Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 23-ноябры № 791

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Дары каражаттар рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана дары каражаттардын кымбат баада сатылышын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

"Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" регламенттин 3-пунктунун 38-пунктчасында "ушул продукцияны сатуучунун же чыгаруучунун региондук, эксклюзивдик жана баа саясатын сактоо шарттарында" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев