менен өнүгүшүн камсыз кылат.

Жалпысынан окшош келген каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган институттардын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды шайкеш келтирүү талап кылынууда. Көпчүлүк чакан микрофинансылык уюмдардын ишинин натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр, секторду консолидациялоо үчүн талаптарды кайрадан карап чыгуу маселесинин актуалдуулугун айкын көрсөткөн.

Микрофинансы рыногунун катышуучулары кредиттик таржымалды түзгөн бюролордун кызмат көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн таанышат. Кредиттик бюролордун ишин жөнгө салган мыйзамдык жана жөнгө салынуучу талаптарды өркүндөтүү, сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга, кредиттик таржымалга тиешелүү маалыматтардын толуктугун жана өз учурунда берилишин камсыз кыла алат.

 

3.1.3 Өкмөттүн финансылык жана колдоо көрсөтүү программалары

Өкмөттүн бул багыттагы колдоо көрсөтүүчү иш-чаралары микрофинансылоонун бардык деңгээлинде жеке сектордун катышуучулары (оюнчулары) менен атаандаша албайт, аны толукташы мүмкүн. Секторду өнүктүрүү үчүн мамлекеттик каржылоо ачык-айкын жүргүзүлүп, так белгиленген максаттарга жана милдеттерге гана багытталууга тийиш.

Калктын жакыр жашаган катмарынын каржылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн эң алдынкы тажрыйбалардын негизинде гана бюджеттик ресурстарды пайдалануу механизмдерин иштеп чыгуу талап кылынат.

Өкмөт микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу уюмдарды өнүктүрүү милдетин алдына койгон шартта мамлекеттик органдар тиешелүү интервенцияларды пландаштыруу үчүн алар менен иш алып барууга тийиш. Мамлекеттик финансылык программалардын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн алар мамлекеттик мекемелердин жана микрофинансы секторунун өкүлдөрүн (ассоциацияларын) тартуу менен талкууга алынып, макулдашылууга тийиш. Мында, чакан бизнести түзүү жана иш менен камсыз болуу үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларды колдоо программалары, өкмөт тарабынан колдоого алынып, каржыланууга тийиш.

Өкмөт кирешеси аз үй чарбаларынын көпчүлүгү өзүн иш менен камсыз кыла алган негизги тармактан болгон айыл чарбасындагы негизги фондулардын моралдык жактан эскилиги жеткендигин эске алып, сектор менен биргеликте аларды тепкичтүү жаңылоо программасын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруусу зарыл.

 

3.1.4 Жөнгө салуу жана көзөмөлдүк органынын потенциалы

Жөнгө салуу жана көзөмөлдүк органынын потенциалы, бүтүндөй микрофинансы секторунун сапаттык жактан өнүгүшү үчүн жөнгө салуучу жоболорду иштеп чыгуу жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жетишээрлик жогорку деңгээлде болууга тийиш. Персоналды кесиптик жактан даярдоо программасын ишке ашыруу, адам ресурсун өркүндөтүү жагындагы актуалдуу милдеттердин бири болуп саналат.

Ушуну менен катар .эле, өлкөнүн финансы-кредит системасын өнүктүрүү жана анын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болгон стратегиялык орган катары Улуттук банктын ролу, микрофинансы секторунун ишин жөнгө салып, көзөмөлдөө менен гана чектелип калбастан, өлкөгө мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эл аралык эң мыкты тажрыйбаларды колдонууга киргизүү аркылуу сектордун өнүгүшүнө түрткү берүүгө багытталууга тийиш.

Улуттук банктын бул багыттагы функциясы өркүндөтүлүүгө тийиш. Сектордон отчётторду топтоо жана аларды иштеп чыгуунун автоматташтырылышы, мындагы негизги фактордон болуп саналат.

Микрофинансы секторунда тең салмактуу, туруктуу саясаттын натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн Улуттук банкта бардык деңгээлде кабыл алынган чечимдердин кылдат чечмеленип, бирдей көз карашта кабыл алынышы зарыл.

 

3.1.5 Стратегияны координациялоо жана ага мониторинг жүргүзүү

Микрофинансылоонун улуттук стратегияларын ийгиликтүү жүзөгө ашырышкан өлкөлөрдүн тажрыйбасын окуп-үйрөнүү менен мамлекеттик органдарды, донорлорду жана сектордун өкүлдөрүн кошо алганда, бул ишке тартылган бардык тараптардын иш-чараларды аткаруудагы ишин координациялоо маселеси өтө маанилүү экендигин белгилөөгө болот.

Микрофинансылоону өнүктүрүү маселесинде сунуштарды иштеп чыгып, аракеттерди корректировкалоочу органды түзүү, өкмөт үчүн актуалдуу милдет болуп саналат.

Секторду андан ары өнүктүрүү үчүн конструктивдүү диалогду түптөп, микрофинансылоо жагында реформаларды жүргүзүүдө биргелешип аракеттенген мамлекет менен жеке сектордун ортосунда натыйжалуу өз ара иш алып барууну калыптандыруу зарыл. Мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусун институционалдаштыруу камсыз кылынууга тийиш. Анткени бул, микрофинансы секторун өнүктүрүүгө багытталган жөнгө салуучу каражат.

 

3.2 Мезодеңгээл: Финансылык инфраструктура жана дүңүнөн кредиттөө

Бул бөлүктө микрофинансылык институттарынын ишин колдоого алган кызмат көрсөтүүлөрдү жана коомдук ыңгайлуулуктарды өнүктүрүү маселелери чечмеленип, аларга улам жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, суроо-талапка жооп берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле мында, дүңүнөн каржылоону сунуштаган финансылык апекстердин ролу да камтылат.

 

3.2.1 Ассоциациялардын жана апекстик институттардын потенциалы

Ишин ийгилик коштогон таасирдүү ассоциациялар мүчөлөрүнөн тиешелүү маалыматтарды алып, эң мыкты тажрыйбалардын стандарттарын белгилеп өкмөт, донорлор ж.б. таламдаш тараптар менен макулдашууга жетишип, финансылык институттарынын таламдарында, сектордун талаптарына ылайык бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган финансылык институттарды өнүктүрүүдө олуттуу ролун ойнойт. Мында өкмөт, коомдук таламдарда иш алып барган мындай ассоциацияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аларды колдоого алууга тийиш.

Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар ассоциациясы азырынча жетиштүү институционалдык потенциалга ээ эмес. Алар сунуштап жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн катарын өркүндөтүү зарыл. Ал эми алар донорлордон көз карандылыкты четтетүү үчүн өзүн-өзү каржылоо концепциясын жүзөгө ашырууга тийиш. Мында негизги күч- аракет сектордун таламдарын коргоого жана мүчө болгон уюмдардын керектөөлөрүнө жараша, кызмат көрсөтүүнү сунуштоого жөндөмдүү институттарды калыптандырууга багытталууга тийиш.

Дүңүнөн каржылоону сунуштаган уюмдардын (финансылык апекстердин) кызмат көрсөтүүлөрү өркүндөтүлүп, ошондой эле аларда валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө шарттары жана механизмдери каралышы зарыл.

Донорлордун, өкмөттүн, Улуттук банктын, кредиттик союздардын буга чейин көрүп келген күч-аракетин эске алуу менен Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы бара-бара толук кандуу иштеген кредиттик союздардын апексине трансформацияланышы менен кредиттик союздардын башкаруусуна сатылууга/өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

 

3.2.2 Финансылык продуктылардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү жана ички ресурстарды мобилизациялоо

Микрофинансы секторун андан ары өнүктүрүүдөгү негизги проблемадан болуп, өлкөдө өтө эле чектелүү болуп жаткан Каржылоо булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү саналат. Каржылоонун коммерциялык булактары эрежедегидей эле - бул, эл аралык инвестициялык фондулар жана компаниялар.

Мында туруктуу каржылоонун узак мөөнөткө каралган пайдубалын бекемдөө үчүн калктын жыйымдарын мобилизациялоого негизги стратегиялык басым жасалууга тийиш. Бир катар жылдардан бери микрофинансылык институттарынын депозиттик операцияларын активдештирүүгө багытталган күч-аракеттер, сезилерлик натыйжа берген эмес. Албетте, мында орун алган психологиялык факторду четтетүү, калктын бул институттарга карата ишенимин бекемдөө үчүн институционалдык коргоо механизмдери түзүлүүгө тийиш. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык институттарын учурда иштеп жаткан Депозиттерди коргоо фондусуна кошуу же ушундай эле системаны түзүү концептуалдуу негизде чечилүүгө тийиш.

Депозиттерди мобилизациялоону жакшыртуу үчүн калктын муктаждыктарды четтетүүгө жыйым топтоо жана күтүүсүз жагдайларга кам көрүү факторунун олуттуулугун түшүнүүсү өтө маанилүү. Сектордун ассоциациялары тиешелүү түшүндүрүү жана окутуу иш-чараларын өткөрүү аркылуу-, рынокто толук кандуу финансылык ортомчулардын пайда болушуна өбөлгө түзүүгө тийиш.

Депозиттерди мобилизациялоо менен катар эле, секторду өнүктүрүүдөгү маанилүү компонеттен, болуп, микрофинансылык институттары үчүн дүңүнөн кредиттөөнү өнүктүрүү саналат, анткени кредиттерге талапты депозиттердин эсебинен гана камсыз кылуу мүмкүн эмес. Мындай институттардын көпчүлүгү сырттан каржылоо булактарына ээ эмес, алардын калктан депозиттерди тартылууга лицензия алуу үчүн институционалдык потенциалы да чектелүү.

Ушундан улам, мындай институттарга ресурстарды дүңүнөн сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу, өтө эле маанилүү.

Ошондон улам, дүңүнөн кредиттөө булагы катары алардын коммерциялык банктар менен байланыш түптөөсү, учурдагы маанилүү милдеттен.

Эмгек мигранттарынын акчалай которууларынын олуттуу көлөмү калктын аманат топтоо дараметин жандандырууда маанилүү платформа. Мигранттардын которууларын - пайдалануу, ресурстарды мобилизациялоо жана каржылоо, кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн пайдубалын түптөшү мүмкүн. Бул үчүн тиешелүү финансылык инфраструктураны түзүүнү талкуулоону уюштуруу зарыл.

Калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн көптөгөн түрлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн олуттуу кеңейтүү үчүн агенттик банкингдин потенциалы анчалык ачылбай келет. Коммерциялык банктар менен микрофинансылык институттарынын кызматташуусуна дем берүү үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун агенттик схемаларын талкуулап, иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруу зарыл.

 

3.2.3 Кредиттик маалымат

Акыйкат кредиттөөнү жана жоопкерчиликтүүлүк менен каржылоону жүзөгө ашыруу, кредиттик таржымал боюнча маалымат алмашуу системасы, аны негизги түзүүчүлөрдөн. болуп саналат. Микрофинансылоо кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган уюмдар башка финансылык мекемелер менен катар эле, кредиттик таржымал базасынын толук камтылышы үчүн кардарлар базасына тиешелүү отчётторду берип турууга тийиш. Бүтүндөй өлкөдөгү финансылык институттар үчүн кредиттик бюронун кызмат көрсөтүүлөрүнө түрткү берүү, бул багытта стратегиялык милдеттен болуп, саналат. Инфраструктураны өркүндөтүү кредиттик таржымал боюнча маалыматтарды натыйжалуу жана жеткиликтүү алмашууну камсыз кылуу үчүн зарыл, бул микрофинансы секторунда кредиттөө стандарттарын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Кредиттик таржымалга тиешелүү маалыматтарын алмашуу жагында атаандашууга жөндөмдүү, натыйжалуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүнү сунуштаган уюмдарды институционалдык жактан өнүктүрүү талап кылынууда.

 

3.2.4 Техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана сектордун инфраструктурасын өнүктүрүү

Учурда аудитордук иш жана финансылык отчётторду тастыктоо микрофинансылык институттардын талап кылынган кызмат көрсөтүүлөрүнүн бири. Аудитордук компаниялардын жана жеке аудиторлордун жетиштүү саны рынокто иш алып баргандыгына карабастан, айрым гана компания сапаттуу кызмат көрсөтүүнү сунуштайт. Ошондуктан алардын кызматынан бардыгы эле пайдалана ала бербейт.

Ушундан улам, кредиттик союздар ассоциациясынын бири кооперативдик аудитти өнүктүрүү концепциясын даярдап (донорлордун техникалык колдоосу астында), аудитордук компания түзгөн. Кабыл алынган концепцияны ырааттуу жүзөгө ашыруу жана бул демилгени өзүн- өзү актаганга жетишүүсүнө чейин техникалык колдоого алуу, экинчилик деңгээлиндеги элементтердин бирин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, сектордун технологиялык жактан өсүшү үчүн мындай институттардын ишин автоматташтыруу да, аны түзүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Ушул милдетти ар бир компания өз алдынча чечкен болсо, албетте бул өтө кымбатка турган иш-чарадан болуп калат. Сектордун керектөөлөрүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана микрофинансы институттарынын өз-өзүнчө кооперацияланышы жакынкы келечекте эле, алардын көпчүлүгүнүн ишин автоматташтыруу милдетин чечүүгө өбөлгө түзөт.

Аудитордук жана бухгалтердик компаниялар, маалыматтык технологияларды сунуштоочулар, рейтингдик агенттиктер ж.б. ортомчулар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн сунуштоочулар түзүмү же алардын аракети колго алынууга тийиш. Бул компаниялар ассоциациялардын же өз алдынча институттардын туунду түзүмү катары түзүлүшү мүмкүн.

 

3.2.5 Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо

Бүтүндөй финансы системасында сыяктуу эле, микрофинансы секторунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылууда эң эле маанилүү түзүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Бизнестин ачык-айкындуулугунун жана этикалык мүнөзүн жогорулатуу гана керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жетишүүгө мүмкүндүк берет. Бул, кардар акыйкат негизинде кызмат көрсөтүүлөрдөн жана сунушталган продуктылардан пайдаланып, анын укуктарын бузууга жол берилген болсо, коргонуу механизмдерин тандоого мүмкүнчүлүгү бардыгына ишенимдүү болушуна өбөлгө түзөт.

Жөнгө салуучу органдары керектөөчүлөрдүн укугунун сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүп, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арыздарын кароонун натыйжалуу механизмдерин ассоциациялар, апекс институттар менен биргелешип аныктоого тийиш. Керектөөчүлөрдү коргоонун натыйжалуу принциптери сектордун деңгээлинде институционалдаштырылууга тийиш.

Сектордун институттары аркылуу микрофинансылоо кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочу ортомчуларга карата кардарлардын даттануусун кароо инструменттерин колдонууга киргизүү мында маанилүү ролун ойнойт. Ушуну менен катар эле, сектордун ассоциацияларынын социалдык таасир этүүсүнүн этикалык стандарттарын жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чарасы катары киргизүү да маанилүү.

 

3.3 Микродеңгээл: Микрофинансылык ортомчулар жана алардын кардарлары

Бул бөлүктө микрофинансылык ортомчулардын потенациалын жогорулатуу жана калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жагдайында инновациялык продуктыларды өркүндөтүү, ошондой эле жоопкерчиликтүү каржылоо маселелери кароого алынат.

 

3.3.1 Микрофинансылык ортомчулардын потенциалын арттыруу

Расмий статистика ири санда микрофинансылык институттардын каттоодон өткөндүгүн көрсөтүүдө. Мында, кредиттердин жалпы көлөмүнүн 76 пайызы 8 ири институт тарабынан берилип, кардарлардын 85% тейлөөгө алынган, ушунун өзү сектордун олуттуу концентрацияланышын тастыктап турат. Мындан тышкары, бул институттардын кызматкерлеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордон улам, мекемелерде олуттуу формалдуу эмес жүгүртүүлөр орун алып жаткандыгы далилдеген. Ушул проблемаларды чечүү үчүн секторду консолидациялоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарыл. Мында, ушул институттардын менчик ээлеринин консолидациялоо процессин туура түшүнүүсү өтө зарыл. Башкаруунун корпоративдик принциптерин жакшыртуу аркылуу секторду консолидациялоо, сектордун бардык катышуучуларына пайда алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары бул мекемелер, өз персоналынын кесиптик квалификациясын, анын ичинде жоопкерчиликтүү каржылоо жагында квалификациясын жогорулатуу процессин пландаштыруу зарыл.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгүн сунуштоодо колдонулган заманбап технологиялар, иштин кандайдыр бир деңгээлинин автоматташтырылышын талап кылат. Ошондуктан, ар бир мекеме бүгүнкү күндө өз ишинде натыйжалуу маалымат технологияларын колдонууга киргизүү маселесин чечүүгө аракеттенүүгө тийиш. Программалык камсыздоолорду сатып алуу жана тейлөө маселесинде кооперациялануу алардын өздүк наркын олуттуу төмөндөтүүгө жана ишти автоматташтыруу процессин алда канча жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Өкмөт микродеңгээлде «РСК Банк» ААКсы, «Айыл Банк» ААКсы жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы сыяктуу ири институттардын менчик ээси болуп саналуу менен бул иш чөйрөсүндө маанилүү катышуучу катары иш алып барат. «РСК Банк» ААКсы толук банктык лицензияга ээ, ал эми ушул Стратегиянын алкагында «Айыл банк» ААК жана Кыргызпочтасын өнүктүрүү маселеси кароого алынат.

Бүгүнкү күндө «Айыл банк» ААК микрокредиттерди сунуштоо жагында эффективдүү технологияга ээ институт болуп саналат. Мында, аны менчиктештирүү жана банк лицензиясынын чөйрөсүн кеңейтүү маселеси негизгиден болуп саналат.

Бүтүндөй өлкө боюнча ири сандагы бөлүмдөргө ээ Кыргызпочтасы, пенсияларды жана социалдык жөлөкпулдарды төлөө жагында өкмөттүн агенти катары иш алып барууда. Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр менен катар эле, башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү көпчүлүк алыскы региондордо алардын сунуштарын арттырууга өбөлгө түзмөк.

Ушул стратегиянын алкагында эки өкмөттүк институтту өнүктүрүүнүн бардык негизги маселелерин макулдашуу жана аларды натыйжалуу ишке ашыруу бүтүндөй экономиканы өнүктүрүүгө сыяктуу эле, микрофинансылоону өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

 

3.3.2 Инновациялык финансылык кызмат көрсөтүүлөр

Ислам банктык үлгүсү ислам мамлекеттеринде гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча кеңири жайылтылууда. Өлкө экономикасына инвестициялардын агылып кирүүсү жана сунушталып жаткан продуктылар чөйрөсүнүн кеңейүүсү Кыргызстанда ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүдөн күтүлгөн натыйжадан болуп саналат.

Ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү, ошондой эле диний ынанымынан улам салтка айланган финансылык институттардын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалана албай келген калктын катмарына башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ачат. Ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүдө сунушталып жаткан продуктылардын Шарият стандарттарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу, негизги маселеден. Мына ошондуктан, персоналды тиешелүү деңгээлде окутуу жана келишимдик базаны стандартташтырууну камсыз кылуу, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдөгү негизги маселелерден болуп саналат.

Сарптоолор/экономикалык натыйжа формуласы көз карашынан микрофинансылоону өнүктүрүү үчүн маанилүүдөн болуп, энергияны үнөмдөө жана курчап турган чөйрөнү коргоого негизденген заманбап технологиялар саналат.

Мына ушундай технологияларды пайдалануу же энергияны үнөмдөгөн материалдарды пайдаланган чакан өндүрүштү колдонууга киргизүүгө байланыштуу долбоорлорду каржылоо, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдар үчүн келечекти көздөгөн багыт болуп саналат.

Мына ушул уюмдардын ишинде жогоруда аталган продуктыларды кеңири жайылтуу стандарттык колдонмолорду жана аларды жүзөгө ашыруу боюнча маркетингдик иш-чараларды иштеп чыгууну талап кылат.

Микрофинансылык институттардын аманат (сактык) продуктыларынын начар өздөштүрүлүп жатышы, рынокто аларга карата суроо-талап менен сунушту изилдөөгө алуу зарылчылыгын таңуулоодо. Алынган натыйжалардын негизинде калайык-калктын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен стандарттык продуктыларды иштеп чыгуу жана аларды комплекстүү өздөштүрүү жагында чаралардын топтомун ишке ашыруу зарыл.

Бир катар продуктылар боюнча агенттик банкингге ылайык коммерциялык банктар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону активдештирүү зарыл.

 

3.3.3. Сектордун социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу

Микрофинансы секторунун кардарларынан Улуттук банкка ж.б. мамлекеттик мекемелерге келип түшкөн өтүнүч каттар бир жагынан - кардарлардын финансылык көз караштан сабатсыздыгына, ал эми экинчи жактан - кардардын кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн жана кредиттик келишимдин айрым бир шарттарынын кылдат иликтөөгө алынбашынан улам, олуттуу проблемалардын орун алып жаткандыгын далилдөөдө.

Микрофинансылык ортомчулардын иши кардарлардын финансылык абалынын туруктуулугун жана алардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга багытталууга тийиш. Анткени, бул мекемелердин өзүнүн туруктуулугу да, ошого жараша болот. Сектордун мекемелери деңгээлинде персоналды окутуу жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү, айрым компанияларда сыяктуу эле, бүтүндөй системада тобокелдиктердин келип чыгуу кооптуулугун басаңдатуу үчүн негизди түптөйт.

Кардарларынын максаттуу тобун - кирешеси аз калкты эске алуу менен бул мекемелер финансылык көрсөткүчтөрдүн стандарттары менен катар эле, иштин социалдык көрсөткүчтөрүнө баа берүүгө тийиш.

 

4. Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар

 

Стратегияны жүзөгө ашыруу жана стратегиялык милдеттерди аткаруу үчүн иш-аракеттер планы иштелип чыккан жана ал Стратегиянын бөлүгү катары берилип, бул ишке тартылган тараптарга, мамлекеттик органдарга макулдашылып, иш-чараларды каржылоо жана техникалык жардам көрсөтүү аркылуу алардын аткарылышын колдоого алган донорлор тарабынан жеткире иштелип чыккан.

2006 - 2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын4 жүзөгө ашыруудан топтолгон тажрыйбаны эске алып жана айрым өлкөлөрдүн бул багыттагы тажрыйбасын окуп-үйрөнүп, бекитилген регламентке ээ Координациялык кеңеш форматындагы коллегиалдуу органды түзүү зарылчылыгы келип чыгууда. Стратегиянын индикаторлоруна, иш-аракеттер планында камтылган иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана алынган натыйжаларга баа берүү ушул органдын милдетинен болуп саналат

Координациялык кеңеш, стратегияны жүзөгө ашыруу маселесин кароо, анын натыйжалуу ишке ашырылышы максатында, иш-аракеттер планына оңдоолорду киргизүү боюнча мамлекеттик органдарга сунуш киргизүү укугуна ээ болушу зарыл.

Координациялык кеңеш төмөнкү мекемелердин өкүлдөрүнөн турушу мүмкүн:

- Өкмөттүн Аппараты;

- Улуттук банк;

- Экономикалык тескөө министрлиги;

- Финансы министрлиги;

- Мамлекеттик финансылык көзөмөл;

- Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар ассоциациясы (макулдашуунун негизинде);

- Кыргызстан банктар союзу (макулдашуунун негизинде);

- Донорлордун өкүлдөрү (макулдашуунун негизинде).

Координациялык кеңештин иш үзгүлтүксүздүгүн жана анын

натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, анын туруктуу иштеп турган органын - катчылыгын түзүү максатка ылайыктуу. Координациялык кеңештин катчылыгы бардык таламдаш тараптардын ишинин координацияланышына жана ага колдоо көрсөтүүгө жоопкерчиликтүү болууга тийиш.

Катчылыктын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- микрофинансы секторунда өнүктүрүү боюнча маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу;

- Стратегияны жүзөгө ашыруунун натыйжаларын жана белгилүү бир чөйрөдө иштин жакшыруусун кошо карап микрофинансы секторунун өнүгүүсүн анализдөө;

- Координациялык кеңештин отурумдарын даярдоо жана аларды өткөрүүнү уюштуруу;

- Координациялык кеңештин коммуникациялык байланыштарын камсыз кылуу ж.б.

Эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, алардын каржылоосу жана техникалык жактан колдоого алуусу улуттук стратегия менен макулдашылып, анын колдонууга киргизилишине өбөлгө түзүүгө тийиш экендигине ынануусу зарыл. Алар өз салымын салыштырмалуу артыкчылыктарга таянып координациялоого тийиш.

Алар ишти кылдаттык менен алып барып, көп сандаган кардарларды туруктуу тейлөөгө алган жеке микрофинансылык ортомчулардын демилгесин колдоого алууга тийиш. Ушул эле принцип өкмөттүк программаларды ишке ашырууда да ырааттуу колдонулушу зарыл.

 

___________________________

1 «Айыл банк» ААКнын кредит портфелин эске алуу менен.

2 Айрым көрсөткүчтөрдү эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басылмаларынан алынган маалыматтар колдонулган.

3 Булагы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.

4 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөтүү стратегиясы ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу тобу өзүнүн акыркы 21-отурумунда жаны Стратегияны эффективдүү жүзөгө ашыруу максатында туруктуу иштеп турган катчылыкты менен коллегиалдуу органды түзүүнү сунуш кылган.

 

Кыскартылган сөздөрдүн тизмеги

 

АFI

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү алянсы (Бангкок ш.)

EBRD

Реконструкциялоо жана Өнүгүүнүн Европа банкы

CGAP

Consultative Group to Assist the Poor/Калктын жакыр жашаган катмарына жардам көрсөтүү боюнча консалтингдик топ

GIZ

Германия эл аралык кызматташуу коому

IDB

Ислам Өнүгүү Банкы

IFC

Эл аралык Финансы Корпорациясы

IMF

Эл аралык Валюта Фондусу

IFSB

Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңеши (Куала-Лумпур ш.)

KfW

Немец Өнүгүү Банкы

OECD

Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму (Париж ш.)

SWOT

Strength, weaknesses, opportunities and threats/ Таасирдүү жактары/алсыз жактары, мүмкүнчүлүктөр жана кооптонуулар

WB

Дүйнөлүк Банк

ДКА

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Депозиттерди коргоо агенттиги

ККСКА

Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясы

МФУА

Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы

ИДП (ИДӨ)

Ички дүң өнүм

Финкөзөмөл

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногунун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы

Байланыш агенттиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги

Маммүлкмин

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги

БИМ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

АЧМ

Кыргыз Республикасы Айыл-чарба министрлиги

ЭИМ

Кыргыз Республикасынын Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлиги

ЮМ

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги

ФМ

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги

МФИ

Микрофинансылык институттар (микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар)

МФУ

Микрофинансылык уюмдар (МКА, МКК, МФК - микрофинансылык уюмдар гана)

МФО

Микрофинансылык ортомчулар - микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдар (МФИ, коммерциялык банктар ж.б.)

МФБ

Микрофинансы борбору (Польша)

ЭТМ

Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги

УБ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

ККСКУС

Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук союзу

БӨУ

Бейөкмөт уюмдар

БЭФКМ

Банктык эмес финансы-кредит мекемелери

КМБ

Кредиттик-маалыматтык бюро

Кыргызпочтасы

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы

КС

Кредиттик союз

МЖТ

Мониторинг боюнча жумушчу тобу

РППУ

Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартууларды ордун жабууга резерв

КБС

Кыргыз банктар союзу

МӨС

2006 - 2010-жылдагы микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясы

БККК

Борбордук күрөөнү каттоо конторасы

ДКФ

Депозиттерди коргоо фондусу

КСКӨФК

«Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсы

 

1-тиркеме

 

Микрофинансы рыногундагы абалды иликтөөгө алуу боюнча кыскача отчёт

 

Бул изилдөө иши, Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун колдоосу менен Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын өтүнүчү боюнча «М-Vector» Консалтинг агенттиги тарабынан 2010-жылдын сентябрь-декабрь айларында жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасындагы микрофинансы секторунун абалына жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү изилдөө ишинин максаты болуп саналат.

Отчётто сектордун микро-, мезо, жана макро деңгээлдеги негизги көйгөйлөрү чагылдырылган. Бул тууралуу толук маалымат «Кыргыз Республикасынын микрофинансы секторун изилдөө» деген аналитикалык отчётто берилген.

 

Микродеңгээл

 

Микрокредиттерге карата суроо-талапка байланыштуу проблемалар.

1. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу менен жакырчылыкты кыскартуу, микрофинансылоонун негизги максаты болуп саналат. Калайык-калк арасында сурамжылоолордун натыйжасында, Кыргызстанда жашаган көпчүлүк үй-бүлөлөр микрокредиттерге муктаж экендиги айкын болгон. Ал эми калктын кыйла жакыр катмары жашаган айыл жергесинде кредиттерге карата талап, шаардагыдан да байкалаарлык жогору.

Ошондой болсо да, МФУлардан каалагандардын баары эле кредит ала алышпайт. Анын себептери төмөнкүлөр:

1) кредитти кайрып бере ала тургандыгына ишениминин жоктугу;

2) зарыл документтердин жоктугу;

3) зарыл болгон күрөөнүн жоктугу.

Финансылык каражаттарды мурда карызга алып көрбөгөн калайык- калктын, кредиттөөнүн шарттары сыяктуу эле, кредит алуу үчүн аткарылууга тийиш болгон талаптар жөнүндө да кабардар эместиги көп кездешет.

Ошондуктан, МФУларга кредиттик каражаттарды алуу үчүн кайрылуулар дайым эле максатына жете бербейт: аларды кредиттөө шарттары канааттандырбайт; потенциалдуу карыз алуучулар микрофинансылык уюмдардын талаптарына жооп бере алышпайт.

2. Айылдарда, чакан шаарларда кызмат көрсөтүүлөр инфраструктурасынын анчалык өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу, калайык калк, микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн кеңейтилишине кызыкдар болушууда. Бул жерде, эң оболу, сөз, акча которууларды кабыл алуу жана берүү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле валюта алмаштыруу жана депозиттик салымдарды кабыл алуу жөнүндө болууда.

3. МФУлардан мурда карыз алып жүргөн адамдар негизги проблемалар катары төмөнкүлөрдү аташат:

1) МФУлар жана КСлар тарабынан кредиттөөнүн адилетсиз негизде ишке ашырылышы (МФУлардын кызматкерлери карыз алуучуларга кредиттөө шарттарын толук түшүндүрбөгөндүктөн, кредиттердин «кымбатка» турушу);

2) карыз алуучулардын, ою боюнча кредиттерге карата пайыздын кыйла жогорулатылыш;

3) кредитти тариздеттирүү жана алуу процессинин татаалдыгы;

4) МФУнун кызматкерлери карыз алуучуларга кредитти тариздөө жана алуу учурунда дайыма эле квалификациялуу жардамдарды көрсөтө алышпай тургандыгы;

5) көпчүлүк чакан МФУларда карыз алуучулар кредит алуу үчүн кезек күтүп калышат (МФУларда кредиттөө үчүн финансылык каражаттар да жетишпей калган учурлар бар).

 

Сунуш-көрсөтмөлөр:

 

МФУ жана КСлар тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө калайык-калкты маалымдоо системасы өркүндөтүүнү талап кылат.

- МФУ жана КС ассоциацияларынын ресурстарын, ошондой эле МФУлардын кызмат көрсөтүүлөрүн потенциалдуу пайдалануучулардан болуп саналышкан калайык-калктын арасында окутууларды өткөрүү үчүн микрокаржылоо чөйрөсүндөгү донордук долбоорлорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо.

- Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар ассоциациялары, ошондой эле МФУлардын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырган органдар, акча которууларды кабыл алуу жана берүү, коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алуу, валюта алмаштыруу, депозиттик аманаттарды кабыл алуу сыяктуу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн микрофинансылык уюмдардын сунуштоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук актыларга кандай өзгөртүүлөр зарыл боло тургандыгын аныктоо.

- Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун ачык-айкындуулугун жана адилеттүү кредиттөөнү камсыз кылуу стандарттар системасын иштеп чыгуу.

- Микрофинансылык уюмдардын кредиттерди сунуштоо шарттары боюнча калайык-калк үчүн консультация берүү, ошондой эле карыз алуучуларды кредиттерди натыйжалуу пайдалануу эрежелерине окутуу системаларын уюштуруу.

- Микрокаржылоонун тиешелүү институттары микрокредиттерди алуу процессин тездетүү жана кредиттик документтерди тариздетүү жеңилдетүү жөнүндө маселесин кароо.

 

Микрокредиттөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоого байланыштуу проблемалар.

 

4. Кредиттөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо эле эмес, бүтүндөй алганда микрокаржылоо субъекттеринин иши да ачык-айкындуулукту камсыз кылууну талап кылат. Калайык-калк кредиттик кызмат көрсөтүүлөрдү кайдан алса болот (география), ар башка МФУлар кандай шарттарды сунушташат (салыштырмалуу маалыматтар), кайсы МФУлар кандай ыңгайлуу продуктыларга жана кызмат көрсөтүүлөргө ээ жана башка ушу сыяктуу маалыматтарды алууга кызыкдар.

5. Микрофинансылык уюмдарда кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу сунуштоо боюнча бир катар чектөөлөр орун алган:

1) алардын көпчүлүгүндө - кредит портфелинин өлчөмүнүн аздыгы;

2) башкаруу ишине жана инфраструктураны өнүктүрүүгө каражаттардын жетишсиздиги (бир катар учурларда муну, бул максаттарга жетүү үчүн финансы топтоо менен шартталган, сүткорчулук менен түшүндүрүүгө болот);

3) квалификациялуу адистердин жетишсиздигинен улам, менеджменттин начардыгы;

4) инфраструктуранын алсыздыгы.

6. Финансылык каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүндөгү чектөөлөр, микрофинансылык уюмдарда орун алган негизги проблемадан. Анын негизги себептери:

1) ресурстардын наркынын кымбаттыгы жана алардын МФУлар жана КСлар үчүн жетишсиздиги (көпчүлүк МФУларда «арзан» финансылык каражаттарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу);

2) чет өлкө инвесторлору тарабынан тартылган каражаттардан улам келип чыккан валюталык тобокелдиктерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;

3) калктан депозиттерди мобилизациялоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.

 

Сунуш-көрсөтмөлөр:

 

Микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга рейтинг ыйгаруу системасын иштеп чыгуу жана аны колдонууга киргизүү маселесин кароо.

- Бүтүндөй алганда, микрокаржылоо системасынын, микрокаржылоо субъекттеринин финансылык отчётторунун көрсөткүчтөрү, МФУлардын жана КСлардын продуктылары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө басылмалардын мезгилдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн арттыруу.

- Сектордун негизги катышуучуларынын жана донорлорунун ресурстарын пайдалануу аркылуу МФУлардын жана КСлардын кадрдык потенциалын жана инфраструктурасын чыңдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселесин кароого алуу.

- Кадрларды окутуу жана даярдоо. боюнча колдонуудагы системага МФУларды тартуу боюнча ишти күчөтүү.

- МФУлардын жана КСлардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу максатында, микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо стандарттарынын системасын иштеп чыгуу жөнүндө маселени кароого алуу;

- МФУ жана КСлар үчүн валюталык тобокелдиктерди тескөөнүн кошумча инструменттерин жайылтуу.

 

Мезодеңгээл

 

Финансылык ресурстар рыногу.

7. Көпчүлүк микрофинансылык уюмдар финансылык ресурстар рыногу, кайра каржылоо институттары жана кредит берилүүчү шарттар жөнүндө жеткиликтүү маалыматтарга ээ эмес, ошондуктан бул институттардын ичинен тандоону жүргүзүү алар үчүн кыйынга турууда.

8. Катышуучулардын сактык пайларын жана резервдерин эске албаганда, кредиттик союздардын финансылык ресурстары көбүнчө, Финансы компаниясы (ФКПРКС) аркылуу АБР кредиттик программасынан тартылат. Ошол эле учурда, Финансы компаниясынын өзүнүн ресурстук базасы чектелүү жана анын өнүктүрүү стратегиясы да иштелип чыккан эмес.

9. Микрофинансылык уюмдардын калктан аманаттарды жана депозиттерди мобилизациялоо проблемасы, Улуттук банктын шайкеш ченемдеринин жоктугунан улам, азыркыга чейин чечилбеген бойдон келүүдө. Депозиттик лицензия алууга потенциалдуу мүмкүнчүлүккө ээ микрофинансылык компаниялар, тиешелүү өтүнүч менен Улуттук банкка кайрылышпайт. Ички ресурстарды мобилизациялоо, көбүнчө капиталга салымдардын өсүшүнүн эсебинен жүрөт.

10. МФУлар системасында жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги, каттоодон өткөн, бирок кредиттөө иштерин жүзөгө ашырышпаган уюмдардын арбын санда болушунан көрүнүүдө.

11. Банк тутумунун валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө боюнча кызмат демек, түпкү керектөө үчүн кредиттердин наркынын жогорулоосунан көрүнүп, ошондой эле МФУлардын тышкы булактардан каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн да чектейт.

12. Микрофинансы секторунун субъекттеринин МФО же КС кредит портфелин күрөөсү алдында кайра каржылоо институттарынан кредит алуудагы мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү, олуттуу проблема бойдон калууда.

 

Сунуш-көрсөтмөлөр:

 

Микрофинансылык сектордун субъекттери үчүн кыйла жеткиликтүү болгон, финансы кызмат көрсөтүүлөр рыногунун ар кандай аспектилерин жана кайра каржылоо институттарынын ишин чагылдырган маалымат системасын түзүү.

- Кредиттик союздардын ресурстарынын тартыштыгы проблемасын чечүү үчүн Финансы компаниясын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу.

- МФУларга жана КСларга депозиттерди, анын ичинде талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди калайык-калктан мобилизациялоого өбөлгө түзүү системасын мыйзам чегинде түзүү.

- Коммерциялык банктарга валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө жагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча өбөлгө түзүү системасын иштеп чыгуу.

- МФУлардын жана КСлардын кредит портфелинин күрөөсү астында кредит алууу шарттарын жөнгө салган, ченемдик-укуктук базаларды иштеп чыгуу.

 

Ассоциацияларды жана апекстик институттарды өнүктүрүү.

 

13. Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, МФУлардын жана КСлардын бир катар жетекчилери микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар ассоциацияларынын бар экендиги жөнүндө билишпейт. Ал эми микрофинансылык секторду өнүктүрүүдө ассоциациялардын ролун ойношкон, көпчүлүк чакан МФУлар, ири өлчөмдөгү мүчөлүк жана кириш төлөмдөрүн төлөө зарылчылыгына байланыштуу, алардын мүчөсү боло алышпай тургандыгын белгилешкен.

14. Ассоциациялардын мүчөсү болуп саналышкан респонденттер (көбүнчө булар ири жана орто МФУлар) алардын ишинин канааттандырарлык эмес экендигин белгилешкен. Көбүнчө, төмөнкүдөй кемчиликтер көрсөтүлгөн:

1) микрофинансылык сектордо маселелердин жана проблемалардын жеткиликсиз чагылдырылышы;

2) МФУлардын кызматкерлерин окутууда бардык муктаждыктарды Эске алган, окутуу программасынын жеткиликсиз иштелип чыгышы;

3) өз мүчөлөрүнүн, айрыкча анын алкагында МФУлар иш жүргүзүшкөн ченемдик жана мыйзам чөйрөсүн (анын ичинде салыктык) жакшыртуу жагында кызыкчылыктарын коргоого ассоциациялардын жеткиликсиз катышуусу;

4) Донорлор, каржылоо булактары жөнүндө маалыматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын микрофинансы секторуна потенциалдуу инвесторлорду издөө жана аларды табуу иштерине көмөктөшүү боюнча иштердин канааттандырарлык эместиги;

5) МФУлардын жана КСлардын алардын ишине зарыл болгон, рейтингдик агенттиктердин, аудиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү, юридикалык консультациялар ж.б.у.с. сыяктуу кесипкөй кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар менен жеткиликсиз камсыз болушу;

6) МФУларда жол-жоболордун, кредиттик продуктулардын, саясаттардын жана башка усулдук жардамдардын иштелип чыгышына жардам берген усулдук китептердин жетишсиздиги.

15. Ассоциациялардын туруксуздугу, институционалдык потенциалдын начардыгы, алардын донорлорго көз карандылыгы олуттуу проблема болуп саналат.

 

Сунуш-көрсөтмөлөр:

 

МФУ жана КС ассоциациялары өзүнүн реалдуу жана потенциалдуу мүчөлөрүнүн ортосунда маалыматтык иштерди күчөтүшсүн.

- МФУ жана КС ассоциациялары өз мүчөлөрүнүн катарына МФУларды жана КСларды арбыныраак тартуу үчүн баа түзүү системасын (кириш жана мүчөлүк төлөмдөр, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы) оптималдаштыруу боюнча маселени максатка ылайыктуу карап чыгышсын.

- МФУ жана КС ассоциацияларынын институционалдык потенциалын, анын ичинде донорлордун ресурстарын тартуу менен күчөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу

 

Кредиттик бюро.

 

16. Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, МФУлардын жана КСлардын көпчүлүк жетекчилери Кредиттик бюронун бар экендигин да билишпейт. Ошол эле учурда. микрокаржылоо секторунун катышуучулары Кредиттик бюро сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалуулугун түшүнүшүп, аларды келечекте да пайдаланууну каалашат. Ошону менен бирге эле, учурда бул кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүндө төмөнкүдөй чектөөлөр орун алууда:

1) финансылык чектөөлөр чакан МФУларда мүчөлүк жана кириш төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;

2) маалымат алмашуу үчүн зарыл болгон, байланыш каналдарынан жана Интернеттен пайдалануудагы проблемалар.

17. Кредит таржымалы жөнүндө маалымат алмашуу процессинде да бир катар проблемалар орун алууда:

1) Кредиттик бюронун бардык эле мүчөлөрү маалыматты өз убагында сунуштоо боюнча милдеттенмелерин аткарышпайт;

2) карыз алуучулар жөнүндө маалымат базасынын толуктугу текшерилбейт, бул, маалымат сунуштоо шарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча инструменттердин жеткиликтүү өнүкпөгөндүгүн тастыктайт;

3) Кредиттик бюронун кызмат көрсөтүүлөрүнө баа түзүү, пайдалануучулардын кредит таржымалы жөнүндө толук маалыматты өз убагында алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө эмес, киреше алууга багытталган.

 

Сунуш-көрсөтмөлөр:

 

- Кредиттик бюро КБлардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар чөйрөсүнө көбүрөөк санда МФУларды жана КСларды тартуу үчүн баа түзүү системасын оптималдаштыруу маселени кароосу максатка ылайыктуу.

- Бардык кызыкдар тараптар Кредиттик бюро тууралуу мыйзам долбоору жана анын статусун аныктоо (коммерциялык эмес уюм же башка статус) боюнча иштерди улантууга тийиш.

 

Күрөөгө баа берүү жана күрөөлүк мүлктү каттоо проблемалары.

 

18. Кыймылсыз мүлктү микрокредиттерди камсыздоо катары кабыл алуу, али да болсо проблема жаратууда. Бул проблемалар эки мүнөзгө ээ: биринчиси, кыймылсыз мүлк бардык эле учурда тиешелүү негизде документтелген эмес; экинчиси, күрөөгө баа берүү областтык жана райондук борборлордо гана жүргүзүлөт, ушунун өзү зарыл документтерди берүү мөөнөтүн узартат.

19. Кыймылсыз мүлктү күрөө катары тариздетүү үчүн кардарлар орточо алганда 2-3 миң сом сарпташат, бул сумма калктын жакыр катмары үчүн, айрыкча айыл жергеси үчүн олуттуу эле болуп саналат.

20. Күрөөнү алып коюу процесси финансы секторунун көптөгөн катышуучулары үчүн узакка созулган татаал иш бойдон калууда. Соттун чечимин алуу процесси да бир жылдан ашыгыраак убакытка созулуп кетиши мүмкүн.

21. МФУлар үчүн бүгүнкү күндө жер үлүштөрүн жана айыл чарба багытындагы жерлерди күрөө катары тариздетүү да актуалдуу проблемадан болууда.

 

Сунуш-көрсөтмөлөр:

 

Айыл тургундарына күрөөлүк мүлктөрдү каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеринде барып, ири шаарларга жана борборго салыштырганда кыйла төмөн тарифтер боюнча сунуштоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароого алууга максатка ылайыктуу.

- Мамкаттоонун жана мамлекеттик нотариустардын айрым функцияларын айыл өкмөтүнүн деңгээлине өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароого алуу.

- Күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү соттон тышкаркы тартипте жүргүзүү мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.

- Айыл чарба секторун каржылоону өнүктүрүү үчүн күрөөгө коюлган айыл-чарба багытындагы жерлерден өндүрүүнү жүргүзүү жана аларды жалпы негизде сатуу мүмкүнчүлүгү менен бул багытта толук кандуу рынокту түзүү зарыл.

 

Макродеңгээл

 

Микрофинансылык секторду өнүктүрүү жагындагы саясат.

22. Бүтүндөй алганда, микрофинансы секторунун субъекттери микрокаржылоо жагындагы мамлекеттик саясатты колдойт.

Ошол эле учурда, мамлекеттин микрокаржылоо субъекттери үчүн айрым чектөөлөрдү белгилөө, сектордо маңызы боюнча рыноктук болуп саналган айрым процесстерди жөнгө салуу үчүн анын кредит саясатына таасир этүүгө аракет көрүп жаткандыгы байкалууда.

Ошондой эле, Өкмөттүн жеке сектор менен түздөн-түз атаандашкан жана микрофинансылык секторду өнүктүрүүнүн ордуна анын инфраструктурасына кедергисин тийгизген, айыл-чарба тармагына дем берүүгө багытталган айрым финансылык программаларынын контр продуктивдүүлүгүн белгилей кетүү зарыл.

 

Сунуш-көрсөтмөлөр:

 

Мамлекет микрокаржылоо секторунда саясатты алардын таламдарын эске алуу менен, ошондой эле рыноктук мамилелердин алкагында сектордун субъекттери менен тыгыз өз ара аракеттенүүнүн негизинде жүзөгө ашырууга тийиш. Мамлекеттин катышуусунун негизги багыттары: мыйзамдык базаны жакшыртуу, апекстик институттарды түзүүгө өбөлгө түзүү жана аларга фондуларды түзүү мүмкүнчүлүгүн берүү, инвестицияларды тартуу жана бүтүндөй алганда өлкө ичинде инвестициялык жагдайды жакшыртуу.

- Мамлекет жана сектордун бардык катышуучулары микрокамсыздандыруу, микрожыйым топтоо, акча которуулар ж.б. сыяктуу жаңы потенциалдуу микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, колдонууга киргизүү жана өнүктүрүү багытында иштөөгө тийиш.

 

Укуктук жана жөнгө салуу чөйрөлөрүн өнүктүрүү.

 

23. Микрокаржылоонун мыйзам чыгаруу базасын оптималдаштыруу анын өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизет.

24. Микрофинансылык сектордун эволюциялык өсүшү микрофинансылык уюмдун бир түрүнөн операцияларынын чөйрөсү кыйла кененирээк финансылык институттун башка бир түрүнө транформацияланышы мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларда трансформациялануу процессин жөнгө салган, карама-каршы нормалар орун алууда.

25. Учурда Кредиттик бюронун ишин жөнгө салуучу жана кардарлардын кредиттик тарыхы тууралуу маалыматтарды колдонуу нормалары иштелип чыккан эмес. Коммерциялык банктардын ишин мыйзамдык негизде регламенттөөнүн жактоочулары сыяктуу эле, ага каршы болгондор да кездешүүдө.

26. Микрофинансы уюмдарынын чет өлкө валюталарында кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн да чектеген укуктук проблемалар кездешет.

27. Күрөөнү каттоо органдарында кыймылдуу мүлктү милдеттүү түрдө каттоо талаптарын киргизүү, каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө негизги тоскоолдуктардын бири болуп саналат. Бул талаптар кредиттин наркынын кымбатташына алып келип, кредит алуу мөөнөтүн узартат жана кредитордун таламын коргоого ала албайт.

28. Көпчүлүк өлкөлөрдүн финансылык кооперативдерди өнүктүрүү жагындагы топтолгон тажрыйбасы көрсөткөндөй, кооперациянын потенциалын толук кандуу өнүктүрүү үчүн кредиттик союздар системасында таасирдүү өзү-өзү жөнгө салуучу уюмдардын түзүлүшү зарыл. Бул концепцияны ишке ашыруу үчүн мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш.

 

Сунуш-көрсөтмөлөр:

 

Микрофинансылык сектордун ченемдик-укуктук базасын оптималдаштыруу зарыл.

- Микрофинансы уюмдарынын бир түрүнөн финансы институтунун башка түрүнө трансформациялануу мүмкүнчүлүгү бул уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзам актыларында так чагылдырылууга тийиш.

- Кредиттик бюро тууралуу тиешелүү мыйзамдардын болушу, кредиттик тартиптин ролун күчөтүүгө жана потенциалдуу карыз алуучуларга тиешелүү маалыматтарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзүп, кардарларды коргоо принциптеринин бири болуп калат.

- Микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга чет өлкө валютасында кредиттерди сунуштоо мүмкүнчүлүгүн мыйзамдык негизде бекемдөө зарыл, ал сектордун субъекттерине өз тобокелдиктерин оптималдаштыруу, ошондой эле кардарлардын чет өлкө валютасындагы кредиттерге талабын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

- Микрофинансылык уюмдардын аманат, ошондой эле «талап боюнча төлөнүүчү» депозиттер жагында кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо мүмкүнчүлүгүн мыйзам чегинде бекитүү зарыл. Ошентип, микрофинансылык компаниялар стандартташтырылган кредиттик жана аманат продуктуларын иштеп чыгууга, ошондой эле карттык продуктуларды жана мобилдик банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

- Микрофинансылык уюмдарга уруксат берилген операциялардын тизмесин кеңейтүү, бүтүндөй алганда сектордун иш сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзмөк.

- Интернет-банкингди өнүктүрүү боюнча ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу зарыл.

- Кыймылдуу мүлктү мамлекеттик органдарда милдеттүү каттоодон өткөртүү нормаларын кайра карап чыгуу зарыл, анткени бул норма кредитордун, карыз алуучунун таламдарын коргобостон, тескерисинче, тараптар үчүн ашыкча сарптоолорду жаратат.

- Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алууну тездетүү зарыл.

- Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар тууралуу мыйзам нормаларын иштеп чыгуу процессин тездетүү зарыл.

- Микрокаржылоо секторунда көзөмөлдүктүн натыйжалуулугун арттыруу максатында, монополияга каршы жөнгө салууну өркүндөтүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоону камсыз кылуу, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн акыйкат атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу аркылуу, баа түзүүнүн рыноктук механизмдерин өнүктүрүү үчүн Улуттук банктын потенциалын арттыруу зарыл.

 

2-тиркеме

 

CGAP5 микрокаржылоонун негизги принциптери

 

1. Калктын жакыр катмары карыз алууларга гана эмес, ар кандай финансылык кызмат көрсөтүүлөргө да муктаж. Бардык эле адамдар сыяктуу, жакыр жашагандар да өзүлөрүнө ыңгайлуу жана кол жетээрлик баада сунушталуучу ар кандай финансылык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болушат. Түптөлгөн жагдайга жараша, жакыр жашагандарда кредиттер гана эмес, аманат кызмат көрсөтүүлөрү, акча которуулар жана камсыздандыруу да талап кылынат.

2. Микрокаржылоо - жакырчылык менен күрөшүүнүн күчтүү механизми. Алгылыктуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү жакыр жашагандардын кирешелерин көбөйтүүгө, активдердин базасын түзүүгө жана тышкы таасирлерге ийкемдүүлүгүн төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. Микрокаржылоо - жакыр жашаган үй чарбаларына эптеп күн кечирүүдөн, жакшы жашоону пландаштырууга өтүүсүнө өбөлгө түзүп, алардын талаптагыдай тамактануусуна, жакшы жашоого, ден соолугун чыңдоого жана балдарынын билим алуусуна инвестиция жумшоого өтүү максатын көздөйт.

3. Микрокаржылоо жакыр жашагандарды тейлөө үчүн финансы системаларын түзүүнү түшүндүрөт. Көпчүлүк өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө калктын олуттуу үлүшүн жакыр адамдар түзөт. Ошондой болсо да жакыр жашагандардын басымдуу бөлүгү негизги финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жетишсиздигинен кыйынчылыкка туш болууда. Көпчүлүк өлкөлөрдө микрокаржылоону маргиналдык сектор катары, биринчи кезекте донорлор, мамлекет жана социалдык инвесторлор үчүн коомдуу өнүктүрүү боюнча жүк катары кабылдануусу уланууда. Микрокаржылоо - калктын жакыр катмарынын кеңири чөйрөсүн камтуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн финансы секторунун ажырагыс бөлүгү болууга тийиш.

4. Финансылык өзүн-өзү актай алуу мүмкүнчүлүгү калктын жакыр жашаган катмарынын толук камтуусу үчүн зарыл. Жакыр жашагандардын көпчүлүгү жеке адамдарды тейлөөгө алган, иши жөнгө салган финансылык ортомчулардын жетишсиздигинен улам финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана албай келет. Албетте, финансы жагынан өзүн-өзү актай алган мекемелерди түзүү - башкы максат эмес. Бул болгону, донордук агенттер камсыз кыла алган олуттуу таасир эте алуу жолу. Өзүн-өзү актай алуучулук - микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын өз сарптоолорун жаба алуу мүмкүнчүлүгү. Ал, микрофинансылык уюмдарга ишин улантып, калктын жакыр жашаган катмарына узак убакыт бою финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосуна өбөлгө түзөт. Финансылык өзүн-өзү актай алуучулукка жетишүү операциялык сарптоолорду төмөндөтүү, кыйла өркүндөтүлгөн продуктуларды жана кардарлардын керектөөсүнө төп келген кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана калктын аярлуу катмарынын мурда пайдалана албай келген кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнө жетүүнүн жаңы жолдорун издөө дегендикти түшүндүрөт.

5. Микрокаржылоо түшүнүгү иши туруктуу жөнгө салынган жергиликтүү финансылык мекемелерди түзүү дегендикти билдирет. Калктын аярлуу катмары үчүн финансы системасын калыптандыруу, жакшы бутуна турган, таасирдүү иштеп кеткен жергиликтүү финансылык ортомчулуктарды түзүүнү көздөйт. Мындай мекемелер ичтен депозиттерди, сырттан кредиттерди тартууга жана пайдаланууга, ошонун аркасынан ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону камсыз кылышы зарыл.

Донорлордон жана мамлекеттик каржылоодон, анын ичинде мамлекет тарабынан каржыланган Өнүктүрүү банкынан көз карандылык, жергиликтүү финансы мекемелеринин жана менчик капитал рыногунун чыңдалышына жараша, бара-бара кыскарып отурат.

6. Микрокредиттөө универсалдуу чечим болуп саналбайт. Микрокредит бардык эле жагдайды чечип бербейт. Кирешеге ээ эмес, кредит төлөөгө да мүмкүнчүлүгү жоктор колдоого алуунун башка формаларына муктаж. Көпчүлүк башка учурларда бир аз өлчөмдөгү гранттар, инфраструктураны өнүктүрүү, ишке орноштуруу, окутуу программаларын жана ушул сыяктуу финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөр жакырчылыкты кыскартуунун эң эле ыңгайлуу инструментинен. Албетте, мына ушундай финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөр жыйым топтоо менен коштолуп турушу зарыл.

7. Пайыздык чендерди чектөө-калктын аярлуу катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусуна тоскоолдук кылышы - мүмкүн. Көптөгөн аз өлчөмдөгү займдарды сунуштоо ири өлчөмдөгү займдарды берүүгө караганда, алда канча кымбатка турат. Эгерде, микрокредиттик уюмдар банктардын орто ченине караганда, кыйла жогорулатылган пайыздарды кармап калбаса, алар өз чыгашаларынын ордун жаба албай калат. Алардын өзүн-өзү актай алуу мүмкүнчүлүгү болоор-болбос субсидияланган каржылоодон көз каранды бойдон калат. Эгерде мамлекет пайыздык чендерди жөнгө салган болсо, алар микрокредиттөөнү өзүн-өзү актай алууга мүмкүндүк бербеген деңгээлде белгиленет. Ошол эле учурда, микрокредиттик уюмдар операциялык натыйжасыздыкты (пайыздык чен жана башка төлөмдөрдү) акчалай түрүндө кардарлардын мойнуна жүктөп коюуга тийиш эмес.

8. Мамлекеттик ролу түздөн-түз финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн эмес, ага түрткү берүүдөн көрүнүүгө тийиш. Жергиликтүү өкмөт финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, ошол эле учурда аярлуу катмардын топтомунун жыйымын коргой алган, ыңгайлуу саясий чөйрөнү түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Мында негизгиси, мамлекет микрофинансы үчүн макроэкономикалык туруктуулукту колдоого, пайыздык чендердин чектелишине жол бербөөгө жана рынокко өзүн-өзү актай албаган, субсидиядан көз каранды кредиттөө программаларынын тартылышына бөгөт коюуга тийиш. Мамлекет ошондой эле, ишкерлер үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү, коррупцияга жол бербөө жана рынокко, ошондой эле инфраструктурага аралашууга мүмкүндүк түзүү аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөргө колдоо көрсөтүшү мүмкүн. Өзгөчө жагдайларда гана мамлекет, башка каражат булактары жок болсо иши жакшы жөнгө салынган, көз карандысыз микрофинансылык мекемелерди каржылоого алышы ыктымал.

9. Донорлордун субсидиясы жеке сектордун капиталы менен атаандашпастан, аны толуктоого тийиш. Донорлор кредиттөөнүн жана кыска мөөнөттүк негизде капиталга инвестициялоонун тиешелүү инструменттерин финансы мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, көмөкчү инфраструктураларды өнүктүрүүгө (рейтингдик агенттиктер, кредиттик бюролор, аудитордун компаниялар ж.б.) өбөлгө түзгөндөй негизде пайдаланып, эксперименталдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана продуктуларды колдоого алууга тийиш. Айрым учурларда калкынын саны чектелүү алыс жайгашкан региондорду толук камтуу максатында, узак мөөнөткө каралган жардамдар сунушталышы мүмкүн. Кыйла натыйжалуу ишке жетишүү үчүн донордук каржылоо жергиликтүү рынокторго аралашуу жолун таап, долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу процессине адистерди тартып, финансылык мекемелерден жана башка өнөктөштөрдөн колдоону улантуу үчүн тиешелүү шарт катары көрсөткүчтөрдүн минималдуу стандарттарга ылайык келүүсүн талап кылышы мүмкүн.

10. Уюштуруучулук мүмкүнчүлүктүн жана адам ресурсунун жетишсиздиги негизги тоскоолдук. Микрокаржылоо - социалдык жана финансылык максаттарды айкалышта караган жөнгө салуу жана көзөмөлдөө органдары жана маалымат системалары аркылуу финансылык мекемелерден өкмөттүк өнүктүрүү кызматтары жана донордук агенттиктерге чейинки деңгээлдерде иш мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү караган адистештирилген чөйрө. Секторго багытталган мамлекеттик сыяктуу эле, жеке инвестициялардын көпчүлүгү мына ушул уюмдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталышы зарыл.

11. Финансылык ачык-айкындуулук жана маалыматтардын тактыгы өтө маанилүү. Бул мекемелердин финансылык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча стандартташтырылган салыштырууга боло турган маалыматтар зарыл фактордон. Банктык көзөмөлдүктү жана жөнгө салууну жүзөгө ашырган органдар, донорлор инвесторлор жана эң маанилүүсү ушул мекемелердин кардарлары болуп саналган калктын аярлуу катмары ошол маалыматтарга муктаж, анткени орун алган тобокелдиктерге шайкеш баа берүү жана келечекти көздөгөн пландарды түзүү үчүн бул маалыматтар зарыл.

 

“3-тиркеме

 

Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планы

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы № 369/7 токтомуна ылайык)

 

I. Макродеңгээл: саясий, укуктук жана жөнгө салуу чөйрөсү

1-стратегиялык багыт: Мамлекеттин микрокаржылоону өнүктүрүү саясаты

Күтүлүп жаткан натыйжалар

Иш-чаралар (ишке ашыруу формасы)

Жоопкерчиликтүү орган

Өнөктөштөр, донорлор

(макулдашуу боюнча)

Мөө-нөтү (жыл-дар)

1

Кыргыз Республикасында алдыңкы эл аралык тажрыйбага ылайык финансы секторун өнүктүрүү

Алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү үчүн эл аралык уюмдар тарабынан түзүлгөн иш-чаралардын алкагында пикир алмашуу боюнча жолугушууларды уюштуруу жана катышуу

УБ, ЭМ,

ФМ, Финкөзөмөл

AFI, KfW, камсыздандыруу-дан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча демилгечи топ

2014-2015

2

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо принциптери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу

 

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо принциптери боюнча материалдарды таратуу

 

Улуттук деңгээлде тематикалык семинарларды уюштуруу

 

УБ, ЭМ

 

 

 

УБ, Финкөзөмөл,

ЭМ

Ассоциациялар, КМБ, IFC

 

 

Ассоциациялар, GIZ, IFC жана башка өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр (SMART компаниясы)

2014-2015

 

 

2014-2015

3

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселеси боюнча координациялык кеңешмени уюштуруу

 

 

 

 

Улуттук деңгээлде финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча программасын иштеп чыгуу

 

УБ, ФМ, ЭМ, БИМ, Финкөзөмөл

 

 

 

 

 

 

 

Координациялык кеңештин секретариаты, УБ, ЭМ, БИМ, Финкөзөмөл

Ассоциациялар, Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар, МФБ, IFC, OЕCD, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

Ассоциацииялар, Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар, МФБ

 

2014-2015

 

 

 

 

 

 

 

2014-2015

4

Эл аралык жана жергиликтүү инвесторлор үчүн финансы секторунда инвестициялык жагдайды жакшыртуу

Инвестициялык жагдайды жакшыртуу максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн нормативдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу

 

ЭМ, УБ

 

 

Ассоциациялар

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

 

2-стратегиялык багыт: Укуктук жана жөнгө салуу чөйрөсү

5

Жаңы финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү

Жаңы финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу

 

Ислам микрокаржылоо продуктулары боюнча ченемдик укуктук актылардын жана типтүү документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу

 

Жаңы финансылык продуктулар боюнча семинарларды өткөрүү

УБ, Финкөзөмөл

 

 

 

 

 

УБ, ЭМ

 

 

 

 

 

УБ, ЭМ

Ассоциациялар, WB

 

 

 

 

Ассоциациялар, IDB

 

 

 

 

Ассоциациялар, WB

2014

 

 

 

 

 

2014

 

 

 

 

 

2014-2015

6

Күрөө жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү

“Күрөө жөнүндө” Мыйзамга жана башка мыйзамдык актыларга кредиттөө (микрокредиттөө) процессин жөнөкөйлөштүрүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн нормативдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу

УБ, ЭМ

 

 

УБ, Ассоциациялар, WB, IFC, EBRD

2014

 

 

 

7

Микрокаржылоо институттары үчүн финансылык ресурстарды тартуу булактарын кеңейтүү

Финансылык апекстик мекемелер үчүн жөнгө салуу ченемдери боюнча сунуштарды даярдоо

УБ

Ассоциациялар

2014-2015

8

Аралыктан туруп иш алып барган (филиалдарсыз эле) жана агенттик банкингди колдонууга киргизүү

Электрондук акча жана агенттик банкинг концепциясы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу

 

Ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу концепцияларды ишке ашыруу

УБ, ЭМ

 

 

 

 

УБ, ЭМ

Ассоциациялар, IFC

 

 

 

Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014

 

 

 

 

2014-2015

9

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар үчүн микрокамсыздандыруу жагында укуктук жана жөнгө салуучу чектерди иштеп чыгуу

 

 

Микрокамсыздандыруу кызматына карата суроо-талап жана сунуш жагында иликтөө иштерин жүргүзүү

 

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочуларга микрокамсыздандыруу компанияларынын агенти катары иш алып баруусуна уруксат берүү үчүн укуктук тоскоолдуктарга баа берүү

 

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочуларга микрокамсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу

Финкөзөмөл, ЭМ, УБ

 

 

 

Финкөзөмөл, ЭМ, УБ

 

 

 

 

 

 

Финкөзөмөл, ЭМ, УБ

Ассоциациялар

 

 

 

 

Ассоциациялар

 

 

 

 

 

 

 

Ассоциациялар

2014

 

 

 

 

2015

 

 

 

 

 

 

 

2015

10

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулардын ар кандай типтери үчүн трансформациялануу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу

МВКУ трансформациялануу маселелери боюнча семинарларды өткөрүү

УБ

Ассоциациялар

 

2014-2015

11

Финансы секторундагы ишти жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү

Микрокаржылоо институттарынын айрым типтери үчүн өзүн-өзү жөнгө салуу концепциясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу

 

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулардын бардык типтери үчүн жөнгө салуу ишин шайкеш келтирүү

КСФК, УБ

 

 

 

 

 

УБ

Ассоциациялар, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

Ассоциациялар

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

12

Кредиттик бюролордун ишин тескөөгө алган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу

 

“Кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана Кредиттик бюролордун ишин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга катышуу

УБ, ЭМ

 

Кредиттик бюро, Ассоциациялар, IFC

2014

13

Финансылык кызматтарды сунуштоо эрежелерин иштелип чыгышын караштыруу менен финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ченемдик укуктук базаны түзүү

Мыйзамдарга керектөөчүлөрдүн укугун коргоонун универсалдуу принциптерин этап боюнча интеграциялоо

 

УБ, ЭМ, Финкөзөмөл

 Ассоциациялар

2014-2015

14

Банк операцияларын жөнгө салган мыйзамдарды шайкеш келтирүү

Финансылык институттардын түрлөрүн жөнгө салуудан иш багыттарын жөнгө салууга өтүү маселесин кароо

УБ, ЭМ

 

 

 

Ассоциациялар

 

 

 

2014-2015

 

 

3-стратегиялык багыт: Өкмөттүн финансылык жана колдоого алуучу программалары

15

Айыл чарба техникаларын алгылыктуу шарттарда лизингге берүү механизмин түзүү

Лизингди колдонуу тажрыйбасын иликтөөгө алуу жана өлкөдө аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу

 

Айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу

ЭМ, АЧММ,

ФМ

 

 

 

АЧММ, ЭМ,

ФМ

KfW, Айыл банк, КСФК (ФККС)

 

 

 

УБ, ассоциациялар, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014

 

 

 

 

2014-2015

4-стратегиялык багыт: Жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү органдын потенциалын арттыруу

16

Жөнгө салуу жана көзөмөлдөө

органынын потенциалын арттыруу

 

Персоналды кесиптик даярдыктан өткөрүү боюнча программаларды ишке ашыруу.

 

Борбордук банктардын региондо жана анын чегинен тышкары кызматташуусун илгерилетүү. Пикир алмашуу жагында региондук жолугушууларды уюштуруу.

 

Микрокаржылоо институттарынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторун топтоо жана иштеп чыгуу процессин автоматташтыруу.

 

Ислам микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулардын ишине көзөмөл жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу жана көзөмөл органын окутуу/ өнүктүрүү

УБ

 

 

 

УБ

 

 

 

 

 

 

УБ

 

 

 

 

 

 

УБ

Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

 

 

WB

 

 

 

 

 

 

IDB, IFSB

2014-2015

 

 

2014-2015

 

 

 

 

 

2014- 2015

 

 

 

 

 

2014-2015

5-стратегиялык багыт: Стратегияны координациялоо жана ага мониторинг жүргүзүү

17

Секторду өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү үчүн мамлекет менен жеке сектордун ортосунда иш-чараларды координациялоо

Координациялык кеңештин ишин камсыз кылуу

Координациялык кеңештин катчылыгы, УБ

Ассоциациялар, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

 

 

2014-2015

II. Мезодеңгээл: Финансылык инфраструктура жана дүң кредиттөө

6-стратегиялык багыт: Ассоциациялардын/апекстик мекемелердин потенциалын өнүктүрүү

18

Атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу

Ассоциацияларды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу

МФУА, ККСКУС (макулдашуу боюнча), КСККА (макулдашуу боюнча)

Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

19

Финансылык апекс функцияларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү (кайра каржылоо, гарантияларды берүү, чет өлкө валюталары менен операциялар үчүн хеджингдик инструменттер)

КСФКны альтернативдүү булактардын эсебинен каржылоо мүмкүнчүлүгүн караштыруу

 

КСФКнын ишинде башкаруунун интеграцияланган маалымат системасын колдонууга киргизүү.

 

Финансылык апексти өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу жана аны капиталдаштыруу.

 

 

Ресурстук базаны кеңейтүү жана микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулардын институттук калыптанышын колдоого алуу үчүн узак мөөнөттүк ресурстарды берүү

 

Микрокаржылоо уюмдары үчүн дүң кредиттөө жана хеджингдик операцияларды кеңейтүү үчүн ыкманы аныктоо

 

Ислам микрокаржылоосу үчүн техникалык колдоо жана апекстик функциялардын милдеттүү кызматтарын иштеп чыгуу

КСФК (макулдашуу боюнча),

УБ

 

 

КСФК (макулдашуу боюнча)

 

 

 

КСФК (макулдашуу боюнча), кредиттик союздар (макулдашуу боюнча)

 

Критерийлерге жооп берген микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар (макулдашуу боюнча)

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

 

 

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

 

WB

 

 

 

 

WB

 

 

 

 

Инвесторлор, IFC, EBRD

 

 

 

 

KfW, EBRD

 

 

 

 

 

 

 

GIZ, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

IDB, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

 

 

 

2014-2015

 

 

 

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

2014-2015

7-стратегиялык багыт: Финансылык продуктуларды өнүктүрүүгө жана ички ресурстарды мобилизациялоого өбөлгө түзүү

20

Микрокаржылоо институттарынын өздүк жыйымдарын мобилизациялоону колдоо максатында инфраструктурасын жакшыртуу

Микрофинансылык компаниялардын жана кредиттик союздардын депозиттерин коргоо тутумун киргизүү үчүн баштапкы чаралардын программасын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу

ДКА (макулдашуу боюнча), УБ,

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча),

МФУ (макулдашуу боюнча)

 

Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

 

2014-2015

 

 

 

21

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар арасында толук кандуу финансылык ортомчулардын үлүшүн арттыруу

 

Суроо-талап жана сунуш жагында жыйым топтоо маселелери боюнча иликтөө жүргүзүү.

 

Депозиттик продуктулар жана маркетинг боюнча программаларды иштеп чыгуу жана окутуу.

 

Ассоциациялар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча стратегияда жактырылган иш-аракеттерди (жыйымдарга тиешелүү) жүзөгө ашыруу

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

 

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

 

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

УБ, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

Окуу борборлору, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

Өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

2014-2015

22

Эмгек мигранттарынын акча которууларынын эсебинен жыйымдардын үлүшүн көбөйтүү

 

Эмгек мигранттарынын жамааттары менен жолугушууларды уюштуруу, микрокаржылоо институттарынын продуктуларын алар аркылуу жылдыруу.

 

Эмгек мигранттарында финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн финансылык түзүмдөрдү түзүүгө көмөктөшүү

 Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), ЭМЖМ

 

 

 

 

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), ЭМЖМ

Мигранттардын шериктештиктери

 

 

 

 

 

 

УБ

2014-2015

 

 

 

 

 

 

2014-2015

 

23

Агенттик банкингдин натыйжалуу ишин камсыз кылуу

 

Биргелешкен финансылык продуктуларды жайылтуу жагында кызматташуу схемаларын (агенттик схемаларды) талкуулоону уюштуруу

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), Банктар союзу (макулдашуу боюнча)

УБ, AFI

2014-2015

24

Дүң кредиттөө көлөмүн көбөйтүү

 

Дүң кредиттөө механизмдерин иштеп чыгуу

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), ОЮЛ “Кыргызстандын Банктар союзу” (макулдашуу боюнча)

УБ, AFI, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

8-стратегиялык багыт: Кредиттик маалымат

25

Кредиттик маалыматтарды берүү боюнча заманбап кызматтарды көрсөтүү

Кредиттик маалымат алмашуу жагында алдыңкы эл аралык тажрыйбаны жайылтуу

Кредиттик бюро (макулдашуу боюнча)

Ассоциациялар, УБ, IFC

2014-2015

9-стратегиялык багыт: Техникалык кызматтарды көрсөтүүчүлөр жана сектордун инфраструктурасын иштеп чыгуу

26

Экинчилик институттар тутумунун иштеши (аудит, маалыматтык технологиялар боюнча технологиялык кызмат көрсөтүүлөр, рейтинг ж.б.)

 

Микрокаржылоо секторунда аудитти өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу.

 

 

 

 

 

Маалымат технологиялары жана башка кызмат көрсөтүүлөр боюнча түзүмдөрдү түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо

Кредиттик союздардын ассоциациясы (ККСКУС, ККСКА) (макулдашуу боюнча)

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

 

Финкөзөмөл, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

 

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр, WB, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

 

 

 

 

 

 

2014

27

Жеке сунуштоочулар тарабынан сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу (аудит, маалыматтык технологиялар жагында технологиялык кызмат көрсөтүүлөр, рейтинг ж.б.)

Микрокаржылоо институттарынын кеңири чөйрөсү үчүн

башкаруунун интеграцияланган маалымат тутумун иштеп чыгуу же сатып алуу жана ыңгайлаштыруу.

 

Микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн рейтингдерди иштеп чыгуу (рейтингдик кызмат көрсөтүүлөр)

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

 

 

 

 

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), рейтингдик агенттиктер (макулдашуу боюнча)

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

 

 

 

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014

 

 

 

 

 

 

 

2014-2015

10-стратегиялык багыт: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо

28

Рыноктун катышуучулары керектөөчүлөрдүн укугун коргоо принциптерин түшүнүүсүн камсыз кылуу

Рыноктун катышуучулары үчүн семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

EBRD, Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

29

Ассоциациялардын этикалык стандарттарды жана социалдык таасир этүү көрсөткүчтөрүн кабыл алуусу

Алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен социалдык таасир этүү көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана аларды иште колдонуу

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар (макулдашуу боюнча)

EBRD, Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

30

Керектөөчүлөрдүн арыздарын кароонун жана пикир келишпестиктерди финансы секторунун деңгээлинде чечүүнүн өркүндөтүлгөн механизмдерин түзүү

Керектөөчүлөрдүн арыздарын кароонун жана пикир келишпестиктерди чечүүнүн механизмдерин жакшыртуу боюнча макулдашылган чечимдерди ишке ашыруу

 

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), УБ

 

 

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

III. Микродеңгээл: Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр, кызмат көрсөтүүлөр жана кардарлар

11-стратегиялык багыт: Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын арттыруу

31

Корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү

 

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочуларда корпоративдик башкаруу маселелерине изилдөө жүргүзүү жана корпоративдик башкаруунун мыкты тажрыйбаларын жайылтуу

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар (макулдашуу боюнча)

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр,

IFC

 

2014-2015

 

32

Микрокаржылоо уюмдарынын жетекчилиги жана штаты үчүн окутуу программаларын жана адам ресурсун өнүктүрүү боюнча башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу

Персоналдын квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларын пландаштыруу жана ишке ашыруу

 

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар (макулдашуу боюнча), Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

33

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулардын ишин автоматташтырууну күчөтүү

Программалык камсыздоо үчүн техникалык тапшырмаларды иштеп чыгууда жана аларды сатып алууда кооперация.

 

 

Ишти автоматташтыруу үчүн иш-аракеттерди жана сарптоолорду пландаштыруу.

 

 

 

Депозиттик кредиттик союздардын ишинде башкаруунун маалыматтык тутумун жайылтуу

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар (макулдашуу боюнча)

 

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар (макулдашуу боюнча)

 

Кредиттик союздар (макулдашуу боюнча)

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

 

Ассоциациялар, Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

Ассоциациялар, WB

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

34

Тобокелдерди башкаруу тутумунун натыйжалуулугун арттыруу

 

Финансылык тобокелдерди башкаруу жагында тастыктоо боюнча программаны киргизүү

 

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар (макулдашуу боюнча), УБ

IFC

2014-2015

35

Кардарлардын кеңири чөйрөсү ээси болуп саналган жеке институт катары «Айыл банктын» натыйжалуу иши

“Айыл банк” ААКны өнүктүрүү стратегиясын менчиктештирүү программасы менен кошо иштеп чыгуу.

 

“Айыл банк” ААКны өнүктүрүүнүн кабыл алынган стратегиясын жана менчиктештирүү программасын ишке ашыруу.

 

Ликвиддүүлүктү колдоо үчүн кредиттик сызык берүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу

“Айыл банк” ААК (макулдашуу боюнча), ММБФ, ЭМ, УБ, ФМ

 

“Айыл банк” ААК (макулдашуу боюнча),

ММБФ

 

 

ФМ, УБ, ЭМ

 

WB

 

 

 

 

WB

 

 

 

 

 

WB

2014

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

36

“Кыргыз почтасы” МИ тарабынан кардарлардын кеңири чөйрөсүнө сапаттуу финансылык кызматтардын көрсөтүлүшү

Айрым банк операцияларын жүргүзүүгө уруксаттама берүү программасы менен кошо, “Кыргыз почтасы” МИни өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу.

 

Кабыл алынган стратегияны жана уруксаттама программасын жүзөгө ашыруу

ТКМ, “Кыргыз почтасы” МИ (макулдашуу боюнча), ММБФ, ЭМ, УБ

 

 

ТКМ, “Кыргыз почтасы” МИ (макулдашуу боюнча), ММБФ, УБ

WB

 

 

 

 

 

 

WB

2014-2015

 

 

 

 

 

2014-2015

12-стратегиялык багыт: Инновациялык финансылык кызмат көрсөтүүлөр

37

Ислам принциптеринин негизинде банкингди жана микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү

Ислам каржылоо принциптеринин негизинде банктык продуктулар (микрокаржылоо) боюнча колдонмону иштеп чыгуу.

 

Ислам каржылоо принциптеринин негизинде банктык продуктулар (микрокаржылоо) менен иштөөгө персоналды окутууну пландаштыруу жана окутуу.

 

 

 

Ислам банкинги боюнча ички ченемдик базаны иштеп чыгуу.

 

 

 

 

 

 

 

Исламдык микрокаржылоо боюнча туруктуу кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана өнүктүрүү

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча),

 

 

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча), ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча), ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча), ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

ЭМ, УБ, IDB, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

 

 

 

 

IFSB

 

 

 

 

 

 

 

 

IDB, Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

 

 

 

 

2014-2015

38

«Экологиялык» каржылоо тутумун иштеп чыгууну камсыз кылуу (энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында көрсөтүлүүчү финансылык кызматтар)

Энергияны үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо технологияларын колдонууга киргизүүнү караштырган финансылык продуктуларды каржылоо боюнча колдонмону иштеп чыгуу.

 

 

Окуу семинарларын өткөрүү жана новацияларды өздөштүрүү

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча), микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

IFC, Швейцариялык бюро

 

 

 

 

 

 

IFC, Швейцариялык бюро

2014-2015

 

 

 

 

 

 

 

2014-2015

39

Турак-жайды кредиттөө чөйрөсүндө иштеген менчик финансылык институттардын ишин кеңейтүү

Турак-жайды кредиттөө боюнча колдонмону иштеп чыгуу

 

 

Турак-жайды кредиттөө технологиясы боюнча семинарларды өткөрүү

 

 

 

Бул продуктуну каржылоо жана андан ары илгерилетүү

 

Ассоциациялар (макулдашуу боюнча),

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

KfW

 

 

 

KfW

 

 

 

 

 

KfW

2014

 

 

 

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

40

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн жыйымдарынын көлөмүн көбөйтүү

Аманат продуктуларын иштеп чыгуу

 

 

 

 

Аманат продуктуларын жайылтуу үчүн маркетингдик акцияларды өткөрүү

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

Ассоциациялар, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

Ассоциациялар, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

41

Акча которуулар боюнча кызматтарды жана микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр тарабынан агенттик келишимдер боюнча аткарылуучу башка финансылык кызматтарды көрсөтүү

Коммерциялык банктар менен агенттик келишимдерди түзүү

 

 

 

 

Продуктулар тизмегин жана кардарлар базасын кеңейтүү үчүн маркетингдик акцияларды өткөрүү

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

Ассоциациялар

 

 

 

 

 

Ассоциациялар

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

13-стратегиялык багыт: Сектордун социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу

42

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн ишине жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин киргизүү

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн персоналынын жоопкерчиликтүү каржылоо боюнча семинарларга катышуусун пландаштыруу.

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн кредит саясатына жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин киргизүү. Бул принциптерди келишимдик документтер аркылуу ишке ашыруу

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча),

 

 

Микрокаржылоо кызматтарын сунуштоочулар (макулдашуу боюнча), ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

 

 

 

 

Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

 

 

 

 

 

2014-2015

43

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн ишинин социалдык көрсөткүчтөрүн колдонуу жана баа берүү

Иштин социалдык көрсөткүчтөрүн пландоо жана баа берүү

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

Ассоциациялар,

өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр

2014-2015

 

44

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн ишинде социалдык бизнес моделдерин пайдалануу

Социалдык бизнестин ар кандай моделдерин изилдөө

 

 

 

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн ишинде социалдык бизнестин моделдерин колдонуу

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

 

Микрокаржылоо кызматтарын көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча)

Ассоциациялар

 

 

 

 

 

Ассоциациялар

 

 

2014-2015

 

 

 

 

2014-2015

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
2012-жылдын 28-февралындагы
 № 150/40/6 токтому менен бекитилген

 

Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо жана Кыргыз Республикасында микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында Микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
 жобо

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) микрокаржылоону өнүктүрүү жана калктын кирешеси аз катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн туруктуу пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн Микрокаржылоону 2011 - 2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды иштеп чыгуу/даярдоо аракеттерин координациялоону камсыз кылган, координациялык жана консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

2. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

мамлекеттик органдардан кызмат абалы боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы - Кеңештин теңтөрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгын тескөөчү) - Кеңештин теңтөрагасы;

Кеңештин мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары.

бизнес-ассоциациялардан (макулдашуу боюнча):

- Кыргызстандын банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча);

- Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

- Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук союзунун президенти (макулдашуу боюнча);

- Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык донор уюмдардан (макулдашуу боюнча):

- эл аралык финансылык уюмдардан эки өкүл (макулдашуу боюнча);

- эки тараптуу донор уюмдардан эки өкүл (макулдашуу боюнча);

- Кеңештин катчысы (мындан ары - катчы).

3. Кеңештин мамлекеттик органдардан жана бизнес-ассоциациялардан тышкары мүчөлөрүн шайлоо жол-жобосу төмөнкү жоболордо чагылдырылган.

Эл аралык финансылык уюмдардан (донорлордон) өкүлдөр, көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык донор уюмдар тарабынан өз ара макулдашуунун негизинде сунушталат.

Кеңештин катчысы Кеңештеги мүчөлөрдүн сунушу боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат/бошотулат.

Эгерде бул Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбесе, Кеңештин катчысынын кызматын башка иш менен айкалышта аткарууга болот.

 

2. Кеңештин милдеттери, функциялары жана укуктары

 

4. Өлкөдө микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча чараларды даярдоодо жана жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, башка мамлекеттик органдарга жана бизнес-ассоциацияларга көмөк көрсөтүү Кеңештин негизги милдети болуп саналат.

Бул милдетти чечүү үчүн Кеңеш төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

- Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруунун жүрүшүн кароо;

- өлкөдө микрокаржылоонун укуктук жана жөнгө салуучу чөйрөсүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү;

- өлкөдө микрокаржылоону өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнө талдоолорду жүргүзүү;

- микрокаржылоо жагында эл аралык эң мыкты тажрыйбаларды үйрөнүү;

- микрокаржылоо үчүн укуктук жана жөнгө салуучу чөйрөнү жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.

5. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

- өз отурумдарында Микрокаржылоону өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышы, анын укуктук жана жөнгө салуу чөйрөсүнүн маселелери боюнча маалыматтарды угууга;

- Катчылыктын иши жөнүндө маалыматты жана отчётту угууга;

- микрокаржылоону өнүктүрүү маселелерине эксперттик баа берүүгө чет өлкөлүктөрдү кошо алганда, белгиленген тартипте адистерди тартууга;

- өлкөдө микрокаржылоону андан ары өнүктүрүү боюнча тиешелүү сунуштарды кабыл алып, аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана башка мамлекеттик органдарга киргизүүгө.

 

3. Кеңештин ишин уюштуруу

 

6. Кеңештин отуруму зарылчылыкка жараша, бирок, жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлүп турат.

7. Кеңештин отуруму анын курамынын 2/3си катышкан шартта укук ченемдүү болуп саналат.

8. Каралып жаткан маселелер боюнча Кеңештин чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана иштелип чыккан сунуштары менен протокол түрүндө таризделет.

9. Кеңештин ишин уюштуруу-усулдук жана техникалык жактан камсыз кылууну Кеңештин катчысы жетектеген Кеңештин катчылыгы, ошондой эле бизнес-ассоциациялар (донор уюмдар тарабынан бюджет бөлүнгөн шартта, макулдашуу боюнча) жүзөгө ашырат.

10. Кеңештин катчылыгынын ишин каржылоо гранттык негизде ишке ашырылат.

 

4. Кеңештин катчылыгынын функциялары жана ыйгарым укуктары

 

11. Кеңештин катчылыгы белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды сурап алууга укуктуу.

12. Кеңештин катчылыгы төмөнкү функцияларды аткарат:

- Микрокаржылоону 2011 - 2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча отчётторду топтоону камсыз кылат;

- топтолгон отчётту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз учурунда берет;

- микрокаржылоо үчүн укуктук жана жөнгө салуучу чөйрөнү жакшыртуу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун, бизнес өкүлдөрдүн сунуштарын жалпылайт;

- Кеңештин сунуштарынын каралышына мониторингди камсыз кылат;

- Кеңештин отурумдарын уюштуруу-усулдук жана техникалык колдоону камсыз кылат.

 

5. Кеңештин катчысынын функциялары жана ыйгарым укуктары

 

13. Кеңештин Катчысы белгиленген тартипте:

- Кеңештин кароосуна маселелерди демилгелөөгө укуктуу;

- Кеңешке баяндама каттарды даярдайт, Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө Кеңештен түшкөн сунуштарды кароо жөнүндө маалымат берет;

- Кеңештин катчылыгынын ишин уюштурат;

- тартылган эксперттерди жетектейт;

- Кеңештин отурумдарын даярдоого катышат.

14. Кеңештин катчылыгынын түзүмү жана штаттык тизими Кеңештин теңтөрагаларынын макулдугу менен Кеңештин катчысы тарабынан аныкталат.

15. Кеңештин катчысынын өз бланкы болот.