Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 8-августу № 555

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө

2012-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы менен түзүлгөн социалдык-экономикалык абалды баалоо, коркунучтарды өз убагында аныктоо, опурталдардын алдын алуу жана 2012-жылга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин келечек багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө информация тиркемеге ылайык көңүлгө алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2012/2013-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча бардыгын камтыган чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги алдыда келе жаткан кыш мезгилине карата мал чарбасы үчүн тоют камдоону өзгөчө контролго алсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо үчүн 2012-жылга карата белгиленген параметрлерге ылайык кирешелердин түшүүсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

 

Тиркеме

 

2012-жылдын январь-июнь айларында

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык

өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 

1. Негизги макроэкономикалык параметрлер

2. Реалдуу секторду өнүктүрүү

3. 2012-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз Республикасынын

тышкы соодасы

4. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы

5. Ишкердик чөйрөнү жакшыртуу

6. Социалдык чөйрө

7. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

8. 2012-жылдын 11 жарым жылдыгына карата негизги милдеттер

 

1. Негизги макроэкономикалык параметрлер

 

1.1. Ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү

 

2012-жылдын I жарым жылдыгында экономикалык өсүштүн төмөндөө темпи сакталып калды. 2012-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 114,9 млрд. сом суммасында түзүлдү жана анын реалдуу кыскарышы 2011-жылдын январ-июнь айларындагы 4,9% реалдуу өсүшкө каршы 5,6%ды түздү. "Кум-Төр" кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 103,9%ды, ал эми 2011-жылдын тийиштүү мезгилинде мындай көрсөткүч 103,7%ды түзгөн. ИДП дефлятору 113,7% деңгээлинде болду.

Экономикадагы иштин төмөндөгөн абалынын тенденциясы негизинен жылдын башында эле байкалган. Ошентип, январь айында ИДПнын реалдуу төмөндөшү 12,5%ды, февралда - 10,5%ды, март жана апрель айларында 6,8%, ал эми май айында - 6,4%ды түздү.

Бул жылдагы экономикалык абалдын начарлоосунун негизги, бирок жалгыз бул эле эмес себеби - бул "Кум-Төр" кенин иштетүүчү ишканада алтынды өндүрүүнүн кескин азайышы, "Кум-Төр" кениндеги карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү техникалык кыйынчылыктардан - муздардын жана бош тектердин жылышынын күчөгөндүгүнөн улам 60%га төмөндөгөнү болду. Бул факторду алдын-алууга же болжолдоого мүмкүн эмес болчу. Мындан тышкары, Бажы союзуна катышуучулардын бажы аймактарындагы эрежелердин катуулашынан улам текстиль жана тигүү буюмдарын өндүрүү кескин төмөндөдү. ИДПга өнөр жайдын салымы терс болду жана (-) 8,11 пайыздык пунктту түздү.

Өкмөт бул маселени өзгөчө контролдоодо жана экономикалык өсүштүн мындан ары төмөндөшүн жок кылууга жана азайган өндүрүштүн көлөмүнүн ордун толтурууга багытталган чараларды иштеп чыгууда.

Экономиканын кескин төмөндөшүн кармап калган сектор бул - кызмат көрсөтүү чөйрөсү болду, анын салымы 2,27 пайыздык пунктта бааланууда, ал эми айыл чарбасынын жана курулуштун салымы орто деп бааланды жана 0,87 пайыздык пунктту түздү.

ИДПнын көлөмү калктын жан башына эсептегенде 21,6 миң сомду түздү жана 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 7,1% га кыскарды.

 

1-таблица

 

ИДПны түзүүчү секторлор боюнча өсүштүн темпи жана салымы

 

┌──────────────────┬─────────────────────┬────────────────────────────┐

│    Көрсөткүчтөр  │ 2011-жыл январь-июнь│     2012-жыл январь-июнь   │

│                  ├────────┬──────┬─────┼────────┬──────┬─────┬──────┤

│                  │ факт., │өсүш  │ИДПга│ факт., │өсүш  │ИДПга│ИДПнын│

│                  │ (млн.  │темпи,│кара-│  млн.  │темпи,│кара-│өсүшү-│

│                  │ сом)   │  %   │та % │  сом   │  %   │та % │нө    │

│                  │        │      │менен│        │      │менен│салым-│

│                  │        │      │     │        │      │     │дын   │

│                  │        │      │     │        │      │     │үлүшү │

│                  │        │      │     │        │      │     │п.п.  │

├──────────────────┼────────┼──────┼─────┼────────┼──────┼─────┼──────┤

│ИДП               │107104,1│ 104,9│100  │114919,1│  94,4│100  │-5,6  │

├──────────────────┼────────┼──────┼─────┼────────┼──────┼─────┼──────┤

│Айыл чарбасы      │ 11545,3│ 101,3│ 10,8│ 14863,0│ 101,2│ 12,9│ 0,13 │

├──────────────────┼────────┼──────┼─────┼────────┼──────┼─────┼──────┤

│Өнөр жай          │ 26833,8│ 115,1│ 25,0│ 19055,2│  67,6│ 16,6│-8,11 │

├──────────────────┼────────┼──────┼─────┼────────┼──────┼─────┼──────┤

│Курулуш           │  3947,4│  71,6│  3,7│  4975,2│ 120,0│  4,3│ 0,74 │

├──────────────────┼────────┼──────┼─────┼────────┼──────┼─────┼──────┤

│Кызмат көрсөтүү   │ 51682,9│ 104,2│ 48,3│ 59009,0│ 104,7│ 51,4│ 2,27 │

├──────────────────┼────────┼──────┼─────┼────────┼──────┼─────┼──────┤

│Продуктыларга таза│ 13094,7│ 104,9│ 12,2│ 17016,7│  94,4│ 14,8│-0,68 │

│салыктар          │        │      │     │        │      │     │      │

└──────────────────┴────────┴──────┴─────┴────────┴──────┴─────┴──────┘

ИДПнын номиналдуу структурасында товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 5,7%га азайган жана 33,8%ды түздү. Ошол эле учурда өнөр жайдын үлүшү 8,4%га төмөндөгөн жана 16,6%ды түзгөн. Кызмат көрсөтүү тармагынын үлүшү 3,1%га көбөйгөн жана 51,4%ды түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында белгиленген ИДПнын төмөндөшү 0,1 п.п. мезгилге болжолдонгон деңгээлди камсыз кыла алган жок (болжол 95,5%).

Отчеттук мезгилде негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү түзгөн негизги факторлордун катарына төмөнкүлөрдү киргизсе болот:

Тышкы жагымдуу факторлор:

- Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдөгү туруктуу экономикалык өсүшү (Россия - 4,4%; Казакстан 3,8%; Кытай - 7,8%,) (маалымат үчүн: ошону менен, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшү жалпысынан дүйнөлүк финансылык толкундоонун, карыздык көйгөйлөрдүн жана бир катар Евросоюз өлкөлөрүндөгү төмөндөө белгилеринин, АКШда экономикалык өсүштүн басаңдашынын фондунда болуп жатканын эске албай кетүүгө болбойт, булар дүйнөлүк экономикалык кризистин экинчи толкунун реалдуу коркунучу болушу мүмкүн.);

- 1444,0дөн 1651,5 АКШ долларына чейин бир троя унциясы үчүн алтынга болгон баанын өсүшү (2012-ж. январь-июнь), 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүш 14,4% болгон;

- соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдөн импорттолуучу кантка, өсүмдүк майына, күрүчкө жана унга жана май алынуучу өсүмдүктөргө бажы алымдарынын алынып салышы;

- негизги соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдө инфляциянын басаңдаган көрсөткүчтөрү (Казахстан - 2,7%, Россия - 3,2%, Кытай -3,3%, Европалык зона - 2,4%).

Тышкы жагымсыз факторлор:

- ички рыноктун товарлардын азык-түлүк тобун импорттоого болгон көз карандылыгы (ун, өсүмдүк майы, кант, акшак ж.б.);

- нефтиге болгон баанын орточо 2,4%га өсүшү (2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда).

Ички жагымдуу факторлор:

- инфляциянын төмөнкү деңгээли, калктын кирешелеринин реалдуу өсүшүн шарттады (2011-жылдын декабрь айында керектөө бааларынын индекси (мындан ары - КБИ - 100,9%);

- товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талаптын өсүшү (орточо эмгек акынын 29,9%га өсүшү, 2011-жылы 2216,3 млн. сомдон 2012-жылы 3191,7 млн. сомго чейин; керектөө кредиттеринин 44%га өсүшү,);

- экономикага кредиттердин 11,6%га өсүшү, "Фермерлерге арзан кредиттер-2" программасын ишке ашырылышы;

- энергия алып жүрүүчүлөргө, газга болгон баадан башкасына, баалардын стабилдүү деңгээли;

- текшерүүлөрдү, лицензиялардын санын жана мамлекеттик жөнгө салуунун башка чараларын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүү;

- лизингге айыл чарба техникаларын берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүштүрүү.

Ички жагымсыз факторлор:

- агро өнөр-жай комплексин (жазгы-талаа жумуштарынын 15-20 күнгө кечигиши, жем-чөптүн жетишсиздигинен малдын кырылышы), өнөр жай өндүрүшүн (металлургиялык өнөр жайынын 2,8 эсеге кыскарышы) өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген жаратылыштык-климаттык шарттар;

- бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкалар (19,55% - орточо белгиленген пайыздык ставка).

Ошону менен, 2012-жылдын 1 жарым жылдыгынын жыйынтыгы көрсөткөндөй экономиканын "Кум-Төр" кенин иштетүүчү ишканалардан көз карандылыгы жалпысынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна реалдуу коркунуч болууда. Мындай жагдайда улуттук экономиканы диверсификациялоо маселесин кийинкиге калтырбастан чечүү жана башка мүмкүнчүлүктүү алтын казуу ишканаларын, токтоп туруп калган ишканаларды жана жер-жерлерде жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарыл.

 

1.2. Керектөө бааларынын индекси

 

2012-жылдын июнь айында инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси (2011-жылдын декабрына караганда 2012-жылдын июнунда % менен) 100,9%ды түздү, ал 2011-жылдын ушул мезгилинде 107,2%ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2011-жылдын январь-июнуна карата 2012-ж. январь-июнунда) 100,9%ды түздү, 2011-жылы ушундай көрсөткүч 121,4%ды түзгөн.

 

2-таблица

 

Кыргыз Республикасы боюнча товарларга

жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын

ИНДЕКСИ

 

┌─────────────────────┬─────────┬───────────┬────────┬────────┬───────┐

│                     │Керектөө │2011-жылдын│2011-   │2010-   │2011-  │

│                     │себетин- │январь-    │жылдын  │жылдын  │жылга  │

│                     │деги     │июнуна     │декабрь │декабрь │карата │

│                     │салыштыр-│карата     │айына   │айына   │2012-  │

│                     │ма       │2012-жылдын│карата  │карата  │жыл    │

│                     │салмагы %│январь-    │2012-   │2011-   │факт   │

│                     │         │июнь       │жылдын  │жылдын  │(+; -) │

│                     │         │айлары (%) │июнь айы│июнь айы│       │

│                     │         │           │   (%)  │   (%)  │       │

├─────────────────────┼─────────┼───────────┼────────┼────────┼───────┤

│Товарларга жана      │  100,0  │   100,9   │  100,9 │  107,2 │  -6,3 │

│кызмат көрсөтүүлөргө │         │           │        │        │       │

│керектөө баалардын   │         │           │        │        │       │

│индекси              │         │           │        │        │       │

├─────────────────────┼─────────┼───────────┼────────┼────────┼───────┤

│анын ичинде:         │         │           │        │        │       │

├─────────────────────┼─────────┼───────────┼────────┼────────┼───────┤

│Товарлар             │   85,5  │    99,4   │  100,2 │  107,6 │  -7,4 │

├─────────────────────┼─────────┼───────────┼────────┼────────┼───────┤

│анын ичинен:         │         │           │        │        │       │

├─────────────────────┼─────────┼───────────┼────────┼────────┼───────┤

│Азык-түлүк           │   46,2  │    92,9   │   96,9 │  111,9 │ -15,0 │

│продуктылары жана    │         │           │        │        │       │

│алкоголсуз           │         │           │        │        │       │

│суусундуктар,        │         │           │        │        │       │

├─────────────────────┼─────────┼───────────┼────────┼────────┼───────┤

│алкоголдук ичимдиктер│    9,6  │   110,2   │  103,1 │  102,8 │   0,3 │

│тамеки буюмдары      │         │           │        │        │       │

├─────────────────────┼─────────┼───────────┼────────┼────────┼───────┤

│азык-түлүк эмес      │   29,7  │   110,2   │  104,0 │  103,4 │   0,6 │

│товарлар             │         │           │        │        │       │

├─────────────────────┼─────────┼───────────┼────────┼────────┼───────┤

│Кызмат көрсөтүүлөр   │   14,5  │   110,6   │  104,9 │  104,4 │   0,5 │

└─────────────────────┴─────────┴───────────┴────────┴────────┴───────┘

I жарым жылдыкта баалардын түзүлгөн деңгээли төмөнкүлөр сыяктуу негизги факторлордун таасири алдында түзүлдү, а) ички рынокто негизги азык-түлүк товарларына (нан азыктарына жана акшактарга, өсүмдүк майына жана тоң майга, кантка болгон баа 2011-жылдын декабрь айына салыштырганда 6,3 пайызга өстү) баалардын төмөндөшү; б) ички рынокто азык-түлүк эмес товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын орточо өсүшү; в) Кыргыз Республикасы үчүн импортко кез каранды дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы (Россия, Казакстан) туруктуу баалар; г) газга болгон баадан башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын туруктуу деңгээли; д) ички рынокто бензинге баалардын стабилдүү деңгээли жана дизелдик күйүүчү отунга баалардын жогорулашы (Кыргыз Республикасынын базарларында дизелдик күйүүчү отундун дүң жана чекене бааларынын жогорулашынын себеби болуп талаа жумуштарына байланыштуу өндүрүүчү заводдор тарабынан өткөрүү бааларынын жогорулашы саналат); е) азык-түлүк товарларына (жемиштерге, жашылчаларга жана сүт продукцияларына) баалардын мезгилдүү өзгөрмөлүүлүгү; ж) негизги соода өнөктөшү болгон - өлкөлөрдө - инфляциянын орточо өсүшү.

Жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын басаңдашы негизинен, жалпы керектөө себетиндеги үлүшү 46,2%ды түзгөн азык-түлүк товарларына болгон баанын төмөндөшүнүн таасиринде болду.

 

3-таблица

 

Кыргыз Республикасында облустар

боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө

керектөө бааларынын

ИНДЕКСИ

(2011-жылдын декабрына карата 2012-жылдын июнь айы %)

 

┌───────────────────────┬─────────────────────────────────────────────┐

│                       │                анын ичинде:                 │

│                       ├───────┬──────────┬─────────┬────────┬───────┤

│                       │  КБИ  │Азык-түлүк│Алкогол- │Азык-тү-│Калктын│

│                       │       │продукты- │дук ичим-│лүк эмес│кызмат │

│                       │       │лары жана │диктер   │товарлар│көрсө- │

│                       │       │алкоголсуз│жана     │        │түүлөрү│

│                       │       │суусундук-│тамеки   │        │       │

│                       │       │тар       │буюмдары │        │       │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Кыргыз Республикасы    │ 100,9 │    96,9  │  103,1  │  104,0 │ 104,9 │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│анын ичинде облустар   │       │          │         │        │       │

│боюнча:                │       │          │         │        │       │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Баткен облусу          │ 102,9 │    99,8  │  106,6  │  105,1 │ 105,2 │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Жалал-Абад облусу      │  99,9 │    98,1  │  104,0  │   99,2 │ 103,5 │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Ысык-Көл облусу        │ 102,0 │    96,7  │  112,8  │  106,0 │ 102,2 │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Нарын облусу           │ 103,5 │   101,3  │  104,5  │  105,9 │ 103,8 │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Ош облусу              │ 100,6 │    97,8  │  102,7  │  101,5 │ 105,5 │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Талас облусу           │ 100,7 │    97,6  │  104,2  │  101,9 │ 104,8 │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Чүй облусу             │ 100,0 │    96,5  │  101,8  │  103,9 │ 101,3 │

├───────────────────────┼───────┼──────────┼─────────┼────────┼───────┤

│Бишкек шаары           │ 100,9 │    96,4  │  102,2  │  105,0 │ 105,7 │

└───────────────────────┴───────┴──────────┴─────────┴────────┴───────┘

2012-жылдын I жарым жылдыгында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү Жалал-Абад облусунан башка республиканын бардык аймактарында байкалган. Ошол эле учурда алардын жогору өсүшү (3,5%га) Нарын облусунда белгиленген.

 

1.3. Акча-кредиттик саясат

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын аналитикалык маалыматтары боюнча 2012-жылдын январь-июнь айлары үчүн акча базасы 3,5%га көбөйдү жана 2012-жылдын июнь айынын аягында 56,7 млрд. сомду түздү. Жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 2012-жылдын I жарым жылдыгынын аягында, үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 3,0% көбөйүп, 51,4 млрд. сомду түздү.

Банк системасынын аналитикалык баланстын алдын-ала маалыматтары боюнча банктан тышкаркы накталай акчаны жана улуттук валютадагы депозиттерди өзүнө камтыган М2 акча агрегаты 2012-жылдын июнь айынын аягында каралып жаткан мезгилде 8,2%га көбөйүп, 67,2 млрд. сомду түздү.

2012-жылдын башынан тартым М2Х (М2 + чет өлкөлүк валютадагы депозити) кеңири акча массасынын көлөмү 11,1%га көбөйүп, 2012-жылдын июнь айынын акырына 88,4 млрд. сомду түздү. Ошол эле учурда депозиттердин көлөмү 23,3%дан, 39,8 млрд. сомго чейин өскөн(1), банктардан тышкаркы акчанын көлөмү 2,8%дан, 48,5 млрд. сомго чейин көбөйгөн.

Экономикага кредит 2012-жылдын 1 жарым жылдыгынын акырында, каралып жаткан мезгилде 11,6%га көбөйүп, 37,2 млрд. сомду түзгөн (2011-жылдын январь-июнунда экономикага кредит 9,8%га өскөн).

 

4-таблица

 

Акча-кредиттик саясаттын негизги көрсөткүчтөрү

(мезгилдин акырында)

 

┌───────────────────────┬─────┬───────────┬──────────┬─────────┬──────┐

│    Көрсөткүчтөрдүн    │Ченөө│     Иш    │   Өткөн  │ Абсолют-│Факты-│

│      аталыштары       │бир- │  жүзүндөгү│ мезгилдин│    тук  │  дан │

│                       │диги │ көрсөткүч-│көрсөткүч-│ өзгөрүү-│четтөө│

│                       │     │  төр июнь │   төрү   │    лөр  │(+, -)│

│                       │     │   2012-ж. │  2011-ж. │         │   %  │

│                       │     │           │  декабрь │         │      │

├───────────────────────┼─────┼───────────┼──────────┼─────────┼──────┤

│Акча базасы            │млн. │ 56695,9   │54803,2   │1892,7   │  3,5 │

│                       │сом  │           │          │         │      │

├───────────────────────┼─────┼───────────┼──────────┼─────────┼──────┤

│Жүгүртүүдөгү акча      │млн. │ 51379,6   │49866,9   │1512,6   │  3,0 │

│                       │сом  │           │          │         │      │

├───────────────────────┼─────┼───────────┼──────────┼─────────┼──────┤

│Банктардан тышкаркы    │млн. │ 48544,1   │47219,6   │1324,6   │  2,8 │

│акчалар (М0)           │сом  │           │          │         │      │

├───────────────────────┼─────┼───────────┼──────────┼─────────┼──────┤

│Акча массасы (М2)      │млн. │ 67248,2   │62125,3   │5122,8   │  8,2 │

│                       │сом  │           │          │         │      │

├───────────────────────┼─────┼───────────┼──────────┼─────────┼──────┤

│Акча массасы (М2Х)     │млн. │ 88367,9   │79527,8   │8840,1   │ 11,1 │

│                       │сом  │           │          │         │      │

├───────────────────────┼─────┼───────────┼──────────┼─────────┼──────┤

│М2Х кирген депозиттер  │млн. │ 39823,8   │32308,2   │7515,5   │ 23,3 │

│                       │сом  │           │          │         │      │

├───────────────────────┼─────┼───────────┼──────────┼─────────┼──────┤

│Экономикага кредиттер  │млн. │ 37183,2   │33321,9   │3861,4   │ 11,6 │

│                       │сом  │           │          │         │      │

├───────────────────────┼─────┼───────────┼──────────┼─────────┼──────┤

│Алмашуу курсу          │сом/ │    47,2445│   46,4847│   0,7598│  1,6 │

│                       │АКШ  │           │          │         │      │

│                       │долл.│           │          │         │      │

└───────────────────────┴─────┴───────────┴──────────┴─────────┴──────┘

Эл аралык резервдердин көлөмү 2012-жылдын 30-июнуна карата, 2012-жылдын башынан тартып 80,8 млн. АКШ долл. же 4,4%га көбөйүп 1915,3 млрд. АКШ долларын түздү. 2012-жылдын башынан берки мезгилден тартып эл аралык резервдердин көлөмүнө төмөнкүлөр таасир этти: өлкөнүн ички рынокторунда жүргүзүлгөн КРУБнын валюталык операциялары; эл аралык резервдерди башкаруудан алынган кирешелер; эл аралык резервдердин курамына кирген валюталардын курстарынын алмашуусу; баалуу металлдарга баалардын өзгөрүүсү; Кыргызстандын ички рыногунда алтын сатып алуу боюнча операциялар; донор-өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайдасына валюталык каражаттардын келип түшүүсү; Кыргыз Республикасынын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөөлөр.

2012-жылдын 31-майына карата банк системасы тарабынан жалпы таза пайда 841,5 млн. сом өлчөмүндө алынган. Банк системасынын суммардык активдери жыл башынан тартып 13,1%га көбөйгөн жана 75,53 млрд. сомду түзгөн.

Банк системасынын жалпы депозиттик базасы(2) жыл башынан тартып 18,1%га көбөйүп, жалпысынан 47,56 млрд. сомду түзгөн, анын ичинде:

- ишканалардын жана калктын депозиттери жыл башынан бери 17,5%га өсүп, 37,77 млрд. сомду түздү;

- банктардын жана башка финансылык кредиттик мекемелердин депозиттери жыл башынан бери 16,4%га өсүп, 3,93 млрд. сомду түздү;

- бийлик органдарынын депозиттери жыл башынан бери 23,1%га төмөндөп, 5,86 млрд. сомду түздү.

Жыл башынан бери банк системасы боюнча юридикалык жактардын депозиттери боюнча өсүш - 22,8%га, жеке жактардын депозиттери боюнча өсүш 12,3% болгондугу байкалды, бул банк системасына ишенимдин сакталышын чагылдырат.

Жеке жана юридикалык жактардын депозиттерин "долларлаштыруунун" деңгээли жалпысынан 2012-жылдын 31-майына карата 52,8%ды түзгөн (жыл башынан бери 1,4 пайыздык пунктка төмөндөгөн).

Банк системасынын кардарларына берилген кредиттин көлөмү (кредит боюнча карыздардын калдыгы) жыл башынан бери 9,8%га көбөйүп, жалпысынан 2012-жылдын 31-майына карата 34,19 млрд. сомду (2011-ж. акырында 31,14 млрд. сом) түзгөн.

Банк системасынын кредиттик портфелинде жалпысынан 2012-жылдын 31-майына карата классификацияланган кредиттердин үлүшү 9,4%ды же 3,22 млрд. сомду (2011-жылы - 10,2% же 3,17 млрд. сом) түзгөн. Мындан тышкары 2012-жылдын январь-май айларында мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин жыл башындагы 2,42 млрд. сомдон 2,98 млрд. сомго же 23,1%га өсүшү уланып жаткандыгы белгиленди.

Банк системасынын кардарларынын кредиттери "долларлаштыруунун" деңгээли жыл башынан бери 1,1 пайыздык пунктка көбөйүп, жалпысынан 2012-жылдын 31-майына карата 56,3%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген эсептөөлөр үчүн колдонулуучу экономикалык ченемдер банк системасынын таза суммардык капиталынын көрсөткүчү жыл башынан бери 1,6%га көбөйүп, 2012-жылдын 31-майына карата 13,64 млрд. сомду түздү.

2012-жылдын 31-майына карата банк системасы боюнча таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү, норматив боюнча 12% болсо, 27,9%ды, банктык система боюнча ликвиддүүлүк коэффициенти норматив боюнча 30,0% болуп, 80,1%ды түздү (2011-жылдын акырында - 30,3% түзгөн).

2012-жылдын 31-майына карата банк системасынын активдеринин кирешелүүлүгү (RОА) 2,7%ды, ал эми салынган капиталга кирешелүүлүк (ROE) 16,4%ды түздү.

2012-жылдын 31-майына карата финансылык ортомчулуктун (активдер/ИДП) жалпы деңгээли 27,1%ды (2012-жылдын башында- 24,4%) түздү.

Алмашуу курсу. 2012-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сатып алууларынын көлөмү 4,8 млн. АКШ долларын, ал эми сатууларынын көлөмү 43,05 млн. АКШ долларын түздү. Банктар аралык валюта рыногундагы таза сатуулары 38,25 млн. АКШ долларын түздү.

АКШ долларынын расмий курсу кыргыз сомуна карата 2012-жылдын башынан бери 2012-жылдын январынын башында 1 доллар үчүн 46,4847 сомдон июнь айынын акырында 1 доллар үчүн 47,2445 сом менен 1,63%га жогорулады.

2012-жылы билдирилген акча-кредиттик саясаттын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы калкыма алмашуу курсу саясатын жүргүздү жана алмашуу курусунун кескин толкундоосун жеңилдетүү максатында банктар аралык ички валюта рыногуна катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аракети акча-кредиттик саясаттын шаймандарын пайдалануу менен инфляциянын монетардык факторлорун кармап турууга багытталган, мында биринчи кезектеги милдет болуп шайкеш инфляциялык күтүүлөрдү түзүү жана банктык системага болгон ишенимди калыбына келтирүү саналат.

 

2. Реалдуу секторду өнүктүрүү

 

2.1. Өнөр жай(3)

 

2012-жылдын январь-июнунда өнөр жай ишканалары тарабынан 53,6 млрд. сом суммада продукция өндүрүлгөн, мында өндүрүштүн көлөмү 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда төмөндөгөн жана 68,4%ды түздү. "Кум-Төр" кенин иштетүүчү ишканаларды эске албаганда - 36,2 млрд. сом, же реалдуу өсүш 8,2%ды түздү.

ИДПны түзүүдө өнөр жай өндүрүшү тарабынан терс салым, "Кум-Төр" кенин иштетүүчү ишканаларды кошо алганда, (терс салым (-)8,95 п.п.) (-) 8,11 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат. ИДПнын өндүрүш структурасында өнөр жайынын салыштырма салмагы 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 8,5 п.п. азайып 16,6%ды түздү.

Өнөр жай продукциясынын заттык көлөмүнүн өсүшү Ысык-Көл облусунан башка республиканын бардык региондору тарабынан жетишилди. 2012-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн реалдуу өсүшү Баткен (113,3%), Жалал-Абад (104,9%), Ош (110,9%), Нарын (112,9%), Талас (119,2%), Чүй (109,4%) облустарынын, Бишкек (102,7%) жана Ош (124,3%) шаарларынын чарбакер субъекттери тарабынан камсыздалды. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнө негизги салымды адаттагыдай эле Чүй (35,5%), Ысык-Көл (17,2%), Жалал-Абад (11,7%) облустары жана Бишкек шаары (25,6%) кошкон, алардын 2012-жылдын январь-июнунун жыйынтыгы боюнча кошкон үлүшү 90,0%ды түздү. Ысык-Көл облусунда "Кум-Төр" кенин иштетүүчү ишканаларда өндүрүүнүн төмөндөшүнүн эсебинен өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү төмөндөгөн жана 35,3%ды түзгөн, республиканын өнөр жайында анын салыштырма салмагы үчтөн бир бөлүгүн түзүү менен жогору бойдон калууда.

2012-жылдын январь-июнунда өнөр жайынын негизги секторлорунда жагдай төмөнкүдөй мүнөздө болду:

 

5-таблица

 

(пайыз менен)

┌────────────────────┬───────┬────────┬────────┬───────┬───────┬──────┐

│       Аталышы      │2012-ж.│2012-ж. │2012-ж. │Факт-н │2012-ж.│Бол-  │

│                    │январь-│январь- │январь- │чектөө │январь-│жолдон│

│                    │ июнь  │ июнь   │ июнь   │(+, -) │ июнь  │четөө │

│                    │айла-  │айларын-│ факт.  │       │айлары-│(+, -)│

│                    │рында  │дагы    │        │       │ндагы  │      │

│                    │өнөр   │алдын-  │        │       │болжол-│      │

│                    │жай-н  │ала     │        │       │дуу    │      │

│                    │жалпы  │факт    │        │       │көрсөт-│      │

│                    │көлө-  │        │        │       │күчтөр │      │

│                    │мүндө  │        │        │       │       │      │

│                    │салыш. │        │        │       │       │      │

│                    │салмак │        │        │       │       │      │

├────────────────────┼───────┼────────┼────────┼───────┼───────┼──────┤

│Өнөр жайы, бардыгы  │ 100,0 │   68,4 │  114,9 │ -46,5 │  71,5 │ -3,1 │

├────────────────────┼───────┼────────┼────────┼───────┼───────┼──────┤

│анын ичинде:        │  67,5 │  108,2 │  116,9 │  -8,7 │ 109,1 │ -0,9 │

│"Кум-Төр" кенин     │       │        │        │       │       │      │

│иштетүүчү           │       │        │        │       │       │      │

│ишканаларды эске    │       │        │        │       │       │      │

│албаганда           │       │        │        │       │       │      │

├────────────────────┼───────┼────────┼────────┼───────┼───────┼──────┤

│Иштетүү өнөр жайы   │  72,0 │  57,4  │  112,9 │ -55,5 │  63,6 │ -6,2 │

├────────────────────┼───────┼────────┼────────┼───────┼───────┼──────┤

│Электр энергиясын,  │  24,1 │ 113,0  │  126,8 │ -13,8 │ 109,2 │  3,8 │

│газды жана сууну    │       │        │        │       │       │      │

│өндүрүү жана        │       │        │        │       │       │      │

│бөлүштүрүү          │       │        │        │       │       │      │

├────────────────────┼───────┼────────┼────────┼───────┼───────┼──────┤

│Тоо кен казуу       │   3,9 │ 106,6  │  111,3 │  -4,7 │ 104,3 │  2,3 │

│өнөр жайы           │       │        │        │       │       │      │

└────────────────────┴───────┴────────┴────────┴───────┴───────┴──────┘

2012-жылдын январь-июнунда өнөр жай өндүрүшүнүн иш жүзүндөгү көлөмү болжолдогу 3,1% (5-табл. караңыз) деңгээлине жеткен жок.

Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда олуттуу төмөндөшү кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүүнүн көлөмүнүн кыскарышы менен шартталган.

(1) Кайра иштетүү өнөр жайында, өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө эң жогорку салыштырма салмак (72,0%) менен өндүрүштүн көлөмүн кыскартууга терс таасир көрсөткөн негизги тармактар төмөнкүлөр болду:

- металлургиялык өндүрүш (64,2%га кыскарган);

- текстиль жана тигүү өндүрүшү (21,0%га кыскарган);

- нефти продуктыларын өндүрүү (10,5%га кыскарган).

Өнөр жайынын жалпы көлөмүндө айрыкча көп (34,2%) салыштырма салмакты ээлеген металлургиялык өндүрүштүн көлөмүнүн 64,2%га кыскарышына таасир эткен негизги себептер болуп металл камтыган карьердин жабылып калышына байланыштуу Кум-Төр кениндеги өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы саналат.

Тигүү жана текстиль өндүрүшүндөгү (салыштырма салмагы - 5,9%) өндүрүштүн 21,0%га кыскаруусу мээлүүн сезон болгондуктан улам тигүү өндүрүшүндөгү продукцияларга суроо-талаптын азайышына байланыштуу Россия Федерациясынан заказдардын азайган эсебинен болду. Мындан тышкары Бажы союзуна катышуучулардын бажы аймагындагы эрежелер катуу боло баштады.

Нефти продуктыларын өндүрүү көлөмүнүн 10,5%га кыскарышы иштелип жаткан нефти кендериндеги табигый жоголууларга жана кайра иштетүү үчүн импорттук сырьелордун кошумча көлөмүнүн жоктугуна байланыштуу нефти иштетүүчү ишканаларынын иштебей токтоп калышы менен шартталат ("Жалал-Абад нефти иштетүүчү заводу" ЖЧКсы, "Кант нефти иштетүүчү заводу" ЖЧКсы).

Ал эми кайра иштетүүчү өнөр жайлардын калган өндүрүштөрүндө төмөнкү продукцияларды чыгаруунун реалдуу өсүшү байкалууда: азык-түлүк өндүрүшүндө, суусундуктарды жана тамекини кошо алганда (салыштырма салмагы - 15,2%) - 3,3%га; химиялык өндүрүш - 40,3%га, машиналар жана жабдуулар өндүрүшү - 10,4%га, резина жана желим буюмдары - 11,9%га, курулуш материалдары - 11,1%га, целлюлоз - кагаз өндүрүшү - 25,9%га.

(2) 2012-жылдын январь-июнунун жыйынтыгы боюнча электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө (салыштырма салмагы 24,1%) электр энергиясын иштеп чыгууну 5,5%га, электр энергиясын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү - 27,5%га жогорулатуунун эсебинен продукциянын көлөмү 13,0%га реалдуу өсүш темпи менен 12,9 млрд. сомду түздү.

2012-жылдын январь-июнунда электр энергиясын иштеп чыгуу 8031,1 млн. кВт/с түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 419,0 млн. кВг/с көп.

2012-жылдын январь-июнунда иштелип чыккан жылуулук энергиясынын көлөмү 1757,4 миң Гкал көп, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 102,8 миң Гкалга көп, мында реалдуу өсүш 6,2%ды түздү.

2012-жылдын январь-июнунда электр энергиясын экспорттоо 237 млн. кВт/с түзгөн жана бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 35%га өстү, анын ичинде Казакстан Республикасына 113 млн. кВт/с, Өзбекстан Республикасына - 231,5 млн. кВт/с.

2012-жылдын январь-июнунда Бөлүштүрүүчү электр компанияларынын (БЭК) тармактарында электр энергиясын жоготуулар 1271 млн. кВ/с же келип түшүүнүн 20,7%ын түздү, бул 2011-жылга караганда 1,5% га аз болду.

2012-жылдын I жарым жылдыгында 183,9 млн. куб.м жаратылыш газы келген, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 24,2%га көп. Газдын негизги берүүчүлөрү, 38,0 млн. куб.м берген - "Узтрансгаз" АКсы жана 143,9 млн. куб.м газ берген - "КазТрансГаз" АКсы - болуп саналат.

Жаратылыш газын жоготуулар 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда азайган жана келип түшкөн газдын көлөмүнүн 8,9%ын түздү.

(3) Кен казуу өнөр жайында (өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө салыштырма салмагы 3,9%) 2012-жылдын январь-июнунда 2,1 млрд. сомго продукция өндүрүлдү жана 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өндүрүштүн көлөмү реалдуу 6,6%га өстү, анын ичинде отун-энергетикалык пайдалуу кендерди казып алуу - 5,0%, башка пайдалуу кендерди казып алуу - 15,4%. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн көбөйүшү көмүрдү, лигнитти казып алуу 1,6 эсеге, базальтты - 1,9 эсеге, ошондой эле жаратылыш газдарын 19,2%га олутту өскөндүгү менен белгиленет.

 

2.2. Агрардык сектор

 

2012-жылдын январь-июнунда айыл чарбасынын, аңчылыктын жана токой чарбасынын продукцияларын дүң өндүрүү 101,2% реалдуу өсүш менен 44,1 млрд. сомду, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүдө - 100,7%, мал чарбасында 101,3% түздү. 1,2%га өсүш чарбалардын бардык түрлөрүндө тирүү салмакта малды жана канаттууларды союуга (1,2%), жумуртканы (4,2%), сүттү (1,4%). өндүрүүнүн эсебинен камсыздалды.

Сезондук түзүүгө байланыштуу айыл чарба продукциясын 101,2%га дүң өндүрүүдө негизги салым мал чарбачылыгын өндүрүү менен камсыздалат (мал чарбачылыгынын үлүшү - 85,8%ды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк - 12,1%ды түзөт).

 

6-таблица

 

2012-жылдын январ-июнь айларында айыл чарба

продукцияларын өндүрүү

 

┌────────────────────┬─────┬───────┬───────┬───────┬───────┬──────────┐

│   Көрсөткүчтөрдүн  │Ченөө│2012-  │2011-  │Факты- │2012-  │Болжолдуу │

│       аталышы      │бир- │жылдын │жылдын │дан    │жылдын │көрсөткүч-│

│                    │диги │январь-│январь-│четтөө │январь-│төрдөн    │

│                    │     │июнь   │июнь   │(+, -) │июнь   │четтөө    │

│                    │     │айлары │айлары │2011-ж.│айлары │  (+, -)  │

│                    │     │       │       │       │болжол │          │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Айыл чарбасы        │млн. │32873,0│44059,1│11186,1│43028,5│  1030,6  │

│                    │сом  │       │       │       │       │          │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Өсүш темпи          │  %  │  100,9│  101,2│    0,3│  101,4│    -0,2  │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Баалардын индекси   │  %  │  116,8│  115,9│   -0,9│  123,9│    -8,0  │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Өсүмдүк             │млн. │ 4539,4│ 5309,1│  769,7│ 6792,4│ -1483,3  │

│өстүрүүчүлүк        │сом  │       │       │       │       │          │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Өсүш темпи          │  %  │  100,6│  100,7│    0,1│  101,5│    -0,8  │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Баалардын индекси   │  %  │  115,6│  101,3│ -14,3 │  119,5│   -18,2  │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Мал чарбачылыгы     │млн. │27428,9│37820,8│10391,9│35288,8│  2532,0  │

│                    │сом  │       │       │       │       │          │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Өсүш темпи          │  %  │  100,7│  101,3│    0,6│  101,5│    -0,2  │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Баалардын индекси   │  %  │  117,7│  118,7│    1,0│  125,5│    -6,8  │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Кызмат көрсөтүү     │млн. │  807,0│  909,7│  102,7│  909,7│     0,0  │

│                    │сом  │       │       │       │       │          │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Аңчылык жана        │млн. │   97,6│   19,5│  -78,1│   19,5│     0,0  │

│токой чарбачылыгы   │сом  │       │       │       │       │          │

├────────────────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│Балык өстүрүү,      │млн. │    4,6│   18,1│   13,5│   18,1│     0,0  │

│балык уулоо         │сом  │       │       │       │       │          │

└────────────────────┴─────┴───────┴───────┴───────┴───────┴──────────┘

ИДПны түзүүдө айыл чарбасы тараптан оң салымды 0,13 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, анын ИДПнын өндүрүштүк структурасындагы салыштырма салмагы 2011-жылдын 1 жарым жылдыгына салыштырганда 2,2 п.п. көбөйүп, 12,9%ды түздү. Ошол эле учурда айыл чарба өндүрүшүнүн иш жүзүндөгү көлөмү 2012-жылдын январь-июнуна (101,4%) болжолдонгон деңгээлине 0,2% жеткен жок.

2012-жылдын 1 жарым жылдыгында кварталда айыл чарбасын өнүктүрүүгө таасир эткен негизги факторлор төмөнкүлөр болуп калды:

- жазгы-талаа жумуштарын 15-20 күнгө кечиктирген жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттар;

- негизинен март айы бою кардын жаашы менен өзгөчө катуу суук тоюттун жетишсиздигинен малдын кырылышына алып келиши;

- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн минералдык жер семирткичтер менен камсыз болбогондугу;

- айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүү;

- айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүштүрүү.

Өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өсүмдүк өстүрүүдөгү дүң чыгаруу реалдуу өсүш темпи 100,7% болуп, 5,3 млрд. сом деңгээлинде түзүлдү, бул күтүлгөн деңгээлден 0,8 п.п. аз. Азыркы учурда республикада түшүм жыйноо иштери башталды. Ошону менен, жер-жемиштерди, бакча өсүмдүктөрүн жана мөмө-жемиштерди жыйноо темпи 2011-жылга салыштырганда жогору болду.

Республика боюнча түшүм жыйноо иштерин жүргүзүү үчүн дизелдик отундар менен 21%, бензин менен - 23% камсыз болушту.

Үстүбүздөгү жылы бардык айдоо аянттарында айыл чарба өсүмдүктөрү 1165,5 миң га. айдалды, бул 2011-жылга караганда 6,3 миң га. же 0,5%га көп. Пайдаланылбаган айдоо аянттары өткөн жылга салыштырганда 8 миң га. аз жана 103,5 миң га. түздү.

Мал чарбачылыгы. Отчеттук мезгилде мал чарбачылыгындагы дүң чыгаруу реалдуу өсүш темпи 101,3% болуп, 37,8 млрд. сом деңгээлинде түзүлдү. 2012-жылдын январь-июнь айларында тирүү салмакта эт 160,4 миң тоннада өндүрүлдү, бул 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1932 тоннага же 1,2%га көп болду. Эт өндүрүүнү көбөйтүү негизинен ири мүйүздүү малдын башын 39,7 миң башка, кой-эчкилерди 250,4 миң башка, жылкыны - 10,5 башка жана үй канаттууларын 65,4 миң башка көбөйтүүнүн эсебинен болду. Республикада сүт өндүрүү 636,2 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 8,7 миң тоннага же 1,4% га көп. Сүттү өндүрүү республиканын бардык облустарында жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын отчеттук мезгилинде 210,2 млн. даана жумуртка өндүрүлгөн, 8,4 млн. даанага көп же 2011-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине салыштырганда 104,2%ды түздү. Ысык-Көл облусунан башка республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү көбөйгөн. Ысык-Көл облусунда 34,2 млн. даана жумуртка өндүрүлгөн же өткөн жылдагыга караганда 1,9 млн. даанага аз. Ысык-Көл облусундагы жумуртка өндүрүүнүн азайышынын негизги себеби үй канаттууларынын башынын 11,9 миң башка азайгандыгы болуп саналат, анын ичинде Ысык-Көл районундагы "Шумкар" АК канаттуулар фабрикасында пландык бракка чыгарууда 32040 баш тоок жараксыз болгон. Облус боюнча жумуртка өндүрүүнүн маанилүү көлөмү Ысык-Көл районунан чыгарылат, бүгүнкү күндө ал облустагы жумуртка өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн 75,4%ын түзөт.

Республикада 11,1 миң тонна жүн өндүрүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 102,1%ды түзөт. Отчеттук мезгилде бардык облустарда жүндү дүңүнөн өндүрүү мурунку жылдын деңгээлине салыштырганда жогору болду. Жүндү өндүрүү Талас облусунда - 105,0%га, Жалал-Абад облусунда - 103,6%га, Чүйдө - 102,7%га, Ысык-Көл жана Нарын облустарында - 101,3%га, Баткенде - 101,2%га жана Ош облусунда - 100,3%га көбөйдү.

Балык чарбачылыгы. 2012-жылдын январь-июнь айларында республиканын көлмөлөрүндө жалпы балык уулоонун көлөмү 114,2 тоннаны түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4 эсеге көп болду, көлмөлөрдүн аянты 1525,5 гектарды түздү, балык продуктылары 2899,8 миң сом суммасында сатылды. 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында 80,0 тонна кубулмалуу форел өндүрүлгөн жана сатылган, көл-товар чарбачылыгында 34,2 тонна балык кармалган жана сатылган.

2012-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукцияларын дүң чыгарууда негизги салымды Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустары кошту, алардын суммардык салыштырма салмагы 84,5%ды түздү.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Республиканын ички азык-түлүк рыногунун кийинкиге өтүүчү калдыктарды эске алып, негизги тамак-аш продуктылар менен камсыздалышы:

- нан азыктары боюнча - 270,4%, картошка - 174,6%, сүт - 115,9%, эт - 74,9%, жашылчалар - 42,1%, мөмөлөр жана жемиштер - 3,1 %, жумуртка - 56,7%, өсүмдүк майы - 189,8%, кант - 51,4%.

Өздүк өндүрүштүн эсебинен камсыздоо:

- нан азыктары - 74,5%, картошка - 174,6%), сүт - 115,9%, эт 52,4%, жашылчалар - 41,7%, өсүмдүк майы - 28%, кант - 0%, жумуртка 41,8%.

Учурда республика эт, кант, өсүмдүк майы сыяктуу негизги тамак-аш продуктыларынын импортуна көз каранды абалда турат жана аларга болгон баа өсүп жатат.

2012-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өнүгүүнүн оң тенденция карабастан, айыл чарба секторунда коркунучтуу жагдай пайда болууда. Кыштын узактыгы, андан кийин апрель жана май айларындагы кургакчылык, ошондой эле суунун аздыгы түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизди. 2012-жылы азык-түлүк буудайын жыйноонун болжолу 654 миң тонна көлөмүндө күтүлүүдө, бул 2011-жылга салыштырганда 146,0 тоннага аз. Түшүмдү жеткире албоо негизинен республиканын бардык облустарында күтүлүүдө. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарынан 15-17 ц. чейин азайды, 2011-жылы 26-28 ц. деңгээлинде болгон.

Дан эгиндеринин дүйнөлүк рыногу да начарлоо тенденциясы менен түзүлүүдө. Эл аралык дан кеңеши ушул сезондо буудайдын дүйнөлүк түшүмдүүлүгүн начар деп баалашты, анткени, мурунку жылга салыштырганда 30 млн. тоннага аз. Болжолдун төмөндөшүн күчөтүүчүлөр Россия менен Украина болду (болжол 6 млн. тонна 1 млн. тоннага азайган).

Ушул факторлорду эске алуу менен буудайга болгон баанын 40%га кымбатташы жана ал жылдын аягында 1 тонна 216,0 АКШ долларынан 300,0 АКШ долларына чейин болоору болжолдонууда. Ошондуктан, мамлекеттик матрезервге Мыйзамга ылайык азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган көлөмдө дан эгиндерин сатып алуу боюнча шашылыш чараларды кабыл алуусу зарыл.(4)

Мындан тышкары, ушундай жагдайда бардык региондордогу түшүмдү жоготуусуз жыйнап алуу керек, ошондой эле келээрки кышка фермерлердин мал чарбасы үчүн жетишээрлик өлчөмдө тоют даярдоосуна көмөктөшүү зарыл.

 

2.3. Курулуш

 

Курулуш комплексинде капиталдык салымдын көбөйгөндүгү белгиленди. 2012-жылдын январь-июнунда негизги капиталга инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 18,3 млрд. сомду түздү жана 10,2%га өстү. Негизги капиталда инвестицияны өздөштүрүү өсүштүн оң динамикасында сакталып калды. Демек, 2012-жылдын июнь айында негизги капиталда инвестицияны өздөштүрүү 4,9 млрд. сомду түздү, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 11,5%га көп.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында негизги капиталдагы инвестициянын өсүшү кен казуу жана иштетүүчү өнөр жайларын, электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүнү жана бөлүштүрүү, соода, авто унааларды, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуудагы предметтерди оңдоону, айыл чарбасын, жолдорду, билим берүү чөйрөсүндөгү объекттерди куруунун көлөмүн көбөйтүү эсебинен түшүндүрүлөт.

Ички инвестициялык каражаттардын суммардык үлүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдын жалпы суммасынын 79,3%ын жана тышкы инвестиция 20,7%ын түздү (7-таблицаны карагыла).

2011-жылдын тийиштүү мезгили менен салыштырганда негизги капиталдагы инвестициянын көлөмү ички булактардын эсебинен 10,0%га көбөйдү, анын ичинен ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен 21,6%, мында өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 44,2%ды түзөт. Ошону менен, ички инвестициянын үлүшү 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 4,2%га төмөндөгөнүн белгилей кетүү керек.

2012-жылдын январь-июнунда инвестиция структурасына бюджеттик салым 2011-жылдын ушундай мезгилиндеги 7,4%га каршы 3,9%ды, чет өлкөлүк түз инвестиция 2011-жылдын ушундай мезгилиндеги 6,0%га каршы 8,8%ды, Кыргыз Республикасынын резидентинин кайрымдуулук жардамын кошо алганда, калктын каражаттары 2011-жылдын ушундай мезгилиндеги 32,6%га каршы 30,3%ды түздү.

2012-жылдын январь-июнунда курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 15,6 млрд. сомду түзгөн жана 20,0%га көбөйгөн. Экономикалык өсүштүн темпине курулуш секторунун таасири оң болду жана ИДПны түзүүдөгү салымы 0,74 п.п. түздү, анын ИДПны өндүрүү структурасындагы салыштырма салмагы - 4,3% болду.

 

7-таблица

 

2011-2012-жылдардын январь-июнундагы негизги капиталга

инвестициянын жана курулуштун дүң продукциясынын көлөмү

 

┌─────────────────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────────────┐

│     Көрсөткүчтөр    │2011-ж.  │2012 ж.  │2012-ж.  │     2012-ж.     │

│                     │янв.-июнь│янв.-июнь│янв.-июнь│   январь-июнь   │

│                     ├─────────┼─────────┼─────────┼────────┬────────┤

│                     │  Факт   │Алдын-ала│ болжол  │2011-ж. │Болжол- │

│                     │         │ факт.   │         │фактыдан│дон     │

│                     │         │         │         │четтөө  │четтөө  │

├─────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼────────┼────────┤

│Курулуштун дүң       │ 12378,3 │ 15601,1 │ 14657,3 │ 3222,8 │   943,8│

│продукциясы,         │         │         │         │        │        │

│млн. сом             │         │         │         │        │        │

├─────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼────────┼────────┤

│Өсүш темпи, %        │    71,6 │   120,0 │   118,2 │   48,4 │     1,8│

├─────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼────────┼────────┤

│Баанын индекси, %    │   125,2 │   105,0 │   100,1 │  -20,2 │     4,9│

├─────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼────────┼────────┤

│Негизги капиталга    │ 15816,5 │ 18301,0 │ 18656,5 │ 2484,5 │  -355,5│

│инвестициялар,       │         │         │         │        │        │

│млн. сом             │         │         │         │        │        │

├─────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼────────┼────────┤

│Өсүш темпи, %        │    75,1 │   110,2 │   111,5 │   35,1 │    -1,3│

├─────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼────────┼────────┤

│Ички инвестициялар,  │ 13205,0 │ 14520,4 │ 13376,7 │ 1315,4 │  1143,7│

│млн. сом             │         │         │         │        │        │

├─────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┼────────┼────────┤

│Тышкы инвестициялар, │  2611,5 │  3780,6 │  5279,8 │ 1169,1 │ -1499,2│

│млн. сом             │         │         │         │        │        │

└─────────────────────┴─────────┴─────────┴─────────┴────────┴────────┘

Курулуштун дүң продукцияларынын өсүшү аткарылган курулуштук подряддык, ошондой эле мекемелерди жана курулмаларды капиталдык жана учурундагы оңдоо жумуштарынын көлөмүнүн өсүшү менен шартталат. Ошону менен, курулуштун дүң продукциясынын иш жүзүндөгү көлөмү 2012-жылдын январь-июнуна болжолдонгон деңгээлден 1,8%га ашты.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында курулуштун көлөмү Чүй облусунда - 2 эсеге, Нарын облусунда - 38,9%га, Ысык-Көл облусунда 23,7%га жана Ош облусунда - 10,6%га өстү.

Отчеттук мезгилде жалпы аянты 309,5 миң квадрат метр болгон 2952 батир пайдаланууга берилди, же 2011-жылдын январь-июнь айларындагы деңгээлдин 84,2%ын түздү. II кварталда 160 миң квадрат метр турак жай колдонууга берилди же 2011-жылдын 11 кварталдагы деңгээлдин 100,7%ын түздү.

Өткөн мезгилде турак-жайларын курууга негизги капиталга инвестициянын 4583,5 млн. сому сарпталган, бул 2011-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырганда 11%га аз. Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан башка бардык облустарда турак-жайларды пайдаланууга берүүнүн көлөмү өстү. Айыл жергесинде 152,5 миң квадрат метр турак-жайларга берилди же жалпы берүүлөрдүн 49,3%ын түздү.

Турак-жай үйлөрүн куруу жана пайдаланууга берүү негизинен калктын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда (92,6%). Жалпы аянты 286,7 миң квадрат метр болгон 2683 жеке турак үйлөрү курулду, алардын наркы 3949,5 млн. сомго бааланды. Үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында республикада жалпы аянты бир квадрат метр болгон жеке турак үйлөрүн куруунун иш жүзүндөгү орточо наркы 12,2 миң сомду түздү, анын ичинен шаарларда - 15,2 миң сом, айыл жергесинде - 9,5 миң сом. Абдан кымбат турак-жайлар Бишкек шаарында курулууда - 19,7 миң сом, ал эми арзан турак-жай курулуштары - Баткен облусунда - 6,5 миң сом, Ысык-Көл облусунда- 7,3 миң сом, Ош облусунда - 8,6 миң сом.

2012-жылдын I жарым жылдыгында жалпы билим берүү мектептерин курууга негизги капиталдагы инвестициянын 163,1 млн. сом сарпталган. 360 окуу орундуу жалпы билим берүү мектептери курулду, анын ичинде Баткен облусунда - 140 окуу оруну жана Ош облусунда - 220 окуу оруну, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 32,4%га көп.

Балдар бакчаларын курууга негизги капиталдагы инвестициянын 10,5 млн. сому шартталды. 2012-жылдын январь-июнунда амбулатордук - бейтапканалык мекемелерди курууга 14,3 млн. сом жумшалды. Ал эми ооруканаларды курууга негизги капиталдагы инвестициянын 12,6 млн. сом сарпталды.

 

2.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү

 

Экономикалык төмөндөө фондунда кызмат көрсөтүү сектору туруктуу өнүгүүсүн улантууда жана экономиканын олуттуу төмөндөөсүн кармап туруучу негизги сектор болуп саналууда.

2012-жылдын январь-июнь айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгаруусунун көлөмү 105,4 млрд. сом болду жана соодада кызмат көрсөтүүлөрдү - 7,7%га, мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүүнү 9,0%га, транспорт жана байланышты - 6,8%га жогорулатуу эсебинен 4,5%га реалдуу өстү. ИДП өндүрүш структурасындагы салыштырма салмагы - 51,4% менен, ИДПдагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн оң салымы 2,27 п.п. түздү.

 

8-таблица

 

2011-2012-жылдардын январь-июнунда кызмат көрсөтүү

чөйрөсүнүн негизги көрсөткүчтөрү

 

┌──────────────────────┬────────┬─────────┬────────┬─────────┬────────┐

│     Көрсөткүчтөр     │2011-ж. │2012-ж.  │ Четтөө │2012-ж.  │ Четтөө │

│                      │январь- │январь-  │        │январь-  │        │

│                      │июнь    │июнь     │        │июнь     │        │

│                      ├────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│                      │  факт. │  болжол │ мурдагы│  болжол │Болжолго│

│                      │        │   факт. │  жылга │         │ карата │

│                      │        │         │ карата │         │        │

├──────────────────────┼────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│Кызмат көрсөтүү       │        │         │        │         │        │

│чөйрөсү: -            │93851,1 │105396,1 │ 11545  │107578,2 │-2182,1 │

│млн. сом              ├────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│- өсүш темпи, %       │  104,9 │   104,5 │    -0,4│   105,3 │   -0,8 │

├──────────────────────┼────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│Соода автомобилдери,  │        │         │        │         │        │

│тиричилик буюмдарын   │        │         │        │         │        │

│оңдоо:                │        │         │        │         │        │

│- млн. сом            │28216,9 │ 30695,3 │  2478,4│ 31409,3 │ -714   │

│                      ├────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│- өсүш темпи, %       │  102,9 │   107,7 │     4,8│   106,9 │    0,8 │

├──────────────────────┼────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│Транспорт:            │        │         │        │         │        │

│- млн. сом            │12073,1 │ 13985,5 │  1912,4│ 15177,4 │-1191,9 │

│                      ├────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│- өсүш темпи, %       │  111,0 │   108,3 │    -2,7│   112,6 │   -4,3 │

├──────────────────────┼────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│Байланыш:             │        │         │        │         │        │

│- млн. сом            │ 9338,6 │  9855,4 │   516,8│  9917,1 │  -61,7 │

│                      ├────────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┤

│- өсүш темпи, %       │  115,1 │   104,8 │   -10,3│   105,0 │   -0,2 │

└──────────────────────┴────────┴─────────┴────────┴─────────┴────────┘

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өстүрүүгө 2,3 пайыздык пункттагы оң салымы соода, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо тарабынан камсыздалды, мында 2012-жылдын январь-июнунда реалдуу өсүү темпи 107,7%ды түздү жана 0,8 пайыздык пункттагы болжолдуу көрсөткүчтөн ашты. 2012-жылдын январь-июнунда сооданын, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоонун жүгүртүлүшү 106,4 млрд. сомду түздү, реалдуу өсүү темпи 2011-жылдын ушундай мезгили менен салыштырганда 108,9% болду. Мотор майларын чекене сатуу соода жүгүртүүнүн өсүшүнө чоң салымын кошту, анын салымы 3,3 п.п. бааланууда. Талаа жумуштарын жүргүзүү нефти продуктыларына болгон суроо-талаптардын өсүшүнө алып келди, бул мотор майларын соодалоону 27,7%га өсүшүнө көмөк түздү.

Чекене жана дүң сооданын өсүшүнүн негизги факторлору болуп акча кирешелеринин 30,0%га өсүшүнөн пайда болгон ички сурамдын, жана соода өнөктөш - өлкөлөрү: Казакстандын - 3,8%га; Россиянын - 4,4%га ИДПнын өсүшү менен шартталган тышкы сурамдын өсүшү болду.

Чекене соода жүгүртүү көлөмүнүн 6,1%га өсүшү негизинен соода инфраструктурасынын жакшырган, ишкердиктин субъекттери үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү (тигүү жана текстиль тармагынан салык алууну жеңилдетүү жана жөнөкөйлөтүү, курулуш үчүн атайын товарларды КНСтен бошотуу), текшерүүлөрдүн, лицензиялардын жана башка мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын санын кыскартуу аркылуу бизнести ишке киргизүүнү жөнөкөйлөтүү эсебинен камсыздалды.

Товар жүгүртүүнүн өсүшү аткарылган курулуштук подряддык, ошондой эле мекемелерди жана курулмаларды капиталдык жана учурундагы оңдоо жумуштарынын көлөмүнүн 20%га өсүшү менен шартталган, курулуш материалдарын сатуунун өсүшүнө көмөктөштү (токой материалдары, цемент, айнек, курулуш кышы).

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң чыгарылышы 14,0 млрд. сомду, реалдуу өсүү темпи 108,3%ды түздү. 2011-жылга салыштырганда өсүш темпи 2,7 п.п. азайды, бирок 4,3 п.п. болжолдук көрсөткүчүнө жеткен жок. Өткөн мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуунун 7,3%га жогорулады. Жүк ташуу 2011-жылга салыштырганда 9,6%га өстү.

Отчеттук мезгилде байланыш кызматынын дүң чыгарылышы 9,9 млрд. сомду, реалдуу өсүш темпи 104,8%ды түздү.

Мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүүлөрдүн дүң чыгарылышы 4,4 млрд. сомду, реалдуу өсүш темпи 109,1%ды, ошону менен мейманканалар - 106,8%ды, ресторандар - 109,4%ды түздү. Мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорулашынын негизги факторлору болуп кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн жана өлкөгө туристтердин агымынын көбөйүшү эсептелет. Туристтик сезонду натыйжалуу уюштурууга багытталган негизги иш чаралар төмөнкүлөр болуп саналат:

- туристтик сезонго даярдануу алкагында 2012-жылдын 11-майында "Ысык-Көл - 2012" XIV - Эл аралык туристтик жарманкеси өткөрүлдү;

- 2012-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Эл аралык ишкерлер кеңеши менен биргеликте "Кыргызстанды туризмдин өлкөсү катары натыйжалуу илгерилетүү" темасында тегерек стол өткөрдү, мында туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды;

- 18-майдан 23-майга чейин Казакстан Туристтик Ассоциациясы менен биргеликте Казакстан Республикасынын ЖМК өкүлдөрү жана туроператорлору үчүн маалыматтык тур өткөрүлдү. Бул маалыматтык турга 10 ЖМКнын өкүлчүлүгү, 3 телеканал, 4 басмакана жана туроператорлордун өкүлчүлүктөрү катышты.

 

3. 2012-жылдын январь-июнь айларындагы Кыргыз

Республикасынын тышкы соодасы

 

2012-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2011-жылдын ушундай мезгилиндеги көрсөткүчтөн 18,8%га ашып, 2546,9 млн. АКШ долларын түздү.

Экспорттук берүүлөрдүн көлөмү 631,1 млн. АКШ долларын (15,1%га төмөндөдү), импорттук берүүлөр - 1910,8 млн. АКШ долларын (36,9%га өстү) түздү. Товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө импорттун үлүшү 75,0%, ал эми экспорттун үлүшү - 25,0%ды түздү.

Товардык баланстын сальдосу терс бойдон калды жана 1274,7 млн. АКШ долларын түздү, бул 2001-жылдын январь-июнуна салыштырганда 2,0 эсеге жогору.

2012-жылдын каралып жаткан мезгилиндеги экспорттук берүүлөр 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 15,1%га төмөндөдү жана 636,1 млн. АКШ долларын түздү. Алтынды эсепке албаганда өткөн мезгилде экспорттун көлөмү 40,9%га көбөйдү жана 445,8 млн. АКШ долларды түздү.

Экспорттун негизги көлөмү Швейцарияга (экспорттун жалпы көлөмүнөн 30,1%), Казакстанга (28%), Россияга (16,9%) жана Өзбекстанга (8,4%) багытталган.

Экспорттун негизги үлүшүн мурдагыдай эле 190,3 млн. АКШ доллар суммасында алтын ээлейт, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,3 эсеге төмөн болду. Ошону менен бирге, отчеттук мезгилде органикалык эмес химиялык заттардын экспортунун көлөмү 10,2 эсеге, пахта - сьрьесунун 3,1 эсеге, мөмөлөрдүн - 2,2 эсеге, кийимдердин предметтери жана кийимдин шаймандары - 18%га жана сүт азыктарынын - 26,9%га өскөндүгү байкалууда.

Ошону менен экспортко ири салымды сырьелордун жана инвестициялык товарлардын экспорту кошту, алардын жыйынтыкталган салымы 13,3 пайыздык пунктта бааланды, 4,2 жана 3,0 эсеге өстү.

Каралып жаткан мезгилде республикага товарлардын импорттук келүүлөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 36,9%га өстү жана 1910,8 млн. сомду түздү. Импорттун көлөмүнүн өсүшү минералдык продуктыларды (163,8 млн. АКШ долларына), жер үстүндө жүрүүчү, суу жана аба транспорт каражаттарын, алардын бөлүктөрүн жана шаймандарын (140,1 млн. АКШ долларына), машиналарды, жабдууларды жана механизмдерди (47,8 млн. АКШ долларына), баалуу эмес металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды (38,6 млн. АКШ доллары) жана ошондой эле химиялык жана ага байланыштуу өнөр жай тармагындагы продукцияларды (23,9 млн. АКШ долларына) ташып келүүлөрдүн өсүшү менен камсыз кылынган. Импорттун өсүшүнө ири салымды Кыргыз Республикасына энергия продукттарын ташып келүү кошту, алардын салымы 16,1 пайыздык пунктка бааланды, энергия продукттарынын импорту 1,8 эсеге өстү. Импорттун жалпы структурасында 40% үлүштү ээлеген, инвестициялык товарлардын, чийки заттардын жана аралык товарлардын импорту 16,0 пайыздык пункттук жалпы салым кошушту. Импорттун жалпы көлөмүндө керектөө товарларынын үлүшү 32,7%ды түздү жана 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,5 пайыздык пунктка азайды, ошону менен керектөө товарларынын импортунун өсүш темпи 115%ды түздү.

Импорттун негизги үлүшү КМШ өлкөлөрүнөн келет, импорттук келүүлөрдүн структурасында алардын үлүшү 51,1%ды түзөт. Анын ичинен Россиянын үлүшү 67,2%; Казакстандыкы - 20,1%; Украина - 4,5%. Алыскы чет өлкөлөрдүн арасынан негизги үлүштү 38,3% менен Кытай, АКШ 10,7%ды, Туркия - 6,5%ды ээлейт.

Импорттун көлөмүнүн өсүшү нарктык маанинин өсүшү жана заттык көлөмүнүн өсүшү менен шартталды, атап айтканда: жаратылыш газы - 20,1% жана 26,3%, ага ылайык дизель отуну - 1,9 жана 1,9 эсе, автомобиль бензини - 1,7 жана 1,9 эсе, кара металл - 1,5 жана 1,8 эсе, мурун пайдаланылган автомобилдер - 2,3 жана 2,5 эсе. Ошону менен бирге, буудай унун импорту накталай алганда 1,5 эсеге өстү, бирок нарктык жагынан алганда 16%га төмөндөдү.

Бажы союзу маселеси боюнча иштердин алкагында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2012-жылдын 2-майында № 269 "Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому кабыл алынды; сүйлөшүү, ошондой эле көрсөтүлгөн Жумушчу топтун План долбоору үчүн жалпы Жумушчу топко киргизилүүчү кыргыз бөлүгүн курамы түзүлдү. Мындан тышкары, товарлардын импортуна карата Бажы союзундагы өлкөлөрдүн эрежелери, документтери, талаптары тууралуу бизнеске маалымат берүү максатында техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар жаатында Бажы союзундагы өлкөлөрдүн рыногуна жетүү маселелери боюнча жеке секторлор жана мамлекеттик органдар үчүн жума сайын семинар - консультациялар өткөрүлдү.

 

4. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы

 

4.1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы

 

Борбордук казыначылыктын маалыматтары боюнча 2012-жылдын январь-июнунда мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 40622,1 млн. сомду же белгиленген пландуу милдеттен 101,2%ды түздү. Отчеттук мезгилде мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин үлүшү ИДПга карата 35,3%ды түздү. Ашыкча аткарылган пландын суммасы 462,3 млн. сомду түздү, бул негизинен салыктык келип түшүүлөрдүн жогорулашына байланыштуу болду. Мында 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда бюджеттин жалпы кирешелери 12,3%га же 4461,2 млн. сомго өстү.

 

9-таблица

 

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси (млн. сом)

 

┌────────────────────────┬───────────────────────┬────────────────────┐

│   2012-ж. январь-июнь  │   2012-ж. январь-июнь │    Четтөө (+/-)    │

│          план          │          факт         │                    │

├────────────────────────┼───────────────────────┼────────────────────┤

│        40159,8         │        40622,1        │        462,3       │

└────────────────────────┴───────────────────────┴────────────────────┘

Мамлекеттик бюджетке салыктык келип түшүүлөрдүн көлөмү 29747,2 млн. сомду түздү, бул белгиленген пландык милдеттин 100,4%ын түзөт. 2011-жылдын ушундай мезгилине карата салык кирешелер 6040,4 млн. сомго же 25,5% өстү.

Анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 16519,3 млн. сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган, пландык көрсөткүч 100,5%га аткарылган. Мында Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албастан салык кирешелери 13652,5 млн. сомду же планга карата 102,2%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 13227,9 млн. сом суммасында бажы жыйымдарынын жана төлөмдөрүнүн келип түшүүсү же пландын 100,3% камсыз кылынды. 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 3713,6 млн. сомго өстү, бул импорттун көлөмүнүн жогорулашы менен шартталат.

 

10-таблица

 

Мамлекеттик бюджеттин киреше структурасы

 

┌──────────────────┬───────────┬───────────┬──────┬───────────┬───────┐

│                  │  2011-ж.  │  2012-ж.  │өсүү  │  2011-ж.  │Аткаруу│

│                  │январь-июнь│январь-июнь│темпи,│январь-июнь│пайызы │

│                  │   факт.   │   факт.   │ (%)  │   план    │  (%)  │

│                  │(млн. сом) │(млн. сом) │      │(млн. сом) │       │

├──────────────────┼───────────┼───────────┼──────┼───────────┼───────┤

│Салыктык келип    │  23706,8  │  29747,2  │ 125,5│  29633,8  │ 100,4 │

│түшүүлөр          │           │           │      │           │       │

├──────────────────┼───────────┼───────────┼──────┼───────────┼───────┤

│анын ичинде       │           │           │      │           │       │

├──────────────────┼───────────┼───────────┼──────┼───────────┼───────┤

│Кыргыз Республика-│  14192,5  │  16519,3  │ 116,4│  16443,8  │ 100,5 │

│сынын МСК         │           │           │      │           │       │

├──────────────────┼───────────┼───────────┼──────┼───────────┼───────┤

│Кыргыз Республика-│   9514,2  │  13227,9  │ 139,0│  13190,0  │ 100,3 │

│сынын МБК         │           │           │      │           │       │

├──────────────────┼───────────┼───────────┼──────┼───────────┼───────┤

│Салыктык келип    │   8630,2  │   8924,5  │ 103,4│   7930,0  │ 112,5 │

│түшүүлөр          │           │           │      │           │       │

├──────────────────┼───────────┼───────────┼──────┼───────────┼───────┤

│Алынган расмий    │   3824,0  │   1950,4  │  51,0│   2596,0  │  75,1 │

│трансферттер      │           │           │      │           │       │

├──────────────────┼───────────┼───────────┼──────┼───────────┼───────┤

│Бардыгы           │  36160,9  │  40622,1  │ 112,3│  40159,8  │ 101,2 │

└──────────────────┴───────────┴───────────┴──────┴───────────┴───────┘

Каралып жаткан мезгилде мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес келип түшүүлөрү 8924,5 млн. сомду же пландан 12,5%ын түздү. Өсүү темпи 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 103,4%ды түздү же келип түшүүлөр 294,3 млн. сомго өстү. Бул өсүш негизинен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешелеринин пландан тышкаркы келип түшүүлөрүнө, транспорт каражаттарын каттоо жана кайрадан каттоо үчүн алынуучу төлөмдөргө жана башка салыктык эмес кирешелерге байланыштуу.

Алынган расмий гранттардын келип түшүүлөрү 1950,4 млн. сомду же пландын 75,1%ын түздү, бюджетке 645,6 млн. сом келип түшкөн эмес, негизинен МТИ гранттарынын келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу. Өткөн жылга салыштырганда гранттардын келип түшүүлөрү 49,0%га же 1873,6 млн. сомго төмөндөдү.

 

4.2. Мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы

 

2012-жылдын январь-июнунда республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарсыз жана мамлекеттик карызды эсепке алуу менен) 39355,7 млн. сом суммасында же пландын 96,4% аткарылды. 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда жалпы чыгымдар 6930,3 млн. сомго же 21,4%га өстү. ИДПнын көлөмүнө карата республикалык бюджеттин жалпы чыгымдары 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайыздык пунктка өсүү менен 34,2%ды түздү.

 

11-таблица

 

Республикалык бюджеттин чыгашалары (млн. сом)

 

┌───────────────────────────┬────────┬────────┬──────┬────────┬───────┐

│   Статьялардын аталыштар  │ 2011-ж.│ 2012-ж.│ Өсүү │ 2011-ж.│ Атка- │

│                           │ январь-│ январь-│темпи,│ январь-│ рылды │

│                           │  июнь  │  июнь  │ (%)  │  июнь  │  (%)  │

│                           │  факт. │  факт. │      │  план  │       │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Бардыгы:                   │ 32425,4│ 39355,7│ 121,4│ 40844,1│  96,4 │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Айлык акы                  │  6100,6│  7514,7│ 123,2│  7803,8│  96,3 │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Социалдык фондго төгүмдөр  │   637,2│   850,0│ 133,4│   898,3│  94,6 │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Медикаменттерди сатып алуу │   196,4│   217,3│ 110,6│   220,3│  98,6 │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Социалдык камсыздоо боюнча │  3928,3│  5581,3│ 142,1│  5581,3│ 100   │

│жөлөк пулдар               │        │        │      │        │       │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Калкка социалдык жардам    │  2985,0│  2609,6│  87,4│  2609,6│ 100   │

│берүү боюнча жөлөк пулдар  │        │        │      │        │       │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Эл аралык уюмдардын        │   103,7│    79,3│  76,5│    79,7│  99,5 │

│күндөлүк гранттары         │        │        │      │        │       │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Мамлекеттик башкаруунун    │  5149,8│  7653,4│ 148,6│  7653,4│ 100   │

│күндөлүк гранттары         │        │        │      │        │       │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Корголгон беренелер боюнча │ 23414,5│ 29696,4│ 126,8│ 30295,2│  98,0 │

│бардыгы                    │        │        │      │        │       │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Финансылык эмес мамлекеттик│   707,7│   774,3│ 109,4│   774,3│ 100   │

│ишканаларга субсидиялар    │        │        │      │        │       │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Имараттар жана курулмалар  │  1975,7│  1692,5│  85,7│  1990,6│  85,0 │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Кредиттер, ссудалар жана   │   801,0│   797,4│  99,6│   797,4│ 100   │

│зайымдар                   │        │        │      │        │       │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Тышкы зайымдар             │  1029,2│   942,5│  91,6│   958,3│  98,4 │

├───────────────────────────┼────────┼────────┼──────┼────────┼───────┤

│Баалуу кагаздар,           │  2166,3│  2505,1│ 115,6│  2550,6│  98,2 │

│акциялардан тышкары        │        │        │      │        │       │

└───────────────────────────┴────────┴────────┴──────┴────────┴───────┘

Республикалык бюджеттен айлык акы боюнча чыгымдарды каржылоо 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда социалдык чөйрөдөгү кызматчылардын айлык акы өлчөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу 1414,1 млн. сомго, же 23,2%га жогорулады (2011-жылдын январь-июнунда айлык акы боюнча чыгымдар 6100,6 млн. сомду түздү).

Республикалык бюджеттин чыгымдарын каржылоого таасир тийгизген факторлордун бири "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2012-жылдын 17-апрелинде, белгиленген мөөнөттөн кеч кабыл алынгандыгы болду. Ушуга байланыштуу Мыйзамдарга ылайык айына чыгымдарды каржылоо бир жылга пландаштырылган каражаттардын жалпы көлөмүнүн он экиден бир бөлүгүнөн ашык эмес жүргүзүлгөн.

2012-жылдын январь-июнунда социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгымдардын салыштырма салмагы 44,7%ды түздү, 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда (2011-жылдын январь-июнунда социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгымдардын салыштырма салмагы 41,3%ды түзгөн) бардыгы 3973,3 млн. сомго көп багытталган.

 

12-таблица

 

Социалдык чөйрөгө чыгымдар (млн. сомов)

 

┌───────────────────────────────┬───────────┬───────────┬─────────────┐

│                               │ 2011-жыл  │ 2012-жыл  │ Өсүү темпи, │

│                               │янв. - июнь│янв. - июнь│     %       │

├───────────────────────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤

│Бардыгы                        │  12069,9  │  16043,2  │   132,9     │

├───────────────────────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤

│Социалдык коргоо               │   7074,7  │   8339,3  │   117,9     │

├───────────────────────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤

│Билим берүү                    │   1581,8  │   2437,1  │   154,1     │

├───────────────────────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤

│Саламаттык сактоо              │   2855,5  │   4404,4  │   154,2     │

├───────────────────────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤

│Эс алуу, маданият жана дин     │    557,9  │    862,4  │   154,6     │

└───────────────────────────────┴───────────┴───────────┴─────────────┘

2012-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик бюджеттин жалпы тартыштыгы 4070,7 млн. сомду түздү (ИДПга карата 1,3%).(5) Биринчи жарым жылдыкта ИДПнын көлөмүнө карата мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы январь-июнь айларында 3,5%ды түздү.

 

4.3. Мамлекеттик карыз: тышкы жана ички карызды тейлөө

 

2012-жылдын июнь айынын аягындагы абал боюнча мамлекеттик карыз 147584,5 млн. сомду, анын ичинде ички карыз - 13167,0 млн. сомду, тышкы карыз - 134417,5 млн. сомду түздү.

2012-жылдын январь-июнунда карыздарды тейлөө 4738,1 млн. сомду түздү. Тышкы карыздарды тейлөөгө 1658,2 млн. сом, анын ичинде негизги сумма боюнча - 942,5 млн. сом жана пайыздар боюнча - 715,7 млн. сом багытталган. Ички карыздарды тейлөө 3079,9 млн. сомду, анын ичинде негизги сумма - 2505,1 млн. сомду жана пайыздар боюнча - 574,8 млн. сомду түздү.

 

5. Ишкердик чөйрөнү жакшыртуу

 

5.1. Инвестициялык саясат, Мамлекеттик инвестициялар программасын

(МИП) аткаруу

 

Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш-чаралар планынын алкагында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу аркылуу өлкөгө инвестицияларды тартуу жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин илгерилетүү үчүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, анда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо, тандоо жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы милдеттенмелерди бөлүштүрүү каралган. Долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөштөрдүн МЖӨ долбоорлоруна катышуу формаларын колдонуу боюнча нускамасы, тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоо тартиби, МЖӨ долбоорлору боюнча жеке өнөктөштөрдү тандоодогу тендердик комиссия тууралуу жобо сыяктуу жол-жоболорду жөнгө салуучу 10 ченемдик укуктук акты жана 3 Мыйзам алдындагы акты иштелип чыкты.

Кыргыз-казак, кыргыз-катар инвестициялык фонддорун түзүү боюнча иш активдүү жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын аймагында артыкчылыктуу долбоорлордун каржыланышын болжолдогон инвестициялык фонддорду түзүү өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын агымын көбөйтүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, ошону менен социалдык-экономикалык өнүгүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берет. "Кыргыз - казак инвестициялык Фонду" АКсынын өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасында 2012-жылдын 7-майында каттоодон өткөн. Фондду капиталдаштырууну этабы менен түзүү максатында Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 11-июлунда кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Протоколго кол коюу күтүлүүдө. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 308-б буйругу менен жактырылды.

Чет өлкөлүк жарандарга виза берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу, туризмди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.

Мамилелерди, өз ара ишенимдерди чыңдоо жана коңшулаш өлкөлөрдүн иштиктүү коомдоштуктардын ортосундагы кызматташуунун жаңы формаларын аныктоо алкагында бизнес-форумдар (кыргыз-түрк, кыргыз-корея, кыргыз-польша) жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2012-жылдын 1-кварталында(6) республиканын экономикасына тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүлөрү 115,1 млн. АКШ долларын түздү жана 2011-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу эки эсеге төмөндөдү.

2012-жылдын 1-кварталында ТЧИнин жалпы көлөмүндө ТЧИнин түшүүлөрүнүн ири салыштырмалуу салмагы Жалал-Абад облусуна - 11,6%, Чүй облусуна - 17,5%, Бишкек шаарына - 67,1% туура келди.

2012-жылдын 1-кварталында тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын чыгарылып кетиши 69,6 млн. АКШ долларын түздү (келип түшкөн ТЧИнин 60,4%зы), бул 2011-жылдын тиешелүү мезгилине караганда 53,9 млн. АКШ долларына же 4,5 эсеге жогору.

ТЧИнин чыгарылып кетиши ишканалардын чет өлкөлүк кошо ээлеринен алынган кредиттерди жана соода кредиттерин кайтаруу менен түшүндүрүлөт, алар чыгарылып кетүүнүн структурасында 99,6% ээлейт. Инвестицияларды чыгарылып кетүүсүндө ири үлүштү иштетүү өнөр жайы - 66,0%, кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызматтарды сунуштоо - 28,3% ээлейт.

 

Мамлекеттик инвестициялар программасы (МИП)

 

2012-жылдын январь-июнунда Мамлекеттик инвестициялар программасынын инвестициялык долбоорлору боюнча чыгымдардын жалпы көлөмүн 6100,1 млн. сом, ушунун ичинде грантсыз инвестициялык долбоорлорду тышкы каржылоону 4085,2 млн. сом, же жылдык пландуу көрсөткүчтөн 23,3 пайызды, жана ушунун ичинде инвестициялык долбоорлорду ички кошо каржылоону 281,9 млн. сом же жылдык пландуу көрсөткүчтөн 41,8 пайызды түздү.

 

5.2. Ишкердик

 

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча 2012-жылдын 1-кварталында(7) Кыргыз Республикасында 8998 чакан жана орто ишканалар аракеттенген (2011-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 891 бирдикке кыскаруу). Жеке ишкер иш аракетин 275,9 миң жеке жак ишке ашырган (өсүүнү 23,8 миң жеке жакты түздү). Ошентип, отчеттук мезгилде ишкердик чөйрөсүндө аракеттенгендердин жалпы санын (дыйкан жана фермердик чарбаларды эсепке албастан) 350,6 миң адам түздү (өсүүнү 23 миң адам түздү).

ИДПнын жалпы көлөмүндө чакан жана орто бизнестин салыштырмалуу салмагын (болжолдуу баалоо) - 36,9 пайыз же 18733,9 млн. сом түздү (2011-жылдын 1-кварталында - 34,8 пайыз же 16544,8 млн. сом).

 

13-таблица

 

2011-2012-жылдарынын январь-марттарында

ишкердиктин көрсөткүчтөрү

 

┌──────────────────────────────┬────────┬─────────┬─────────┬─────────┐

│   Көрсөткүчтөрдүн аталышы    │  Ченөө │ 2012-ж. │ 2011-ж. │ Факттан │

│                              │ бирдиги│1-кварта-│1-кварта-│ четтөө  │

│                              │        │   лы    │   лы    │  (+/-)  │

│                              │        │  факт   │  факт   │         │

├──────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Аракеттенип жаткан ЧОИ саны   │ бирдик │  8998   │  9889   │  -891   │

├──────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Чакан жана орто ишкердик      │миң адам│   350,6 │   327,6 │   +23,8 │

│чөйрөсүндө аракеттенген       │        │         │         │         │

├──────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│Жеке ишкерлер                 │миң адам│   275,9 │   252,1 │   +23,0 │

├──────────────────────────────┼────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│ЧОИнин ИДПгы салыштырмалуу    │   %    │    36,9 │    34,8 │    +2,1 │

│салмагы                       │        │         │         │         │

└──────────────────────────────┴────────┴─────────┴─────────┴─────────┘

Ишкердик иш аракетти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору иштелип чыкты жана кабыл алынды:

- лицензиялардын жана уруксааттардын 72 түрүн кыскартууну караштырган, 2012-жылдын 28-февралындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын кээ бир Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жактыруу тууралуу" токтому;

- лицензиялардын жана уруксааттардын 41 түрүн кыскартууну караштырган 2012-жылдын 29-майындагы № 345 "Кыргыз Республикасынын кээ бир Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жактыруу тууралуу" токтому.

Азыркы учурда "Кыргыз Республикасындагы лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыкты, анда мамлекеттик лицензиялоонун негизги багыттары жана принциптери, иш аракеттин лицензиялануучу түрлөрүнүн, операциялардын тизмеси, лицензиялык контролдоонун, лицензияны токтотуунун жана жокко чыгаруунун жол-жобосу аныкталган. Ушул Мыйзамдын чегинде калган лицензиялардын жана уруксааттардын олуттуу кыскарышы каралууда.

Кыргыз Республикасынын "Ишкердик иш аракетин жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын отималдоо тууралуу" Мыйзамын ишке ашыруу максатында арыздарды кароо жана лицензияларды берүү мөөнөттөрү менен байланыштуу лицензиялоо жол-жоболорун ишке ашырууда лицензиар-мамлекеттик органдардын иш аракеттерин регламенттөөгө багытталган "унчукпоо-макулдуктун белгиси" ченемин киргизүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 206 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому бекитилген.

2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругу менен займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссия түзүлгөн.

Ушул Комиссиянын ишинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан жана Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын апрель-июнунда болгон талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана өрттөрдүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген тизмесинде жана реестринде турган жана күрөө предмети катары турак жайын койгон коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин карыз алуучуларына кошумча колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 266 "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан карыз алуучуларды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтому кабыл алынган, ал карыз алуучуга күрөөгө коюлган турак жайга карата карызды өндүрүү жол-жобосуна мораторийди киргизүү, карыз алуучулардын карыздары боюнча үстөктөрдү жана айыптарды алып таштоо, эсептелген пайыздардын түзүмүн өзгөртүү жана кредиттин негизги суммасын төлөө мөөнөтүн узартуу сыяктуу колдоо көрсөтүүнү караштырат.

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу жана ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан негизсиз жана натыйжасыз текшерүүлөргө жол бербөө, ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору кабыл алынган:

- ишкердик иш аракетин жакшыртууга жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартууга таасир тийгизүүчү тобокелдик критерийлеринин баалоо даражасына байланыштуу ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн жөнгө салуу жана жүргүзүлгөн текшерүүлөргө талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш аракетин ишке ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү тууралуу" токтому;

- ведомстволор аралык комиссиянын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-мартындагы № 94 токтому менен түзүлгөн) жана жаңы курамдагы эксперттик топтун ишин жандандырууну жана котролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүнө эң жагымдуу шарт түзүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 "Ишкердик иш аракетти мамлекеттик жөнгө салуу системасына реформа жүргүзүү жана ишкердик иш аракетти жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- мамлекеттик контролдоо органдарынын санын 21ден 12ге кыскартууну караштыруучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 1854 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым органдардын тизмесин макул табуу тууралуу" токтому кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги 12 мамлекеттик контролдоо органдары менен бирдикте ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү укуктары бар ыйгарым укуктуу органдардын текшерүү баракчалары боюнча бирдиктүү буйруктарды бекитишти, алар ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн жаңы жол-жоболорун караштырат.

IFC Эл аралык Финансы Корпорациясынын колдоосу менен "Контр-Про 3" программасынын өркүндөтүлгөн версиясы иштеп чыгарылууда, ал тобокелдиктерди талдоонун негизинде ишкердик субъекттерин текшерүү боюнча электрондук базаны түзүүгө мүмкүндүк түзөт.

 

5.3. Фискалдык саясат

 

2012-жылдын отчеттук мезгилинде фискалдык саясаттын негизги багыттары болуп чарбакер субъекттердин иш аракетин күчөтүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү, бизнес жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу, жана ошондой эле ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүү боюнча маселелерди кароо болду.

Инвестициялык климатты жакшыртуу, жүргүзүлүп жаткан салык саясатын, салык системасын жана бажылык башкарууну өркүндөтүү үчүн бир катар укуктук ченемдик актылар кабыл алынган:

- редакциялык оңдоолорду киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин колдонууда салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 55 "Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган;

- күрөөкана кызматтарын сунуштоочу ишкердик субъекттеринен, иш аракеттин ушул түрүн милдеттү патенттин негизинде салык салуунун атайын режимине которуу жолу менен бюджетке салыктык түшүүлөрдү жогорулатуу максатында 2012-жылдын 29-майында № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган;

- эл аралык конкурстарда акчалай жана башка сыйлыктарды жана утуштарды, ошондой эле эл аралык уюмдар (фонддор) тарабынан ыйгарылган сыйакыларды алган жактарды киреше салыгынан бошотуу максатында 2012-жылдын 25-июлунда № 124 "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган;

- байланыш чөйрөсүндөгү субъекттер үчүн сатык салыгынын ставкаларын 2%дан 5%га чейин жогорулатууну караштырган жүргүзүлгөн фискалдык саясатты өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 332 токтому менен "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылган;

- Кыргыз Республикасынын жарандарына (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына жана жеке жактарына) социалдык камсыздандыруу боюнча салыктарды, бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана алар тарабынан 2009-жылдын 31-декабрын кошо кирешеге жана мүлккө карата башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мурда билдирилбеген милдеттерди аткаруу боюнча салыктарды, чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөсүз, кирешени жана мүлктү декларациялоо (жеке жактардын чыгымдарын контролдоого өтүү үчүн капиталды жана мүлктү мыйзамдаштыруу же ачыкка чыгаруу) аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 340 токтому менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылган;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жана башка жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу (эсеп жүргүзүү, жыйноо жана контролдоо) функциясын өткөрүп берүү максатында "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 377 токтому менен жактырылган;

- акциздик товарларды, анын ичинде иштетип берүүчү негизде өндүрүүчүлөрдөн жана импортерлордон акциз салыгын алууга багытталган жана бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-июлундагы № 414 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору даярдалган.

2012-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн түшүп калган сумманын ордун толтуруучу кошумча кирешелерди табуу боюнча иш жүргүзүлдү жана фискалдык саясаттын чаралары жана 2012-жылга карата мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн салык жыйымдарын 6500,0 млн. сом суммасына жогорулатуу боюнча сунуштар даярдалды, алар жыйынтыгында "2012-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-февралындагы № 30-б буйругуна ылайык 1392,8 млн. сом суммасына кирешенин кошумча булактары боюнча сунуштар жөнөтүлгөн.

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда көйгөйлүү маселеси болуп бул Кум-Төр кенинде алтынды өндүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн кайрадан карап чыгуу эсептелет, бул "Кум-Төр Оперейтинг Компаниден" түшкөн салыктын дүң кирешеге келүүсүн төмөндөтүүгө алып келет.

 

5.4 Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүнүн программасын бекитүү тартиби аныкталган, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 54 Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү программасынын долбоору даярдалган, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 28-июлунда № 1887 кабыл алынган.

Программанын долбооруна мурдагы Программа боюнча ишке ашырылбай калган обьекттер, ошондой эле бир катар жаңы обьекттер - тармактык министрликтер жана ведомстволор тарабынан менчиктештирүүгө сунушталган профилсиз активдер өткөрүп берилди.

Бул Программада уюмдардын обьекттеринин жана мамлекеттин менчигиндеги жана менчиктештирүүгө тийиш эмес обьекттердин тизмеси, акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу аркылуу менчиктештирилүүчү обьекттердин тизмеси жана белгиленген тартипте мамлекеттин үлүшү жана мүлктүк комплекстерди жана башка мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүгө тийиш болгон обьекттердин тизмеси камтылган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш-чаралардын планына ылайык мамлекеттик мүлктөрдүн реестрин жана мүлк каттоого даярдоо боюнча иштерди жүргүзүүчү Эсепке алуу жана мүлк каттоо башкармалыгы түзүлдү.

Мүлк каттоонун аралык жыйынтыктары жана иш чаралардын планы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жөнөтүлгөн жана азыркы учурда макулдашуу стадиясында.

2012-жылдын 1 жарым жылдыгында менчиктештирүүдөн, дивиденддерден, ижара акысынан түшкөн каражаттар 856,6 млн. сомду түздү, атап айтканда:

- мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүүдөн - 0,0 млн. сом;

- 50%дан кем эмес мамлекеттик ишканалардын пайдасынан - 311,8 млн. сом;

- дивиденддерден - 531,2 млн. сом;

- мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн - 9,2 млн. сом;

- субординацияланган карыз боюнча проценттер - 4,4 млн. сом.

Биринчи жарым жылдыкта мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн акчалай каражаттардын келип түшүүлөрүнүн жоктугу 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын кеч кабыл алынгандыгы, 5 мамлекеттештирилген обьекттер боюнча аукционго катышууга билдирмелердин жоктугу менен шартталууда.

 

Мамлекеттештирилген обьекттер менен иштөө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген мамлекеттештирилген обьекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча Программаны ишке ашыруу максатында мамлекеттештирилген 5 обьектти сатуу боюнча аукциондор жүргүзүлдү. Мамлекеттештирилген объекттерге талдоонун негизинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлу № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 28-июнундагы токтому кабыл алынды, анда айрым мамлекеттештирилген обьекттерди менчиктештирүүгө тийиш болгон объекттердин тизмесине киргизүү каралды.

Фонддун 2012-жылдын 2-февралындагы № 4-б буйругу менен бекитилген, 2012-жылы мамлекеттештирилген обьекттерди менчиктештирүүнүн графиги жана "Альфа Телеком" ЖАКсынын 49%ын менчиктештирүүнүн өзүнчө графиги иштелип чыкты.

Программага ылайык, мамлекеттештирилген обьекттерди менчиктештирүүнүн негизги максаты - мамлекеттештирилген обьекттерди сатуу эсебинен мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында мамлекеттин кыска мөөнөттүн ичинде максималдык киреше алуусу.

Обьекттерди менчиктештирүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде максималдык ачык - айкындуулук жана жарандык коомчулукка отчет берүү шартында жүргүзүлдү. Комиссиянын бардык отурумунда ММКнын өкүлчүлүктөрү катышты.

 

6. Социалдык чөйрө

 

6.1. Социалдык коргоо. Пенсиялык камсыздоо

 

Калкты социалдык коргоо тармагында калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана социалдык жактан аялуу жарандардын абалын жакшыртуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик жөлөкпулдар. 2012-жылдын 1-июлунда мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны 442,9 миң адамды түздү, анын ичинен: ай сайын жөлөкпул алган балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр - 371,5 миң адам же болгон калктын 6,6%; ай сайын социалдык жөлөкпул алгандар 71,4 миң адам же болгон калктын 1,2%.

2012-жылдын 1-июлунда жалпысынан республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпулдун орточо өлчөмү 25,1%га жогорулады жана 309,0 сомду түздү, ай сайын социалдык жөлөкпул - 36,4%га жогорулады жана 2006,9 сомду түздү.

Отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин каражатынан мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө жалпы суммасы 1575,7 млн. сом акча каражаты менен каржыланды, мында өсүш 24,9%ды түздү.

Социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү, 2012-жылдын 1-июлуна карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алгандардын орточо саны 55,9 миң адамды түздү, 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 2,5%га (1,4 миң адамга) көп болду, бул угуусу жана көрүүсү боюнча майыптардын санын көбөйүшүүнө байланыштуу.

Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында ай сайынын өмүрүнүн акырына чейин 3000 сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы төлөнөт. 2012-жылдын 1-июлуна карата стипендияны орточо 2,2 миң адам алышты, алардын жалпы суммасы 41,7 млн. сомду түздү. Алгандардын саны табигый өлүмдөргө байланыштуу кыскартууда.

Иштегендерди социалдык камсыздоо. 2012-жылдын 1-июлуна карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, көмүүгө жөлөкпул алгандардын жалпы саны 11,0 миң адамды түздү. Чегерилген жөлөкпулдардын суммасы 70,7 млн. сомду түздү, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 37,2%га (19,2 млн. сомго) көп болду.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 67,4 млн. сом суммасында 9623 адамга, көмүүгө жөлөкпул 3,3 млн. сом суммасында 1412 адамга төлөндү.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 50,2%га жогорулады жана 1750 сомду түздү, көмүүгө жөлөкпул 66,5%га жогорулап, 2358 сомду түздү.

2012-жылдын 2-июлуна карата(8) 2010-жылдыгы кайгылуу окуянын кесепетинен курман болгон жана жоголгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1,0 млн. сом өлчөмүндө бир жолку берилүүчү материалдык жардам бөлүнгөн. Жалпы суммасы 527,0 млн. сом болгон мындай жардамды 527 үй-бүлө алган.

Жалпы суммасы 8,2 млн. сом болгон 20,0 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул курман болгондордун 412 үй-бүлөлөрүнө берилди. Жалпы суммасы 128,2 млн. сом болгон 50,0дөн 100,0 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолу берилүүчү материалдык жардам 2228 жабыркаган адамдарга бөлүп берилди.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга кошумча 3700 сом өлчөмүндө ай сайын социалдык жөлөкпулдар төлөндү. Апрель, май жана июнь окуялары боюнча кошумча ай сайын жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражаттарынан 61,8 млн. сом (819 адамга) бөлүндү.

Социалдык тейлөө. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин системасында 15 жатак-үйлөр иштейт, анын ичинен 14 республикалык бюджеттин каражаттарынан, кары-картаңдар үчүн Бишкектеги жатак-үйлөр жергиликтүү бюджеттин каражатынан каржыланат. Азыркы учурда жатак-үйлөрдө 2320 камкордукка алынгандар багылат, анын ичинен кары-картаңдар жана ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 777, психоневрологиялык дарт менен - 1137 бойго жеткендер жана 406 балдар.

Отчеттук мезгилде жатак-үйлөр жалпы 95,6 млн. сом суммасында каржыланды, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 7,2%га көп болду.

 

14-таблица

 

2012-жылдын январь-июнь айларында социалдык чөйрөнү

өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү(9)

┌──┬──────────────────────────────┬──────────┬───────┬────────┬───────┐

│№ │  Көрсөткүчтөрдүн аталыштары  │ Ченөөнүн │2011-ж.│2012-ж. │ Четтөө│

│  │                              │бирдейлиги│январь-│январь- │(+, -) │

│  │                              │          │июнь   │июнь    │       │

├──┼──────────────────────────────┼──────────┼───────┼────────┼───────┤

│1 │Номиналдуу эмгек акынын       │сом       │7825   │10291,0 │ 2466,0│

│  │орточо айлык өлчөмү(10)       │          │       │        │       │

├──┼──────────────────────────────┼──────────┼───────┼────────┼───────┤

│2 │Жашоо минимуму                │сом/айына │4609,04│ 4298,95│ -310,1│

├──┼──────────────────────────────┼──────────┼───────┼────────┼───────┤

│3 │Эмгекке жөндөмдүү калктын     │сом/айына │5183,17│ 4810,41│ -372,8│

│  │жашоо минимуму                │          │       │        │       │

├──┼──────────────────────────────┴──────────┴───────┴────────┴───────┤

│4 │Мамлекеттик жөлөкпулдарды алгандардын саны(11)                    │

├──┼──────────────────────────────┬──────────┬───────┬────────┬───────┤

│  │Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө │миң адам  │ 376,8 │  371,5 │   -5,3│

│  │ай сайын жөлөкпул (ЕПМС)      │          │       │        │       │

├──┼──────────────────────────────┼──────────┼───────┼────────┼───────┤

│  │Ай сайын социалдык жөлөкпул   │миң адам  │  69,4 │   71,4 │    2,0│

│  │(ЕСП)                         │          │       │        │       │

├──┼──────────────────────────────┴──────────┴───────┴────────┴───────┤

│5 │Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо көлөмү(12)                      │

├──┼──────────────────────────────┬──────────┬───────┬────────┬───────┤

│  │Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө │сом       │ 247,4 │  309,5 │   62,1│

│  │ай сайын жөлөкпул (ЕПМС)      │          │       │        │       │

├──┼──────────────────────────────┼──────────┼───────┼────────┼───────┤

│  │Ай сайын социалдык жөлөкпул   │сом       │1471,0 │ 2006,9 │  535,9│

│  │(ЕСП)                         │          │       │        │       │

├──┼──────────────────────────────┴──────────┴───────┴────────┴───────┤

│6 │Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмүнүн ара катышы            │

├──┼──────────────────────────────┬──────────┬───────┬────────┬───────┤

│  │Балдардын жашоо минимумуна    │    %     │   6,4 │    8,5 │    2,1│

│  │карата ЕПМС                   │          │       │        │       │

├──┼──────────────────────────────┼──────────┼───────┼────────┼───────┤

│  │Жашоо минимумуна карата ЕСП   │    %     │  31,9 │   46,6 │   14,7│

├──┼──────────────────────────────┴──────────┴───────┴────────┴───────┤

│7 │Социалдык төлөмдөрдү каржылоо                                     │

├──┼──────────────────────────────┬──────────┬───────┬────────┬───────┤

│  │Мамлекеттик жөлөкпулдар       │млн.сом   │1260,6 │ 1575,7 │  315,1│

│  │(ЕПМС, ЕСП)                   │          │       │        │       │

├──┼──────────────────────────────┼──────────┼───────┼────────┼───────┤

│  │Жеңилдиктердин ордуна акчалай │млн.сом   │ 707,1 │  666,9 │  -40,2│

│  │компенсациялар                │          │       │        │       │

└──┴──────────────────────────────┴──────────┴───────┴────────┴───────┘

2012-жылдын январь-май айларында бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10291,0 сомду түздү. 2011-жылдын январь-май айларына салыштырганда 31,5%га көбөйдү, ал эми керектөө баасын эске алуу менен эсептен чыгарганда анын реалдуу өлчөмү 29,9%га өстү. 2012-жылы январь-май айларындагы эмгек акысынын өсүшү анын бюджеттик чөйрөдө 46,3%га өсүшү менен камсыздалды.

Өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 2012-жылдын январь-май айларында эмгек акынын өлчөмүнүн көбөйүшү экономикалык иш аракеттердин бардык түрүндө байкалды, бирок абдан маанилүүсү билим берүү (54,8%га) жана саламаттыкты сактоодо (87,8%га) тармагында болду. 2012-жылдын январь-май айларында финансылык иш аракеттердин, транспорт жана байланыш тармагындагы, өндүрүш жана электр энергиясын, газды жана сууну бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акылары орточо республикалык деңгээлден ашты. Ал эми алардын төмөнкү деңгээли айыл чарбасында, билим берүүдө, коммуналдык, социалдык жана персоналдык кызмат көрсөтүүлөрдө түзүлдү.

2012-жылдын 1-июнунда республика боюнча жалпы эмгек акыны төлөө боюнча карыздардын жалпы суммасы 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 0,8%га, ал эми өткөн айдын ушундай күнүнө салыштырганда 13,6%га көбөйдү.

2012-жылдын 2-кварталында жашоо минимумунун көлөмү 4298,95 сомду түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 6,7%га төмөндөдү, бул азык-түлүк товарларынын баасынын төмөндөшүнө байланыштуу (жашоо минимумунун структурасында азык-түлүк товарлардын үлүшү 65%ды, азык-түлүк эместер - 16%ды, кызмат көрсөтүү - 17%ды, салыктар - 2%ды түздү).

Пенсионерлерди социалдык жактан тейлөө. Алдын-ала жыйынтыктар боюнча 2012-жылдын январь-июнь айларында Социалдык фонддун кирешесинин жалпы суммасы 14537,6 млн. сомду же белгиленген пландуу мааниден 104,1%ды түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда Социалдык фонддун кирешеси 39,2%га же 4096,2 сомго өстү.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча керектөөлөр 12849,4 млн. сомду түздү жана толугу менен каржыланды, пенсиялар жана башка социалдык төлөмдөр бөюнча карыздар жок.

2012-жылдын январь-июнунда Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду 511,7 млн. сом суммасында, Эмгекчилердин саламаттыгын сактоо фонду 60,5 млн. сом суммасында каржыланды.

2012-жылдын 1-июлунда республика боюнча пенсионерлердин саны 553753 адамды түздү, бул 2011-жылга салыштырганда 18944 адамга көп болду.

 

15-таблица

 

2011-2012-жылдардын январь-июнунда пенсиялык

камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү.(13)

 

┌─┬────────────────────┬─────┬─────────┬─────────┬──────┬───────┬─────┐

│№│   Көрсөткүчтөрдүн  │Ченөө│ 2011-ж. │ 2012-ж. │Өсүш  │2012-ж.│Аткар│

│ │     аталыштары     │нүн  │ январь- │ январь- │темпи,│январь-│  %  │

│ │                    │бир- │  июнь   │  июнь   │  %   │ июнь  │     │

│ │                    │дей- │         │         │      │болжол │     │

│ │                    │лиги │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│1│Бардык кирешелер    │млн. │ 10441,41│ 14537,6 │ 139,2│13534,5│107,4│

│ │                    │сом  │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │анын ичинде:        │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │Камсыздандыруу      │млн. │  6575,5 │  8909,5 │ 135,5│ 7967,0│111,8│

│ │взносторунун келип  │сом  │         │         │      │       │     │

│ │түшүшү              │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │Республикалык       │млн. │  3794,4 │  5440,6 │ 143,4│ 5440,6│100,0│

│ │бюджеттен келип     │сом  │         │         │      │       │     │

│ │түшүүлөр            │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │Башка кирешелер     │млн. │    55,1 │    75,9 │ 137,7│   57,4│132,2│

│ │(акциялар боюнча    │сом  │         │         │      │       │     │

│ │дивиденддер ж.б.)   │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │Инвестирлөөдөн      │млн. │    16,4 │   111,6 │ 680,4│   69,5│160,5│

│ │түшкөн кирешелер    │сом  │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│2│Бардык чыгымдар:    │млн. │ 10251,5 │ 14587,3 │ 142,3│13482,7│108,2│

│ │                    │сом  │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │анын ичинде:        │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │Пенсиялык фонддун   │млн. │  9941,1 │ 14015,1 │ 141,0│12910,5│108,6│

│ │каражаттары боюнча  │сом  │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │Милдеттүү медицина- │млн. │   253,1 │   511,7 │ 202,2│  511,7│100,0│

│ │лык камсыздоо       │сом  │         │         │      │       │     │

│ │фондунун каражаттары│     │         │         │      │       │     │

│ │боюнча              │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│ │Эмгекчилердин       │млн. │    57,3 │    60,5 │ 105,6│   60,5│100,0│

│ │саламаттыгын        │сом  │         │         │      │       │     │

│ │сактоо фонду        │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│3│Пенсионерлердин     │адам │534809   │553753   │ 103,5│   -   │     │

│ │жалпы саны          │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│4│Пенсиялар жана башка│млн. │  9271,5 │ 12849,4 │ 138,6│   -   │     │

│ │социалдык төлөмдөр  │сом  │         │         │      │       │     │

│ │каржыланды жана     │     │         │         │      │       │     │

│ │төлөндү             │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│5│Пенсиянын орточо    │сом  │  3093   │  4070   │ 131,6│   -   │     │

│ │айлык өлчөмү(14)    │     │         │         │      │       │     │

├─┼────────────────────┼─────┼─────────┼─────────┼──────┼───────┼─────┤

│6│Пенсионерлердин     │сом/ │  4155,41│  3824,16│  92,0│   -   │     │

│ │жашоо минимуму(15)  │айына│         │         │      │       │     │

│ │                    │     │         │         │      │       │     │

└─┴────────────────────┴─────┴─────────┴─────────┴──────┴───────┴─────┘

Май айындагы жогорулатуудан кийин пенсиянын орточо өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эсепке алуу менен 4070 сомду түздү. 2011-жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу пенсиянын орточо өлчөмү 31,6%га же 977 сомго өстү. Пенсиянын бул деңгээли 2012-жылдын 1-майынан тартып камсыздандыруу бөлүктөрүн пенсиянын өлчөмүнө караштуу төмөнкү пенсиялар үчүн 150 сом жана жогорку пенсиялар үчүн 1500 сом өлчөмүндө жогорулатуудан пайда болду.

Пенсиялык камсыздоо жаатында 2012-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзүлгөн чаралардын негизги натыйжасы болуп жашоо минимумунун деңгээлинен пенсиянын өлчөмүнүн жогорулашы болду жана жашоо минимумуна карата пенсиянын орточо өлчөмүнүн катышы 106,4% түздү.

 

6.2. Эмгек рыногу жана миграция.

 

Табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында 2012-жылдын январь-май айларында республиканын калкынын саны 46,5 миң адамга же 0,8%га көбөйгөн. Баалоо маалыматтары боюнча 2012-жылдын 1-июнунда туруктуу жашаган калктын саны 5598 миң адамды түздү.

Калктын санынын өсүшүнүн негизги факторлору болуп табигый өсүш саналат, ал 48,4 миң адамды түздү (калктын 1000нин 20,9, 2011-жылдын январь-майында - 19,3). 2012-ж. январь-майында 64,0 миң балдар төрөлгөн, (калктын 1000нин 27,6, 2011-ж. январь-майында - 26,1 түздү). 15,6 миң адам өлгөн (калктын 1000нин 6,7 2011-жылдын январь-майында 6,8). Бир жашка чейинки куракта 1288 бала өлүмгө учураган, же төрөлгөндөрдүн 1000нин 20,1 (2011-жылдын январь-майында - 20,5).

2012-жылдын январь-май айларындагы демографиялык жагдай калктын тышкы миграциялык активдүүлүгүнүн төмөндөшү менен мүнөздөлөт. 2012-жылдын январь-май айларында республикага туруктуу жашоо үчүн 2,6 миң адам келген, 4,5 миң адам кеткен, калктын миграциялык агымы - 1,9 миң адамды түздү (2011-жылдын январь-майында - 17,2 миң адам). Мурункудай эле тышкы миграция боюнча кетүүлөрдүн жогорку интенсивдүүлүк Бишкек шаарынан жана Талас облусунан (10 миң жашоочунун 11 адамына туура келүүдө) жана Чүй облустарынан (10 миң жашоочунун 20 адамына туура келүүдө) байкалууда.

Калктын жумуш менен камсыз болуусу. 2012-жылдын 1-июлуна карата жумуш издөө максатында ишке орноштуруу мамлекеттик кызматтарынын органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 0,2%га, ал эми жумушсуздардын саны - 1,3%га азайган. Расмий жумушсуздардын деңгээли экономикалык активдүү калктан 2,6%ды түздү.

Ушул жылдын 1-жарым жылдыгында ишке орноштуруу кызматына кайрылгандардын саны 83652 адамды түздү, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 5616 адамга же 7%га көп. Жумуш издегендер катары ишке орноштуруу кызматтарында 43780 адам катталды, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 4874 адамга же 12,5%га көп.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата ишке орноштуруу кызматтарында 101880 адам каттоодо турат, анын ичинен 29 жашка чейинки курактагылар 43%ды түзөт. 64220 адам жумушсуздуктун расмий статусуна ээ, бул өткөн жылдын деңгээлинде. Жумушсуздардын 50%ын (32238) аялдар түзөт, 20%га жакыны (13051) 29 жашка чейинки жаштар саналат.

Эмгек рыногунда ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында активдүү иш чаралар өткөрүлдү, атап айтканда: билим берүү, кайра окутуу, убактылуу ишке орноштуруу (акы төлөнүүчү коомдук иштердин долбоору) боюнча сунуштар, жумушсуз жарандарга жеңилдетилген микрокредит берүү. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында эмгек рыногундагы активдүү чараларда 38092 жумушсуз камтылды, бул өткөн жылдын деңгээлинде.

Акы төлөнүүчү коомдук иштерге 13686 адам жиберилди, бул мурунку жылга салыштырганда 515 адамга же 4%га көп.

Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча билим берүү, кайра окутуу 5308 жумушсузга улантылды, бул өткөн жылга салыштырганда 6%га жогору болду.

Миграция. Кыргызстанда жумушчу күчүн экспорттоо кеңири жайылган көрүнүш болуп саналат. Алдын-ала маалыматтар боюнча январь-май айларында жеке жактардын акча которууларынын таза агымы 605,6 млн. АКШ долларын түздү, бул 2011-жылдын тийиштүү мезгилиндеги көрсөткүчтөн 21,1%га ашты. Мында, мурункудай эле акча каражатынын агымынын басымдуу көлөмү Россия Федерациясынан келди жана 667,4 млн. АКШ долларын түздү (95,9%).(16)

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасынын алкагында Ведомстволор аралык жумушчу топ Эмгек Кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууда. Жаңы Кодекстеги башкы айырмачылык бул, мында мамлекеттик, жеке же иш аракеттердин башка чөйрөлөрүндө эмгектик укук мамилелер контрактын негизинде гана түзүлөт.

 

6.3. Саламаттыкты сактоо.

 

2012-жылдын 1-жарым жылдыгында демографиялык жагдай төрөлүүлөрдүн көрсөткүчүнүн өсүш тенденциясы менен мүнөздөлдү, ал алдын-ала маалыматтар боюнча калктын 1000не карата 27,6 түздү (2011-ж. 1-жарым жылдыгы 26,1). 2012-жылдын 1-жарым жылдыгы боюнча калктын табигый өсүш көрсөткүчүнүн тенденциясы калктын 1000не карата 20,9 түзүү менен сакталып калды (2011-жылдын 1-жарым жылдыгы - 19,3%).

 

16-таблица

 

Саламаттыкты сактоодогу негизги көрсөткүчтөр(17)

 

┌────────────────────────────────┬───────────┬───────┬───────┬────────┐

│    Көрсөткүчтөрдүн аталыштары  │ Ченөөнүн  │2011-ж.│2012-ж.│ Четтөө │

│                                │бирдейлиги │январь-│январь-│ (+, -) │

│                                │           │ июнь  │ июнь  │        │

├────────────────────────────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┤

│Төрөлүүлөр                      │  калктын  │  26,1 │  27,6 │   1,5  │

│                                │  1000не   │       │       │        │

│                                │  карата   │       │       │        │

├────────────────────────────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┤

│Табигый өсүштүн көрсөткүчтөрү   │  калктын  │  19,3 │  20,9 │   1,6  │

│                                │  1000не   │       │       │        │

│                                │  карата   │       │       │        │

├────────────────────────────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┤

│Өлүмгө учуроонун жалпы          │  калктын  │   6,8 │   6,7 │  -0,1  │

│көрсөткүчү                      │  1000не   │       │       │        │

│                                │  карата   │       │       │        │

├────────────────────────────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┤

│Ымыркайлардын өлүмгө            │   тирүү   │  20,5 │  20,1 │  -0,4  │

│учуроо көрсөткүчү               │ төрөлгөн  │       │       │        │

│                                │1000 балага│       │       │        │

│                                │  карата   │       │       │        │

├────────────────────────────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┤

│Балдардын өлүмгө учуроо         │   тирүү   │  23,1 │  22,3 │  -0,8  │

│коэффициенти                    │ төрөлгөн  │       │       │        │

│                                │1000 балага│       │       │        │

│                                │  карата   │       │       │        │

├────────────────────────────────┼───────────┼───────┼───────┼────────┤

│Энелердин өлүмгө учуроо         │   тирүү   │  50,4 │  50,8 │   0,4  │

│көрсөткүчү                      │ төрөлгөн- │       │       │        │

│                                │  дөрдүн   │       │       │        │

│                                │ 100000 не │       │       │        │

│                                │  карата   │       │       │        │

└────────────────────────────────┴───────────┴───────┴───────┴────────┘

Каралып жаткан мезгилде балдардын жана ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчүнүн төмөндөшү белгиленет. Энелердин өлүмгө учуроо көрсөткүчү жогорку боюда калууда, ар окуяга экспертиза жүргүзүлөт.

Балдардын жана ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчүнүн төмөндөшү перинаталдык өлүмгө учуроонун азайышы жана натыйжалуу перинаталдык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке: киргизүү - туура төрөтүү, төрөлөөрү менен эмчек эмизүү, жаңы төрөлгөндөрдү өз убагында реанимациялоо менен байланыштуу. Энелердин өлүмгө учуроосун анализдөөдө саламаттыкты сактоо секторунун, экономикалык, социалдык жана маданий факторлордо шартталган, калктын санитардык билиминин, жүрүм-турум эрежелеринин алкагынан чыккан көптөгөн себептерди көрсөттү.

2012-жылдын 1-жарым жылдыгында алдын ала маалыматтар боюнча калктын 1000не карата өлүмгө учуроонун жалпы көрсөткүчү 6,7 түздү (2011-жылдын 1-жарым жылдыгы - 6,8).

2012-жылдын 1-жарым жылдыгында ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчү 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 0,4 төмөндөп, тирүү төрөлгөндөрдүн 1000не карата 20,1 түздү. 2012-жылдын 1-жарым жылдыгында балдардын өлүмгө учуроо коэффициенти алдын-ала маалыматтар боюнча тирүү төрөлгөндөрдүн 1000не карата 22,3 түзүп, төмөндөө тенденциясына ээ. 2012-жылдын 1-жарым жылдыгында энелердин өлүмгө учуроо көрсөткүчү алдын-ала маалыматтар боюнча тирүү төрөлгөндөрдүн 100000не карата 50,8 түздү (2011-жылдын 1-жарым жылдыгы - 50,4).

Оорулар. 2012-жылдын июнь айында(18) республика боюнча инфекциялык жана митечилик менен ооруган 15,6 миң оору каттоодон өткөн. Инфекциялык жана митечилик оорулардын структурасында 53,1% курч респиратордук-вирустук инфекцияларына, 20,1% ичегилердин инфекцияларына, 3,1% вирустук гепатитке, 1,8% бурцеллезго туура келген.

2012-жылдын июнь айында 2011-жылдын ушул айына салыштырганда педикулез менен ооругандар - 4,5 эсеге, сифилис - 3,4 эсеге, бурцеллез, бактериялык менингит жана котур - 2,2 эсеге, гонорея - 1,8 эсеге, аскаридоз - 12,4 пайызга, кургак учук - 1,8 пайызга азайгандыгы байкалган.

Мында ичегилердин курч инфекциясы, ВИЧ - инфекция, котур, эхинококкоз, кургак учук, вирустук А гепатити менен ооругандар көп болууда.

2012-жылдын 1-жарым жылдыгында Бишкек шаарында жуктурулган тропикалык безгек оорусу менен 1 оору катталган, очогунда эпидемияга каршы жана маалыматтык-билим берүү иш чаралары жүргүзүлдү. "2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгектин элиминациясынын программасы" Глобалдык фонд долбоорунун финансылык колдоосу менен 2140 кг инсектицид, Мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн аймактык борборлорунун митечилик лабораториялары үчүн 19 муздаткыч сатып алынды.

Мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору тарабынан республикадагы алып келинген, өндүрүлгөн жана сатуудагы тамак-аш түзүүнүн сапатын контролдоо улантылууда, ал курамындагы йодду лаборатриялык изилдөөнү камтыйт. 2012-жылдын 1-жарым жылдыгында республиканын МСЭКБларында туздун 5899 үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүлдү, анын ичинен үлгүлөрдүн 23,2% четке кагылды.

Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 56 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу" Мыйзамына ылайык профилактикалык эмдөө календарынын алкагында Мыйзамдын балдарды бекер иммунизациялоо жөнүндө принциби милдеттүү түрдө аткарылууда. Ошентип, 2012-жылдын 1-жарым жылдыгында профилактикалык эмдөөнүн бардык түрүн алганда 48,8%дан көп болду, буга республикага вакциндик препараттардын үзгүлтүксүз келип турушу, муздаткычтардын иштешин байкоо жана эмдөө иштерин туура уюштуруу таасирин тийгизди.

ВИЧке чалдыккандарды электрондук байкоо, препараттардын регулятивдик таасир этүүсүн болжолдоо боюнча иштер башталды. 2012-жылдын 1-июлуна карата ВИЧ инфекциясына чалдыккан 4307 адам катталган, анын ичинен 4121 Кыргыз Республикасынын жарандары, алар АРТ толук көлөмдө алууда. АРТ терапиясын ВИЧ менен жашаган (ВЖА) 868 адам алууда. 2012-жылдын 1-июлуна карата АРТ-терапиясын 591 ВЖА алууда, чоңдор - 382 (эркектер 228; аялдар - 154); балдар - 209 (эркек балдар - 141, кыздар -68).

Мындан тышкары саламаттык сактоо секторунун алкагынан чыккан көйгөйлөр бар, аларга: тышкы жана ички миграциянын өсүшү, балдардын жакырчылыгы, мектептик мекемелердин жеткиликтүүлүгү, жашы жетпегендердин турмушка чыгышы жана жашы жетпегендердин төрөтү кирет. Ички миграциянын өсүшү аялдардын жашаган жери боюнча каттоодо турбаган категориялардын болушуна алып келет, бул тийиштүү түрдө медициналык эсепте жок. Ал эми тышкы миграциянын өсүшү менен кош бойлуу аялдар ооруларын текшертпестен, төрөө алдында гана үйлөрүнө келишүүдө. Кош бойлуу аялдар иштеген оор жумуштары (үй тиричилигин жүргүзүү жана үй-бүлө мүчөлөрүн кароо, жумуштуулуктун формалдык эмес секторунда иштөө) жана энелерди мамлекеттик колдоонун натыйжасыз системасы энелер өлүмүнүн өсүшүнө жана репродуктивдүү саламаттыгына таасирин тийгизүүдө.

2012-жылдын январь-июнунда "Саламаттык сактоо" сектору боюнча чыгымдар капиталдык салымдарды эсепке алуу менен 4404,4 млн. сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ведомстволук мекемелери боюнча республикалык бюджетти аткаруусу 1075,9 млн. сомду, сметалык дайындоодо 1103,7 млн. сомду же аткаруу 97,5%ды түздү. Анын ичинде айлык акыга, Социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу жана медикаменттер 100 пайызда каржыланды.

Республиканын жарандарын медико-санитардык жардамдар (ФОМС-Бирдиктүү төлөөчү) менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын аткарууга 2978,4 млн. сом каржыланды. Балдарды, жөлөкпул алган жактарды жана пенсионерлерди медициналык камсыздоого республикалык бюджеттен төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздоо каражаттарына 126,8 млн. сом каржыланды.

 

6.4. Билим берүү жана илим

 

Өлкөдө 2012-жылдын 1-июлуна карата төмөнкүлөр иштөөдө: 98,7 миң балдар каттаган 741 мектепке чейинки мекемелер, 1015,2 миң окуучусу менен 2024 мектеп; 72,3 миң сандагы студенттери менен 126 кесиптик орто билим берүү мекемелери жана 239,2 миң студенти менен 54 жогорку окуу жайы.

Мектепке балдарды милдеттүү түрдө мектепке чейин даярдоо Программасы жана 240 саат окутуу эсебинен программага методикалык сунуштар боюнча иштер жүргүзүлдү.

Бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү жок жана 2012-2013-окуу жылында окууга бара турган балдар үчүн мектепке чейинки даярдоолорду жүргүзүү үчүн уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Отчеттук мезгилде абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлдү.

ЖОЖдордо мамлекеттик билим берүү гранттарынын жана кесиптик орто билим берүү жайларында бюджеттик орундардын негизинде 2012-2013-окуу жылдарына студенттерди кабыл алуу планын түзүү максатында жогорку жана кесиптик орто билими менен адистерге муктаждыктары жөнүндө министрликтерден, ведомстволордон жана облустук мамлекеттик администрациялардан билдирүүлөрдү чогултуу ишке ашырылды жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 469 токтому менен жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу планы бекитилди.

Билим берүүнүн каржылоо системасын реформалоо алкагында төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү.

Окугандардын саны боюнча маалымат базасынын, ошондой эле 2012-жылы жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча маалыматтардын негизинде киши башына карата каржылоону ишке киргизүү алкагында Бишкек жана Ош шаарларынын резервине эсептөө жүргүзүлдү: минималдык стандар боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин мамлекеттик бюджеттин каражаттарына муктаждыгына; 2011-жылга минималдык стандар боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин керектөөлөрүн жабуу ченемдерине; шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин жеке кирешелеринин 2012-2013-жылдары билим берүүгө багытталган тийиштүү үлүштөрүнө.

Киши башына карата каржылоо моделинин алкагында мугалимдердин ишинин обьективдүү баалоо жана эмгектик катышуусуна коэффициент кошуп эсептөө үчүн мугалимдердин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун баалоонун стандарттык критерийлери иштелип чыкты.

2012-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы, бир аталыштагы Концепция, 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк программасы жактырылды.

Стратегиялык документтердин негизги максаты болуп ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана сунушталып жаткан билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу аркылуу билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү саналат. Системанын бардык деңгээлинде чечүүнү талап кылган негизги көйгөйлүү зона болуп - башкаруу жана каржылоо, кадрлар менен иштөө жана мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү аныкталды. 2012-жылдан 2020-жылды кошо алганда үч жылдык үч иш аракеттер планын ишке ашыруу турат: 2012-2014-жылдар, 2015-2017-жылдар, 2018-2020-жылдар (Кыргыз Республикасынын бюджетинин үч жылдык болжолунун принциптерине ылайык).

"Өкмөттүк эмес уюмдардын системасында кесиптик - техникалык билим берүү мекемелерине бой жеткен жумушсуз калктын ичинен жумушчу кадрларын даярдоо үчүн компетенцияда негизделген окутуунун модулдук технологиясы боюнча билим берүү-программалык документтердин комплектин" сыноо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Китеп Палатасы аркылуу китептер фонду дайыма толуп турууда. Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында Кыргыз Республикасынын Китеп Палатасынан 190 даана ар кандай китептер, окутуу - методикалык адабияттар, көркөм чыгармалар жана мезгилдүү басылмалар алынган.

"SOS - Кыргызстандын балдар кыштактары" фонду менен кызматташуу улантылууда жана ушул кызматташуунун алкагында камкордук системасын таштаган жаштардын натыйжалуу социалдык интеграциясына көмөктөшүүгө багытталган, "Жетим балдарды жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды талдоодо" сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө "Кыргызстандын кесиптик - техникалык билим берүүсүнүн жакшыртылган системасына карата жол" долбоорун ишке ашыруу боюнча Миграция боюнча Эл аралык уюмдар долбоору менен макулдашуулар түзүлдү, ал кесиптик-техникалык билим берүү системасындагы беш окуу жайынын окутуу-материалдык базасын (оңдоо, жабдуулар менен жабдуу, окутуу методикалык материалдар менен камсыздоо жана окутуучулардын жана өндүрүштүк билим берүүнүн устаттарынын квалификациясын жогорулатуу) чыңдоого багытталат.

Үстүбүздөгү жылдын март айындагы Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ортосундагы макулдашууга ылайык Бишкек шаарындагы № 91 кесиптик лицейдин базасында туризм тармагындагы 9 багыт боюнча окуу борборунун ачылышы болду. Окууну бүтүргөндөн кийин бүтүрүүчүлөр Туркияда жана башка өлкөлөрдө ишке орношо алышат.

"Кыргыз Республикасында билим берүү системасын колдоо" ЕС программасынын алкагында төмөнкү беш долбоор иштеп баштады:

- "Жумуш менен камсыздоону жакшыртуу жана айыл тургундарынын кирешелерин жогорулатуу үчүн заманбап жана инновациялык кесиптик билим алууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу";

- "Баштапкы кесиптик билим алууга жана кесиптик даярдоого кеңири жеткиликтүүлүктү камсыздоо";

- "Кыргызстанда кесиптик билим берүүдө жана окутууда социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү чыңдоо";

- "Инклюзивдик кесиптик билим берүү жана окутуу: кесиптик - техникалык билим берүү мекемелери жана жумуш берүүчүлөр менен кызматташууну жакшыртуу аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка аярлуу топтор үчүн ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү";

- "Кыргызстанда кесиптик-техникалык билим берүүнүн жакшыртылган системасына багыт".

2012-жылдын январь-апрелинде билим берүүгө жана илимге чыгымдар капиталдык салымдарды эсепке алуу менен 2437,1 млн. сомду түздү. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн ведомстволук уюмдары боюнча чыгымдары 1328,0 млн. сомго каржыланды, планды аткаруу 97,2%(18) болду.

"Башка кызматтарды алуу" статьясы боюнча 22,5 млн. сом же пландын 92,4% каржыланды. Анын ичинен 2,0 млн. сом "Жаштык" СМОРго спорттук универсиада өткөрүүгө, 1000,0 миң сом - мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүүгө.

Мектептердин учурдагы оңдоолоруна чыгымдар пландагы 100 млн. сомдон 31,9 млн. сом суммасында каржыланды, каражаттардын калдыктары үстүбүздөгү жылдын июль жана август айларында каржыланат.

 

7. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

 

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жагдайын турукташтыруу, ишкердик ишин өнүктүрүү жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттин калктын алдындагы социалдык милдеттерин аткаруу, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын ишке ашыруу боюнча Иш чаралардын планы бекитилген.

Өкмөттүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" орто мөөнөттүк программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш чаралардын планы менен 162 тапшырма бекитилген, анын ичинен 83 тапшырманы биринчи жарым жылдыкта аткаруу пландалган.

2012-жылга иш чаралардын планын аткарылышын баалоо жана мониторинг жүргүзүү 2012-жылдын 20-июнуна карата алдыга коюлган тапшырмалардын 47 чечүү камсыздалгандыгын, бул жалпы тапшырмалардын 57%ын түзөөрүн көрсөттү. Мамлекеттик бийлик органдары 25 тапшырма боюнча айрымдарынын аткарылышын камсыздашты, бул 2012-жылдын 30-июнуна чейин аткаруу пландалган тапшырмалардын жалпы санын 30%ын түзөт. 5 тапшырма чечилген жок, бул тапшырмалардын жалпы санынын 6%ын түзөт, анын ичинде төмөнкү мамлекеттик органдар менен тапшырмалар аткарылган жок:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги;

- Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институту.

Белгиленген мөөнөттө жарым жартылай же толук аткарылбай калган милдеттер, актуалдуулугун жоготкондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 494 токтому күчүн жоготту деп табылды. Ушул токтомго ылайык ишке ашырууга узак убакытты талап кылган милдеттерди аткаруу мөөнөттөрү үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгына которулду.

2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоору эл аралык донордук уюмдардан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринен алынган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен кайрадан иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 239 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому менен жактырылды. Программа өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн туруктуу векторуна алып келүү, социалдык натыйжаларды жок кылуу, жашоонун деңгээлин жогорулатуу жана өлкөдөгү жакырчылыкты азайтуу үчүн бюджеттин абалын жакшыртууга багытталган. Бул документте өнүктүрүүнүн төмөнкү багыттарына басым жасалган: (i) мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жана коррупция менен күрөшүү; (ii) улуттук ири долбоорлорду чыгаруу жана ишке ашыруу аркылуу экономикалык артыкчылыктарды тездик менен алдыга жылдыруу; (iii) мамлекеттик активдерди башкаруу саясатын жаңылоо; (iv) социалдык өнүктүрүү жана жакырчылыкты азайтуу саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Программада каралаган реформаларды аткаруу бюджеттин тартыштыгын кыскартууга, коррупция менен күрөшүүнү чыңдоого, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана коомчулуктагы социалдык чыңалууларды азайтууга мүмкүндүк берет. Бизнес чөйрө өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө жана чыңдоого багыт алат, мамлекеттик жөнгө салууну бюрократиядан ажыратат жана чарбакер субъекттерге экономикалык эркиндикти сунуштайт.

 

8. 2012-жылдын 11 жарым жылдыгына карата

негизги милдеттер

 

1. Коркунучтарды өз учурунда табуу жана тобокелдиктерди алдын алуу максатында макроэкономикалык көрсөткүчтөргө дайыма мониторинг жүргүзүү.

2. Керектөөчү баалардын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген факторлорду баалоо жана оперативдүү мониторинг жүргүзүү. Абдан маанилүү товарлардын баасынын кескин өзгөрүшүн болтурбоого багытталган алдын-ала иш чаралардын/сунуштардын пакетин иштеп чыгуу.

3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдук көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына оперативдүү мониторинг жүргүзүү. Экономикалык болжолго/бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштамага мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет даярдоо.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын (2012-жылдын 25-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 55 токтому) ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш чаралардын планында каралган иш чараларды министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын өз убагында аткаруусу.

4. Келээрки кышка карата мал чарбачылыгы үчүн тоюттарды жетиштүү түрдө даярдоо жана түшүмдү жыйноодо, кайра иштетүүдө жана сактоодо жоготууларды жокко чыгаруу боюнча маселени өзгөчө контролдоо.

5. Мамматрезервге дан эгиндерин Мыйзамдарга ылайык азык-түлүк коопсуздукту камсыз кылуу көлөмүндө сатып алуу боюнча чараларды кабыл алуу.

6. 2012-жылга белгиленген параметрлерге ылайык кирешелердин келип түшүүсүн камсыздоо.

7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан чогултулган камсыздандыруу взносторунун деңгээлинин түшүп кетишине жол бербөө.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кабыл алууга киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоору боюнча маселелерди алдыга жылдыруу.

 

(1) Банк системасынын аналитикалык балансынын маалыматтары боюнча ал өзүнө жеке жана юридикалык жактардын депозиттерин гана камтыйт, ал эми башка финансы-кредиттик мекемелердин депозиттери, ошол эле учурда Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттери кирбейт.

(2) Бул категорияга ишканалардын жана калктын депозиттери, банктардын жана ФКМдердин депозиттери, ошондой эле бийлик органдарынын депозиттери кирген.

(3) Иштетип алма чийки затты эсепке албаганда.

(4) Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу Мыйзамдык түрдө камсыздалды деп эсептелет, эгер мамлекеттик материалдык резервдин запасы негизги тамак-аш продуктылары менен калктын социалдык аярлуу катмарынын керектөөлөрүн 90 күндөн кем эмес мөөнөтүн жапса.

(5) Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан колдонулган методикага ылайык ИДПнын болжолдонгон жылдык көлөмүнө карата 1-жарым жылдыкта түзүлгөн маалыматтарга карата эсептелет.

(6) 2012-жылдын январь-июну үчүн ТЧИ келип түшүүлөрү боюнча маалыматтар УСК тарабынан отчеттук кварталдан кийинки 55-күнү сунуш кылынат.

(7) квартал/жыл үчүн отчет УСК тарабынан отчеттук мезгилден кийинки 60-күнү сунуш кылынат.

(8) Көбөйүү боюнча маалыматтар.

(9) КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин жана Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча.

(10) Январь-май айлары үчүн, чакан ишканаларды эсепке албастан.

(11) Болгон калктан.

(12) Жашоо минимумунан.

(13) КРнын Социалдык фондунун маалыматы боюнча.

(14) Компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен.

(15) С 2009 г. по данным НСК КР.

(16) КРУБнын оперативдүү маалыматтары боюнча.

(17) КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча.

(18) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча.