КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №12
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87, 2013-жылдын 5-мартындагы № 110, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 16-ноябры № 769, 2016-жылдын 4-июлундагы № 374, 2017-жылдын 14-июлундагы № 432, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 5- апрелиндеги № 186 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык жана аткаруу бийлиги органдарын реформалоону жүргүзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын:
а) мамлекеттик агенттиктер:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-июлундагы № 374 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-июлундагы № 374 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик;
б) мамлекеттик кызматтар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы;
в) фонддор:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;
г) инспекциялар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87, 2013-жылдын 5-мартындагы № 110, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 16-ноябры № 769, 2016-жылдын 4-июлундагы № 374 , 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинде аткаруу бийлигинин башка органдары иштешет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин:
а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы N 110 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги;
- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси;
- "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси;
б) жалпыга маалымдоо каражаттары:
- "Кыргыз Туусу" басма үйү;
- "Слово Кыргызстана" басма үйү;
- "Эркин Тоо" гезити;
- "Жеткинчек" гезити;
- "Кырчын" журналынын редакциясы;
- "Байчечекей" журналынын редакциясы;
- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы N 110, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 5- апрелиндеги № 186 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |