Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\5da7598a-01f5-4dfb-b460-ba9f25683fb9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 12-октябры № 712

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун системалык баалоону ишке ашыруу жана жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдарынын ишин баалоодо айрыкча ачык-айкын жана маанилүү жыйынтыктарга жетишүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун бүткүл тексти жана тиркемелери боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейин, отчеттук мезгил үчүн иш жүзүндө жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанилери жөнүндө баяндамаларды берип турушсун:

- аткаруу бийлигинин органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине;";

- 1-тиркемеде:

"Мамлекеттик органдардын иш аракеттеринин натыйжалуулугун баалоо үчүн эл аралык рейтингдер" деген бөлүгүндөгү бүткүл текст боюнча "ЭМСМ" деген аббревиатура "ЭМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

1-главада:

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"

┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│3 │Ири, орто жана чакан ишкердик субъекттеринин катталган/иштеп      │

│  │жаткан салык төлөөчүлөрүнүн саны                                  │

└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘

";

4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

3-главанын 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

16-главанын 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

26-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:

"

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│            26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу             │

│          экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча           │

│               мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы)                │

└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘

";

30-главанын 2-пунктунда расмий тилдеги текстиндеги "учебных" деген сөз "ученых" деген сөз менен алмаштырылсын;

35-главанын 5-пунктундагы "орточо эмгек акы" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

36-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 13-16-пункттар менен толукталсын: "

┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│13│Калктуу пункттардын аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү    │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│14│Калктуу пункттардын санитардык абалы                              │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│15│Спорттук курулмалардын жана балдар аянтчаларынын иштешин камсыз   │

│  │кылуу                                                             │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│16│Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортунун негизинде аз │

│  │камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны, жалпы үй-бүлөлөргө карата %     │

└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘

";

37 жана 38-главалар төмөнкү базалык көрсөткүчтөрү менен толукталсын:

"

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│      37. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык       │

│       жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция       │

├──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1 │Текшерилген объекттердин саны                                     │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│2 │Берилген жана аткарылган жазма буйруктардын сандык катышы         │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│3 │Белгиленген, сунушталган жана алынган айыптардын суммаларынын     │

│  │сандык катышы                                                     │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│4 │Укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлгөн иштердин саны         │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│5 │Жарандардын арыздарын жана доолорун кароо боюнча текшерүүлөрдүн   │

│  │натыйжаларынын сандык катышы                                      │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│6 │Рейддик текшерүүлөрдүн натыйжаларынын сандык катышы               │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│7 │Электр менен камсыз кылуудагы авариялык өчүрүүнүн саны            │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│8 │Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулардын кесепетинен болгон,    │

│  │орду толтурулган зыяндардын суммасы, миң сом                      │

├──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│      38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык,       │

│         ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча          │

│                        мамлекеттик инспекция                        │

├──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1 │Бузуулар табылган объекттердин салыштырмалуу салмагы              │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│2 │Текшерилген объекттерге салынган айыптардын салыштырмалуу салмагы │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│3 │Текшерилген 100 объектиге карата кабыл алынган санкциялардын      │

│  │салыштырмалуу салмагы (бир күндөн ашык жабуу)                     │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│4 │Чарбакер субъекттерди текшерүү боюнча жазма буйруктардын саны     │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│5 │Берилген сунуштардын санына карата бузууларды жокко чыгаруунун    │

│  │саны                                                              │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│6 │Укук коргоо жана сот органдарына берилген материалдардын саны     │

├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│7 │Жеке жана юридикалык жактардын оң каралган кайрылууларынын саны   │

│  │(жалпы санынан)                                                   │

└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘

".

2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев