Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 7-августу № 553

Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды жактыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук доклад тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды үч жылда бир жолку мезгилдүүлүк менен, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлуна карата мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө такай жасалуучу улуттук докладды даярдоо үчүн материалдарды беришсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө
УЛУТТУК ДОКЛАДЫ

 

Кыскартуулардын тизмеси

 

АӨБ Азия өнүктүрүү банкы

КР УИАнын БТИ Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы-

нын Биология-топурак таануу институту

ИДП Ички дүң продукт

ЧЕКБА Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү

ЭКБ Энергиянын кайра иштелип чыккан булактары

ДМУ Дүйнөлүк метеорологиялык уюм

ДССУ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

ДСУ Дүйнөлүк соода уюму

ЖОЖ Жогорку окуу жайлар

КЧКТЧМА Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап

турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекет-

тик агенттиги

ГМРМА Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология

жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агент-

тиги

АЧММ МСИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация

министрлигинин Суу чарба жана мелиорация боюнча де-

партаментинин Мамлекеттик суу инспекциясы

ОЭКМД Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай ми-

нистрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин

жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменти

МАМСТ Мамлекеттик стандарт

МБК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекет-

тик бажы кызматы

МЖУП Мамлекеттик жаратылыш улуттук паркы

ГЭС Гидроэлектростанция

ГЭФ (GEF) Глобалдык экологиялык фонд

АЧММ СМД Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация

министрлигинин Суу чарба жана мелиорация боюнча де-

партаменти

ССМ СЭД Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрли-

гинин Санитардык-эпидемиологиялык департаменти

Б-А-Т-Жч Басым-Абал-Таасир-Жооп чаралары

БАЖч Басым-Абал-Жооп чаралары

АЧММ ХӨКД Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация

министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү кор-

гоо департаменти

КЧЕА Курчап турган чөйрө боюнча Европа агенттиги

ЕврАзЭС Евразия экономикалык шериктештиги

ЕК Европа комиссиясы

БУУнун ЕЭК Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык ко-

миссиясы

БЗ Булгоочу заттар

АБИ Атмосфераны булгоо индекси

ЖРББАД Жер ресурстарын башкаруу боюнча Борбордук Азия

өлкөлөрүнүн демилгеси

ЧКК БУУнун чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвен-

циясы

кВт.с Киловатт-саат

АБКИ Атмосфераны булгоонун комплекстүү индекси

ККГЭ Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы

АБКП Атмосфераны булгоонун климаттык потенциалы

КР Кыргыз Республикасы

БМ Бодо мал

Кыргызгидромет Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрли-

гине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттиги

ЖОК Жеңил органикалык кошулмалар

КӨЭӨТ Климаттын өзгөрүшү боюнча эксперттердин өкмөттөр

аралык тобу

ССМ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрли-

ги

АЧММ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация

министрлиги

СЧМКК Суу чарбасынын мамлекеттер аралык координациялык

комиссиясы

ТӨМК Туруктуу өнүгүү боюнча мамлекеттер аралык комиссия-

сы

МП Монреаль протоколу

ЖӨБ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

ЖКЭС Жаратылышты коргоонун эл аралык союзу

АКЭФ Аралды коргоонун эл аралык фонду

ТӨМ Таза өнүгүү механизми

КР ЭӨМ Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай ми-

нистрлиги

КР ӨКМ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрли-

ги

КР УИА Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

МэЖОК Метан эмес жеңил органикалык кошулмалар

КР УСК Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

КЭУ Коммерциялык эмес уюмдар

ААК Ачык акционердик коом

ОБСЕ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм

КЧТБ Курчап турган чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү

БУУ Бириккен Улуттар Уюму

ӨКЖА Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары

ОБЗ Озон бузуучу заттар

ОБЫ Озон бузуу ыкмалары

ЭИНБ Экологиялык иштин натыйжалуулугуна баяндама

ЭКӨУ Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму

ПГ Парник газдары

КЖЧ Концентрациянын жол берилген чеги

К.о.с. ЖЧ Концентрациянын орточо суткалык жол берилген чеги

ББП Атмосфера абасынын булганышына байкоо жүргүзүү

пункту

ПРООН БУУнун өнүктүрүү программасы

МКТ Министрлер Советинин токтому

БУУнун КӨАК Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун алкактык конвен-

циясы

ЖКТЧӨРФ Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү

боюнча республикалык фонд

ЖМК Жалпыга маалымдоо каражаттары

КМШ Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештиги

ТОБ Туруктуу органикалык булгагычтар

ӨӨС Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы

КТК Катуу тиричилик калдыктары

Ш.о.т Шарттуу отундун тоннасы

М.Э.т Мунай эквивалентинин тоннасы

КБ Катуу бөлүктөр

ОЭК Отун-энергетикалык комплекс

ЖЭБ Жылуулук электр борбору

ФАО БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюму

ХФК Хлорфторкөмүр теги

ЮНЕП БУУнун курчап турган чөйрө боюнча программасы

ЮНЕСКО БУУнун илим, билим берүү жана маданият боюнча уюму

 

Киришүү

 

Кыргызстан - жаратылыш жана антропогендик таасирлерге өзгөчө аялуу болгон тоолуу өлкө, ал рынок экономикасына өтүүнүн өтө татаал мезгилин баштан кечирүүдө. Экономикалык реформа саясатында социалдык аспекттер менен бирге эле экологиялык факторлорду да эске алуу өтө маанилүү.

"XXI кылымдын күн тартибинде"(1) өлкөлөргө жана эл аралык шериктештиктерге карата туруктуу өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу боюнча кайрылуу камтылган. Курчап турган табигый чөйрөгө антропогендик терс таасир тийгизүүнү болтурбоо жана жоюу, адамдын кадимкидей жашоо чөйрөсүн түзүү үчүн биринчи кезекте экологиялык абалга туура, калыс жана өз убагында баа берүү зарыл. Мындай көрсөткүчтөр курчап турган чөйрө маселелерин жана "жашыл" өнүктүрүү саясатын калыптандырууну эсепке алуу менен экологиялык маанилүү негиздүү чечимдерди кабыл алууда бардык деңгээлдерде туруктуу өнүгүү жана түзүмдөргө көмөк көрсөтүү маселелерине көңүл бурдуруу үчүн зарыл.

(1) "XXI кылымга күн тартиби", курчап турган чөйрө жана өнүктүрүү боюнча БУУнун Конференциясында кабыл алынган глобалдык концепциялык документ, Рио-де-Жанейро, 1992-ж.

Экологиялык көрсөткүчтөрдү чогултуу, талдоо жана пайдалануу "жашыл" өнүктүрүү саясатын калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналат. Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана аларды башкаруу экономикалык саясаттын борбордук максаттарынын бири болуп саналат, бул кыйла салыктык жана жөнгө салуучулук кийлигишүүлөргө тиешелүү, адатта алар "жашыл" өнүктүрүү менен эч коошпойт. "Жашыл" өнүктүрүү стратегиясы экономикалык жана экологиялык саясаттын бири-бирин бекемдеген аспекттерде курулат. Анда фактор катары табигый капиталдын бүткүл баалуулугу эске алынат жана жергиликтүү, региондук жана глобалдык татаал босоголор аркылуу эмес, өнүгүүнүн жаңы схемаларына өтүү максатында курчап турган чөйрөгө болгон кысымды жеңилдетүүнүн натыйжалуу жолдоруна басым жасалат.

Экологиялык абалга жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча натыйжалуу ишке баа берүүдө курчап турган чөйрөнүн абалына калыс жана өз убагында жасалган талдоо маалыматтарына ээ болуу өтө маанилүү. Бул маалымат мамлекеттик органдар үчүн да, ошондой эле кеңири коомчулук үчүн да жеткиликтүү болууга тийиш.

Курчап турган чөйрөнүн абалы жөнүндө улуттук докладдар өлкөнүн негизги маалыматтык продукту болуп саналат. Докладдар таянган экологиялык көрсөткүчтөр курчап турган чөйрөнүн абалына баа берүүнүн, экологиялык отчет берүүнүн жана жаратылышты коргоо саясатын калыптандыруунун негизги каражаты болуп саналат. Туруктуу докладдарды даярдоо процесси экологиялык маалыматтарды чогултууну өркүндөтүүгө, экологиялык отчеттуулукту андан ары жакшыртууга жана экологиялык статистикалык маалыматтардын башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырылышын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө алып келет.

"Европа үчүн курчап турган чөйрө" деген алтынчы Конференцияда (Белград, 2007-жылдын 10-12-октябры) ВЕКЦА өлкөлөрүнүн курчап турган чөйрөнү коргоо министрлери тарабынан экологиялык саясат боюнча БУУнун ЕЭК Комитетинин Курчап турган чөйрөгө мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча жумушчу топ даярдаган "Экологиялык көрсөткүчтөргө негизделген курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча баа берүү докладдарын даярдоо боюнча колдонмо" (мындан ары - БУУнун ЕЭК колдонмосу) жактырылган.

Колдонмо курчап турган чөйрө боюнча жалпы европалык баа берүү докладдарында, анын ичинде курчап турган чөйрө боюнча Европа агенттиги (КЧЕА) тарабынан пайдаланылган КК-Б-А-Т-Ж (кыймылдаткыч күчтөр - басым - абал - таасир - жооп кылуу) кеңири таркаган талдоо схемасы колдонулган мамилени жолдойт.

 

Кыймылдаткын күчтөр - Басым-Абал - Таасир - Жооп кылуу талдоо

схемасы:

 

Кыймылдаткыч күчтөр - бул курчап турган чөйрөгө күч келтирүүнү оорлоткон же жеңилдеткен социалдык-экономикалык факторлор жана ишмердиктин түрлөрү.

Басым булгоочу заттардын чыгындылары же калдыктары жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу аркылуу курчап турган чөйрөгө жасалып жаткан түздөн-түз антропогендик басымды билдирет.

Абал учурдагы абалга жана курчап турган чөйрөнүн өзгөрүү тенденциясына, анын ичинде абанын, суу объекттеринин жана кыртыштын сапатынын параметрлерине; конкреттүү географиялык райондордогу түрлөрдүн көп түрдүүлүгүнө; жана токой же ичилүүчү таза суу сыяктуу жаратылыш ресурстарынын болушуна тиешелүү.

Таасир адамдын жана башка организмдердин ден соолугу үчүн курчап турган чөйрөнүн өзгөрүшүнүн залалдарын, ошондой эле жаратылыш жана биоартүрдүүлүк үчүн залалдарды билдирет.

Жооп кылуу экологиялык маселелерди чечүүгө багытталган ачык-айкын аракетти билдирет.

Булак: Курчап турган чөйрө боюнча Европа агенттиги.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо"(2) жана "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү"(3) программасын жүзөгө ашыруунун чегинде 2006-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилди камтыган "Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук доклад" (мындан ары - Улуттук доклад) иштелип чыккан.

(2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен бекитилген

(3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 239 токтому менен бекитилген

Улуттук докладды даярдоонун чегинде БУУнун ЕЭКинин колдонмосуна ылайык экологиялык 36 көрсөткүч жана тогуз багыт: атмосфера абасынын булганышы жана озон катмарынын бузулушу, климаттын өзгөрүшү, суу ресурстары, биоартүрдүүлүк, жер ресурстары, айыл чарбасы, энергетика, транспорт, калдыктар боюнча азыркы кырдаалга талдоо жасалган.

Колдо бар маалыматтарды толук талдоо үчүн бул ишке Улуттук статистика комитети жана компетенциясына курчап турган чөйрө жагында маалыматтарды чогултуу жана талдоо кирген бардык таламдаш министрликтер, ведомстволор жана уюмдар тартылган.

Улуттук статистика комитетинен, министрликтерден, ведомстволордон алынган расмий маалыматтардын негизинде улуттук эксперттер тарабынан Улуттук докладдын бөлүмдөрү даярдалган, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, тартылган министрликтердин, ведомстволордун, УИА, жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жети жолу тематикалык тегерек столдо талкууланган.

Улуттук докладды даярдоого, которууга жана басып чыгарууга ПРООН/ЮНЕПтин "Кедейлик жана курчап турган чөйрө" демилгеси колдоо көрсөттү.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды иштеп чыгууда берген маалыматтары жана активдүү катышканы үчүн министрликтерге, ведомстволорго ыраазычылык билдирет жана мындан ары үзүрлүү кызматташууга ниеттенет.

 

Жалпы маалымат

 

Кыргыз Республикасы - бул түндүк кеңдиктин 39 град. жана 43 град. менен чыгыш узундуктун 69 град. - 80 град. ортосундагы Тянь-Шань жана Памир-Алай бийик тоо кыркаларында Евроазия материгинин борборунда жайгашкан көп улуттуу эгемен мамлекет.

Кыргыз Республикасынын чек араларынын жалпы узундугу - 4508 км. КР үч тараптан: түндүк, батыш жана түштүктөн Казакстан Республикасы (1113 км), Өзбекстан Республикасы (1374 км), Тажикстан Республикасы (972 км), ал эми чыгыш жана түштүк-чыгыштан Кытай Эл Республикасы (1049 км) менен чектешет.

 

1-сүрөт. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык картасы

 

Кыргыз Республикасы 7 облустан (1-сүрөт), 40 райондон, 25 шаардан, 28 шаарчадан жана 440 айылдык аймактардан турат.

Кыргыз Республикасынын аймагы 199,9 миң чарчы км. Аймагынын дээрлик 90% деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан. Тоонун эң бийик жери - Жеңиш чокусу (7439 м).

Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2011-жылдын 1-январына карата 5 млн. 478 миң адамды түздү. Алардын ичинен 49,4% - эркектер, жана 50,6% аялдар. Калктын үчтөн бири (34%) шаарларда жана үчтөн экиси (66%) айыл жеринде жашайт. Калктын орточо жыштыгы бир чарчы километрге 27 адамды түзөт. Чүй облусу менен мамлекеттин борбору - Бишкек шаары калк өтө жыш жашаган регион болуп саналат - ал жерде калктын дээрлик үчтөн бири (859,8 миң адам, бир чарчы километрге 80 кишиден ашык) жашайт. Республиканын бүткүл аймагында 100дөн ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Өтө катаал экстремалдык жаратылыш шарты жана тоо экосистемасынын өтө аялуулугу Кыргызстандын өзгөчөлүгү болуп саналат. Рельефинин өтө бөлүндүүлүгүнүн басымдуулук кылышы конуштар жайгашкан тоо этектеринде, түздүктө жана өрөөндөрдө жашоонун өзгөчө шарттарын пайда кылат. Биоклиматтык райондоштурууга ылайык 4 млн. адам (79%) жашоо тиричилик үчүн ыңгайлуу зонада (17%) жашайт. 1 млн. адам (19%) 1500 метрден 2200 метрге чейинки салыштырмалуу же компенсациялык ыңгайлуулук деп аталган аймакта жашайт. Калктын калган 2%ы 2200 метрден жогору бийиктикте компенсацияланбаган биоклиматтык ыңгайлуулук шартында жашайт.

Өндүрүштүк ыкма боюнча эсептелген ички дүң продукциянын көлөмү 2011-жылы алдын ала эсептегенде 273107,8 млн. сомду түзгөн жана 2010-жылы салыштырмалуу 5,7%га жогорулаган. 2010-жылы ички дүң продукциянын көлөмү калк башына 922,6 АКШ долларын түзсө, 2011-жылы ал көрсөткүч 1130,7 АКШ долларын түзгөн.

 

1. Атмосфера абасынын булганышы жана озон катмарынын бузулушу

 

Кыргыз Республикасында атмосфера абасынын булганышынын негизги булагы болуп өнөр жайынын энергетика, кен казып алуу жана кайра иштетүү тармактары, курулуш материалдары, коммуналдык чарба, жеке сектор, ошондой эле автомобиль транспорту сыяктуу кыймылдуу булгагыч булактар эсептелет.

Булганган заттардын атмосфера абасына чыгышы негизинен курчап турган чөйрөгө кыйла көп таасир тийгизген тармактардын экономикалык абалына байланыштуу болот. Андан тышкары Кыргызстанда жаратылыш газынын запастарынын жоктугу, ошондой эле электр энергиясындагы үзгүлтүктөр көптөгөн жеке үйлөрдү калориясы төмөн, бирок көп күл чыгарган колдо бар жергиликтүү катуу отунду пайдалануусуна кайтып келүүгө аргасыз кылды.

Атмосфера абасына ар кандай зыяндуу заттардын кыйла саны чыгат. Бардык жерде абага чаң, күкүрттүн эки кычкылы, кычкыл жана азоттун эки кычкылы, көмүртектин эки кычкылы сыяктуу заттар чыгат, көп өлкөлөрдө аларды классикалык булгагычтар деп атап калышкан. Атмосфера абасына айрым өндүрүштөр жана транспорттун бардык түрлөрү өзгөчөлүү деп аталган кошумча булгагыч заттарды чыгарышат. Калктын ден соолугуна таасир тийгизүү көз карашынан алганда негизги өзгөчөлүү булгагыч заттарга формальдегид, бенз(а)пирен жана оор металлдар, анын ичинде коргошундун уулуу тузу, ошондой эле катуу бөлүкчөлөр кирет.

Соңку жылдары табигый чөйрөгө чыгуулардын түзүмү олуттуу өзгөрдү. Атмосфера абасынын булгануу деңгээлине кыйла салымды саны тездик менен өсүп жаткан автотранспорттон чыккандар кошот, ал республиканын шаарлары үчүн мүнөздүү.

 

Атмосфера абасына булгагыч заттардын чыгышы

 

Атмосфера абасынын булганышынын жогорулашы адамдын ден соолугуна жана экосистеманын туруктуулугуна терс таасир тийгизип, ошондой эле техникалык инфраструктура элементтеринин дат басышын жогорулатат. Бул калктын саламаттык сактоого чыгымдарынын көбөйүшүнө, экосистеманын жоголушуна жана инфраструктура объекттерин күтүүгө экономикалык кошумча чыгымдарды талап кылат. Бул көрсөткүч айрым секторлордун, атап айтканда: энергетиканын, транспорттун, өнөр жайдын, айыл чарбасынын жана калдыктар менен иштөөнүн курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул көрсөткүч стационардык булактардан чыккандардан жана көчмө булактардан чыккандардан түзүлөт. Кыргыз Республикасында стационардык булактардан чыккандар боюнча көрсөткүчтү Улуттук статистика комитети түзөт, ал чарбач субъекттердин жана башка иштерден атмосфера абасын булгагыч заттардын чыгышынын булактары жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды чогултат. Көчмө булактардан чыккандар КӨЭӨТнын методологиясы менен эсептелген(4).

(4) Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу, www.ipcc.ch

 

Стационардык булактардан булгагыч заттардын чыгышы

 

Соңку беш жылда республика боюнча чыгуулардын жалпы түзүмү жарым-жартылай өзгөрдү. Стационардык булактардан чыккан булгагыч заттардын ичинен катуу бөлүктөр, күкүрттүн эки кычкылы, кычкыл, азоттун эки кычкылы жана көмүртектер басымдуулук кылат.

Стационардык булактардан булгагыч заттардын чыгышы ишканалардын топтору боюнча тенденцияны көрсөтүп турат, аны УСК жүргүзөт, бирок ал маалыматтар статистикалык отчетто камтылган эмес (жеке сектор, айыл чарбасы ж.б.).

Катуу жана газ түрүндөгү заттардын атмосфера абасына дүң чыгышы 2011-жылы дээрлик тең бөлүнгөн.

 

1.1-сүрөт. 2011-жылы Кыргыз Республикасында стационардык

булактардан булгагыч заттардын чыгышынын түзүмү

 

Газ түрүндөгү заттардын чыгышында күкүрттүн эки кычкылы - 46%. Көмүртектин кычкылынын жана азот кычкылынын чыгышы тийиштүү түрдө 26% жана 16% түздү. Өзгөчөлүү заттардын чыгышынын ичинен негизги орунду көмүр суу тек (ЖОКсуз) 10%га жакынды түзөт.

Булгагыч заттардын чыгышынын негизги көлөмү жылуулук энергетика ишканалары (66,7%), кайра иштетүү (26,6%) жана кен казып алуу өнөр жайы (6,1%) менен байланышкан. Алар жалпысынан атмосферага булгагыч заттардын жалпы көлөмүнүн 94,4% жакынын чыгарган.

 

1.2-сүрөт. Экономикалык иштин түрлөрү боюнча булгагыч заттардын

чыгышынын түзүмү

 

2006-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде стационардык булактардан атмосфера абасына булгагыч заттардын чыгышынын жалпы саны көбөйдү. Бирок, 2010-жылы чыгуулардын жалпы массасы 2009-жылга салыштырганда 21%га төмөндөгөн, бул кен казып алуу өнөр жайы, мунайзат чыгаруу, тамак-аш азыктарын чыгаруу, тери иштетүү жана териден буюмдарды чыгаруу, жыгач иштетүү сыяктуу экономиканын айрым секторлорунда өндүрүштүн төмөндөшү менен байланышкан. 2011-жылы булгагыч заттардын чыгышы 2010-жыл менен салыштырганда 1,2 эсе көбөйгөн.

Чыгып жаткан булгагыч заттардын жалпы көлөмүнүн ичинен 93%ы тазалоо курулуштарына келет, алардын ичинен 96%ы тазаланат. Булгагыч заттардын 7%га жакыны тазаланбай чыгат. Негизинен буга суюк жана газ түрүндөгү заттар кирет.

2011-жылы республиканын ишканалары тарабынан бардык стационардык булактардан чыккан булгагыч заттардын жалпы көлөмүнүн ичинен 92%ы тосулган жана зыянсыздандырылган (1.1-таблица).

 

1.1-таблица

 

Булгагыч заттардын атмосферага чыгышы, миң тонна

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│     Булгагыч заттардын    │2006- │2007- │2008- │2009- │2010- │2011- │

│    атмосферага чыгышы,    │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │

│         миң тонна         │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Булгагыч заттарды (БЗ)     │ 181  │ 170  │ 175  │ 162  │ 163  │ 167  │

│камтыган ишканалардын саны │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Булгагыч заттарды (БЗ)     │3196  │3169  │3060  │3015  │2910  │2997  │

│чыгарган ишканалардын саны │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бардык стационардык        │ 463,8│ 476,8│ 526,3│ 473,6│ 469,0│ 473,9│

│булактардан чыккан БЗ саны,│      │      │      │      │      │      │

│миң тонна, анын ичинде:    │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Тазаланбастан чыкканы      │  17,7│  19,2│  17,8│  94,2│  23,6│  26,5│

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Тазалоо курулуштарына      │ 446,0│ 457,6│ 508,5│ 379,4│ 445,4│ 447,4│

│келгени                    │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Анын ичинен тосулган       │ 427,7│ 438,9│ 486,6│ 355,4│ 438,3│ 437,6│

│(зыянсыздандырылган) БЗ миң│      │      │      │      │      │      │

│тонна:                     │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Жалпы сандан % менен       │  92,2│  92,0│  92,4│  75,1│  92,1│  90,5│

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Анын ичинде утилдештирилген│  60,7│  62,1│  49,8│  32,7│  36,9│  34,2│

│булгагыч заттар % менен    │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Стационардык булактардан   │  36,1│  37,9│  39,7│ 118,2│  30,7│  36,3│

│атмосферага чыккан бардык  │      │      │      │      │      │      │

│БЗ, анын ичинде:           │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Катуу:                     │  18,1│  20,4│  21,2│  23,3│  15,0│  18,1│

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Газ түрүндөгү жана суюк,   │  18,0│  17,5│  18,6│  94,9│  15,7│  18,2│

│анын ичинен:               │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Күкүрт ангидриди (күкүрттүн│   7,9│   7,1│   8,8│   9,7│   7,6│   8,3│

│эки кычкылы)               │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Көмүртек кычкылы           │   4,6│   4,5│   4,1│   3,1│   3,4│   4,7│

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Азоттун кычкылы            │   3,1│   3,2│   3,4│   2,1│   2,5│   3,0│

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Көмүр суутек (ЖОКсуз)      │   1,6│   1,8│   1,5│   1,5│   1,5│   1,6│

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Жеңил органикалык          │   0,4│   0,4│   0,3│   0,3│   0,2│   0,1│

│кошулмалар (ЖОК)           │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Башка газ түрүндөгү жана   │   0,4│   0,5│   0,5│  78,2│   0,5│   0,5│

│суюк заттар                │      │      │      │      │      │      │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: УСК

 

Республиканын аймагы боюнча тосулган жана зыянсыздандырылган булгагыч заттардын кыйла көп саны Чүй облусуна - 64,4% туура келет, Бишкек шаарында 32,7% тосулган. Тосулган жана зыянсыздандырылган булгагыч заттардын кыйла аз саны Баткен облусуна (0,05%) туура келет (1.2-таблица).

 

1.2-таблица

 

2011-жылы аймак боюнча тосулган жана зыянсыздандырылган атмосфераны булгагыч заттар, миң тонна

 

┌─────────────────────────┬───────────────┬───────────────────────────┐

│  Региондордун аталышы   │   Тосулган    │        Анын ичинде        │

│                         │   булгагыч    ├─────────────┬─────────────┤

│                         │    заттар,    │зыянсыздырыл-│утилдештирил-│

│                         │ бардыгы, миң  │    ган      │    ген      │

│                         │     тонна     │             │             │

├─────────────────────────┼───────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Кыргыз Республикасы      │     437,58    │    287,96   │    149,62   │

├─────────────────────────┼───────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Баткен облусу            │       0,22    │      0,22   │             │

├─────────────────────────┼───────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Жалал-Абад облусу        │       0,29    │      0,13   │      0,16   │

├─────────────────────────┼───────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Ысык-Көл облусу          │       3,37    │      3,31   │      0,06   │

├─────────────────────────┼───────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Ош облусу                │       8,19    │      8,19   │      -      │

├─────────────────────────┼───────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Чүй облусу               │     281,98    │    146,0    │    135,98   │

├─────────────────────────┼───────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Бишкек шаары             │     143,18    │    129,83   │     13,35   │

├─────────────────────────┼───────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Ош шаары                 │       0,35    │      0,28   │      0,07   │

└─────────────────────────┴───────────────┴─────────────┴─────────────┘

Булак: УСК

 

Булгагыч заттардын негизги көлөмү Бишкек шаарынын аймагында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында түзүлөт. 2009-жылы республика боюнча атмосферага чыккан булгагыч заттардын жалпы 118,2 миң тоннасынын ичинен 79,4 миң тоннасы Жалал-Абад облусундагы "Кыргызнефтегаз" ААКсына туура келет (1.3-таблица). 2009-жылы Жалал-Абад облусу боюнча бардыгы 79,9 миң тонна чыгарылгандыгы аныкталган, башка жылдарда бул облус боюнча чыгаруулардын жалпы көлөмү 2,5 миң тоннадан ашкан эмес.

 

1.3-таблица

 

Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча стационардык булактардан атмосфера абасына чыккан булгагыч заттардын
бөлүштүрүлүшү, миң тонна

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│   Региондордун аталышы    │2006- │2007- │2008- │2009- │2010- │2011- │

│                           │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Баткен облусу              │ 1,0  │  0,8 │ 0,6  │  0,6 │ 0,3  │ 1,6  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Жалал-Абад облусу          │ 2,2  │  2,2 │ 2,1  │ 79,9 │ 2,5  │ 2,4  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ысык-Көл облусу            │ 3,1  │  2,8 │ 2,6  │  2,6 │ 3,0  │ 3,5  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Нарын облусу               │ 0,04 │  0,04│ 0,04 │  0,04│ 0,04 │ 0,03 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош облусу                  │ 0,3  │  0,16│ 0,15 │  0,12│ 0,09 │ 0,99 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Талас облусу               │ 0,2  │  0,2 │ 0,2  │  0,13│ 0,15 │ 0,16 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Чүй облусу                 │12,3  │ 13,3 │11,5  │  8,5 │ 9,4  │ 9,3  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек шаары               │16,4  │ 17,8 │21,9  │ 25,6 │14,4  │17,0  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош шаары                   │ 0,6  │  0,7 │ 0,6  │  0,7 │ 0,9  │ 1,3  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бардыгы: Кыргыз            │36,1  │ 37,9 │39,7  │118,2 │30,7  │36,3  │

│Республикасы               │      │      │      │      │      │      │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: УСК

 

2006-2011-жылдары стационардык булактардан булгагыч заттардын кыйла көп чыгышы Бишкек шаарында болгон жана ал республика боюнча жалпы чыгуулардын 45-47%ын түзөт. 2011-жылы алар 2006-жыл менен салыштырганда 3,5%га жана 2010-жыл менен салыштырганда 15%га көбөйгөн. Башка шаарлар боюнча да стационардык булактардан булгагыч заттардын катталган чыгышынын кыскарышы байкалган.

Ошондой эле Каракол жана Ош шаарлары боюнча стационардык булактардан жалпы катталуусунун жогорулоосу байкалууда. Бирок Кант жана Кара-Балта шаарларында абаны булгагыч заттардын катталган чыгышы кыскарган (1.4-таблица).

 

1.4-таблица

 

Айрым шаарларда стационардык булактардан атмосфералык абаны булгагыч заттардын чыгышы, миң тонна

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │2006- │2007- │2008- │2009- │2010- │2011- │

│                           │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │ 16,4 │ 17,8 │ 21,9 │ 25,62│ 14,4 │ 17,0 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кант                       │  5,9 │  6,0 │  5,3 │  2,81│  3,8 │  3,3 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кара-Балта                 │  4,1 │  5,1 │  4,3 │  4,3 │  3,9 │  3,9 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Каракол                    │  1,3 │  0,9 │  0,9 │  1,27│  1,2 │  1,6 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош                         │  0,6 │  0,3 │  0,6 │  0,75│  0,9 │  1,3 │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: УСК

 

2011-жылы Бишкек, Кара-Балта, Кант шаарларында булгагыч заттардын абага кыйла көп чыгышы байкалган (1.5-таблица).

 

1.5-таблица

 

2011-жылы айрым шаарларда стационардык булактардан булгагыч заттардын чыгышы

 

┌───────────────┬─────────┬───────────────────────────────────────────┐

│      Шаар     │Бардыгы, │               анын ичинде                 │

│               │миң тонна├───────┬───────┬───────────────────────────┤

│               │         │ катуу │  газ  │           андан           │

│               │         │       │түрүндө├─────────┬────────┬────────┤

│               │         │       │ жана  │ күкүрт  │ окислы │көмүртек│

│               │         │       │ суюк  │ангидриди│ азота  │кычкылы │

├───────────────┼─────────┼───────┼───────┼─────────┼────────┼────────┤

│Бишкек         │  17,0   │  8,8  │  8,2  │   6,0   │  1,8   │  0,4   │

├───────────────┼─────────┼───────┼───────┼─────────┼────────┼────────┤

│Кант           │   3,3   │  1,8  │  1,5  │   0,3   │  0,2   │  0,9   │

├───────────────┼─────────┼───────┼───────┼─────────┼────────┼────────┤

│Кара-Балта     │   3,9   │  2,8  │  1,1  │   0,5   │  0,1   │  0,4   │

├───────────────┼─────────┼───────┼───────┼─────────┼────────┼────────┤

│Каракол        │   1,6   │  1,1  │  0,5  │   0,4   │  0,02  │  0,13  │

├───────────────┼─────────┼───────┼───────┼─────────┼────────┼────────┤

│Ош             │   1,3   │  0,4  │  0,9  │   0,5   │  0,1   │  0,3   │

└───────────────┴─────────┴───────┴───────┴─────────┴────────┴────────┘

Булак: УСК

 

Республиканын аймагынын бирдигине эсептегенде катуу бөлүктөр менен күкүрт ангидридинин (күкүрт эки кычкылынын) чыгышы 2010-жылы көбөйгөн, андан кийин ал азая баштаган. Катуу бөлүктөр үчүн бул көрсөткүч 16,7%га, күкүрт эки кычкылы - 2,6%га кыскарган. Көмүртек кычкылы менен азот кычкылынын чыгуулары 2006-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде тийиштүү түрдө 26,1% жана 20,0%га төмөндөгөн. 2011-жылы булгагыч заттардын бүткүл чыгуулары боюнча айрым өсүүлөрү байкалууда (1.6-таблица).

 

1.6-таблица

 

1 кв.км эсеп кылганда стационардык булактардан булгагыч заттардын атмосфера абасына чыгышы, килограмм

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│       Булгагыч заттар     │2006- │2007- │2008- │2009- │2010- │2011- │

│                           │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Катуу бөлүктөр             │  90  │ 102  │ 106  │ 117  │  75  │   91 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Күкүрт ангидриди (күкүрт   │  39  │  36  │  44  │  48  │  38  │   42 │

│эки кычкылы)               │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Көмүртек кычкылы           │  23  │  23  │  20  │  15  │  17  │   23 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Азот кычкылы               │  15  │  16  │  17  │  10  │  12  │   15 │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: УСК

 

Катуу бөлүктөрдүн чыгышынын максималдуу жыштыгы республика боюнча - 117 кг/кв. км, күкүрт эки кычкылы - 48 кг/кв. км 2009-жылы, көмүртек кычкылы - 23 кг/кв. км 2006-2007, 2011-жылдарда, азот кычкылы - 17 кг/кв. км 2008-жылы байкалган.

2006-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде стационардык булактардан катталган булгагыч заттардын атмосфера абасына чыгышы катуу бөлүктөр үчүн 5,7%га, көмүртек кычкылы үчүн 11,1%га, азот кычкылы үчүн 16,7%га кыскарган, ал эми күкүрт ангидриди (күкүрт эки кычкылы) үчүн көрсөткүч өзгөргөн эмес (1.7-таблица).

 

1.7-таблица

 

Бир кишиге эсептегенде стационардык булактардан булгагыч заттардын атмосфера абасына чыгышы, килограмм

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│       Булгагыч заттар     │2006- │2007- │2008- │2009- │2010- │2011- │

│                           │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Катуу бөлүктөр             │  3,5 │ 3,9  │  4,0 │ 4,5  │  2,9 │  3,3 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Күкүрт ангидриди (күкүрт   │  1,5 │ 1,4  │  1,7 │ 1,9  │  1,5 │  1,5 │

│эки кычкылы)               │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Көмүртек кычкылы           │  0,9 │ 0,9  │  0,8 │ 0,6  │  0,7 │  0,8 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Азот кычкылы               │  0,6 │ 0,6  │  0,6 │ 0,4  │  0,5 │  0,5 │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: УСК

 

Негизги булгагыч заттардын эң эле көп чыгышы Бишкек шаарына мүнөздүү. 2011-жылы шаардын бир тургунуна эсеп кылганда булгагыч заттар 19,5 кг туура келет, Чүй облусунун тургундарына - 11,3 кг, Ысык-Көл облусунун тургундарына - 7,9 кг. Нарындын тургундарына булгагыч заттардын минималдуу саны 0,1 кг туура келет. Стационардык булактардан максималдуу чыгышы 2009-жылы белгиленген жана Бишкек шаарынын бир тургунуна 29,4 кг/киши туура келген (1.8-таблица).

 

1.8-таблица

 

Аймактар боюнча бир кишиге эсеп кылганда стационардык булактардан булгагыч заттардын атмосфера абасына чыгышы, килограмм

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│   Региондордун аталышы    │2006- │2007- │2008- │2009- │2010- │2011- │

│                           │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │ жыл  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кыргыз Республикасы        │  7,0 │ 7,2  │  7,5 │ 23,0 │ 5,9  │  6,5 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Баткен облусу              │  2,4 │ 1,9  │  1,4 │  1,3 │ 0,8  │  3,5 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Жалал-Абад облусу          │  2,3 │ 2,2  │  2,1 │ 84,7 │ 2,6  │  2,3 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ысык-Көл облусу            │  7,2 │ 6,5  │  6,0 │  6,1 │ 7,0  │  7,9 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Нарын облусу               │  0,1 │ 0,1  │  0,1 │  0,2 │ 0,1  │  0,1 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош облусу                  │  0,2 │ 0,2  │  0,1 │  0,1 │ 0,1  │  0,9 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Талас облусу               │  0,9 │ 0,9  │  0,9 │  0,4 │ 0,7  │  0,7 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Чүй облусу                 │ 16,3 │15,9  │ 15,1 │ 10,7 │11,7  │ 11,3 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек ш.                  │ 19,8 │21,3  │ 25,9 │ 29,4 │16,3  │ 19,5 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош ш.                      │  2,4 │ 2,7  │  2,4 │  3,1 │ 3,9  │  5,0 │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

 

Эскертүү: 2009-жылы Жалал-Абад облусу боюнча "Кыргызнефтегаз" ААКсынан булгагыч заттардын чыгышы - 79,4 миң тоннаны түздү.

Булак: УСК

 

Көчмө булактардан атмосфера абасына булгагыч заттардын чыгышы

 

Көчмө булактардан булгагыч заттардын чыгышы КӨЭӨТтүн(5) жетекчилик көрсөтмөлөрүнө ылайык эсептелген. Эсептөө үчүн 2006-2010-жылдар үчүн "транспорттун иштеши (анын ичинде калкка берүү)" жана "коммуналдык жана маданий-тиричилик жана башка муктаждыктарга" беренелери боюнча бензин жана дизель отунун керектөө боюнча УСКнын маалыматтары негиз катары кызмат кылды.

(5) Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу, www.ipcc.сh

Эсептөөнүн натыйжасында мыйзамсыз ташылып келген отундун көлөмү, ошондой эле бензиндин октандык санын көбөйтүүчү синтетикалык кошулмаларды кошуу менен республиканын аймагына чыгарылган отун эсепке алынган эмес. Метан эмес жеңил органикалык кошулмалардын чыгышын эсептөөдө, пайдалануу процессинде отундун күйүшүндө жана бууланышында чыкканы бириктирип кошулган.

Эксперттик баа берүү боюнча негизги булгагыч заттардын 80%дан ашыгы атмосфера абасына көчмө булактардан чыгат. 2010-жылы эң көп чыгуулардын саны көмүртек кычкылына (75,9%), метан эмес учуучу органикалык кошулмаларга (14,3%), азот кычкылына (8,4%) жана күкүрт кычкылына (1,4%) туура келет. Каралып жаткан мезгил ичинде көчмө булактардан негизги булгагыч заттардын чыгышынын кыйла өскөндүгү менен мүнөздөлөт (1.9-таблица).

 

1.9-таблица

 

Автотранспорт отунун керектөөдөн атмосфера абасына булгагыч заттардын чыгышы, миң тонна

 

┌────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐

│    Булгагыч заттар     │2006-жыл│2007-жыл│2008-жыл│2009-жыл│2010-жыл│

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Азот кычкылы            │  10,85 │  16,40 │  18,57 │  22,45 │  19,67 │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Көмүртек кычкылы        │ 111,11 │ 164,43 │ 184,74 │ 208,86 │ 178,37 │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Метан эмес жеңил        │  20,89 │  30,92 │  34,74 │  39,30 │  33,57 │

│органикалык кошулмалар  │        │        │        │        │        │

│(МэЖОК)                 │        │        │        │        │        │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Күкүрт кычкылы          │   1,56 │   2,41 │   2,75 │   3,56 │   3,20 │

└────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘

Булак: Эксперттик эсептер.

 

2006-жылдан 2010-жылга чейин азот кычкылынын атмосфера абасына чыгышы 1,8 эсе, көмүртек кычкылы - 1,6 эсе, МэЖОК - 1,6 эсе, күкүрт кычкылы- 2,1 эсе көбөйгөн.

 

Шаардык калктуу конуштардагы атмосфера абасынын сапаты

 

Атмосфера абасынын, өзгөчө калктуу конуштардагы сапатынын факторун эсепке алуу социалдык-экономикалык саясатты калыптандыруу үчүн маанилүү элемент болуп саналат. Ал атмосфера абасынын сапатынын, ошондой эле адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөргө жана материалдарга ар түрдүү терс таасир тийгизген атмосфера абасынын төмөнкү катмарында булгагыч заттардын өтө көп топтолушунан улам терс таасир тийгизүү көз карашынан улам курчап турган чөйрөнүн абалына баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

КБ10 жана КБ2,5 концентрациясы катары өлчөнгөн катуу бөлүктөрдүн жерге жакын атмосфера катмарына, ошондой эле бир катар оор металлдардын жана ТОБдун таасири атмосфера абасын булганышы менен шартталган адамдын ден соолугу үчүн кыйла олуттуу тобокелдиктер болуп саналат. КБ10 жана КБ2,5 өтө көп концентрациясын абага анча көп эмес убакыттын ичинде чыгарууда өтө айкын көрүнгөн астма ооруларын, дем алуу жолдорунун ооруларын, өпкөнүн турмуштук көлөмүн кыскартууну жана башка олуттуу оорулардын коркунучтуулугун көбөйтүүнү пайда кылат. Андан тышкары, көмүртек кычкылынын (СО), күкүрт кычкылынын (SO2), азот кычкылынын (№Oх), озондун жана атмосфера абасындагы башка заттардын өтө көп концентрациясынын адамдын организмине терс таасирин көрсөткөн изилдөөлөрдүн маалыматтары бар.

Кыргыз Республикасынын метеорологиялык шарттары жерге жакын жана жерден жогору инверсиялардын улам кайталанышы, тез-тез басаңдап калган шамалдын орточо жылдык жана орточо айлык төмөнкү ылдамдыгы, абанын салыштырмалуу нымдуулугу жана жаан-чачындын жылдык суммасы, ультракызгылт радиациянын жогорку чыңалуусу менен мүнөздөлөт.

Региондун климатогеографиялык өзгөчөлүгү булгануунун табигый жана антропогендик булактары менен бирдикте атмосферанын, өзгөчө калк жыш жашаган ири шаардык агломерацияларда, транспорт агымы чоң болгон жана экологиялык зыяндуу өндүрүштөр көп жерлерде атмосферанын булгануу деңгээлинин калыптанышына, ошондой эле ошол аймакта жашаган калктын ден соолугунун абалына таасир тийгизет.

Атмосфера абасынын булганышынын деңгээлине таасир тийгизген атмосфералык кубулуштардын катарына Иран тоо кыркаларынан аба менен Чүй өрөөнүнө келген токой чаңдарынын майда бөлүкчөлөрүнүн орун алышы кирет.

Жалпы метеофакторлор жана алардын сандык катышы боюнча Чүй өрөөнүнүн аймактары, Бишкек жана Ош шаары атмосферанын булганышынын жогорку климаттык потенциалы (АБКП = 3,4-3,6) жана анын өз алдынча тазалануу жөндөмүнүн төмөндүгү менен мүнөздөлөт. Ушуга байланыштуу булгагыч заттардын анча көп эмес чыгышы, өзгөчө кыш мезгилинде абанын булганышынын жогорку деңгээлине алып келиши мүмкүн. Атмосфера абасынын сапатынын жол берилген ченеминен ашкан концентрациянын таасирине дуушар болгон шаар калкынын үлүшү 58,7%ды түзөт.

Мамлекеттик деңгээлде стационардык булактардан чыгууларга мониторингди КЧКТЧМАнын эки бөлүмү жүзөгө ашырат, алар Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында жайгашкан. Ведомстволук мониторинг республиканын 5 ири ишканасында жүргүзүлөт. Атмосфера абасына чыгуулардын бүткүл мониторингине 32 өнөр жай ишканасы камтылган. Чыгууларда өнөр жай объекттеринин тармактарына жараша атмосфера абасын булгаган 18 булгагыч зат аныкталган.

Атмосфера абасынын сапатына мониторинг Кыргыз Республикасынын 5 шаарында жүргүзүлөт, аларда республиканын шаар калкынын болжол менен 64% жашайт, алар: Бишкек, Кара-Балта, Ош, Токмок, Чолпон-Ата. Мониторинг Кыргызгидрометтин ББПларында(6): 14 стационардык пункттарында: Бишкек шаарында - 7, Кара-Балта шаарында - 2, Токмок шаарында - 2, Ош шаарында - 1, Чолпон-Ата шаарында - 2 жерде жүргүзүлөт. Атмосфера абасынын булганышына байкоо жүргүзүү посттору турак жай массивдеринде, булгануунун негизги булактарына жакын жерлерде, шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Ар посттун иштөө программасы өзүнчө, анын жайгашкан жерине, чыгаруу булактарына жакындыгына жана алардын курамына жараша түзүлгөн. Бишкек жана Ош шаарларында атмосфера абасынын булганышына байкоо жүргүзүү толук эмес программа боюнча күнүнө 3 жолудан, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларында кыскартылган программа боюнча 20 минутанын ичинде өзгөрүлмө график боюнча күнүнө 1 жолудан аткарылат.

(6) ББП - Атмосфера абасынын булганышына байкоо жүргүзүү пункту.

Байкоо жүргүзүүнүн комплекстүү лабораториялар менен жабдылган стационардык посттор таптакыр эскирип бүткөн жана мурдагыдай эле кол менен иштетилет.

Кыргыз Республикасында атмосфера абасынын абалына мониторинг жүргүзүү программасы беш гана булгагыч зат: азоттун эки кычкылы, күкүрттүн эки кычкылы, азоттун кычкылы, формальдегид жана аммиак боюнча гана жүргүзүлөт. 1990-жылдан бери чаңды, көмүртек кычкылын, бензопирендин, сульфаттын аралашмаларын, фенолдорду, цианидди жана оор металлдарды өлчөө жүргүзүлбөйт. Адамдын ден соолугу жана курчап турган чөйрө үчүн өтө зыяндуу булгагычтар катары эл аралык шериктештик тарабынан таанылган абанын жерге жакын катмарындагы озондун концентрациясын, катуу бөлүктөрдү, жеңил органикалык кошулмалар жана туруктуу органикалык булгагычтарды (ТОБ) өлчөө жүргүзүлбөйт.

Атмосфера абасынын булгануу деңгээли атмосферанын булганышынын комплекстүү индексинин чоңдугу (АБИ) боюнча бааланат, алар атмосферанын сапатына мониторинг жүргүзүлгөн бардык шаарларда эсептелет. Эгерде жалпы АБИ 14төн ашса атмосферанын булганышы өтө жогору, 14 > АБИ > 7 болгондо - жогору; 7 > АБИ > 5 болгондо - салыштырмалуу жогору; АБИ < 5 болгондо төмөн деп эсептелет. Кыргыз Республикасында АБИ боюнча абанын булгануу деңгээлинин өтө жогору болушу Бишкек шаарында гана байкалат (1.10-таблица).

 

1.10-таблица

 

2006-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын шаарларында атмосферанын булганышынын (АБИ) комплекстүү индекси

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│           Шаар            │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │ 14,8 │ 10,0 │ 16,1 │ 14,7 │ 15,3 │  8,2 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кара-Балта                 │  2,1 │  1,9 │  1,7 │  1,4 │  1,7 │  1,4 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош                         │  0,8 │  1,1 │  1,1 │  1,1 │  1,1 │  1,4 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок                     │  1,3 │  1,3 │  1,4 │  1,7 │  1,6 │  1,5 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Чолпон-Ата                 │  0,5 │  0,5 │  0,5 │  0,5 │  0,3 │  0,5 │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Кыргызгидромет

 

Шаарлардын атмосфера абасында 5 булгагыч зат: күкүрттүн эки кычкылы, азоттун кычкылы жана эки кычкылы, формальдегид жана аммиак аныкталган. Атмосфера абасынын сапатына баа берүүдө орточо суткалык жана бир жолку максималдуу жол берилген концентрация (ЖБК) эске алынат.

 

1.11-таблица

 

Заттар боюнча жол берилген концентрациянын мааниси, кг/куб.м

 

┌────────────────────────────────────┬────────────────────────────────┐

│            Булгагыч заттар         │    ЖБКнын мааниси, кг/куб.м    │

│                                    ├───────────────┬────────────────┤

│                                    │   бир жолку   │     орточо     │

│                                    │  максималдуу  │    суткалык    │

├────────────────────────────────────┴───────────────┴────────────────┤

│                       Негизги булгагыч заттар                       │

├────────────────────────────────────┬───────────────┬────────────────┤

│Күкүрттүн эки кычкылы               │      500      │       50       │

├────────────────────────────────────┼───────────────┼────────────────┤

│Азоттун эки кычкылы                 │       85      │       40       │

├────────────────────────────────────┼───────────────┼────────────────┤

│Азоттун кычкылы                     │      400      │       60       │

├────────────────────────────────────┴───────────────┴────────────────┤

│                      Өзгөчөлүү булгагыч заттар                      │

├────────────────────────────────────┬───────────────┬────────────────┤

│Аммиак                              │      200      │       40       │

├────────────────────────────────────┼───────────────┼────────────────┤

│Формальдегид                        │       35      │        3       │

└────────────────────────────────────┴───────────────┴────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Күкүрттүн эки кычкылы. 2006-жылдан 2011-жылга чейин байкоолордун маалыматтары боюнча абанын күкүрттүн эки кычкылы менен булгануу деңгээли бардык шаарларда жогору эмес. Орточо жылдык жана бир жолку максималдуу концентрация жол берилген ченемдердин чегинен кыйла төмөн. Орточо жылдык концентрация 0,03-0,10 КЖК (1.12-таблица), максималдуу концентрациялар КЖК 0,04-0,33 (1.13-таблица) чегинде өзгөрүп турат. КЖКнын суткалык орточо концентрациясы ашып кеткен күндөр каралган мезгилде байкалган жок.

 

1.12-таблица

 

2006-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын шаарларынын атмосфера абасында күкүрттүн эки кычкылынын орточо жылдык концентрациясы, мкг/куб.м

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │   4  │   4  │   3  │   2  │   2  │   2  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кара-Балта                 │   4  │   4  │   3  │   2  │   2  │   2  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош                         │   4  │   5  │   6  │   5  │   4  │   3  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок                     │   4  │   4  │   3  │   3  │   3  │   2  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Чолпон-Ата                 │   6  │   5  │   5  │   3  │   5  │   5  │

├───────────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│орточо суткалык КЖС        │                   50                    │

└───────────────────────────┴─────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет

 

1.13-таблица

 

2006-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын шаарларынын атмосфера абасында күкүрттүн эки кычкылынын концентрациясынын максималдуу мааниси, мкг/куб.м

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │  60  │  55  │  94  │  39  │  49  │  68  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кара-Балта                 │  62  │  19  │  17  │  23  │  17  │  36  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош                         │  24  │  32  │  30  │  27  │  26  │  19  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок                     │  47  │  24  │  18  │  25  │  34  │  32  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Чолпон-Ата                 │  48  │  44  │  55  │  43  │  14  │  15  │

├───────────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│бир жолку максималдуу КЖС  │                   500                   │

└───────────────────────────┴─────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Азоттун эки кычкылы. 2006-жылдан 2011-жылга чейин байкоолордун маалыматтары боюнча Бишкек шаарында атмосфера абасынын азоттун эки кычкылы менен булгануу деңгээли туруктуу жогору бойдон калды. Шаар боюнча жалпысынан орточо жылдык концентрация КЖС 1,25-1,75, бир жолку максималдуу КЖС 3,6-6,0. Ошого карабастан шаардын аймагы аба бассейнинин бир түрдүү эмес кеңири булганышы менен мүнөздөлөт (1.3-сүрөт).

 

1.3-сүрөт. 2012-жылдын январына карата Бишкек шаарында ББП боюнча азоттун эки кычкылы боюнча байкоонун натыйжалары

 

Булак: Кыргызгидромет.

 

2006-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде шаардын борбордук бөлүгүндөгү негизги автомагистралдар турган райондордо (№ 1 жана № 4 ББП) азоттун эки кычкылынын кыйла көп саны байкалган, ал жерлерде анын орточо жылдык катышы 1,75-3,25 КЖЧ болгон. Максималдуу концентрация 6,0 КЖЧны түзгөн. Шаардын селитеб районунда (№ 5 ББП) абада азоттун эки кычкылынын орточо жылдык концентрациясы 0,5-1,25 КЖЧ, максималдуусу 1,2-1,8 КЖЧни түздү. Бир жылдагы КЖЧ (КЖЧ м.р) максималдуу бир жолкусунан жогору келген аралашманын концентрацияларынын кайталанмасы жалпы шаар боюнча жыл ичинде 16-29%, борбордук райондордо - 32-68%, селитеб райондорунда - 1-8% болгон. Орточо суткалык КЖЧ ашкан күндөрдүн саны 276 менен 295 ортосунда өзгөрүп турат (1.16-таблица).

Калган шаарларда аба бассейнинин булганышынын деңгээли анча жогору эмес. Көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде азоттун эки кычкылынын орточо катышы 0,5-1,5 КЖЧ, максималдуусу 0,9-3,9 КЖЧ. Кара-Балта шаарында бир жолку максималдуу КЖЧнын ашып кетишинин кайталанышы 6 жылдын ичинде 7%ды, Ош шаарында 6%, Токмок шаарында 4% болгон. Чолпон-Ата шаарында КЖЧнын ашып кетиши байкалган эмес. Ош шаарында орточо суткалык КЖЧнын ашып кетиши 53-137 түзгөн.

 

1.14-таблица

 

2006-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын шаарларында атмосфера абасында азот эки кычкылынын орточо жылдык концентрациясы, мкг/куб.м

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │  60  │  50  │  60  │  60  │  60  │  50  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кара-Балта                 │  40  │  40  │  40  │  30  │  40  │  30  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ош                         │  30  │  40  │  40  │  40  │  40  │  50  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок                     │  30  │  30  │  40  │  40  │  30  │  40  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Чолпон-Ата                 │  20  │  20  │  20  │  20  │  10  │  20  │

├───────────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│орточо суткалык КЖС        │                   40                    │

└───────────────────────────┴─────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

1.15-таблица

 

2006-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын шаарларында атмосфера абасында азот эки кычкылынын орточо жылдык концентрациясынын максималдуу мааниси, мкг/куб.м

 

┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│        Шаар         │ 2006- │ 2007- │ 2008- │ 2009- │ 2010- │ 2011- │

│                     │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бишкек               │  510  │  490  │  310  │  510  │  490  │  370  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Кара-Балта           │  220  │  170  │  190  │  170  │  210  │  120  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Ош                   │  120  │  170  │  210  │  200  │  170  │  200  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Токмок               │  330  │  140  │  210  │  130  │  180  │  170  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Чолпон-Ата           │   90  │  110  │  120  │  110  │   80  │   70  │

├─────────────────────┼───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┤

│бир жолку максималдуу│                                               │

│КЖС                  │                       85                      │

└─────────────────────┴───────────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

1.16-таблица

 

2006-2011-жылдары Бишкек жана Ош шаарларынын атмосфера абасында азот эки кычкылынын орточо суткалык КЖЧнын ашып кетиши менен жылдагы күндөрдүн саны

 

┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│        Шаар         │ 2006- │ 2007- │ 2008- │ 2009- │ 2010- │ 2011- │

│                     │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бишкек               │  288  │  283  │  295  │  290  │  289  │  276  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Ош                   │   53  │   87  │   79  │   79  │   94  │  137  │

└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

1.4-сүрөт. Бишкек, Ош шаарларынын атмосфера абасында азот эки кычкылынын КЖЧнын ашып кетиши менен жылдагы күндөрдүн саны

 

Азот кычкылы. Азот кычкылы Бишкек, Кара-Балта жана Токмок шаарларында аныкталат. Бишкек шаарында булгануунун кыйла жогорку деңгээли байкалат. Жалпы эле шаар боюнча 2005-2011-жылдары орточо жылдык концентрация 1,3-2,2 КЖЧ чегинде, шаардын борбордук бөлүгүндө 2,8-3,8 КЖЧ (1.17-таблица). Максималдуу концентрация 1,5-1,8 КЖЧнын чегинде болгон (1.18-таблица). Көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде шаар боюнча КЖЧнын ашып кетишинин кайталанышы 1-3%, шаардын борбордук бөлүгүндө - 3-7% түзгөн. Орточо суткалык КЖЧнын ашып кеткен күндөрдүн саны 235 менен 295 ортосунда өзгөрүлүп турат (1.19-таблица).

 

1.17-таблица

 

2005-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын шаарларынын атмосфера абасында азот кычкылынын орточо жылдык концентрациясы, мкг/куб.м

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │ 120  │  80  │ 120  │ 130  │ 120  │  90  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кара-Балта                 │  60  │  60  │  50  │  40  │  40  │  40  │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок                     │  30  │  30  │  40  │  40  │  30  │  30  │

├───────────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│орточо суткалык КЖС        │                   60                    │

└───────────────────────────┴─────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Калган шаарларда атмосферанын азот кычкылы менен булгануу деңгээли анча чоң эмес. Анын орточо мааниси 0,5-1,0 КЖЧ, максималдуу мааниси 0,4-1,1 КЖЧ.

 

1.18-таблица

 

2006-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын шаарларынын атмосфера абасында азот кычкылынын концентрациясынын максималдуу мааниси, мкг/куб.м

 

┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│        Шаар         │ 2006- │ 2007- │ 2008- │ 2009- │ 2010- │ 2011- │

│                     │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бишкек               │  630  │  590  │  730  │  670  │  660  │  490  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Кара-Балта           │  420  │  220  │  390  │  160  │  160  │  160  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Токмок               │  150  │  150  │  170  │  140  │  210  │  130  │

├─────────────────────┼───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┤

│бир жолку максималдуу│                      400                      │

│КЖС                  │                                               │

└─────────────────────┴───────────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

1.19-таблица

 

2006-2010-жылдары Бишкек шаарынын атмосфера абасында азот кычкылы боюнча орточо суткалык КЖЧтын ашышы менен жылдагы күндөрдүн саны

 

┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│        Шаар         │ 2006- │ 2007- │ 2008- │ 2009- │ 2010- │ 2011- │

│                     │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бишкек               │  287  │  227  │  236  │  291  │  295  │  287  │

└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Формальдегид. Формальдегид Бишкекте гана 2 ББП (№ 1 жана № 4) шаардын борбордук бөлүгүндөгү негизги автомагистралдардын районунда аныкталат.

Абанын формальдегид менен булгануу деңгээли дайыма жогору. Формальдегиддин АБИси 2006-жылдан 2011-жылга чейин 4,8-16,6 түздү. 2006-2011-жылдары анын орточо катышы 3,3-8,7 КЖЧ чегинде (1.20-таблица), максималдуу концентрация 2,1ден 3,3 КЖЧ чейин болду (1.21-таблица). Көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде КЖЧ ашышынын кайталанышы № 1 ББПда 1-24%ды, № 4 ББПда - 2-19%ды түзгөн. Орточо суткалык КЖЧ ашышы кайталанган күндөрдүн саны 280 күндөн 299 күнгө чейин (1.22-таблица).

 

1.20-таблица

 

2006-2011-жылдары Бишкек шаарынын атмосфера абасында формальдегиддин орточо жылдык концентрациясы, мкг/куб.м

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │  18  │  13  │  20  │  18  │  19  │  10  │

├───────────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│орточо суткалык КЖС        │                    3                    │

└───────────────────────────┴─────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

1.21-таблица

 

2006-2011-жылдары Бишкек шаарынын атмосфера абасында формальдегиддин концентрациясынын максималдуу мааниси, мкг/куб.м

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │  105 │  92  │  82  │  78  │  77  │  75  │

├───────────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│бир жолку максималдуу КЖС  │                   35                    │

└───────────────────────────┴─────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

1.22-таблица

 

2006-2011-жылдары Бишкек шаарынын атмосфера абасында формальдегид боюнча орточо суткалык КЖЧ ашкан жылдагы күндөрдүн саны

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │  299 │  286 │  293 │  286 │  299 │  280 │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

1.5-сүрөт. Бишкек шаарынын атмосфера абасында формальдегид боюнча КЖЧ ашкан жылдагы күндөрдүн саны

 

Формальдегид адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизе турган өтө уулуу заттардын бири болуп саналат. Эксперттердин баасы боюнча Бишкек шаарында формальдегид менен атмосфера абасынын негизги булгагычынын бири болуп автомобиль транспортунун чыгындылары эсептелет. Формальдегид менен ууланып калуунун белгилеринин бири болуп өңдүн кубарышы, алдын кетиши, акыл-эсин жоготуу, маанай чегүү, дем алуунун кыйындашы, баш оору, түнкүсүн тарамыштардын тырышуусу саналат. Ууланып калуу тобокелин азайтуу үчүн автомобилдер тыгындарында андан чыккан газ менен дем албоо, бөлмөнү тез-тез желдетип уруу, ошондой эле формальдегидди сиңирип алуучу бөлмө өсүмдүктөрүн: папоротникти, хризантеманы, бадал гүлүн, драценаны, чырмоокту ж.б. өстүрүү керек.

Аммиак. Аммиак Бишкек шаарында гана шаардын батыш бөлүгүндө 2 ББП (№ 2 жана № 6) аныкталат. Абанын аммиак менен булганышы шаар боюнча жогору эмес жана 0,5-0,75 КЖЧ түздү (1.23-таблица). Максималдуу концентрация 0,5-1,5 КЖЧ чегинде (1.24-таблица). КЖЧнын ашышынын кайталанышы 0%дан 8%га чейин болду (2005-ж). Орточо суткалык КЖЧнын ашкан жылдагы күндөрдүн саны 15 күндөн 96 күндүн ортосунда өзгөрүп турат, ал төмөндөө тенденциясына ээ (1.25-таблица 1.25).

 

1.23-таблица

 

2006-2011-жылдары Бишкек шаарынын атмосфера абасында аммиактын орточо жылдык концентрациясы, мкг/куб.м

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │  30  │  20  │  20  │  20  │  20  │  20  │

├───────────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│орточо суткалык КЖС        │                   40                    │

└───────────────────────────┴─────────────────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

1.24-таблица

 

2006-2011-жылдары Бишкек шаарынын атмосфера абасында аммиактын концентрациясынын максималдуу мааниси, мкг/куб.м

 

┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│        Шаар         │ 2006- │ 2007- │ 2008- │ 2009- │ 2010- │ 2011- │

│                     │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бишкек               │  200  │  290  │  140  │  120  │  100  │  160  │

├─────────────────────┼───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┤

│бир жолку максималдуу│                                               │

│КЖС                  │                      200                      │

└─────────────────────┴───────────────────────────────────────────────┘

 

 

1.25-таблица

 

2006-2011-жылдары Бишкек шаарынын атмосфера абасында аммиак боюнча орточо суткалык КЖЧ ашкан жылдагы күндөрдүн саны

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│            Шаар           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Бишкек                     │  96  │  48  │  31  │  20  │  15  │  20  │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Чаң, көмүртек кычкылы, оор металлдар, бенз(а)пирен. Атмосфера абасынын чаң, бенз(а)пирен жана көмүртек кычкылы менен булганышына байкоо жүргүзүү республиканын шаарларында 1998-2000-жылдарда, оор металлдар менен булганышына байкоо жүргүзүү 1997-жылы талдоо приборлорун жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга каражаттын жоктугунан улам токтотулган.

Бирок, Кыргызгидрометтин көп жылдык маалыматы боюнча Бишкек шаарында чаңдын орточо жылдык концентрациясы 10 жылдык байкоо мезгилинде (1991-2000-жж.) өсүү тенденциясы менен 1,6-6 КЖЧны түздү. 2000-жылы чаңдын орточо жылдык концентрациясынын абсолюттуу мааниси 1991-жылга карата 2,3 эсе өскөн. Ушул мезгилде чаңдын максималдуу концентрациясы 7-12 КЖЧны түздү.

Аталган мезгилдин ичинде көмүртек кычкылынын орточо жылдык концентрациясы 1-2 КЖЧ, бир жолку максималдуу 7-12 КЖЧнын чегинде, анын кыйла көп мааниси жылдын суук мезгилинде катталган.

1999-жылдагы маалыматтар боюнча Бишкек шаарынын автотранспорттун кыймылы интенсивдүү болгон негизги автомагистралдарда бенз(а)пирендин жылдык орточо концентрациясы КЖЧдан 25-35 эсе, от жагуу мезгилинде жыл ичинде максималдуу концентрация 48,5 КЖЧ чейин жеткен. Турак райондордо бенз(а)пирендин орточо катышы 3-10 КЖЧ (жай-кыш) чегинде болгон.

1996-жылдагы маалымат боюнча Бишкек шаарынын автотранспорттун кыймылы интенсивдүү болгон негизги автомагистралдарында атмосфера абасында металлдын катышы коргошун боюнча 1,5-5,6 эсе, никель боюнча 2-8 эсе, жез боюнча 1,3-12,0 эсе ашкан.

 

Озон бузуучу заттарды керектөө

 

Ушул экологиялык көрсөткүч Кыргыз Республикасында озон бузуучу заттарды (ОБЗ) өндүрүүнүн, сатуунун же керектөөнүн жалпы көлөмүн баалоого мүмкүнчүлүк берет. Стратосферада озон катмары Жердин атмосферасынын эң маанилүү компоненти болуп саналат. Ал адамдарды, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн кыска толкундуу ультракызгылт (УК) нурлануудан сактайт. ОБЗ активдүү пайдалануу климаттын өзгөрүшү жагындагы кырдаалдын начарлашына жана УК нурланууга чалдыгуу мүмкүнчүлүгүнүн көбөйүшүнө алып келет. ОБЗга хлорфторкөмүртектер (ХФК), көмүртектин тетрахлориди, метилхлороформ, галондор, гидрохлорфторкөмүртектер (ГХФК), гидробромфторкөмүртектер (ГБФК), метилбромид ж.б. кирет. Алар эриткичтер, хладагенттер, көбүктөндүрүүчү жана майсыздандыруу заттары, аэрозолдор үчүн, өрт өчүргүчтөрдө сүрүп чыгаргычтар жана айыл чарба пестициддерде (метилбромид) катары колдонулат.

Озон бузуучу заттар өзүнүн жөндөмү боюнча стратосфера озонун бузгуч менен салыштырылат, мында "озон бузуучу жөндөм" (ОБЖ) термини колдонулат. ОБЖ көп болгон заттарда атмосферадагы жашоонун бүткүл мезгилинде ал озон бузуу үчүн зор потенциалга ээ болот. ОБЖ заттагы озон бузуучу жөндөм менен озон бузуучу потенциалы 1 катары аныкталган ХФК-11 катышына негизденүү менен "массанын бирдигине" эсептелет.

Кыргызстан озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясын(7) жана озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун ратификациялаган, БУЛ менен өзүнө ОБЗ өндүрүү жана пайдаланууну токтотуу боюнча милдеттенме алган. Кыргыз Республикасында ОБЗ керектөө Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтарынын негизинде аныкталган. ОБЗ ташып келүү жана бүтүндөй республикага келип жаткан продукциялар жөнүндө маалыматтар аларда бар. Облустардын өңүтүнөн алганда озон бузуучу заттарды керектөө жөнүндө маалыматтар жок.

(7) 2000-жылдын 15-январындагы № 16 "Озон катмарын сактоо жөнүндө Вена конвенциясын жана озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

2000-жылы Кыргыз Республикасында озон бузуучу заттарды жалпы керектөө 79,35 метрдик тоннага жакынды түзгөн. 2005-жылы озон бузуучу заттарды пайдаланууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программанын(8) биринчи фазасын жүзөгө ашыруунун натыйжасында ОБЗ жалпы пайдалануу (ГФХК эсепке албаганда) ОБЖ эске алуу менен 15,3 тоннага чейин азайган, Бул муздатуу тармактарында ХФК-12 хладагентин ГФХК 22 хладагентине алмаштырууга байланыштуу болгон.

(8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 374 "Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө" токтому.

2005-жылдагы абал боюнча республикада ОБЗ эң кеңири керектелген чөйрө болуп стационардык, ошондой эле транспортко орнотулган муздаткыч жабдууларды (8,793 метрдик тонна) тейлөө саналат, аларды тейлөөгө республикада озон бузуучу заттарды жалпы керектөөнүн 80%ы туура келет. Чоңдугу боюнча экинчи чөйрө болуп айыл чарбасы саналат, ал сүт өнөр жайын муздатуу жана дан запастарын фумигациялоо (данды зыянкечтерден коргоо) үчүн ОБЗ колдонот, айыл чарбасында бром метилин керектөө 13,0 метрдик тоннаны (ОБЖ менен 7,8 тонна) түздү. 2010-жылы Кыргыз Республикасында ХФК R12 колдонуу токтотулган, бирок дале болсо ГХФК К22 метилбромид колдонулууда (1.26-таблица). 2010-жылы К-12, К-11, К-113, R-502 фреондору жана 1301 жана 2402 галондору колдонуудан толук чыгарылган. Ошондой эле Монреаль Протоколунун А тизмесинен химиялык заттарды колдонгон жабдууларды алып кирүүгө тыюу салынган. Бром метили карантиндик колдонууда өзгөчө пайдаланыла турган заттардын түрү катары чектелүү санда гана колдонулат. 2011-жылы Бишкек ЭЭАнын "Wi№terlux" фирмасы пенноматериалдарды чыгарууда ГХФУ-142 bны колдонууну толук токтотуп, анын ордуна циклопентанды колдонууга өтүү.

 

1.26-таблица

 

Кыргыз Республикасында озон бузуучу заттарды керектөө, метрдик тонна

 

┌────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│       Заттар       │ 2005-│ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                    │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│ХФК R12             │    ОБЖ эске алуу менен тонналарда (ОБЖ = 1)    │

│                    ├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤

│                    │  8,1 │  5,3 │  4,2 │  5,0 │  2,7 │  0,0 │  0,0 │

├────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│ГХФК R22            │  ОБЖ эске алуу менен тонналарда (ОБЖ = 0,055)  │

│                    ├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤

│                    │  0,7 │  0,8 │  1,6 │  7,4 │  4,4 │  3,7 │  2,96│

├────────────────────┼──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│Метил бромид        │   ОБЖ эске алуу менен тонналарда (ОБЖ = 0,6)   │

│                    ├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤

│                    │  7,6 │  2,7 │  0,0 │  0,0 │  0,6 │  0,6 │  0,6 │

└────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Озон борбору.

 

1.6-сүрөт. ОБЖ эске алуу менен озон бузуучу заттарды керектөө

 

Кыргыз Республикасы ОБЗ, ОБЗ камтыган жабдууларды жана товарларды чыгарган эмес жана чыгарбайт, алар Монреаль протоколу менен контролдонуп турат, бирок, аларды таза түрүндө, буюм катары ташып келет. ОБЗ, ОБЗ камтыган жабдууларды жана товарларды ташып келүү Озон бузуучу заттарды жана алар камтылган продукцияларды импорттоону жана экспорттоону мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө жобого 92592} (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 594 токтому) ылайык лицензияланат. ОБЗ белгилүү бөлүгү ошондой эле мыйзамсыз импорттун натыйжасында алып келиниши мүмкүн.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтары боюнча Монреаль протоколунун А, В, С, Е жоболорундагы озон бузуучу заттардын дээрлик бардыгы Россия Федерациясынан жана Кытайдан импорттолот, өткөөл экономикасы бар башка өлкөдөн ал аз санда гана келет.

 

2. Климаттын өзгөрүшү

 

Кыргыз Республикасынын климаты анын географиялык жайгашкан орду менен аныкталат жана деңиз деңгээлинен жогору болгондугуна көз каранды болгон кышкысын суук жана жайкы аптаптуу болгон кескин континенталдуулугу менен мүнөздөлөт. Негизинен жаан-чачын күзүндө, кышында жана жазында көп болуп, ал эми жай адатта кургакчыл болот. Кыргыз Республикасынын ар кайсы райондорунда климат рельефтин кыйла түз эмес экендигинен жана Ысык-Көлдөн улам кескин континенталдуулуктан тартып дээрлик деңиз жээгиндегидей өзгөрүп турат. Жай ысык жана кургакчыл болот. Кышкы температура, өзгөчө тоолордо жана капчыгайларда кыйла төмөн жана минус 20 жана 30 Цельсия градусуна чейин жетет. Кыштын ортосунда мээлүүн болуп калган учурлар да болот. Июлда орточо айлык температура Фергана өрөөнүндө +25 Цельсия градусунан + 37 Цельсия градусуна чейин, ал эми 3600 метр бийиктикте бул мезгилде температура +4 Цельсия градусунан ашпайт. Тянь-Шандын борбордук тоолорунда температуранын орточо өзгөрүшү ар бир 100 метрге жогорулаган сайын 0,6 Цельсия градусун түзөт. Кайсы-бир учурда белгиленген максималдуу температура +44 Цельсия градусу, (Чүй метеорологиялык станциясы), эң төмөнкү температура -53,6 Цельсия градусу (Аксай метеорологиялык станциясы) болгон. Бирок, мындай температуралар Кыргызстан үчүн өтө сейрек көрүнүш.

Ар жылдык жаан-чачындын эң көп жаашы Фергана тоо кыркаларынын батыш капталында - 1090 мм, эң аз жаашы Ысык-Көл ойдуңунун батыш жагында - 144 мм болот.

Адатта жаан-чачындын орточо саны 300 миллиметрден 600 миллиметрге чейин өзгөрүп турат. Эреже катары, күнөстүү аба ырайы Кыргызстан үчүн кыйла мүнөздүү (жылына 247 күн). Март жана апрель - күн ачык айлар. Тоолордо адатта эртең менен күн тийип, күндүз нөшөр төгүшү мүмкүн. Январда кээде кар калың жаайт. Февраль кыйла мелүүн болот.

Климаттын калыптанышына тоолуу рельеф зор таасир тийгизет, ал климаттык алкактардын вертикалдык зоналары жана күн радиациясынын кыйла жогору болушу менен шартталган (Чүй өрөөнүндөгү 5547 МДж/кв.м тартып Тянь-Шань метеостанциясындагы 6660 МДж/кв.м чейин). Кыргыз Республикасы рельефинин тоолуу мүнөзү климаттык алкактардын вертикалдык зоналары менен шартталган. Тоо этектеринен чокуларга карай жогорулаганда субтропикадан арктика жээктерине бараткан сыяктуу эле климаттык зоналардын өзгөрүшүн байкоого болот. Вертикалдуу климаттык зоналар орографиялык түзүлүштөр менен оорлойт: өтө майдаланып бөлүнгөн тоо кыркалары жана тоо араларындагы капчыгайлар климаттык шарттарын калыптанышына олуттуу таасир тийгизет. Республиканын бийик тоолуу рельефи температуралык шарттардын жана нымдуулук даражасынын кыйла карама-каршылыктуу болушун шарттайт. Тоолуу климатка мүнөздүү белги болуп жогорулаган сайын атмосфера басымынын жана абанын температурасынын төмөндөшү (орточо 100 метрге 0,6 Цельсия градусу), температуранын суткалык жана жылдык термелүүсүнүн азайышы, белгилүү бийиктикке чейин жаан-чачындык көбөйүшү саналат.

Жылдын суук мезгилинде республиканын аймагынын көпчүлүк бөлүгү сибирь антициклонунун таасирине кабылат, ал ала булут каптап, аба ырайы суук болуп, ал эми жаан-чачындар батыштан, түндүк-батыштан жана түндүктөн, ошондой эле түштүк-батыш региондоруна көбүрөөк таасир эткен түштүктөн кирген агымдардын натыйжасы болуп саналат. Жылуу мезгилде республиканын аймагы негизги агымдардан обочо калат.

Шамалдуу режимде тоолуу-өрөөндүү циркуляция басымдуулук кылат, ал шамалдын багытынын туруктуу өзгөрүшү менен мүнөздөлөт - түн ичинде тоодон өрөөнгө карай (басымдуу), күндүз өрөөндөн тоону карай (кыш мезгилинде катуу эмес) согуп турат. Тоолуу рельеф катуу шамалдардын пайда болушуна тоскоолдук кылат жана орточо жылдык ылдамдык 1 м/сек дан 3 м/сек чейин термелип турат. Катуу шамал болгон күндөрдүн саны (>, = 15 м/с) көп эмес жана жылына 2-3 күндөн 15-20 күнгө чейин термелип турат. Ысык-Көл ойдуңунда катуу шамалдардын кайталанып турушу жогору, ойдуңдун борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө катуу шамал орточо 20-50 күн, батышта 70 күндөн ашат. Көлдү бойлой негизинен батыштан "Улан" шамалы, чыгыш бөлүгүндө "Сан-Таш" шамалы согот.

Кыргыз Республикасында климаттык негизги мүнөздөмөлөрдүн негизинде администрациялык бөлүнүштөн айырмаланган 4 климаттык регионду бөлүү менен климаттык зоналар кабыл алынган:

- Түндүк-Батыш региону, ага тоо кыркалары курчап турган Чүй жана Талас өрөөндөрү кирет. Бул регион жылуу жана кыйла нымдуу климаты, жазында жаан-чачындуулугу менен мүнөздөлөт.

- Түндүк-Чыгыш региону, ага Ысык-Көл ойдуңу кирет. Ал үчүн жайкысын жаан-чачындуу, жалпысынан климатта айкын эле деңиздин белгилери бар, анткени тоңбогон көлдүн суусу жумшартуучу таасир тийгизет.

- Түштүк-Батыш региону, ага тоо кыркалары курчап турган Фергана, Алай жана Чаткал өрөөнү кирет. Бул өтө жылуу жана нымдуу аймак, ал жерде кыштын суук мезгилинде башка региондордон айырмаланып, жаан-чачын өтө көп жаайт.

- Ички Тянь-Шань региону кыйла суук жана нымдуулук анча көп эмес климаты менен мүнөздөлөт, температура төмөн болгондуктан буулануунун аздыгы анын айырмалоочу белгиси болуп саналат. Жаан-чачын көп жааган мезгил май, июнь жана июлга туш келет.

 

2.1-сүрөт. Кыргыз Республикасынын климаттык зоналарга бөлүнүшү

жана метеостанцияларды локализациялоо

 

Булак: Климаттын өзгөрүшү жөнүндө экинчи улуттук билдирүү.

 

Республиканын аймагына аспаптык байкоо жүргүзүү 1883-жылы башталган. Республикада метеостанциялардын саны жыл өткөн сайын олуттуу өзгөргөн. 1883-жылдан баштап ырааттуу өсүш байкалган. Метеостанциялардын тармагынын кыйла өнүгүшү 1963-жылдан 1990-жылга чейинки мезгилге туш келет. Кийин жетиштүү финансы болбогондуктан метеостанциялардын саны кыйла кыскарган.

 

2.2-сүрөт. Администрациялык-аймактык бөлүнүү схемасынын картасы жана Кыргыз Республикасынын аймагында табигый жана техногендик процесстердин өнүгүшүнө ӨКМ көз салуу мониторингдик системасы

 

Булак: ӨКМ.

 

Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык экологиялык маселелерин чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин жигердүү колдойт жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясына (БУУнун КӨАК)(9) кошулган жана БУУнун КӨАКка(10) карата Киото протоколун ратификациялаган. БУУнун КӨАКнын талаптарына ылайык климаттын өзгөрүшү жөнүндө Биринчи жана Экинчи улуттук билдирүүлөр даярдалган (ЭУБ)(11).

(9) 2000-жылдын 14-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясына жана БУУнун ЕЭКсынын Абанын алыскы аралыкка чек аралардан өтүп булганышы боюнча Конвенциясына кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

(10) 2003-жылдын 15-январындагы № 9 "Бириккен Улуттар Уюмунун Климатты өзгөртүү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Киото Протоколун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

(11) "Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын Экинчи улуттук билдирүүсү", ГЭФ/ПРООН, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 274 токтому менен бекитилген.

 

Абанын температурасы

 

Көрсөткүч орточо жылдык температуранын тенденцияларын, термелүүсүн мүнөздөйт жана табигый климаттык өзгөрүүлөрдүн циклдүүлүгү, ошондой эле глобалдык процесстердин климаттын өнүгүшүнө антропогендик таасири менен байланышкан өзгөрүү даражасын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Температуранын абсолюттуу маанисинин өнүгүшү климаттын өзгөрүшүнүн мүмкүн болуучу залалдарын мүнөздөгөн маанилүү параметрлерди: мөңгүлөрдүн эришин, суу каптоолор, кургакчылык, калктын оорууга чалдыгуу түзүмүнүн өнүгүшү жана башка кубулуштарды билдирет. Социалдык-экономикалык саясатты калыптандырууда абанын температурасынын өзгөрүшүнө баа берүү жана талдоо жасоо, өзгөчө айыл чарбасы, отун-энергетика комплекси, саламаттыкты сактоо ж.б. сыяктуу секторлор үчүн олуттуу мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча жердеги орточо жылдык температуранын өзгөрүшүнүн жалпы тенденциясы аспаптык байкоо жүргүзүүнүн бардык мезгилинде, б.а. 1885-2010-жылдардын ичинде Кыргызгидрометтин бардык метеостанциялары тарабынан аныкталган, иш жүзүндөгү байкоо 1883-жылы Каракол метеостанциясында башталса да 1885-жылдан баштап бүткүл республика боюнча байкоо салыштырмалуу туруктуу жүргүзүлүп келген.

 

2.3-сүрөт. Жердеги температуранын орточо жылдык маанисинин убакты боюнча өзгөрүү тенденциясы. Кашаада Цельсия градусу/100
жылда айрым убакыт мезгилинде температуранын өзгөрүү ылдамдыгы көрсөтүлгөн.

 

Жалпысынан температуранын орточо жылдык маанисинин жалпы тенденциясы климаттын өзгөрүшү боюнча эксперттердин Өкмөттөр аралык тобунун маалыматтары боюнча глобалдык тенденцияга дал келет. Температуранын өсүшү убакыт жагынан кескин тездейт, алсак, 1960-2010-жылдары орточо жылдык температуранын өсүшү 2,39 Цельсия градусун, ал эми 1990-2010-жылдары 5,82 Цельсия градусун түзгөн (2.4-сүрөт).

 

2.4-сүрөт. Климаттык региондор боюнча температуралык тенденциялар

 

Республиканын климаттык региондору боюнча температуралык тенденциялар байкоо жүргүзүлгөн мезгилдин ичинде температуранын салыштырмалуу өсүшүнө ээ болгон. Мезгилдин башында тенденцияларга баа берүүдөгү айырмачылыктар маалыматтардын жетишсиздиги менен байланышкан жана айрым региондор үчүн туруктуу байкоо жүргүзүүнүн башталышын чагылдырат. Температуранын кыйла өсүшү түштүк-батыш регионунда, эң аз өсүшү түндүк-чыгыш жана ички Тянь-Шань регионунда байкалган.

Жогоруда келтирилген тенденцияларга баа берүү аянттык баа берүү болуп саналат, аларды пайдалануу салыштырмалуу анча чоң эмес аймактарда айрым метеостанциялар боюнча жердеги температуранын өзгөрүшүнүн коррелирленишине негизделет. Мында баа берүүлөр температуранын ачык-айкын маанисин эмес, анын өзгөрүү тенденциясын гана чагылдырат.

Айрым метеостанциялар үчүн температуранын ачык-айкын өзгөрүшүн чагылдырган температуранын маанилеринин тенденцияларына тактап баа берүү 2.4-сүрөттө келтирилген.

Байкоо жүргүзүү мезгилдери ар башка метеостанцияларда ар түрдүү, бирок, буга карабастан статистикалык көз караштан алганда жердин орточо жылдык температурасынын азыраак чарчы ыкмасы менен байкоо жүргүзүүнүн тилкелик аппроксимациясы боюнча аныкталган болжол менен бирдей өсүшү байкалып турат.

 

2.1-таблица

 

Айрым метеостанциялар боюнча температуранын иш жүзүндөгү маанисинин өсүшү

 

┌───────────────┬───────┬─────────┬─────────────────┬─────────────────┐

│ Метеостанция  │Деңиз  │Жылдык   │ Базалык мезгил  │    1991-2010-   │

│               │д.жог. │темп.    │                 │жылдардагы мезгил│

│               │бийик- │өсүшү,   ├────────┬────────┼────────┬────────┤

│               │тик    │жылына/  │Орточо, │Байкоо- │Орточо, │Байкоо- │

│               │       │Цельсия  │Цельсия │лордун  │Цельсия │лордун  │

│               │       │градусу  │градусу │саны    │градусу │саны    │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Баткен         │ 1050  │  0,0215 │ 12,49  │   11   │  12,65 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Бишкек         │  756  │  0,0249 │ 10,68  │   30   │  11,53 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Жалал-Абад     │  917  │  0,0356 │ 12,6   │   30   │  13,55 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Каракол        │ 1716  │  0,192  │  6,30  │   30   │   6,7  │   13   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Нарын          │ 2039  │  0,0158 │  3,46  │   29   │   4,16 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Ош             │ 1016  │  0,0239 │ 11,98  │   30   │   12,2 │    6   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Талас          │ 1217  │  0,027  │  8,06  │   30   │   8,88 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Чолпон-Ата     │ 1645  │  0,0261 │  7,9   │   30   │   8,54 │   20   │

└───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Эң чоң өсүш Жалал-Абад метеостанциясында, эң аз өсүш Каракол метеостанциясында белгиленген, бирок, бул климаттын иш жүзүндөгү өзгөрүшүн чагылдырбаган факторлордун таасири менен байланыштуу болушу мүмкүн, соңку жылдары, б.а. орточо жылдык температуранын өсүшүнүн мезгилинде туруктуу байкоо жүргүзүлбөгөндүгү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Баткенден башка бардык метеостанцияларда байкоо жүргүзүү мезгилинин акырында орточо жылдык температура байкоонун башталышына караганда көбөйгөн. Баткен үчүн байкоонун башталышы базалык мезгилдин экинчи жарымына туура келет (1980-ж.).

Базалык мезгил үчүн (1961-1990-жж.) орточо чоңдукка салыштырмалуу орточо жылдык температуранын (2.5-сүрөт) өзгөрүү тенденциясы менен салыштыруу базалык мезгилге чейин байкалган орточо жылдык температура көпчүлүк метеостанциялар үчүн базалык мааниден төмөн экендигин көрсөтөт. Кызыл сызык базалык мезгил үчүн температуранын орточо жылдык маанисине туура келет, кара сызык - азыраак чарчы ыкмасы менен тренддин аппроксимациялык сызыгы.

Соңку жыйырма жылда орточо жылдык температуранын кыйла өскөндүгү байкалгандыгын, ал эми кээ бир учурларда климаттын өзгөрүшү боюнча эксперттердин Өкмөттөр аралык тобу иштеп чыккан кыйла оптимисттик климаттык сценарий боюнча 2010-жылга карата күтүлгөндөргө теңдеш экендигин белгилей кетүү керек, кайра жангыс климаттык өзгөрүүлөргө өтүү көз карашынан опурталдуу кырдаалды аныктайт.

 

2.5-сүрөт. Базалык мезгилге (1961-1990-жж.) карата орточо жылдык температуранын өзгөрүү тенденциясы

 

Атмосфера жаан-чачындары

 

Бул көрсөткүч кыйла маанилүү климаттык мүнөздөмөлөрдүн бири болуп саналат. Атмосфералык жаан-чачындар (конкреттүү мезгил ичинде аймактын белгилүү аянтына түшкөн суунун жалпы саны) булуттардан түшкөн же абадан жер үстүнө, ар кандай буюмдарга же өсүмдүктөргө түшкөн суюк же катуу абалдагы сууну билдирет. Алар таза суунун кайра иштетилүүчү ресурстарын калыптандырууга таасир тийгизет, бул өз кезегинде курчап турган чөйрөнүн (кыртыш, флора жана фауна) компоненттеринин абалына таасир этет. Андан тышкары, жаан-чачындардын саны атмосфера абасынын нымдуулугун жөнгө салуу, ошондой эле атмосферанын жерге жакын катмарында катуу бөлүктөрдүн концентрациясынын таркашына тоскоолдук кылуу менен анын жалпы абалына таасир этет. Атмосфера жаан-чачындарынын саны, сапаты, таркашы, ошондой эле сезондуулугу айыл чарбасы жана ӨК божомолдоо үчүн олуттуу мааниге ээ болот.

Жаан-чачындардын өзгөрүү тенденциясы ар багыттуу (б.а. айрым метеостанциялар боюнча азаюу да, ошондой эле көбөйүү да байкалат) жана начар чагылдырылган, бул Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жылдык жаан-чачындардын жогорулашы же азайышы жөнүндө бир беткей тыянак чыгарууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ушундай кырдаалда жергиликтүү тенденцияларды гана кароого болот. Ушундай шартта аспаптык байкоо жүргүзүү тармактарынын олуттуу жетишсиздиги болуп өткөн талдоолорго кошумча кыйынчылыктарды жаратат.

Жылдык жаан-чачындардын саны айрым жылдар боюнча өтө көбөйүп (бир нече эсе) кетет, бул айрым жылдар боюнча байкоонун капилеттигинен улам байкоонун башталышында жана аягында жылдык жаан-чачындардын санынын көрсөткүчү боюнча салыштыруунун маалымдуулугун төмөндөтөт.

 

2.2-таблица

 

Айрым метеостанциялар боюнча жаан-чачындардын жылдык санынын өзгөрүү чоңдугу

 

┌───────────────┬───────┬─────────┬─────────────────┬─────────────────┐

│ Метеостанция  │Деңиз  │Жылдык   │ Базалык мезгил  │    1991-2010-   │

│               │дең.   │жаан-    │                 │жылдардагы мезгил│

│               │жогору,│чачынды  ├────────┬────────┼────────┬────────┤

│               │м      │өлчөө    │Орточо, │Байкоо- │Орточо, │Байкоо- │

│               │       │мм/жыл   │мм/жыл  │лордун  │мм/жыл  │лордун  │

│               │       │         │        │саны    │        │саны    │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Баткен         │ 1050  │  0,682  │  198,8 │   22   │  226,3 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Бишкек         │  756  │  1,3178 │  439,1 │   30   │  471,2 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Жалал-Абад     │  917  │ -0,3478 │  484,4 │   30   │  520,3 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Каракол        │ 1716  │  0,5198 │  429,7 │   30   │  459,2 │   11   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Нарын          │ 2039  │  0,4344 │  296,7 │   29   │  318,1 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Ош             │ 1016  │ -0,0077 │  334,3 │   30   │  368,8 │    6   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Талас          │ 1217  │  0,6188 │  324,4 │   30   │  337,7 │   20   │

├───────────────┼───────┼─────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Чолпон-Ата     │ 1645  │  0,6932 │  269,0 │   30   │  302,7 │   20   │

└───────────────┴───────┴─────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Түндүк-батыш региону үчүн байкоонун бүткүл мезгилинде Бишкек шаары метеостанциясында гана жылдык жаан-чачындын санынын жогорулашынын ачык тенденциясы берилген. Талас шаары метеостанциясы үчүн жылдык жаан-чачындын саны анча-мынча гана өскөн.

Түндүк-чыгыш региону үчүн бардык метеостанциялар үчүн жылдык жаан-чачындын санынын анча-мынча гана өскөндүгү байкалган. Бул региондо эң көп өсүштү көрсөткөн метеостанция - Чолпон-Ата метеостанциясы (0,6932 мм/жыл).

Түштүк-батыш климаттык регионунда Баткен метеостанциясы үчүн жылдык жаан-чачындын санынын өскөндүгү анча-мынча гана болгон. Бирок Баткен метеостанциясында байкоо жүргүзүү өтө кыска мезгилге (1969-жылдан баштап) ээ, ошондуктан мындай көбөйүүнү өтө так деп эсептөөгө болбойт. Ош шаары (-0,0077 мм/жыл) жана Жалал-Абад шаары метеостанцияларында (-0,3478 мм/жыл) жылдык жаан-чачындын санынын бир аз азайгандыгы байкалат. Оштун метеостанциясында байкоо жүргүзүү 1996-жылдан баштап токтотулган, бул ушул метеостанция үчүн жаан-чачындын чындап төмөндөгөндүгү жөнүндө тыянак жасоо шек туудурат.

Ички Тянь-Шань региону үчүн Нарын шаары метеостанциясында (0,4344 мм/жыл) жылдык жаан-чачындын санынын бир аз өскөндүгү байкалат.

 

2.6-сүрөт. Айрым метеостанциялар боюнча базалык мезгилге карата жаан-чачындардын жылдык санынын тренди (кызыл сызык - базалык мезгил үчүн температуранын орточо жылдык маанисине туура келет, кара сызык - азыраак чарчы ыкмасы менен тренддин аппроксимациялык сызыгы)

 

Бардык метеостанциялдар үчүн базалык мезгилге салыштырганда 1991-2010-жылдарда жаан-чачындардын санынын көбөйгөндүгү, ошондой эле 1961-2010-жылдардагы мезгилде дурус тренд байкалат. Болгондо да мындай көбөйүү байкоо жүргүзүүнүн бүткүл мезгилинде жаан-чачындардын санынын кыскарууга карай жалпы тенденциясы аныкталган метеостанцияларда байкалган.

 

Табигый-климаттык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар

 

Өзүнүн кайталангыс географиялык абалынан улам Кыргыз Республикасы табигый мүнөздөгү көп сандаган бөөдө кырсыктарга кабылган мамлекет болуп саналат, алардын ичинен негизги үлүш табигый-климаттык мүнөздөгү бөөдө кырсыктарга (табигый мүнөздөгү ӨК жалпы санынын 61%) туура келет. Бул көрсөткүч өзгөчө кырдаалдардын өнүгүшүнө баа берүүгө жана божомолдоого мүмкүнчүлүк берет. Олуттуу географиялык, климаттык коркунучтар жана климаттын глобалдык өзгөрүү маселелери калкка жана республиканын экономикасына дайыма терс таасирин тийгизип турат. Ушуга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар болуп калган кезде даярдыкты жана калктын, курчап турган чөйрөнүн корголушун жогорулатуу экономикалык чыгымдарды, калктын курмандыктарын, ошондой эле курчап турган флора менен фаунага таасир тийгизүүнү минималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Деңиз деңгээлинен 401 метрден 7439 метрге чейинки бийик тоолуу өлкөлөр бийик климаттык алкакты жана рельефтин энергиясынын бийик маанилери, жер көчкүлөр, урамалар, таш кулоо, сел жана ташкын, кар көчкү, жер титирөө, суу каптоо, жарылып кетүү коркунучу бар көлдөр, геокриологиялык жана башка коркунучтар менен шартталган сейсмотектоникалык кыймылдары менен жаратылыш-ландшафтык вертикалдык зонаны түзөт. Табигый, техногендик, экологиялык жана социалдык-биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн болгон тоо системасы өзгөчө коркунучтуу болуп саналат.

 

2.3-таблица

 

2007-жылдан 2011-жылдардагы мезгилде өзгөчө кырдаалдардын саны

 

┌───────────────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┐

│      ӨК түрү      │ 2007-жыл│ 2008-жыл│ 2009-жыл│ 2010-жыл│ 2011-жыл│

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Селдер, ташкындар  │    70   │    83   │    93   │   131   │    61   │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Жер көчкүлөр       │     5   │     2   │    13   │    40   │    12   │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Кар көчкүлөр       │    14   │    25   │    35   │    63   │    22   │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Жер титирөө        │    18   │    44   │    22   │    22   │    31   │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Суу каптоо         │     4   │    26   │     1   │    12   │     3   │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Нөшөрлөгөн         │     3   │     1   │     7   │     3   │         │

│жамгырлар          │         │         │         │         │         │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Чоң өрттөр         │    42   │    38   │    10   │    50   │    73   │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Инфекциялар,       │    14   │    24   │     7   │     7   │         │

│инвазиялар         │         │         │         │         │         │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Техногендик авария-│    26   │    26   │    15   │    61   │    15   │

│лар, ири ЖТКлар    │         │         │         │         │         │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Катуу шамалдар     │     5   │    34   │    14   │    36   │    24   │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Мөндүр уруу        │     3   │     1   │     3   │     1   │         │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Кар басуу,         │         │     5   │     4   │    11   │    14   │

│муз касабалары     │         │         │         │         │         │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Таш кулоо,         │     5   │     2   │     2   │     1   │         │

│урап түшүүлөр      │         │         │         │         │         │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Башкалар           │         │     1   │     1   │         │         │

├───────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│ӨК жыйынтыгы       │   209   │   312   │   227   │   439   │   255   │

└───────────────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┘

Булак: ӨКМ.

 

Статистикалык маалыматтар 2007-2011-жылдардын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар (ӨК) 2010-жылы өтө көп катталган - 439, эң азы 2007-жылы - 209, 2011-жылы - 255 өзгөчө кырдаал катталган. Алардын көп бөлүгүн табигый-климаттык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар: селдер, ташкындар, жер көчкүлөр, кар көчкү, суу каптоо, метеорологиялык (шамал, мөндүр, кар, жаан-чачын) кырсыктар түзөт.

Табигый-климаттык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кыйла саны селдер менен ташкындарга туура келет, алар бардык ӨК ичинен 29%ды түзөт. Жааган жаан-чачындардын санына жараша алардын жыл өткөн сайын көбөйүү тенденциясы байкалат, алсак 2008-жылы 83 жаан-чачын болгон, 2009-жылы 93, 2010-жылы - 131.

2000-2010-жылдардын ичинде селдер менен ташкындардын кыйла көп саны Жалал-Абад (Кыргыз Республикасындагы ӨК жалпы санынын 9,1%), Баткен (6,2%) жана Ош облустарында (6,1%) катталган. 2011-жылы катталган селдер менен ташкындарга байланыштуу ӨК саны 61 түздү, бул жаан-чачындардын санынын аз болгондугу, ошондой эле аларды азайтуу боюнча алдын-ала көрүлгөн чаралар менен шартталган. Кыйла оор экономикалык зыяндарга (автомобиль жана темир жолдордун участкалары, көпүрөлөр жана коргоо дамбалары, ирригациялык курулуштар, турак үйлөр бузулуп жана үй жаныбарлары кырылып калууда) дуушар кылып, айрым учурда сел каптоо адамдардын өлүмүнө да алып келүүдө. Дээрлик Кыргыз Республикасынын аймагы сел коркунучуна туш келген - бардыгы болуп 3103 сел жүрө турган дарыялар бар. Алардын кыйла саны Чүй суусунун бассейнинде - 479, Талас - 254, Нарын - 789, Кара-Дарыя - 666, Ысык-Көлдө - 375.

Тез-тез болуп туруусу боюнча кийинки өзгөчө кырдаал жер көчкү (6%) жана кар көчкү (11%). Кыргыз Республикасынын аймагында 5000 жакын жер көчкүлөрү эсептелген. Азыркы кездеги геодинамикалык кыймылдардын, сейсмиканын, жер алдындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнүн, атмосфералык жаан-чачындардын адаттан башкача жаашынын өз ара аракеттенишинин активдешүүсүнөн, ошондой эле тоолуу зоналарда жантаймалардын туруктуулук балансын бузган адамдардын инженердик-чарбалык ишинен улам жер көчкүлөрдүн саны жыл сайын өсүп жатат. Жер көчүү процессине дуушар болгон жердин жалпы аянты республиканын аймагынын 7,5%ын түзөт. Жер көчкүлөрдүн кыйла саны Ош, Жалал-Абад облустарында катталган. Бардыгы болуп жер көчүү зонасында 300гө жакын калктуу конуштар жайгашкан, алар үчүн коркунучтуу абал мындан ары да боло берет. 2000-2010-жылдардагы мезгил ичинде жер көчкүлөрдүн кыйла саны Ош (Кыргыз Республикадагы ӨК жалпы санынын 4,7%), Жалал-Абад (3,2%) жана Чүй облусунда (0,8%) катталган.

Республиканын тоолуу райондорунда ири кар көчкүлөрү жана урап түшүүлөр болуп турат, алардын көлөмү миллион жана андан ашык кубометрге жетет. Падыша-Ата дарыясынын бассейнинде көлөмү 6,4 млн. куб. метрлик, Узун-Акматта - 4 млн. куб. метрлик, Эңилчекте - 2,2 млн. куб. метрлик, Чычканда (Көчкүбулак) - 2,5 млн. куб. метрлик, Исфайрам сайда - 1,3 млн. куб. метрлик, Суусамырда - 1 млн. куб. метрлик кар көчкү түшкөн.

Бишкек-Ош автожолунда, өзгөчө 216-265 км участкаларда кар көчкүлөр экономикалык өтө оор зыян алып келүүдө. Ошентип, 2009-жылы Бишкек-Ош автожолунун 226 чакырымында көлөмү 1,5 млн. куб. метрлик кар көчкү түшкөн жана ал участкада 7 сутка бою транспорт кыймылы токтоп калган.

2012-жылдын башталышында кардын көп жаашынан улам төмөнкү температуралык режимге карабастан республиканын тоолуу райондорунда 59 кар көчкү түшүп, 8 киши каза болуп, 19 киши жаракат алган.

 

2.7-сүрөт. Кыргыз Республикасынын аймагындагы коркунучтуу процесстер жана кубулуштар таркаган карта-схема

 

Булак: ӨКМ.

 

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын 53%ы кар көчкүлөрүнүн таасирине туш бөлгон. Кар көчкүсү топтолгон 779 райондун ичинен 30 миңден ашык көчкү очоктору бөлүнгөн, анын ичинен миңге жакыны коркунуч келтирип турат. Көчкү тик тоо беттери жана кар калың жааган бардык жерлерде бар. Кыргызстанда кар көчкүсү түшүү коркунучу бар мезгил 3-4 айдан (Батыш Тянь-Шань) 10-12 айга (Борбордук Тянь-Шань) чейин созулат. Тянь-Шанда кар көчкүлөрдөн февраль жана мартта автожолдор көп жабыр тартат (автотрассаларга зыян келтирген көчкүлөрдүн жалпы катталган санынын 63%). Январга бардык көчкүлөрдүн санынын 16%ы туура келет. Апрелде, эреже катары, көчкүлөрдүн жалпы санынын 13%ы катталат. Декабрда 4% көчкү түшөт. Ноябрда жана майда тийиштүү түрдө 1,5% жана 2,5% көчкү түшөт. Көчкүгө айланган кардын максималдуу саны мартка (52,6%) туура келет. Кар көчкүсүнүн негизги бөлүгү түндүк жана түндүк-батыш беттерден түшөт. 2000-2010-жылдардын ичинде көчкүлөрдөн улам пайда болгон ӨК көпчүлүгү Жалал-Абад (Кыргыз Республикасындагы ӨК жалпы санынын 4%), Ош (1,9%), Нарын (1,6%) жана Ысык-Көл облустарында (1,6%) катталган.

 

Парник газдарынын чыгышы

 

Экономикалык өсүшкө байланыштуу СО2 жана башка парник газдарынын чыгышынын санын азайтуу боюнча жетишилген белгилүү глобалдык прогресске карабастан алардын чыгышы дале көбөйүп бара жатат. Парник газдарынын (ПГ) концентрациясынын көбөйүшү Жердин глобалдык температурасына жана климатка терс таасир тийгизет, ошондой эле ал өзгөрүүлөр экосистема, калктуу конуштар, айыл чарбасы жана социалдык-экономикалык ишмердиктин башка түрлөрү үчүн ачык эле жагымсыз кесепеттерге алып келет. Бул көрсөткүч курчап турган чөйрөгө ПГ чыгышынын орун алган жана күтүлгөн кысымынын даражасын аныктоого гана мүмкүнчүлүк бербестен, ошондой эле ПГ чыгууларын кыскартууга багытталган улуттук саясаттын натыйжалуу жүргүзүлүшү жөнүндө да далилдейт.

БУУнун КӨАК анын бардык Тараптарын парник газдарын туруктуу инвентаризация жүргүзүп турууга милдеттендирет. Парник газдарынын чыгышына учурдагы баа берүү 2000-2005-жылдарда БУУнун КӨАК үчүн КР климаттын өзгөрүшү жөнүндө Экинчи улуттук билдирүүсүнүн чегинде жүргүзүлгөн инвентаризациянын натыйжалары боюнча сунуш кылынган. Кийинки жылдары парник газдарын инвентаризациялоо жүргүзүлгөн эмес.

Инвентаризация процессинде 6 парник газынын эмиссиялары: көмүртектин эки кычкылы (СО2); метан (СН4); азоттун чала кычкылы (№2О); гидрофторкөмүртек (ГФК); перфторкөмүртек (ПФК); күкүрттүн гексафториди (SF6) аныкталган. Перфторкөмүртек менен күкүрттүн гексафторидинин эмиссиясы анча көп эмес деп бааланган жана ошондуктан жыйынтыктоочу натыйжаларда алар жок. Ошондой эле газ-прекурсорлордун эмиссиясы: көмүртектин кычкылы (СО), азоттун кычкылы (№Ох), метан эмес жеңил органикалык кошулмалар (НМЛОС), күкүрттүн кычкылы (SOх) да аныкталган.

Инвентаризациянын натыйжалары боюнча негизинен энергетика секторунун эсебинен парник газдарынын чыгышынын бир аз өскөндүгүн белгилөөгө болот. Ошондой болсо да 2005-жылдагы чыгуулардын деңгээли 1990-жылдагы чыгуу деңгээлинин кеминде 40%ын түздү.

Чыгуулардын негизги булактарына энергетика сектору (74%), андан кийин айыл чарбасы (16,1%), өнөр жай процесстери (5,5%), жерди пайдалануу, жер пайдалануудагы өзгөрүүлөр жана токой чарбасы (0,2%) кирет. Эриткичтерди жана башка продукцияларды пайдалануу секторунда парник газдарынын эмиссиясы анча көп эмес. Жерди пайдалануу, жер пайдалануудагы өзгөрүүлөр жана токой чарбасы атмосферадан көмүртектин эки кычкылын сиңирип алуучу болуп саналат, 2005-жылы 0,71 млн.т көмүртектин эки кычкылы сиңирилген.

 

2.8-сүрөт. Негизги секторлор (агындыларды эсепке албаганда) парник газдарынын чыгуу динамикасы, млн.т СО2-экв.

 

Чыгып жаткан негизги парник газы болуп көмүртектин эки кычкылы (73,5%), метан (24,9%), азоттун чала кычкылы (1,5%) жана гидрофгоркөмүртек (0,1%) болуп саналат. Жылдар боюнча өзгөрүүлөргө негизинен көмүртектин эки кычкылы жана гидрофторкөмүртек кирет, соңку жылдары аларды көбүрөөк пайдалануу байкалат.

 

2.9-сүрөт. Негизги парник газдарынын чыгышы, млн.т СО2-экв.

 

Чыгуулардын өсүшүндө 1 чарчы км чыгуулардын жалпы жана салыштырмалуу өсүшүндө калктын киши башына чыгуулар ИДПнын учурдагы 1 сомуна жана 2000-жылы ИДПнын туруктуу 1 долларына ырааттуу төмөндөп жатат, бул калктын санынын жана ИДПнын өсүшүнө байланышкан.

 

2.4-таблица

 

Парник газынын салыштырмалуу чыгышы, СО2-экв.

 

┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│Чыгуулардын          │ 2000- │ 2001- │ 2002- │ 2003- │ 2004- │ 2005- │

│көрсөткүчү           │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бардыгы, млн. тонна  │ 11,124│ 10,836│ 11,684│ 11,818│ 12,443│ 12,037│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Анын ичинде киши     │  2,260│  2,181│  2,331│  2,329│  2,423│  2,320│

│башына               │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│т/кв.км              │ 55,635│ 54,192│ 58,433│ 59,105│ 62,231│ 60,198│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│кг/ИДПнын учурдагы   │  0,170│  0,147│  0,155│  0,141│  0,132│  0,119│

│сомунда              │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│кг/ИДПнын            │  8,120│  7,509│  8,102│  7,654│  7,532│  7,299│

│2000-жылдагы АКШ дол.│       │       │       │       │       │       │

└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

Облустар боюнча парник газдарынын чыгышынын бөлүштүрүлүшү бирдей эмес, бул негизги өнөр жай объекттеринин жайгашуусуна жана анда жашаган калктын санына байланыштуу. Кыйла көп салымды Бишкек шаары (34,8%) кошот, кийин Чүй облусу (23,2%), Жалал-Абад облусу (13,5%), Ош облусу (12,0%), Ысык-Көл облусу (5,3%), Баткен облусу (4,5%), Нарын облусу (4,2%) жана Талас облусу (2,5%) турат.

 

2.10-сүрөт. Администрациялык бирдиктер боюнча чыгуулардын бөлүштүрүлүшү, миң т СО2-экв.

 

Экологиялык көз караштан алганда парник газдарынан тышкары кыйла ролду газ-прекурсорлор ойнойт. Чыгуулардын бөлүштүрүлүшү парник газдарынын бөлүштүрүлүшүнө окшош, бул жерде да энергетика сектору басымдуулук кылат (82,9%), андан кийин өнөр жайы (9,8%), айыл чарба (6,8%), эриткичтер жана жер пайдалануунун өзгөрүшү турат (2.11-сүрөт). Калдыктар секторунда прекурсорлордун эмиссиясы жок.

 

2.11-сүрөт. Секторлор боюнча прекурсорлордун эмиссиясы, метрлик миң тонна

 

Өлкөдө прекурсорлордун эмиссиясынын негизги массасы көмүртектин кычкылына (72,3%) туура келет, андан кийин метан эмес жеңил органикалык кошулмалар (11,8%), азоттун кычкылы (11,2%) жана күкүрттүн кычкылы (4,7%) турат (2.12-сүрөт).

 

2.12-сүрөт. Газдар боюнча прекурсорлордун эмиссиясы, метрлик миң тонна

 

3. Суу ресурстары

 

Кыргыз Республикасы - суу ресурстары өз аймагында топтолгон Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө, анын гидрогеологиялык өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы мына ушунда. Кыргызстан жер астындагы жана жер үстүндөгү суулардын зор запасына ээ, анын запастары дарыяларда, түбөлүк мөңгүлөрдө жана кар катмарларында.

Республикада 3500 ашык чоң жана майда дарыялар бар, алар Сыр дарыянын, Амударыянын, Чүй, Талас, Или, Тарым дарыяларынын жана Ысык-Көлдүн негизги бассейндерине таандык. Ал дарыялардын суу ресурстары Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу агып өтөт жана Борбордук Азиянын мамлекеттерине кетет. Башка жактан республикага агып келген суу ресурстары жок. Жер үстүндөгү тиричилик (эксплуатациялык) агымдар өзүнө табигый жол менен түзүлгөндөн башка сугат жерлеринен кайтып келип жер алдындагы суу жолдоруна кошулган суулардан турат.

Республиканын жалпы аянтынын ичинен мөңгү жана кар катмарлары аймактын 4,1%ын ээлеп жатат. Колдо бар маалыматтарга ылайык 60-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы аянты 8076,9 кв.км түзгөн 8208 мөңгү эсептелген. Азыркы учурда мөңгүлөрдүн активдүү эрип жаткандыгы байкалат, эксперттердин баасы боюнча ал көрсөткүчтөр 20%га төмөндөгөн.

Кыргызстандын аймагында Борбордук Азиянын бардык мөңгүлөрүнүн 45%га жакыны турат, алар дарыяларды каныктырган негизги булактардын бири болуп саналат жана алардын абалы жөнүндө божомолдор климаттын глобалдык өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө кооптонууну жаратат.

Мөңгүлөрдүн азайышынан улам алардан башат алган майда дарыялардын агымынын азайышына климаттын өзгөрүшүнүн таасир тийгизип жаткандыгы белгиленген. Агымдарды сезондуу бөлүштүрүү да өзгөрдү. 2020-2025-жылдарга чейин мөңгүлөрдүн эришинин күч алышынан улам жер үстүндөгү агымдардын көбөйүшү, андан кийин алардын болжол менен 42-20 куб.км чейин кыскарышы күтүлүүдө, бул 2000-жылдагы суунун көлөмүнүн 44%дан 88%га чейинкисин түзөт. Бул процесстин кесепеттери Кыргызстандын гана эмес, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия регионунун суу ресурстары менен жетишсиз камсыз болушуна, энергетикалык потенциалдын жана жер ресурстарынын азыктуулугунун азайышына алып келиши мүмкүн.

Өлкөнүн аймагында 1923 көл бар. Көлдөрдөгү суунун запасы 1745 куб.км же жалпы улуттук суу запастарынын 71%ы менен бааланат. Эң ири көлдөрдүн катарына - Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек көлдөрү кирет, алар туюк суу бассейндеринде турат. Калгандары Сырдарыянын бассейнине таандык. Эң ири суу агып чыкпай турган тоо көлү - Ысык-Көл, өзүнүн көлөмү (1738 куб.км) жана үстүңкү бетинин аянты (6236 кв.км) боюнча ал бүткүл көл ойдуңунун климатынын калыптанышына таасир тийгизген кубаттуу фактор болуп саналат.

Республиканын аймагында жер алдындагы таза жана минералдык-термикалык суулардын зор запастары да табылган. Жогорку сапаттагы жер алдындагы таза суулардын запастары тоолордун ортосундагы ойдуңдарга топтолгон. Алар жаткан 44 жер чалгындалган. Жер алдындагы таза суулардын жалпы бекитилген запасы 10545,2 миң куб.м/сутканы түзөт(12).

(12) Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын маалыматтары.

Суу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жыргалчылыгынын негизги факторлорунун бири болуп саналат, ошондуктан суу ресурстары мамлекеттер аралык кызыкчылыктардын предмети экендиги табигый нерсе.

Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттер негизинен жайкы сугат мезгилинде ирригациялык максаттар үчүн сууга муктаж болушат. Өлкөдө энергетикалык ресурстардын тартыштыгы Кыргызстан үчүн өлкөдө электр энергиясын керектөө көлөмү өскөн кыш мезгилинде сууну суу сактагычтарга топтоо кыйла пайдалуу болот. Бир өлкөдө сууну пайдалануу режиминин өзгөрүшү сөзсүз башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын козгойт. Азыркы учурда сууну ажыратуу жана суу бөлүштүрүү маселелери өткөн кылымдын 90-жылдарында эле иштелип чыккан мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде чечилип келе жатат.

 

Кайра иштелип чыккан ичилүүчү суу ресурстары

 

Кайра иштелип чыккан ичилүүчү суу ресурстары экологиялык жана экономикалык өзгөчө баалуулукка ээ. Алар өлкөлөрдүн ортосунда, ошондой эле өлкөнүн ичинде таптакыр тең эмес бөлүштүрүлгөн. Ичилүүчү суу ресурстарына таасир тийгизүү булактары болуп аларды ашыкча эксплуатациялоо, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн сапатынын начарлашы саналат. Суу ресурстарын анын запастарын кайра иштетүү менен толтурууну байланыштыруу ичилүүчү суу ресурстарын туруктуу башкаруунун чегиндеги борбордук маселелердин бири болуп саналат. Суу ресурстарына келгенде өлкөлөр бири-бирине көз каранды. Атап айтканда, Борбордук Азияда өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкта суу ресурстарын интеграциялык башкаруу жана бөлүштүрүү маселеси калктын жашоо-турмушу, региондогу экономикалык жыргалчылык жана саясый туруктуулук үчүн өзгөчө маанилүү роль ойнойт. Бул көрсөткүчтүн өзгөрүү тенденциясы өлкөдө кайра иштелип чыккан ичилүүчү суу ресурстарынын абалын аныктайт.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында Суу кадастрын түзүү боюнча иш жүргүзүлбөйт, ошондуктан бүтүндөй республикада, ошондой эле дарыя бассейндеринин өңүтүндө суу ресурстарынын ар жылдык санын аныктоо мүмкүнчүлүгү жок.

Кыргызгидромет жааган жаан-чачындын саны, климаттык көрсөткүчтөр, суулардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды чогултат. Маалыматтарды чогултуу гидропункттарда жана гидрометеорологиялык станцияларда жүргүзүлөт (жүргүзүлгөн иштердин финансыланбагандыгынан улам алардын тармагы абдан кыскарды). Муну менен бирге жаан-чачындар боюнча көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын 30 станциясында өлчөнөт жана бардык станциялар боюнча жалпы маани чыгарылбайт. Иш жүзүндө жалпы буулануу эсептөө 2 станцияда гана жүргүзүлөт.

Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы (ККГГЭ) ГМР МА жер алдындагы суулардын сапатына, санына жана деңгээлине мониторинг жүргүзүү үчүн жооп берет. Бүткүл республика боюнча жайгашкан байкоо жүргүзүү скважиналары боюнча маалыматтарды чогултуу жүргүзүлөт (жүргүзүлгөн иштердин финансыланбагандыгынан улам алардын тармагы абдан кыскарды). Жыл сайын пайдаланылып жаткан скважиналардын 10-15% же каттоодо турган скважиналардын жалпы санынын 10% гана текшерилет. Акыркы 10 жылдын ичинде Чүй, Талас жана Ысык-Көл бассейндеринин скважиналары гана текшерилген, Кыргыз Республикасынын түндүгүнүн калган райондору финансылоонун жетишсиздигинен текшерилген эмес.

Кыргызстан көп дарыялардын баш жагында жайгашкан жана жер үстүндөгү, ошондой эле жер астындагы суулар үчүн ресурс түзүүчү регион болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагы Тарым, Амударыя, Сырдарыя, Чүй, Талас дарыяларынын агымдары түзүлгөн зона болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын кайра иштелип чыккан ичилүүчү суу ресурстары дарыялардын агымдары жана жер алдындагы суулар менен берилген, алардын көлөмү табигый шартта жаан-чачындан жана өлкөнүн аймагындагы мөңгүлөрдүн эришинен улам түзүлөт.

Жер үстүндөгү суулар. Дарыялардын көп жылдан берки жалпы орточо жылдык агымы 50 куб.км жакынды түзөт. Мөңгүлөрдүн жалпы көлөмү - 417,5 куб.км.

Кыргызстандын дарыялары негизги суу агып чыкпаган үч бассейндерге таандык: Арал деңизи (республиканын бүткүл аянтынын 76,5%ы); Ысык-Көл (10,8%), Лобнор көлү - Тарым (12,4%) дарыясы - батыш кытайдын суу артериясы. Каркыра дарыясы (Или дарыясынын бассейни) суу алган аянт болуп саналган (республиканын аянтынын 0,3%) аймактын чакан бөлүгү Балхаш көлүнүн бассейнине таандык (3.1-сүрөт).

 

3.1-сүрөт. Кыргызстандын дарыялар тармагынын картасы

 

Суусунун молдугу боюнча эң ири дарыяларга Нарын, Карадарыя, Тарым, Чүй, Талас, Чаткал (3.1-таблица) дарыялары кирет. Өз кезегинде Сырдарыя бассейни курамына оң жагынан башатын Чоң жана Кичи Нарындын кошулушунан алган Нарын дарыясын, сол жагынан Карадарыяны кошот, ал Кыргызстандын сыртынан барып Нарын дарыясына кошулуп Сырдарыяны түзөт. Сырдарыя дарыясынын түздөн-түз куймасы болуп сол жактан - Исфайрамсай, Шахимардан, Сох, Исфара жана Ходжабакырган, сол жагынан - Падыша-ата, Кассансай, Гавасай, Көксерек, Чаткал тоо кыркаларынын түштүк-батыш беттеринен агып түшкөн Чаткал дарыялары саналат.

 

3.1-таблица

Кыргызстандын негизги дарыяларынын гидрографиялык мүнөздөмөсү

 

┌─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┐

│ Дарыя бассейни, │Суу топтолуу аянты, кв.км│       Узундугу, км      │

│     көлдөр      ├───────────┬─────────────┼───────────┬─────────────┤

│                 │   Жалпы   │ анын ичинде │   Жалпы   │ анын ичинде │

│                 │           │Кыргызстандын│           │Кыргызстандын│

│                 │           │   чегинде   │           │   чегинде   │

├─────────────────┼───────────┼─────────────┼───────────┼─────────────┤

│Сырдарья         │  219000   │  102502     │   2212    │     -       │

├─────────────────┼───────────┼─────────────┼───────────┼─────────────┤

│Нарын            │   59900   │   59900     │    578    │   578       │

├─────────────────┼───────────┼─────────────┼───────────┼─────────────┤

│Карадарья        │   30100   │   30100     │    180    │   180       │

├─────────────────┼───────────┼─────────────┼───────────┼─────────────┤

│Чаткал           │    7110   │    5520(***)│    217    │   175,0(***)│

├─────────────────┼───────────┼─────────────┼───────────┼─────────────┤

│Талас            │   52700   │    8250     │    661    │   194(**)   │

├─────────────────┼───────────┼─────────────┼───────────┼─────────────┤

│Чүй              │   22491   │   15901     │   1186    │   381,0(*)  │

├─────────────────┼───────────┼─────────────┼───────────┼─────────────┤

│Ысык-Көл         │   11233   │   11233     │     -     │     -       │

├─────────────────┼───────────┼─────────────┼───────────┼─────────────┤

│Тарым            │     -     │   25550     │     -     │     -       │

└─────────────────┴───────────┴─────────────┴───────────┴─────────────┘

Булак: АЧММ СМД.

(*) Благовещенка айылынын айрылышында.

(**) Киров айылынын айрылышында.

(***) Найза дарыясынын чатынын айрылышында.

 

Түндүк Кыргызстандын аймагынын көп бөлүгүн Чүй дарыясынын бассейни ээлейт. Дарыя Кочкор өрөөнүндө Кочкор суусу менен ЖБУУ-Арык суусунун кошулушунан жаралат. Боом капчыгайынан чыкканда эң ири куймалардын бирин - Чоң-Кемин дарыясын кабыл алат. Түндүк-батыштан Чүй дарыясынын бассейнине түндүк жана түштүктөн Кыргыз жана Талас тоо кыркалары менен чектелген Талас дарыясынын бассейни кошулат. Талас дарыясы Каракол жана Үч-Кошой дарыяларынын кошулушунан пайда болот.

Асса дарыясынын бассейни (Терс дарыясынын жогору жагында) Талас өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө жайгашкан жана республиканын аймагына Талас дарыясынын оң куймасы болгон Күркүрөө дарыясынын бассейни катары кирет.

Кыргызстандын түндүк-чыгыш бөлүгүн суу агып чыкпай турган Ысык-Көл бассейни ээлеп турат. Көлгө аны курчап турган Тескей жана Күңгөй Ала-Тоонун беттеринен агып түшкөн 80ден ашык майда суулар куят. Алардын ичинен эң ирилеринен болуп бассейндин атмосфера жаан-чачындары көп жааган чыгыш жагында пайда болгон Жыргалаң жана Түп дарыялары саналат. Чыгыш жактан Ысык-Көлдүн бассейнине Или дарыясынын экинчи тартиптеги куймасы болгон Каркыра дарыясынан турган Или дарыясынын (Балхаш көлү) бассейни кошулат.

Лобнор көлүнүн гидрографиялык системасына Кыргызстандын Кыгай менен чектешкен түштүк-чыгыш аймагы кирет. Бул жерде Кытайга агып кеткен Тарым дарыясынын куймасы болуп саналган Аксай, Чоң-Үзөңгүкууш, Сары-Жаз, Көксуу (Кызылсуу, Жаркент), дарыялары башат алат. Бул бассейндин эң ири дарыялары болуп Сары-Жаз дарыясы саналат, ал Какшаал-Тоо, Эңилчек-Тоо, Ак-Шыйрак бийик тоо кыркаларынын кар жана мөңгүлөрүнөн жаралат.

Кызылсуу дарыясы (Батыш, Алай) Тажикстандын аймагында Муксуу дарыясы менен кошулуп Амударыясынын бир бөлүгү болгон Сурхоб (Вахш) дарыясын түзөт.

Суу агып чыкпай турган Ысык-Көл менен Чатыр-Көл бассейнинен тышкары бардык дарыялар трансчек аралык болуп саналат (3.1-сүрөт). Борбордук Азия регионунун ариддик климатынын шартында Кыргызстандын дарыялары трансчек аралык дарыялардын төмөнкү агымында жайгашкан өлкөлөр - Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын дарыяларынын ресурстары толугу менен өлкөнүн аймагында пайда болот. Агымдардын кыйла көлөмү Сырдарыя дарыясынын (58%), (Тарым (13%), Чүй (11%) жана Ысык-Көлдүн (10%) бассейнинде түзүлөт. Амударыя менен Талас-Күркүрөө дарыяларынын бассейнинде түзүлгөн агымдар 4%ды жана республиканын дарыяларынын жалпы агымынын 1%дан азыраагын Каркыра дарыясы түзөт (3.2-сүрөт).

 

3.2-сүрөт. Кыргызстандын аймагында түзүлгөн дарыялардын суу ресурстары, куб.км

 

Кыргызстандан сырткары кетип жаткан агымдын жалпы көлөмү ("Кыргыз Республикасынын суу топтоо ресурстарынын минусу") орточо жыл боюнча 34 куб.км түзөт, муну менен бирге 69% түзгөн агымдын эң көп көлөмү Сырдарыя жана Тарым дарыялары боюнча - 18%, башка дарыялар боюнча Кыргызстандын сыртына кетип жаткан жалпы агымдын 106% чегинде өзгөрүп турат (3.2-таблица).

 

3.2-таблица

 

Кыргыз Республикасынын башкы суу бассейндеринин орточо көп жылдык агымы, куб.км

 

┌────────┬────────┬──────┬────────┬─────────┬───────┬──────────┬──────┐

│Сырдарыя│Амударыя│  Чүй │Талас + │   Или   │ Тарым │ Ысык-Көл │Баары │

│        │        │      │Күркүрөө│(Каркыра)│       │          │      │

├────────┴────────┴──────┴────────┴─────────┴───────┴──────────┴──────┤

│                   Орточо көп жылдык агым, куб.км                    │

├────────┬────────┬──────┬────────┬─────────┬───────┬──────────┬──────┤

│  27,4  │  1,93  │  5,0 │  1,74  │   0,36  │  6,15 │   4,65   │ 47,2 │

├────────┼────────┼──────┼────────┼─────────┼───────┼──────────┼──────┤

│  58    │  4     │ 11   │  4     │   0,8   │ 13    │  10      │  %   │

├────────┴────────┴──────┴────────┴─────────┴───────┴──────────┴──────┤

│      Кыргызстандан сырткары кетип жаткан агымдын жалпы көлөмү       │

│     ("Кыргыз Республикасынын суу топтоо ресурстарынын минусу")      │

├────────┬────────┬──────┬────────┬─────────┬───────┬──────────┬──────┤

│  23,6  │  1,90  │  1,15│  0,96  │   0,36  │  6,15 │          │      │

├────────┼────────┼──────┼────────┼─────────┼───────┼──────────┼──────┤

│  69    │  6     │  3   │  3     │   1     │ 18    │          │  %   │

└────────┴────────┴──────┴────────┴─────────┴───────┴──────────┴──────┘

Булак: АЧММ СМД.

 

2006, 2009 жана 2010-жылы республиканын дарыяларынын молдугу орточо көп жылдык мааниден жогору болгондугу белгиленген жана 109, 101 жана 115%ды түзгөн, 2007- жана 2008-жылдары орточо көп жылдык көрсөткүч төмөн болгон жана тийиштүү түрдө 95% жана 87%ды түзгөн (3.3-таблица).

 

3.3-таблица

 

Кыргызстандын дарыяларынын жылдык агымы, куб.км

 

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│                               Жылдар:                               │

├──────────┬──────────┬──────────┬──────────┬──────────┬──────────────┤

│ 2006-жыл │ 2007-жыл │ 2008-жыл │ 2009-жыл │ 2010-жыл │    Орточо    │

├──────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────────┤

│   51     │   45     │    41    │    48    │    54    │      48      │

└──────────┴──────────┴──────────┴──────────┴──────────┴──────────────┘

Булак: АЧжММ СЧжМД.

 

Каралып жаткан мезгилде республиканын бир тургунуна туура келген суу ресурстарынын саны 7823-10007 куб.м/адамды түзөт, болгондо да өтө төмөнкү көрсөткүч 2008-жылы белгиленген (3.4-таблица).

 

3.4-таблица

 

Республиканын бир тургунуна туура келген суу ресурстарынын саны, куб.м/адам

 

┌──────────┬──────────┬──────────┬──────────┬──────────┬──────────────┐

│ 2006-жыл │ 2007-жыл │ 2008-жыл │ 2009-жыл │ 2010-жыл │    Орточо    │

├──────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────────┤

│  9996    │   8656   │   7823   │   8893   │  10007   │     9075     │

└──────────┴──────────┴──────────┴──────────┴──────────┴──────────────┘

Булак: УСК.

 

Республиканын өрөөндүү облустарынын суу тармактарынын ажыралгыс бөлүгү болуп кыртыштан чыккан суулар ("карасуу") саналат. Бул типтеги дарыялардын эң өнүккөн тармагы Чүй жана Талас облустарынын батыш тарабында орун алган - Токташ, Саргой, Чымкент, Киров ж.б. мындай суу агымдары тоо дарыялардын конустарынын чет жакалары боюнча күндүз жер астындагы суулар чыккан жерлерде пайда болот. Айрым учурда мындай суу агымдары өз алдынча нукту пайда кылат (Красная дарыясы, Чүй дарыясынын бассейни, Сох дарыясынын бассейнинин Гараты дарыясы), бирок, көп учурда түз аймактардагы байыркы нуктар боюнча агып өтөт - Ысык-Ата, Ала-Арча, Аламүдүн, Жети-Өгүз ж.б. Кыртыштан башат алган мындай суу агымдары убакыт жагынан туруктуу чыгымдалышы, агымынын жайлыгы менен айырмаланат. Жер астынан башат алган дарыялардын ("карасуу") жалпы агымы жылына 1911 млн.куб.м түзөт, анын кыйла көлөмү Чүй дарыясынын бассейнинде (69%) жана Ысык-Көлдө (23%) түзүлөт (3.5-таблица).

 

3.5-таблица

 

Жер астындагы суулардан ("карасуу") алган дарыялардын агымы

 

┌────────────────┬─────────────────┬──────────────────────────────────┐

│  Дарыялардын   │    Орточо көп   │            Аталышы               │

│  бассейндери,  │   жылдык чыгым  │                                  │

│  көлдөр        │   Qср. куб.м/с  │                                  │

├────────────────┼─────────────────┼──────────────────────────────────┤

│Талас           │       4,05      │Бакиян, Карабуура-Карасуу, Киров, │

│                │                 │Чимкент, Бейшеке                  │

├────────────────┼─────────────────┼──────────────────────────────────┤

│Чүй             │      41,7       │Анын ичинде: Красная дарыясы      │

│                │                 │(Qcp. = 23,6 куб.м/с), Кочкор     │

│                │                 │өрөөнүндөгү "карасуу"             │

│                │                 │(Qcp. = 2,5 куб.м/с)              │

├────────────────┼─────────────────┼──────────────────────────────────┤

│Ысык-Көл        │      14,1       │Жыргалаң, Каракол, Карасуу,       │

│                │                 │Жети-Өгүз                         │

├────────────────┼─────────────────┼──────────────────────────────────┤

│Сырдарыя        │       0,74      │Гараты дарыясы                    │

├────────────────┼─────────────────┼──────────────────────────────────┤

│Жыйынтыгы,      │      60,6       │                                  │

│куб.м/с         │                 │                                  │

├────────────────┼─────────────────┼──────────────────────────────────┤

│       млн.куб.м│    1911         │                                  │

└────────────────┴─────────────────┴──────────────────────────────────┘

Булак: "Кыргызсуудоолбор" ААК институту.

 

Дарыя сууларын сугатка пайдалануу кайтарымсыз керектөө, ошондой эле сугат талааларынан кайтып келген экинчи суу ресурстарынын пайда болушу менен байланышкан. Кайтарылган суулардын жалпы көлөмү жылына 1981 млн.куб.м, анын ичинен 57%ы Чүй дарыясынын бассейнинде түзүлөт (3.6-таблица).

 

3.6-таблица

 

Кайтарылма суулар

 

┌─────────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐

│ Дарыялардын бассейндери, көлдөр │    Кайтарылма суулардын агымы     │

│                                 │           Q кайтарылма            │

├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤

│Талас + Күркүрөө                 │                9,6                │

├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤

│Чүй                              │               35,8                │

├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤

│Ысык-Көл                         │               17,4                │

├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤

│Жыйынтыгы: куб.м/с               │               62,8                │

├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤

│           млн.куб.м             │             1981                  │

└─────────────────────────────────┴───────────────────────────────────┘

Булак: "Кыргызсуудоолбор" ААК институту.

 

Сырдарыя дарыясынын бассейнинин кайтарылма сууларынын чоңдугу бааланган эмес, анткени Нарын, Карадарыя дарыяларынын бассейнинде жана алардын куймаларында түзүлгөн кайтарылма суулар Өзбекстан Республикасынын аймагына кирип кетет.

Жер астындагы суулар. Жер алдындагы суулардын мамлекеттик эсебин алуунун маалыматтарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жер алдындагы таза сууларынын негизги пайдаланылуучу запастары тоолор ортосундагы ойдуңдарда топтолгон. Алардын аймактары экономика мааниси жагынан алганда Чүй, Ысык-Көл, Талас, Ош облустарында көбүрөөк өнүккөн. Жер алдындагы таза суулардын негизги запастары төртүнчү курактагы борпоң-омкорулма аллювиалдык-пролювиалдык катмарларга туура келет. Негизги сууну өзүнө сыйдырган породалар болуп аралары кумдуу-шагылдар менен толгон майда таштуу шагыл жана аралаш таштуу катмарлар саналат. Пайдаланылган суу алып жүрүүчү горизонттордун кубаттуулугу ар кыл гидрогеологиялык зоналарда ар түрдүү келет жана 20дан 500 м чейин өзгөрүлүп турат.

Республиканын аймагында жер алдындагы таза суулардын пайдаланыла турган запастары чалгындалган, эсептелген жана СССР ГКЗ 44 суу кени бекитилген, анын ичинде 28и Кыргыз Республикасынын түндүк райондорунда орун алган. Кыргыз Республикасы боюнча жер алдындагы таза суулардын жалпы бекитилген запастары бардык категориялардын суммасы боюнча алганда (пайдалануунун үзгүлтүксүз режиминде) күнүнө 10545,2 миң куб метрди, анын ичинде категориялар боюнча алганда: А категориясы күнүнө 2946,65 миң куб.м, В категориясы - күнүнө 3116,17 миң куб.м, С1 категориясы 1689,58 жана С2 категориясы - 2792,8 миң куб.м түзөт. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын түндүк райондору боюнча жалпы бекитилген запастар күнүгө 8239,09 миң куб.м, анын ичинде категориялар боюнча алганда: А категориясы күнүнө 2035, 98 миң куб.м, В категориясы - күнүнө 2425,33 миң куб.м, С1 категориясы - 1334,98 жана С2 категориясы - 2442,8 миң куб.м түзөт. Мындан тышкары жер алдындагы таза суулардын запастары күнүнө 4099,14 миң куб.м көлөмдө бааланган. КР боюнча жер алдындагы суулардын болжолдонгон ресурстары күнүнө 30441 мин, куб.м түзөт, анын ичинде республиканын түндүгү боюнча күнүнө 25948 миң куб.м барабар. Акыркы 20 жыл ичинде жер алдындагы таза суулардын пайдаланыла турган запастарынын өсүшү болгон жок. Суулардын запастарын акыркы саноо 1995-жылы республиканын борборун суу менен камсыз кылган Ала-Арча суу кени боюнча өткөрүлгөн.

Жер алдындагы таза суулардын бардык кендери ичүүгө, чарба-тиричилик, өндүрүштүк жана техникалык (сугаруу) муктаждыктарга алар ачылганда запастары кайсы багытта бекитилгендигине карабастан пайдаланылат: Жер алдындагы суулардын запастарынын пайдалануу даражасы төмөн - 20-30%. Жер алдындагы суулар жогорку деңгээлде борбордогу суу кендеринде жана республиканын экономикалык жактан өнүккөн региондорунда пайдаланылат.

Суу кендеринин жана участокторунун чегинде запастары бекитиле элек жер алдындагы сууларды тандоо үчүн 15 миң скважина тешилип бургуланган, жер алдындагы суулар бүркүлүп чыгарылган жана топтоо нуктары төшөлгөн. Ушул тапта республика боюнча пайдаланылган скважиналардын саны, өзгөчө республиканын түштүгү боюнча белгисиз. КР түндүк региондорунун чегинде 2079 скважина пайдаланылат, анын ичинде 281 скважина жер алдындагы сууларды сыртка пайдасыз (өзүнөн өзү ага бере тургандай) чыгарат.

Суу сактагыч. Кыргыз Республикасынын аймагында энергетика-ирригациялык жана ирригациялык максаттагы, негизинен сезондук жөнгө салынуучу жалпы көлөмү 21,1 млрд.куб.м. келген 12 ири суу сактагыч бар. Алар электр энергиясын иштеп чыгуу жана сугат жерлерин суу менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ. Алардын ичинен толук көлөмү 19,5 млрд. куб.м келген Токтогул суу сактагычы, Киров - 550 млн.куб.м, Орто-Токой - 470 млн.куб.м жана Папан - 260 млн.куб.м. (3.7-таблица). Ошондой эле Кыргызстан Тажикстан менен Өзбекстандын суу сактагычтарынан жылына 400 млн.куб.м жакын суу алат.

 

3.7-таблица

 

Суу сактагычтар жөнүндө маалымат

 

┌──────────────────────┬────────────────┬──────────────┬──────────────┐

│      Аталыштары      │    Толтуруу    │Эксплуатацияга│    Wнпу      │

│                      │    булактары   │берилген жылы │   ───────    │

│                      │                │              │    Wмерт,    │

│                      │                │              │  млн. куб.м  │

├──────────────────────┴────────────────┴──────────────┴──────────────┤

│                   Кыргызстандын суу сактагычтары                    │

├──────────────────────┬────────────────┬──────────────┬──────────────┤

│Токтогул              │Нарын дарыясы   │     1982     │    19500     │

│                      │                │              │    ─────     │

│                      │                │              │     5500     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Киров                 │Талас дарыясы   │     1974     │      550     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │      6,0     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Орто-Токой            │Чүй дарыясы     │     1958     │      470     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │       20     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Папан                 │Ак-Буура дарыясы│     1982     │      260     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │       20     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Төрткүл               │Исфара дарыясы  │     1971     │       90     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │       15     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Ала-Арча нуктук       │Ала-Арча дарыясы│     1989     │       80     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │      0,0     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Ала-Арча куйулма      │Чүй дарыясы     │     1964     │       52     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │      6,0     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Найман                │Абширсай дарыясы│     1970     │     39,5     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │      1,5     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Спартак               │Сокулук дарыясы │     1975     │     22,0     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │      0,6     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Базар-Коргон          │Кара-Үңкүр      │     1962     │     22,0     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │      2,4     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Сокулук               │Сокулук дарыясы │     1968     │      9,3     │

│                      │                │              │     ────     │

│                      │                │              │      2,2     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Кара-Буура            │Кара-Буура      │     2007     │     17,0     │

│                      │дарыясы         │              │     ────     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Бардыгы               │                │              │    21112     │

│                      │                │              │    ─────     │

│                      │                │              │     5574     │

├──────────────────────┴────────────────┴──────────────┴──────────────┤

│                    Өзбекстандын суу сактагычтары                    │

├──────────────────────┬────────────────┬──────────────┬──────────────┤

│Анжиян                │Карадарыя       │     1978     │     1900     │

│                      │дарыясы         │              │     ────     │

│                      │                │              │      150     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Керкидон              │Исфайрамсай,    │     1963     │      160     │

│                      │Карадарыя       │              │     ────     │

│                      │дарыясы         │              │      5,0     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Кассансай             │Кассансай       │     1954     │      165     │

│                      │дарыясы         │              │     ────     │

│                      │                │              │     10,0     │

├──────────────────────┼────────────────┼──────────────┼──────────────┤

│Кайрак-Кум            │Сырдарыя        │     1956     │     4200     │

│                      │дарыясы         │              │     ────     │

│                      │                │              │     1600     │

└──────────────────────┴────────────────┴──────────────┴──────────────┘

Булак: АЧММ СМД.

 

Мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан республикаларынын ортосунда дарыялардын агымдарын бөлүштүрүү негизине "сугат аянттарын текши камсыз кылуу" принциби коюлган. Бул үчүн Схемалар түзүлүп, протоколдор кабыл алынган, алардын мыйзамдуулугу 1995-жылы Борбордук Азия мамлекеттеринин башчылары тарабынан Нукус декларациясын кабыл алуу менен ырасталган, ал: "Борбордук Азия мамлекеттери суу ресурстары боюнча мурда кол коюлган жана колдонулуп жаткан алардын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салган Макулдашууларды, Келишимдерди жана башка ченемдик актыларды тааныган жана аларды кыйшаюусуз аткарууга алган". Ошондой эле Арал деңизинин бассейнинин маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин 1996-жылдын 19-апрелинде Кызыл-Ордо шаарында кабыл алынган чечими менен: "региондук суу стратегиясы бекитилгенге чейин суу бөлүштүрүүнүн кабыл алынган принциптерин жетекчиликке алуу" кабыл алынган.

Жогоруда аталган документтерге ылайык Кыргызстан суунун 24%ын пайдаланууга укуктуу, анын жалпы лимити 11,9 куб.км, анын ичинде Сырдарыя дарыясынын бассейнинде - жылына 4,88 куб.км, Чүй дарыясында - 3,85 куб.км, Талас жана Күркүрөө - 1,0 куб.км жана Амударыя - 0,45 куб.км (3.8-таблица).

 

3.8-таблица

 

Негизги дарыялардын бассейндеринин өңүтүнөн алганда Кыргыз Республикасынын лимити

 

┌───────────────────────┬───────────────────┬─────────────────────────┐

│  Дарыялардын          │Кыргыз             │       Кыргызстан:       │

│  бассейндери,         │Республикасынын    ├────────────┬────────────┤

│  көлдөр               │аймагында түзүлгөн │   лимит,   │ агымдын %  │

│                       │агымдар, куб.км    │   куб.км   │            │

├───────────────────────┼───────────────────┼────────────┼────────────┤

│Талас + Күркүрөө       │        1,74       │    1,00    │     57     │

│дарыясы                │                   │            │            │

├───────────────────────┼───────────────────┼────────────┼────────────┤

│Чүй дарыясы            │        5,0        │    3,85    │     77     │

├───────────────────────┼───────────────────┼────────────┼────────────┤

│Ысык-Көл               │        4,65       │    1,56    │     33     │

├───────────────────────┼───────────────────┼────────────┼────────────┤

│Или (Каркыра) дарыясы  │        0,36       │    0,18    │     50     │

├───────────────────────┼───────────────────┼────────────┼────────────┤

│Тарым дарыясы          │        6,15       │     -      │      -     │

├───────────────────────┼───────────────────┼────────────┼────────────┤

│Амударыя дарыясы       │        1,93       │    0,45    │     22     │

├───────────────────────┼───────────────────┼────────────┼────────────┤

│Сырдарыя дарыясы       │       27,4        │    4,88    │     18     │

├───────────────────────┼───────────────────┼────────────┼────────────┤

│Бардыгы                │       47,2        │   11,9     │     25     │

└───────────────────────┴───────────────────┴────────────┴────────────┘

Булак: АЧММ СМД.

 

Ысык-Көл бассейнинин суу ресурстары мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүүнүн предмети болуп саналбагандыгына карабастан бассейндеги дарыялардын агымынын 33%ына барабар лимит Ысык-Көлдүн экологиялык талаптарына ылайык белгиленген.

Суу ресурстары агымдын трансчек ара дарыяларынын төмөн жагында турган коңшу өлкөлөргө негизинен дарыялардын негизги (кышкы агым, өндүрүмсүз агызуу) нуктары аркылуу жарым-жартылай гидротехникалык курулуштар-каналдар жана суу сактагычтар аркылуу берилет.

Андан тышкары, Кыргызстан сугат үчүн сууну коңшу республикалардын менчигинде турган суу алуу жана агымды топтоо үчүн гидротехникалык курулуштардан: Өзбекстандын - жалпы көлөмү 385 млн. куб.м келген Кампыррават (Анжиян) жана Кассансай суу сактагычтарынан, Түштүк Фергана, Савай, Пахтаабад, Чоң Фергана каналдарынан; Тажикстандын - көлөмү 77 млн. куб.м келген Кайрак-Кум суу сактагычынан алат (3.9-таблица).

 

3.9-таблица

 

Коңшу мамлекеттердин мамлекеттер аралык пайдалануу объекттеринен Кыргызстан алган суунун көлөмү

 

┌───────────────────────────────────┬───────────────┬─────────────────┐

│            Аталышы                │Кыргыз         │Алынган суунун   │

│                                   │Республикасынын│жылдык көлөмү,   │

│                                   │суусунан суу   │млн. куб.м       │

│                                   │ала турган     │                 │

│                                   │мамлекеттер    │                 │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Анжиян суу сактагычы, анын ичинде: │Өзбекстан      │      269,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Кампыррават каналынын оң жээги     │Өзбекстан      │      193,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Түштүк Фергана каналы              │Өзбекстан      │       32,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Савай                              │Өзбекстан      │       44,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Пахтаабад                          │Өзбекстан      │       10,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Керкидон суу сактагычын толтуруучу │Өзбекстан      │       17,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Чоң Фергана каналы                 │Өзбекстан      │       10,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Кассансай суу сактагычы            │Өзбекстан      │       19,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Чоң Наманган каналы                │Өзбекстан      │       60,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Кайрак-Кум каналынан Арка сордургуч│Тажикстан      │       77,0      │

│станциясынын каскады               │               │                 │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│Бардыгы                            │               │      462,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│анын ичинде                        │Өзбекстандан   │      385,0      │

├───────────────────────────────────┼───────────────┼─────────────────┤

│анын ичинде                        │Тажикстандан   │       77,0      │

└───────────────────────────────────┴───────────────┴─────────────────┘

Булак: АЧММ СМД.

 

Ичилүүчү сууну алуу жана пайдалануу

 

Ичилүүчү суу ресурстары экологиялык жана экономикалык өзгөчө баалуулукка ээ. Ичилүүчү суу ресурстарына таасир тийгизүү булактары болуп аларды ашыкча эксплуатациялоо, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн сапатынын начарлашы саналат. Суунун сапаты кыйла даражада анын санына жараша болот, ичилүүчү сууну алууну анын запасын кайра иштетүү менен байланыштыруу ичилүүчү суу ресурстарын туруктуу башкаруунун чегинде борбордук маселелердин бири болуп саналат. Бул көрсөткүчтүн жардамы менен ичилүүчү суунун ресурстары канчалык масштабда пайдаланылып жаткандыгын билүүгө, ошондой эле суу алууну жана анын пайдаланууну жөнгө салуу боюнча саясатты коррекциялоо зарылчылыгы бар-жогун аныктоого болот.

Кыргыз Республикасы колдо бар суу запастарынын 20-25%ын пайдаланат. Калган агым коңшу мамлекеттердин: Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын аймагына агып кетет. Республикада суу ресурстарынын кыйла бөлүгү (90%дан ашыгы) сугатка жана айыл чарба муктаждыктарына пайдаланылат. Муну менен бирге суунун 80-85%ы вегетациялык мезгилде пайдаланылат.

1987-2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын жалпы суу алышы 12,9 куб.км ден 8-10 куб.км же 40%га (3.3-сүрөт) кыскарган.

 

3.3-сүрөт. Ичилүүчү суу алуу, млн. куб.м

 

2006-2010-жылдары кыйла көлөмдө суу алуу Чүй облусунда байкалган, ал 2,71-3,43 куб.км, Ошто 1,2-1,36 куб.км, Талас облусунда 0,83-1,11 куб.км, Жалал-Абад 0,59-1,36 куб.км түзгөн. Суу алуу көлөмү Нарында 0,59-0,69 куб.км, Баткенде 0,58-0,62 куб.км жана Ысык-Көл облусунда 0,51-0,61 куб.км (3.10-таблица).

 

3.10-таблица

 

Аймактар боюнча табигый суу аймактарынан ичилүүчү суу алуу, млн.куб.м

 

┌────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐

│  Региондордун аталышы  │2006-жыл│2007-жыл│2008-жыл│2009-жыл│2010-жыл│

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Кыргыз Республикасы     │  8007  │  8530  │ 8469,4 │  7600  │  7562  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Баткен                  │   621  │   614  │  616   │   599  │   578  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Жалал-Абад областы      │   644  │  1357  │  644,1 │   586  │   695  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Ысык-Көл областы        │   510  │   507  │  612   │   587  │   555  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Нарын областы           │   650  │   663  │  676,2 │   688  │   592  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Ош областы              │  1365  │  1323  │ 1253,7 │  1316  │  1290  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Талас областы           │   847  │   849  │ 1113,8 │   892  │   829  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Чүй областы             │  3253  │  3047  │ 3431,6 │  2708  │  2804  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Бишкек шаары            │   117  │   170  │  122,1 │   141  │   136  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Ош шаары                │   ...  │   ...  │  ...   │    83  │    83  │

└────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘

Булак: АЧММ СМД маалыматтары боюнча УСК.

 

Башкы суу бассейндеринин өңүтүнөн алганда суу алуунун кыйла жогорку көлөмү Чүй дарыясынын бассейнинде белгиленген, ал орточо 4,0 куб.км, Сырдарыя - 3,1 куб.км түзөт. Талас дарыясы менен Ысык-Көлдө ал 930 жана 651 млн. куб.м түзөт. Кызылсуу (Батыш) дарыясынын агымдары начар пайдаланылат - 53 млн.куб.м жана Тарым жана Каркыра дарыяларынын бассейнинин суулары пайдаланылбайт (3.4-сүрөт).

 

3.4-сүрөт. Башкы суу бассейндеринин өңүтүнөн алганда суу алуунун кыйла жогорку көлөмү, млн.куб.м

 

Соңку жылдардын ичинде лимиттер менен кошо суу алуунун иш жүзүндөгү орточо салыштырма чоңдугу Чүй жана Талас дарыяларынын бассейнинен суу алуунун көлөмү мүмкүн болуучу чекке жеткендигин көрсөтөт (3.11-таблица). Калган бассейндерде суу алуунун чоңдугу 11%дан (Амударыя дарыясынын бассейни) 60%га (Сырдарыя дарыясынын бассейни) чейинкини түзөт.

 

3.11-таблица

 

Башкы суу бассейндеринин өңүтүнөн алганда ичилүүчү суу алуунун кыйла жогорку көлөмү, млн. куб.м

 

┌─────────────────────────┬─────────────────┬─────────────┬───────────┐

│      Суу бассейни       │2008-2010-       │    Лимит    │     %     │

│                         │жылдарда орточо  │             │           │

│                         │суу алуу         │             │           │

├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────┼───────────┤

│Талас                    │      0,94       │     1,00    │    94     │

├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────┼───────────┤

│Чүй                      │      3,32       │     3,85    │    86     │

├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────┼───────────┤

│Ысык-Көл                 │      0,61       │     1,56    │    39     │

├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────┼───────────┤

│Сырдарыя                 │      2,94       │     4,88    │    60     │

├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────┼───────────┤

│Амударыя                 │      0,05       │     0,45    │    11     │

├─────────────────────────┼─────────────────┼─────────────┼───────────┤

│Бардыгы                  │      7,86       │    11,9     │    66     │

└─────────────────────────┴─────────────────┴─────────────┴───────────┘

Булак: АЧММ СМД МСИ.

 

Жер астындагы суулар жалпы көлөмү боюнча республикада дарыяларга, көлдөргө, суу сактагычтарга топтолгон жер үстүндөгү ресурстардын көлөмүнөн аз. Бирок, жер астындагы сууларда анын көлөмүнүн аз экендигин толук компенсациялай турган артыкчылыктары бар. Бул биринчи кезекте, тоолордун ортосундагы капчыгайлардын дээрлик бардыгынан жолуга тургандыгы, жогорку сапаты жана сезондук климаттык өзгөрүүлөргө жана суу каптоо, кыян, сел катары жер үстүндөгү сууларды алууну кыйындаткан аларды коштогон кубулуштарга көз карандысыздыгы.

Жер астындагы суулар өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында табигый ичилүүчү суунун артезиан бассейндеринен 5-15% гана коммуналдык-тиричилик багыттарындагы муктаждыктар жана сугат үчүн айрым райондордо пайдаланылып келген(13).

(13) Кыргыз ССРинин атласы. СССР Министрлер Советинин алдындагы ГУГжК. Москва 1987-ж.

Жер астындагы сууларды алууга капиталдык чыгымдар кыйла көп, бирок, скважиналар, насос жабдуулары талаптагыдай тейлеген учурда керектөөгө өтө жакын келген сапаттуу сууну туруктуу алып турууга болот.

Жер астындагы суулар жер үстүнөн, дарыялардан, каналдардан жана башка көлмөлөрдөн жерге сиңүүдөн пайда болот. Негизинен алар тоо этектеринде, дарыялар тоо капчыгайларынан жайык жерге чыкканда пайда болот. Дарыянын суулары кыртыш аркылуу чыпкаланып, тазаланат, ошондуктан, эреже катары, табигый шартта жер астындагы суулар таза болот. Жер астындагы сууну алуунун динамикасы өткөн кылымдын 90- жылдарынын башында айрым жылдарда жылына 1,1 куб.км жеткендигин, 1992-жылдан баштап 900 млн. куб.м ден 300 млн. куб.м ге чейин төмөндөгөндүгүн жана соңку жылдары 299-324 млн. куб.м (3.12-таблица) түзө тургандыгын көрсөттү.

 

3.12-таблица

 

Ичилүүчү таза сууларды, анын ичинен жер алдындагы

горизонттордон алуу, млн. куб.м

 

┌────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐

│                        │2006-жыл│2007-жыл│2008-жыл│2009-жыл│2010-жыл│

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Табигый булактардан суу │ 8007,0 │ 8530,1 │ 8469,4 │  7600  │  7562  │

│алуу, анын ичинде:      │        │        │        │        │        │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│жер алдындагы           │  306   │  334   │  302   │   299  │   324  │

│горизонттордон алуу     │        │        │        │        │        │

└────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘

Булак: УСК.

 

Жер астындагы суулар суу менен жабдуу үчүн кыйла өлчөмдө Бишкек шаарын, Чүй жана Жалал-Абад облустарын, аз өлчөмдө Нарын, Ош, Ысык-Көл жана Талас облустарын суу менен жабдуу үчүн пайдаланышат. Баткен облусунда жер астындагы суулар таптакыр пайдаланылбайт (3.13-таблица).

 

3.13-таблица

 

Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча жер астындагы сууларды алуу көлөмү, млн.куб.м

 

┌─────────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│     Региондун аталышы       │  2006-│  2007-│  2008-│  2009-│  2010-│

│                             │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Талас областы                │  60,4 │    0  │   2,7 │   3,16│   3,15│

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Чүй областы                  │  24,1 │   82,2│  69   │  51,9 │  67,8 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Ысык-Көл областы             │  18,4 │   16,2│  27,5 │  15,40│  54,4 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Нарын областы                │   4,05│    1,3│   0,09│   0   │   0   │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Баткен областы               │   0   │    0  │   0   │   0   │   0   │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Ош областы                   │  42,7 │   22,1│  26,9 │ 20,80 │  21,4 │

 

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Жалал-Абад областы           │  39,9 │   52,5│  53,6 │  66,9 │  42,2 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бишкек шаары                 │ 116,7 │  159,4│ 122,1 │ 141,2 │ 135,3 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бардыгы                      │ 306   │  334  │ 302   │ 299   │ 324   │

└─────────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

Булак: УСК.

 

2010-жылы алынган ичилүүчү суунун көп бөлүгү - 93% сугат жана айыл чарбасын камсыз кылуу үчүн, 4,6% чарбалык-ичүү муктаждыктарына жана болгону 2%ы гана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн пайдаланылган (3.14-таблица). Керектөөнүн мындай түзүмү байкоо жүргүзүлгөн бүткүл мезгил бою сакталып келүүдө. Сугат үчүн жер үстүндөгү, ошондой эле жер астындагы суулар, ал эми өндүрүштүк жана чарбалык-ичүү муктаждыктары үчүн көбүнчө жер астындагы суулар пайдаланылат.

 

3.14-таблица

 

Ичилүүчү суунун пайдалануунун динамикасы, млн.куб.м

 

┌─────────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│                             │  2006-│  2007-│  2008-│  2009-│  2010-│

│                             │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Жалпы керектөө, анын ичинде: │  4533 │ 5547  │ 5315,1│  4729 │  4478 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Өндүрүштүк муктаждыктарга    │    72 │   72,8│   74,6│    80 │    91 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Сугарууга жана айыл чарбасын │  4215 │ 4549,3│ 4445,4│  4425 │  4163 │

│суу менен камсыз кылууга     │       │       │       │       │       │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Чарбалык-ичүү муктаждыктарына│   128 │  159  │  136,8│   180 │   206 │

└─────────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

Булак: АЧММ СМД.

 

Киши башына эсептегенде калктын сууну тиричиликте пайдалануусу

 

Адамдын базалык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн суунун жетиштүү санынын болушу анын жашоо-турмушун, ден соолугун жана өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл шарт болуп саналат. Бул көрсөткүч суу чарбасынын өнүгүү деңгээлин жана калктын тиричилик муктаждыктарын жабуу үчүн суунун жеткиликтүүлүк даражасын аныктаган негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Ар кайсы райондордо сууну тиричиликте керектөөнүн көрсөткүчү бирдей эмес жана көптөгөн экологиялык жана экономикалык факторлорго байланыштуу.

Чарбалык-тиричилик муктаждыктарына пайдаланылган суунун көлөмү 2006-жылга салыштырганда 1,6 эсе өскөн. Сууну пайдалануунун кыйла жогорку көрсөткүчү Чүй (анын ичинде Бишкек шаары) жана Ош облустарында белгиленген. 2010-жылы калктын киши башына эсептегенде тиричиликте сууну пайдалануу 40 куб.м түздү, бул 2006-жылдагы көрсөткүчтөн 1,6 эсе ашат (3.15-таблица).

 

3.15-таблица

 

Чарбалык-тиричилик муктаждыктарында суунун жалпы керектелиши, млн.куб.м

 

┌─────────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│                             │  2006-│  2007-│  2008-│  2009-│  2010-│

│                             │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Чарбалык-ичүү муктаждыктарына│ 128   │ 159   │ 136,8 │ 180   │ 206   │

│бүткүл республика боюнча,    │       │       │       │       │       │

│анын ичинде:                 │       │       │       │       │       │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Баткен областы               │   0   │   0,0 │   0,0 │   0,0 │   0,0 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Жалал-Абад областы           │  17,4 │  16,5 │  15,4 │  10,6 │  25,3 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Ысык-Көл областы             │  7,97 │  10,4 │  12,4 │  11,6 │  11,5 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Нарын областы                │  0    │   0,0 │   0,4 │   0,0 │   0   │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Ош областы                   │ 41,4  │  75,7 │  41,2 │  87,9 │  46,4 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Талас областы                │  0,98 │   2   │   2,5 │   2,7 │   2,7 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Чүй областы                  │ 24,1  │  18,4 │  19,7 │  18,3 │  20,6 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бишкек шаары                 │ 36,6  │  35,9 │  45,3 │  49,2 │  58,1 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Калктын киши башына          │ 25    │  30   │  26   │  35   │  40   │

│эсептегенде, куб.м           │       │       │       │       │       │

└─────────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

Булак: УСК.

 

Өлкөнүн калкы суу менен жабдуунун 1073 борборлоштурулган чарбалык-тиричилик системасынан камсыз кылынат, ошол эле мезгилде 133 системада ичилүүчү сууну булактары жер үстүндөгү суулар болуп эсептелет. Скважиналардын, тазалоочу жана зыянсыздандыруучу жабдуулардын колдонуу мөөнөтүнөн ашып кетиши, сууну саат боюнча берүү жана суу өткөргүч тармактарынын эскириши суунун коромжу (20-50%) болушуна, авариялык кырдаалдын келип чыгышын шарттап, ичилүүчү суунун кайрадан булганышына шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын суу менен жабдуу системасынын 85%га жакыны жер астындагы сууларды пайдаланат, бирок, республиканын аймагы боюнча жер астындагы суулардын бирдей эмес бөлүштүрүлүшү алардын запасы аз болгон түштүк региондордо аны колдонуунун чектелишин шарттаган. Муну менен бирге суу скважиналарын жана суу өткөрүүчү тармактарды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн финансылоонун жетишсиздиги жер астындагы суу булактарын пайдалануудан баш тартууга жана ачык көлмөлөрдөн (дарыялар, кудуктар) анча коопсуз эмес сууларды алууга багыт алууга аргасыз кылууда.

Соңку 15-20 жылда Бишкек менен Ош шаарларында калктын тез өсүшү ичилүүчү суу менен камсыз кылуу маселесинде кыйла кыйынчылыктарды жаратты. Натыйжада иш издеп айылдык райондордон адамдардын шаарга көчүп келишинен шаар четиндеги зоналарда мыйзамсыз жана стандартсыз конуштар пайда болуп, кийин алар мыйзамдаштырылган. Ал райондордун айрымдарында суу менен жабдуу жана тазалоо инфраструктурасы жок же белгиленген ченемдерге жооп бербейт. Бишкекте калктын 15-20%ына жакыны суу түтүктөрүнөн ичилүүчү суусуна ээ эмес. Ош шаарында таза суунун саны жана сапаты жагында көйгөйлөр бардыгы белгиленген.

Республиканын (айыл жана шаар) калкынын ичилүүчү сууга жеткиликтүүлүгү каралып жаткан мезгилде 2006-жылдагы 89,8%дан 2010-жылы 91,5%га чейин көбөйгөн. Калкты суу өткөргүч системасы менен толук камтуу Бишкек шаарында белгиленген. Аны менен 90%дан жогору камтуу Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарында жана эң төмөнү - Баткен облусунда, Ош шаарында, Ош жана Нарын облустарында суу түтүктөрү жетишсиз.

Муну менен бирге калкты суу өткөрүү тармактары аркылуу ичилүүчү суу менен камсыз кылуунун деңгээли соңку жылдары Нарын облусунда кыйла 2006-жылдагы 59,9%дан 90,1%га, Ош облусунда 75,1% (2006-ж.) 82,3% (2010-ж) көбөйгөн, калган облустарда бул көрсөткүчтүн анча көп эмес темпи менен мүнөздөлөт. Баткен облусунда коопсуз ичилүүчү сууга жеткиликтүү калктын үлүшү 80,3%дан (2007-ж.) 2010-жылы 72,7%га чейин азайган (3.16-таблица).

 

3.16-таблица

 

Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча коопсуз ичилүүчү сууга жеткиликтүү калктын үлүшү, %

 

┌────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬────────┐

│     Региондун      │ 2006- │ 2007- │ 2008- │ 2009- │ 2010- │Орточо  │

│     аталышы        │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │        │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Кыргыз Республикасы │  89,8 │  93,0 │  90,4 │  90,4 │  91,5 │   91   │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Баткен облусу       │   -   │  80,3 │  76,7 │  72,8 │  72,7 │   61   │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Жалал-Абад облусу   │  94,4 │  94,9 │  94,4 │  94,4 │  95,0 │   95   │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Ысык-Көл облусу     │  95,5 │  95,8 │  99,3 │  99,3 │  98,8 │   98   │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Нарын облусу        │  59,9 │  88,6 │  92,0 │  95,9 │  90,1 │   85   │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Ош облусу           │  75,1 │  83,0 │  77,3 │  77,1 │  82,3 │   79   │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Талас облусу        │  98,4 │  99,3 │  95,9 │  96,1 │  96,9 │   97   │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Чүй облусу          │  99,3 │  99,6 │  98,6 │  98,9 │  99,0 │   99   │

├────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Бишкек (шаар кеңеш) │ 100   │ 100   │ 100   │ 100   │ 100   │  100   │

└────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴────────┘

Булак: УСК.

 

Айыл жеринде 2006-2010-жылдарда республика боюнча орточо 604 миң адам же жалпы калктын 16%ы ичилүүчү таза суу менен камсыз кылынган эмес. Айыл калкын суу түтүктөрүнүн суусу менен камсыз кылуунун кыйла жогорку деңгээли Чүй облусунда - 96%, Ысык-Көл - 93%, Нарын облустарында - 87%, эң төмөнү - Баткен облусунда - 64% (3.17-таблица).

 

3.17-таблица

 

2010-жылы айыл калкын суу түтүктөрүнүн суусу менен камсыз кылынышы, миң киши

 

┌───────────────────────────┬─────────┬───────────────┬───────────────┐

│         Облус             │Бардыгы, │  Камсыз болду │ Камсыз болгон │

│                           │миң киши │               │      жок      │

│                           │         ├────────┬──────┼────────┬──────┤

│                           │         │миң киши│   %  │миң киши│   %  │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Ош шаары                   │    23   │    16  │  70  │     7  │  30  │

│(шаар айланасындагы 8      │         │        │      │        │      │

│калктуу пункт)             │         │        │      │        │      │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Ош облусу                  │   973   │   773  │  79  │   199  │  21  │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Жалал-Абад облусу          │   790   │   633  │  80  │   170  │  20  │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Талас облусу               │   340   │   132  │  39  │    19  │  61  │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Чүй облусу                 │   697   │   700  │  96  │    31  │   4  │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Ысык-Көл облусу            │   309   │   288  │  93  │    21  │   7  │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Нарын облусу               │   222   │   194  │  87  │    28  │  13  │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Баткен облусу              │   361   │   232  │  64  │   129  │  36  │

├───────────────────────────┼─────────┼────────┼──────┼────────┼──────┤

│Республика боюнча          │  3714   │  2969  │  84% │   604  │  16% │

└───────────────────────────┴─────────┴────────┴──────┴────────┴──────┘

Булак: ССМ СЭКД.

 

Суунун коромжу болушу

 

Суу пайдалануунун натыйжалуулугу суу менен жабдуунун жана суу керектөөнүн көрсөткүчтөрүнүн тең салмактуулугун камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Жарым-жартылай бул милдетти кыйла натыйжалуу технологияларды киргизүү жана суу өткөрүү системасын талаптагыдай техникалык абалда күтүү менен коромжуну кыскартуу жолу аркылуу чечүүгө болот. Пайдалануу жерине ташып барууда суунун коромжусу чектелген жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун, ошондой эле суу пайдалануу, анын ичинде суу өткөрүү системасына, сууга болгон баага жана калктын өз убагында кабардар болушуна таасир тийгизген системасынын натыйжалуу эместигинин көрсөткүчү болуп саналат. Бул көрсөткүч суу чарба системасын жакшыртууга багытталган чаралардын натыйжалуулугун аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Алынган суулардын кыйла бөлүгү пайдаланууда жок болот. Жок болуунун себеби ирригациялык жана суу бөлүштүрүү системаларынын техникалык абалынын канааттандырарлык эместигинде, жабдуулардын эскиргендигинде, сугаттын өркүндөтүлбөгөн ыкмаларын колдонууда турат.

2006-жылдан 2010-жылдын ичинде ташып жеткирүүдө суунун коромжусу жылына 1852 млн. куб.м же суу алуунун көлөмүнүн 23%ын түзгөн (3.18-таблица). Жалал-Абад жана Нарын облустарында коромжунун кыйла жогорку чоңдугу белгиленген, ал тийиштүү түрдө жылына 37% жана 31,8%ды түзгөн. Республиканын калган облустарында суу алуунун көлөмүнүн 20-30% чегинде өзгөрөт. Алынган бардык суу ресурстарынын үчтөн бирине жакыны ташууда жок болот, бул транспорт системасынын өтө жешилгендигин жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугунун өтө төмөндүгүн көрсөтөт.

 

3.18-таблица

 

Аймак боюнча ташууда суунун коромжусу, млн.куб.м

 

┌──────────────────────┬──────┬──────┬───────┬───────┬───────┬────────┐

│                      │ 2006-│ 2007-│ 2008- │ 2009- │ 2010- │  Орто  │

│                      │  жыл │  жыл │  жыл  │  жыл  │  жыл  │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Республика боюнча     │ 8007 │ 8530 │ 8470  │ 7600  │ 7562  │        │

│жаратылыш булактарынан│      │      │       │       │       │        │

│суу алуу              │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┴──────┴──────┴───────┴───────┴───────┴────────┤

│Ташууда суунун коромжусу:                                            │

├──────────────────────┬──────┬──────┬───────┬───────┬───────┬────────┤

│Кыргыз Республикасы   │ 1830 │ 1738 │ 2062  │ 1862  │ 1768  │  1852  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   23 │   20 │   24  │   24,5│   23,4│    23  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Баткен облусу         │   -  │   90 │  119,7│  119,6│  116,2│    89  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   12 │   15 │   19  │   20,0│   20,1│    17  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Жалал-Абад облусу     │  216 │  238 │  243  │  203,2│  189,8│   218  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   34 │   18 │   37  │   34,7│   27,3│    30  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Ысык-Көл облусу       │  121 │  112 │  182,8│  172,6│  164,6│   151  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   19 │   22 │   24  │   29,4│   29,7│    25  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Нарын облусу          │  199 │  205 │  210,2│  214,3│  188,7│   203  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   31 │   31 │   31  │   31,1│   31,9│    31  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Ош облусу             │  335 │  302 │  238,5│  239,9│  220,8│   267  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   23 │   23 │   19  │   17,1│   17,1│    20  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Талас облусу          │  253 │  225 │  280  │  240,0│  228,9│   245  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   30 │   27 │   25  │   26,9│   27,6│    27  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Чүй облусу            │  608 │  543 │  776,4│  648,7│  627,5│   641  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   19 │   18 │   23  │   24,0│   22,4│    21  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│Бишкек шаары          │   25 │   24 │   11,8│   24,0│   24,8│    22  │

├──────────────────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│суу алууга карата     │   22 │   14 │   10  │   17,0│   18,2│    16  │

│пайыз менен           │      │      │       │       │       │        │

└──────────────────────┴──────┴──────┴───────┴───────┴───────┴────────┘

Булак: УСК.

 

Ичилүүчү сууну кайталап жана айлантып пайдалануу

 

Бул көрсөткүч өндүрүштүк объекттерде сууну натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ болот жана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн сууну сарамжалдуу пайдалануу системасын жакшыртууга багытталган жооп кылуу чараларынын натыйжалуулугун аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек шаарынын ЖЭБинин мисалында ичилүүчү сууну кайталап жана айлантып пайдалануу (3.19-таблица) жүргүзүлөт, ал Чүй суу чарба Бассейндик башкармасы менен түзүлгөн ар жылдык келишимдин негизинде сууну техникалык муктаждыктар үчүн Батыш Чоң Чүй каналынан алат.

Техникалык муктаждыктарга суу алуунун орточо жылдык көлөмү жылына 7,6 млн. куб.м ден 10,9 млн. куб.м чейинкини түзөт, алардын ичинен сууну кайтаруусуз пайдалануу 3,36-5,64 млн. куб.м же алынган суунун көлөмүнүн 5% түзөт. Алынган суунун жалпы көлөмүнүн 4-30%ы кайталап жана 10% айлантып пайдаланылат.

Суунун калган бөлүгү пайдаланылгандан кийин тез агуучу канал аркылуу Батыш Чоң Чүй каналына кетет.

 

3.19-таблица

 

Бишкек ЖЭБин суу менен кайталап жана айлантып жабдуу, миң куб.м

 

┌────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┐

│                        │2006-жыл│2007-жыл│2008-жыл│2009-жыл│2010-жыл│

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Техникалык              │        │        │        │        │        │

│муктаждыктарга алынган  │        │        │        │        │        │

│суунун көлөмү           │ 77406  │ 76714  │ 109457 │ 92313  │ 88921  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Кайтарымсыз керектөө    │  4538  │  4357  │  5645  │  4806  │  3360  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│%                       │     6  │     6  │     5  │     5  │     4  │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Суу менен айлантып      │  7785  │ 10262  │  6827,4│ 11641,9│  7998,1│

│жабдуу                  │        │        │        │        │        │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│%                       │    10  │    13,4│     6,2│    12,6│     9,0│

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│Суу менен кайталап      │ 23151,2│ 20906,0│ 15597,3│ 23217,6│ 25659,8│

│жабдуу                  │        │        │        │        │        │

├────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┤

│%                       │    30  │    27  │    14  │    25  │    29  │

└────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┘

Булак: Бишкек шаарынын ЖЭБи.

 

Ичилүүчү суунун сапаты

 

Ушул көрсөткүч иче турган суунун химиялык заттар жана микробиологиялык организмдер менен булгануу деңгээлине баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Иче турган сапатсыз суунун терс таасиринин тобокелдигин аныктоого мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле иче турган суунун санитардык талаптарга жана ченемдерге ылайык келиш деңгээлин мүнөздөйт. Коопсуз иче турган суунун жеткиликтүү болушу Миң жылдыктын өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет. Ичер суунун жеткиликтүүлүгүнүн чектелүү келиши жана анын сапатынын төмөндүгү калктын ооруусунун өсүшүнө, саламаттыкты сактоого кошумча чыгымдардын сарптоого жана калктын жалпы жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет.

Иче турган суунун ар кандай химиялык заттар жана микробиологиялык организмдер менен булганышы эң коркунучтуу фактор болуп саналат, ал суу ресурстарынын түгөнүшүнө жана кээри кетишине алып келет.

Айылдык райондордо суу түтүгү менен келген суунун сапаты жер үстүндөгү сууларды иче турган суу катары өтө көп пайдалануудан улам начарлап олтурат. Инвестициялардын жетишсиздигинен суу тазалоочу курулмалардын абалы начарлап кеткен. Менчик кудуктардын суусу адатта дезинфекцияланбайт жана анын суусу жалпысынан канааттандырарлыксыз болуп эсептелет. Жер үстүндөгү суулардын сапаты жалпысынан төмөн. Кыргызстанда 600 миңден ашуун адамга иче турган таза суу жеткиликсиз, бул ашказан-ичеги ооруларынын жогорку деңгээлине алып келүүдө.

2006-2011-жылдарда республикада микробдук көрсөткүчтөр боюнча талаптарга ылайык келери жаатында 103025 текшерип көрүү жүргүзүлүп, алардын ичинен 11187си талаптарга талабына жооп берген эмес. Бул жалпы текшерип көрүүлөрдүн жалпы санынын 10,9% түзгөн. Ушул жааттан жагымсыз кырдаал Ош шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында аныкталган, аларда текшерип көрүүлөрдүн талаптарына ылайык келбегендиги тиешелүү түрдө 20,5%, 18,4%, 17,6% жана 16,4% түзгөн. Баарынан жагымдуурак жагдай Бишкек шаарында (2,6%) байкалган (3.20-таблица).

 

3.20-таблица

 

2006-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде микробиологиялык көрсөткүчтөр боюнча иче турган суунун сапаты

 

┌────────────────────────────┬────────────────────────────────────────┐

│Администрациялык            │     Микробдук көрсөткүчтөр боюнча      │

│аймактардын                 │  талаптарга ылайык келүүгө изилденген  │

│аталышы                     │          сынамыктардын саны            │

│                            ├────────────┬──────────────┬────────────┤

│                            │   Бардыгы  │алардын ичинен│     %      │

│                            │            │    ылайык    │   ылайык   │

│                            │            │  келбегени   │  келбегени │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Бишкек шаары                │    10207   │      263     │     2,6    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Ош шаары                    │     4977   │     1022     │    20,5    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Ош облусу                   │    22039   │      705     │     3,2    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Жалал-Абад облусу           │    17322   │     3043     │    17,6    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Ысык-Көл облусу             │    12253   │     2006     │    16,4    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Нарын облусу                │     5633   │      460     │     8,2    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Чүй облусу                  │    15373   │     2831     │    18,4    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Талас облусу                │     5796   │      430     │     7,4    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Баткен облусу               │     4433   │      427     │     9,6    │

├────────────────────────────┼────────────┼──────────────┼────────────┤

│Кыргыз Республикасы         │   103025   │    11187     │    10,9    │

└────────────────────────────┴────────────┴──────────────┴────────────┘

Булак: ССМ СЭКД.

 

3.5-сүрөт. 2006-2011-жылдар үчүн КР аймагында микробдук көрсөткүчтөр боюнча талаптарга ылайык келбеген сынамыктардын саны, %

 

2006-2011-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча санитардык-техникалык көрсөткүчтөр боюнча талаптарга талаптарына ылайык келишин текшерүү үчүн 91148 текшерип көрүүлөр алынып, алардын ичинен 2358и талаптарына жооп берген эмес же бул жалпы текшерип көрүүлөрдүн 2,6% түзөт (3.21-таблица).

 

3.21-таблица

 

2006-2011-жылдар мезгилинде санитардык-химиялык көрсөткүчтөр боюнча иче турган суунун сапаты

 

┌─────────────────────────────┬───────────────────────────────────────┐

│Административдик             │Санитардык-химиялык көрсөткүчтөр боюнча│

│аймактардын                  │      ылайык келишине изилденген       │

│аталышы                      │          сынамыктардын саны           │

│                             ├───────────┬──────────────┬────────────┤

│                             │  Бардыгы  │ Анын ичинде  │     %      │

│                             │           │ ылайык       │   ылайык   │

│                             │           │ келбегени    │            │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Бишкек шаары                 │   12137   │       8      │     0,1    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Ош шаары                     │    2953   │      307     │    10,4    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Ош облусу                    │   22863   │      364     │     1,6    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Жалал-Абад облусу            │   11591   │      171     │     1,5    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Ысык-Көл облусу              │   12634   │      609     │     4,8    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Нарын облусу                 │    5706   │       91     │     1,6    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Чүй облусу                   │   12873   │      268     │     2,1    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Талас облусу                 │    4519   │        6     │     0,1    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Баткен облусу                │    5872   │      534     │     9,1    │

├─────────────────────────────┼───────────┼──────────────┼────────────┤

│Кыргыз Республикасы          │   91148   │     2358     │     2,6    │

└─────────────────────────────┴───────────┴──────────────┴────────────┘

Булак: ССМ СЭКД.

 

2006-2011-жылдар мезгилинде санитардык-химиялык көрсөткүчтөр боюнча талаптарына жооп бербеген текшерип көрүүлөрдүн эң көп саны Ош шаарында (10,4%), Баткен облусунда (9,1%) жана Ысык-Көл облусунда (4,8%) катталган. Жагымдуурак абал Талас облусунда жана Бишкек шаарында белгиленген (3.6-сүрөт).

 

3.6-сүрөт. 2006-2011-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык-химиялык көрсөткүчтөр боюнча талаптарына жооп бербеген текшерип көрүүлөрдүн саны

 

2011-жылы Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү булактардын суусун пайдаланган суу түтүктөрүнөн алынган текшерип көрүүлөрдүн 2,7% коюлган талаптарга жана 12,6% микробиологиялык көрсөткүчтөргө жооп бербей тургандыгын көрсөттү.

Суу түтүктөрүнүн суусунун бактериялык эң жогорку деңгээлде булгануусу Жалал-Абад (28,3%), Чүй (18,4%), Ысык-Көл (15,2%) облустарында жана Ош шаарында (17,6%) катталган. Санитардык-химиялык көрсөткүчтөр боюнча талаптарына жооп бербеген текшерип көрүүлөрдүн эң көп саны Ош шаарында (34,1%) катталган.

 

Кычкылтекти биохимиялык колдонуу жана агын суудагы аммонийлүү азоттун концентрациясы

 

Органикалык заттардын (микроорганизмдердин жана бузула турган органикалык калдыктардын) эң көп санда болушу дарыя суусунун химиялык жана биологиялык сапатынын төмөндөшүнө, ошондой эле суу шериктештигинин биологиялык көп түрдүүлүгүнүн азайышына жана микробиологиялык булганууга алып келиши мүмкүн, бул болсо колдонулган суунун сапатына терс таасирин тийгизиши ыктымал. Органикалык булгануу зат алмашуу процессин тездетүүгө шарт түзөт, бул үчүн кислород зарыл. Бул болсо кислород тартыштыгына (анаэробдуу шарттар) алып келиши мүмкүн. Азоттун анаэробдуу шарттарда калыбына келүү формасынын пайда болушу өз кезегинде аммонийлүү азоттун кошундусунун жогорулашына алып келет. Аммонийлүү азот белгилүү деңгээлден жогору келген кошулмаларда суу шериктештиги үчүн уулуу келет.

Чүй дарыясынын жана анын куймаларынын сууларынын минерализациялоо, химиялык курамы, физикалык касиети жаатында мүнөздөмөсү Чүй өрөөнүнүн чегинде 2006-2011-жылдар мезгилинде ар кыл көз кырынан мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарынын негизинде келтирилүүдө, мындай мониторинг болсо башка бассейндерде өткөрүлбөйт. Кыргызгидромет тарабынан такай мониторинг Чүй дарыясынын 10 суу объектинде 23 көз кырынан 33 ингредиент боюнча жүргүзүлүп келет (3.7-сүрөт).

 

3.7-сүрөт. Кыргызгидрометтин жер үстүндөгү суулардын сапатына байкоо жүргүзүү пункттарынын картасы

 

Чүй дарыясы Чүй өрөөнүндөгү эң ири суу объектиси болуп саналат. Чүй дарыясынын суусунун химиялык курамы табигый факторлордун таасири алдында да, адамдардын антропогендик иши аркылуу да түзүлүүдө. Дарыяны булгоо булактары негизинен орто жана төмөнкү агымдарда жайгашкан. Дарыянын табигый агуу режими суу тосмолору менен бузулган жана суу сактагычтар аркылуу жөнгө салынган.

Дарыянын суусу химиялык курамы боюнча гидрокарбонаттуу класска, кальций тобуна кирет. Ортоңку жана төмөнкү агымда сульфат-иондун көбөйгөнү байкалат. Чүй дарыясынын суусунун минерализацияланышы гидрологиялык режимге жараша өзгөрүлүп турат - 2006-2011-жылдарда 169-468 мг/л (0,17-0,47 ПДК) болгон. Иондордун суммасынын көбөйүшү агымдын төмөн жагында байкалган жана баарынан көп келиши Төмөнкү-Чүй поселогунда - 468 мг/л (2008-жылдын майы) жеткен. Суунун катуулугу 2.31-5,56 ммоль/л чегинде байкалган. Кислороддук режимди канааттандырарлык деп мүнөздөөгө болот, эритилген кислороддун камтылышы 7,08-11,72 мг/л чегинде (0,85-0,51 ПДК) байкалган.

Чүй дарыясынын куймалары: Чоң-Кемин, Кичи-Кемин, Кызыл, Ноуруз, Аламүдүн, Ала-Арча, Ак-Суу жана Батыш БЧК. Химиялык курамы боюнча бардык дарыялардын, Ак-Суу дарыясын албаганда, суулары кескин билинген гидрокарбонат мүнөзүнө ээ, катиондук курамында кальцийдин иондору көп. Дк-Суу дарыясынын суусунда айрым айларда сульфат-ионду камтышы гидрокарбонаттуу иондорду камтышына караганда жогору келет.

Чүй дарыясынын куймалары минерализациянын ар кыл мүнөзүнө ээ, ал жыл ичинде бир кыйла өзгөрүүтө дуушар болот. Куймалардагы минералдашуунун деңгээли 53 мг/л-729 мг/л чейин өзгөрүлүп турат. Иондордун эң аз суммасы Бишкектин жогору тарабындагы Ала-Арча дарыясында катталган - 53 мг/л түзгөн. Эң жогорку минералдашуу - 729 мг/л Ак-Суу дарыясында Төлөк айлынын төмөн жагында (2008-ж. майында) байкалган.

Чүй дарыясынын куймаларынын суусунун катуулугу 0,76-8,87 ммоль/л чегинде. Анын минималдуу кошулмасы - 0,76 ммоль/л Алар-Арча дарыясынын Бишкек шаарынын үстүндөгү тушунда, ал эми максималдуу кошулмасы Ноуруз дарыясынын Новопокровка айлынын төмөн жагындагы агымында аныкталган.

Эритинди кислород бардык куймалардын суусунда канааттандырарлык 7,03-12,92 мг/л (0,85 - 0,46 ПДК).

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын суусу химиялык курамы боюнча гидрокарбонаттуу класска, кальций тобуна кирет. Иондордун суммасы 106-401 мг/л, катуулугу 1,48-5,09 ммоль/л түзөт. Кислороддук режим канааттандырарлык, суудагы эритилген кислороддун камтылышы 6,52-13,67 мг/л (0,92-0,44 ПДК) чегинде.

Кислороддун биохимиялык керектелиши (КБК) - бактериялардын таасири алдында аэробдук биохимиялык кычкыл тартышына сарпталган кислороддун саны жана изилденген сууда камтылган туруктуу эмес органикалык кошулмалардын бузулушу. КБК суу көлмөсүнүн органикалык заттар менен бузулуу деңгээлинин критерийлеринин бири болуп эсептелет, КБК сууда болгон органикалык кошулмалардын кычкыл тартышы үчүн зарыл 5 күн ичиндеги кислородго болгон биохимиялык керектөө. КБК чоңдугу сезондук жана күнүмдүк өзгөрүүлөргө дуушар болот. Сезондук өзгөрүүлөр температуранын өзгөрүүлөрүнө жана эритилген кислороддун чыгуу концентрациясына жараша болот. Күндөлүк өзгөрүүлөр да эритилген кислороддун чыгуу концентрациясына жараша болот. КБК чоңдугунун бир кыйла өзгөрүшү суу көлмөсүнүн булгануу деңгээлине жараша болот.

 

3.22-таблица

 

КБКга жараша суу көлмөлөрүнүн класстары5

 

┌───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐

│Булгануу деңгээли                      │         КБК5, мгО2/л        │

│(суу көлмөлөрүнүн класстары)           │                             │

├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤

│Абдан таза                             │          0,5-1,0            │

├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤

│Таза                                   │          1,1-1,9            │

├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤

│Азыраак булганган                      │          2,0-2,9            │

├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤

│Булганч тарткан                        │          3,0-3,9            │

├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤

│Булганган                              │          4,0-10,0           │

├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤

│Абдан булганган                        │           10,0              │

└───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Чүй дарыясынын суусунда КБК5 боюнча органикалык заттардын камтылышы 2006-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде 0,15-4,66 мг02/л (0,05-1,55 ПДК) чегинде өзгөрүлүп турду. Органикалык заттардын камтылышы боюнча эң чоң көрсөткүч - 4,66 мг/л (1,55 ПДК) 2008-жылдын февралында Төмөнкү-Чүй поселогунда катталды.

КБК5 жогортодон төмөнкү агымга көбөйүшү мүнөздүү болуп саналат, бул жөнүндө Боролдой көпүрөсүнөн Төмөнкү-Чүй поселогуна чейин суунун сапаты начарлаганы жөнүндө айтып турат. Айталы, 2011-жылы көбөйүү 0,62 ден 1,31 мг 02/л чейин, б.а. эки эсе болгон. Мындан тышкары КБК5 Токмок, Милянфан, Васильевка, Төмөнкү-Чүй калктуу пункттарынан төмөндө көбөйгөнү байкалат. КБК5 Токмоктон жогоруда 0,51, ал эми шаардан ылдый тарапта 1,53 (үч эсе көп) түздү, Васильевка айлынын төмөнүндө КБК5 дээрлик эки эсе өскөндүгү белгиленген (3.23-таблицасы).

 

3.23-таблица

 

Чүй дарыясынын 5 күндө кислородго биохимиялык керектөөсү, мгО2/л (орточо санда)

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│                           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Боролдой көпүрөсү,         │ 0,89 │ 0,50 │ 0,62 │ 0,62 │      │      │

│көпүрөдөн жогору 0,01 км   │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок ш. шаардан жогору   │ 0,79 │ 0,56 │ 0,74 │ 0,60 │ 0,71 │ 0,51 │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок ш.                  │ 1,18 │ 0,88 │ 1,06 │ 0,85 │ 0,49 │ 1,53 │

│шаардан төмөн 0,5 км       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Милянфан айылы, № 17       │ 0,82 │ 1,18 │ 0,90 │ 0,73 │ 0,59 │ 1,49 │

│эңкейишинен жогору 2,5 км  │      │      │      │      │      │      │

│                           │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Милянфан айылы, № 17       │ 1,09 │ 1,35 │ 1,62 │ 0,77 │ 0,84 │ 0,84 │

│эңкейишинен төмөн 1,5 км   │      │      │      │      │      │      │

│                           │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Васильевка айылы,          │ 0,87 │ 1,11 │ 0,74 │ 0,92 │ 0,6  │ 0,84 │

│айылдан жогору 0,5 км      │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Васильевка айылы,          │ 1,17 │ 1,98 │ 1,48 │ 1,66 │ 1,54 │ 1,6  │

│айылдан төмөн 0,3 км       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Төмөнкү-Чүй поселогунан,   │ 0,86 │ 1,26 │ 1,27 │ 1,19 │ 0,87 │ 0,81 │

│жогору 0,5 км              │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Төмөнкү-Чүй поселогунан    │ 1,05 │ 1,36 │ 1,84 │ 1,30 │ 0,84 │ 1,31 │

│төмөн 0,7 км               │      │      │      │      │      │      │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Кыргызгидромет.

Эскертме: балык чарбачылыгы багытындагы үстүңкү суулардын булганышына баа берүү критерийи (ПДК): кышкы мезгилде эритилген кислород - 4 мг/л кем эмес, жайкы мезгилде - 6 мг/л; КБК - 3 мг/л.

Чүй дарыясынын куймаларынын сууларын алсак, анын орточо чоңдугу 0,14-6,23 мгО2/л (0,05 2,08 ПДК болду) КБК5 максималдуу көрсөткүчү 6,23 мгО2/л (2,08 ПДК) Нооруз дарыясынын Новопокровка поселогунан төмөн тарабында катталган (2008-жылдын ноябрында).

 

3.24-таблица

 

Чүй дарыясынын куймаларынын 5 күндө кислородго биохимиялык керектөөсү (КБК5), мгО2/л (орточо санда)

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│                           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Чоң-Кемин дарыясы - куйма, │ 0,69 │ 0,55 │ 0,9  │ 0,54 │ 0,35 │ 0,69 │

│куймадан жогору 0,3 км     │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кичи-Кемин дарыясы -       │ 0,49 │ 0,57 │ 0,37 │ 0,34 │ 0,4  │ 0,52 │

│Актүз поселкасы,           │      │      │      │      │      │      │

│поселкадан 3 км жогору     │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кичи-Кемин дарыясы -       │ 0,59 │ 0,70 │ 0,71 │ 0,52 │ 0,53 │ 0,70 │

│Актүз поселкасы,           │      │      │      │      │      │      │

│поселкадан 8 км төмөн      │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Красная дарыясы -          │ 0,67 │ 0,56 │ 0,63 │ 0,49 │ 0,36 │ 0,36 │

│Токмок ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 11 км төмөн        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Нооруз дарыясы -           │ 1,24 │ 0,95 │ 0,97 │ 0,51 │ 0,65 │ 1,01 │

│Новопокровка айылы,        │      │      │      │      │      │      │

│айылдын чегинде            │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Нооруз дарыясы -           │ 2,30 │ 1,84 │ 0,73 │ 0,56 │ 0,54 │ 1,43 │

│Новопокровка айылы,        │      │      │      │      │      │      │

│айылдан 0,5 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Аламүдүн дарыясы -         │ 1,09 │ 1,17 │ 1,33 │ 1,30 │ 0,8  │ 1,18 │

│Бишкек ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 1 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Аламүдүн дарыясы -         │ 1,15 │ 1,56 │ 1,77 │ 1,03 │ 0,88 │ 1,53 │

│Бишкек ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 2 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ала-Арча дарыясы -         │ 1,19 │ 1,33 │ 1,09 │ 0,59 │ 0,94 │ 1,06 │

│Бишкек ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 4 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ала-Арча дарыясы -         │ 2,23 │ 2,02 │ 2,55 │ 1,07 │ 1,2  │ 1,78 │

│Бишкек ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 2 км төмөн         │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ак-Суу дарыясы -           │ 1,89 │ 1,85 │ 1,75 │ 1,31 │ 1,13 │ 1,43 │

│Түлөк айылы,               │      │      │      │      │      │      │

│айылдан 1 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ак-Суу дарыясы -           │ 1,87 │ 1,61 │ 1,28 │ 1,53 │ 1,19 │ 1,18 │

│Түлөк айылы,               │      │      │      │      │      │      │

│айылдан 2,8 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Батыш БЧК каналы -         │ 0,71 │ 0,94 │ 0,89 │ 0,77 │ 0,3  │ 0,54 │

│Сокулук а.,                │      │      │      │      │      │      │

│айылдан 0,8 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Төмөнкү Ала-Арча суу       │ 2,22 │ 2,25 │ 2,64 │ 1,53 │ 2,02 │ 2,62 │

│сактагычы - Маевка айылы   │      │      │      │      │      │      │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Кыргызгидромет.

 

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында КБК5 боюнча органикалык заттардын болушу 0,24-4,49 мгО2/л (0,08-1,50 ПДК) чегинде болду. Эң жогорку көрсөткүч - 4,49 мг/л (1,50 ПДК) 2007-жылдын августунда катталды.

Аммонийлүү азот. Суу көлмөсүнө аммоний иондорунун келип түшүшүнүн негизги булактары болуп мал өстүрүүчү фермалар, чарбалык-тиричиликке пайдаланылган булганч суулар, тамак-аш жана химиялык ишканалардан чыккан булганч суулар саналат. Аммоний азотунун зыяндуулугун чектеген көрсөткүч болуп токсикологиялык көрсөткүч эсептелет.

Чүй дарыясы үчүн аммоннй азотунун 0,00-0,94 мг№/л (0,0-2,41 ПДК) камтылышы мүнөздүү. Анын эң жогорку көрсөткүчү Чүй дарыясынын Токмок шаарынын төмөнүндөгү агымында 2011-жылдын мартында катталды.

Ошол эле мезгилде Бурулдай көпүрөсүнүн тушунда аммоний азоту айрым жылдарда табылган эмес. 2006-2011-жылдар мезгилинде жогортодон төмөнгө кеткен агымында анын концентрациясы көбөйгөндүгү байкалат (3.8-сүрөт).

Мындан тышкары айрым жылдарда аммоний азотунун кыйла көбөйгөнү Токмок шаарынан төмөндө 15,5 эсе (2011-ж.), Милянфан айлынын төмөнүндө 5 эсе (2007- жана 2009-жж.), Васильевка айылынан төмөндө 17 эсе (2007-ж.) жана 11,5 эсе (2009-ж.) өскөндүгү байкалат.

 

3.8-сүрөт. Чүй дарыясынын сууларындагы аммоний азотунун концентрациясы, мг/л

 

3.25-таблица

 

Чүй дарыясындагы аммоний азоту, мг№/л (орточо көрсөткүч)

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│                           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Боролдой көпүрөсү,         │  -   │  -   │ 0,03 │ 0    │ 0,02 │ 0,01 │

│көпүрөдөн жогору 0,01 км   │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок ш.,                 │ 0,03 │ 0,03 │ 0,03 │ 0,01 │ 0,02 │ 0,02 │

│шаардан 1 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок ш.,                 │ 0,05 │ 0,05 │ 0,09 │ 0,05 │ 0,07 │ 0,31 │

│шаардан 0,5 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Милянфан айылы, № 17       │ 0,03 │ 0,01 │ 0,03 │ 0,01 │ 0,03 │ 0,02 │

│дренаждык коллекторунун    │      │      │      │      │      │      │

│эңкейишинен 2,5 км жогору  │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Милянфан айылы, № 17       │ 0,04 │ 0,05 │ 0,09 │ 0,05 │ 0,06 │ 0,06 │

│дренаждык коллекторунун    │      │      │      │      │      │      │

│эңкейишинен 1,5 км төмөн   │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Васильевка айылы,          │ 0,02 │ 0,01 │ 0,05 │ 0,02 │ 0,04 │ 0,06 │

│айылдан 0,5 км жогору      │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Васильевка айылы,          │ 0,11 │ 0,17 │ 0,13 │ 0,23 │ 0,09 │ 0,24 │

│айылдан 0,3 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Төмөнкү-Чүй поселогунан    │ 0,05 │ 0,05 │ 0,04 │ 0,13 │ 0,07 │ 0,06 │

│0,5 км жогору              │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Төмөнкү-Чүй поселогунан    │ 0,06 │ 0,07 │ 0,03 │ 0,15 │ 0,08 │ 0,05 │

│0,7 км төмөн               │      │      │      │      │      │      │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Кыргызгидромет.

Эскертме: ПДК = 0,39 мг№/л.

 

Васильевка айылындагы Чүй дарыясынын агымында аммоний азотунун концентрациясынын өзгөрүү динамикасы 2005-2009-жылдар мезгилинде анын 0,11ден 0,24 мг/л чейин же эки эсе өскөнүн көрсөтүп турат (3.9-сүрөт).

 

3.9-сүрөт. Васильевка айылындагы Чүй дарыясынын агымында аммоний азотунун концентрациясынын өзгөрүү динамикасы, мг/л

 

Чүй дарыясынын куймаларында аммоний азотунун камтылышы анчейин эмес жана 0-0,18 мг№/л (0,00-0,46 ПДК) чегинде болду. Аммоний азотунун жогорку деңгээлде камтылышы Ала-Арча дарыясынын Бишкек шаарынан төмөнүндөгү агымында, ал эми айрым жылдарда Аламүдүн дарыясынын Бишкек шаарынын төмөнүндөгү агымында жана Нооруз дарыясынын Новопокрока айлынан төмөндөгү агымында байкалат. Аммоний азотунун жогорку концентраты Чүй өрөөнүнүн суу чарба объекттеринин - Батыш Чоң Чүй каналынын жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын сууларында байкалат.

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында аммоний азотунун концентрациясы 2006-2011-жылдар мезгилинде 0,0-0,66 мг№/л (0,00-1,69 ПДК) түздү, мында максималдуу көрсөткүч - 0,66 мг№/л (1,69 ПДК) 2006-жылдын ноябрында катталган.

 

Таза суудагы биогендик заттар

 

Ушул көрсөткүч таза суулардагы биогендик заттардын камтылышы жаатында алардын (дарыялардын, көлдөрдүн жана жер алдындагы суулардын) абалын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Шаардык, өнөр жайлык жана айыл чарба райондорунан суусу таза суу көлмөлөрүнө чоң көлөмдөгү биогендик заттардын кириши ушул көлмөлөрдү эвтрофикациялоого алып келиши мүмкүн, бул экологиялык өзгөрүүлөргө кириптер кылып, өсүмдүктөрдүн жана балыктардын түрлөрүнүн жоголушу менен коштолушу жана алардын суусун адамдар өз керектөөсүнө жана башка максаттарда пайдаланышына терс таасирин тийгизери ыктымал.

Биогендик компоненттердин камтылышы Чүй дарыясында жана анын куймаларында гана аныкталууда жана алар 2006-2011-жылдар мезгилинде өткөрүлгөн мониторингдин маалыматтарынын негизинде келтирилүүдө. Ушундай мониторингдер башка суу бассейндеринде өткөрүлбөйт (3.7-сүрөт). Мониторинг такай Кыргызгидромет тарабынан Чүй дарыясынын бассейнинин 10 суу объектиндеги 23 дарбазада жүргүзүлөт.

Чүй дарыясы. Чүй дарыясында нитраттуу азоттун камтылышы 0,000-1,173 мг№/л (0,00-8,65 ПДК) болуп келди. Анын максималдуу концентрациясы 2010-жылдын мартында Бишкек шаарынын канализациясынын булганч суулары куюлгандан төмөндөгү Васильевка айылындагы суу тосмосунда байкалды. Ушул суу дарбазасында жыл сайын жол берилген концентрациядан 2-5 эсе ашып түшөрү байкалат (3.26-таблица).

Нитрат азотунун концентрациясынын жогору келиши адатта жаңы булгануу болуп жаткандыгын көрсөтөт. Нитраттар өзүндө аммонийдин нитраттарга кычкыл тартуу жана тескерисинче нитраттардын азотко жана аммиакка калыбына келүү (денитрификация - кислород жетишсиз болгондо) бактериалдык процесстеринин чынжырындагы ортолук баскычты түшүндүрөт. Нитраттарды камтуунун сезондуу өзгөрүүлөрү алардын кышында жоголушу жана жазында пайда болушу менен мүнөздөлөт. Концентрациянын эң жогорку көрсөткүчү жайдын аягында байкалат. Күзүндө нитраттардын концентрациясы азаят.

Жогорудагы жылдарда айылдардын жана поселоктордун төмөнүндө нитрат азотунун концентрациясынын көбөйүшү төмөнкү суу дарбазаларында байкалат: Васильевка айылынан төмөндө 5-9 эсе, Токмок шаарынан төмөндө 2-10 эсе (2011-ж.), Милянфан айлынан төмөндө - 1-2 эсе.

 

3.26-таблица

 

Чүй дарыясындагы нитраттуу азот, мг№/л (орточо көрсөткүч)

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│                           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Боролдой көпүрөсү,         │  -   │  -   │ 0,005│ 0,003│ 0,004│ 0,006│

│көпүрөдөн жогору 0,01 км   │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок ш.,                 │ 0,004│ 0,003│ 0,006│ 0,003│ 0,006│ 0,003│

│шаардан 1 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Токмок ш.,                 │ 0,01 │ 0,02 │ 0,016│ 0,029│ 0,014│ 0,02 │

│шаардан 0,5 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Милянфан айылы, № 17       │ 0,01 │ 0,01 │ 0,01 │ 0,009│ 0,013│ 0,012│

│дренаждык коллекторунун    │      │      │      │      │      │      │

│эңкейишинен 2,5 км жогору  │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Милянфан айылы, № 17       │ 0,01 │ 0,01 │ 0,02 │ 0,015│ 0,018│ 0,015│

│дренаждык коллекторунун    │      │      │      │      │      │      │

│эңкейишинен 1,5 км төмөн   │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Васильевка айылы,          │ 0,01 │ 0,01 │ 0,014│ 0,014│ 0,014│ 0,01 │

│айылдан 0,5 км жогору      │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Васильевка айылы,          │ 0,05 │ 0,09 │ 0,07 │ 0,098│ 0,09 │ 0,08 │

│айылдан 0,3 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Төмөнкү-Чүй поселогунан    │ 0,02 │ 0,03 │ 0,05 │ 0,05 │ 0,03 │ 0,04 │

│0,5 км жогору              │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Төмөнкү-Чүй поселогунан    │ 0,024│ 0,026│ 0,04 │ 0,039│ 0,045│ 0,048│

│0,7 км төмөн               │      │      │      │      │      │      │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Кыргызгидромет.

Эскертме: ПДК = 0,02 мг№/л

 

Нитраттуу азоттун камтылышы 2006-2011-жылдарда 0,51-3,16 мг№/л (0,06-0,35 ПДК) чегинде болду жана жол берилген концентрациянын чегинен ашкан жок (ПДК = 9,0 мг№/л).

Сууда нитраттуу азоттун концентрациясынын жогору келиши адатта анын кийинки мезгилдерде булгана баштагандыгын билдирет. Нитраттардын иондорунун табигый сууларда болушу нитратташтырган бактериялардын аракети алдында суу көлмөлөрүндөгү ички процесстер, атмосфералык электр чыңалуулары бошоңдогондо пайда болгон азоттун оксиддерин жутуп алышкан атмосфералык жаан-чачындар, өнөр жайлык жана чарбалык-тиричилик булганч суулары, өзгөчө биологиялык тазалоодон кийинки суулар менен байланышкан. Жер үстүндөгү суулардагы концентрация айтарлык сезондук өзгөрүүлөргө кириптер: вегетациялык мезгилде ал минималдуу келет, ал күзүндө көбөйүп, кышында максимумуна жетет.

Минералдуу фосфордун камтылышы 0,000 мг/л-0,243 мг/л чегинде болду. Минералдуу фосфордун эң жогорку концентрациясы - 0,243 мг/л концентрациясы 2007-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын канализациясынын булганч суулары куюлгандан төмөндөгү Васильевка айылындагы суу тосмосунда байкалды. Мында балык чарбасы багытындагы суу объекттери үчүн минералдуу фосфорго жол берилген концентрациянын чеги аныкталган эмес.

Сууда фосфаттардын ашыкча келиши суу объектинде жер семирткичтердин аралашмасы, чарбалык-тиричилик булганч суулардын компоненттеринин, бузулуп жаткан биомассанын бардыгын көрсөтүп турат.

Чүй дарыясынын куймалары: Чоң-Кемин, Кичи-Кемин, Кызыл, Ноуруз, Аламүдүн, Ала-Арча, Ак-Суу жана Батыш БЧК. Бардык жылдарда Бишкек шаарынын төмөнүндө Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларында нитрат азотунун концентрациясынын тиешелүү түрдө 2-15 жана 2-5 эсе көбөйгөндүгү байкалат. Бишкек шаарынын төмөнүндө Ала-Арча дарыясында анын концентрациясы жол берилген чектен жогору келиши белгиленген. Нитрат азотунун жогорку камтылышы Ала-Арча дарыясында Бишкек шаарынын төмөнү тарабында 2008-жылдын майында 0,173 мг№/л жана 2011-жылдын июнунда 0,089 мг№/л (4,45 ПДК) байкалган (3.27-таблица).

 

3.27-таблица

 

Чүй дарыясынын куймаларындагы нитраттуу азот, мг№/л (орточо көрсөткүч)

 

┌───────────────────────────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┐

│                           │ 2006-│ 2007-│ 2008-│ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│                           │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │  жыл │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Чоң-Кемин дарыясы - куйма, │ 0,004│ 0,001│ 0,012│ 0,005│ 0,005│ 0,004│

│куймадан 0,3 км жогору     │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кичи-Кемин дарыясы -       │ 0    │ 0,001│ 0,002│ 0,005│ 0,001│ 0,001│

│Актүз поселкасы,           │      │      │      │      │      │      │

│поселкадан 3 км жогору     │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Кичи-Кемин дарыясы -       │ 0    │ 0,002│ 0,002│ 0,005│ 0,001│ 0,002│

│Актүз поселкасы,           │      │      │      │      │      │      │

│поселкадан 8 км төмөн      │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Красная дарыясы -          │ 0    │ 0,006│ 0,009│ 0,006│ 0,003│ 0,003│

│Токмок ш,                  │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 11 км төмөн        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Нооруз дарыясы -           │ 0,01 │ 0,01 │ 0,01 │ 0,01 │ 0,01 │ 0,013│

│Новопокровка айылы,        │      │      │      │      │      │      │

│айылдын чегинде            │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Нооруз дарыясы -           │ 0,01 │ 0,013│ 0,012│ 0,013│ 0,013│ 0,018│

│Новопокровка айылы,        │      │      │      │      │      │      │

│айылдан 0,5 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Аламүдүн дарыясы -         │ 0,02 │ 0,006│ 0,005│ 0,008│ 0,005│ 0,004│

│Бишкек ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 1 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Аламүдүн дарыясы -         │ 0,01 │ 0,019│ 0,017│ 0,018│ 0,008│ 0,02 │

│Бишкек ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 2 км төмөн         │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ала-Арча дарыясы -         │ 0,003│ 0,005│ 0,004│ 0,005│ 0,006│ 0,008│

│Бишкек ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 4 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Ала-Арча дарыясы -         │ 0,02 │ 0,02 │ 0,06 │ 0,041│ 0,013│ 0,04 │

│Бишкек ш.,                 │      │      │      │      │      │      │

│шаардан 2 км төмөн         │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Аксуу дарыясы -            │ 0,01 │ 0,02 │ 0,013│ 0,013│ 0,013│ 0,015│

│Төлөк айылы,               │      │      │      │      │      │      │

│айылдан 1 км жогору        │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Аксуу дарыясы -            │ 0,01 │ 0,01 │ 0,017│ 0,015│ 0,015│ 0,016│

│Төлөк айылы,               │      │      │      │      │      │      │

│айылдан 2,8 км жогору      │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Батыш БЧК каналы -         │ 0,01 │ 0,007│ 0,01 │ 0,02 │ 0,018│ 0,009│

│Сокулук айылы,             │      │      │      │      │      │      │

│айылдан 0,8 км төмөн       │      │      │      │      │      │      │

├───────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│Төмөнкү Ала Арча суу сак.  │ 0,01 │ 0,015│ 0,016│ 0,014│ 0,013│ 0,017│

│- Маевка айылы             │      │      │      │      │      │      │

└───────────────────────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: Кыргызгидромет.

Эскертме: ПДК=0,02 мг№/л.

 

Нитраттуу азоттун концентрациясы ПДК ашкан жок жана 0,43-3,87 мг№/л (0,05-043 ПДК) болду.

Байкалган бүткүл мезгил ичинде Ак-Суу дарыясынын тосмолорунда сульфат-иондун жогору деңгээлде камтылганы байкалды. Максималдуу көрсөткүч - 356,6 мг/л (3,57 ПДК) 2010-жылдын августунда Ак-Суу дарыясында Төлөк поселогунун төмөнүндөгү тосмодо катталды.

Төмөнкү-Ала-Арча суу сактагычында нитрат азотунун концентрациясы 0,05-0,043 мг№/л (0,25-2,15 ПДК) түздү. Анын максималдуу концентрациясы - 0,043 мг№/л (2,15 ПДК) 2011-жылдын декабрында аныкталды.

Нитраттуу азоттун концентрациясы 0,28-2,05 мг№/л (0,03-0,23 ПДК) түздү жана жол берилген ченемдерден ашкан жок.

Төмөнкү-Ала-Арча суу сактагычында минералдуу фосфор 0,002-0,092 мг/л чегинде болду.

 

Булганыч агынды суулар

 

Органикалык жана биогендик заттар, коркунучтуу кошулмалар менен булганган агынды суулар суу ресурстарына кыйла терс таасир этет. Кубаттуулуктун жетишсиздигинен же натыйжалуу эмес пайдалануудан улам тазалоо курулуштарына келген агынды суулардын бүткүл көлөмүн тазалоо жетиштүү деңгээлин камсыз кылууга жөндөмсүздүк суу объекттерине антропогендик күч келтирүүнүн олуттуу факторлорунун бири болуп саналат. Бул көрсөткүч табигый көлмөлөргө басым жасоонун деңгээлин жана мүнөзүн аныктайт жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, биринчи кезекте тазалоочу курулуштар системасын өркүндөтүү жана алардын ишине экологиялык контролду күчөтүү үчүн зарыл маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Экономикалык абалдын начарлашы тазалоо жана канализациялык курулуштардын ишинде олуттуу көйгөйлөрдү жаратты, бул агынды сууларды тазалоонун сапатынын төмөндөшүнө жана ачык көлмөлөрдөгү суулардын көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келди.

Булганган агынды сууларды жер үстүндөгү суу объекттерине төгүү соңку 5 жылда 12,6 млн.куб.метрден 6,7 млн.куб.метрге чейин кыскарды (2007-жана 2008-жылдардан тышкары, анда тийиштүү түрдө 20,0 млн.куб.метр жана 18,5 млн.куб.м төгүлгөн болучу). Тазалабастан ачык көлмөлөргө жана суу агымдарына төгүлгөн агынды сууларда нитраттар, хлориддер, хром, сульфаттар, мунай жана мунайзаттар, оор металлдардын туздары жана башка суу ресурстарынын жалпы абалына гана эмес, ошондой эле акыр аягында калктын ден соолугуна терс таасир тийгизе турган заттар болушу мүмкүн.

Сууларды негизги булгагычтар болуп айыл чарба, өнөр жай ишканалары, муниципалдык канализация системалары, мал чарба фермалары жана калктын тиричилик калдыктары саналат. Жетиштүү тазаланбаган агынды сууларды төгүүнүн себептери болуп эскилиги жеткен жана төгүлгөн агынды сууларды тазалоого кубаттуулугу боюнча ылайык келбеген тазалоо курулуштарын канааттандырарлык эмес эксплуатациялоо саналат. Агынды сууларды тазалоо боюнча колдо бар 350 курулуштун ичинен 40%ы агынды сууларды тазалоонун ченемин камсыз кыла албайт. Шаарлардын жана райондук борборлордун чарбалык-тиричилик агынды сууларды өткөрүү жөндөмдүүлүгү 719,8 миң куб.м/сутка болгон 20 муниципалдык тазалоо курулуштарында тазаланат.

Агынды сууларды ири шаарлардын четиндеги топтогучтарга төгүүнү эсепке алуу жана контролдоо татаал маселе болуп саналат. Кен казып алуу ишканаларында шахта-кен сууларын чыгаруунун жана пайдалануунун көлөмү эсепке алынбайт. Мейли жергиликтүү булгоо (малдын кыгы) же аларды чачуу (жер үстүндөгү суулардын сапатына таасир тийгизген жер семирткичтер жана пестициддер) болсун, айыл чарба ишинен булгоонун саны боюнча так маалыматтар жок. Айыл чарба объекттеринен башаламан төгүү, талаалардан келген майнап суулар суу объекттерин негизги булгагычтар болуп саналат.

Агынды суулардын көлөмүнүн чоңдугу чоң диапозондо 153,9-1036,5 млн. куб.м өзгөрүп турат, алардын ичинен ченемге ылайык тазаланганы 138,3-354,3 млн. куб. метрди түзөт, бул агынды суулардын жалпы көлөмүнүн 18%дан 93%га чейинкисин түзөт. Жетиштүү эмес тазаланган суулардын көлөмү агынды суулардын жалпы көлөмүнөн 2-4%ынын чегинде өзгөрүлүп турат (3.28-таблица).

 

3.28-таблица

 

Булганган агынды сууларды жер үстүндөгү суу объекттерине төгүүнүн көлөмү, млн. куб.м

 

┌─────────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│                             │  2006-│  2007-│  2008-│  2009-│  2010-│

│                             │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бардык төгүлгөн агынды       │ 700,8 │1036,5 │1016,6 │ 174,5 │ 153,9 │

│суулар, анын ичинен:         │       │       │       │       │       │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Ченемге ылайык тазаланган    │ 148,3 │ 354,3 │ 345,2 │ 162,1 │ 138,3 │

│сууларды төгүүнүн көлөмү     │       │       │       │       │       │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Булганган агынды сууларды    │  12,6 │  20,0 │  18,5 │   6,4 │   6,7 │

│төгүүнүн көлөмү (тазалабастан│       │       │       │       │       │

│жана жетиштүү тазаланбаган)  │       │       │       │       │       │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│анын ичинде тазалабастан     │   9,7 │  14,5 │  13,0 │   5,3 │   5,6 │

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Бир кишиге эсеп кылганда,    │   2,4 │   3,8 │   3,5 │   1,3 │   1,3 │

│куб.м                        │       │       │       │       │       │

└─────────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

Булак: УСК.

 

2010-жылы республиканын аймагындагы колдо бар 123 канализация системасынын ичинен 101и, ал эми өзүнчө канализация тармагынын ичинен 91 тармак гана иштеген. Көчөлөрдөгү канализация тармагынын жаппы узундугу 988,6 километрди, ал эми башкы коллекторлордун узундугу - 821,8 километрди түздү. Жыл ичинде канализация боюнча өткөрүлгөн 132,8 млн. куб.м агындылардын ичинен 124,1 млн. куб.м же 93,4% - тазалоо курулуштары аркылуу өткөн. Тазалоо курулуштары аркылуу өткөн агындылардын 95% же 118 млн. куб. метри толук биологиялык (физико-механикалык) тазалоого жиберилген, бул 2006-жылдагы деңгээлден 14,2% га аз.

Соңку жылдары чет жакаларда жана Бишкек шаарына жамаатташ жерлерде жеке турак үй салууга аймактар жапырт берилип жана өз алдынча басып алуулар болуп жатат. Жаңы конуштарда борбордук канализация, бетондолгон шилендилер, септиктер жок. Бул турак жай конуштарында чарбалык-тиричилик агындылары дренаждарга, аң-чөнөктөргө, суу объекттерине төгүлөт, бул жер астындагы, ошондой эле жер үстүндөгү суулардын булганышына алып келет.

 

4. Биологиялык ар түрдүүлүк

 

Кыргыз Республикасынын аймагы Орто жана Борбордук Азия кесилишкен ариддик түздүктүн курчоосунда турат, чөл зонасынын катуу таасири климаттын жалпы кургакчылдыгы жана континенталдыгы менен аныкталат. Өлкөнүн аймагынын 90%ы деңиз деңгээлинен 1000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан, ал эми жиктелген рельеф биологиялык ар түрдүүлүктүн калыптанышынын мозаикалуулугун жана башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт. КР ээлеген аймагынын көз карашынан чакан өлкө болуп саналгандыгына карабастан (дүйнөлүк кургак жердин 0,13%), ал планетанын артыкчылыктуу экологиялык 200 регионунун катарына кирет. Бул түрдүк ар түрдүүлүктүн кыйла көп концентрациясы - дүйнөлүк флоранын түрлөрүнүн 2%ына жана дүйнөлүк фаунанын түрлөрүнүн 3%ына жакыны менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо-турмуштун салыштырмалуу байлыгы деңиз деңгээлинен 7450 м ашык көтөрүлгөн жана атмосферанын жогорку катмарларында нымдуулукту топтогон Тянь-Шань жана Памир-Алай бийик тоо системасынан улам мүмкүн болууда. Бийик тоолор бир беткей түздүктөрдүн ортосунда биологиялык ар түрдүүлүктүн аралчасы катары көрүнөт. Тоолуу жана альпы түрү басымдуулук кылган биологиялык ар түрдүүлүктүн мүнөзү аймактын кыйла бөлүгүнүн бийик алкактуулугун чагылдырат.

Кыргыз Республикасынын аймагында ар түрдүү экосистемада вирустардын, бактериялардын, козу карындардын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын 26500 жакын түрү катталган. Булардын ичинен үчтөн экисинен ашыгын тирүү организмдердин түрлөрү түзөт, ал эми КР фаунасында кыйла кеңири топко курт-кумурскалар классы (~14 600 түр) ээлейт. Омурткалуу жаныбарлардын тизмесине 587 түр: 70,4 - балыктар, 4 - амфибиялар, 39 - сойлоп жүрүүчүлөр, 390 - канаттуулар жана 84 сүт эмүүчүлөр кирет.

Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсү (Pla№tae, Mycota) 8153 түрдү камтыйт. Жапайы флорада козу карындардын 2179 түрү, балырлардын 1196, эңилчектердин 495, мох сымалдардын 183 жана гүл өсүмдүктөрүнүн 4100 түрү бар. Тамак-аш катары козу карындардын 98 түрү пайдаланылат, бирок, калк адатта 10 түрүн гана пайдаланат. Түтүкчөлүү жапайы өсүмдүктөрдүн 200 ашыгы техникалык муктаждыктарга, дары чөптөрдүн 400 түрү пайдаланылат, бирок, фармакологияда 200дөн ашык түрү расмий пайдаланылат.

Омурткасыздар (I№vertebrata) организмдердин зор тобун түзөт, ал түр жагынан омурткалуулардан көп эсе ашып түшөт, Кыргыз Республикасынын фаунасында он бир типтин ичинен 31 класска кирген 17500 жакын түр, анын ичинде I№secta (дүйнөлүк фаунада белгилүү 34 реценттин ичинен) классынын 28 отрядынын өкүлдөрү болуп саналган курт-кумурскалардын 14600 ашык түрү бар. Омурткасыздар республиканын аймагынын бардык экосистемасында, чөлдөрдүн кургакчыл участкаларынан жана көлмөлөрдүн тереңинен тартып түбөлүк мөңгүлөргө жана нивалдык зонанын аскаларына чейин байыр алган, бирок түрдүк ар түрдүүлүгү жана саны боюнча бул топтун максимуму төмөнкү бийиктик алкагына жетет, анткени ал түрлөрдүн көпчүлүгү температурага көз каранды болгон организмдер.

Балыктар (Рisсеs) - Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балыктын 70 түр жана балык сымалдардын 19 түрү бар, алардын бардыгы Лучепер (Асti№opterygii) балыгынын классына кирет. Балыктардын кыйла көп түрү Ысык-Көлдө - 26, алар Лосос (Salmo№idae), Карп (Суpri№idae), Балитор (Ваlitoridae), окунь (Регсidае) тукумуна кирет. Балыктардын көп түрлөрүнүн саны боюнча статистикалык маалыматтар жок, андай маалыматтар балыктардын айрым түрлөрүн, негизинен карп балыгын уулоо (тонналар менен) боюнча гана белгилүү. Токтогул суу сактагычында гегаркуни форели, амударыя форели, кубулма форели, өсүмдүк жеген балык, карась, кадимки маринка кармалат. Балыктын 18 түрү промыслолук болуп саналат.

Жерде-сууда жашоочулар (Аmрhibia) жана сойлоп жүрүүчүлөр (Reptilia) Кыргыз Республикасынын фаунасында амфибиянын 4 түрү (алардын бирөө инвазив болуп саналат) жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 39 түрү катталган. Сойлоп жүрүүчүлөрдүн көпчүлүк түрү өлкөнүн түштүгүндөгү (Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары) бөксө тоо зонасында жашайт. Бул жаныбарлар чарбалык эч кандай мааниге ээ эмес, бирок алардын дээрлик бардыгы экосистемаларда жөнгө салуу жана турукташтыруу функцияларын аткарат, ошондуктан алардын байыр алып тукумдашынын абалынын көрсөткүчү курчап турган чөйрөнүн өзгөрүшүнө баа берүүдө маалыматтык индикатор болушу мүмкүн.

Канаттуулар фаунасы (Аvеs) омурткалуу жаныбарлардын арасында кыйла көп түрдүүлүгү менен айырмаланат. Азыркы учурда алардын 390 түрү бар, алардын 233ү өлкөнүн аймагында уялайт, алардын ичинен болуу мүнөзү боюнча 114 отурукташкан, 119 келгин, 109 келип-кетүүчү, 20 келүүчү жана 28 түрү кыштоочу болуп саналат. Аңчылык объекттеринин тизмесинде 34 түр бар, аңчылар арасында 19 түрү өтө зор суроо-талапка ээ. Уларга, кекиликке, чилге, бөдөнөгө, кыргоолго жана башкаларга жапырт аңчылык кылынат. Алгыр куш катары 6 түр: бүркүт, ителги, шахин, куш, карчыга жана ылаачын кирет.

Кыргыз Республикасынын сүт эмүүчүлөр фаунасы (Маmmalia) 6 отряд жана 84 түрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын фаунасында курт-кумурска менен азыктангандардын 5 гана түрү бар. Алардын бардыгы республиканын түндүк-чыгыш райондорунда аз санда жолуккан кутордон башка адаттагылар эле;

- жарганаттар (16 түр) - Кыргыз Республикасынын териофаунасында эң аз иликтенген отряд;

- коен сымалдар - 3 түр. Алардын ичинен аңчылык-промыслолук мааниге толай-коен гана ээ;

- кемирүүчүлөр (32 түр) - эң көп сандуу отряд. Климатка өтө жакшы ылайыкташканы тыйын чычкан жана ондатр;

- жырткычтар - 22 түр. Түрүнүн көптүгү боюнча кемирүүчүлөрдөн гана кийин турат.

Ача туяктуулар (6 түр - каман, элик, марал, жейрен, тоо эчки жана аркар). КР аймагында жалпы саны он бештен ашпаган жейренден, таркашы дале болсо өтө аз болгон маралдан жана чет өлкөлүк аңчылык объекти болгон аркардан тышкары ача туяктуулардын калган жергиликтүү түрлөрү республикада аңчылык продукциясынын негизин түзөт.

Сүт эмүүчүлөрдүн ичинен коен, тыйын чычкан, ондатра, америка күсөнү, етон сымал ит, колонок, лань жана зубр өтө жакшы климатташкан.

Республиканын жаныбарлары, өсүмдүктөрү жана козу карындары табигый чөйрөнүн жана эң маанилүү чоң жаратуучу, жөнгө салуучу жана турукташтыруу функциясын аткарган биологиялык ар түрдүүлүктүн ажыралгыс элементи болуп саналат.

 

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары

 

Өлкөнүн туруктуу өнүгүшү курчап турган чөйрөнүн жакшы болушуна, биринчи кезекте, экосистеманын ар түрдүүлүгүнө жараша болот. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар экосистеманын маанилүү компонентин - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн маанилүү роль ойнойт. Бул көрсөткүч биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн баалуу райондорду талаптагыдай эмес пайдалануудан коргоо даражасын, маданий мурастарды, илимий изилдөөлөрдү, эс алуу, жаратылыш ресурстарын коргоону жана башка курчап турган чөйрөнүн баалуу компоненттерин мүнөздөйт.

Кыргыз Республикасында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо башкы роль өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына (ӨКЖА) берилген. Ал республиканын экологиялык, илимий жана эстетикалык өзгөчө мааниге ээ болгон кайталангыс, эталондук же башка баалуу жаратылыш комплекстери жана объекттери бар аймагын (кургак жер, ошондой эле көлмөлөр) билдирет. Аларга карата коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген. Алардын багытталган максатына жана режимине жараша ӨКЖА жаратылыш ресурстары жана объекттери төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт(14):

- мамлекеттик жаратылыш коруктары;

- мамлекеттик жаратылыш парктары;

- мамлекеттик өзгөчө коруктары;

- мамлекеттик жаратылыш эстеликтери;

- мамлекеттик ботаника бактары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар;

- биосфералык аймактар жана (же) резерваттар;

- транс чек аралык өзгөчө корголуучу жаратыш аймактары.

(14) "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасы Мыйзамы (2011-жылдын 3-майы № 18).

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жалпы аянты 1200872,0 га (өлкөнүн бүткүл аянтынын 6,006%ы) жерде уюштурулган өзгөчө корголуучу жаратыш аймактарынын тармагы иштейт.

1931-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи ӨКЖА - Кыргыз тоо кыркаларындагы Кызыл-Белек, Оробашы жана Белек-Кулак капчыгайларында убактылуу өзгөчө коруктар уюштурулган.

1945-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү жаңгак токоюнун аймагында биринчи токой-жемиш өзгөчө коругу түзүлгөн.

1948-жылы биринчи мамлекеттик Ысык-Көл коругу түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык жылдарында ӨКЖАнын аянттары 2,5 эсе көбөйгөн.

Азыркы учурда эң чоң корук болуп Сарычат-Эрташ коругу саналат, анын жалпы аянты 129760 га.

1998-жылы октябрда 4314,4 кв.км аянтка "Ысык-Көл" биосфералык аймагы түзүлгөн, ал колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өзгөчө коргоо режиминдеги улуттук деңгээлдеги өзгөчө корголуучу аймактын статусуна теңештирилген. 2001-жылы сентябрда "Ысык-Көл" биосфералык аймагы ЮНЕСКОнун Биосфералык Резерваттарынын Дүйнөлүк Тармагына кошулган. "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын кыйла маанилүү ажырагыс бөлүгү болуп корук режими менен өзөктүн аймагы саналат, аны Ысык-Көл жана Сарычат-Эрташ мамлекеттик коруктары, ошондой эле башка ӨКЖАлар түзөт.Бирок, "Ысык-Көл" биосфералык аймагында чарбалык иштин режими ӨКЖАга коюлган талаптарга толук ылайык келбейт.

2002-жылы Кыргыз Республикасы суу-саздак жерлерди коргоо боюнча Рамсар конвенциясына кошулган жана Ысык-Көл (1976-жылдан баштап), Чатыр-Көл (2005-жылдан баштап) жана Соң-Көл (2011-жылдан баштап) эл аралык мааниси бар суу-саздак жерлердин тизмесине кирген.

Кыргыз Республикасынын ӨКЖА тармагына төмөнкүлөр кирет:

- 10 мамлекеттик корук - 596345,4 га;

- 9 улуттук жаратылыш парктары - 302949,2 га;

- 68 өзгөчө коруктар - 301426,7 га,

анын ичинде:

- 2 комплекстүү - 10142 га;

- 23 ботаникалык - 6115,4 га;

- 14 зоологиялык (аңчылык) - 262482 га;

- 10 токой - 22587,3 га;

- 19 геологиялык - 100 га.

- Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы

1 ботаникалык багы - 142 га;

- Каракол шаарындагы 1 зоологиялык парк - 8,7 га.

ӨКЖАнын аянттык критерийлери боюнча Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары кыйла жагымдуу абалда турат.

 

4.1-таблица

 

Кыргыз Республикасынын коруктары жөнүндө маалымат

 

┌──────────────┬───────────────┬──────────────┬───────────────────────┐

│Коруктардын   │Акт жана       │Жайгашкан жери│Түзүү максаты жана     │

│аталышы       │түзүлгөн күнү  │              │негизги ишинин багыты  │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Ысык-Көл      │Кыргыз ССР     │Ысык-Көл      │Рамсар Конвенциясына   │

│              │Эл Комиссарлар │облусу        │кирген суу-саздак      │

│              │Советинин      │(4 район)     │жерлердин экосистемасын│

│              │токтому № 1205,│              │сактоо                 │

│              │10.12.1948-ж.  │              │                       │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Сары-Челек    │Кыргыз ССР     │Жалал-Абад    │Батыш Тянь-Шандын      │

│биосфералык   │Министрлер     │облусу,       │биологиялык ар         │

│              │Советинин      │Аксы району   │түрдүүлүгүн жана типтүү│

│              │токтому № 118, │              │ландшафтын, кайталангыс│

│              │05.03.1959-ж.  │              │Сары-Челек көлүн сактоо│

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Беш-Арал      │Кыргыз ССР     │Жалал-Абад    │Мензбир суурунун       │

│              │Министрлер     │облусу,       │тукумун жана Батыш     │

│              │Советинин      │Чаткал району │Тянь-Шандын орто тоолуу│

│              │токтому № 140, │              │өсүмдүктөр тобун сактоо│

│              │21.03.1979-ж.  │              │                       │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Нарын         │Кыргыз ССР     │Нарын облусу, │Ички Тянь-Шандын       │

│              │Министрлер     │Нарын жана    │маралынын тукумун жана │

│              │Советинин      │Ат-Башы       │карагайлуу             │

│              │токтому № 671, │райондору     │экосистемасын сактоо   │

│              │29.12.1983-ж.  │              │                       │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Каратал -     │Кыргыз         │Нарын облусу, │Ички Тянь-Шандын тоо   │

│Жапырык       │Республикасынын│Нарын жана    │каздарынын тукумун,    │

│              │Өкмөтүнүн      │Ат-Башы       │биологиялык ар         │

│              │01.03.1994-ж.  │райондору     │түрдүүлүгүн жана       │

│              │№ 91 токтому   │              │суу-саздак жерлеринин  │

│              │               │              │экосистемасын сактоо   │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Сарычат -     │Кыргыз         │Ысык-Көл      │Ак илбирстин, аркардын │

│Эрташ         │Республикасынын│облусу,       │жана мадылдын тукумун, │

│              │Өкмөтүнүн      │Жети-Өгүз     │сырттын бийик тоолуу   │

│              │10.03.1995-ж.  │району        │экосистемасын сактоо   │

│              │№ 76 токтому   │              │                       │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Падышата      │Кыргыз         │Жалал-Абад    │Семенов пихтасынын     │

│              │Республикасынын│облусу,       │тукумун жана Батыш     │

│              │Өкмөтүнүн      │Аксы району   │Тянь-Шандын арча       │

│              │03.07.2003-ж.  │              │токойлорун сактоо      │

│              │№ 405 токтому  │              │                       │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Кулуната      │Кыргыз         │Ош облусу,    │Биологиялык ар         │

│              │Республикасынын│Кара-Кулжа    │түрдүүлүктү, жаныбарлар│

│              │Өкмөтүнүн      │району        │жана өсүмдүктөр        │

│              │11.08.2004-ж.  │              │дүйнөсүнүн сейрек      │

│              │№ 598 токтому  │              │кездешүүчү жана жок    │

│              │               │              │болуу коркунучу астында│

│              │               │              │турган түрлөрүн,       │

│              │               │              │ошондой эле Кулун көлүн│

│              │               │              │сактоо                 │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Кара-Буура    │Кыргыз         │Талас облусу, │Батыш Тянь-Шандын батыш│

│              │Республикасынын│Кара-Буура    │бөлүгүнүн биологиялык  │

│              │Өкмөтүнүн      │району        │ар түрдүүлүгүн жана    │

│              │17.06.2005-ж.  │              │типтүү ландшафтын      │

│              │№ 233 токтому  │              │сактоо                 │

├──────────────┼───────────────┼──────────────┼───────────────────────┤

│Сурматаш      │Кыргыз         │Баткен облусу,│Биологиялык ар         │

│              │Республикасынын│Кадамжай      │түрдүүлүктү, жаныбарлар│

│              │Өкмөтүнүн      │району        │жана өсүмдүктөр        │

│              │27.06.2009-ж.  │              │дүйнөсүнүн сейрек      │

│              │№ 414 токтому  │              │кездешүүчү жана жок    │

│              │               │              │болуу коркунучу астында│

│              │               │              │турган түрлөрүн сактоо │

└──────────────┴───────────────┴──────────────┴───────────────────────┘

Булак: КЧКТЧМА.

 

ӨКЖАлардын Кыргыз Республикасынын облустары боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй көрүнөт:

Баткен облусу: 1 корук (Сурматаш - 66194 га); 1 МЖП ("Саркент" 40000 га); 7 өзгөчө корук, анын ичинде: 5 - ботаникалык (863,9 га) жана 2 - геологиялык өзгөчө коруктар;

Ош облусу: 1 корук (Кулуната - 27780 га); 2 МЖУП ("Кыргыз-Ата" 11172 га; "Кара-Шоро" - 14340 га); 15 өзгөчө корук, анын ичинде: 3 зоологиялык (20273 га), 2 - токой (684 га), 3 - ботаникалык (160 га) жана 7 - геологиялык өзгөчө корук (100 га);

Жалал-Абад облусу: 3 корук (Сары-Челек - 23836 га; Беш-Арал 112018 га; Падышата - 30556,4 га); 1 МЖУП ("Саймалуу-Таш" - 32007,2 га); 16 өзгөчө корук, анын ичинде: 3 - зоологиялык (108981 га), 5 - токой (21008,3 га), 5 - ботаникалык өзгөчө корук (1590 га) жана 3 - геологиялык өзгөчө корук;

Талас облусу: 1 корук (Кара-Буура - 59067 га); 1 МЖУП ("Беш-Таш" 13650 га); 5 өзгөчө корук, анын ичинде: 1 - зоологиялык (13557 га), 1 комплекстүү (2511 га) жана 3 - ботаникалык өзгөчө корук (310 га);

Чүй облусу: 2 МЖУП ("Чоң-Кемин" - 123654 га; "Ала-Арча" - 19400 га); 8 өзгөчө корук, анын ичинде: 1 - комплекстүү (7631 га), 4 - ботаникалык (2378,5 га), 2 - геологиялык жана 1 - зоологиялык өзгөчө корук (3000 га);

Нарын облусу: 2 корук (Нарын - 91023,5 га; Каратал-Жапырык - 36449 га); 1 МЖУП ("Салкын-Төр" - 10470 га); 7 өзгөчө корук, анын ичинде: 1 зоологиялык (2335 га), 2 - токой (800 га), 1 - ботаникалык (693 га) жана 3 - геологиялык өзгөчө корук;

Ысык-Көл облусу: 2 корук (Ысык-Көл - 19661,5 га; Сарычат-Эрташ 129760 га); 1 УЖП ("Каракол" - 38256 га); 10 өзгөчө корук, анын ичинде: 5 - зоологиялык (114336 га), 2 - ботаникалык (120 га), 1 - токой (95 га) жана 2 - геологиялык өзгөчө корук.

ӨКЖАга экономикалык сарамжалсыз өнүгүү кыйла таасир тийгизет, ал кээ бир жагдайларда ӨКЖАлардын аянттарынын кыскарышына алып келет.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 93 токтому менен кайталангыс жаратылыш комплекстерин, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү, ошондой эле жаратылыш жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн КР Кызыл китебине киргизилген түрлөрүн сактап калуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 13-июнундагы № 374 токтому алып салынган, ага ылайык геологиялык чалгындоо жана кен казып алуу иштерин өнүктүрүү максатында Чүй облусундагы ӨКЖА жерлеринен "Чоң-Кемин" МЖУП курамынан төмөнкүлөр чыгарылган болчу:

- "Ак-Түз" участогу;

- "Окторкой" участогу;

- төмөнкү чек аралардан чыгыш жакта жайгашкан жерлер:

Чек аранын чыгыш участкасы Или Ала-Тоо кыркаларынын чокусунда жайгашкан 4029 м белгиден башталат жана батышты карай кырка менен Басыджай дарыясынын агымына чейин жетип, андан ары анын нугу менен жүрүп олтуруп, Чоң-Кемин дарыясына куйганга чейин келет. Андан ары Чоң-Кемин дарыясынын нугу менен жогору жакка карай Койсуунун сол куймасына чейин кетет. Андан ары ал дарыянын нугу боюнча жогору карай кетет жана анын сол агымы боюнча жүрүп олтуруп Күңгөй Ала-Тоо кыркаларында жайгашкан 4337 м белгиге чейин жетет.

Бирок тоо кендерин казуу компаниясы Бишкек ш. райондор аралык сотуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 93 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө КР Өкмөтүнө доо арызы менен кайрылган. Райондор аралык сотунун 2012-жылдын 4-апрелиндеги чечими менен тоо-кен казуу компаниясынын доо арызы канааттандырылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 93 токтому жараксыз деп табылган.

КРК ТЧК ж ТЧМА Бишкек шаардык сотуна райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу аракетинде кайрылган, бирок Бишкек шаардык сотунун 2012-жылдын 12-июнундагы аныктамасы менен райондор аралык сотунун 2012-жылдын 4-апрелиндеги чечими күчүндө калтырылган.

Азыркы учурда Ош облусундагы "Алай" (43,2 миң га), Ысык-Көл облусундагы "Сары-Жаз" (187,5 миң га) жаратылыш парктарын, Дашман мамлекеттик коругун (8,2 миң га) жана "Авлетим-Ата" МЖП (45,0 миң га ашык) уюштуруу жана Падышата мамлекеттик коругунун аймактарын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүп жатат.

 

Токойлор жана башка токой баскан жерлер

 

Токойлор жердеги өтө ар түрдүү жана кеңири таркаган экосистемалардын бири болуп саналат жана бир катар функцияларды аткарат, жана жердин үстүңкү бетинин жандуу элементи болуу менен ал суунун, кычкылтектин, көмүртектин ж.б. глобалдык циклдерине катышат. Токой климаттын глобалдык жылышына алып келген атмосферадагы артыкбаш көмүртек газынын табигый жутуп алгычы болуп саналат. Кыргыз Республикасында токойлор кайталангыс жана өзүнчө бир нымдуулукту топтогуч катары экологиялык зор мааниге ээ. Тоо беттерине өсүп чыгуу менен ал сел агымдарынын алдын алууга көмөк көрсөтүп, тоодо жер көчкүлөрүнүн жана кар көчкүлөрүнүн пайда болушуна тоскоолдук кылат, жыл бою бир калыпта кармап туруу менен дарыялардагы суулардын чыгымдалышын жөнгө салып турат. Ошондуктан Кыргызстан гана эмес, ошондой эле, дыйканчылык сугатка негизделген Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү үчүн токойлордун сууларды жөнгө салуу мааниси өтө зор болуп саналат.

Кыргыз Республикасы токою аз аймактарга кирет, муну менен бирге 2 миллионго жакын адам токой фондунун аймагында (ага жакын жерлерде) жашайт жана алардын жашоо-турмушу токой ресурстарына түздөн-түз байланыштуу болот. Токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, калыбына келтирүү жана коргоо боюнча иштин натыйжалуулугу кедейликтин, өзгөчө айыл жериндеги кедейликтин деңгээлине зор таасир тийгизет.

Кыргыз Республикасында токой өсүмдүктөрүнүн 90%га жакыны деңиз деңгээлинен 700 метрден 2500 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. 2011-жылдын 1-январындагы абал боюнча Кыргызстан токой аянты(15) 1116,56 миң гектарды же өлкөнүн жалпы аянтынын 5,61%ын түзөт.

(15) "Кыргыз Республикасынын токойлорун улуттук инвентаризациялоо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26.07.2011-жылдагы № 407 токтому).

Токойлор негизинен 4 түрдүү дарактардан: жаңгак-жемиш, ийне жалбырактуу, арча жана жайылмада өскөн бак-бадалдарынан турат. Майда жалбырактуу токойлор, жаңгак-жемиш, мисте жана бадам токойлору антропогендик оорчулукка катуу дуушар болот, анткени алар негизинен калк жыш жашаган региондордо өсөт.

Мамлекеттик, коммуналдык же жеке менчикте турган жана токой чарбасынын муктаждыктарына арналган бардык жерлер республиканын бирдиктүү токой фондун түзөт. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Токой баскан жана токой баспаган жерлер (сейрек токойлуу жерлер, плантациялар, питомниктер, кыркылган жерлер, ала жерлер, ачык жерлер, жайдак жерлер).

2. Токойлор менен бирдиктүү табигый комплексти түзгөн токой эмес жерлер: айыл чарба жана башка жер аянттары; чарба жүргүзүү иши менен байланыштуу объекттерди курууда (жолдор, өрткө каршы ажыраткычтар, электр берүү чубалгыларынын трассалары, труба өткөргүчтөр) токойлор жок кылынган жерлер.

3. Кыргыз Республикасынын токой фонду бир нече мамлекеттик органдардын карамагында турат: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Президенттин Иш башкармасы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Токой фондун теги, курактык критерийлери жана башка көрсөткүчтөрү боюнча эсепке алууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзөт, ошондуктан республика боюнча токой ресурстары боюнча маалыматтар так эмес.

Администрациялык облустардын ичинен токой баскан аянты Жалал-Абад облусунда эң көп, Чүй облусунда эң аз (4.2-таблица).

 

4.2-таблица

 

Кыргыз Республикасы облустары боюнча токой баскан аянт

 

┌───────────────────────┬───────────────┬─────────────────────────────┐

│Региондордун           │Токой баскан   │        анын ичинде:         │

│аталыштары             │жалпы аянт     ├──────────────┬──────────────┤

│                       │               │МТФ менен ӨКЖА│МТФ менен ӨКЖА│

│                       │               │токой баскан  │тышкары токой │

│                       │               │аянты         │баскан аянт   │

│                       ├───────┬───────┼──────┬───────┼──────┬───────┤

│                       │аймак- │миң га │аймак-│миң га │аймак-│миң га │

│                       │тын    │       │тын   │       │тын   │       │

│                       │%      │       │%     │       │%     │       │

├───────────────────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───────┤

│Баткен облусу          │  0,83 │ 166,50│ 0,69 │ 138,77│ 0,14 │  27,73│

├───────────────────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───────┤

│Жалал-Абад облусу      │  1,90 │ 380,25│ 1,62 │ 324,80│ 0,28 │  55,45│

├───────────────────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───────┤

│Ысык-Көл облусу        │  0,71 │ 142,36│ 0,51 │ 102,80│ 0,20 │  39,56│

├───────────────────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───────┤

│Нарын облусу           │  0,68 │ 135,60│ 0,52 │ 103,62│ 0,16 │  32,98│

├───────────────────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───────┤

│Ош облусу              │  0,93 │ 186,31│ 0,55 │ 110,55│ 0,38 │  75,76│

├───────────────────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───────┤

│Талас облусу           │  0,33 │  61,01│ 0,16 │  28,06│ 0,16 │  32,94│

├───────────────────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───────┤

│Чүй облусу             │  0,22 │  44,53│ 0,15 │  30,96│ 0,07 │  13,57│

├───────────────────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───────┤

│Бардыгы                │  5,61 │1116,56│ 4,22 │ 839,56│ 1,39 │ 277,00│

└───────────────────────┴───────┴───────┴──────┴───────┴──────┴───────┘

Булак: "Кыргыз Республикасынын токойлорун улуттук инвентаризациялоо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 407 токтому).

 

Токой көчөттөрү отургузулган (4.3-таблица) же кыркылган (4.4-таблица) токой аянттарынын динамикасы мамлекет тарабынан узак мөөнөттүү жаратылышты коргоо саясатын ийгиликтүү жүргүзүүнүн көрсөткүчү болуп кызмат кылат.

 

4.3-таблица

 

Кыргыз Республикада токой отургузуу

 

┌───────────────────┬─────┬───────┬──────┬───────┬──────┬──────┬──────┐

│Токойду калыбына   │Өлчөө│ 2006- │ 2007-│ 2008- │ 2009-│ 2010-│ 2011-│

│келтирүү иштеринин │бир- │  жыл  │  жыл │  жыл  │  жыл │  жыл │  жыл │

│түрлөрү:           │диги │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│Мамлекеттик        │миң  │11,5416│9,4934│10,0572│9,4296│9,0349│7,5995│

│маанидеги          │га   │       │      │       │      │      │      │

│токойлордо токойду │     │       │      │       │      │      │      │

│калыбына келтирүү, │     │       │      │       │      │      │      │

│анын ичинде:       │     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│токой отургузуу    │миң  │ 2,9416│2,1934│ 2,0572│2,0512│2,0249│1,3895│

│жана кошумча       │га   │       │      │       │      │      │      │

│отургузуу          │     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│токойдун табигый   │миң  │ 8,6000│7,3000│ 8,0000│7,3784│7,0100│6,2100│

│калыбына           │га   │       │      │       │      │      │      │

│келтирилишине      │     │       │      │       │      │      │      │

│көмөк көрсөтүү     │     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│аң-чөнөктөргө,     │миң  │ 0,0860│0,5864│ 0,9640│0,7628│0,5878│0,2267│

│кумдарга жана башка│га   │       │      │       │      │      │      │

│ыңгайсыз жерлерге  │     │       │      │       │      │      │      │

│көчөт отургузуу    │     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│жайыт жерлеринде   │миң  │ 0,0260│0,0623│ 0,0735│0,0125│0,0470│      │

│коргоочу токой     │га   │       │      │       │      │      │      │

│отургузуу          │     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│коргоочу токой     │миң  │ 0,0022│0,0100│ 0,0035│0,0700│0,0221│      │

│тилкелерин түзүү   │га   │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│калыбына           │миң  │ 0,0241│0,3300│ 0,0815│0,0501│0,2170│0,1427│

│келтирилүүчү       │га   │       │      │       │      │      │      │

│жерлерде токой     │     │       │      │       │      │      │      │

│отургузуу жана     │     │       │      │       │      │      │      │

│кошумча отургузуу  │     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│жаш көчөттөрдү     │миң  │ 1,0760│1,1580│ 0,8250│1,0360│1,4180│1,0380│

│өстүрүү жана       │даана│       │      │       │      │      │      │

│мамлекеттик        │     │       │      │       │      │      │      │

│маанидеги          │     │       │      │       │      │      │      │

│токойлордогу өзгөчө│     │       │      │       │      │      │      │

│баалуу жыгач       │     │       │      │       │      │      │      │

│көчөттөрүнүн       │     │       │      │       │      │      │      │

│категориясына      │     │       │      │       │      │      │      │

│киргизүү           │     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│аң-чөнөктөргө,     │миң  │ 0,0590│0,6050│ 0,5890│0,0555│0,1000│      │

│кумдарга, жайыт    │га   │       │      │       │      │      │      │

│жерлерине жана     │     │       │      │       │      │      │      │

│башка ыңгайсыз     │     │       │      │       │      │      │      │

│жерлерге           │     │       │      │       │      │      │      │

│отургузулган       │     │       │      │       │      │      │      │

│коргоочу токой     │     │       │      │       │      │      │      │

│тилкелерин         │     │       │      │       │      │      │      │

│эксплуатацияга     │     │       │      │       │      │      │      │

│тапшыруу           │     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│жыгач жана бадал   │миң  │ 0,0251│0,0293│ 0,0283│0,0256│0,0228│0,0215│

│тектеринин         │га   │       │      │       │      │      │      │

│питомниктерин түзүү│     │       │      │       │      │      │      │

├───────────────────┼─────┼───────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┤

│мектептерде жыгач, │миң  │ 6337,5│5815,4│ 6640,5│7472,0│6365,8│5242,0│

│бадал, мөмө-жемиш  │га   │       │      │       │      │      │      │

│жана техникалык    │     │       │      │       │      │      │      │

│дарактар           │     │       │      │       │      │      │      │

│отургузулган       │     │       │      │       │      │      │      │

└───────────────────┴─────┴───────┴──────┴───────┴──────┴──────┴──────┘

Булак: КЧКТЧМА.

 

4.4-таблица

 

Кыргыз Республикасынын токойлорунда тазалоо жана тандап-санитардык кыркуу, миң га

 

┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│      Кыркуунун      │ 2006- │ 2007- │ 2008- │ 2009- │ 2010- │ 2011- │

│      түрлөрү        │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Токойлорунда тазалоо │ 2,3912│ 1,6300│ 3,0072│ 7,6956│10,515 │34,055 │

│жана                 │       │       │       │       │       │       │

│тандап-санитардык    │       │       │       │       │       │       │

│кыркуу жана токойду  │       │       │       │       │       │       │

│калыбына келтирүү,   │       │       │       │       │       │       │

│бардыгы, анын ичинде │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Жакшыртуу үчүн кыркуу│ 0,1407│ 0,9428│ 0,0557│ 0,0413│ 0,0364│25,244 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Суюлтуу              │ 0,1554│ 0,1125│ 0,1307│ 0,2224│ 0,1606│ 0,3206│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Калыбына келтирүү    │ 0,0085│ 0,0238│ 0,1207│ 2,8459│ 0,0011│ 0,0328│

│үчүн кыркуу          │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Тандап-санитардык    │ 0,5456│ 0,4411│ 0,7012│ 1,6656│ 0,8993│ 0,9996│

│кыркуу               │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Кайра формага салуу  │ 0,0368│ 0,074 │ 0,066 │ 0,0725│ 0,0821│ 0,0471│

│үчүн кыркуу          │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Эксперименталдык     │Нет    │Нет    │Нет    │ 0,8991│ 0,0325│ 0,524 │

│кыркуу               │данных │данных │данных │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Башка кыркуулар      │ 1,2299│ 0,5549│ 0,3944│ 1,8209│ 2,4171│ 6,6748│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Токойду калыбына     │ 0,2743│ 0,8581│ 0,1613│ 0,1279│ 6,8859│ 0,2128│

│келтирүү үчүн кыркуу │       │       │       │       │       │       │

└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

Булак: УСК.

 

Жок болуп кетүү коркунучу бар түрлөр жана корголуучу түрлөр

 

Биологиялык ар түрдүүлүк экосистеманын туруктуу иштешинин шарты болуп саналат. Жаратылышты коргоо ишинин негизги багыттарынын бири болуп сейрек кездешүүчү, эндемикалык жана өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жок болуп кетүү коркунучу астында турган түрлөрү саналат.

Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучу астында турган түрлөрү Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1979-жылдын 18-майындагы № 261 токтому жана тийиштүү ченемдик укуктук актылар (2010-жылга чейин) менен аныкталган. Түрлөрдүн тизмеси "Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-апрелиндеги № 170 токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин (2007-ж.) бардык бөлүмдөрүндө 2004-жылдагы ЖКЭС категориясынын системасы (зарыл модификация менен) пайдаланылган.

1963-жылдан баштап ЖКЭС коркунуч алдында турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн эл аралык тизмесин (Кызыл китеп) жүргүзүп келе жатат. Аларда коркунучтардын төмөнкүдөй даражалары айырмаланат:

Exti№ct (жок болуп кеткен) (ЕХ);

Exti№ct i№ the Wild (жапайы жаратылышта жок болуп кеткен) (EW);

Critically Edagered (өтө коркунунч астында турган) (CR);

Edagered (коркунучта турган) (E№);

Vulerable (начар абалда) (VU);

ear Threateed (начар абалга жакын) (№T);

Least Cocer№ (азыраак коркунуч алдында) (LC);

Data Deficiet (маалыматтар жетишсиз) (DD);

ot Evaluated (коркунуч бааланган эмес) (№E).

Улуттук расмий маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасында ЖКЭСтин классификациясы боюнча ЕХ жана ЕW категорияларына кирген түрлөр жок, бирок, расмий эмес жарыяланган маалыматтар боюнча КРнын фаунасында да, флорасында да мындай түрлөр бар. СR, Ежана VU категорияларына кирген түрлөр глобалдуу масштабда жок болуп кетүү коркунучу астында турат деп эсептелет. ЖКЭСтин Кызыл китебине киргизилген LF/cd, №Т, DD же LС категориясындагы түрлөр азыркы учурда глобалдуу масштабда коркунуч туудурбайт. Бирок региондук масштабда (б.а. өзүнчө алынган мамлекеттин аймагында) андай түрлөрдүн тукумдашынын абалы жакшы жагы менен да, жаман жагы менен да айырмаланат. Ошондуктан, улуттук Кызыл тизмеде тигил же бул түрлөрүнө коркунуч категорияларын берүү ЖКЭСтин Кызыл тизмесинде аларга берилген категориялардан айырмаланышы мүмкүн(16).

Өсүмдүктөр дүйнөсү (Рla№tae, Мусоtа). Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин экинчи басылышында (2007-ж.) кайтарылууга алына турган өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын тизмеси 22 түргө (биринчи басылмага караганда) көбөйгөн. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн кайтарыла турган түрлөрүнүн саны 83 (71 болчу) көбөйгөн, козу карындардын 4 түрү киргизилген (мурда бул топтун өкүлдөрү жок болуп кетүүчүлөрдүн тизмесинде жок болчу). Бир катар түрлөр, мисалы, Недзвецкий алмасы (Маlus №iedzwetzkya№a Diеск), Сиверс алмасы (М. sieversii (Ledeb.) M.Roem.), Коржинский алмуруту (Pyrus korshi№skyi Litv.), Регель алмуруту (P.regelii Rehd.) жана башкалар бир эле учурда ЖКЭСтин Кызыл тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген (4.5-таблица).

(16) The IUC№ Red List расмий веб-сайт www.iuc№redlist.org

 

4.5-таблица

 

ЖКЭСтин Кызыл тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын флорасынын өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнүн саны

 

┌───────────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐

│   ЖКЭСтин Кызыл тизмесиндеги категориялары        │  Түрлөрдүн саны │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Толук жок болуу чегинде тургандар (СR)             │        6        │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Жоголуп бараткандар (Е№)                           │        6        │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Начар абалда тургандар (VU)                        │        2        │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Коркунучтуу абалга жакын тургандар (№Т)            │        3        │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Маалыматтар жетишсиз (DD)                          │        5        │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Өтө аз коркунуч туудургандар (LС)                  │        46       │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Жыйынтыгы                                          │        68       │

└───────────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘

Булак: УИА БКИ.

Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн түрлөрү администрациялык облустар боюнча тегиз эмес бөлүштүрүлгөн (4.6-таблица), алардын ичинен эң көбү (46 түр) Жалал-Абад облусунда.

 

4.6-таблица

 

Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн администрациялык облустар боюнча бөлүштүрүлүшү

 

┌───────────────────────────────────────────────────┬─────────────────┐

│             Региондордун аталышы                  │  Түрлөрдүн саны │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Баткен облусу                                      │       6         │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Жалал-Абад облусу                                  │      46         │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Ысык-Көл облусу                                    │       6         │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Нарын облусу                                       │      14         │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Ош облусу                                          │      14         │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Талас облусу                                       │      11         │

├───────────────────────────────────────────────────┼─────────────────┤

│Чүй облусу                                         │      13         │

└───────────────────────────────────────────────────┴─────────────────┘

Булак: Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби, 2-басылыш, 2007-ж.

Кыргыз Республиканын облустары боюнча Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн кээ бир сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн таркашы 4.1-сүрөттө көрсөтүлгөн.

 

4.1-сүрөт. Өсүмдүктөрдүн жок болуп кетүү коркунучу астында турган кээ бир түрлөрүнүн Кыргыз Республикасына таркашы

 

Булак: "БИОМ" экологиялык кыймылы

 

Жогорку өсүмдүктөрдүн эндемикалык түрлөрү өлкөнүн флорасында орун алган эмес, бирок дымяночка (Fumariola), наталиелла (№athaliella), жестковенечник (Sclerotiaria), фергания (Ferga№ia), моголтавия (Mogoltavia) сыяктуу эндемикалык же субэндемикалык (өлкөнүн чектеринен тышкары көп деле тарабаган) түрлөрү бар. Түтүкчөлүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн 10% жакыны эндемикалык (башка эч жерде өспөгөн) болуп саналат.

Айбанаттар дүйнөсү. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине жаныбарлардын 115 түрү: муунак буттуулар- 18 түрү, балыктар - 7, амфибиялар - 2 түрү, сойлоочулар - 8, канаттуулар - 57 жана сүт эмүүчүлөр - 23 түрү киргизилген. Ошентип, жаныбарлардын сейрек жана жоголуп бара жаткан түрлөрүнүн ичинен көбү канаттуулар болууда (4.3-сүрөт).

 

4.2-сүрөт. Негизги топтор боюнча Кыргыз Республикасынын фаунасынын сейрек жана жок болуу коркунучу астында турган түрлөрүн бөлүштүрүү

 

Омурткасыздар (I№vertebrata). Бүтүндөй алганда омурткасыздардын арасында КР фаунасынын түрлүк эндемизминин деңгээли 25%дан жогору. 2010-жылы өткөрүлгөн баа берүүчү эсептери боюнча КР энтомофаунасында тукумдар рангында 49 таксондор Тянь-Шандын шарттуу эндемикалары (алардын ичинде тери канаттуулардан монотиптүүлөр Mesasiobia, түз канаттуулардан Ferga№usa, Рlot№ikovia жана Ferga№acris жана башкалар) болуп саналат. Кыргыз Республикасында эндемизмдин дээрлик чексиз, жогорку деңгээлдеги курт-кумурскалар классынан эки отряд мүнөздөлөт - Верблюдки (Raphidioptera, жыйырмага жакын түрү) жана Мекоптера (эки тянь-шань эндемикаларда көрсөтүлгөн). Курт-кумурскалардын 150гө жакын түрү жана башка омурткасыздардын 30дан жогору түрү айрым жарыяланган маалыматтар боюнча айкын жоголуу коркунучунда, ал эми эки түрү өлкөнүн аймагында анык жоголгон болуп саналышат.

2005-жылга чейин жаныбарлардын бул тобунан Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине курт-кумурскалар классынын өкүлдөрү гана (19 түрү) киргизилген. 2004-2005-жылы бул тизме кайра карап чыгуудан жана сапаттык өзгөрүүдөн өткөн - кеңири ареалдары бар түрлөр алып салынган, бирок коргоону талап кылган кууш локалдуу сейрек түрлөрү киргизилген (6-сүрөт). Азыркы учурда ал курт-кумурскалардын 17 түрүн камтыйт, мындан тышкары жөргөмүш сымалдуулар классынан бир түр менен толукталды (Tricholathys relicta).

КР омурткасыздар фаунасынан үч түрү глобалдуу масштабда жок болуу коркунучу астында турат (IUC№ Red List versio№ 2011.2: Таblе 5); мындан тышкары, МСОП Кызыл тизмесинде LR/cd, №T, DD же LС категорияларына республиканын омурткасыздар фаунасынын дагы ондон ашык өкүлдөрү келтирилген.

 

4.3-сүрөт. Муунак буттуулардын жок болуу коркунучу астында турган айрым түрлөрүн КР каттоо орду

 

Булагы: Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби, 2007-ж.

 

Балыктар (Pisces). Омурткалуу жаныбарлардын арасында эндемикалык түрлөрдүн саны боюнча балыктар алдыда турат - КР 8 эндемикалар. Ысык-Көл көлүндө гана 7 түр бар - Ысык-Көл ит чабагы (Gobio gobio latus), Ысык-Көл майда чабагы (Leuciscus bergi), Ысык-Көл чабагы (Leuciscus schmidtii), Ысык-Көл гольяны (Phoxi№us issykkule№sis), Ысык-Көл алабугасы (Schizothorax issykkuli), Ысык-Көл көк чаар балыгы (Diptychus dybowskii), Ысык-Көл губачы (Triplophysa strauchi ulacholicus).

20 түрү Орто Азиянын субэндемикалары болуп саналат. Ысык-Көл эндемикалары Ысык-Көл алабугасынан жана Ысык-Көл көк чаар балыгынан тышкары, Кыргыз Реслубликасынын Кызыл китебине дагы 5 түрү киргизилген чортон түрдүү жерех, арал жана түркестан муруттуу балыгы, түркестан жаяны жана шиш тумшук. Коргоодогу балыктардын түрлөрү сыяктуу эле, калган башкаларынын саны боюнча маалыматтар азыркы учурда жок.

Жерде-сууда жашоочулар (Amphibia) жана сойлоочулар (Reptilia). Кыргыз Республикасынын фаунасынын сойлоочулдардын ичинен 2 түрү - Токобаев кескелдириги (Altiphylax tokobaevi) жана нарын кескелдириги (Cyrtopodio№ №ary№e№sis) - өлкөнүн эндемикасы болуп саналат, ал эми амфибиянын калган үч автохтонналык түрлөрү - Орто жана Борбордук Азиянын эндемикалары болуп саналат.

Жаныбарлардын бул тобунун өкүлдөрү биринчи жолу 1968-жылы өзгөчө коргоодо турган түрлөрдүн тизмесине киргизилген, ал эми 1981-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтому менен сейрек жана жок болуу коркунучу астында турган сойлоочулардын тизмеси бекитилген. Ага жыландын эки түрү жана боз варан кирген. Кийин бул түрлөр Кыргыз ССРинин Кызыл китебине киргизилген (1985). 2007-жылы сойлоп жүрүүчүлөрдүн мамлекеттик коргоого алынган түрлөрүнүн саны 8ге чейин көбөйгөн жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кургак-сууда жашоочулардын 2 түрү киргизилген. Ошентип, амфибиялардын төрт түрүнүн ичинен экөө жана рептилиялардын түрлөрүнүн бештен бир бөлүгүнүн көбү Кыргыз Республикасынын коргоосунда турат. Кыргыз Республикасынын герпетофаунасы глобалдык масштабда жок болуу коркунучу астында турган эки түрдү камтыйт (IUC№ Red List versio№ 2011.2: Table 5).

Бүтүндөй алганда бул топтун коркунуч алдында турган түрлөрүнүн концентрациясы төмөн тоолуу зонада байкалат (4.4-сүрөт), ошону менен Баткен облусунун аймагында өлкөнүн Кызыл китебине киргизилген сойлоочулардын бардык түрлөрүнүн популяциясы бар.

 

4.4-сүрөт. Амфибиялардын жана сойлоочулардын жок болуу коркунучу астында турган айрым түрлөрүн КР каттоо орду

 

Булагы: Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби, 2007-ж.

 

Канаттуулар (Аves). Бардыгы болуп Кыргыз Ресиубликасынын Кызыл китебине канаттуулардын 57 түрү киргизилген, алардын ичинен 16 түрү глобалдык масштабда жок болуу коркунучу астында турат ( (IUC№ Red List versio№ 2011.2: Table 5). Өлкөдө байыр алган канаттуулардын дагы 300гө жакын түрү адаттагыдай же КР чектеринде алар көп сандуу жана ЖКЭС Кызыл китебинде LR/cd, №T, DD же LC категорияларына келтирилген.

Сүт эмүүчүлер (Mammalia). Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү киргизилген, алардын 6 түрү глобалдык масштабда жок болуу коркунучу астында турат (IUC№ Red List versio№ 2011.2: Table 5).

Сүт эмүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген айрым түрлөрүнүн жайылтылышы 4.5-сүрөттө көрсөтүлгөн. Сүт эмүүчүлөрдүн Кызыл китепке киргизилген айрым түрлөрүнүн саны жөнүндө маалыматтар 4.7-таблицада берилген.

 

4.5-сүрөт. КР фаунасынын сүт эмүүчүлөрүнүн жок болуп бара

жаткан алты түрүнүн каттоо орду

 

Булагы: Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби, 2-басылышы, 2007-ж.

 

4.7-таблица

 

Аңчылык жайларынын жана ӨКЖА аймагында байыр алган, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сүт эмүүчүлөрдүн саны жөнүндө маалыматтар

 

┌────┬──────┬────┬─────┬──────┬─────┬────┬─────┬─────┬────┬─────┬─────┐

│Жыл-│ Тянь-│ Ма-│ Барс│Сүлөө-│ Аюу │ Ма-│Кун- │ Жей-│Бүр-│ Чүт-│ Таш │

│дар │ Шань │ рал│     │сүн   │     │ дыл│дуз  │ рен │күт │ көр │ суу-│

│    │ тоо  │    │     │      │     │    │     │     │    │     │ сар │

│    │текеси│    │     │      │     │    │     │     │    │     │     │

├────┼──────┼────┼─────┼──────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┤

│2006│ 1277 │ 10 │ 201 │  823 │ 115 │128 │ 10  │ 20  │ 330│     │ 3414│

├────┼──────┼────┼─────┼──────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┤

│2007│  386 │ 28 │ 212 │  942 │ 177 │ 60 │ 10  │ 20  │ 180│     │ 3297│

├────┼──────┼────┼─────┼──────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┤

│2008│ 1964 │ 20 │ 231 │ 1023 │ 157 │ 61 │ 10  │ 20  │    │     │ 3279│

├────┼──────┼────┼─────┼──────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┤

│2009│ 2949 │ 94 │ 268 │  997 │ 290 │ 64 │ 20  │ 20  │ 176│ 384 │ 3494│

├────┼──────┼────┼─────┼──────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┤

│2010│ 3000 │448 │ 293 │ 1029 │ 337 │ 69 │ 20  │ 20  │ 131│ 405 │ 4273│

├────┼──────┼────┼─────┼──────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼─────┤

│2011│ 2391 │367 │ 286 │ 1007 │ 326 │ 85 │ 20  │ 20  │ 114│ 385 │ 3994│

└────┴──────┴────┴─────┴──────┴─────┴────┴─────┴─────┴────┴─────┴─────┘

 

Булагы: КЧКТЧМА Аңчылык департаменти

 

Айрым түрлөрдүн санын өзгөрүүсүнүн тенденциясы

 

Жаратылыш коргоонун көп тараптуу макулдашууларында биотүрдүүлүктүн башкаларга өтпөй турган баалуулугу, ошондой эле, биотүрдүүлүктү сактоо адамдын жашоосу жана туруктуу өнүгүү үчүн чоң мааниге ээ экендиги таанылат. Жогорку экономикалык кызыкчылыктан улам азыркы учурда көптөгөн биоресурстар ген, түр жана экосистема деңгээлинде өзгөрүү, зыян тартуу же жоголуу коркунучу астында турушат. Бул көрсөткүч маанилүү ресурстук мааниге ээ болгон жана биотүрдүүлүктү сактоо көз карашында маанилүү ролду ойногон фаунанын жана флоранын өкүлдөрүнүн популяцияларынын абалы менен мүнөздөлөт. Ал ошондой эле экономикалык кызыкчылыктар менен биотүрдүүлүктү сактоо кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун көрсөтүүгө (айрыкча аңчылыкка лицензия берүүдө) жардам берет.

Кыргыз Республикасында мониторинг жүргүзүү канаттуулардын (4.8-таблица) жана жаныбарлардын (4.9-таблица) айрым гана түрлөрү боюнча жүргүзүлөт. Акы менен бирге негизги аңчылык жана Кызыл китепке киргизилген жапайы жаныбарлардын санын эсептөө аңчылык чарбаларында жана ӨКЖА аймагында гана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш институтунун эксперттери менен биргеликте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу Аңчылык департаментинин кызматтары тарабынан жүргүзүлөт. Бул маалыматтар тигил же бул аңчылык объекттерин алууга квотаны аныктоо үчүн колдонулат.

 

4.8-таблица

 

Кыргыз Республикасынын аңчылык жайларынын жана ӨКЖА аймагында байыр алган негизги аңчылык объекттеринин, канаттуулардын саны

 

┌─────────────────────┬───────────────────────────────────────────────┐

│        Түрү         │              Жалпы саны (түрү)                │

│                     ├───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┤

│                     │ 2006  │ 2007  │ 2008  │ 2009  │ 2010  │ 2011  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Канаттуу илбээсин чил│ 536772│ 336939│ 573324│ 364810│ 307867│ 375545│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│кыргоол              │ 324909│ 165104│ 255997│ 254487│ 200641│ 273246│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│фазан                │  32647│  44331│  30588│  22722│  23630│  20585│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│өрдөк                │ 130214│  88701│ 242755│  49390│  48434│  45613│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│улар                 │  42591│  32801│  36274│  33264│  30263│  32243│

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│каз                  │   5774│   5407│   7130│   4307│   4262│   3148│

└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

 

Булагы: УСК

 

4.9-таблица

 

Кыргыз Республикасынын аңчылык жайларынын жана ӨКЖА аймагында байыр алган негизги аңчылык объекттеринин, сүт эмүүчүлөрдүн саны

 

┌─────────────────────┬───────────────────────────────────────────────┐

│        Түрү         │           Жалпы саны (түрү)                   │

│                     ├───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┤

│                     │ 2006  │ 2007  │ 2008  │ 2009  │ 2010  │ 2011  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Туяктуулар           │ 50916 │ 46464 │ 45927 │ 44415 │ 48332 │ 51336 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│каман                │  1954 │  1627 │  1706 │  1697 │  1472 │  1552 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│элик                 │  4718 │  4759 │  4603 │  4682 │  5004 │  4792 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│тоо теке             │ 38852 │ 35429 │ 34778 │ 34186 │ 34223 │ 36333 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Териси баалуу        │354459 │362221 │364242 │339645 │310799 │322083 │

│жаныбарлар           │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│тыйын чычкан         │  9545 │  9027 │  8414 │  8238 │  9092 │  8515 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│коен                 │ 53136 │ 48254 │ 52128 │ 51658 │ 45914 │ 55020 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│суусар               │  3186 │  3024 │  2952 │  2779 │  2791 │  2997 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│түлкү                │ 10878 │ 10167 │ 10376 │  9419 │  7184 │ 10110 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│ондатра              │  9230 │ 11689 │  7715 │ 11405 │ 18220 │ 12958 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│норка                │     3 │   144 │    8  │   687 │   167 │   525 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│карышкыр             │  3135 │  3076 │  2695 │  2695 │  2250 │  2797 │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│суур                 │265159 │276621 │279706 │252599 │225027 │229020 │

└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

 

Булагы: УСК

 

Улуттук Кызыл китепке киргизилген, флоранын жана фаунанын сейрек жана жоголуу коркунучу астында турган түрлөрүнүн саны жогорулоонун айкын тенденциясына ээ. Расмийлештирилбеген жарыяланган маалыматтар боюнча акыркы 20-30 жылда ареалдын, сандарынын жана популяциянын санынын кыскаруу тенденциясын өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү көрсөтүүдө, ал эми көптөгөн өсүмдүк түркүмдөрүнүн абалы, бийик тоолордой эле, бөксө тоолордо коркунуч келтирүүчү болуп калды.

Акыркы жарым кылымда сандарынын, популяциянын санынын жана таралуу жаатындагы айкын кыскаруу тенденциясы курт-кумурсткалардын 250дөн ашык түрүндө байкалууда, алар негизинен бөксө тоолуу жогорку тилкелердин энтомокомплекстеринин курамына киришет; талаалар өзгөчө коркунучтуу абалда турат, аларга фрагменттелген ареалдары менен көптөгөн реликтилик жана эндемикалык түрлөр кирет. Ошондой эле жаңы түрлөрдүн, фаунистикалык табылгалардын жана инвазиялардын ачылышынын натыйжасында, КР аймагында байыр алган омурткасыздардын түрлөрүнүн тизмесинин көбөйүүсүндө байкалган. Көчмөн-түрлөрдүн басымдуу көпчүлүгү, тилекке каршы, жагымсыз, башка тектүү түрлөр жана өсүмдүктөрдүн тышкы карантининин объекттери болуп саналат. Омурткасыздардын өзүнчө түрлөрүнүн, керек болсо, күндүзгү көпөлөктөр сыяктуу байкаларлык топтордун санынын жана ареалдарынын өзгөрүү тенденциясына сандык мүнөздөмө берүү азыркы учурда акыркы 25-30 жылда репрезентативдик жоктугунун себептери боюнча мүмкүн болбой турат.

Азыркы учурда балыктар арасында тенденция бар - пландуу жана капилет көчмөндөрдүн эсебинен түрдүк курамдын көбөйүүсү Ысык-Көл көлүнүн эндемикалык корголуучу түрлөрүнүн санынын азайышы.

Жердеги омурткалуулардын ареалдарынын, популяцияларынын санынын жана чоңдугунун кыскарышынын ар тараптуу жана коркунучтуу мүнөзгө ээ болуусу алардын көптөгөн түрлөрүнүн санынын жана таралышынын өзгөрүүсүнүн жалпы тенденциясы болуп саналат.

Мисалы, тоо теке жана тоо эчки сыяктуу ири жаныбарлардын байыр алган жерлери чоңдугу боюнча кыйла кыскарган жана учурда фрагменталдык участкаларда берилген (9- жана 10-сүрөт). Кеңири таралган айрым келгин куштардын ареалдарынын көбөйүүсүнүн эсебинен КР орнитофаунасында түрдүк курамдын айрым көбөйүүлөрү болуп өткөн. Канаттуулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн арасында негизги аңчылыктын түрлөрүнүн санын төмөндөөсүнүн тынчсызданткан тенденциясы көрүнгөн.

 

5. Жер ресурстары

 

Жерлер өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу негизги жаратылыш ресурстарынын бири болуп саналат. Жер ресурстарын экологиялык жактан негизделген жана теңдештирилген пайдалануусу жана корголушу үчүн жер пайдалануунун оптималдуу түзүмүн түзүү, түрдүү пландагы чарбалык иштин жерге терс таасирин минималдаштыруу, жерлерди жана топурактарды пайдаланууну жана коргоону ченемдик усулдук камсыз кылууну өркүндөтүү зарыл.

Өлкөнүн жер ресурстарынын мүнөздөмөсү жана аларга түрдүү пландагы чарбалык иштин таасирине баа берүү үчүн Кыргыз Республикасында мындай жерлердин болушу, аларды категориялар, жайлар, менчик ээлери, жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү, алардын сапаттык мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтар колдонулат.

Жер фондунун эсептик маалыматтары жерге жайгаштыруунун райондук кызматтары тарабынан жыл сайын берилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилет. Алар айылдарды кеңейтүү, транспорттук инфраструктураны түзүү, кен байлыктарды иштетүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн айыл чарбасынын жүгүртүлүшүнөн алынып коюлган жерлер - трансформацияланган жерлер катары жана өзүнүн табигый абалында турган жерлерди аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтын негизги булагы болуп саналат.

Жерди мамлекеттик эсепке алуунун маалыматтары боюнча 2011-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын аймагы 19995,1 миң га түзөт. Бул жерлер категориялар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн (5.1-сүрөт):

 

миң га

 

Айыл чарба багытындагы жерлер - 5679,7 (28,5%);

Калктуу конуштардын жерлери - 266,4 (1,3%);

Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо ж.б. - 222,7 (1,1%);

жерлер

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын - 707,4 (3,5%);

жерлери

Токой фондунун жерлери - 2617,2 (13,1%);

Суу фондунун жерлери - 767,3 (3,8%);

Запастагы жерлер - 9734,2 (48,7%);

- алардын ичинде бөлүштүрүлбөгөн жайыттар - 4824,3 (24,1%)

 

5.1-сүрөт. 2011-жылга Кыргыз Республикасынын жер фондунун жерлерин категориялар боюнча бөлүштүрүү

 

Жер фондунун түзүмү

 

Айыл чарба багытындагы жерлер 2010-жылы бүтүндөй жер фондунун 28,5% түзөт жана 5679,7 миң га ээлейт. 2009-жылга салыштырганда айыл чарба багытындагы жерлер 30,2 миң га азайган, бул 0,5% түзгөн. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянты кыйла көбөйгөн (бүтүндөй жер фондунун 3,5%) түзгөн. 2010-жылы бул категориядагы, жердин аянты 707,4 миң га түзгөн, 2009-жылга салыштырганда аянт 174,8 миң га (32,8%) көбөйгөн. Токой фондунун жерлери 2617,2 миң га - 13,1% жана 2009-жылга салыштырмалуу токой фондунун аянты 54,8 миң га азайган (токой фондунун жер категориясынын 2%).

 

5.1-таблица

 

2012-жылдын 1-январына Кыргыз Республикасынын жер фондунун жерлерин категориялар боюнча бөлүштүрүү

 

┌─────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐

│  Жерлердин          │ 2006- │ 2007- │ 2008- │ 2009- │ 2010- │ 2011- │

│  категориялары      │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │  жыл  │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│Кыргыз               │19994,9│19994,9│19994,9│19994,9│19994,9│19994,9│

│Республикасынын      │       │       │       │       │       │       │

│пайдалануусундагы    │       │       │       │       │       │       │

│бардык жерлер,       │       │       │       │       │       │       │

│алардын ичинде:      │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│- айыл чарба         │ 5702,9│ 5714,9│ 5709,9│ 5684,5│ 5679,7│ 5674,9│

│багытындагы жерлер   │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│- калктуу конуштардын│  252,1│  254,3│  259  │  263,2│  266,4│  272,9│

│жерлери              │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│- өнөр жай,          │  222,3│  221,5│  223  │  223,6│  222,7│  224,3│

│транспорт, байланыш, │       │       │       │       │       │       │

│коргоо ж.б. жерлер   │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│- өзгөчө корголуучу  │  532,2│  532,3│  532,6│  707,4│  707,4│  707,3│

│жаратылыш            │       │       │       │       │       │       │

│аймактарынын жерлери │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│- токой фондунун     │ 2710,6│ 2710,1│ 2672  │ 2613,7│ 2617,2│ 2617,8│

│жерлери              │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│- суу фондунун       │  767,3│  767,4│  767,4│  767,7│  767,3│  767,3│

│жерлери              │       │       │       │       │       │       │

├─────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤

│- запастагы жерлер   │ 9807,5│ 9794,4│ 9831  │ 9735,1│ 9734,2│ 9730,5│

└─────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘

 

Булагы: 2006-2010-жылдарга мамлекеттик жер отчеттору

 

Калктуу конуштардын жерлери 272,9 миң га түзөт же бүткүл жер фондунун 1,3% түзөт жана 2009-жылга салыштырганда 20,8 миң га көбөйгөн. Калктуу конуштардын аянты такай жана кыйла көбөйүү тенденциясына ээ. Запастагы жерлер да кыйла өзгөрүүгө дуушар болууда. 2010-жылы анын аянты 9734,2 миң га же бүткүл жер фондунун 48,7% түздү жана 2009-жылга салыштырганда 0,9 миң га азайды. Ошол эле мезгилде 2009-жылы 2008-жылга салыштырганда 96,8 миң га (1%) азайган.

Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо ж.б. 222,7 миң га - жер фондунун түзүмүндө 1,1% ээлейт жана жылдар боюнча олуттуу деле өзгөрбөйт.

Суу фондунун жерлери дээрлик өзгөрбөйт жана 767,3 миң га - жер фондунун түзүмүндө 3,8% ээлейт.

 

5.2-таблица

 

Категориялар боюнча жер фондунун түзүмүнүн динамикасы, миң га

 

┌─────────────────────────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┐

│   Жерлердин категориялары   │2007-жыл │2008-жыл │2009-жыл │2010-жыл │

│                             │  +/- к  │  +/- к  │ +/- к   │ +/- к   │

│                             │   2006  │  2007   │  2008   │  2009   │

├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│- айыл чарба багытындагы     │  +12,0  │   -5,0  │  -25,4  │   -4,8  │

│жерлер                       │         │         │         │         │

├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│- калктуу конуштардын жерлери│   +2,2  │   +4,7  │   +4,2  │   +3,2  │

├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│- өнөр жай, транспорт,       │   -0,8  │   +1,5  │   +0,6  │   -0,9  │

│байланыш, коргоо ж.б. жерлер │         │         │         │         │

├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│- өзгөчө корголуучу          │    0,1  │   +0,3  │ +174,8  │   +0,0  │

│жаратылыш аймактарынын       │         │         │         │         │

│жерлери                      │         │         │         │         │

├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│- токой фондунун жерлери     │   -0,5  │  -38,1  │  -58,3  │   +3,5  │

├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│- суу фондунун жерлери       │   +0,1  │   +0,0  │   +0,3  │   -0,4  │

├─────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│- запастагы жерлер           │  -13,1  │  +36,6  │  -95,9  │   -0,9  │

└─────────────────────────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┘

 

Булагы: 2006-2010-жылдарга мамлекеттик жер отчеттору

 

2011-жылдын 1-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 10650,8 миң га (бүтүндөй жер фондунун 53%) түзөт, алар жерди мамлекеттик эсепке алуу боюнча жерлердин ар кандай категорияларында катталган, анын ичинде:

Айдоолор 1276,2 миң га

Көп жылдык өсүмдүктөр 44,2 миң га

Аңыздар 38,9 миң га

Чөп чабыктар 168,4 миң га

Жайыттар 9063,4 миң га

Мындан тышкары:

Токой аянттары 1164,1 миң га

Жыгач-бадалдар 463,5 миң га

Саздар 6,2 миң га

Башкалар 7648,8 миң га

 

Жерлердин курамында айыл чарба жерлеринин көпчүлүк аянтынын 85,3% жайыт түзөт, анын аянты дайыма азайып жатат (5.3-таблица).

 

5.3-таблица

 

2012-жылдын 1-январына карата жер фондунун жерлерин курамы боюнча бөлүштүрүү, миң га

 

┌────┬───────┬─────────────────────────────────────────────────────────┐

│Жылы│ Жалпы │                    анын ичинде(17)                      │

│    │ аянт  ├──────┬─────┬─────┬─────┬──────┬──────┬──────┬────┬──────┤

│    │       │Айдоо │Көп  │Аңыз-│Чөп  │Жайыт-│Токой │Жыгач-│Саз-│Башка-│

│    │       │      │жыл- │дар  │ча-  │тар   │аянт- │бадал-│дар │лар   │

│    │       │      │дык  │     │бык- │      │тары  │дар   │    │      │

│    │       │      │өсүм-│     │тар  │      │      │      │    │      │

│    │       │      │дүк- │     │     │      │      │      │    │      │

│    │       │      │төр  │     │     │      │      │      │    │      │

│    │       │      │     │     │     │      │      │      │    │      │

│    │       │      │     │     │     │      │      │      │    │      │

├────┼───────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────┼──────┤

│2007│19995,1│1280,0│ 73,4│35,8 │172,4│9174,4│1059,6│ 464,0│ 6,3│7640,8│

├────┼───────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────┼──────┤

│2008│19995,1│1279,5│ 73,4│35,9 │172,4│9173,1│1059,4│ 463,8│ 6,1│7641,6│

├────┼───────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────┼──────┤

│2009│19995,1│1276,0│ 75,0│37,9 │169,1│9068,9│1164,6│ 463,5│ 6,1│7644,2│

├────┼───────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────┼──────┤

│2010│19995,1│1276,2│ 74,2│38,9 │168,4│9064  │1164,1│ 463,5│ 6,2│7648,8│

├────┼───────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼──────┼──────┼────┼──────┤

│2011│19995,1│1275,9│ 74,7│38,6 │168,4│9058,4│1164,1│ 463,5│ 6,2│7649,7│

└────┴───────┴──────┴─────┴─────┴─────┴──────┴──────┴──────┴────┴──────┘

Эскертүү: 90,6 миң га - жамааттык бакчаларды, бактарды, кызматтык

бөлүнгөн үлүштөрдү кошо алганда, жарандардын короо ал-

дындагы участкалары катары катталган жана жер фондунда

салыштырма салмактын 0,04% түзөт, алардын аянты

2006-жылдан тартып 6,2 миң га көбөйгөн.

(17) Миллиоративдик даярдык жана мамлекеттик чек ара стадиясында турган эсеби алынбаган жерлер

 

5.2-сүрөт. 2010-жылы айыл чарба жерлеринин бөлүштүрүлүшү

 

5.4-таблица

 

Жерлердин түрлөрү боюнча жер фондунун түзүмүнүн динамикасы

 

┌─────────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐

│        Жерлердин түрлөрү        │         Аянты миң га              │

│                                 ├───────────┬───────────┬───────────┤

│                                 │ 2008-жыл  │ 2009-жыл  │ 2010-жыл  │

│                                 │   +/- к   │   +/- к   │   +/- к   │

│                                 │    2007   │    2008   │    2009   │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│Кыргыз Республикасынын           │     -     │     -     │     -     │

│пайдалануусундагы бардык жерлер, │           │           │           │

│алардын ичинде                   │           │           │           │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│айдоолор                         │   -0,5    │    -3,3   │    +0,2   │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│көп жылдык өсүмдүктөр            │     -     │    +0,6   │    -0,8   │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│аңыздар                          │   +0,1    │    +2,0   │    +1,0   │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│чөп чабыктар                     │     -     │    -3,3   │    -0,7   │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│жайыттар                         │   -1,3    │  -104,2   │     4,9   │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│токой аянттары                   │   -0,2    │  +105,2   │    -0,5   │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│бак-бадал өсүмдүктөрү            │   -0,2    │    -0,3   │     -     │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│саздар                           │   -0,2    │     -     │    +0,1   │

├─────────────────────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┤

│башкалар                         │   +0,8    │    +2,6   │    +4,6   │

└─────────────────────────────────┴───────────┴───────────┴───────────┘

2006-2010-жылдардагы мезгил аралыгында жер фондунун түзүмүндө жерлер боюнча олуттуу өзгөрүүлөр болду, айдоо жерлеринин кыскаруу тенденциясы так байкалууда, алар 2009-жылга салыштырмалуу 2008-жылы гана 3,3 миң га азайган. Акыркы беш жылда айдоо аянты 5,5 миң га азайган, бул 4,3% түзөт. 5 жыл ичинде жайыт аянттары кыйла 120,5 миң га кыскарган, бул болсо 1,3% түзөт.

5 жыл ичинде токой аянты 104,9 миң га көбөйгөн, бул 9,9% түздү. Бак-бадал өсүмдүктөрү, ага талааны коргоочу токой тилкелери да кирет, акыркы 5 жылда 0,5 миң га - 0,1% кыскарган. Бул дифляциялык кооптуу топурактар үчүн чоң коркунуч алып келет. 2010-жылы саздар 0,1 миң га көбөйгөн, бул коллектордук-дренаж тармактарын тазалоого майда дыйкан чарбаларынын каражаттарынын жоктугу менен байланыштуу.

Башка жерлердин аянты акыркы 5 жылда 20,9 миң га көбөйгөн.

 

5.5-таблица

 

2010-жылы Кыргыз Республикасынын жер фондунун облустар боюнча бөлүштүрүлүшү

 

┌─────────────────────────────┬─────────────┬────────────┬────────────┐

│   Региондордун аталышы      │Аймак боюнча │ Айыл чарба │  Менчик    │

│                             │  миң га     │  жерлери   │ ээлеринин  │

│                             │             │   миң га   │ жана жер   │

│                             │             │            │пайдалануу- │

│                             │             │            │ чулардын   │

│                             │             │            │саны боюнча │

├─────────────────────────────┼─────────────┼────────────┼────────────┤

│Баткен облусу                │    1699,6   │    589,3   │   230543   │

├─────────────────────────────┼─────────────┼────────────┼────────────┤

│Жалал-Абад облусу            │    3365,3   │   1855,8   │   319601   │

├─────────────────────────────┼─────────────┼────────────┼────────────┤

│Ысык-Көл облусу              │    4314,4   │   1602,6   │   364529   │

├─────────────────────────────┼─────────────┼────────────┼────────────┤

│Нарын облусу                 │    4520,2   │   2819,7   │   227768   │

├─────────────────────────────┼─────────────┼────────────┼────────────┤

│Ош облусу                    │    2901,2   │   1681,0   │   391312   │

├─────────────────────────────┼─────────────┼────────────┼────────────┤

│Талас облусу                 │    1144,6   │    743,3   │    97270   │

├─────────────────────────────┼─────────────┼────────────┼────────────┤

│Чүй облусу                   │    2018,9   │   1346,7   │   523024   │

└─────────────────────────────┴─────────────┴────────────┴────────────┘

 

5.3-сүрөт. Кыргыз Республикасынын жер фондунун облустар боюнча

бөлүштүрүлүшү

 

Кыргыз Республикасынын жер фонду текши бөлүштүрүлбөйт. Аймактарынын өлчөмү боюнча облустар төмөнкүдөй тартипте жайгаштырылат: эң чоңу Нарын - 4520,1 миң га ээлейт, ал облус айыл чарба жерлеринин көп бөлүгүнө - 2819,7 миң га ээлейт, анын ичинде 2676,9 миң га айыл чарба жерлеринин 95% жайыттар, ал эми айдоолор болгону 120,9 миң га түзөт. Нарын облусунда менчик ээлеринин жана жер пайдалануучуларынын саны 227768. Нарын облусунун орточо жер пайдалануучусу 12,4 га айыл чарба жерлерине ээ.

Ысык-Көл облусу 4134,4 миң га өлкөнүн аймагынын 21% ээлейт, айыл чарба жерлеринин аянты 1602,6 миң га 17% айдоолор түзөт, ал 191 миң га ээлейт, бул болсо айыл чарба жерлеринин аянтынын 12% түзөт. 2009-жылга салыштырмалуу айдоо аянты аз өндүрүмдүү жайыттарды өздөштүрүүнүн эсебинен 306 га көбөйгөн жана бул катталган участкалар боюнча гана берилген. Ысык-Көл облусунда менчик ээлеринин жана жер пайдалануучуларынын саны 364529, акыркы 5 жылда бул сандар 15665ке көбөйгөн. Ысык-Көлдүн орточо жер пайдалануучусу 11,3 га айыл чарба жерлерине ээ.

Жалал-Абад облусу 3365,3 миң га (17 %), айыл чарба жерлеринин аянты 1855,8 миң га, (облустун жалпы аймагынын 55%) түзөт. Айдоо аянты 165,6 миң га (айыл чарба жерине карата 8,9%) ээлейт жана 2009-жылга салыштырмалуу айдоо аяты 1482 га, (0,9%), ал эми акыркы 5 жылда 8073 га (4,6%) азайган. Менчик ээлеринин жана жер пайдалануучуларынын саны 319601 түзөт, 2009-жылга салыштырганда бул сандар 15256 га көбөйгөн. Жалал-Абад шаарынын орточо жер пайдалануучусу 10,5 га айыл чарба жерлерине ээ.

Ош облусу 2901,2 миң га аянтты ээлейт, бул өлкөнүн аянтынын 15% түзөт. Айыл чарба жерлеринин аянты 1681,0 миң га (58%). Айдоо аянты 188,1 миң га ээлейт, бул облустун айыл чарба жерлеринин 11% түзөт. Бул көрсөткүч 2009-жылга салыштырмалуу 748 га көбөйгөн. Ош облусунун менчик ээлеринин жана жер пайдалануучуларынын саны 391312 түзөт, 2009-жылга салыштырганда 41016 га көбөйгөнү байкалууда. Орточо жер пайдалануучу 4,3 га айыл чарба жерлерине ээ.

Чүй облусу 2018,9 миң га ээлейт, бул өлкөнүн жалпы аянтынын 10% түзөт. Айыл чарба жерлеринин аянты - 1346,7 миң га, бул облустун жалпы аймагынын 67% түзөт. Айдоо аянты 419,3 миң га (31%). Муну менен бирге 2009-жылга салыштырганда айдоо аянты 902 га көбөйгөн, Чүй облусунун менчик ээлеринин жана жер пайдалануучуларынын саны 523024 түзөт жана 2009-жылга караганда бул көрсөткүч 82836 (19%) көбөйгөн. Чүй облусунун орточо жер пайдалануучусу 2,6 га айыл чарба жерлерине ээ.

Баткен облусу 1699,6 миң га ээлейт, бул өлкөнүн жалпы аянтынын 9% түзөт. Айыл чарба жерлеринин аянты 589 миң га, бул облустун аймагына карата 35% түзөт. Айдоо аянты 71,5 миң га (айыл чарба жерлеринин аянтына карата 12%, 2009-жылга салыштырганда 366 га азайган. Баткен облусунун менчик ээлеринин жана жер пайдалануучуларынын саны 230543 түзөт жана 2009-жылга караганда көрсөткүч 56328 (32%) өскөн. Баткен облусунун орточо жер пайдалануучусу 2,3 га айыл чарба жерлерине ээ.

Талас облусу - өлкөнүн кичирээк облусу 1144,6 миң га ээлейт, бул Кыргыз Республикасынын жалпы аймагынын 6% түзөт. Айыл чарба жерлеринин аянты - 743,3 миң га (7%), айдоо аянты 117,5 миң га (айыл чарба жерлеринин аянтына карата 16%), ал 2009-жылга салыштырганда 2,05 миң га (1,7%) азайган. Менчик ээлеринин жана жер пайдалануучуларынын саны 97270 түзөт, бул көрсөткүч 2009-жылга салыштырмалуу 5304 га, акыркы 5 жылда - 15295 көбөйгөн. Талас облусунун орточо жер пайдалануучусу 7,6 га айыл чарба жерлерине ээ.

Учурда айыл калкынын өзүнүн үлүшүндөгү жерди алгандарынын саны 2665,4 миң адамды түзгөн. Натыйжада Кыргызстандын бүтүндөй калкынын 54% айыл чарба багытындагы жер участкаларынын менчик ээлери болуп калышты. Рыноктук кайра түзүүлөр жана менчиктин түрлөрү боюнча кайра бөлүштүрүү жерлердин башка категориялары боюнча да болуп өткөн. Атап айтканда, 2011-жылы январда 266,3 миң га калктуу конуштун жерлеринен 185 миң га же 69,5% жеке жана юридикалык жактардын жеке менчигине, турак үйлөрдүн, өндүрүш ишканаларынын жана уюмдардын менчик ээлерине өткөрүп берилген. Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка дайындалыштагы жерлерден 6 миң га имараттардын жана курулмалардын ээлеринин жеке менчигине өткөрүп берилген.

 

Деградацияга тут болгон айыл чарба жерлеринин аянты

 

Бул көрсөткүч чарба жеринин абалына алардын деградациялык процесстерге туш болуу даражасынын көз карашында баа берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Эрозия - табигый процесс, бирок ал көп учурда адамзаттын ишинин натыйжасында тез интенсификацияланат. Көбүнесе учурларда эрозия айыл чарба жерлерин туруксуз пайдалануунун, ири чарбалардын ишинин, малды чектен тышкары жаюунун, ошондой эле ирригациянын жана суу чарбасын башкаруунун натыйжасыз системаларынын кесепети болуп саналат. Айыл чарбасын жүргүзүү системасы - жер кыртышынын сапатына таасир тийгизүүчү маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Өз кезегинде топурактын эрозиясы дыйканчылыктын өндүрүмдүүлүгүн жоготууга алып келүүчү жана көп учурда топурак үчүн чоң зыян алып келүүчү колдонулбай турган агроыкмалардын жагымсыз таасирлеринин айкын көрсөткүчү болуп саналат.

Айыл чарба жерлери анын биологиялык өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө көбүнесе туш болушат. Кыргызстанда жерлердин биологиялык өндүрүмдүүлүгүнө өзгөчө таасир берүүчү факторлордун бири катары эрозиялык процесстерди, шорлонууну жана саздашууну/суу каптоону белгилей кетүү керек (5.4-сүрөт).

1985-жылдан тартып, деградацияланган жерлердин аянты кыйла өскөндүгү диаграммада так көрүнүп турат, аны менен бирге жерлерге акыркы комплекстүү мониторинг 1990-жылы жүргүзүлгөн жана кийинки тандап изилдөөлөр процесстердин өнүгүүсүн толук көлөмдө чагылдырбайт.

Суу жана шамал эрозиялык процесстердин өнүгүүсү көптөгөн факторлор жана табигый, ошондой эле антропогендик мүнөздөгү себептер менен шартталган. Табигый факторлордун арасында, барынан мурда, бардык гидрографиялык түзүүлөрдү (суу бөлүнүштөрү, тоо боорлору, колоттор, коолор жана суу өрөөндөрү) кошо алганда, республиканын аймагынын өтө бөлүнүшүн белгилей кетүү керек. Эрозиялык процесстерди өнүктүрүүгө жер кыртышынын негизги жана жайылма тектеринин түзүлүшү (лессалар жана лесса түрүндөгү кумдуу топурак өздөрүнүн борпоңдугу менен чопого караганда жеңил жуулат) чоң таасир тийгизет. Аймактын жантайыңкы болушу республиканын аймагында суу эрозиясынын көрүнүшүнүн өзгөчө терс факторлорунун бири болуп саналат. Айдоо жерлери, айрыкча сугарылуучу айдоолор суу эрозиясына көбүнчө туш болот. Эрозиялык процесстерди өнүктүрүүгө жаан-чачындар жана шамал режими олуттуу мааниге ээ болушат.

 

5.4-сүрөт. Деградациянын белгилери боюнча айыл чарба жерлеринин сапаттык мүнөздөмөсү

 

Шамал эрозиясынын таралуу очоктору Батыш Ысык-Көл жээктеринде, Кемин районунун чыгыш бөлүгүндө, Кочкор ойдуңунун, Кара-Буура районунун батыш бөлүгүндө, Кемин районунун чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле Баткен, Ош жана Чүй облустарында байкалган.

Эрозиялык процесстерди өнүктүрүүнүн антропогендик факторлору адамдын чарбалык иши жана өзгөчө сугат жерлеринин туура эмес пайдаланылышы менен түздөн-түз байланышкан. Жер кыртышын эрозияга каршы иштетүү ыкмаларын сактабаганда жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сарамжалсыз жайгаштырууда топуракты күчтүү агызуу жана жууп кетүү жүрөт.

Жердин деградациясынын дагы башка түрлөрү бар (5.6-таблица) - шорлонуу, саздануу жана жер кыртышынын сууларынын деңгээлинин көтөрүлүшү, ал сугат жерлерин жигердүү пайдалануу жүрүп жаткан, республиканын төмөн зоналарында байкалат. Сугат жерлеринин төмөнкү зоналарындагы деградацияга Чүй облусу туш болгон. Капиталдык салымдардын төмөндөшүнөн жана сугаруу жана кургатуу системасынын оңдоо иштеринин жоктугунан улам бардык жерде мелиорациялык-жагымсыз жерлердин аянттары көбөйүүдө - Ош, Баткен, Чүй, Талас облустары.

Баштапкы шорлонуу минералдашкан жер кыртышынын сууларынын эсебинен болот. Экинчилик шорлонуу, коллекторлук-дренаждык системалардын бузулуусу менен байланыштуу, ошондой эле ал акыркы убактарда кеңири таралган жана айдоо жерлеринде ар кандай деңгээлдерде пайда болууда. Шорлуу жер кыртышын гипстөө боюнча иштер токтотулган, бирок бул технологиялык ыкма айыл чарба багытындагы жерлерди калыбына келтирүү боюнча натыйжалуу каражаттардын бири болуп саналат.

 

5.6-таблица

 

2010-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында айыл чарба жерлеринин сапаттык мүнөздөмөсү

 

┌────────────────┬───────┬───────┬─────────┬───────┬──────────┬───────┐

│    Айыл чарба  │ Шорло-│ Шорлуу│ Саздак  │Таштак │Дефляция- │Суу    │

│ жерлеринин тиби│  нуу  │       │         │       │лык-      │эрозия-│

│                │       │       │         │       │кКӨКЖуу   │сына   │

│                │       │       │         │       │(шамал    │туш    │

│                │       │       │         │       │эрозиясы) │болгон-│

│                │       │       │         │       │          │дор    │

├────────────────┼───────┼───────┼─────────┼───────┼──────────┼───────┤

│Бардык айыл     │ 1289,7│ 496,8 │  118,6  │ 4272,1│  5795,4  │ 5699,8│

│чарба жерлери   │       │       │         │       │          │       │

├────────────────┼───────┼───────┼─────────┼───────┼──────────┼───────┤

│Сугарылуучу айыл│  235,6│  87,4 │   36,7  │  216,8│  1784,1  │  811,4│

│чарба жерлери   │       │       │         │       │          │       │

└────────────────┴───────┴───────┴─────────┴───────┴──────────┴───────┘

 

Булагы: "Кыргызгиппрозем" РПАС жерлерге мониторинг жүргүзүү маалыматтары

 

Жайыттарга күч келүү

 

Айыл жеринде жашап жаткан Кыргыз Республикасынын беш миллион калкынын 60% ашыгы жашоо каражаттарынын булагы катары жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түздөн-түз көз каранды жана аларга күчтүү таасир тийгизишет. Негизги жаратылыш ресурсу - тоолуу жайыттар, алар өлкөнүн аймагынын 40% жана айыл чарба багытындагы жерлердин 85% түзөт.

Жайыттарда эрозиялык процесстердин өнүгүүсүнө бардык жерде жайыттардын деградациясына алып келүүчү малды жөнгө салбастан жаюу олуттуу деңгээлде шарт түзөт. Табигый тоют жерлеринен чөп чыгарбай коюу менен жер кыртышынын суу сиңирүүчү жана суу кармап туруучу жөндөмдүүлүгү (жер кыртышынын түзүмдүк агрегаттарынын бууланышы, тыгыздалышы жана бузулушу жүрөт), бул анын жуулуп кетишине алып келет.

 

5.7-таблица

 

2010-жылы облустар боюнча малдын санын бөлүштүрүү жана жайыттарга келтирилген күчтү эсептөө

 

┌──────────────────┬──────────────────────┬─────────┬────────┬────────┐

│Региондун аталышы │  Малдын саны, анын   │ Шарттуу │Жайыттын│1 га    │

│                  │    ичинде миң баш    │  санына │ аянты  │жайытка │

│                  ├───────┬───────┬──────┤  миң га │ миң га │малдын  │

│                  │  Бодо │Кой-   │Жылкы-│         │        │күч     │

│                  │  май  │эчкилер│лар   │         │        │келтири-│

│                  │       │       │      │         │        │ши      │

├──────────────────┼───────┼───────┼──────┼─────────┼────────┼────────┤

│Баткен облусу     │ 115,9 │ 454,2 │  6,5 │  1072,7 │  484,7 │  2,2   │

├──────────────────┼───────┼───────┼──────┼─────────┼────────┼────────┤

│Жалал-Абад облусу │ 259,0 │ 997,1 │ 52,7 │  2608,3 │ 1627,5 │  1,6   │

├──────────────────┼───────┼───────┼──────┼─────────┼────────┼────────┤

│Ысык-Көл облусу   │ 179,2 │ 747,5 │ 78,1 │  2112,1 │ 1384,8 │  1,5   │

├──────────────────┼───────┼───────┼──────┼─────────┼────────┼────────┤

│Нарын облусу      │ 129,8 │ 871,3 │ 90,8 │  2065,1 │ 2676,9 │  0,8   │

├──────────────────┼───────┼───────┼──────┼─────────┼────────┼────────┤

│Ош облусу         │ 300,3 │ 942,0 │ 81,2 │  2993,2 │ 1400,2 │  2,1   │

├──────────────────┼───────┼───────┼──────┼─────────┼────────┼────────┤

│Талас облусу      │  64,1 │ 456,8 │ 22,9 │   914,7 │  615,8 │  1,5   │

├──────────────────┼───────┼───────┼──────┼─────────┼────────┼────────┤

│Чүй облусу        │ 239,8 │ 546,4 │ 45,4 │  2029,7 │  869,2 │  2,3   │

└──────────────────┴───────┴───────┴──────┴─────────┴────────┴────────┘

Булагы: УСК

 

2011-жылдын 1-январына, шарттуу түрдө кой башына которулган: 1

баш бодо мал 5

баш койго барабар, 1 баш жылкы 6 баш койго барабар.

Жайыттардын аянттары - 2011-жылдын мамлекеттик жер отчету.

 

5.5-сүрөт. 2010-жылы облустар боюнча мал башын бөлүштүрүү

 

5.7-таблицада 2010-жылы Кыргыз Республикасынын облустары боюнча мал башын бөлүштүрүү жана жайыттарга келтирилген күч берилген, алар бүтүндөй жер пайдалануу системасына тийгизген таасирди мүнөздөп турат, анткени мал жаюунун оптималдык экологиялык жактан негизделген ченемдерин жогорулатуу деградациялык процесстерге, жайыттардын биологиялык өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана аларды айыл чарбалык пайдалануудан чыгуусуна алып келет.

Нарын облусунда жайыттардын аянты 2676,9 миң га түзөт, шарттуу түрдө кой башындагы жалпы мал башы 2065,1 миң башты түзөт, ал өткөн жылдагыга салыштырганда 26,3 миң башка же 1,3% көбөйгөн. 1 га жайытка малдын оорчулугу 0,8 шарттуу түрдө кой башын түзөт.

Бирок эсепке алынган мал башы шектенүүнү жаратат. ГЭФ/ПРБУУ "Суусамыр өрөөнүндө тоолуу жайыттарды туруктуу тескөөнү демонстрациялоо" долбоору тарабынан мал жаюунун планын түзүүдө бардык жандыктарды короомо-короо эсепке алуу жүргүзүлгөн жана статистикалык жана айкын маалыматтардын айырмачылыктарынын болушу аныкталган (пилоттук айылдардын мисалында): Ири мүйүздүү малдын башы 3 эсе, ал эми койлордун жана эчкилердин саны - 5 эсе көп.

Ысык-Көл облусунда жайыттардын аянты - 1384,8 миң га. Мал башынын жалпы саны 2112,1 миң баш - 2010-жылга салыштырганда 97,1 миң башка же 48% көбөйгөн. 1 га жайытка малдын оорчулугу 1,5 шарттуу түрдө кой башын түзөт.

Жалал-Абад облусу өзүнүн аймагында 1627,5 миң га ээлейт. Мал башынын жалпы саны 2608,3 миң баш, ал 2010-жылга салыштырганда 67,4 миң башка же 2,6% көбөйгөн. 1 га жайытка малдын оорчулугу 1,6 шарттуу түрдө кой башын түзөт.

Талас облусунда жайыттардын аянты 615,8 миң га. Мал башынын жалпы саны 914,7 миң баш, ал өткөн жылга салыштырганда 26,7 миң башка же 3% көбөйгөн. 1 га жайытка малдын оорчулугу 1,5 шарттуу түрдө кой башын түзөт.

Ош облусу 1400,2 миң га жайытка ээ. Мал башынын жалпы саны 2993,2 миң баш, акыркы жылда ал 90 миң башка же 3,1% көбөйгөн. 1 га жайытка малдын оорчулугу - 2,1 шарттуу түрдө кой башы, бул экологиялык оорчулуктан бир жарым эсе жогору.

Баткен облусунун жайыт аянты 484,7 миң га. Мал башынын саны 1072,7 миң баш, ал 2009-жылга салыштырганда 25,8 миң башка же 2,5% көбөйгөн. 1 га жайытка малдын оорчулугу - 2,2 шарттуу түрдө кой башын түзөт.

Чүй облусунда жайыттардын аянты 869,2 миң га. Мал башынын жалпы саны 2029,7 миң баш, ал өткөн жылга салыштырганда 43 миң башка же 2,2% көбөйгөн. 1 га жайытка малдын оорчулугу - 2,3 шарттуу түрдө кой башын түзөт.

Чүй, Баткен жана Ош облустары мал башынын өсүү потенциалын түгөткөн жана мындан аркы стратегиялык күч-аракеттер жаныбарлардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, түрдүк курамын оптималдаштырууга багытталууга тийиш, анткени акыркы жылдарда республиканын бардык облустарында ири мүйүздүү малдын, айрыкча Кыргыз Республикасынын жайыттарында чөптүн өсүшү үчүн экологиялык жактан коркунучтуу болуп саналган жаш малдын пайызы кыйла жогорулаган.

 

6. Айыл чарбасы

 

Кыргыз Республикасы агрардык өлкө, калкынын 66% айыл жеринде жашайт, анда жакырчылык шаарга караганда кыйла жогору жана алар айыл чарбасынын продукциясынан көз каранды. 2011-жылы айыл чарбасынын үлүшү өлкөнүн ИДП 18% түзгөн, ал 2010-жылга караганда 0,6% көп болгон. Акыркы 5 жылда КР ИДП айыл чарбасынын үлүшүнүн кайтарылгыс төмөндөөсү байкалган, эгер 2006-жылы ал 28,7% түзсө, анда 2009- жана 2010-жылдары ал тиешелүүлүгүнө жараша - 22,1% жана 17,4% түзгөн.

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы эт-сүт продукциясын, жүндү, дан жана тоют өсүмдүктөрүн, пахтаны, тамекини, жашылчаларды, мөмөлөрдү, эфир майлуу жана башка өсүмдүктөрдү өндүрүүгө адистештирилген. Айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө 2011-жылы өсүмдүк өстүрүү продукциясынын үлүшү 52,1%, мал өстүрүү үлүшү - 46,2% жана айыл чарба кызмат көрсөтүүлөрүнүн үлүшү - 1,7% түзгөн.

2011-жылдын 1-январына карата абал боюнча республика боюнча пайдалануу чектеринде айдоонун аянты 1276,4 миң гектарды түзгөн. Негизги бөлүгү - 79,5 пайызы жеке менчикте турат. Дыйкан (фермердик) чарбалардын пайдалануусунда айдоонун 885,2 миң гектары (69,4%), жамааттык жана мамлекеттик чарбалардын - 83,4 миң гектары (6,5%) бар. Жарандардын үй алдындагы жер участкаларын жана жамааттык бакчаларын айдоо 71,1 миң гектарды (5,6%) түзөт. Мындан тышкары, айдоонун 20% жакыны Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунда (ФПС) жана кыйла бөлүгү дыйкан (фермердик) чарбалар тарабынан пайдаланылган айыл өкмөттөрүнүн карамагында турат.

2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрү менен 1159,2 миң гектар айдалган, алардын ичинен 1157,6 миң - айдоодо жана 1,6 миң бакчаларда, жайыттарда жана суулардын жайылма жээктеринде себилген, 4,7 миң кош айдалган, корголгон топурак 0,04 миң гектарды түзгөн, 2,6 миң гектар айдоо питомниктер жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн пайдаланылган. Эгер 1986-1990-жылдары айдоонун өндүрүмдүүлүгү гектарынан 34 центнер данды (жеткире иштеткенден кийинки салмакта) түзсө, 1996-2000-жылдардагы мезгил аралыгында ал 25,2 ц/га чейин төмөндөгөн. 2011-жылы айдоонун өндүрүмдүүлүгүнүн 8,8 ц/га чейин төмөндөшү жыл сайын 970,0 миң тоннадан ашык дандын чогулбай калышына алып келген.

2011-жылы пайдаланылбаган айдоо аянты 2010-жылга салыштырганда 10,9 миң гектарга кыскарган жана 111,5 миң гектарды (бардык айдоо аянтынын 8,7%) түзгөн. Айдоо аянтын пайдаланбагандыктын негизги себептери төмөнкүлөр болуп саналат: катуу кайрак жер (56,7 миң гектар), алыскы жана таштак жер (21,8 миң гектар), сугаттын жоктугу жана сугаруу тармактарынын бузуктугу (14,0 миң гектар), шорлонуу жана саздануу (6,1 миң гектар), күйүүчү-майлоочу материалдардын, үрөндүн жана техниканын жетишсиздиги (4,2 миң гектар), акча каражаттарынын жетишсиздиги (3,4 миң гектар) жана башкалар. Бардык пайдаланылбаган айдоо аянтынын ичинен Нарын облусуна 19,5%, Жалал-Абад облусуна - 18,9%, Талас облусуна 12,6%, Чүй облусуна - 11,9%, Ысык-Көл облусуна - 11,8%, Ош облусуна 11,5% жана Баткен облусуна - 10,8%.

 

Минералдык жана органикалык жер семирткичтерди себүү

 

Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн минералдык жана органикалык жер семирткичтерди сарамжалсыз пайдалануу суунун жана жер кыртышынын булгануусу өңдүү экологиялык коркунучтардын келип чыгуу тобокелдигин көбөйтөт. Ошону менен бирге жер кыртышынын микрофлорасынын табигый тең салмактуулугунун бузулушун кошо алганда, курчап турган чөйрөнүн башка компоненттерине терс таасир тийгизиши мүмкүн. Өз кезегинде таза сууда нитраттардын жана нитриттердин жогорку камтылышы калктын ден соолугуна коркунуч келтирет. Экологиялык ачык-айкын кесепеттер жер семирткич берүү ыкмаларынын, жер кыртышынын жана өсүмдүктөрдүн тибинен, ошондой эле метеорологиялык шарттардан көз каранды болот. Жер семирткичтерди берүү жөнүндө бир катар убактылуу маалыматтарды талдоо алардын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин контролдоого жана курчап турган чөйрө үчүн терс натыйжалардын алдын алуу чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

2010-жылдын түшүмү үчүн 28,9 миң тонна минералдык жер семирткичтердин азыктандыруучу заттары же 1990-жылдын деңгээлине караганда 16,6%, анын ичинде 27,2 миң тонна азоттук (28,8%), 1,6 миң тонна фосфордук - 2,4%, калийдик жер семирткичтер берилген эмес (5-6 жылдын ичинде берилген эмес) жана 1040,0 миң тонна органикалык жер семирткичтер (35,2%) берилген. 1 гектар айдоонун эсебинде - 24,5 кг жана 0,9 тонна кык себилген. Жер семирткич берилген аянт 359,2 миң га. Аны менен бирге дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 25,2 ц/га түзгөн. Жер семирткичтерди берүүнүн көлөмү облустар боюнча 6.1-таблицада берилген.

 

6.1-таблица

 

2000-2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын облустары боюнча минералдык жер семирткичтерди ташып жеткирүү жана берүү

 

┌───────────────────┬──────┬──────────────┬─────────────┬─────────────┐

│ Региондун аталышы │Жылдар│      Жер     │ Иш жүзүндө  │  Берилген   │

│                   │      │семирткичтерге│ жеткирилди, │ минералдык  │

│                   │      │  муктаждык,  │ анык салмагы│    жер      │

│                   │      │    тонна     │    тонна    │семирткичтер,│

│                   │      │              │             │ анык салмагы│

│                   │      │              │             │    тонна    │

├───────────────────┼──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Баткен облусу      │ 2000 │    18180     │   18200     │    18200    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2010 │    12597     │   13283     │    12700    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2011 │    20100     │   13835     │     7900    │

├───────────────────┼──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Жалал-Абад облусу  │ 2000 │    62040     │   27000     │    27000    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2010 │    29652     │   37480     │    37480    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2011 │    57200     │   36308     │    27390    │

├───────────────────┼──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Ош облусу          │ 2000 │    57290     │   37200     │    22620    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2010 │    28543     │   20622,8   │    16100    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2011 │    48500     │   25296     │    25296    │

├───────────────────┼──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Талас облусу       │ 2000 │    27360     │    1300     │     1200    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2010 │    14581     │    2892     │     2892    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2011 │    24400     │    4438,3   │     4438,3  │

├───────────────────┼──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Чүй облусу         │ 2000 │    86490     │   13000     │    12000    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2010 │    57330     │   14549     │    14549    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2011 │   102600     │   23041     │    14453    │

├───────────────────┼──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Ысык-Көл облусу    │ 2000 │    53000     │    3000     │     1740    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2010 │    38092     │    1848     │     1848    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2011 │    62700     │    4485     │     4000    │

├───────────────────┼──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Нарын облусу       │ 2000 │    24270     │     700     │      290    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2010 │    19205     │     121     │      121    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2011 │    25300     │     277     │      277    │

├───────────────────┼──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│Бардыгы            │ 2000 │   328630     │  100400,0   │    83050,0  │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2010 │   200000     │   90795,8   │    85690    │

│                   ├──────┼──────────────┼─────────────┼─────────────┤

│                   │ 2011 │   340800     │  107680,3   │    83754,3  │

└───────────────────┴──────┴──────────────┴─────────────┴─────────────┘

Булагы: АЧММ ХӨКД

 

Кыргыз Республикасы минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводдорго ээ болбогондуктан, жыл сайын Россия Федерациясынан, Өзбекстандан жана Казакстандан орточо алганда анык салмагында 100,0 миң тонна минералдык жер семирткичтерди ташып келет, анын 95,0%дан ашыгын азот жер семирткичтери түзөт. Минералдык жер семирткичтерди ташып келүүнүн жалпы көлөмү 2010-жылы 2005-жылга салыштырганда 1,5 эседен ашык азайган (6.2-таблица). Ташып келинген жана берилген жер семирткичтердин 95% азоттуктар (аммиак селитрасы, мочевина), 4,5% фосфордук (аммофос, суперфосфат жана суперфос) жана 0,5% калийдик жер семирткичтер. Республиканын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге эсептелген керектөөсүндө орточо алганда анык салмагында 320,0-340,0 миң тонна болот, жыл сайын 100,0 миң тонна алынып келет, башкача айтканда камсыз болуу 30% жакынды гана түзөт.

 

6.2-таблица

 

Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди жалпы ташып келүү жана берүү

 

┌──────────┬───────────────────┬───────────────────┬──────────────────┐

│ Жылдар   │Жер семирткичтерге │     Иш жүзүндө    │     Берилген     │

│          │  муктаждык, тонна │  жеткирилди, анык │  минералдык жер  │

│          │  удобрениях, тонн │    салмагы тонна  │семирткичтер, анык│

│          │                   │                   │   салмагы тонна  │

├──────────┼───────────────────┼───────────────────┼──────────────────┤

│   2005   │      337641       │      84961,0      │      78794,3     │

├──────────┼───────────────────┼───────────────────┼──────────────────┤

│   2008   │      340000       │      99935        │      76843,0     │

├──────────┼───────────────────┼───────────────────┼──────────────────┤