КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-августу № 592
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата
өнөктөштөр менен өз ара
аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261, 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландоо боюнча жалпы координацияны жана макулдашылган чечимдерди кабыл алууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261, 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлү (макулдашуу боюнча), Кеңештин тең төрагасы,
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн тышкы жардамдарды координациялоо боюнча секторунун башчысы, Кеңештин катчысы;
өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).