Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 2-июну № 359

«Электр коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентти бекитүү тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

«Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Электр коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов

 

Тиркеме

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент

 

Бул Техникалык регламент «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык адамдардын, жаныбарлардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо жана электр техникалык жабдуунун коопсуздугу боюнча керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүчү аракеттердин алдын алуу максатында колдонулат.

1. Бул Техникалык регламент төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) өндүрүш багытындагы электр техникалык жабдууларга карата милдеттүү минималдуу коопсуздук талаптарын;

2) бул Техникалык регламентти колдонуу үчүн жөнгө салуу объекттерин идентификациялоо эрежелерин;

3) бул Техникалык регламент талаптарына жөнгө салуучу объекттердин шайкештигин баалоо эрежелерин жана формаларын.

2. Ушул Техникалык регламент конструкцияга карата талаптарды камтыбайт.

3. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттерине электрдик техникалык жана энергетикалык жабдуу жана ушул Техникалык регламенттин 1-тиркемесинде келтирилген алардын курамдык бөлүктөрү таандык. Ушул техникалык регламент Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген жүгүртүүгө чыгарылуучу жана эксплуатацияга киргизилүүчү:

1) чыгарылган өлкөсүнө карабастан жаңы;

2) жаңыртуудан кийин эксплуатациядагы;

3) мурда эксплуатацияланган жана Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген;

4) өзгөрмө жана туруктуу токтун 1000 Вга чейин номиналдуу чыңалууда пайдалануу үчүн арналган, төмөнкүлөрдөн:

- жарылуу коркунучу болгон атмосферада иштөө үчүн арналган электрдик техникалык жабдуулар;

- медициналык жабдуулар;

- байланыш жабдуулары;

- лифттердин жана жүк ташуучу көтөргүчтөрдүн электр жабдуулары (электр машиналарынан тышкары);

- коргонуу багытындагы электрдик техникалык жабдуулар;

- темир жол транспортунун, аба жана суу кемелеринин электр жабдууларынан башка электрдик-техникалык жабдууларга жана энергетика жабдууларына таркалат.

4. Бул Техникалык регламентин максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

электрдик техникалык жабдуудагы блокировкалоо - электрдик техникалык буюмдагы (түзүлүштөгү) логикалык тыюу салуу функциясын ишке ашыруу;

электрдик техникалык жабдууну блокировкалоо - жабдууда жол берилгис абалдардын болушунун алдын алуу же анын чыңалуудагы бөлүктөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгүн четтетүү максатында жабдуунун айрым абалдарында же башка бөлүктөрүнүн абалдарында анын бир эле бөлүктөрү менен операцияларды аткарууну алдын алуу же чектөө үчүн арналган электрдик техникалык жабдуунун бөлүгү;

эксплуатацияга киргизүү - электрдик техникалык жабдуунун арналышы боюнча пайдаланууга даярдыгын фиксациялоочу документ түрүндө таризделген окуя;

потенциалды теңдөө - бир эле учурда адам тура алган же бир учурда кол тийгизүүгө мүмкүн болгон электр тармагынын чекиттеринин ортосундагы кол тийгизүү жана кадамдын чыңалуусун азайтуу ыкмасы;

эки эселенген изоляция - жумушчу жана кошумча изоляциядан туруучу электр изоляциясы;

эки уюлдуу тийгизүү - чыңалуунун астындагы туруктуу токтун электрдик түзүлүшүнүн (электрдик техникалык жабдуунун) эки уюлуна тең кол тийгизүү;

эки фазалык тийгизүү - чыңалуунун астындагы электрдик түзүлүштүн эки фазасына тең кол тийгизүү;

кошумча изоляциялоо - жумушчу изоляция бузулган учурда электр тогуна урунуудан коргонуу үчүн жумушчу изоляцияга кошумча каралган электр изоляциясы;

корпуска туташуу - электрдик техникалык жабдуунун ток алып жүрүүчү бөлүгүнүн түздөн-түз жер же ток алып жүрбөөчү өткөрүүчү конструкциялар же корпуска жерден изоляцияланбаган предметтер менен кокусунан электр туташуусу;

нөлдөтүү (коргоочу нөлдөтүү) - чыңалуунун астында болуп калышы мүмкүн болгон ток алып жүрбөөчү металлдык бөлүктөрдүн нөлдүк коргоочу өткөргүч менен атайлап электр туташуусу;

ток алып жүрүүчү бөлүктөргө тийүүдөн коргоо - ток алып жүрүүчү бөлүктөргө тийүүгө же коркунучтуу аралыкка жакындоого жол бербөөчү түзүлүш;

коргоочу жердетүү - чыңалуунун астында болуп калышы мүмкүн болгон металлдык ток алып жүрбөөчү бөлүктөрдү жер же анын эквиваленти менен атайлап электр туташуусу;

коргоочу өчүрүү - ток менен уруу коркунучу келип чыккан учурда электрдик түзүлүштүн өзүнөн өзү өчүрүлүшүн камсыздоочу тез таасир этүүчү коргоо;

жерге туташуучу токтун жайылуу зонасы - жерге токтун туташуусу менен шартталган электр потенциалы шарттуу түрдө нөлгө барабар болуп кабыл алынышы мүмкүн болгон жер зонасы;

жасап чыгаруучу - юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк же өзүнүн атынан электр жабдууну чыгарган жана/же сатып өткөргөн жеке ишкер жана коопсуздуктун талаптарына анын шайкештиги үчүн жооптуу жактар;

импортер - Кыргыз Республикасынын өкүлү менен электрдик техникалык жабдууну берүүгө тышкы соодалык келишим түзгөн юридикалык жак, ал ушул жабдууну сатып өткөрөт жана коопсуздуктун талаптарына анын шайкештиги үчүн жоопкерчилик тартат;

аз чыңалуу (коопсуз чыңалуу) - электр тогуна урунуу коркунучун азайтуу максатында колдонулуучу 50В ашык эмес номиналдуу чыңалуу;

жаңылоо - пайдалануудагы электрдик техникалык жабдуунун конструкциясынын техникалык (технологиялык, жумушчу) мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү;

номиналдуу чыңалуу - электрдик техникалык жабдуудагы аны жасап чыгаруучу көрсөткөн жана эксплуатациялык документтеринде белгиленген кирүү жана/же чыгуу чыңалуусу;

жерге карата чыңалуу - токтун жайылуу зонасынан тышкары жайгашкан жер менен туташуу чекитине карата болгон чыңалуу;

кол тийген чыңалуу - адам бир учурда колун тийгизген ток чынжырынын эки чекитин ортосундагы чыңалуу;

кадам шилтеминин чыңалуусу - бири биринен бир кадам аралыкта адам бир учурда басып турган ток чынжырынын эки чекитинин ортосундагы чыңалуу;

өзгөрбөгөн электр талаасынын чыңалуусу - иш процессинде адамдын ал зонада болуусу менен аныкталган адамдын болуусу жана ченем прибору менен өзгөрбөгөн электр талаасынын чыңалуусу;

корголбогон адам - толук же жарым жартылай кооптуу зонадагы адамды билдирет;

кайтпаган ток - өткөргүч кармалган колдун булчуңдарынын тарамыштарынын ал жеткис кыскаруусуна алып келүүчү адам аркылуу өткөн электр тогу;

нөлдүк коргоочу ток өткөргүч - ток булагынын же анын эквивалентинин оролмосунун жерге бекем киргизилген нейтралдуу чекит менен нөлдүк бөлүктөрдү бириктирүүчү өткөрмө;

кабык - ток алып жүрүүчү бөлүктөр менен адамдын, жаныбарлардын түз контакттарынан баардык багыттар боюнча коргоону жана ал жабдууну кандайдыр бир тышкы таасирлерден коргоону камсыз кылуучу изоляциянын бөлүгү;

бир уюлдук тийгизүү - чыңалуудагы электрдик түзүлүштүн бир уюлуна тийүү;

бир фазалык тийгизүү - чыңалуудагы электрдик түзүлүштүн бир фазасына тийүү;

кооптуу зона - корголбогон адамдын ден соолугуна же коопсуздугуна коркунуч туудурган электр жабдуунун ичиндеги жана/же анын жанындагы кандайдыр бир зонаны билдирет;

оператор - электрдик техникалык жабдууну иштетүү, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча тапшырма алган адам;

оперативдүү персонал - электрдик түзүлүштөрдү оперативдүү башкарган жана тейлеген персонал (кароо, оперативдүү которуу, жумушчу орунду даярдоо, иштеп жаткан электрдик түзүлүшүн көзөмөлдөө, учурдагы эксплуатациялоо тартибинде иштерди аткаруу);

сезилүүчү ток - организм аркылуу өтүүдө сезилүүчү дүүлүгүүлөргө алып келүүчү электр тогу;

чектик сезилүүчү ток Ндп тогун - сезилүүчү токтун эң аз мааниси;

чектик фибрилляциялык ток - фибрилляциялык токтун эң аз мааниси;

арналышы боюнча колдонуу - электрдик техникалык жабдууда аны жасап чыгаруучу көрсөткөн жана/же анын эксплуатациялык документтеринде белгиленген арналышка ылайык пайдалануу;

жасап чыгаруучунун өндүрүштүк контролу - электрдик техникалык жабдууну чыгаруу процессинде жасап чыгаруучу тарабынан жүргүзүлүүчү жана документтик түрдө таризделүүчү техникалык контролдоо;

бөлүштүрүүчү трансформатор - баштапкы электр тармагынан жана жерге туташтыруу тармагынан энергияны кабыл алгычты ажыратуу үчүн арналган атайын трансформатор;

жумушчу изоляция - нормалдуу иштешин жана электр тогу менен урунуудан коргоону камсыз кылуучу электрдик түзүлүштүн ток жүрүүчү бөлүктөрүнөн электр изоляциясы;

АТКЧ системасы (SELV system) - абдан төмөн коопсуз чыңалуу;

АТКЧЖ системасы (РELV system) - абдан төмөн коопсуз чыңалуунун токтун жерге туташкан чынжырынын системасы;

ФСНН системасы (FELV system) - өтө төмөнкү чыңалуунун функциялык системасы;

коргоо даражасы - тыштан катуу заттардын жана/же суунун кооптуу бөлүктөргө тийүүсүнөн буюмду кабыкча менен коргоо ыкмасы;

тобокелдик даражасы - мүмкүн болуучу кесепеттердин орчундуулугун эске алуу менен тобокелдикти сандык же сапаттык баалоо;

коркунуч - адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө, айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосуна жана саламаттыгына зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү;

шайкештикти тастыктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - (мындан ары - Ыйгарым укуктуу орган) - Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ушул Техникалык регламенттин талаптарына электрдик техникалык жабдуунун шайкештигин тастыктоо боюнча иштерди жүргүзүүчү жана/же координациялоочу юридикалык жак;

жасап чыгаруучунун ыйгарым укуктуу өкүлү - Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана базарга электрдик техникалык жабдууну жайгаштырууда анын шайкештигин тастыктоо учурунда иш-аракеттерди аткарууга жасап чыгаруучу тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак же жеке ишкер;

күчтөндүрүлгөн изоляция- эки эселенген изоляциялоо сыяктуу эле электр тогу менен урунуудан коргоо даражасын камсыздоочу бекемдетилген жумушчу изоляция;

шайкештикти тастыктоо формасы - техникалык тейлөө жаатында нормативдик укуктук актылардын талаптарына объекттин шайкештигин документ түрүндө тастыктоонун белгиленген тартиби;

фибрилляциялык ток - организм аркылуу өтүүдө жүрөктүн фибрилляциясын пайда кылуучу электр тогу;

электр коопсуздугу - электр тогунун, электр дугасынын, электр магниттик талаасынын жана статикалык электрдин зыяндуу жана кооптуу таасиринен адамдарды коргоону камсыз кылган уюштуруу жана техникалык иш-чаралардын жана каражаттардын системасы;

электрдик техникалык жабдуу - электр энергиясын иштеп чыгаруу, өзгөртүп түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу, анын ичинде түздөн түз жана машиненин, механизмдин, аппараттардын, приборлордун жана башка буюмдардын ичинде орнотуп пайдалануу;

электр жаракат алуу - электр тогунун, электр талаасынын же электр дугасынын таасири алдында келтирилген жаракат;

электр травма алуу - электр травмалардын жыйындысы менен мүнөздөлүүчү көрүнүш;

электрдик түзүлүш - электр энергияны чыгаруу, өзгөртүп кайра түзүү, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү же керектөө үчүн арналган түзүлүш;

электр туташуусу - электрдик түзүлүштүн ток жүрүүчү бөлүгүнүн ток алып жүрүүчү эмес металл бөлүгү менен кокусунан туташуусу;

жерге электр туташуусу - туташуу жери аркылуу жерге өтүүчү ток;

тармактын электр бөлүшүүсү (тармактын бөлүнүшү) - бөлүштүрүүчү трансформатордун жардамы аркылуу өз ара электр менен байланышпаган өз алдынча участокторго электр тармагын бөлүштүрүү;

электр коргоочу каражаттар - электрдик түзүлүштөр менен иштеген адамдарды электр тогуна урунуудан, электр дугасынын жана электр магниттик талаасынын таасиринен (статикалык жана өзгөрмө) коргоо үчүн көчмө жана ташылуучу буюмдар;

электрдик түзүлүш - энергияны чыгаруу же өзгөртүп кайра түзүү, берүү, топтоо, бөлүштүрүү же керектөө үчүн арналган өз ара байланышкан жабдуулардын жана курулмалардын комплекси.

5. Өндүрүштүк жыштыктагы токтун электр талааларынын таасиринде жана электр магниттик талааларынын таасиринде электр коопсуздугунун талаптары ушул Техникалык регламенттин 2-тиркемесинде белгиленген.

6. Электрдик техникалык жабдуунун электр коопсуздугу төмөнкүлөр аркылуу камсыздалат:

1) конструкция;

2) техникалык ыкмалар жана коргоо каражаттары;

3) төмөнкүлөрдү кепилдикке алуу үчүн техникалык мүнөздөгү чараларды караштыруучу уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралар:

- түз жана кыйыр электр контактысында келип чыгуучу дененин жабыркашынан же башка терс таасирлерден жетиштүү деңгээлде адамдардын жана жаныбарлардын корголушу;

- кооптуу температура, догоолук разряддар же нурлануулар келип чыкпашы;

- электр жабдуунун таасири алдында келип чыгуучу жана сыноо аркылуу аныкталуучу электр эмес мүнөздөгү коркунучтан адамдар, жаныбарлар жана мүлк адекваттуу түрдө корголушу;

- изоляциянын болжолдуу шарттарга шайкеш келиши;

- тышкы чөйрөнүн тиешелүү климаттык шарттарында тышкы таасир этүүчү факторлордун, анын ичинде механикалык эмес мүнөздөгү факторлордун таасир берүүсү;

- тышкы таасир этүүчү факторлор пайда кылган ашыкча күч келүүлөрдө жол берилгис коркунучтун жоктугу;

- кошууда жана/же монтаждоодо жол берилгис коркунучтун жоктугу;

4) электрдик техникалык жабдууларда, ошондой эле алардын курамдык бөлүктөрүндө айрым компоненттердин туура эмес электр туташуусуна жол берилбейт.

7. Электрдик техникалык жабдуу, аны арналышы жана тиешелүү пайдаланышы боюнча колдонгон шартта адамдардын жана жаныбарлардын коопсуздугун камсыздашы керек.

8. Электрдик түзүлүш жана электрдик жабдуу пайда болгон коркунучту жоюуга же анын алдын алууга мүмкүн боло тургандай бир же бир нече авариялык токтотуу менен жабдылышы керек.

9. Электрдик техникалык жабдуу потенциалдуу электр техникалык заряддарынын пайда болушуна жол бербөөгө жана/же разряддоо системасын караштырууга тийиш.

10. Конструкция кошумча тобокелдиктерди четтетүү үчүн электр элементтеринин туура эмес туташуусуна жол бербеши керек.

11. Электрдик техникалык орнотмолор менен жабдууларды башкаруу системасы коопсуз болуусу керек. Долбоорлоо этабында башкаруу системасы төмөнкүлөрдү аткара ала тургандыгы каралуусу зарыл;

1) нормалдуу эксплуатациялоодо жана тышкы факторлордун таасири алдында келтирилген күчтөрдү көтөрө алуу;

2) башкаруунун логикалык схемасында ката кетирилгенде коркунучтуу кырдаалдарды жаратпоосу.

12. Башкаруу системасынын түзүлүшү:

1) даана көрүнүп, таанылууга жана маркировкаланууга;

2) коопсуз пайдалануу үчүн ыңгайлуу жайгашууга;

3) авариялык кырдаалдар үчүн зарыл болгон айрым башкаруу системаларын кошпогондо, коркунучтуу зоналардан тышкары жайгашууга;

4) алар иштегенде кошумча тобокелдиктер пайда болбогондой жайгашууга;

5) кокустан пайда болуучу коркунучтардан корголууга;

6) күтүлгөн күч келтирүүнү көтөргөндөй долбоорлонууга жана курулууга (өзгөчө олуттуу күч келтириши мүмкүн болгон авариялык токтотуу түзүлүштөрү үчүн) тийиш.

13. Бир катар ар кандай аракеттерди аткаруу үчүн арналган башкаруу системалары так таанылууга жана индикаторлор менен ырасталууга тийиш.

14. Башкаруу системалары алардын жайгашуусу, иштөөсү жана таасир берүүлөргө туруктуулугу эргономикалык принциптер жана жеке коргоо каражаттарын (мисалы, бут кийимди, мээлейди ж.б.) колдонуунун зарылдыгы менен же алдын ала каралышы менен байланышкан чектөөлөр эске алынып, аткарылуучу иш-аракеттер менен шайкеш келүүгө тийиш.

15. Башкаруу системасы электрдик техникалык жабдууну иштетүүнүн алдында акустикалык же визуалдык алдын алуучу сигнал берүүгө тийиш.

16. Электрдик техникалык жабдууну иштетүү ушул максаттарда каралган башкаруу системасын атайылап ишке киргизүү жолу менен гана мүмкүн болушу керек. Ушундай эле талаптар төмөнкүдөй учурларда колдонулат:

1) себебине карабастан, иштебей туруп калгандан кийин кайталап иштетүүдө;

2) жумуш иш режими олуттуу өзгөргөндө (мисалы, ылдамдык, басым ж.б.).

17. Бир нече иштетүү органдары бар электрдик техникалык жабдуу коркунучтарды жокко чыгаруу үчүн иштетүү механизминин бир гана бөлүгүн иштетүүгө мүмкүндүк берүүчү кошумча түзүлүштөргө ээ болууга тийиш.

18. Эгерде электрдик техникалык жабдууда коопсуздуктун бир катар деңгээлдерине ылайык келген башкаруунун жана иштөөнүн (мисалы, оңдоонун, техникалык тейлөөнүн, контролдоонун) бир нече режимдери колдонулса, анда ал ар бир абалда токтотула турган режимдер селектору менен жабдылууга тийиш. Селектордун ар бир абалы иштөөнүн же башкаруунун бир режимине ылайык келүүгө тийиш.

19. Электрдик техникалык жабдуунун коргоо калканчтары жана түзүлүштөрү:

1) бекем конструкцияга ээ болууга;

2) кандайдыр бир кошумча тобокелдиктерди жаратпоого;

3) айланып өтүү же бузуу үчүн оңой болбошу керек;

4) коркунучтуу зонадан адекваттуу аралыкта жайгашууга;

5) өндүрүш процессин байкоо үчүн бөгөт болбоого;

6) эгерде мүмкүн болсо, чечүүнү талап кылбай, иштерди аткаруунун зонасына гана кирүүнү чектеп, электрдик түзүлүштү жана/же электрдик жабдууну орнотуу жана/же алмаштыруу боюнча, ошондой эле аларды техникалык тейлөө боюнча негизги иштерди аткарууга көмөктөшүүгө тийиш.

20. Электрдик түзүлүштү жана электрдик жабдууну башкаруу үчүн зарыл болгон маалымат бир беткей жана түшүнүү үчүн жөнөкөй болууга тийиш. Маалымат ашыкча болбошу керек. Электрдик техникалык жабдууда анын тибине тиешелүү жана коопсуз пайдалануу үчүн маанилүү маалымат толук берилүүгө тийиш. Штепселдик ажыраткычтарда өз ара бириктирилүүгө тийиш болгон ажыраткычтардын бөлүктөрүнүн маркировкасы болууга тийиш. Бир эле ажыраткычтын туташуучу бөлүктөрү бирдей маркировкага ээ болууга тийиш, алар корпустун көрүнүктүү жерине жазылышы керек. Өткөргүчтөрдүн маркировкасы өткөргүчтү бекиткичтен чыгарганда сакталгандай кылып өткөргүчтүн эки учуна берилүүгө тийиш.

21. Электрдик техникалык жабдууну маркировкалоо көрүү үчүн ыңгайлуу болгон электрдик техникалык жабдуунун үстүнкү бетине берилип, ал так жана окуу үчүн ыңгайлуу болууга тийиш.

22. Электрдик техникалык жабдуунун пайдалануу документтери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) жабдуунун арналышы жөнүндө маалыматты;

2) негизги керектөө өзгөчөлүктөрү жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды;

3) коопсуз пайдалануу эрежелерин жана шарттарын;

4) сактоонун, ташуунун, сатуунун, монтаждоонун жана утилдештирүүнүн эрежелерин жана шарттарын (зарыл болгон учурда - аларга талаптарды белгилөөнү);

5) ушул жабдуунун бузулгандыгы билингенде көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалыматты;

6) даярдоочунун жайгашкан жерин, ал менен байланышуу үчүн маалыматты;

7) даярдоочунун, импорттоочунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аталышын жана жайгашкан жери, ал менен байланышуу үчүн маалыматты;

8) даярдоо датасын;

9) бул жабдуунун Кыргыз Республикасынын ушул Техникалык регламентке шайкеш келүүсү жөнүндө сертификаттын жана/же декларациянын көчүрмөсүн.

23. Техникалык документтер жана маркировкалоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде аткарылат.

24. Бардык электрдик техникалык жабдууларда так жана өчүрүлбөгөн, төмөнкүлөрдү камтыган маркировка болууга тийиш:

1) даярдоочунун аты жана дареги;

2) электр коопсуздугунун маркировкасы (СЕ);

3) сериянын же типтин белгилениши;

4) заводдук номуру (эгерде ал бар болсо);

5) даярдалган жылы.

25. Нускамалар электрдик техникалык жабдууну пайдалануу, техникалык тейлөө, контролдоо, иштөөсүнүн тууралыгын текшерүү жана оңдоо үчүн зарыл болгон сүрөттөрдү жана схемаларды, ошондой эле коопсуздук техникасы боюнча зарыл болгон көрсөтмөлөрдү камтууга тийиш.

26. Кесипкөй эмес операторлор пайдалануу үчүн арналган электрдик техникалык жабдуулардын пайдалануу боюнча нускамаларында, жогоруда аталган башка талаптарды эске алганда, ушундай операторлорго түшүнүктүү боло турган лексика жана материалдын жайгаштыруу колдонулушу керек.

27. Электр коопсуздугун камсыздоо үчүн электр таасиринен коргоонун төмөнкүдөй техникалык ыкмалары жана каражаттары өзүнчө же бири-бири менен шайкеш колдонулууга тийиш:

1) жерге коргоочу туташтыруу;

2) нөлдүк туташтыруу;

3) потенциалдык теңдөө;

4) төмөн чыңалуу;

5) тармактарды электрдик ажыратуу;

6) коргоочу өчүрүү;

7) ток өтүүчү бөлүктөрдү изоляциялоо (жумушчу, кошумча, күчөтүлгөн, кош кабат);

8) токтун жерге туташуусун компенсациялоо;

9) коргоочу түзүлүштөр;

10) эскертүүчү сигнализация, блокировка, коопсуздук белгилери;

11) коргоо каражаттары жана алдын алуучу шаймандар.

28. Коргоонун техникалык ыкмалары жана каражаттары жана аларга коюлуучу талаптар нормативдик техникалык документтерде көрсөтүлүүгө тийиш.

29. Электр түзүлүштөрү жана/же электр жабдуулары үчүн ушул Техникалык регламенттин 3 жана 4-тиркемелерде аталган электрдик коопсуздук класстары (градациялары) белгиленет.

30. Электрдик коопсуздук классын аныктоо, кодун белгилөө даярдоочу буюмдардын конкреттүү түрлөрү үчүн нормативдик техникалык документтерде келтирилген эрежелерди жана көрсөткүчтөрдү (нормативдерди) жетекчиликке алуу менен жүргүзүлөт.

31. Тиешелүү этикеткада электр түзүлүшүнүн жана/же электр жабдуусунун (буюмдун) электрдик коопсуздук классы жөнүндө маалымат 5-тиркемеге ылайык көрсөтүлөт.

32. Ири канаттуулардын сезондук миграция жана /же байырлаган райондорунда алардын өлүмүнө жол бербөө үчүн электрдик техникалык жабдуулар конбогондой же уялабагандай жасалышы керек.

33. 110 кв чыңалуудагы электр берүүнүн аба тармактары селитебдик аймактан тышкары жайгаштырылууга тийиш.

34. Изоляторлордогу зымдар бекем бекитилүүгө, ал эми зым менен жердин ортосундагы аралык 6-тиркемеге ылайык белгиленүүгө тийиш.

35. Электрдик техникалык жабдуулар менен иш өндүрүшүнө нускама алган жана эмгектин коопсуз методдорун үйрөнгөн, нускамалар жана электрдик коопсуздук эрежелер боюнча билими текшерилген адамдарга жол берилет.

36. Колдонуудагы электрдик техникалык жабдууда иштөөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү уюштуруу иш-чаралары аткарылууга тийиш.

37. Коопсуздукту камсыз кылган иштердин конкреттүү тизмелери тармактык техникалык документтер менен белгиленет.

38. Эгерде жогоруда аталган шарттардын бири же көбү техникалык себептер менен аткарылбаса, анда бул операцияларды тобокелсиз жүргүзүү мүмкүндүгү болууга тийиш.

39. Автоматтык электр түзүлүштөрү колдонулганда, бузулууларды табууга арналган диагностикалык жабдууларды иштетүү үчүн коопсуз кошулуу түзүлүшү менен камсыз кылынууга тийиш. Иштелип бүткөн, же бузулуулардын айынан сапаттары абдан начарлаган электр түзүлүштөрүнүн компоненттерин көп учурларда алмаштырганда, ушундай компоненттерди чыгаруу жана алмаштыруу боюнча жөнөкөй жана коопсуз операцияларды жүргүзүү мүмкүндүгү болууга тийиш, анда даярдоочунун методикасы боюнча аспаптарды, өлчөө приборлорун жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен ушул операцияларды аткарууга мүмкүндүк берүү камсыз кылынышы керек.

40. Даярдоочу иштөө, ишке киргизүү жана техникалык тейлөө үчүн колдонулуучу бардык зоналарга коопсуз кирүүнү камсыздоого тийиш.

41. Электрдик техникалык жабдуу электр энергиясынын булагын авариялык өчүрүү каражаттары менен жабдылып, алар так белгиленүүгө тийиш.

42. Электрдик техникалык жабдуу оператордун кийлигишүүсүн максималдуу түрдө чектөөсү керек.

43. чыңалуусу 1000В дан жогору болгон электрдик техникалык жабдуунун (электрдик түзүлүштүн) жумуш ордуна коммутациялык аппарат менен чыңалуу берилүүчү, ар бир жагынын долбоорунда көзгө көрүнүп турган ажыраткыч каралууга тийиш.

44. Жол берилген чектүү маанилерден ашкан магниттик жана электрдик талаалары бар электр түзүлүштөрүн тейлөөдө жана пайдалануунун шарттары боюнча персоналдын кыска убакытта болуусуна жол берилбеген зоналарда калканчтын каралышы зарыл.

45. Чыңалуу булагын өчүргөндөн кийин чыңалуунун калдыгы калышы мүмкүн болгон электрдик түзүлүштөрдү жана электрдик жабдууларды тейлөөдө разряддык түзүлүштөр каралууга тийиш.

46. Арналышы адамды электр тогунан коргоону талап кылбаган жана II жана III класстарга шайкеш келген электрдик техникалык жабдуу жерге туташтыруучу элемент менен жабдылууга тийиш.

47. Андагы жайгаштырылган электрдик жабдууларды тейлөөнүн шарттары боюнча эшиктерди, люктарды ж.б. талап кылган электрдик түзүлүштөр чыңалуудагы, ток өтө турган бөлүктөргө жакындап барууга же тыюу салынган аралыкка жакындап барууга бөгөт коюучу блоктор жана/же коргоо түзүлүштөрү менен жабдылууга тийиш.

48. Өрт пайда болгондо электрдик техникалык жабдуунун конструкцияларынын, аппараттарынын, агрегаттарынын ток өткөрүүчү бөлүктөрүндөгү жогорку чыңалуунун сыртка өтүшүнүн айынан пайда болгон электр тогу адамдарга жана жан-жаныбарларга таасир берүүчү коркунучтуу факторлордун бири болуп эсептелет.

49. Күйүүнү жана өрттүн пайда болушун алдын алуу үчүн электрдик техникалык жабдуу күйүүнүн мүмкүн болгон булактарын ажыратуучу жана тез иштөөчү коргоо каражаты менен камсыз кылынууга тийиш.

50. Электрдик техникалык жабдууда кыска туташуу пайда болгондо ачык догоонун таасир берүү мезгилин 0,2 с. көп эмес мезгилге чейин чектөө камсыз кылынууга тийиш.

51. Электрдик техникалык жабдууну иштетүүдө жана даярдоодо өрттүн пайда болуу ыктымалдуулугу жылына 10-6 маанисинен ашпоого тийиш.

52. Электрдик техникалык жабдуудан (буюмдан) өрттүн пайда болуу ыктымалдыгын аныктоо методу жана жогоруда аталган жабдуунун өрт коопсуздугунун талаптары «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенти тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында келтирилген.

53. Имараттарда орнотулган жана курулуш, куруу-монтаждоо иштеринде колдонулуучу электрдик техникалык жабдуу адамдарды электр тогунан коргоону жана коопсуздукту камсыз кылууга жана төмөнкүдөй чараларды кароого тийиш:

1) тикелей жана кыйыр түрдө тийүүдөн коргонуу;

2) тикелей тийүүдөн коргонуу;

3) кыйыр түрдө тийүүдөн коргонуу.

54. Тикелей жана кыйыр түрдө тийүүдөн коргоо абдан төмөн коопсуз чыңалуунун системасы (АТКЧ) аркылуу жүргүзүлөт, анда номиналдуу чыңалуу өзгөрүлмө токтун 50 В же туруктуу токтун 120 В ашпайт, ал эми АЧКСтын же АТКЧЖнын (абдан төмөн коопсуз чыңалуунун жерге туташтыруу системасынын) чыңалуу булагы болуп төмөнкүлөр эсептелет: коопсуз ажыраткыч (чектегич) трансформатор, чыңалуунун электрдик химиялык булагы (гальваникалык элемент же аккумулятор) же кыймылдаткыч-генератор, жогоруда келтирилген маанилердин ашып кетүүсүнө бөгөт болуучу электроддук түзүлүштөр, же алып жүрүүчү булактар (кыймылдаткыч-генератор) жана ФСНН системасы - бул пайдалануу (иштөө) шарттары боюнча электрдик түзүлүштүн чыңалуусу үчүн өзгөрүлмө токтун 50 Втон (колдонуудагы мааниси) же туруктуу токтун (түзөтүлгөн) 120 Втон ашпаган чыңалуусу колдонулган жана АЧКС же АЧЖКС системаларын колдонуу мүмкүндүгү же зарылдыгы жок болгон учурларда колдонулуучу коргоо чаралары.

Тикелей жана кыйыр түрүндө тийүүлөрдөн коргоо АЧКС жана АЧЖКС системаларынын электрдик чынжырларынын түзүлүштөрүнүн эсебинен да жүргүзүлөт, алардын ток өткөрүүчү бөлүктөрү бири биринен жана башка чынжырлардан ажыратылып турууга тийиш. Тикелей тийүүдөн коргоо төмөнкүдөй эки ыкманын бири менен жүргүзүлүүгө тийиш:

1) РXXB коргоо даражасын камсыздоого жөндөмдүү калканчтар же кабыкчалардын жардамы менен;

2) изоляциянын жардамы менен, ал өзгөрүлмө токтун 500 В (колдонуудагы мааниси) сыноочу чыңалуусун 1 мүнөт бою көтөрөт. Эгерде изоляция аталган чыңалууну көтөрө албаса, анда жабдууну монтаждоо процессинде ал өзгөрүлмө токтун 1500 В (колдонуудагы мааниси) сыноочу чыңалуусун 1 мүнөт бою көтөрө алгандай кылып күчөтүлөт.

Кыйыр түрдө тийүүдөн коргоо төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынууга тийиш:

1) жабдуунун өткөрүүчү ачык бөлүктөрүн алгачкы чынжырдын коргоочу өткөргүчү бар ФСНН системасынын чынжырына туташтыруу аркылуу, бул туташтыруу ушул өткөргүч чыңалууну автоматтык түрдө токтотуунун жардамы менен корголгон шарттарда гана жүргүзүлөт;

2) жабдуунун өткөрүүчү ачык бөлүктөрүн алгачкы чынжырдын потенциалын теңдештирүүнүн жерге туташтыруучу эмес системасынын өткөргүчү бар ФСНН системасынын чынжырына туташтыруу аркылуу, мында потенциалды теңдештирүүнү коргоо электрдик ажыраткыч менен жүргүзүлөт.

55. Тикелей тийүүдөн коргоо ток өткөрүүчү бөлүктөрдү изоляциялоо, калканчтарды жана кабыкчаларды колдонуу, бөгөттөрдү орнотуу, жеткиликтүү болгон зонадан тышкары жайгаштыруу жана зарыл болгон учурда коргоочу өчүрүүнүн түзүлүшү аркылуу кошумча коргоону колдонуу менен жүргүзүлөт.

56. Кыйыр түрдө тийүүдөн коргоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш:

1) изоляция бузулганда чыңалууну автоматтык түрдө өчүрүү;

2) жерге туташтыргыч;

3) негизги жана кошумча потенциалдарды теңдештирүү системасы.

Ар бир имаратта төмөнкүдөй өткөргүч бөлүктөр потенциалды теңдештирүүнүн негизги системасы менен туташтырылууга тийиш:

1) негизги (магистралдык) коргоо өткөргүчү;

2) негизги (магистралдык) жердеткич өткөргүч же негизги жердеткич бекитүүчү;

3) имараттардын жана имараттардын ортосундагы коммуникациялардын болот түтүктөрү;

4) курулма конструкцияларынын металл бөлүктөрү, борбордук жылытуу системасы жана желдетүү жана абаны тазалоо системасы.

Мындай өткөргүч бөлүктөр имаратка киргизилгенде бири-бири менен бириктирилүүгө тийиш.

57. Электрдик коопсуздукту камсыз кылуу үчүн нормативдик-техникалык документтерге ылайык электрдик түзүлүштөрдү (электрдик техникалык жабдууларды) жерге туташтырууну же нөлгө кошууну төмөнкүдөй аткаруу талап кылынат:

1) номиналдык чыңалуу өзгөрүлмө токто 50 Вдан (колдонуудагы мааниси) ашык жана туруктуу (түзөтүлгөн) токто 120 Вдан ашык болсо - бардык электрдик түзүлүштөрдө;

2) номиналдык чыңалуу өзгөрүлмө токто 25 Вдан (колдонуудагы мааниси) ашык жана туруктуу (түзөтүлгөн) токто 60 Вдан ашык болсо - кооптуулугу жогору же өзгөчө кооптуу жайларда гана жана тышкы электрдик түзүлүштөрдө.

58. Жарылуу коркунучу бар зоналарды жана электрдик ширетүү түзүлүштөрүн кошпогондо, номиналдык чыңалуу өзгөрүлмө токто 25 Вга чейин жана туруктуу токто 60 В болсо, электрдик түзүлүштөрүн жерге туташтыруу же нөлгө кошуу талап кылынбайт.

59. Эгерде электрдик жабдуу потенциалдарды теңдештирүү системасы колдонулган зонада болсо жана номиналдык чыңалуу өзгөрүлмө токто 25 Вдан ашпаса жана туруктуу токто 60 Вдан ашпаса, анда тикелей тийүүдөн калканчтардын, кабыкчалардын же изоляциялардын жардамы менен коргоо талап кылынбайт, бирок муну өзү жабдуу кургак жайларда нормалдуу пайдаланса жана бардык учурларда өзгөрүлмө токтун 6 В жана туруктуу (түзөтүлгөн) токтун 15 В чыңалуусунда болгон электрдик жабдуунун бөлүктөрүнө адамдын тийүү ыктымалдуулугу аз болсо деген шарттарга жооп берүүгө тийиш.

60. 220 кВ жана андан подстанцияларда жана жогору бөлүштүрүүчү ачык түзүлүштөрдө тейлөөчү персоналдар болуучу зоналарда (тейлөөчү персоналдын жүрүү жолдору, жумуш орундары) электрдик талаанын чыңалуусу жол берилген деңгээлде болууга тийиш.

61. 6 (10), 35 кВ жана андан подстанцияларда жана жогору бөлүштүрүүчү ачык түзүлүштөрдө тейлөөчү персоналдар болуучу зоналарда магниттик талаанын чыңалуусу белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

62. 220 кВ жана андан жогору бөлүштүрүүчү ачык түзүлүштөрдө тейлөөчү персонал болуучу зоналарда электрдик талаанын чыңалуусунун жол берилген деңгээли стационардык жана инвентардык экрандоочу түзүлүштөрдү колдонуу менен конструктивдик-компоновкалык чечимдер аркылуу камсыз кылынууга тийиш.

63. Электрдик магниттик шайкештикке карата негизги талаптар электрдик магниттик шайкештик маселелерин жөнгө салуучу техникалык регламентте белгиленген.

64. Продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүсүн аныктоо үчүн шайкештикти баалоонун төмөнкүдөй формалары белгиленет:

1) шайкештикти ырастоо;

2) мамлекеттик көзөмөл.

65. Шайкештикти милдеттүү түрдө ырастоо төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:

1) шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу (шайкештикти декларациялоо);

2) сертификаттоо.

66. Шайкештикти ырастоо формасы арыз ээси тарабынан жүргүзүлөт.

67. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары аймактардан алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо натыйжаларын таануу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасы (шайкештикти декларациялоо) боюнча шайкештикти ырастоо

68. Электрдик техникалык жабдууну электрдик коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүн декларациялоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) өзүнүн далилдеринин негизинде шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу;

2) өзүнүн далилдеринин жана үчүнчү жактын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу.

69. Өзүнүн далилдеринин негизинде шайкештикти декларациялоодо арыз ээси далилдик материалдарды өз алдынча түзөт. Мындай материалдар катары техникалык документтер, өзүнүн сыноолорунун жана өлчөөлөрүнүн натыйжалары жана/же башка документтер колдонулат. Далилдөөчү материалдардын курамы жана декларациялоо схемалары ушул техникалык регламенттин 7-тиркемесинде келтирилген.

70. Өзүнүн далилдеринин жана үчүнчү жактын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде шайкештикти декларациялоодо арыз ээси өзүнүн далилдерине кошумча катары төмөнкүлөрдү өзү тандап кошот:

1) аккредиттелген сыноо лабораторияларында өткөрүлгөн сыноолордун жана өлчөөлөрдүн протоколдорун;

2) сапат системасынын сертификатын.

71. Шайкештик жөнүндө декларация Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган, белгиленген үлгүдөгү бланктарда таризделет.

72. Шайкештик жөнүндө декларацияны колдонуу мөөнөтү электрдик техникалык жабдуунун жарамдуулук мөөнөтүнөн узак болбоого тийиш.

73. Белгиленген эрежелер боюнча таризделген шайкештик жөнүндө декларация энергетикалык жана электротехникалык продукцияны сертификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.

74. Шайкештик жөнүндө декларация жана анын курамындагы далилдик материалдар жана документтер декларацияны колдонуу мөөнөтү аяктаган учурдан баштап 3 жыл бою арыз ээсинде сакталат.

75. Декларациялоо схемасы арыз ээси тарабынан аткарылуучу төмөнкүдөй операцияларды камтыйт:

1) техникалык документтердин комплектин түзүү;

2) шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу;

3) рынокто колдонуу белгиси менен электрдик түзүлүштү жана/же электрдик жабдууну маркировкалоо.

76. Техникалык документтер ушул техникалык регламенттин талаптарына электрдик түзүлүштүн жана/же электрдик жабдуунун шайкеш келүүсүн баалоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө, электрдик техникалык буюмду өндүрүүнүн техникалык шарттарын, ыкмалары жана иштетүү принциптерин чагылдырууга, ошондой эле буюмдун ушул техникалык регламентке шайкештигинин далилдерин камтууга тийиш.

77. Техникалык документтердин комплектисинин милдеттүү түрдөгү курамы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) электрдик түзүлүштүн жана электрдик жабдуунун жалпы сүрөттөлүшү, алардын иштөө принциби;

2) долбоордук маалыматтар, чиймелер, схемалар, техникалык шарттар;

3) толук же толук эмес колдонулуучу стандарттардын тизмеси жана Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн чечимдердин баяндалышы;

4) долбоордук эсептердин, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары;

5) сыноолор протоколдору.

Техникалык документтердин курамына коюлуучу конкреттүү талаптар электрдик түзүлүштүн жана/же электрдик жабдуунун ушул түрүнүн техникалык регламентинде белгиленет.

78. Арыз ээси шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алат, тиешелүү органдарда каттайт жана шайкештик жөнүндө декларация кабыл алынган электрдик түзүлүштү жана/же электрдик жабдууну рыноктогу колдонуу белгиси менен маркировкалайт.

79. Милдеттүү түрдөгү сертификаттоо аккредиттелген сертификаттоо боюнча орган тарабынан арыз ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

80. Бул Техникалык регламентте белгиленген милдеттүү сертификаттоо схемалары ушул регламенттин 8-тиркемесинде келтирилген.

81. Арыз ээси:

1) электрдик түзүлүштөрдүн, электрдик жабдуулардын жана электрдик техникалык продукциянын белгилүү бир түрлөрү үчүн Техникалык регламентте каралган схемалардын арасынан шайкештикти ырастоонун схемасын тандайт;

2) аккредиттелген сертификаттоо боюнча ар кандай көз каранды эмес органга сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн кайрылат, бул органдын аккредитациялоо тармагы арыз ээси сертификаттоого ниеттенген продукцияны камтууга тийиш;

3) аккредитациялоо боюнча органга укукка жат аракеттерге даттанып кайрылат.

82. Сертификаттоо боюнча орган:

1) билдирмени кабыл алууну жүргүзөт;

2) билдирме боюнча кабарлоону арыз ээсине жиберет;

3) анын коопсуздугун далилдөө үчүн продукцияга билдирүүчү тарап берген документтерди талдайт;

4) продукцияны карап көрүүнү жүргүзөт;

5) сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрүн тандоону жүргүзөт;

6) өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзөт;

7) алынган жыйынтыктарга талдоо жүргүзөт жана сертификат берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат;

8) шайкештик сертификатын тариздөө, каттоо жана берүүнү жүргүзөт.

83. Электротехникалык жабдууларды контролдоо жана сертификациялык сыноо методдору ушул Техникалык регламенттин 9-тиркемесинде келтирилген.

84. 1-3, 5-сертификаттоо схемалары даярдоочу сериялуу чыгаруучу продукцияларды сертификаттоодо колдонулат. 6, 7-схемалар - продукциянын партияларын (жалгыз буюмдарды) сертификаттоодо, анда продукцияны өндүрүү же сатуу бир жолку мүнөздө болсо колдонулат.

85. 1-3-схемаларды төмөнкүдөй учурларда колдонуу зарыл:

1) 1-схема - импорттоо үчүн жана ата мекендик сериялуу чыгарылуучу продукциялар үчүн - кыска мөөнөттү (12 айдан ашпаган) контракттарда конкреттүү алуучуну (пайдалануучуну) жана жөнөтүлгөн продукциянын конкреттүү көлөмүн көрсөтүү менен Шайкештик сертификаты бир жылга чейинки мөөнөттө жөнөтүү башталганга чейин продукциянын үлгүсүнө сыноо жүргүзүлгөндөн кийин берилет.

Аталган схема төмөнкүдөй учурларда колдонулушу керек, анда продукцияны алуучу (пайдалануучу) же жеткирилип жаткан продукцияларга контроль жүргүзүүгө же жеткирүү боюнча контрактта көрсөтүлүүгө тийиш болгон, жеткирилип жаткан продукциянын берилген үлгүсүнө ылайыктуулугун текшерүүгө мүмкүнчүлүк алганда;

2) 2-схема - узак мөөнөттү (бир жылдан ашык) контракттарда же үч жылга чейинки мөөнөткө Шайкештик сертификатын берүү менен айрым контракттар боюнча сериялуу продукцияларды туруктуу жеткирилүүчү продукцияларды импорттоо үчүн жана сатуучудан алынган, продукциянын үлгүлөрүндө инспекциялык контроль аткарууда. Продукцияны жеткирүү өндүрүүчү же өндүрүүчүнүн расмий өкүлү тарабынан жүргүзүлүшү керек;

3) 3-схема - керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсүнө арналган продукцияны сериялуу чыгаруу үчүн. Даярдоочу продукцияларды системалык контролдоо жол-жоболордун, продукциянын ар бир партиясынын кабыл алуу - тапшыруучу сыноолорунун жүрүшүнүн жана продукциянын ар бир партиясынын коопсуздугун тастыктоочу документтерди (паспорт же сапат сертифкатты) берүүнү далилдөөчүнү бериши керек. Шайкештик сертификаты даяр продукциянын контролдоону уюштуруу системасынын аракетинин натыйжалуулугун, мурунку сертификациялык сыноо жана инспекциялык контроль жыйынтыктарын, керектөөчүлөрдөн рекламациянын жоктугун эске алуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө берилет.

86. 5-схема - сапаттык системасы бар ишканага үч жылга продукцияга шайкештик сертификатын берүү менен продукцияны сертификаттоодо колдонулат.

87. 6 жана 7-схемалар продукцияны өндүрүү, жеткирүү же сатуу бир жолку мүнөздө болсо (партия, бир жолку продукция) колдонулууга тийиш.

6-схема боюнча партиядан алынган үлгүлөрдү (үлгүнү) сыноо, ал эми 7-схема боюнча - ар бир үлгүнү сыноо жүргүзүлөт.

6 жана 7-схемалар боюнча шайкештик сертификаты жарактуу мөөнөтүн, сактоо, пайдалануу жана аталган продукцияны сатуу мүмкүнчүлүгүнүн эске алуу менен бир жылга чейинки мөөнөт менен берилет.

88. 6а схемасы партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо жүргүзүү жолу менен сертитфикацияланган продукцияны инспекциялык контролдоону Шайкештик сертитфикат берилгенден кийин жүргүзүүнү карайт.

89. Келтирилгендердин ичинен милдеттүү сертификаттоо схемалары продукциянын аны өндүрүү, айландыруу жана пайдалануу спецификасын эске алуу менен Сертификаттоо боюнча орган тарабынан продукцияны сертификаттоо жол-жоболорунда колдонулат.

90. Буюмга Электрдик коопсуздукка шайкештик белгисин ыйгаруу белгиленген тартипте аккредитацияланган сертификаттоо боюнча орган тарабынан жүргүзүлөт.

91. Даярдоочу аттестацияланган сыноочу лаборатория менен бирге көрсөтүлгөн документтеги электрдик техникалык буюмга электрдик коопсуздук боюнча маалыматтын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти тартат.

92. Электрдик коопсуздукка ылайыктуулук белгиси үч жылга чейинки мөөнөткө электрдик техникалык жабдууга (электрдик түзүлүш жана/же электрдик техникалык жабдууга) берилет.

93. Электрдик коопсуздук боюнча электрдик түзүлүштөрдүн жана электрдик жабдуулардын 4 классы белгиленет.

94. Коопсуздук чек аралары алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен конкреттүү түрлөрдүн электрдик техникалык буюмдарына стандарттарда белгиленет.

95. Электрдик түзүлүштөрдүн жана электрдик жабдуулардын электрдик коопсуздугунун классын аныктоону конструктордук документтин курамына кирген расмий документ түрүндө даярдоочу тариздейт.

96. Бул Техникалык регламенттин электрдик коопсуздугунун талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.

97. Өндүрүштүк жана башка иш субъекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте ушул Техникалык регламентте белгиленген электрдик коопсуздуктун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

98. Ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ушул Техникалык регламент менен белгиленген электрдик коопсуздук талаптарынын өндүрүштүк жана башка иштеринин жол-жоболоруна ылайык келүүлөрүн баалоолорду жүргүзөт, ушул Техникалык регламентти жөнгө салуучу эрежени жана объекттердин ылайык келүү бааларынын формаларын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жоопкерчилик тартышат.

99. Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып зыян келтирүү коркунучунун деңгээли ушул Техникалык регламентте эске алынган зыян келтирүү коркунучунун деңгээлинен жогору болгон электрдик техникалык жана энергетикалык жабдуулардын электрдик коопсуздук маселелери боюнча атайын техникалык регламент күчүнө киргенге чейин көрсөтүлгөн жабдууларды пайдалануу ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык, ошондой эле жарандардын өмүрүн, ден соолугун, жеке, юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү коргоо, жогоруда аталган жабдууларды пайдалануу процессинде келип чыккан коркунучтуу жана/же зыяндуу факторлордон айлана-чөйрөнү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өмүрүн жана ден-соолугун коргоо максаттарына ылайык келүүчү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында жана аткаруу бийлик органдарынын нормативдик документтеринде белгиленген талаптарды эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

100. Бул Техникалык регламентти колдонууга киргизүүгө чейин Тараптар (эл аралык Макулдашууга кол койгон өлкөлөр) бирдей милдеттүү талаптарды койгон, ошондой эле шайкештикти милдеттүү түрдө баалоонун (ырастоонун) бирдей формалары жана схемалары (шайкештикти декларациялоо жана/же сертификаттоо) белгиленген продукцияны, эгерде ал ушул өлкөлөрдүн биринин аймагында шайкештикти баалоонун (ырастоонун) белгиленген жол-жобосунан өтсө, бирдиктүү бажы аймагында колдонууга жол берилет.

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
1-тиркеме

 

Шайкештикти милдеттүү түрдө ырастоо үчүн «Электр коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент колдонулуучу энергетикалык жана электр-техникалык жабдуулардын жана алардын курамдык бөлүктөрүнүн тизмеси

 

Шайкештикти милдеттүү далилдөө үчүн электрдик техникалык жабдуулар

1.

От каналар

2.

Насостор, желдеткичтер, кондиционерлер

3.

Электр менен жылытылган машиналар жана жабдуулар

4.

Электр кыймылдаткычтар, генераторлор жана трансформаторлор

5.

Электрдик данакерлөө жана ширетүү үчүн машиналар жана аппараттар

6.

Электр жылыткычтуу жана электр термикалуу аппараттар жана приболор:

7.

Белги берип коргоочу түзүлүштөр же өрт белгисин берүү үчүн түзүлүштөр жана ушуга окшош түзүлүштөр

8.

Коммутация же электрдик чынжырларды коргоо үчүн электрдик аппаратуралар

9.

Электрдик же газ разряддык ысытуу лампалары

10.

Кабелдүү продукциялар жана зымдар

 

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
2-тиркеме

 

Өндүрүштүк жыштыктагы токтун электр талааларынын таасиринде жана электр магниттик талааларынын таасиринде электр коопсуздугунун талаптары

 

1. Таасир берүүчү электрдик талаанын чыңалуусунун жол берилген деңгээлинин чеги 25кВ/м болуп белгиленет.

Коргоочу каражаттарды колдонбостон 25кВ/м көп чыңалуунун электрдик талаасында болууга жол берилбейт.

2. Жумуш күнүнүн ичинде кошкондо 5 кВ/м чыңалуудагы электрдик талаада болууга жол берилет.

3. 20дан 25 кВ/м чейин электрдик талаанын чыңалуусундагы электрдик талаада персоналдын болуу мезгили 10 минутадан ашпоого тийиш.

4. 5тен 20 кВ/м чыңалуунун электрдик талаада болуунун жол берилген мезгили төмөнкүдөй формула менен эсептелинет: Т=50/Е-2 мында Т-талаанын чыңалуусунун тиешелүү деңгээлинде электрдик талаада болуунун жол берилген мезгили, с; Е - контролдонуучу зонада таасир берүүчү электрдик талаанын чыңалуусу, кВ/м.

5. Электрдик талаада болуунун жол берилген мезгили жумуш күнүнүн ичинде бир түрдүү же бөлүк-бөлүгү менен ишке ашырылышы мүмкүн.

6. Магнит талаасында болуунун узактыгына карата таасир берүүнүн жалпы (денеге) жана чектелген (мүчөлөргө) шарттары үчүн магнит талаасынын жол берилген чыңалуусу (Ч) же индукциясы (В) таблицага ылайык аныкталат.

 

Магнит талаасынын жол берилген деңгээли

 

Болуу убактысы, с

Таасир берүүдө магнит талаасынын чыңалуусунун (А/м) жана индукциясынын жол берилген деңгээли

жалпы

чектелген

<1

1600/2000

6400/800

2

800/1000

3200/4000

4

400/500

1600/2000

8

80/100

800/1000

 

7. Магнит талаасынын ар түрдүү чыңалуу зоналарында персоналдардын болуусунда ошол зоналарда иштерди аткаруунун жалпы мезгили максималдуу чыңалуудагы зона үчүн жол берилген мезгилдин чегинен ашпоого тийиш.

8. Магнит талаасында болуунун жол берилген мезгили жумуш күнүнүн ичинде бир түрдүү же бөлүк-бөлүгү менен ишке ашырылышы мүмкүн. Эмгек жана эс алуу (сменалык иш) режимдери өзгөргөндө магнит талаасынын чектелип жол берилген деңгээли 8 сааттык жумуш күнү үчүн белгиленгенден ашпоого тийиш.

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
3-тиркеме

 

Электр тогунан жабыркоолордон сактануу ыкмасы боюнча 1000 Вга чейинки чыңалуудагы электрдик жабдуу жана электрдик түзүлүштөрдүн класстары

 

Класстарга бөлүштүрүү жабдуунун коопсуздугунун деңгээлин көрсөтпөйт, ал болгону электр тогунан кандай коргонуу жүргүзүү керектигин көрсөтөт.

1. 0 классындагы жабдуу

Электр тогунан коргоону негизги изоляция менен камсыздалуучу жабдуу; мында ачык өткөрүүчү бөлүктөрдүн, эгер андайлар бар болсо, стационардык зымдын коргоочу өткөрүүчүсү менен электр туташуусу жок болот. Негизги изоляция бузулган учурда коргоо айлана-чөйрө (аба, полдун изоляциясы ж.б.) менен камсыздалышы керек.

2. I класстагы жабдуу

Электр тогунан коргонуу негизги изоляция менен жана стационардык өткөрүүчү коргоочу зымы бар тийишүүгө жол берилген ачык өткөрүүчү бөлүктөрдү бириктирүү менен камсыз кылынган жабдуу.

Бул учурда тийишүүгө жол берилген ачык өткөрүүчү бөлүктөр тиешелүү коргоо иштелгенден кийин изоляция бузулса чыңалууда болушу мүмкүн эмес.

Эскертүү:

1. Ийкемдүү кабель менен пайдалануу үчүн арналган жабдууда, бул каражаттарга ийкемдүү кабелдин бөлүгү болгон коргоочу өткөргүч тиешелүү болуп эсептелет.

2. Эгерде конкреттүү түрлөрдүн стандарттарында конструкциясы I класстагы жабдуунун коргоочу контакттагы розеткага сайылышы мүмкүн болбогон вилкасы учунда бар эки өткөргүчтүү ийкемдүү кабел менен жабдылышына жол берилсе, анда мындай жабдуунун коргоосу негизги изоляция менен камсыз кылынат. Мында жабдуу коргоочу өткөргүчтү кошуу үчүн бекиткич менен жабдылууга тийиш.

3. II класстагы жабдуу

Электр тогунан уруусунан коргоону эки же күчөтүлгөн изоляцияны колдонуу менен камсыз кылуучу жабдуу.

II класстагы жабдууда жердеткичтик коргоо жок болот жана айлана-чөйрөнүн коргоочу өзгөчөлүктөрү коопсуздукту камсыздоо чарасы катарында пайдаланылбайт.

Эскертүү

1. Айрым учурларда (мисалы, электрондук жабдуунун клеммине кирүү үчүн) эгерде зарыл болсо жана аны колдонуу коопсуздук деңгээлин төмөндөтүүгө алып келбесе, II класстагы жабдууда коргоочу каршылык каралышы мүмкүн.

2. Каражаттар жабдуунун ажырагыс бир бөлүгү болсо жана II класстагы жабдууларга коюлуучу талаптарга ылайык жеткиликтүү үстүңкү беттерден изоляцияланган болсо, анда II класстагы жабдуу коргоочу чынжырлардын бүтүндүгүн туруктуу контролдоону камсыз кылуу үчүн каражаттар менен жабдылышы мүмкүн.

3. Металл кабыкчалуу II класстагы жабдуу потенциалды теңдөөчү зымдуу кабыкча бириктирүүчү каражат менен тийиштүү жабдууга стандартта мындай талап каралса гана жабдылышы мүмкүн.

4. Иштетүү максатында II класстагы жабдууну, талаптар жабдуунун тиешелүү стандартында каралса, коргоо максатында колдонулуучу жердеткич түзүлүштөн айырмаланган жердеткич түзүлүш менен жабдууга жол берилет.

5. III класстагы жабдуу

Электр тогунан коргоо абдан төмөн чыңалуунун коопсуз булагына негизделген жана анда коопсуз абдан төмөн чыңалуудан жогору чыңалуу пайда болбогон жабдуу.

Эскертүү

III класстагы жабдууда жердетүүчү бекиткич болбошу керек.

2. Темир кыртыштуу III класстагы жабдууну, эгерде талаптар тиешелүү жабдууда каралса, потенциалды теңдештирүүчү өткөргүчтү кабыкчага кошуу үчүн каражаттар менен жабдууга жол берилет.

3. Функционалдык максатта III класстагы жабдууну, эгерде талаптар тиешелүү жабдуунун стандарттарында каралса, коргоо максаттарында колдонуучу жердеткич түзүлүшүнөн айырмаланган жердеткич түзүлүш менен жабдууга жол берилет.

4. Жабдуунун негизги мүнөздөмөлөрү жана негизги изоляция бузулган учурда коопсуздукту камсыздоочу зарыл болгон чаралар таблицада келтирилген.

 

Жабдуунун негизги мүнөздөмөлөрү жана негизги изоляция бузулган учурда коопсуздукту камсыздоочу зарыл болгон

чаралар

 

Жабдуунун классы

О

I

II

III

Жабдуунун негизги мүнөздөмөлөрү

Коргоочу жердеткич каражаттары жок

Коргоочу жердеткич каражаттары каралган

Кошумча изоляция; коргоочу жердеткич каражаттары жок

Абдан төмөн чыңалуунун коопсуз булагын пайдалануу

Коопсуздукту камсыздоо чаралары

Жердеткичи жок айлана-чөйрө

Коргоочу жердеткичтерге кошулуу

Коопсуздук чараларына зарылдык жок

Абдан төмөн чыңалуунун коопсуз булагына кошулуу

 

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
4-тиркеме

 

Электр тогунан электрдик инструменттерди жана кол менен иштөөчү электрдик машиналарды коргоонун электрдик коопсуздук класстары

 

Жумуш жүргүзүүчү жер

Электр инструмент жана кол менен иштөөчү электрдик машиналар боюнча класстар

Колдонууга зарыл болгон электрден коргоочу каражаттар

Коркунучу жогору эмес жана коркунучу жогору жай

I

Электрдик коргоо каражаттарынын бирин (диэлектрдик мээлейлер, килемдер, койгучтар, кепичтер) колдонуу менен. Эгерде бир гана электрдик кабыл алгыч (машина же аспап) ажыраткыч трансформатордон, автономдуу кыймылдаткыч-генератордук түзүлүштөн, ажыраткыч зым оромолу бар жыштыкты өзгөртүүчүдөн, же өчүрүүчү коргоочу түзүлүштөн (ӨКТ) чыңалуу алса, электрдик коргоо каражаттарын колдонуусуз

II

Электрден коргоочу каражаттарды колдонбостон

III

Электрден коргоочу каражаттарды колдонбостон

Өзгөчө коркунучтуу жайлар

I

Колдонууга жол берилбейт

II

Электрден коргоочу каражаттарды колдонбостон

III

Электрден коргоочу каражаттарды колдонбостон

Жайдан сырткары тышкы иштер

I

Колдонууга жол берилбейт

II

Электрден коргоочу каражаттарды колдонбостон

III

Электрден коргоочу каражаттарды колдонбостон

Өзгөчө ыңгайсыз шарттар болгондо (жылып туруу жана чыгуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген түтүктөрдө, аппараттарда жана башка темир сыйымдуулуктарда)

I

Колдонууга жол берилбейт

II

Электрдик коргоо каражаттарынын бирин (диэлектрдик мээлейлер, килемдер, койгучтар, кепичтер) колдонуу менен. Эгерде бир гана электрдик кабыл алгыч (машина же аспап) ажыраткыч трансформатордон, автономдуу кыймылдаткыч-генератордук түзүлүштөн, ажыраткыч зым оромолу бар жыштыкты өзгөртүүчүдөн, же өчүрүүчү коргоочу түзүлүштөн (ӨКТ) чыңалуу алса, электрдик коргоо каражаттарын колдонуусуз

 

III

Электрден коргоочу каражаттарды колдонбостон

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
5-тиркеме

 

Электрдик жабдууларды жана электрдик түзүлүштөрдү маркировкалоо

 

А таблицасы

 

Параметрдин (мүнөздөмөнүн) толук аталышы

Белгилениши

Кыскартылышы

Туруктуу ток 10 А

- 10 А

DС 10 А

Өзгөрүп туруучу ток 1 кА

≈ 1 кА

АС 1 кА

Туруктуу чыңалуу 230 В

- 230 В

DС 230 В

Өзгөрүп туруучу чыңалуу 400 В

≈ 400 В

АС 400 В

Туруктуу же өзгөрүлмө чыңалуу 250 В

- 250 В

AC/DC 250 B

0дөн 440 В чейинки туруктуу чыңалуу

- 0 440 В

DC 0…400 В

230 В эки фазалык зымдар менен бир фазалуу эки зымдуу система

2

≈ 230 В

2 АС 230 В

Бир нөл жумушчу жана 230 В, 50 Гц коргоочу фазалык зымдар менен бир фазалуу үч зымдуу система

1N/PE

≈ 230 B

50 Гц

1N/PE

AC 230 B

Эки фазалык зымдар жана 220/110 В, 60 Гц нөл жумушчу зымы менен бир фазалуу үч зымдуу система

2N

≈ 220/1 10В

60 Гц

2N

АС 220/1 10 В

60 Гц

220 В туруктуу токтун 3 зымдуу системасы

2/М

- 220 В

2/М

DС 220 В

Үч фазалуу 400 В 3 зымдуу система

3 ≈ 400 В

3 АС 400 В

Үч фазалуу 480/277 В нейтралдуу зымы менен 4 зымдуу система

3/N

≈ 480/277 В

3/N

АС 480/277 В

Үч фазалуу нөл жумушчу жана 400/230

3/N/PE

≈ 400/230 В

3/N/PE

АС 400/

В коргоочу зымдары бөлөк үч зымдуу система

 

230 В

250 В, 16 А өзгөрүлмө чыңалууга чакан габариттүү электрдик жабдуулары

≈ 16 А

250 В

же 250 В 16 А

АС 16 А

250 В же

АС 250 В 16 А

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
6-тиркеме

 

Аба линиясындагы (АЛ) зымдар менен өндүрүштүк имараттар жана курулмалар ортосундагы эң кыска аралыктар (м)

 

ЖЛнын иштөө шарттары

КАЛ*

чейин

110кВ

150кВ

220к

500кВ

ЖЛны пайдалануунун нормалдуу режими:

 

 

 

 

 

 

- жердин үстүнө чейин

6

7

7

7,5

8

8

- өндүрүштүк имараттарга жана курулмаларга чейин

3

3

4

4

5

8

ЖЛнын чектеш өткөргүчүндөгү зымдын үзүлүүсү:

 

 

 

 

 

 

- Көчөлөр, өтүүчү жерлер жана башка кесилүүчү жерлерде жер үстүнө чейин

5,0

5,5

5,5

5,5

5,5

-

 

*КАЛ - корголгон зымдуу аба линиясы

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
7-тиркеме

 

Шайкештикти декларациялоо схемалары

 

Белгилениши

Схеманын мазмуну

Аткаруучу

Өз далилдерин берүү.

Билдирүүчү

Аккредитацияланган сыноочу лабораторияда буюмдун типтүү үлгүсүн сыноо.

СЛ*

Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу.

Билдирүүчү

Сертификаттоо боюнча орган (СО) тарабынан өндүрүштүн стадиясына сапат системасын сертификаттоо.

Буюмдун типтүү үлгүсүн сыноо.

СЛ

Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу.

Билдирүүчү

Чыгарылуучу буюмдардын партияларына тандоо сыноолорун өткөрүү

СЛ

Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу

Билдирүүчү

Буюмдун ар бирине сыноо өткөрүү

СЛ

Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу

СО

Буюмдарды долбоорлоо жана өндүрүү стадияларында сапат системасына сертификаттоону өткөрүү.

Билдирүүчү

Буюмдун үлгүсүнө сыноо өткөрүү.

СЛ

Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу

Билдирүүчү

 

*СЛ - сынак лаборатория

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
8-тиркеме

 

Милдеттүү сертификаттоо схемалары

 

Аккредитацияланган сыналуучу лабораторияларда сыноо

Сертификаттоонун башка стадиялары

Сертификатталган продукцияга инспектордук контроль

Схемага жакын Европалык модулдун белгилениши

1

Типти сыноо (*)

-

 

В

2

Типти сыноо (*)

 

Сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо

 

3

Типти сыноо (*)

 

Даярдоочудан алынган үлгүлөрдү сыноо

 

5

Типти сыноо (*)

Сапат системасынын сертификациясы;

сапат системасынын сертификациясынын болушу

Даярдоочу жана (же) сатуучудан алынган үлгүлөрдү сыноо

 

6

Типти сыноо (*)

 

Партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо

F

6 а

Типти сыноо (*)

 

Партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо

 

7

Ар бир үлгүнү сыноо (*)

 

 

G

 

Эскертүү: (*) Үлгүлөрдү баалоонун негизинде анын типтүү өкүлдөрү болуп эсептелген продукцияны сыноо. Үлгүлөрдүн саны сыноолордун аталган методдоруна шайкеш келиши керек.

 

 

«Электр коопсуздугу жөнүндө»
Техникалык регламентке
9-тиркеме

 

Электрдик техникалык жабдууларын текшерүүлөрдүн түрлөрү сыноолордун талаптары, методдору, көлөмдөрү жана нормалары

 

1. Электрдик техникалык жабдуулар ишкана - даярдоочу тарабынан кабыл-алуу-тапшыруучу, мезгилдүү, квалификациялык, типтүү жана сертификациялык сыноолордон өтүүсү керек.

2. Сыноолордун программалары жана көлөмү белгиленген тартипте бекитилүүгө тийиш.

3. Төмөнкүдөй көлөмдө сыноолорду жана текшерүүлөрдү жүргүзүү сунушталат:

1) электрдик техникалык жабдуунун (буюмдун) сырткы түрүн жана анын чиймелерге шайкештигин текшерүү;

2) башкаруунун оперативдүү чынжырларынын туура монтаждоону текшерүү жана иштөөнүн кошумча чынжырларын текшерүү;

3) блокировкаларды сыноо;

4) жылытууга сыноо;

5) токтун кыска туташууларына электр динамикалык жана термикалык туруктуулугуна сыноо;

6) чыңалууну чагылгандык импульстарынын изоляциясынын электрдик катуулугун сыноо;

7) өнөр жайлык жыштыктын башкы жана жардамчы чынжырларынын изоляциясынын электрдик катуулугун сыноо;

8) электрдик техникалык жабдуулардын түзүүчү бөлүктөрүнүн изоляцияга каршылык көрсөтүүсүн сыноо;

9) коммутациялык мүмкүнчүлүгүнө сыноо;

10) жердеткич түзүлүштөрдү сыноо;

11) чектелген мүмкүнчүлүктөргө сыноо;

12) көп жолку операцияларда механикалык катуулукту сыноо;

13) сырткы климаттык жана механикалык таасир берүүгө сыноо;

14) ташуудагы туруктуулукка жана катуулукка сыноо;

15) ишенимдүүлүккө сыноо;

16) контролдук жыйноону текшерүү;

17) дарт басууга каршы коргоо сапатын жана боёо сапатын сыноо.

4. Электрдик техникалык жабдуу толук жыйналган түрдө анда орнотулган аппараттар жана приборлор менен сыноодон өтүүсү тийиш. Эгерде масса жана/же чоң өлчөмдөр толук жыйналган электрдик жабдууда сыноонун кандайдыр бир сыноосун жүргүзүүгө мүмкүн болбосо, анда заказчынын макулдашуусу боюнча сыноонун ошол түрүн түзүүчү бөлүктөрдө бөлөк жүргүзүүгө жол берилет.

5. Сертификаттоочу сыноолор аккредитациялоо жаатына кирген, Электрдик техникалык жабдууларды сертификаттоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан сунушталган көлөмдө талаптардын шайкештигине гана өткөрүлөт.

6. Электрдик техникалык жабдууларды (продукциялар, буюмдар) сыноо методдору, көлөмдөрү, нормалары жана аларды баалоо критериялары нормативдик-техникалык документтерде жана/же 10-тиркемеге ылайык продукциянын конкреттүү түрлөрүнүн стандарттарында белгиленүүгө тийиш.

7. Өткөрүлгөн сыноолордун жыйынтыктары сыноолордун протоколуна киргизилиши керек, алар белгиленген тартипте бекитилет. Керектөөчүнүн талабы боюнча ишкана-даярдоочу сыноо протоколун көрсөтүүсү керек.