Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\21f966ed-c03a-44c7-9b61-b54b2609f400\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 14-марты № 172

Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө

Жылуулук энергиясын пайдалануунун тартибин белгилөө жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын керектөөчүлөр менен өз ара мамилелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Жылуулук энергиясын пайдалануунун тартиби бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 14-мартындагы
№172 токтому менен бекитилген

 

Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелери

 

1-глава. Терминдер жана аныктамалар

 

1. Ушул Жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:

Караптык жүк азайтуу - жылуулук менен жабдуучу тутумдун ишиндеги туруктуулуктун бузулуусун алдын алуу максатында керектөөчүлөргө жылуулук энергиясы азайтылып берилген жылуулук менен жабдуучу уюмдун иш режими.

Карап сооту - ишкана жарым-жартылай же толук токтогондо адамдардын коопсуздугун, жабдуулардын, нөөмөттөгү жылытуу жумушун, өрт коопсуздугу каражаттарын сактыгын камсыздаган жылуулук энергиясынын эң аз сарпталышы.

Жылуулук энергиясынын тиричилик керектөөчүсү (калк) - жылуулук энергиясын турак жайларын жылытууга жана ысык суу менен жабдууга пайдаланган керектөөчү.

Жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тутуму (мындан ары - ҮИТ) - өз ара байланышкан өткөрүүчү түтүктөр тутумунун жана жеке жылуулук пунктунун жыйындысы.

Жылуулук тармактардын баланстык таандыгынын чеги - жылуулук тармактардын элементтерин менчигинде же толук чарбалык карамагында болуу белгиси боюнча ээлер ортосунда бөлүү чеги.

Пайдалануу жоопкерчилик чеги - объектти жылуулук менен жабдуу тутумунун элементтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга жана техникалык жактан тейлөөгө милдеттенмелер (жоопкерчилик) белгиси боюнча белгиленген бөлүү чеги.

Жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактарын пайдаланууга берүү - жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактардын пайдаланууга даярдыгын аныктаган жана белгиленген үлгүдөгү актка кол коюу менен аяктаган жол-жобо.

Келишим чоңдугу - жылуулук менен жабдуучу же жылуулук берүүчү уюм менен керектөөчүнүн арасында тиешелүү эсептешүү мезгили үчүн жылуулук энергия менен жабдууга Келишимде макулдашылган жылуулук энергиясынын саны.

Турак жай уюму (турак жай кооперативи, турак жай менчик ээлеринин шериктиги (кондоминиум) - бирдиктүү башкарууга жана кыймылсыз мүлк топтомун пайдаланууну камсыз кылуу, жалпы мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде аларды башкаруу үчүн көп батирлүү турак үйдөгү жана үйлөр тобундагы бардык жайлардын (турак да, турак эмес да) менчик ээлеринин мүлкүн башкаруунун уюштуруу-укуктук формасы.

Жеке жылуулук пункту - керектөө түрлөрү боюнча жылуулук алып жүрүүчүнү бөлүштүрүүгө арналган, имаратты же анын бөлүктөрүн тейлеген жылуулук тармагына жылуулук керектөө тутумун кошуу үчүн түзүлүштөрдүн топтому.

Акыркы керектөөчү - жылуулук энергиясын акыркы керектөөчүсү.

Көз карандысыз жабдып туруучу - жылуулук энергиясын өндүрүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга уруксаты бар жеке жана юридикалык жак, ал өз алдынча жылуулук энергиясын чыгарат жана аны керектөөчүгө жеткирет.

Акыркы эсептешүү - эсептешүү мезгили өткөндөн кийин керектелген жылуулук энергияга керектөөчү менен эсептешүү.

Жылуулук энергиясын берүүдө тыныгуу - жылуулук энергиясын керектөөчүнү кошуу түйүнүнө берүүнү токтотуу же Келишимде аныкталган параметрлерге жылуулук алып жүрүүчүнүн параметрлеринин (приборлор менен белгиленген) дал келбестиги.

Төлөм документи - төлөм тапшырыгы, эсеп же билдирүү, анын негизинде керектөөчү тарабынан жылуулук энергияга, жылуулук менен жабдуучу уюм көрсөткөн кызматтарга, аткарылган жумуштарга төлөм жүргүзүлөт.

Жылуулук менен жабдуучу уюмдун керектөөчүсү - жылуулук тармактары жана (же) жылуулук орнотмолору жылуулук менен жабдуучу уюмдун тармактарына кошулган жана аны менен жылуулук менен жабдууга келишими бар жеке же юридикалык жак.

Жылуулук энергиясын эсептөөчү прибор - эсепке алуу прибору, эсепке алуу тутуму, алардын көрсөткүчтөрүнүн негизинде керектөөчү (керектөөчү субъект) тарабынан жылуулук энергиясын төлөнүүгө жаткан керектөө аныкталат.

Эсептешүү мезгили - керектелген жылуулук энергиясынын саны аныкталган жана керектөөчү жана жылуулук менен жабдуучу уюм ортосунда керектелген жылуулук энергия үчүн өз ара эсептешүү жүргүзүлгөн убакыт аралыгы. Тараптар макулдашкан эсептешүү мезгили Келишимде көрсөтүлөт.

Жылуулук энергиясын керектөөчү субъект - жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан негизги керектөөчүнүн тармагы аркылуу жылуулук энергия жеткирилген керектөөчү, анын тармактарына ал кошулган.

Жылуулук менен жабдуучу уюмду керектөөчү субъект - жылуулук менен жабдуучу уюмду керектөөчүнүн жылуулук тармагына түздөн түз кошулган жана аны менен Жылуулук энергиясын пайдаланууга келишими жана баланстык таандыктуулугу чек арасы бар керектөөчү.

Жылуулук тармагы - керектөөчүлөргө жылуулук энергиясын берүү үчүн арналган түзүлүштөрдүн жыйындысы.

Жылуулук керектөөчү орнотмо - жылуулук энергиясын жылытуу, желдетүү, ысык суу менен жабдуу жана технологиялык муктаждыктар үчүн пайдаланган түзүлүштөрдүн топтому.

Жылуулук менен жабдуунун технологиялык сооту - технологиялык процессти, өндүрүү циклин аяктоо үчүн зарыл болгон жылуулук энергиясын эң аз узактыкта керектөө, андан кийин тиешелүү жылуулук керектөөчү орнотмолор өчүрүлүшү мүмкүн.

Жылуулук менен жабдуучу уюм (лицензия алуучу-жөнөтүүчү) - юридикалык жак болуп эсептелген жана менчигинде же толук чарбалык ээлигинде жылуулук энергиясын иштеп чыгаруучу орнотмолору, жылуулук тармактары бар жана келишимдик негизде жылуулук энергиясын керектөөчүлөргө берген ишкана (же уюм).

Жылуулук берүүчү уюм (лицензия алуучу-берүүчү) - юридикалык жак болуп эсептелген жана менчигинде же толук чарбалык ээлигинде жылуулук тармактары бар ишкана (же уюм). Жылуулук берүүчү уюм керектөөчү үчүн жылуулук менен жабдуучу уюм болот, эгер керектөөчү анын жылуулук тармактарына түздөн-түз кошулса.

Форс-мажор кырдаалдары - өзгөчө жана ал жеткис кырдаалдардан келип чыккан окуялар: табигый кырсыктар (жер титирөө, метеориттин түшүшү, катуу бороон, чагылган, өрт, суу ташкыны, кар күрткү, тайгалак) жана аракеттерин жогорку кесиптеги кызматкерлердин тажрыйбасы аркылуу тизгиндөөгө мүмкүн болбогон башка окуялар.

 

2-глава. Жалпы жоболор

 

2. Жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча ишкердик субъекттери менчигинин түрүнө карабастан өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Жылуулук энергиясын пайдалануу Тиричилик эмес керектөөлөрдү жылуулук энергиясы менен жабдууга келишимдин (мындан ары - Келишим) негизинде жүргүзүлөт, ал жылуулук менен жабдуучу уюм менен жылуулук энергиясын керектөөчүнүн ортосунда түзүлөт (1-тиркеме), анын жылуулук керектөөчү орнотмолору жылуулук менен жабдуучу уюмдун жылуулук тармактарына кошулган.

Келишимдин милдеттүү тиркемелери болот, анда кошумча шарттар - жылуулук энергиясын берүү шарттары, баланстык таандуулукту чектөө актысы жана керектөөчү менен жылуулук менен жабдуучу уюмдун ортосундагы эксплуатациялык жоопкерчилик чагылдырылат.

4. Келишимде тармактарга кошулган керектөөчү, керектөөчү субъекттер (аталышы, максимум жүк түшкөн сааттар, жылуулук керектөө, кайтарган конденсаттын саны, эсептөөчү жылуулук эсептегичтери, тарифтер жана керектөөчүнү жылуулук менен жабдуу маселелерине тиешелүү башка маалыматтар) жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.

5. Жылуулук энергиясын пайдалануу жөнүндө келишимди түзүү, өзгөртүү, бузуу же узартуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жүргүзүлөт.

6. Жылуулук энергиясын керектөөчү субъекттерге берген же жылуулук энергиясын өзүнүн жылуулук тармактарынан жиберген керектөөчүлөр керектөөчү субъектке берилген жылуулук энергиясын эсепке алып, өзүнүн керектөөсү үчүн зарыл болгон энергиясынын жалпы (жалпыланган) санына жылуулук менен жабдуучу уюм менен Келишим түзөт.

Жылуулук энергиясын керектөөчү субъекттерге берген керектөөчүлөр ортосундагы өз ара мамилелер алардын арасында жылуулук энергия менен жабдууга түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынат. Ушуну менен бирге, керектөөчү субъекттин алдында керектөөчү жылуулук энергиясын жеткирүүгө жылуулук менен жабдуучу уюм болот. Керектөөчү өз ишин Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык аткарганда гана керектөөчү субъекттери болот.

7. Керектөөчү менен жылуулук менен жабдуучу уюмдун ортосундагы чечилбеген талаш маселелер ушул Эрежелердин 4-главасында айтылган мөөнөттөргө жана жол-жоболорго ылайык чечилет.

8. Жылуулук энергиясын өндүрүүчү, берүүчү, бөлүштүрүүчү жана керектөөчү уюмдардын жылуулук орнотмолоруна мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү алардын таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контролдоо жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

 

3-глава. Жылуулук менен жабдуучу уюмдун тармактарына керектөөчүлөрдү кошууга жана жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсепке алуучу приборлорду орнотууга техникалык шарттар

 

9. Жылуулук энергиясынын жаңы керектөөчүлөрдү кошууга же аракеттеги объекттерде керектелген электр энергиясын көбөйтүүгө, ошондой эле жылуулук алып жүрүүчүнүн түрү же жылуулук менен жабдуунун ишеничтүүлүгү боюнча талаптар өзгөргөн учурда жылуулук тармактарына архитектура органынын суроо-талабынын негизинде керектөөчү кошулуп жаткан жылуулук менен жабдуучу уюм техникалык шарттарды берет.

Зарыл ресурстарды керектөөнүн санынын көбөйүшү жана азайышы менен байланышпаган обьектти реконструкциялоодо, кайра профилдөөдө, кайра пландоодо жаңы техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.

Тармактарына учурдагы иштеп жаткан объекттер, имараттар, курулуштар, алардын катарлары кошулган жылуулук менен жабдуучу уюм керектөөчүнүн кат түрүндөгү табыштамасы боюнча жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсептөөчү приборлорду орнотууга техникалык шарттарды берет.

10. Жылуулук менен жабдуучу уюмдун жылуулук тармактарына кошууга техникалык шарттарды алуу үчүн керектөөчүнүн табыштамасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык белгиленген тартипте техникалык шарттарды алууга архитектура жана курулуш органына арыз ээси берген документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен аймактык архитектура жана курулуш органынын аталышы, анын жайгашкан жери жана почта дареги болууга тийиш.

Жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсепке алуучу приборлорду орнотууга техникалык шарттарды алууга керектөөчүнүн табыштамасында объекттин аталышы, почта дареги, жылуулук алып жүрүүчүнүн түрү, жылуулук жүктөмдөрүнө мүнөздөмөлөр көрсөтүлүүгө тийиш.

11. Жылуулук менен жабдуучу уюм керектөөчүдөн же керектөөчүдөн табыштама алган күндөн тартып он жумуш күнүнүн ичинде инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына курулуш объектисин кошууга акы төлөө жөнүндө техникалык шарттарды жана маалыматтарды аныктайт жана берет, же болбосо жүйөлүү баш тартууну берет.

Суралган кубаттуулук болгон шарттарга жана регламенттерге туура келбегендиги аныкталган учурда жылуулук менен жабдуучу уюм табыштаманы алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде туура келбегендигинин себебин көрсөтүү менен суралган кубаттуулуктун туура келбегендиги жөнүндө корутунду берет. Жылуулук менен жабдуучу уюмда объектти кошуу мүмкүндүгү жок болгон учурда анда объектти инженердик камсыздоонун башка варианттары көрсөтүлүшү керек.

12. Жылуулук менен жабдуучу уюмдун жылуулук тармактарына объектти кошууга техникалык шарттарда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) обьекттин аталышы жана дареги;

2) ар бир кошулган жердеги уруксат берилген кубаттуулук;

3) кошулган жерлер;

4) кошулган жерлерге максимум жүктөм;

5) курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармагына кошуу мөөнөтү;

6) техникалык шарттардын жарактуулук мөөнөтү;

7) атайын техникалык талаптар.

13. Кошууга жана эсепке алуу приборлорун орнотууга техникалык шарттарды аткаруу бардык керектөөчүлөргө жана долбоорлоо уюмдары үчүн милдеттүү.

Техникалык шарттар эки жыл мөөнөткө берилет жана өзүнүн жарактуулугун келишим түзүлгөн жана объект инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулган учурдан тартып токтотот.

Техникалык шарттардын иштөө мөөнөтү берген учурдан тартып он жумушчу күндүн ичинде каралуучу арыздын негизинде бир жылдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Жаңы техникалык шарттарды керектөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуунун техникалык шарттарын жана тартибин берүү эрежелеринде белгиленген тартипте алат.

14. Долбоорлоо уюму тарабынан долбоордун материалдарында тиешелүү жазуу менен тастыкталган, долбоордук чечимдерге, жылуулук менен жабдуучу уюмдун тармактарына объектти кошууга техникалык шарттарга ылайык иштелип чыккан ишканалардын, имараттардын, курулуштардын, алардын катарларынын же өзүнчө өндүрүштөрдүн долбоорлору (жумушчу долбоорлору) жылуулук менен жабдуучу уюм менен макулдашууга жатпайт.

15. Жаңы ишканаларды, имараттарды, курулуштарды, алардын катарларын же өзүнчө өндүрүштөрдү же кеңейтилип жана кайра келбеттелип жаткан аракеттеги объекттерди жылуулук менен жабдуу боюнча долбоорлор жылуулук менен жабдуучу (жылуулук берүүчү) уюм менен долбоордо курулуп жаткан жылуулук тармактарын жана жылуулук пункттарын кошуу маселесин чечкен бөлүгүндө гана макулдашууга жатат.

Учурдагы имараттардагы жана колдонулуп жаткан объекттердеги жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсептөө приборлорун орнотууга техникалык шарттарды берген жылуулук менен жабдуучу уюм менен жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсептөө түйүнүн орнотуу боюнча долбоор макулдашылышы керек.

16. Долбоордук документтерди макулдашуу жана экспертизалоо, курулушка уруксат берүү, ошондой эле курулушу аяктаган обьекттерди пайдаланууга кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

17. Керектөөчү колдонуп жаткан жылуулук тармактарын оңдоо, жаңыларын орнотуу, кеңейтүү жана кайра келбеттөө берилген техникалык шарттарга ылайык керектөөчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.

 

4-глава. Керектөөчүлөрдүн жылуулук керектөөчү орнотмолорун жана жылуулук тармактарын пайдаланууга берүү

 

18. Жылуулук менен жабдуучу уюмдун жана керектөөчүнүн бардык жаңыдан кошулган жана кайра келбеттелген жылуулук орнотмолору долбоорлоо документтерине, кабыл алуу-тапшыруу актарына ылайык аткарылууга тийиш, техникалык документтер менен камсыз болуп, ушул Эрежелердин талаптарын канааттандырышы керек.

19. Жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактарын пайдаланууга берүүгө чейин жаңы жана кайра келбеттелген жылуулук орнотмолору жана жылуулук тармактары кабыл алуу-тапшыруу текшерүүдөн өтүшү жана куроочу-жөндөөчү уюмдун ээси тарабынан акт боюнча колдонуудагы ченемдерге жана эрежелерге ылайык кабыл алынышы керек. Мындан кийин ээси башкы жалдануучунун катышуусунда жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү долбоорлоо жана техникалык кабыл алуу-тапшыруу документтерин техникалык кароого жана пайдаланууга уруксат берүү үчүн берет, ал керектөөчүнүн жылуулук керектөөчү орнотмосун кошууга, өчүрүүгө наряд түрүндө таризделет (2-тиркеме).

20. Ээсинин жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактардын абалына жооптуу даярдыктан өткөн жана аттестацияланган кызматкери жана адамы болгондо же жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактарынын тейлөөгө укугу бар адистештирилген уюм менен келишими болгондо, жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактарды пайдаланууга уруксат берилет.

21. Жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ээсинин жылуулук керектөөчү орнотмолорунда жана жылуулук тармактарында куроо кемчиликтерин, кошууга берилген техникалык шарттардан, долбоордук документтерден четтөөлөрдү тапканда, ушул орнотмолорун тейлөө үчүн даярдалган кызматкер болбосо, табылган кемчиликтер жоюлганга чейин аларды пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.

22. Керектөөчү жылуулук керектөөчү орнотмолорду пайдаланып жаткан убакта алардын нормалдуу ишинин бузулушуна жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жоопкерчилик тартпайт.

 

5-глава. Жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактарын пайдаланууда тараптардын өз ара мамилелери

 

§ 1. Жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактарын пайдаланууда тиричиликтик эмес керектөөчүлөрдүн милдеттери

 

23. Жылуулук менен жабдуучу уюм менен керектөөчүнүн ортосундагы жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактардын абалына жана тейлөө жоопкерчилик чеги алардын баланстык таандыгы менен аныкталат, жабдып туруучу менен керектөөчү кол койгон баланстык таандыкты чектөө акты менен бекитилет.

24. Жылуулук менен жабдуучу уюмга таандык жылуулук түтүктөрүндө керектөөчүгө таандык түзүлүштөр жана жабдуулар болбошу керек.

Бир камерада (кудукта), жылуулук түтүгүндө, эстакадада ар түрдүү уюмдар тейлеген жабдуу болбошу керек. Бул үчүн керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюмдун балансына (менчигине) тиешелүү жабдууну белгиленген тартипте өткөрүп берет.

25. Ээси өзүнүн менчигинде турган жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактардын техникалык абалына жана коопсуз пайдаланууга жоопкерчилик тартат, эсептөө каражаттарынын сакталышын жана жылуулуктун керектөөнү башкарууну, жылуулук энергиясын үнөмдүү сарптоону, ыкчам тартипти колдоону жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарын өз убагында аткарууну камсыз кылат. Келишимдик негизде анын аймагында турган жана жылуулук менен жабдуучу уюмдун менчиги болуп эсептелген курулуштардын, жылуулук тармактардын жана жабдуулардын сакталышын камсыз кылат.

26. Жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактарын ишенимдүү, үнөмдүү жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу максатында керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактарын жабдууну жасаган заводдордун талаптарына жана башка ченемдик-техникалык документтерге ылайык пайдаланылышын камсыз кылууга;

2) Келишимде белгиленген жылуулук энергиясын керектөө санынан ашпоого жана жылуулук керектөөнүн берилген режимин сактоого;

3) конденсатты жана тармактык сууну Келишимде белгиленген параметрлерге (саны, сапаты жана температурасы) ылайык жылуулук тармакка кайтарууга. Кайтарган тармактык сууну графикте көрсөтүлгөн температурадан көтөрүлүшүн болтурбоого;

4) жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлү менен бирдикте агыза турган чорголорго, арматураларга, жылуулук энергиясын эсептөө каражаттарына пломба салууга катышууга, орнотулган пломбдордун сактыгын камсыз кылууга, ал эми аларды алууну жылуулук менен жабдуучу уюмдун уруксаты менен гана жүргүзүүгө;

5) бардык жылуулук тармактардын жана жылуулук керектөөчү орнотмолорду аткаруу чиймелери жана паспорту, ошондой эле, аларды пайдалануу боюнча өндүрүштүк нускамалар, зарылдыкка жараша, караптык жана технологиялык соот болууга;

6) жылуулук керектөөчү орнотмолорду жана жылуулук тармактардын даярдыктан өткөн кызматкерлер тарабынан тейленишин жана карапсыз пайдаланууну камсыз кылууга, жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен билимдерине текшерүү жүргүзүүгө:

- нөөмөттөгү жана ыкчам-оңдоо кызматчы, ошондой эле оңдоо менен алектенген жумушчулар үчүн - жылына 1 жолу;

- администрациялык-техникалык кызматчы үчүн - 3 жылда 1 жолу;

7) жылуулук керектөө, жылуулук менен жабдуу тутумдарына жана жылуулук пункттарына (элеватор түйүндөрүнө) жыл сайын гидропневматикалык жууп тазалоо жүргүзүү;

8) жылуулуктун салыштырма сарпталышын сактоо, жылуулук керектөөнү жакшыртуу, кайтарган тармактык суунун температурасын төмөндөтүү, конденсаттын кайтышын көбөйтүү, анын сапатын көтөрүү, энергетика ресурстарын жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген эскертүүлөрдү эсептөө менен кайра пайдалануу боюнча уюштуруу-техникалык иш чаралардын планын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;

9) карапка каршы, өрткө каршы иш чараларды жана коопсуздукка каршы техника боюнча иш чараларды аткарууга;

10) жылуулук тармактардын автоматика каражаттарын жана жылуулук керектөөчү орнотмолорду ишке киргизүүгө, автоматика каражаттарына мерчемдүү-алдын ала оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө жүргүзүүгө;

11) караптык учурларда бузулган чекти, бул туурасында кийин жылуулук менен жабдуучу уюмга билдирүү менен, тармактан кечиктирбестен өчүрүүгө. Ошондой эле, аны өз күчү жана каражаты менен оңдоо, жылуулук керектөө тутумунун тоңушунан жылуулук керектөөчү жабдуунун иштен чыгышын болтурбоо чараларын көрүүгө;

12) жылуулук керектөөнүн оңдолгон тутумдарын же мерчемдүү же караптык оңдоодон кийин алардын айрым бөлүктөрүн, ошондой эле, ушул Эрежелердин 4-бөлүгүнө ылайык жаңы объекттерди ишке киргизүүгө;

13) жылуулук менен жабдуучу уюмга жана керектөөчүгө таандык жылуулук түтүктөрдүн трассаларында төмөнкүлөрдү болтурбоого: жылуулук менен жабдуучу уюмдун уруксатысыз курулуштарды жүргүзүү, материалдарды тизип жыйноо, токой тигүү, жер иштерин жүргүзүү, ошондой эле, керектөөчүнүн аймагында магистралдык жылуулук түтүктөрү өткөн жайларда адамдардын жана материалдык баалуулуктардын дайыма болушу;

14) жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлдөрүн сутканын бардык убагында кызмат документтери боюнча жылуулук энергиясын эсептөө каражаттарына тоскоолдуксуз кирүүгө уруксат берүүгө;

15) жылуулук менен жабдуучу уюмдун кызматкерин ишкананын аймагына жылуулук менен жабдуучу уюмдун менчигинде турган жылуулук тамактарын оңдоо, куруу жана тейлөө боюнча алдын ала макулдашылган иштерди жүргүзүү үчүн кирүүгө уруксат берүүгө. Жылуулук менен жабдуучу уюм иштерин аяктагандан кийин өзүнүн эсебинен иш жүргүзүлгөн аймакты жана тамды тиешелүү абалга алып келүүгө;

16) учурдагы тартипке ылайык жылуулук энергиясын туура жана үнөмдүү пайдаланууну контролдоо жана жылуулук техникалык жабдуунун техникалык абалын, көрсөтмөлөрдүн, лицензиялык иштердин аткарылышын көзөмөлдөө укугу берилген, жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүн жөнгө салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн (алардын кызматтык күбөлүктөрү боюнча) турак ичиндеги жылуулук керектөөчү жабдуу, эсептөө прибору орнотулган жерге жана техникалык документтерге тоскоолдуксуз кароосун камсыз кылууга;

17) Кыргыз Республикасынын «Энергияны үнөмдөө жөнүндө» Мыйзамына ылайык жылуулук энергиясын эсепке алууну камсыз кылууга.

27. Керектөөчү өз убагында билдирүүгө тийиш:

1) жылуулук менен жабдуучу уюмга - эсептөө приборлордун ишиндеги бардык бузуулар, караптар жөнүндө, жылуулук менен жабдуучу уюмга таандык жана жайларда же керектөөчүнүн аймагында жайгашкан жабдууларда табылган бузуктар жөнүндө;

2) жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга - негизги жабдуунун бузулушу менен байланыштуу караптар жөнүндө, жылуулук менен жабдуучу уюмдун иш-аракетинин жыйынтыгында кокустан болгон кырсыктар жөнүндө, ошондой эле, жылуулук менен жабдуучу уюмдун ушул Эрежелерге каршы келген иш-аракетинин фактылары жөнүндө;

3) отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө жөнгө салууга ыйгарым укуктуу органга - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жылуулук менен жабдуучу уюмдун лицензиялык ишинин шарттарын бузуулары жөнүндө.

28. Керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюмдун балансында турган жабдууга жана жылуулук тармактарына келтирген материалдык зыянды Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык ордун толтурат.

29. Керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюмдун иш чөйрөсүнө таандык маселелерди чечүү үчүн жылуулук менен жабдуучу уюмга кат түрүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу.

30. Эгер керектөөчү өзүнүн кат түрүндөгү кайрылуусуна жооп албаса же кандайдыр бир себептерден жылуулук менен жабдуучу уюмдун берген жообу канааттандырбаган учурда, керектөөчү жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрыла алат.

Керектөөчүнүн кайрылуулары Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык каралат.

 

§ 2. Жылуулук менен жабдуучу уюмдун милдеттери

 

31. Жылуулук менен жабдуучу уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) керектөөчүгө жылуулук энергиясынын берилишин камсыздоого жана жылуулук алып жүрүүчүнүн параметрлеринин Келишимге дал келүүсүн сактоого, жылуулук алып жүрүүчүнүн параметрлеринин келишимдеги 5%дан ашык четтөөсүнө жол бербөөгө, тармактык суунун температурасын белгиленген графикке ылайык сактоого, анын ±3% ашык четтөөсүнө жол бербөөгө, ушуну менен бирге, температура орточо суткалык катары эсептелет.

Келишим шарттардан жол берилген четтөө керектөөчүгө сутка ичинде берилген жылуулук энергиясынын саны 10%дан ашпоого тийиш;

2) өзүнүн тармактарында жылуулук энергиясынын сапатынын көрсөткүчүнө көзөмөл жүргүзүү жана жылуулук энергиясынын сапатын жакшыртуу боюнча иш чараларды өткөрүү;

3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана керектөөчү менен түзүлгөн Келишимге ылайык жылуулук энергиясын эсептөөнү камсыз кылуу;

4) карапка каршы, өрткө каршы иш чараларды жана техникалык коопсуздук боюнча иш чараларды жүргүзүү;

5) жылуулук менен жабдууда чектөөлөр же тыныгуулар, алардын себептерин жана жылуулук менен жабдуунун нормалдуу режимин калыбына келтирүү мөөнөттөрү жөнүндө керектөөчүлөргө кечиктирбестен билдирүү;

6) жылуулук энергиясын керектөөнү чектөө графигин жана көлөмү колдонуу тартибин керектөөчү менен макулдашуу;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялык иштерге жана энергетика жаатында тарифтерди колдонууга көзөмөл кылуу үчүн отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө жөнгө салууга ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүн күндүн бардык убагында тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу;

8) жылуулук энергиясын туура пайдаланууга жана техникалык жактан пайдаланууну уюштурууга контроль жана жогоруда аталган жабдууну техникалык пайдаланууну уюштурууга, абалына жана коопсуздук техниканын сакталышына көзөмөл жүргүзүү үчүн жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн жылуулук техникалык жабдуу, эсептөө прибору орнотулган жерге жана техникалык документтерге тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу.

32. Ушул Эрежелердин 31-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн шарттардан четтөө менен жылуулук энергиясы берилгенде керектөөчүнүн негиздүү арызынын негизинде жылуулук менен жабдуучу уюм Келишимге ылайык чыгымдын ордун толтурат же Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык кошумча төлөмдөрдү берет.

33. Жылуулук менен жабдуучу уюмдун айынан технологиялык максаттарга буунун келишим параметрлери төмөндөгөндө, керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюмга алдын ала билдирүү менен жылуулук энергиясын керектөөнү токтото алат. Мындай учурда жылуулук менен жабдуучу уюм ушул Эрежелердин 34-пунктуна ылайык керектөөчүнүн алдында жоопкерчилик тартат.

34. Жылуулук менен жабдуучу уюм жылуулук менен жабдууда тыныгуу болгон учурларда же ушул Эрежелердин 33-пунктунда айтылган анын айынан болгон учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөөчүгө материалдык зыяндын ордун толтурат.

Эрежелеринин талаптарына ылайык керектөөчүнү жылуулук менен жабдууда Келишимде каралбаган тыныгуулары технология жабдыктардын иштен чыгышына же жараксыз продукциянын массалык чыгарылышына алып келген учурда, ушул Эрежелердин 36-пунктунда каралган учурлардан башка, жылуулук менен жабдуучу уюм сот тартибинде керектөөчүгө зыяндын ордун толтурат.

35. Жылуулук энергиясын керектөөнү чектөө убактысы жана анын берилбей калуу себептери жылуулук тармактарды бөлүү чегинде каттоочу приборлор жана жылуулук менен жабдуучу уюмдун жана керектөөчүнүн ыкчам журналында чектөөнүн башын жана аягын жазуулар боюнча аныкталат.

Эскертүүлөр:

1) жылуулук энергиясын орто суткалык керектөө чектөө болуп өткөн, дем алыш күнүн кошпостон, үч жумуш суткасында керектөө боюнча аныкталат;

2) жылуулук менен жабдуучу уюмдун күнөөсү катары карап же жабдыктарын жана тармактарын мажбурлап токтотуу, пландан тышкары оңдоо же керектөөчү менен өз убагында макулдашылбаган башка технологиялык бузуулар таанылат.

36. Жылуулук менен жабдуучу уюм керектөөчүнүн алдында жылуулук алып жүрүүчүнүн параметрлеринин төмөндөшүнө жана төмөндөгү себептердин кесепетинен жылуулук энергиясын берилбей калышына жооп бербейт:

1) форс-мажор кырдаалдары - жылуулук менен жабдуучу уюмдун негизги технологиялык жабдыктарын бузулууга алып келген суу ташкыны, жер титирөө, өрт же айлана чөйрөнүн температурасы эки күн бою ушул жерде жылытууну долбоорлоо үчүн эсептелген температура белгисинен үч же андан көп градуска төмөн созулган суук аба;

2) керектөөчүнүн кызматкеринин жылуулук тармактарын жана жылуулук пайдалануучу жабдыктарды пайдалануунун эрежелерин бузган иш-аракети;

3) ушул Эрежелердин 106 жана 107-пункттарында каралган жылуулук энергиясын берүүнү чектөө же токтотуу шарттары;

4) керектөөчүнүн жабдууларынын бузулушу;

5) жылуулук энергиясын келишим керектөөдөн жогорулашы же жылуулук керектөө режимин бузуу.

37. Керектөөчүнү жылуулук менен жабдуучу уюмдун жылуулук тармактарына же жылуулук булагына убактылуу схема боюнча кошууда, жылуулук энергиясын төмөндөтүлгөн параметрлер менен берүүгө же жылуулуктун берилбей калышы үчүн керектөөчүнүн алдында жоопкерчилик жылуулук энергиясы менен жабдууга түзүлгөн Келишимге кошумча макулдашуулар менен белгиленет.

38. Жылуулук менен жабдуучу уюм керектөөчүнүн кат түрүндөгү кайрылуусуна он күндүк мөөнөттө жооп жөнөтүүгө тийиш.

 

6-глава. Эсепке алуу каражаттарын орнотуу жана пайдалануу жана жылуулук керектөө менен башкаруу

 

39. Жылуулук керектөөчү орнотмолор керектелген жылуулук энергия үчүн эсептешүүлөр үчүн жылуулук энергиясын эсептөөчү тиешелүү каражаттар жана жылуулук керектөө менен башкаруу жана көзөмөлдөө үчүн техникалык каражаттар менен камсыз болууга тийиш.

Жылуулук энергия үчүн эсептешүүлөр үчүн эсептешүү приборлору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык орнотулууга тийиш.

40. Жылуулук энергияга эсептешүү үчүн эсепке алуу каражаттары болбогон керектөөчүлөрдү жылуулук менен жабдуучу уюмдун жылуулук тармактарына, жылуулук берүүчү уюмдун жылуулук тармактарына кошууга тыюу салынат.

41. Керектөөчү жана жылуулук менен жабдуучу уюмдун арасында керектелген жылуулук энергияга эсептешүү үчүн өлчөө каражаттарынын Кыргыз Республикасынын «Өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте мамлекеттик текшерүүдөн өткөн мамлекеттик реестрине киргизилген жана Кыргыз Республикасында колдонууга берилген жылуулук энергиясын эсептөө каражаттары колдонулууга тийиш.

Орнотуу орундары жана эсепке алуу приборлоруна тактык классы боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жооп берүүгө тийиш.

42. Жылуулук энергиясын эсептөө учурдагы эсептешүү тутумуна ылайык ишке ашырылат.

43. Жылуулук менен жабдуучу уюм жана керектөөчү арасында жылуулук энергияга эсептешүү приборлору жана түзүлүштөрү керектөөчү тарабынан сатылып алынат, орнотулат жана пайдаланылат:

- үй-тиричилик керектөөчүлөрүнө - жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан;

- башкалар үчүн - керектөөчү тарабынан.

44. Жылуулук энергиясын эсепке алуучу каражаттарынын сакталышына жана бүтүндүгүнө жана пломба үчүн жоопкерчилик керектөөчүгө жүктөлөт, анын тамына алар орнотулган.

Эсепке алуу приборлорунун бузулган жери табылганда же алардын көрсөткүчтөрүнүн тууралыгына күмөн туулган учурда керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюмга билдирүүгө милдеттүү.

Импульстук түтүктөр, термометр, манометр жана гильза менен бирге өлчөө диафрагмасы балансында өткөрмө түтүгү бар уюм тарабынан тейленет.

Өлчөө диафрагмалары керектөөчү тарабынан жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлүнүн милдеттүү катышуусу менен орнотулат.

Эсепке алуу приборлорун пайдалануу жана жылуулук энергиясын эсепке алууну уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

45. Жылуулук энергиясын керектөөнү көзөмөлдөө үчүн айрым цехтерде, энергияны көп талап кылуучу агрегаттарда, технологиялык чубалгыларда кошумча техникалык эсепке алуу приборлору орнотулушу мүмкүн.

46. Жылуулук энергиясын берүүнү эсепке алуу жылуулук менен жабдуучу уюмдун жана керектөөчүнүн жылуулук тармактарын бөлүү чегинде жүргүзүлүүгө тийиш.

Эсепке алуу приборлорун бөлүү чекте орнотпогондо жылуулук энергияга эсептешүү бөлүү чегинен эсепке алуу приборлору орнотулган орунга чейинки тармактын участогунда коромжуну эсепке алуу менен жүргүзүлөт жана керектөөчүгө тиешелүү. Жылуулук менен жабдуучу уюм керектөөчү менен бирдикте коромжуларга эсеп жүргүзөт. Жылуулук тармактарды накта жылуулук коромжуга текшерүүнү керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюмдун көзөмөлү астында жүргүзөт.

47. Эсепке алуу приборлорун ордунан которуу, алып коюу жана жылуулук энергияга эсептешүү үчүн жылуулукту эсептөө каражаттарына инвентаризация кылуу керектөөчүнүн кызматкери тарабынан жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

Эсепке алуу приборлоруна мамлекеттик мезгилдүү текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык метрологиялык кызмат тарабынан белгиленген мөөнөттө алардын ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт. Текшерүүдөн өткөн эн тамгасы болбогон же текшерүү мөөнөтү өтүп пайдаланылган эсептөө каражаттарын керектелген жылуулук энергия үчүн эсептешүүлөргө колдонууга болбойт.

 

7-глава. Керектөөчүлөргө жылуулук энергиясын берүү жана аны керектөө режими

 

48. Жылуулук энергиясын керектөөчүлөргө берүү жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан аны менен түзүлгөн Келишим болгондо жана ага ылайык жүргүзүлөт.

49. Жылуулук энергиясын керектөөнүн келишим чоңдугун өзгөртүү зарылдыгында керектөөчү кийинки айда жылуулук энергиясын берүүнүн келишим чоңдугун ылайыктуу түзөтүү үчүн жылуулук менен жабдуучу уюмга ошол айдын 20-күнүнөн кеч эмес кайрыла алат. Жылуулук керектөөнүн келишим чоңдугун түзөтүү жогорку чектеги жана төмөнкү чектеги жүктөмдүн арасында жылуулук керектөө режиминин чектеринде гана мүмкүн. Болбосо, кошууга техникалык шарттарды өзгөртүү керек болот.

Жылуулук менен жабдуучу уюм биринчи кезекте дайыма жана мөөнөтүндө керектелген жылуулук энергияга төлөгөн керектөөчүнүн жылуулук энергияга болгон муктаждыгын канааттандырышы керек.

50. Жылуулук керектөөнүн белгиленген режимдерин сактоого көзөмөлдү жылуулук менен жабдуучу уюм жүргүзөт.

51. Керектөөчүлөргө «чектөө же өчүрүү графиктерин киргизүү» режиминде жылуулук энергиясы берүү жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан ушул Эрежелердин 110-112-пункттарына ылайык ишке ашырылат.

 

8-глава. Тиричилик керектөөчүлөрдүн (калктын) жылуулук энергиясын пайдаланышы

 

52. Тиричилик керектөөчүлөрүнө жылытуу максатында жылуулук энергиясын берүү үчүн - жалпы үйдөгү эсепке алуу приборлору боюнча, ал эми ысык суу менен жабдуу үчүн батир ичиндеги эсепке алуу приборлору боюнча эсептелет Калкты жылуулук энергиясы менен жабдууга типтүү келишимдин (мындан ары - Типтүү келишим) (3-тиркеме) негизинде ишке ашырылат.

Көп батирлүү турак үйлөрдүн керектөөчүсү болуп батирдин менчик ээси (муниципалдык турактын жалдоочусу) же турак жай-курулуш кооперативдин (мындан ары - ТКК) мүчөсү эсептелет.

53. Турак үйдүн жылытуу максатына пайдаланылган жылуулук энергиясына болгон муктаждыгы долбоор документтеринин негизинде, ал болбогондо - ирилештирип эсептөө формуласы боюнча аныкталат жана Типтүү келишимге киргизилет. Турак үйдүн жылуулукка муктаждыгын деталдуу эсептөө долбоорлоо иштерин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адистештирилген уюм тарабынан керектөөчү да, жылуулук менен жабдуучу уюм да боло алган заказчынын каражаттарынын эсебинен аткарылышы мүмкүн. Жылуулук муктаждыкка келишим көлөмү аудиттин жыйынтыктары боюнча кабыл алынат.

Жылытуу мезгилинде үйдүн жылуулук энергиясына жалпы муктаждыгын айлар боюнча бөлүү ушул калктуу конуш үчүн сырттагы абанын орточо айлык температурасынын расмий статистикалык маанилерине шайкеш курулуштун жалпы катышуучулары үчүн колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.

Көп батирлүү турак үйдүн жылытууга пайдаланылган жылуулук энергияга болгон жалпы керектөөсүн керектөөчүлөр арасында бөлүштүрүү алар ээлеп турган жайлардын көлөмүнө шайкеш жүргүзүлөт. Эгер кургатуучу жайлар, холл, астана аркылуу өтүүчү аянтчалар өзүнчө батирлерге кошулса, анда алардын көлөмү ушул батирдин көлөмүнө кошулат.

54. Жылуулук энергиясын жайларды жылытуу үчүн пайдаланууда, бирок долбоордо (лоджияларды) жылытуу каралбаган, жылуулук жүгүнө жана керектелген жылуулук энергиясына эсептешүү ушул жайлар ээлеген аянттар үчүн жүргүзүлөт жана Типтүү келишимге киргизилет.

55. Жайларды жылытуу схемасы долбоорлоо иштерин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адистештирилген уюм тарабынан берилген долбоордук чечимдин негизинде, керектөөчү да, жылуулук менен жабдуучу уюм да боло алган заказчынын каражаттарынын эсебинен өзгөртүлүүгө тийиш.

56. Керектөөчү өзү нагыз керектеген жылуулук энергиясына түзүлгөн Типтүү келишимге ылайык төлөйт. Турак үйдүн киришинде жылытууга жылуулук энергиясынын сарпталышын аныктоо үчүн Керектөөчүнүн эсепке алуу приборунун болбошу жылытуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча келишим маанилерден ашыкча берилген жылуулук энергиясына кошуп эсептөө жүргүзүлбөйт.

57. Батирлердин жана турак үйлөрдүн менчик ээлери өздөрү пайдаланган жылуулук энергиясын жана ысык сууну эсептөө үчүн жеке приборлорду сатып алууга жана орнотууга укуктуу.

Жеке долбоор боюнча курулган жана 3төн ашык ысык сууну алган түйүнү бар үйлөр турак жайдын ээсинин эсебинен ысык суу менен жабдуу тутумунда эсепке алуу приборлору менен жабдылышы керек. Мындай Керектөөчүлөргө эсепке алуу приборлору болгондо гана ысык суу берилет.

Тиричилик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясын эсепке алуу приборлорун орнотуу жана пайдалануу ушул Эрежелердин 43-пунктунун жана Типтүү келишимдин шарттарын сактоо менен жүргүзүлөт.

58. Жеке турак үйдүн, батирдин, коттедждин жана ага улай салынган курулуштун чегинде ишкерлик иши менен алек болгон калк жылытууга жана ысык суу менен жабдууга учурдагы тарифтерге жана керектелген жылуулук энергиясын турак жай жана жеке эмгек ишмердүүлүгү үчүн пайдаланылган аянттарга бөлүштүрүүнү белгилеген Типтүү келишимге ылайык эсептешишет. Жалпы үлүштүк менчикте жайгашкан жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тутумун техникалык тейлөө кызмат акысына төлөм өзүнчө Типтүү келишим боюнча жүргүзүлөт.

59. Турак жайдан тышкары турак үйүнөн өзүнчө турган устаканаларда, гараждарда, күнөсканаларда ишкердик иши менен алек болгон калк жылуулук энергиясына өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн белгиленген тарифтер боюнча эсептешишет.

60. Керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жылуулук менен жабдуучу уюмга доо коюуга жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу:

- жылуулук менен жабдуучу уюмдун күнөөсү боюнча жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тутумунда жылуулук энергиясынын параметрлерин келишим көрсөткүчтөрдөн 25%га жана андан ашык сутка бою төмөндөтүүдө;

- эгер батир ичиндеги абанын температурасы +180Сдан төмөн болсо, жайдын ичин жылуулоо иш чаралары аткарылган шартта гана; ичкеридеги абанын температурасы төмөндөгөн факт керектөөчү жана жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлү тарабынан түзүлгөн актта жазылат.

Бул акт керектелген жылуулук энергиясына кайтадан эсептешүү үчүн негиз болуп эсептелет.

61. Жылуулук энергиясынын сапат көрсөткүчтөрү төмөндөгөндө, керектөөчү болуп өткөн учурдан тартып 3 күндөн кеч эмес мындай төмөндөтүүнүн убакытын жана күнүн көрсөтүү менен жылуулук менен жабдуучу уюмга кат түрүндө билдирет.

Жылуулук менен жабдууда тыныгуу болгондо керектөөчү ошол эле күнү жылуулук менен жабдуучу уюмга тыныгуунун убактысы жөнүндө билдирет. Ушул фактылар керектөөчү, жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлү жана үйком кол койгон акттарда жазылат. Ушул акт керектелген жылуулук энергиясына кайтадан эсептешүү үчүн негиз болуп эсептелет.

Арызга жылуулук менен жабдууда негизсиз тыныгуу жөнүндө же жылуулук алып жүрүүчүнүн параметрлеринин Типтүү келишимдеги чоңдуктардан четтөөсү туурасында акт тиркелет. Актка керектөөчү, жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлү жана үйком кол коёт. Жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлү алты сааттын ичинде болбосо, актка арыз ээси менен жалпы жылуулук менен жабдуу тармагы бар калган эки керектөөчү кол коёт.

Жылуулук менен жабдуучу уюм берилүүчү жылуулук энергиясынын сапатын калыбына келтирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө жана жылуулук менен жабдууга Типтүү келишимге ылайык керектелген жылуулук энергиясынын чоңдугун кайтадан эсептешүүгө милдеттүү.

62. Жылуулук менен жабдуучу уюм турак үйүнүн батир ээлеринин үлүштүк менчигинде жайгашкан жылуулук менен жабдуу тармактарын (жылытуу жана ысык суу менен жабдуу) үй ичиндеги тармактарды тейлөөгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен техникалык тейлөөгө (толук калыбына келтирүүнү кошуп) милдеттүү. Жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тармактарын техникалык тейлөө, оңдоо жана коопсуз кармоо боюнча жумуш акынын түрү жана өлчөмү мыйзамдарга ылайык отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө жөнгө салуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Батир ичиндеги (түркүктөрдөн башка) жумуштун, анын ичинде караптык жумуштун наркы отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө жөнгө салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен прейскурант боюнча керектөөчү тарабынан төлөнөт.

Керектөөчүнүн арызы боюнча батир ичинде оңдоо иштерин аткарууда акыркысы өткөрмө түтүктүн чегин турукта орнотулган биринчи вентилге чейин бошотууда тармактык суунун көлөмүнө ысык суу тарифи боюнча кошумча төлөйт.

63. Жылуулук менен жабдуучу уюм келишим боюнча үй ичиндеги тармактарды тейлөө боюнча иштерди аткарууну башка тарапка менчигинин жана башкаруунун түрүнө карабастан берүүгө укуктуу.

64. Тиричилик керектөөчү жана жылуулук менен жабдуучу уюмдун ортосундагы пикир келишпестиктер келип чыкканда, тиричилик керектөөчү укуктары же келишим милдеттери бузулган учурда тиешелүү мамлекеттик жана коомдук уюмдарга же сотко кайрылууга укуктуу.

65. Жылуулук менен жабдуучу уюм менен керектөөчүнүн ортосундагы баланстык таандык чеги (бөлүктүн) аныкталат:

- жөнгө салуу түйүнү болгондо - киргендеги тээктен жөнгө салуу түйүнүнө;

- жөнгө салуу түйүнү болбогондо - киргендеги тээктен турак үйүнө (үй конструкциялары бар чектерде);

- турак жайдын менчик ээсинде сырткы жылуулук тармактары болгондо - тээктен өткөрмө түтүктөрүн магистралдык же бөлүштүрүүчү тармактарга кошуу ордуна.

Эгер жылуулук менен жабдуучу уюм менен менчик чегинде жылуулук энергиясын эсепке алуу орнотулбаса же болбосо, тиричилик керектөөчүсүнө таандык (жеке короо жай, ЖСК) жылуулук тармактарында жылуулук коромжулары учурдагы ченемдерге ылайык эсептешүү жолу менен аныкталат жана керектөөчүгө тиешелүү (жылуулук тармагынын ээсине).

66. Керектөөчү ысык сууну эсепке алуу приборлордун жана орнотулган плобмалардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Ысык суунун сарпталышын эсепке алуучу прибор иштен чыкканда керектөөчүлөрдүн жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү бузган жана уурдаган фактылары табылганда Жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсепке алуу приборлору бар керектөөчүлөр менен иштөө тартиби жөнүндө нускаманын 17-19-пункттарынын жоболорун жетекчиликке алуу керек (4-тиркеме).

67. Ысык суу менен жабдууну эсепке алуу приборлору болбогондо:

- ушул дарек боюнча жашаган жактардын саны өзгөргөн учурда керектөөчү бул жөнүндө жылуулук менен жабдуучу уюмга болгон факттан кийин бир айдан кеч эмес тастыктоочу документти көрсөтүү менен кат түрүндө билдирүүгө милдеттүү;

- ушул дарек боюнча жашагандардын бири же бир нечеси бир айдан ашык мөөнөткө убактылуу кеткен учурда, кетүү фактысына чейин тастыктоочу документтерди (жол жүрүү документинин көчүрмөсү, путевка көчүрмөсү, иш сапар күбөлүгүнүн көчүрмөсү) тиркөө менен жылуулук менен жабдуучу уюмга берилген арызга ылайык кеткен адамдардан ысык суу менен жабдууга төлөм алынбайт. Күтүүсүздөн кеткен учурларда тастыктоочу документтер менен арыз керектөөчү тарабынан жашаган жерине кайтып келгенден кийин бир айдын ичинде берилет жана белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин каралбайт.

Эгер батирде (жеке үйдө) эч ким жашабаса, бул жөнүндө арыз көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен жылуулук менен жабдуучу уюмга кетүү фактысына чейин берилет.

68. Жылуулук менен жабдуучу уюм менен эсептешүү керектөөчү тарабынан түзүлгөн Типтүү келишимге ылайык жүргүзүлөт.

69. Жылуулук энергиясын керектөө боюнча батир жалдоочулар (батир ээлери) менен турак жай уюмдары ортосудагы талаш маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларын жетекчиликке алышы керек.

 

9-глава. Жылуулук энергиясын пайдаланууга эсептешүүлөр

 

§ 1. Жылуулук энергиясына тарифтер

 

70. Керектөөчүлөр жылуулук менен жабдуучу уюмдар менен жылуулук энергияга керектөөчүлөрдүн тиешелүү тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча Кыргыз Республикасынын «Электр энергетикасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык эсептешет.

71. Тарифтер керектөөчүлөргө жылуулук менен жабдуучу уюмдардан түздөн-түз да, негизги керектөөчүлөрдүн тармактары аркылуу да берилген жылуулук энергиясына жайылтылат.

72. Керектөөчүлөргө берилген жылуулук энергиясына тарифтер керектөөчүлөрдүн конденсатты же тармактык сууну толук кайтаруусуна карап белгиленет.

Эгер жабдуучу менен керектөөчү ортосундагы Келишимге ылайык конденсаттын кайтышы максатка ылайыктуу эмес болсо, анда бууну өндүрүү менен байланышкан бардык чыгымдар жылуулук энергия тарифине киргизилет.

73. Жылуулук энергиясын буу жана ысык суу түрүндө керектөөчүлөр жылуулук менен жабдуучу уюмга, эгер Келишимде башкасы каралбаса, конденсатты же ысык суунун көлөмүн кайтарбоо менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурат.

74. Керектөөчүнүн магистралдык тармактарында жылуулук энергиясынын коромжусу аны менен керектөөчү субъекттин ортосунда алардын жылуулук энергиясын керектөө үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

 

§ 2. Керектөөчүлөргө берилген буудагы жылуулук энергиянын өлчөмүн аныктоо жана эсептөө тартиби

 

75. Керектөөчүгө берилген буудагы жылуулук энергиясынын өлчөмү жылуулук менен жабдуучу уюмдун жана керектөөчүнүн жылуулук тармактарын бөлүү чегинде эсепке алынат.

Бөлүнүү чегине чейин жылуулук энергиясын ташуу боюнча бардык чыгымдар жана коромжусу жылуулук менен жабдуучу уюмга тиешелүү.

Бөлүнүү чегинен кийин жылуулук энергиясынын бардык чыгымдары жана коромжусу керектөөчүгө тиешелүү.

76. Керектөөчүгө келген буудагы жылуулук энергиясынын өлчөмү жылуулук менен жабдууга Келишимде белгиленген буунун параметрлеринде анын жылуулукту кармоосуна буунун өлчөмүн көбөйтүү катары аныкталат.

Ушуну менен бирге суу менен жабдуу булагынын баштапкы суусундагы жылуулуктун саны эсепке алынат.

Кайтарылган конденсат үчүн керектөөчүгө төлөмдүн өлчөмү, анын жылуулукту кармоосун эсепке алуу менен Келишимде аныкталат.

77. Жылуулук менен жабдууга Келишимдерде жылуулук алып жүрүүчүнүн ар бир түрү боюнча жогорку жана төмөнкү чекте жол берилген (буу өткөрмөлөрү үчүн) сааттык жүктөм, ошондой эле, керектөөчүгө жылуулук энергиясын берүүнүн жалпы (жылдык жана ар айлык) көлөмү белгиленет.

78. Керектөөчүнүн макулдугусуз Келишимде каралган тандамал буунун ордуна өткүр же редукцияланган бууну берүүдө керектөөчү менен эсептешүү тандамал буу үчүн тариф боюнча жүргүзүлөт.

79. Керектөөчү эсепке алуу приборлорунда бузуктарды тапканда, ал жылуулук менен жабдуучу уюмга бул туурасында расмий түрдө тез арада билдирүүгө тийиш.

Жылуулук менен жабдуучу уюм 5 күндүк мөөнөттө эсептөө приборлорун жана алар боюнча жүргүзүлгөн эсептердин тууралыгын текшерүүгө жана жыйынтыктары жөнүндө керектөөчүгө билдирүүгө милдеттүү.

80. Эсепке алуу приборлоруна текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызды берүү керектеген жылуулук энергиясына керектөөчүнү белгиленген мөөнөттө төлөөдөн бошотпойт.

81. Сурабастан кошулганда жана жылуулук энергиясын эсепке албастан керектегенде керектелген жылуулук энергиясына эсеп керектөөчүлөрдүн жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү бузган жана уурдаган фактылары табылганда Жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсепке алуу приборлору бар керектөөчүлөр менен иштөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык жүргүзүлөт (4-тиркеме).

82. Келишимде каралбаган буу түрүндө жылуулук энергиясына муктаждыкты убактылуу көбөйтүүдө, керектөөчү керектөө айына чейин айдын 20-күнүнө чейин же үстүдөгү айдын керектөө күнүнө чейин 5 күн мурда жылуулук менен жабдуучу уюмга кайрылат.

83. Эгер керектөөчү жылуулук энергиясынын суралган көлөмүн сарптабаса, анын сарпталбаган көлөмү жылуулук иштеп чыгаруучу уюмдун отун түзүүчүсүнүн өздүк наркы боюнча төлөнөт.

 

§ 3. Керектөөчүлөр кайтарган конденсаттын санын аныктоо жана эсептөө тартиби

 

84. Буунун жылуулук энергиясын жылытуу, желдетүү жана ысык суу менен жабдуу үчүн пайдаланууда, керектөөчүлөр жылуулук менен жабдуучу уюмга 95%дан кем эмес конденсатты кайтарууга милдеттүү, ал эми бууну технологиялык максаттарга пайдаланууда конденсат Келишимде шартталган көлөмдө жана сапат менен кайтарылат.

Конденсатты керектелген буунун санынан проценттерде кайтаруу ченемин жана анын сапатын тараптар Келишим түзүүдө аныкташат.

Керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюмга кайтарууга милдеттүү болгон конденсаттын саны жылуулук керектөө тутумунун долбоордук маалыматтарга, ишкананын буу конденсат балансына ылайык жана конденсатты кайтаруу боюнча жетишкен жыйынтыктарды, ошондой эле, резервдерди эсепке алуу менен белгиленет.

85. Керектөөчү кайтарган конденсаттын саны жана сапаты керектөөчүдө аныкталат.

86. Жылуулук энергиясына төлөөдөн башка, жылуулук энергиясын бууда алган керектөөчүлөр жылуулук менен жабдуучу уюмга химиялык тазаланган суунун наркын Келишимде аныкталган көлөмдө төлөйт.

Эгер керектөөчү кайтарган конденсаттын көлөмү келишим маанилерден ашкан учурда, конденсаттын Келишимде белгиленген сапатын сактаса, жылуулук менен жабдуучу уюм керектөөчү менен кайтарылган конденсаттын накта көлөмү боюнча эсеп жүргүзөт.

87. Жылуулук энергиясынын булагына сапаты келишим шарттарга ылайык келбеген конденсат келип түшкөндө, жылуулук менен жабдуучу уюм кайтарылган конденсаттын көлөмүн эсептешүүдө эске албайт.

88. Бууну аз чыгымдаган айрым керектөөчүлөр жана конденсатты кайтаруу пайдасыз болгон учурда жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан конденсатты кайтаруудан бошотулушу мүмкүн. Конденсатты кайтаруу максатка ылайыктуулугун керектөөчүлөр аныктайт.

89. Кайтарылган конденсаттын санын жана сапатын белгилөөдө жылуулук менен жабдуучу уюм менен керектөөчүлөр ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгондо, эки тараптын өкүлдөрүнүн, жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусу жана тиешелүү адистерди тартуу менен жылуулук менен жабдуучу уюм менен керектөөчүлөр ортосунда пикир келишпестиктердин протоколун тариздегенден кийин 2 айдан кеч эмес мөөнөттө техникалык экспертиза жүргүзүлөт. Конденсаттын саны жана сапаты боюнча акыркы чечим жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

 

§ 4. Керектөөчүлөргө берилген ысык сууда жылуулук энергиянын өлчөмүн аныктоо жана эсептөө тартиби

 

90. Керектөөчүлөргө берилген ысык суудагы жылуулук энергиясынын өлчөмү жылуулук менен жабдуучу уюмдун жана керектөөчүлөрдүн жылуулук тармактарын бөлүү чегинде эске алынат.

Бөлүү чегине чейин жылуулук энергиясын ташуу боюнча бардык чыгымдар жана коромжулар жылуулук менен жабдуучу уюмга тиешелүү.

Бөлүү чегинен кийин жылуулук энергиясынын бардык чыгымдары жана коромжулары керектөөчүгө тиешелүү.

Керектөөчүлөргө берилген ысык суудагы жылуулук энергиясынын өлчөмү жабык тутумдарда анын жылуулук сыйымдуулугуна жана берилүүчү жана кайра келген тармактык суунун температурасынын ар түрдүүлүгүнө суунун санын көбөйтүү катары аныкталат.

Суу бөлүштүргүчтүн ачык тутумунда керектөөчүгө берилген ысык суудагы жылуулук энергиясынын саны анын жылуулук сыйымдуулугуна жана берилүүчү жана баштапкы суунун температурасынын ар түрдүүлүгүнө суунун санын көбөйтүү катары аныкталат.

91. Жылуулук тармагы үчүн берилүүчү жана кайра келген тармактык суунун температурасы жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан температура графигине ылайык коюлат.

Керектөөчү ысык суудагы жылуулук энергиясын пайдаланууда кайра келген тармактык сууну графиктеги мааниден ашпаган температурада кайтарууга милдеттүү.

Жылуулукту берүүнү жөнгө салуу күндүзгү жана түнкү сырттагы температуранын айырмасы сегиз градустан ашканда суткасына эки жолу жана сегиз градустан төмөн температуранын термелүүсүндө суткасына бир жолу жүргүзүлөт.

92. Берилүүчү тармактык суунун температурасынын графикке каршы жогорулашынан улам керектөөчүгө келишим көлөмдөн ашыкча берилген жылуулук энергиясына керектөөчү төлөбөйт.

93. Ысык суу менен жабдуунун ачык тутумунда, эгер суу бөлүштүргүчтүн көлөмү Келишимде көрсөтүлгөн чоңдуктан ашса, керектөөчү кошумча алынган баштапкы суунун наркын төлөөгө милдеттүү.

94. Сурабастан кошулганда жана жылуулук энергиясын эсепке албастан керектегенде, керектелген жылуулук энергиясына эсеп учурдагы ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт. Жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсепке алуу приборлору бар керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү пайдаланууну жана эсептөөнү бузуу табылган фактылар боюнча документтерди тариздөө тартибин Керектөөчүлөрдүн жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү бузган жана уурдаган фактылары табылганда жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсепке алуу приборлору бар керектөөчүлөр менен иштөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныктайт (4-тиркеме).

95. Келишимде каралбаган ысык суу түрүндө жылуулук энергиясына муктаждыкты көбөйтүүдө, керектөөчү керектөө айына чейин айдын
20-күнүнө чейин же үстүдөгү айдын керектөө күнүнө чейин 1 күн мурда жылуулук менен жабдуучу уюмга кайрылат.

96. Эгер керектөөчү жылуулук энергиясынын суралган көлөмүн сарптабаса, анын сарпталбаган көлөмү жылуулук иштеп чыгаруучу уюмдун отун түзүүчүсүнүн өздүк наркы боюнча төлөнөт.

 

§ 5. Төлөм документтерин көрсөтүү жана төлөө тартиби

 

97. Жылуулук менен жабдуучу уюмга керектөөчү менен макулдашуу боюнча жылуулук энергиясына эсептешүү тартибин белгилөө укугу берилет. Эсептешүү мезгилинин узактыгы жана төлөмдөрдүн мөөнөтү жылуулук энергиясын пайдаланууга Келишимде жазылат.

98. Керектөөчүнүн жылуулук менен жабдуучу уюм менен жылуулук энергиясына эсептер мерчемдүү төлөмдөр тартибинде жүргүзүлөт.

Мерчемдүү төлөмдөрдүн өлчөмү, аларды төлөө түрү жана мөөнөттөрү жылуулук энергиясын пайдаланууга Келишимде белгиленет.

99. Конденсатты кайтарууда жылуулук энергиясына төлөмдөрдүн суммасы акыркы эсептешүүдө эске алынат.

100. Керектөөчүлөр жылытуу мезгилинде колдонулуп жаткан тарифтер боюнча календардык айда бир жолу төлөм жүргүзөт. Жылуулук менен жабдуучу уюм көрсөткөн эсептерди керектөөчү эсеп-билдирме көрсөтүлгөн күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде, кандай гана себеп боюнча болбосун, анын ичинде керектөөчүдө каражаттардын жоктугунан төлөнбөгөн учурда, жылуулук менен жабдуучу уюм, төлөм келип түшкөн күндөн баштап, төлөм аткарылган күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык керектөөчүгө төлөнбөгөн сумма боюнча пайыздарды кошуп эсептейт.

101. Туум өндүрүп алуу укугуна карабастан, жылуулук менен жабдуучу уюмдун эсеп берилген күндөн тартып, 10 күндүн ичинде төлөнбөгөн учурда керектөөчүгө жылуулук энергиясын берүүнү токтотуу укугу сакталат. Бул санкцияны колдонуу Кыргыз Республикасынын «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

102. Жылуулук менен жабдуучу уюм менен Келишими бар керектөөчү ээлеген жайын бошоткон учурда, керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюмга бул жөнүндө 7 күн мурун кабарлайт жана кеткен күндү кошуп жылуулук энергиясына толук эсептешет, ушундан кийин жылуулук менен жабдуучу уюм объектке жылуулук энергиясын берүүнү токтотот. Жаңы керектөөчүнү тариздөө жана анын жылуулук керектөөчү орнотмолорду жылуулук тармактарга кошуу ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

103. Башка юридикалык же жеке жактарга турак же турак эмес жайларды ажыратуу учурунда, керектөөчү жылуулук менен жабдуучу уюм менен ажыратылган учурда жылуулук энергиясына карыздарын милдеттүү түрдө төлөө менен текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү, андан кийин жылуулук менен жабдуучу уюм объектке жылуулук энергиясын берүүнү токтотот. Жаңы керектөөчүнү тариздөө жана жылуулук энергиясына кошуу Келишим түзүлгөндөн кийин жүргүзүлөт. Керектелген, бирок төлөнбөгөн жылуулук энергиясына төлөм боюнча жоопкерчилик жаңы ээсине жүктөлөт.

 

10-глава. Жылуулук энергиясын берүүнү чектөөнүн же токтотуунун шарттары

 

104. Жылуулук менен жабдуучу уюм керектөөчү менен жылуулук менен жабдууга түзүлгөн Келишимге ылайык жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө милдеттүү.

Керектөөчүнү анын арызынын негизинде жылуулук энергиясын керектөөнү чектөө графигине кошуу, ошондой эле, жүктөмдүн графиктерин жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү Келишим менен каралат. Жылуулук менен жабдуучу уюм форс-мажордук кырдаалдар келип чыкканда графиктердин сакталышына ушул Эрежелерде аныкталган жоопкерчиликти тартпайт.

105. Керектөөчүлөрдүн жылуулук керектөөчү орнотмолордун жана жылуулук тармактарынын карапка кооптуу жана тейлөөчү кызматкерлердин, калктын жана айыл чарба жаныбарларынын өмүрүнө коркунуч туудурган канааттандыраарлык эмес абалы учурунда, керектөөчүлөрдүн жылуулук керектөөчү орнотмолордогу жана жылуулук тармактарындагы мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча талаптарды аткарбаганда, жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жылуулук менен жабдуучу уюмдан ушул Эрежелер жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген жол-жоболорду сактоо менен мөөнөттөрдө керектөөчүлөргө жылуулук энергиясын берүүнү толук же жарым-жартылай токтотуу талабын коюуга укугу бар.

106. Жылуулук менен жабдуучу уюм алдын ала билдирбестен керектөөчүлөргө төмөнкү учурларда жылуулук энергиясын берүүнү чектөөгө же токтотууга укугу бар:

1) карапка кооптуу жана тейлөөчү кызматкерлердин же калктын өмүрүнө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы, аларды алдын ала эскертүү же жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүү үчүн;

2) форс-мажор кырдаалдарынын пайда болушу;

3) керектөөчүнүн же керектөөчү субъекттин жаңы жылуулук керектөөчү орнотмолорду жылуулук тармакка уруксатсыз кошуу;

4) жылуулук менен жабдуучу уюмдун кызматтарын пайдаланууга табыштама бербеген жана төлөбөгөндүгү үчүн өчүрүлгөндөн кийин уруксатсыз кошулган керектөөчүнү уруксатсыз кошуу же жылуулук менен жабдуучу уюмдун эсептегичтерине же жабдууларына кийлигишүү билинген учурларда;

5) эсепке алуу приборлорунан четтеп жылуулук энергиясын керектөө тутумун кошуу.

107. Жылуулук менен жабдуучу уюм төмөнкү учурларда 3 күнгө чейин билдирүү менен керектөөчүгө жылуулук энергиясын берүүнү чектеши же токтотушу мүмкүн:

1) жылуулук энергиясына Келишимде белгиленген төлөө мөөнөттөрүн керектөөчүнүн бузуулары;

2) тармактагы берүүчү суунун температура графигин сактоодо графикке каршы тармактагы кайра агып келген суунун температурасын 3%дан ашык көтөрүү;

3) жылуулук энергиясынын агып кетишине, тармактык суунун булганышына жол берүү;

4) жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кат түрүндөгү актысы боюнча;

5) жылуулук менен жабдуучу уюмдун кызмат адамдарын - эсепке алуу каражаттарына, ал эми жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарын керектөөчүнүн жылуулук керектөөчү орнотмолоруна киргизбөө.

108. Керектөөчү Келишимде шартталган жылуулук керектөөнүн жогорку чектеги сааттык жүктөмүн ашырып жиберген факт белгиленгенде жылуулук менен жабдуучу уюм жылуулук энергиясын берүүнү келишим жүктөмгө чейин тез арада чектөөгө укугу бар.

109. Керектөөчү тарабынан жылуулук энергиясын уурдоо фактысы аныкталган учурда жылуулук менен жабдуучу уюм ага жылуулук энергиясын берүүнү тез арада токтотууга укугу бар.

110. Жылуулук энергиясында тартыштык келип чыккан учурда жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан жылуулук энергиясын берүү чектелет же өчүрүлөт.

Караптык жагдай түзүлгөндө жана отун-энергетика ресурстарында тартыштык келип чыкканда аларды колдонуу тартиби, алардын аракетинин узактыгы жана төмөндөтүү чоңдугу Келишимде чагылдырылат, ал эми жылуулук энергиясын керектөөдө убактылуу чектөөлөр киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын «Электр энергетикасы жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.

Отундун тартыштыгында жана караптык жагдай убагында жылуулук менен жабдууну чектөө жана өчүрүү графиктери биринчи кезекте төлөбөгөн-керектөөчүгө карата колдонулат.

Жылуулук энергиясын чектөө жана өчүрүү графиктерин ишке киргизгенден кийин жылуулук менен жабдуучу уюм Келишимде же тараптардын кошумча макулдашууларында айтылган мөөнөттөрдө керектөөчүгө, тараптардын макулдашуусу боюнча, графикти ишке киргизүү мезгилинде чектөө чоңдугуна жылуулук энергиясын кошумча берүүнү камсыз кылат.

Жылуулук менен жабдуучу уюм менен керектөөчүнүн ортосунда жылуулук энергиясын чектөө жана өчүрүү графиктерин ишке киргизүү жана иштеши туурасында талаш-тартыш маселелер жөнгө салынбаган учурда жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берилет.

111. Жылуулук менен жабдууга Келишимде календардык жылда, айда жабдууларды оңдоо жана жаңы керектөөчүлөрдү кошуу мерчемделген иштерди жүргүзүү үчүн керектөөчүлөрдү өчүрүүнү саны, узактыгы каралууга тийиш.

Жылуулук энергиясын берүүдө тыныгуунун так күнүн жана узактыгын макулдашуу үчүн 7 күн мурда керектөөчү жылуулук энергиясын ага берүүнүн токтотулуу жөнүндө алдын ала эскертилет. Эгер эскертүүнү алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө керектөөчү жылуулук энергиясын берүүдө тыныгуу убактысын макулдашпаса, жылуулук менен жабдуучу уюм өз алдынча бул убакытты белгилөөгө укугу бар.

Жылуулук энергиясын берүүдө тыныгуу мүмкүн болушунча керектөөчү үчүн жумуш эмес убакытта өчүрүүгө чейин 24 сааттан кеч эмес бул жөнүндө эскертүү менен жүргүзүлүшү керек.

112. Керектөөчүнү ушул Эрежелердин 106-107-пункттарында айтылган себептер боюнча өчүрүүдө, өчүрүүнүн себептери жоюлгандан кийин эки жумадан көп эмес мөөнөттө кезектүүлүккө ылайык, жылуулук менен жабдуучу уюмдун күндөлүк иштеринин артыкчылыгын эске алып, жылуулук энергиясын берүү калыбына келтирилет.

 

11-глава. Мамлекеттик контроль жана көзөмөл

 

113. Ушул Эрежелердин талаптарын сактоо маселелери боюнча, жылуулук техникалык жабдуунун жана жылуулук тармактардын техникалык абалына жана пайдаланууну уюштурууга мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.

114. Жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жылуулук керектөөчү орнотмолорго жана жылуулук тармактарга контроль жана көзөмөл жүргүзүшү төмөнкү жоопкерчиликтен бошотпойт:

1) министрликтердин, мекемелердин, уюмдардын, менчиктин жана мекемеге таандыктын бардык түрүндөгү чарбакер субъекттердин ээлигинде же менчигинде жайгашкан жылуулук керектөөчү орнотмолорго жана жылуулук тармактарга көзөмөл боюнча;

2) керектөөчүлөр менен - ушул Эрежелерди сакташына көзөмөл боюнча.

115. Жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген эскертүүлөрдү белгиленген мөөнөттө аткаруу менчигинин жана мекемеге таандыгынын бардык түрүндөгү чарбакер субъекттерге милдеттүү болуп эсептелет.

 

1-тиркеме

 

Тиричиликтен башка керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен жабдууга

келишим

 

201__-жылдын «__» _________

№_______

 

Бул Келишим Кыргыз Республикасынын «Энергетика жөнүндө» Мыйзамынын негизинде түзүлдү жана жылуулук менен жабдуучу уюмдун жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттейт.

Кыргыз Республикасынын «Энергетика жөнүндө» жана «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде жана жылуулук энергиясын жеткирүүгө 201__-жылдын «_____» «____________» №_____ лицензиянын шарттары жана эрежелери боюнча иштеген жылуулук менен жабдуучу уюмдун атынан чыгуучу жетекчи: ____________________________________________________ (мындан ары - жылуулук менен жабдуучу уюм) __________________________________________________________

(кызмат орду, аты-жөнү)

жана ________________________________________________________негизинде иштеген

(өз атынан же юридикалык даректин аталышы)

жылуулук энергиясын керектөөчүнүн атынан чыгуучу (мындан ары - керектөөчү), ___________________________________________________

(аты-жөнү)

_________________________________________________________ дареги боюнча же төмөндө көрсөтүлгөндө жерде жайгашкан керектөөчүнү жылуулук менен жабдуу жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.

 

1. Жылуулук менен жабдуучу уюм төмөнкүлөргө милдеттенет:

 

1) керектөөчүнү жылуулук энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу жабдууну камсыз кылууга, саатына ________ Гкал жогорку чектеги жүктөм менен, анын ичинде:

бууда: _________ Гкал/саатына (_________т/саатына), басым _______ата +/-___%, температура _____оС +/-5%;

тармактык сууда: _________Гкал/саатына;

2) керектөөчүнү жылуулук алып жүрүүчү менен жабдуу тутумунун оптималдуу иштөө режимин, анын ичинде өткөрмө түтүктөгү тармактык суунун температурасын жылуулук булагында отун болбогон учурду кошпогондо белгиленген графикке ылайык, +/- 3%дан ашпаган четтөөлөрү менен сактоого;

3) жылуулук энергиясын берүүдө мерчемделген чектөөлөрдү жана өчүрүүлөрдү алардын себептерин жана узактыгын көрсөтүү менен керектөөчүгө эскертүү жана аны менен макулдашууга;

4) керектелген жылуулук энергиясына эсепти өткөн календардык айга кийинки календардык айдын 10-күнүнөн кеч эмес керектөөчүгө көрсөтүүгө;

5) керектөөчүнү колдонуудагы жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелери менен тааныштырууга;

6) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого.

 

2. Керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттенет:

 

1) жылуулук энергиясы берилгенге чейин тиешелүү эсепке алуу приборлорун орнотууга. Алардын сакталышын, пайдалануунун тууралыгын камсыз кылууга. Жылуулук энергиясын жана ысык сууну эсепке алуу каражаттарынын ишине кийлигишүүгө жол бербөөгө;

2) жылуулук менен жабдуучу уюмдун уруксатысыз жаңы жылуулук керектөөчү түзүлүштөрдү жана орнотмолорун кошууга жол бербөөгө;

3) жылуулук алып жүрүүчүнүн кайтышын камсыз кылууга: конденсатты _______ т/саатына санда, тармактык сууну _______т/саатына санда;

4) төлөм күнү колдонуудагы тарифтер боюнча керектелген жылуулук энергиясына эсептер берилген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде төлөөгө. Төлөө кечиктирилген учурда төлөнбөгөн сумма боюнча пайыздарды төлөм берилген күндөн тартып төлөм жүргүзүлгөн күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөйт;

5) энергиясынын жана кубаттуулуктун караптык тартыштыгы келип чыкканда жылуулук энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнү чектөөнүн графикте каралган режимин ишке киргизүүгө.

Жылуулук энергиясын керектөө мерчемдүү көбөйтүлгөн учурда уруксатты же техникалык шарттарды алуу үчүн жылуулук менен жабдуучу уюмга күн мурунтан кайрылууга;

6) жылуулук энергияны жана жылуулук алып жүрүүчүнү керектөө мерчемдүү азайтылган учурда Келишимди кайра түзүү үчүн жылуулук менен жабдуучу уюмга күн мурунтан кайрылууга;

7) жылуулук менен жабдуучу уюмдун өкүлдөрү күбөлүктөрүн көрсөткөндө эсепке алуу каражаттарына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга.

 

3. Тараптардын өз ара жоопкерчилиги

 

Жылуулук менен жабдуучу уюм жана керектөөчү өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга милдеттенет.

Жылуулук менен жабдуучу уюм керектөөчүнүн арызы боюнча ага келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурат, эгер жылуулук менен жабдуучу уюм ушул Келишимдин пункттарынын бирөөнү бузса.

Тараптар келишимде көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү (жетекчиликтин алмашуусу, уюмдун аталышы, реквизиттер, алыш-бериш эсептин өзгөрүшү) жөнүндө кат түрүндө өз убагында билдирүүгө милдеттенет.

Ушул Келишим боюнча бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте чечилет.

«Жылуулук энергиясын жеткирүү шарттары» А тиркемеси жана «Керектөөчү менен жылуулук менен жабдуучу уюмдун ортосунда баланстык таандыкты жана пайдалануу жоопкерчилигин чектөө акты» Б тиркемеси ушул Келишимдин ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат.

 

4. Келишимдин иштөө мөөнөтү жана аны бузуунун шарттары

 

Келишим эки тарап тең кол койгон учурдан тартып, тараптардын бирөө экинчисине анын аракеттерин токтотуу жөнүндө билдирген учурга чейин жарактуу деп эсептелет. Эгер Келишим жылуулук менен жабдуучу уюмдун демилгеси боюнча бузулса, анда керектөөчү ушул Келишимди такай аткарбаган учурдан башка, керектөөчү бул жөнүндө Келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин 5 күн мурда кабарланууга тийиш.

 

Жылуулук менен жабдуучу уюм:

_____________________________

Дареги: ______________________

Телефону: ____________________

Алыш-бериш эсеби: ____________

 

 

Колу:_______________________

М.О.

Керектөөчү:

_________________________________

Дареги: __________________________

Телефону: ________________________

Алыш-бериш эсеби: ________________

МФО____________________________;

СИН: ____________________________

Колу:____________________________

М.О.

 

Бул Келишим 2 нускада түзүлдү, алардын бирөө - жылуулук менен жабдуучу уюмда, экинчиси керектөөчүдө болот.

 

А тиркемеси

 

Жылуулук энергиясын жеткирүүнүн шарттары

 

Жылуулук менен жабдуучу уюм: ________________________________________________________________________________________

(уюмдун аталышы)

201__-жылдын «_____» ____________ № _________ Келишимдин негизинде керектөөчүгө:__________________________________________

(уюмдун аталышы)

жылуулук энергиясын ________Гкал/жылына өлчөмүндө жогорку чектеги жылуулук жүктөмү менен, анын ичинде:

- жылытууга __________ Гкал/саат;

- желдетүүгө __________ Гкал/саат;

- ЫСЖга __________ Гкал/саат, ___м3/саат жылуулук тармагынан жогорку чекте суу бөлүштүрүү менен;

- технологияга __________ Гкал/саат; ___м3/саат жылуулук тармагынан жогорку чекте суу бөлүштүрүү менен берүүгө милдеттенет.

Керектөөчүгө берилген жылуулук энергиясынын нагыз өлчөмү эсепке алуу приборлору боюнча аныкталат.

Жылытуу мезгилинде жылытуу жана желдетүү муктаждыктарга кеткен жылуулук энергиясынын эсеп чыгымы жылытуу мезгилинде сырттагы абанын орточо температурасы ____0С аныкталган.

Технологияга жана ысык суу менен жабдууга жылуулук энергиясынын жана жылуулук алып жүрүүчүнүн эсептешүү чыгымы долбоор боюнча же (долбоор болбогондо) жабдуунун техникалык мүнөздөмөсү боюнча аныкталат.

Жылуулук энергиясынын жылдык керектелиши айлар боюнча төмөндөгү түрдө бөлүштүрүлөт:

 

Айлар

Абанын айлык орточо температурасы 0С

Эсептешүү чыгымы

Коромжу

жылытуу

желдетүү

ЫСЖ

технология

Гкал

Гкал

Гкал

Тонна

Гкал

Тонна

Гкал

Тонна

Январь

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы, жылына

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөчө шарттар

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

 

Жылуулук менен жабдуучу уюм:

____________________________

Дареги: _____________________

Телефону: __________________

Алыш-бериш эсеби: __________

 

 

Колу:_______________________

М.О.

Керектөөчү:_______________________

_________________________________

Дареги: __________________________

Телефону: ________________________

Алыш-бериш эсеби: ________________

МФО_____________________________;

СИН: ____________________________

Колу: ____________________________

М.О.

 

Б тиркемеси

 

Керектөөчү жана жылуулук менен жабдуучу уюмдун ортосунда баланстык таандыкты жана пайдалануу жоопкерчилигин чектөө акты

 

Биз, төмөндө кол койгондор: жылуулук менен жабдуучу уюмдун атынан чыгуучу ___________________________________ башкы директор

(аты-жөнү)

жана: ___________________________________________________________________________________________________________________

(уюмдун аталышы)

керектөөчүнүн _____________________________________________________________________________________________атынан чыгуучу

(аты-жөнү)

жылуулук менен жабдуучу уюм менен керектөөчүнүн ортосундагы жылуулук тармактардын баланстык таандыгын (техникалык абалына жана пайдаланууга жоопкерчиликти) чектөө чеги болуп:

___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

эсептелери жөнүндө ушул актты түздүк.

 

Керектөөчүнү кошуу схемасы

 

Жылуулук менен жабдуучу уюм:

_____________________________

Дареги: _____________________

Телефону: ___________________

Алыш-бериш эсеби: ___________

 

Колу:________________________

М.О.

Керектөөчү:______________________

Дареги:__________________________

Телефону:________________________

Алыш-бериш эсеби: ________________

МФО_____________________________

СИН_____________________________

Колу:_____________________________

М.О.

 

2-тиркеме

Керектөөчүнүн жылуулук керектөөчү орнотмосун кошууга, өчүрүүгө

 

№ _____ наряд

 

201__-жылдын «_____»___________________

 

1. Керектөөчүнүн _______________________________________________________________________________________________

(уюмдун аталышы)

атынан чыгуучу:_________________________________________________________________________________________________

(кызмат орду, аты-жөнү)

2. Керектөөчүнүн дареги жана алдыда турган өчүрүү жөнүндө эскертүүнүн жолу:

_______________________________________________________________________________________________________________

3. Эмне кошулат, өчүрүлөт: _______________________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________________________________________________

4. Кошуу, өчүрүү себеби: __________________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________________________________________

5. Кошуу, өчүрүү жүргүзүлүүчү пункт: _______________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________________________________________

6. Кошулуучу, өчүрүлүүчү орнотмо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жооптуу адам:______________________________________

(кызмат орду, аты-жөнү)

7. Ким тарабынан жылуулук орнотмо кошулат, өчүрүлөт: _____________________________________________________________

______________________________________________________________________________________________________________

атынан чыгуучу: ________________________________________________________________________________________________

(кызмат орду, аты-жөнү)

8. Жылуулук менен жабдуучу уюмга берилүүчү документтердин тизмеси:

_________________________________________________________________________________________________________________

_________________________________________________________________________________________________________________

 

Жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук бөлүгүнүн башчысы_______________________________________________________________________

(колу) (аты-жөнү)

 

Нарядды алды, 8-пунктка ылайык документтерди кабыл алды:

201__-жылдын «_____»__________

_______________________________________________________________________________________________________________

(кызмат орду, колу, аты-жөнү)

 

3-тиркеме

 

Калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоого типтүү келишим

 

№____

20__-ж. «__» _______

 

Келишим калктын жылытууга жана ысык суу менен жабдууга жылуулук энергиясын пайдаланган учурда турак үйдүн, батирдин, имараттын ээси же жалдоочусу (мамлекеттик, ведомстволук жана муниципалдык үйлөрдүн турак-жай фонду үчүн) жана жылуулук менен жабдуучу мекеменин ортосундагы өз ара мамилелерди (укуктарды, милдетти жана жоопкерчиликти) аныктайт.

____________ №_____ берилген лицензиянын негизинде иштеген, жетекчиси атынан чыгуучу:___________________________________

(аты-жөнү)

мындан ары «жабдуучу» деп атала турган жылуулук менен жабдуучу уюм:

___________________________________________________________________________________________________________________,

(уюмдун аталышы)

бир тараптан жана:

___________________________________________________________________________________________________________________

(облус, шаар, көчө, үй)

___________________________________________________________________________________________________________________

(батирдин, үйдүн, турак жайдын техникалык паспортунун (ордердин) №)

 

дареги боюнча жайгашкан турак үй, батир, имарат ээси же жалдоочусу (мамлекеттик, ведомстволук жана муниципалдык үйлөрдүн турак-жай фонду үчүн),

___________________________________________________________________________________________________________________

(аты-жөнү)

паспортунун сериясы ____________                                     №_____

__________________________________________________________________________________________________________________

(берген органдын аталышы)

 

20 ___-жылдын «____» ________ берилген,

мындан ары «керектөөчү» деп аталган, экинчи тараптан, бирге айтканда - «Тараптар», ал эми өз өзүнчө - «Тарап» төмөндөгүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:

 

1. Келишимдин предмети

 

1. Жабдуучу Кыргыз Республикасынын «Электр энергетикасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык тарифтер боюнча жылытуу жана ысык суу менен жабдуу максатына керектөөчүгө жылуулук энергиянын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылат, ал эми керектөөчү керектелген жылуулук энергия жана ысык суу үчүн өз убагында төлөйт.

2. Жабдуучу үйдүн жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тармактарынын техникалык абалына, коопсуздугуна жана жылуулук энергияны керектөөнү эсепке алуу приборуна тиешелүү түрдө кам көрөт.

Эгер жылуулук менен жабдылган үйдүн ички тармактарынын техникалык жактан тейлөө жылуулук менен жабдуучу мекеме менен жүргүзүлбөй, турак үйдүн ыйгарым укуктуу өкүлү же менчик үйдүн ээси менен түзүлгөн Келишимдин негизинде атайын ишкана менен жүргүзүлсө, турак үйдүн батирлеринин ээлеринин жалпы үлүш менчигинде турган жылуулук менен жабдылган үйдүн ички тутумунун тийиштүү абалына жана коопсуздугуна ушул ишкана жооп берет.

3. Керектөөчү менен жабдуучунун ортосундагы баланстык таандык чек ара төмөндөгүдөй учурда белгиленет:

1) менчигинде жылуулук тармактары бар менчик үйлөр, турак жай-курулуш кооперативдери (ТКК) үчүн керектөөчү менен жылуулук менен жабдуучу уюмдун ортосундагы баланстык таандык чек ара жана пайдалануу жоопкерчилик чек арасын бөлүштүрүү акттын негизинде (ушул Келишимге Б тиркеме);

2) көп батирлүү турак үйлөр үчүн (ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн башка) - турак үйгө кире бериштеги тээктер (вентилдер).

4. Үй ичин жылуулук менен жабдуунун ички тармагын техникалык жактан тейлөө боюнча башка адистешкен ишкана менен келишим түзүлбөгөн учурда, жабдуучунун үйдүн жылуулук менен жабдуунун ички тутумунун техникалык абалын жана коопсуздугун тийиштүү жактан камсыздоо боюнча пайдалануу жоопкерчилигинин чек арасы турак үйдүн батирлеринин ээлеринин жалпы үлүшүндө турган, батирдин ичиндеги жылуулук жабдуу тармактарынан башка (батирдеги стояктардан жылытуу аспаптарына чейинки түтүк өткөргүч аянттары, жылытуу аспаптары, суу чабыштыргычтар жана суу бөлүштүргүч крандары), жылуулук энергияны берүүнүн жана керектөөнүн элементтерин өзүнө камтыйт.

 

2. Тараптардын милдеттенмелери

 

5. Жабдуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жылытуучу приборлордун долбоорлорго ылайык келип жана керектөөчү тарабынан имараттарды жылытуу боюнча иш-чаралар аткарылган учурда турак жайдагы аба температурасын камсыз кылууга. Имараттын ичиндеги температураны 180С төмөн эмес жана керектөөчүнүн жылуулук менен жабдуучу тармагындагы гидравликалык эрежени (басымдын түшүп-көтөрүлүшү) оптималдуу сактоого;

2) керектөөчүнү техникалык мүчүлүштүктөрү жок суу бөлүштүрүү жайлар (крандар, суу чабыштыргычтар) аркылуу берилүүчү температурасы +570С төмөн эмес ысык суу менен жабдууга. Ысык суунун сапаты сакталбаган учурда, керектөөчүгө себептерин жана анын сапатын жакшыртуунун жолдорун маалымдоого;

3) керектөөчүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-декабрындагы № 783 «Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүү эрежелери (мындан ары - Калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүү эрежелери) жана башка ченемдик актылар менен тааныштырууга;

4) жылуулук менен жабдуу тутумуна техникалык тейлөө жүргүзүүгө, атап айтканда:

- жылына эки жолудан аз эмес үйдүн ички жылуулук тутумун, ошондой эле ысык суу менен жабдуу тармагын текшерип, анын натыйжасында бузулуунун себептерин жоюуга;

- үй ичиндеги жылуулук менен жабдуучу тутумдун (жылытуу жана ысык суу менен жабдуу), ошондой эле жылуулук энергиясын эсепке алуу приборунун техникалык абалын жана коопсуздугун тийиштүү камсыздоого;

- үй ичиндеги жылуулук тутумун техникалык жактан тейлөө жана ремонт кылууга, ошондой эле ысык сууга карата караштырылган каржылык каражаттарды эсепке киргизүү жана эсептөөнү бөлөк эсепте жүргүзүүгө;

- көп батирлүү турак үйдүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн суроосу боюнча үй ичиндеги жылуулук менен жабдуу тутумунун техникалык абалы жана үйгө карата чыгымдалуучу каржы каражаттардын сарпталышы жөнүндө тийиштүү маалыматты берүүгө;

5) жылуулук менен камсыздоо тутумун өчүрөөрдөн 7 күн мурда себеп жана мөөнөтүн көрсөтүү менен жылуулук энергияны жана/же ысык сууну берүү пландуу түрдө чектелип же токтотулаары туурасында керектөөчүнү жалпыга маалымдоо каражаттары же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу кабардар кылуу;

6) тарифтердин өзгөргөндүгү туурасында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу керектөөчүгө 7 суткадан кеч эмес убакыттын ичинде маалымат берүү;

7) жабдуучу керектөөчүгө эсепке алуу приборлорун сатып алат жана орнотот. Каржылоо жок учурда жылуулук энергия жана ысык сууну эсептеген жеке приборлор келишимдин негизинде керектөөчүнүн өздүк каражатына орнотулушу мүмкүн жана ал кийин жабдуучу тарабынан сатылып алынат;

8) ай сайын керектөөчүнүн көзүнчө жылуулук энергияны эсептеген прибор көрсөткүчтөрүн алат жана ал көрсөткүчтөр боюнча керектөөчүгө жылуулук энергия жана ысык суу менен пайдаланылгандыгы үчүн төлөмдөрдү эсептейт;

9) эсепке алуу приборлору жок учурда жылуулук алып жүрүүчүнү жана ысык сууну жеткирүүнүн шарттарын эсепке алып эсептешүү жолу менен жылытуу үчүн анык пайдаланылган жылуулук энергиясы аныкталат (ушул Келишимге А тиркеме) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөө ченемдери боюнча ысык суу менен жабдуу үчүн төлөм эсебин жүргүзүүгө;

10) ай сайын отчёттук календардык айдан кийинки айдын 10-күнүнөн кеч эмес жылытуу жана ысык суу менен жабдууга пайдаланылган жылуулук энергиясына төлөм эсебин керектөөчүгө берүүгө;

11) эсепте каталар жана так эместиктер табылган учурда, керектөөчүнүн арызы берилген күндөн тартып 10 күндүк жумушчу күн ичинде чечим кабыл алууга жана эсептелген төлөмдөрдүн суммасын кайра эсептөөнүн жыйынтыктары менен керектөөчүнү тааныштырууга;

12) төлөм боюнча карызы бар керектөөчүнү жылуулук менен жабдылбай калары туурасында 3 күн мурда жазуу түрүндө кабардар кылууга;

13) пайдаланылган жылуулук энергиясы жана кошуу үчүн кызмат акысын толугу менен төлөмдөрү жүргүзүлгөндөн кийин керектөөчүнүн арызынын негизинде, кезек боюнча, бирок 2 жумадан кеч эмес убакытта жылуулук энергиясы менен ысык сууну берүүнү улантууга.

6. Керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн нагыз пайдаланган жылуулук энергияга жабдуучу тарабынан берилген эсепке ылайык, аны алган күндөн тартып 10 күндөн кеч эмес убакытта төлөөгө;

2) батир ичиндеги жылуулук менен жабдуу тутумунун элементтерине ремонт жүргүзгөн учурда керектөөчү төлөмдөрдү оңдоо иштери жүргүзүлгөн түтүк өткөргүчтөрдө зарыл учурда төгүлгөн тармактык суунун көлөмү үчүн жүргүзүүгө;

3) 3 же андан көп ысык суу түтүктөрү бар үйгө (батир) ысык суу чыгымын эсепке алуу үчүн өз каражатына эсепке алуу приборун орнотууга;

4) кызматтык күбөлүктөрүн көрсөткөн жабдуучу өкүлдөрүн тоскоолсуз киргизүүгө:

- ысык суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн жана техникалык абалын текшерүү үчүн;

- жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тутумун текшерүү үчүн;

- караптарды алдын-алуу жана/же аны жоюу боюнча жумуштарды жасоо үчүн;

- жылуулук керектеген жабдууларды өчүрүү (кошуу) боюнча жумуштарды аткаруу үчүн;

5) ысык сууну эсепке алуу приборун орнотууда жана ишке киргизүүдө жоопкерчиликтүү сактоого келишимге ылайык ысык сууну эсептөө приборлорун жана орнотулган пломбалардын сактыгын камсыз кылуу үчүн (ушул Келишимге В тиркеме);

6) жеке үйдө (батирде) ысык сууну чыгымдоо боюнча эсепке алуу приборлору жок болсо, жылуулук берилүүчү аянт жана анда жашап жаткан адамдардын саны өзгөрүлгөндүгү же ээси алмашкандыгы жөнүндө факт аныкталгандан кийин 1 айдан кеч эмес мөөнөттө тастыктоочу документтерди тиркөө менен жабдуучуну (жазуу түрүндө) кабардар кылуу;

7) жашаган жери өзгөргөн учурда бир айлык мөөнөт ичинде жылуулук энергиясы жана ысык сууга болгон карызын төлөө;

8) керектөөчүнүн күнөөсү менен жылуулук менен жабдуу токтотулса, жылуулук керектөөчү жабдууларды өчүрүү жана жылуулук менен жабдуучу тутумга кайра кошуу үчүн жабдуучуга төлөө;

9) көрсөтүлгөн эсеп боюнча төлөмдү кечиктиргени үчүн туумду жабдуучуга төлөө;

10) төлөө эсебин алгандан кийин төлөм жүргүзүлө турган иш кагаздарындагы табылган каталар жана дал келбөөчүлүктөр жөнүндө 5 күндүн ичинде жабдуучуга кабарлоого;

11) долбоорлук документтерге туура келбеген жылуулук керектөөчү түзүлүштөрдүн (аспаптардын) кошулуусун болтурбоо жана жабдуучу менен макулдашпай туруп, жалпы үлүштүк менчиктеги жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тутумунун элементтерин алмаштырбоо;

12) үйдүн (батирдин) жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тутумунун ишинде болгон бардык бузулуулар жөнүндө жабдуучуга токтоосуз кабарлоого;

13) батир ичиндеги (жеке үй ээлиги үчүн - үй ичиндеги) жылуулук менен жабдуу тутумун жана керектөөчүгө таандык жылуулук керектөөчү жабдууну (вентиль, кран, суу чабыштыргыч, жылытуучу приборлор, аларга карата өткөрүүчү түтүктөрдүн тилкелерин) жана ысык сууну эсепке алуу приборлорун талаптагыдай техникалык абалда кармоо жана коопсуз пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үйдү (батирди) жылытуу боюнча жабдуучунун эскертүүлөрүн аткарууну камсыз кылуу.

 

3. Тараптардын укуктары

 

7. Жабдуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) керектөөчүдөн бул Келишимди, мыйзамдарды сактап, иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызмат жана аткарылган жумуштар үчүн өз учурунда акы төлөөсүн талап кылуу;

2) талапка ылайык эсепке алуу прибору бар болгондо гана үй (батир) ичинде 3 же андан көп ысык суу алуу түйүндөрү бар керектөөчүгө ысык сууну берүү;

3) төлөмдү кечиктирген ар бир күн үчүн керектөөчүгө карыздын жалпы суммасынан 0,1 % өлчөмүндө туум эсептөө, ошол эле учурда туумдун жалпы өлчөмү карыздын негизги суммасынын 25%инен ашпоосу керек;

4) төмөнкү учурларда керектөөчүнүн жылуулук менен жабдылышын токтотуу:

- жылуулук менен жабдуу тутумундагы караптарда;

- ушул Келишимдин 6-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет аткарбаганда;

- эсеп колго тийгенден тартып 10 күндөн ашык мезгил төлөм жүргүзбөгөндө;

- жылуулук энергияны уурдоо фактысы аныкталганда;

- уруксатсыз борбордук жылытуу тармактарын жылытуу аспаптарына кошумча секцияларды кошууда жана инженердик тармактардын бүтүндүгүн бузууда;

- үйдүн (батирдин) жылуулук менен жабдуучу схемаларын уруксатсыз өзгөртүүдө.

5) жылуулук энергиянын жана ысык суунун бир суткалык керектелиши түтүк өткөргүчтөрдүн өткөрүмдүүлүгү боюнча анын сутка бою пайдалануусунан чыгуу менен эсептелет жана керектөөчүгө жабдуучунун өкүлү акыркы жолу келген күндөн тартып (бирок 30 күндөн көп эмес) каражат төмөнкү учурда кошумчаланат:

- керектөөчү тарабынан жылуулук энергияны жана ысык сууну уурдоо фактысы аныкталганда;

- керектөөчү тарабынан иштебей калган эсептегич приборлор (пломбасы үзүлгөн, айнеги сынган, тулкусу бузулган) аркылуу ысык суу жабдуучуга маалымдалбай колдонулганда;

- уруксатсыз түрдө жылуулук менен жабдуучу тармактарга кошулганда, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тармагынан сууну агызганда;

6) керектөөчүдөн сот тартибинде накта чыгымдалган жылуулук энергия жана ысык суу үчүн жана жылуулук менен жабдуучу батирдин ички тармагын тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн карыздарды төлөтүүгө;

7) үйдү (батирди) жылуулоо боюнча, ошондой эле төмөнкүлөрдү талаптагыдай техникалык абалда кармоо жана коопсуз пайдалануу боюнча аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү керектөөчүгө берүүгө:

- жылуулук менен жабдуунун батир ичиндеги (жеке үй ээлиги үчүн - үй ичиндеги) тутумун;

- керектөөчүгө таандык жылуулук керектөөчү жабдууну (вентиль, кран, суу чабыштыргыч, жылытуучу приборлор, аларга карата өткөрүүчү түтүктөрдүн тилкелерин);

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ысык сууну эсептөө приборлорун.

8. Керектөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жылуулук энергияны үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүүнү жана үй ичиндеги жылуулук менен жабдуу тутумун техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштардын өз убагында аткарылышын, ошондой эле жылуулук энергиясына болгон баалар жана үй ичиндеги жылуулук менен жабдуу тутумун техникалык жактан тейлөө боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар жана башка керектөөчүнү кызыктырган маселелер жөнүндө туура маалымат алууга;

2) жабдуучу тарабынан бул Келишимдин шарттарынын аткарылышы боюнча мамлекеттик органдарга жана коомдук уюмдарга кайрылууга;

3) эгерде керектөөчүнүн жылуулук приборлору долбоордо көрсөтүлгөндөргө туура келип, имараттарды жылуулоо боюнча иш-чараларды аткарган учурда факт боюнча керектелген жылуулук энергиясы имарат ичиндеги жылуулук менен жабдуунун үзгүлтүккө учурашын же көрсөтүлгөндөн тайгандыгы туурасында фактыларды каттап турууга. Бир суткадан көп убакытка ысык суу өчүрүлсө жана жылуулук энергия толук берилбесе (имараттын ичиндеги температура +180С аз), факты түрүндө жылуулук энергияны берүү үчүн кайра эсептөөнү талап кылууга. Жылуулук энергиянын толук келбеген фактысы жана узактыгы керектөөчү менен жабдуучунун ортосунда түзүлгөн акты арыз же телефонограмма менен күбөлөндүрүлөт. Эгер жабдуучу тараптын өкүлү керектөөчүнүн кат түрүндөгү маалымдоосунан кийин 6 саат бою жок болсо, актыга арыздануучу менен жылуулук жабдуучу тармактары бир болгон башка үч керектөөчү жабдуучу тараптын өкүлүнүн колунун коюлбагандыгы жөнүндө фактыны көрсөтүү менен кол коёт. Акт жабдуучуга бул Келишимдин шарттарынан тайган каталар табылган убакыттан 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө берилет;

4) бул Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгына байланыштуу келтирилген зыянды жабдуучудан кайтарып алуу жөнүндө доо арыз менен сот органдарына кайрылууга.

 

4. Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жана аларды төлөө тартиби

 

9. Керектөөчү тарабынан пайдаланган жылуулук энергиянын наркы колдонулуудагы тариф боюнча анын бул Келишимдин 5-пунктунун 8-жана 9-пунктчаларына ылайык аныкталган санына жараша эсептелет.

10. Эгер жабдуучу тарабынан орнотулган эсеп прибору бузулуп, жабдуучу тарабынан чечилип алынып, ал эми ысык суу өчүрүлбөсө, жабдуучу керектөөчүгө башка бузук эмес жана текшерилген эсеп приборун орнотот, ошондой эле белгиленген тартипте, орнотулган мезгилден тартып эсеп көрсөткүчтөрүн тактап, керектөөчүнүн сактоосуна өткөрүп берет. Ушул убакыттан тартып орнотулган эсеп приборунун көрсөткүчтөрүнө ылайык төлөм жүргүзүлө баштайт.

11. Жылуулук менен жабдуунун үй ичиндеги тутумун техникалык жактан тейлөө, оңдоо жана коопсуз пайдалануу боюнча жумуштарга төлөмдөрүнүн формасы жана өлчөмү отун-энергетика комплекс чөйрөсүн жөнгө салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

12. Батирди жылытуу жана ысык суу менен жабдуу тутумунун батир ичиндеги элементтерин (вентиль, кран, суу чабыштыргыч, жылытуучу приборлор, аларга карата өткөрүүчү түтүктөрдүн тилкелери) оңдоо же алмаштыруу боюнча жумуштарына төлөө отун-энергетика комплекс чөйрөсүн жөнгө салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген прейскурантка ылайык керектөөчүнүн каражаттарынын эсебинен, өзүнчө эсептер боюнча ушул Келишимдин 9 жана 10-пункттарында каралган каражаттардан жүргүзүлөт.

 

5. Тараптардын жоопкерчилиги

 

13. Бул Келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбай же тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, милдеттенмелерди аткарбаган Тарап экинчи Тарапка мунун натыйжасында келтирилген чыгымды сот органдары бекиткен өлчөмдө төлөп берүүгө милдеттүү.

14. Жабдуучу тарабынан үйдүн жылуулук менен жабдуучу ички тармагын техникалык жактан тейлөө боюнча жумуштарды аткарууда аны пайдалануу жана техникалык жактан тейлөө боюнча сапатсыз аткарылган жумуштардын негизинде пайда болгон жылуулук менен жабдуучу үйдүн ички тутумунун бардык бузулууларын жоюу жабдуучунун өздүк эсебинен жүргүзүлөт.

15. Жылуулук менен жабдуу тутумунун үй ичиндеги элементтери керектөөчүнүн айынан бузулган факт аныкталганда, керектөөчү ага байланышкан чыгашаларды өзүнүн эсебинен жабдууга милдеттүү.

16. Ысык суу чыгымын өлчөй турган прибор керектөөчүнүн күнөөсү менен бузулса, жаңы суу өлчөй турган прибор жабдуучу тарабынан керектөөчүнүн эсебинен сатылып алынып жана орнотулат.

17. Бул Келишимди аткарууда пайда болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер өз ара сүйлөшүү жолу аркылуу чечилет. Же болбосо, кызыкдар Тарап энергетика жаатындагы Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат жана кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аркылуу чечилиши мүмкүн.

18. Эгер жогоруда көрсөтүлгөн мисалдар ал жеткис күч, б.а. өзгөчө кырдаалдар менен байланыштуу келип чыкса, Тараптар бул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилигинен толук же жарым-жартылай бошотулат.

 

6. Өзгөчө шарттар

 

19. А, Б жана В тиркемелери ушул Келишимдин ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат. Ошол эле убакта А тиркемеси жылуулук энергияга тарифтер жана жылуулук алып жүрүүчүнү жеткирүү шарттары өзгөргөндө, ал эми Б тиркемеси керектөөчү менен жабдуучунун ортосундагы жылуулук тармактарынын баланстык таандык чек аралары өзгөргөндө жаңыртылат.

20. Жабдуучунун өкүлдөрүн чакыруу төмөнкү телефондор аркылуу жүргүзүлөт:

- карап кызматы __________________________________________;

- жылуулук менен жабдуу тутумун техникалык жактан тейлөө жана оңдоо _______________________________________________.

 

7. Келишимдин жарактуулук мөөнөтү

 

21. Бул Келишим керектөөчүнү жылуулук менен жабдуу тутумуна кошкон күндөн тартып, пайдаланылган энергияга төлөмдөр жабылгандан кийинки белгиленген тартипте өз күчүн жоготкон күнгө чейин жарактуу болот.

22. Бул Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жол-жоболорун сактоо менен Тараптардын каалаганынын демилгеси боюнча жана экинчи тарапты бузууга чейин эки ай мурда милдеттүү эскертүү менен бузулушу мүмкүн.

23. Бул Келишим 2 нускада түзүлгөн жана кол коюлган, анын бири жабдуучуда, экинчиси керектөөчүдө сакталат.

 

8. Тараптардын юридикалык даректери

 

Жабдуучу:

Дареги: __________________________

Телефону: ________________________

20____-жылдын «___» ______________

Колу: ____________________________

 

М.О.

Керектөөчү:

Дареги:___________________________

Телефону:_________________________

20____-жылдын «___» ______________

Колу: ____________________________

 

М.О.

 

А тиркемеси

 

201___-жылдын «___» _____________ №___________

 

Жылуулук алып жүрүүчүнү жана ысык сууну жеткирүү шарттары

 

Керектөөчү: _______________________________________________________________

(аты-жөнү)

____________________________________________________________ дарегинде жашайт.

 

Эсеп көрсөткүчтөрү:

- батирдин көлөмү __________________ м3;

- лоджиянын көлөмү _________________м3;

- жашагандардын саны _______________ киши;

- батирдин аянты ____________________ м2;

- лоджиянын аянты __________________ м2;

- батирдин бийиктиги ________________ м.

 

1. Жабдуучу керектөөчүнү жылытуу жана ысык суу менен жабдуу үчүн жылына ______________ Гкал көлөмүндө жылуулук энергиясы менен камсыздайт, анын ичинде, жылытуу мезгилинде жылытуу муктаждыктарына _____ Гкал жана ысык суу менен жабдуу муктаждыктарына жылына ____ Гкал, анын катарында төмөнкү айлар боюнча камсыздайт:

 

Айлар

Сырткы абанын орточо Т

Эсептелген чыгым

Керектөөчүнүн өткөрүүчү түтүктөрүндө жылуулук энергиянын эсептелген коромжусу

Бөлмөнү жылытуу наркы

ЫСЖ наркы

жылытуу, Гкал

ЫСЖ

жылытуу,

 

 

Гкал

ЫСЖ,

 

 

Гкал

сом

сом