Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 25-декабры № 851

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомунун редакциясына ылайык)

Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө милдеттерди натыйжалуу аткарууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- "Мамлекеттик органдын аталышы" деген графасынын 6-пунктундагы "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алынып салынсын;

- "Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналдан тышкары)" деген графада:

5-пункттагы "104", "44" деген цифралар иретине жараша "100" жана "40" деген цифраларга алмаштырылсын;

6-пункттагы "374", "143" деген цифралар иретине жараша "378" жана "147" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго келтиришсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев