Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\deb6eb2f-b265-4338-b5fe-b6eea6498052\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 3-сентябры № 602

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана 1-пунктунда "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун" деген сөздөр "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жободо:

аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16, 88, 89, 90 жана 91-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16 жана 90-пункттарында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун № 6 тиркемесинде:

7.4-пунктунда "Мамкаттоонун" деген сөз "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

 

 

 

 

А. Карашев