Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР
2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\201a7253-1fb5-4057-9d96-202db58a1898\document.files\image001.jpg

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 

2001-жылдын 19-ноябры № 93

 

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө

(КР
2009-жылдын 30-апрелиндеги № 145, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик укуктук актыларын негиз кылуу менен, коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылуунун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктайт жана кырсыктардын болушунун алдын алууга жана объекттерди пайдаланган уюмдардын даярдыгын камсыз кылууга, кырсыктарды жайылтпоого жана анын кесепеттерин жоюуга багытталган.

 

I Бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Жалпы түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу (мындан ары - өнөр жай коопсуздугу) - коомдун жана жеке адамдын коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги кырсыктардан жана мындай кырсыктардын кесепеттеринен коргоого алынышынын абалы;

өнөр жай коопсуздугунун декларациясы - коркунучтуу өндүрүш объекттеринин, уюмдарынын өнөр жай коопсуздугунун абалын бардык жактан мүнөздөгөн маалыматтарды камтыган расмий документ;

авария - коркунучтуу объекттерде колдонулуучу өндүрүш имараттарынын, техникалык курулуштардын, коммуникациялардын, жабдуунун, транспорттун жана башка техникалык каражаттардын кыйрашы же бузулушу, көзөмөлгө алынбаган жарылуу, өрт же коркунучтуу заттардын чачырап кетиши;

бузулуу - коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык каражаттардын иштебей калышы же бузулушу, технологиялык процесстин режиминен четтеп кетиши, ушул Мыйзамдын жоболорунун, мамлекеттик ченемдик укуктук башка актыларынын, ошондой зле коркунучтуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик техникалык документтердин талаптарынын бузулушу;

от алуучу заттар - кадимкидей басымда жана аба менен аралашып кошулган от алып кетүүчү жана кайноо температурасы кадимкидей басымда 20 град. Цельсия же андан төмөн болгон газдар, суюктуктар;

кычкылдандыруучу заттар - күйүүгө көмөктөшүүчү, оттун тутанышына алып келүүчү же кычкылдануу-калыбына келтирүүчү экзотермиялык реакциянын натыйжасында башка заттардын от алуусуна шарт түзүүчү заттар;

күйүүчү заттар - өз алдынча күйүп кетүүчү, ошондой эле от чыккан жерден тутануучу жана отту өчүргөндөн кийин да өз алдынча күйө берүүчү суюктуктар, газдар, чаңдар:

жарылуучу заттар - тыштан таасир кылуунун айрым түрлөрүндө жылуулук жана газ чыгаруу менен өз алдынча тез жайылып кетүүчү химиялык айланууларга жөндөмдүү болгон заттар;

ууландыруучу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө ооруга чалдыктыруучу же өлүмгө дуушар кылуучу заттар;

катуу ууландыруучу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө өлүмгө алып келүүчү заттар;

айланадагы табигый чөйрөгө коркунучтуу заттар - белгилүү өлчөмдө, белгилүү шартта сууга түшкөндө тирүү организмдерди ооруга чалдыктыруучу жана өлүмгө дуушар кылуучу заттар;

радиоактивдүү булгануу - техногендик жагдайдан улам пайда болгон радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөдө (жердин, суунун беттеринде, конструкцияларда, жабдууларда, абада же башка жерлерде), нурланууга алып келиши мүмкүн болгон - жеке өлчөмдө 10 мкрЗВ/жылдан жогору болушу.

2-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары

Ушул Мыйзамдын максаттары:

инсандын, коомдун, материалдык байлыктардын жана айлана-чөйрөнүн коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги кырсыктардан жана алардын кесепеттеринен коргоону камсыз кылуу;

эл аралык стандарттарга ылайык келген өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укуктук ченемдик базаны түзүү;

коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугун камсыз кылууда мамлекеттин кепилдиги;

коркунучтуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүүнүн ченемдерин жана эрежелерин бекитүүчү укуктук ченемдик актылардын аткарылышын камсыз кылуу.

Ушул Мыйзамдын Жоболору бардык уюмдарга, алардын уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан, коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган же өнөр жай коопсуздугу жаатында иш алып барган Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттердин бардыгына жайылтылат.

3-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттери

Коркунучтуу өндүрүш объекттерине ушул Мыйзамга ылайык:

1) тоо-кен жумуштары, пайдалуу кендерди байытуу иштери, ошондой эле жер астындагы башка жумуштар жүргүзүлгөн;

2) кара жана түстүү металлдардын тоо тектеринин эритиндилери жана ушул эритиндилердин негизинде алынган эритмелер;

3) басымы 0.07 МПадан жогору же суунун ысуу температурасы 115 град. Цельсия жана андан жогору болгон шартта иштөөчү жабдуулар колдонулган;

4) орнотулган жана көчүп жүрүүчү жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, асма жолдор, фуникулерлер пайдаланылган;

5) от алуучу, кычкылдануучу, күйүүчү, жарылуучу, ууландыруучу жана радиоактивдүү заттар алынуучу, пайда болуучу, кайра иштетилүүчү, пайдаланылуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучу, сатылуучу; коркунучтуу өндүрүш объекттерине кирүүчү жогоруда көрсөтүлгөн зыяндуу жана коркунучтуу заттарды пайдалануучу өндүрүш объекттерине киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;

6) айлана-чөйрөгө жана адамдардын жашоо тиричилигине коркунуч келтирүүчү заттардан турган, тоо-кен-металлургия өндүрүштөрүнүн калдыктарын көмүү жүргүзүлгөн объекттер кирет.

4-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттерин каттоо

Коркунучтуу өндүрүш объекттери мамлекеттик реестрде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

5-статья. Өнөр жай коопсуздугу жаатында укуктук жөнгө салуу

Өнөр жай коопсуздугу жаатында укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мыйзамдары жана башка укуктук ченемдик актылары менен ишке ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер каралган болсо, анда ошол эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

6-статья. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу

мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары

Өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик жөнгө салууну өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын уруксат берүү милдеттери жүктөлгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы жүзөгө ашырат.

Өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик контролдоону жана көзөмөлдөөнү өнөр жай коопсуздугу жаатында контролдоо жана көзөмөлдөө милдеттери жүктөлгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы жүзөгө ашырат.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- коркунучтуу өндүрүш объекттерин жаңыдан куруу, иштеп жаткандарын реконструкциялоо жөнүндө чечимдин кабыл алынышына катышышат;

- Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, коркунучтуу өндүрүш объекттерин курууга же коркунучтуу өндүрүш объекттеринин калдыктарын сактоого, жок кылууга жер участокторун бөлүп берет;

- коркунучтуу өндүрүш объекттерин иштеткен учурда жаратылыш чөйрөсүн өнүктүрүү, пайдалануу жана сактап калуу боюнча аймактык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышышат;

- мамлекеттик аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын аймактык экологиялык кызматтары менен бирдикте коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун долбоорун экологиялык экспертизалоого катышышат;

- калктын жашоосуна жана ден соолугуна коркунуч келтирген же айлана-чөйрөгө, чарбалык субъекттерге зыян келтирген учурларда коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланууга тыюу салуу же чектөө коюу боюнча тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарына сунуш киргизет.

II Бөлүм
Өнөр жай коопсуздугунун негиздери

 

8-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттерине байланышкан иш-аракеттердин түрлөрүн лицензиялоо

Коркунучтуу өндүрүш объекттери менен байланыштуу болгон иш жүргүзүүнүн түрлөрүн милдеттүү түрдө лицензиялоо Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.

9-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр (анын ичинде чет өлкөдө жасалгандар) өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайык сертификатталат.

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде техникалык түзүлүштөрдү колдонуунун жалпы тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Коркунучтуу өнөр жай объектинде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр, пайдалануу учурунда өнөр жай коопсуздугу боюнча белгиленген тартипте экспертизаланат.

10-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү сертификаттоо

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу сертификатталуучу техникалык түзүлүштөрдүн тизмеси, аны өткөрүү боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте иштелип чыгат жана бекитилет.

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү сертификаттоону өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан аккредитацияланган (аныкталган) уюмдар жүргүзүшөт.

Сертификаттоо эрежеси стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы менен бирдикте белгиленет.

11-статья. Өнөр жай коопсуздугунун талаптары

Өнөр жай коопсуздугунун талаптары калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы ченемдердин, калктын санитардык-эпидемиялык бейпилдигин, жаратылыш айлана-чөйрөсүн коргоонун, экологиялык коопсуздуктун, өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун, курулуштун, ошондой эле мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Өнөр жай коопсуздугунун талаптары - ушул Мыйзамда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка укуктук ченемдик актыларында, ошондой эле техникалык ченемдик документтерде көрсөтүлгөн жана өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган шарттар, эрежелер, тыюу салуулар, чектөөлөр жана милдеттүү түрдө аткарылуучу дагы башка талаптар.

12-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектин долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга кабыл алууга коюлган өнөр жай коопсуздугунун талаптары

Коркунучтуу өндүрүш объектин курууну, кеңейтүүнү, реконструкциялоону, техникалык жактан кайра жабдууну, консервациялоону жана жоюуну баштоо жөнүндө чечим кабыл алуунун милдеттүү шарттарынын бири болуп өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан бекитилген долбоордук документтердин өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизасынын чыгарган оң жыйынтыгы эсептелет.

Коркунучтуу өндүрүш объектин куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу учурунда долбоордук документтерден четтөөгө жол берилбейт. Коркунучтуу өндүрүш объектин куруунун, кеңейтүүнүн, реконструкциялоонун, техникалык жактан кайра жабдуунун, консервациялоонун жана жоюунун долбооруна киргизилүүчү өзгөртүүлөр өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш жана өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы менен макулдашылат.

Коркунучтуу өндүрүш объектин куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу учурунда долбоорду иштеп чыккан уюмдар белгиленген тартипте автордук көзөмөлдү ишке ашырат.

Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга кабыл алууда, коркунучтуу өндүрүш объекттеринин долбоордук документтерине дал келиши жана уюмдардын коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланууга жана кыйроолорду жайылтпоого, анын кесепеттерин жоюуга болгон даярдыгы милдеттүү түрдө текшерилет.

13-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган уюмдарга коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптары

1. Ушул Мыйзамдын жоболорун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укуктук ченемдик актыларын, ошондой эле өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик техникалык документтердин талаптарын сактоо.

2. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга берилген уруксаттын болушу.

3. Белгиленген талаптарга ылайык коркунучтуу өндүрүш объектинин кызматкерлеринин штатын кызматчылар менен толук камсыз кылуу.

4. Өнөр жай коопсуздугу жаатында кызматчыларды даярдоо жана аттестациядан өткөрүү.

5. Коркунучтуу өндүрүш объектинде жумуштарды жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларынын жана ченемдик техникалык документтердин болушу.

6. Белгиленген талаптарга ылайык өндүрүш процессин көзөмөлдөөчү зарыл аспаптардын жана тутумдардын болушу жана иштеши.

7. Имараттардын өнөр жай коопсуздугу жаатында экспертизасын жүргүзүү, ошондой эле коркунучтуу өндүрүш объектинде колдонулуучу курулуштарды жана техникалык түзүлүштөрдү диагноздоону, сыноону, күбөлөндүрүүнү белгиленген мөөнөттө, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын тийиштүү тартиптеги көрсөтмөсү боюнча жүргүзүү.

8. Коркунучтуу өндүрүш объектине бөтөн адамдардын киришине жол бербөө.

9. Коркунучтуу заттарды сактоонун эрежелерин аткаруу.

10. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын (кызмат адамдарынын) укуктарына ылайык берилүүчү буйруктарын жана талаптарын аткаруу.

11. Коркунучтуу өндүрүш объектинде кырсык болгондо же бузулганда, ошондой эле өнөр жай коопсуздугуна таасир кылуучу жаңы шарттар кайрадан түзүлгөнү белгилүү болгондо өз алдынча же өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органынын талабы боюнча коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууну токтото туруу.

12. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги кырсыктын техникалык тергөөсүнө катышуу, аныкталган себептерди четтетүү жана мындай кырсыктардын алдын алуу чараларын көрүү.

13. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги бузулуунун келип чыгуу себептерин талдоо, аныкталган себептерди четтетүү жана мындай бузулуулардын алдын алуу чараларын көрүү.

14. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органына, анын аймактык органдарына, ошондой эле мамлекеттик бийликтин башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка коркунучтуу өндүрүш объектинде болгон кырсык жөнүндө өз убагында белгиленген тартипте маалымат берүү.

15. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде кырсык болгон учурда жумушчулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоочу чараларды көрүү.

16. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги кыйроолордун жана бузулуулардын эсебин алуу.

17. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органына кырсыктардын жана бузулуулардын саны, себептери жана кандай чаралар көрүлгөндүгү тууралу маалыматтарды берүү.

14-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин кызматкерлерине коюлуучу талаптар

1. Квалификациялуу талаптарга ылайык келиши жана медициналык жактан жараксыз деген корутундусунун жоктугу;

2. Коркунучтуу өндүрүш объектинде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларын, ченемдик техникалык документтердин талаптарын жана коркунучтуу өндүрүш объектинде кырсык же бузулуу болгон учурда аракет жасоонун тартибин сактоо.

3. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын даярдыктан жана аттестациядан өтүү.

4. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги авария же бузулуу тууралу өзүнүн түздөн-түз жетекчисине же белгиленген түрдө башка жооптуу кызматкерлерге кечиктирбей ошол замат дароо билдирүү.

5. Коркунучтуу өндүрүш объектинде авария же бузулуу болгон учурда жумуштарды белгиленген тартипте токтото туруу.

6. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги авариянын, анын кесепеттеринин жайылышына каршы жүргүзүлгөн жумуштарга белгиленген тартипте катышуу.

15-статья. Өнөр жай радиациялык коопсуздугунун талаптары

1. Радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануунун башка булагы менен иштөөдөгү өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуучу технологиялык регламенттерди, эрежелер менен инструкцияларды иондоштуруучу нурлануунун булагы менен иштөөгө атайын уруксаты (лицензиясы) бар, көрсөтүлгөн тартипте экспертизадан өткөн жана өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы бекиткен уюмдар иштеп чыгат.

2. Радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануунун башка булагын колдонуучу коркунучтуу өндүрүш объектилерин пайдаланган, ошондой эле радиоактивдүү элементтерди ичине камтыган пайдалуу кенди иштетүүчү уюмдарда радиациялык коопсуздук кызматы түзүлөт, анын курамы, жабдылышы, өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы менен макулдашылып, өндүрүштүк иш-аракеттеринин жагдайына жана көлөмүнө жараша бекитилет.

3. Радиоактивдүү заттар пайдаланылуучу орнотмолордо башкаруу жана коргоо тутумунун болушу зарыл. Радиоактивдүү заттар колдонулуучу орнотмолордун башкаруу жана коргоо тутумуна:

- алгачкы өлчөөчү өзгөрткүчтөр;

- башкаруу жана коргоо тутумунун аткаруучу жабдуулары;

- байланыш түйүндөрү;

- башкаруу жана коргоо тутумуна кирген техникалык түзүлүштөрдү текшерүүдө колдонулуучу каражаттар кирет.

Башкаруу жана коргоо тутуму ишке киргизүүнү, чендерди жөнгө салууну, аларды өлчөөнү жана жумушчу режимден орнотмону чыгарууну камсыз кылышы керек.

4. Радиоактивдүү заттар колдонулуучу, сакталуучу же радиоактивдүү заттардын калдыктары көмүлгөн коркунучтуу өндүрүш объекттеринин айланасында зоналар түзүлөт, алар:

- катуу тартиптеги зона - кызматчыларга сырткы бета-, гамма-, нейтрондук нурлануу таасир берүүчү, аба чөйрөсүнүн, курулуш конструкцияларынын беттеринин жана жабдуулардын радиоактивдүү заттар менен булганышы мүмкүн болгон аймактар, түзүлүштөр, имараттар, жайлар;

- санитардык-коргоочу зона;

- байкоо жүргүзүүчү зона.

5. Катуу режимдеги, санитардык-коргоочу жана байкоо жүргүзүүчү аймактардын өлчөмдөрү, радиациялык көзөмөлдүн көлөмү радиоактивдүү заттар колдонулуучу, сакталуучу, ошондой эле радиоактивдүү калдыктар сакталуучу коркунучтуу өндүрүш объекттерин долбоорлоо белгиленет. Иштеп жаткан коркунучтуу өндүрүш объекттеринде бул зоналарды жана радиациялык текшерүүнүн көлөмдөрүн өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы жана мамлекеттик санитардык көзөмөл органдары менен макулдашып, уюмдун радиациялык коопсуздук кызматы аныктайт.

16-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюуга даяр туруу боюнча уюмдарга коюлган өнөр жай коопсуздугунун талаптары

1. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларын пландаштыруу жана ишке ашыруу.

2. Авариялык-сактоочу кесипкөй кызматтар же кесипкөй авариялык-сактоочу түзүлүштөр менен тейлөөгө карата келишимдерди түзүү, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда өзүнүн авариялык-сактоочу кесипкөй кызматтарын жана авариялык-сактоочу кесипкөй түзүлүштөрүн, ошондой эле кызматкерлердин өзүнөн штаттан тышкары авариялык-сактоочу түзүлүштөрүн түзүү.

3. Аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервде финансы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын болушу.

4. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде авариялар же бузулуулар болгондо кызматкерлерди иш-аракет жасоого үйрөтүү.

5. Авария болгон учурда байкоо, билдирүү, байланыш жана иш-аракеттерди колдоо тутумдарын түзүү жана аталган тутумдарды пайдаланууга жарактуу абалда кармоо.

17-статья. Өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контроль

Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюм өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы бекиткен талаптарга ылайык уюштурууга жана ишке ашырууга милдеттүү.

Өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду уюштуруу жана аларды ишке ашырууга укуктуу кызматчылар жөнүндө маалымат өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органына берилет.

18-статья. Авариянын себептерин техникалык жактан тергөө

Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги авариянын келип чыгышынын ар бир фактысы боюнча анын себептерине техникалык жактан тергөө жүргүзүлөт.

Авариянын себептерин техникалык жактан тергөө өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы түзгөн атайын комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Авариянын категориясына жараша көрсөтүлгөн комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жана аймагында коркунучтуу өндүрүш объекти жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик эмгек инспекциясынын өкүлдөрү;

- Кыргызстан кесиптик бирликтеринин өкүлдөрү;

- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны же Эл өкүлдөр жыйыны, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү авариянын себептерин техникалык жактан тергөөчү мамлекеттик комиссия түзүүгө чечим чыгарышат жана көрсөтүлгөн комиссиянын төрагасын беките алышат.

Авариянын себептерин техникалык жактан тергөө боюнча комиссия өнөр жай коопсуздугу жаатында тергөө, изилдөө, долбоорлоо, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук жумуштар, камсыздандыруу, жабдууларды жасап чыгаруу жагынан жана башка тармактардан эксперттик уюмдарды жана адистерди тарта алат.

Коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган уюм жана анын кызматчылары авариянын себептерин техникалык жактан тергөө боюнча комиссияга өзүнүн укуктарын ишке ашырууга зарыл болгон бардык маалыматты берүүгө милдеттүү.

Авариянын себептерин техникалык жактан тергөө жүргүзүүнүн тартибин жана авариянын себептерин техникалык жактан тергөөдө актыларды толтуруунун жолдорун өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы бекитет.

Авариянын себептерин техникалык жактан тергөөгө кеткен чыгымдарды каржылоону авария болгон коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюм жүргүзөт.

19-статья. Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо

Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоодон:

коркунучтуу өндүрүш объектин курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата даярдалган долбоордук документтер;

коркунучтуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр;

коркунучтуу өндүрүш объектиндеги имараттар жана курулуштар;

өнөр жай коопсуздугунун декларациясы жана коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууга байланышкандан да бөлөк документтер өтүүгө тийиш.

Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын бул экспертизаны жүргүзүүгө атайын уруксаты бар уюм жүргүзөт, экспертиза коркунучтуу өндүрүш объектти пайдаланууга ниеттенген же аны пайдаланган уюмдун эсебинен жүргүзүлөт.

Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын ишке ашыруу тартиби жана өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын тыянагын даярдоого карата талаптар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы белгиленген тартипте бир эле учурда башка экспертизаларды жүргүзүү менен ишке ашырылышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттери үчүн өнөр жай коопсуздугунун декларациясы

Коркунучтуу өндүрүш объекти үчүн өнөр жай коопсуздугунун декларациясын иштеп чыгуу милдеттүү болуп саналат.

Коркунучтуу өндүрүш объекттери үчүн өнөр жай коопсуздугунун декларациясын иштеп чыгуу авария тобокелин жана ага байланышкан коркунучтарды ар тараптан баалоого, авариялардын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралардын жетиштүүлүгүн талдоого, уюмдардын коркунучтуу өндүрүш объекттерин өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайык пайдаланууга, ошондой эле аварияларды жана алардын кесепеттерин коркунучтуу өндүрүш объекттеринде жайылтпоого жана жоюуга даярдыгын камсыз кылууга, коркунучтуу өндүрүш объектинде авария болгон учурда, кыйроонун кесепеттерин жана келтирилген зыяндын көлөмүн азайтууга багытталган иш-чараларын иштеп чыгууну билдирет.

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун декларациясында камтылуучу маалыматтын тизмеси жана аны даярдоо тартиби өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан аныкталат.

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун декларациясы коркунучтуу өндүрүш объектин курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата долбоордук документтердин курамында иштелип чыгат.

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун декларациясы анда камтылган маалыматтар же өнөр жай коопсуздугунун талаптары өзгөргөн учурда такталат же кайрадан иштелип чыгат.

Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун декларациясы коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.

Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюмдун жетекчиси өнөр жай коопсуздугунун декларациясындагы маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата иштеп жаткан коркунучтуу өндүрүш объекттери үчүн өнөр жай коопсуздугунун декларациясы өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан белгиленген мөөнөттө иштелип чыгат.

Өнөр жай коопсуздугунун декларациясы мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга жана жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилет.

21-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланууда келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин милдеттүү түрдө камсыздандырылышы

Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюм авария же кырсык болгон учурда башка адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө, материалдык байлыктарга зыян келтирилгенде жана коркунучтуу өндүрүш объектинде иштеген кызматчылардын кырсыкка дуушар болгон учурларындагы зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандырууга милдеттүү.

Коркунучтуу өндүрүш объектин пайдаланган уюмдун авариядан же кырсыктан улам калкка, айлана-чөйрөгө жана материалдык байлыктарга келтирилиши мүмкүн болгон залал үчүн жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздашынын тартиби жана жол-жобосу өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып, камсыздандыруу уюму тарабынан аныкталат. Авария болгон учурлардан коркунучтуу өндүрүш объекттеринде иштеген кызматкерлерди камсыздандыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

Коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги кырсыктардын натыйжасында калкка, айлана-чөйрөгө жана материалдык байлыктарга келтирилиши мүмкүн болгон залал үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу учурундагы камсыздандыруу суммасынын өлчөмү тобокелдин даражасына жана коркунучтуу өндүрүш объекттериндеги өндүрүштүк иштин көлөмүнө жараша коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган уюм менен бирдикте камсыздандыруу уюмдары тарабынан аныкталат.

Камсыздандыруу салымдарынын төлөнүшү уюмдарды авариянын натыйжасында келтирилген залал үчүн юридикалык жана жеке жактардын алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилигинен бошотпойт.

22-статья. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл

Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде коркунучтуу өндүрүш объекттерин пайдаланган уюмдардын өнөр жай коопсуздугунун талаптарын кандай аткаргандыгын текшерүү максатында уюштурулат жана ишке ашырылат.

Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл көзөмөлдөнүүчү уюмдарга көз карандысыз жана өз алдынчалуулуктун негизинде ишке ашырылат.

Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу аткаруучу мамлекеттик бийликтин органы жүзөгө ашырат.

Коркунучтуу өндүрүш объекттерин текшерүүгө укуктуу өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлик органынын кызмат адамдары - өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспектор болуп саналат. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси - өнөр жай коопсуздугу боюнча башкы мамлекеттик икспектор болуп саналат. Өнөр жай коопсуздугу боюнча башкы мамлекеттик инспектордун жана мамлекеттик инспекторлордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III Бөлүм
Корутунду жоболор

 

23-статья. Өнөр жай коопсуздугу жаатында мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү болгон юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилигин тартышат.

24-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Өзүнүн ченемдик укуктук актыларын 6 айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А. Акаев