Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 2-августундагы
№ 531 токтому менен
бекитилген

Буу казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын
энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү тартиби жөнүндө
ЖОБО

I. Жалпы жоболор

 

1.1. Бул Жобо буу казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоодо колдонулуучу бирдиктүү эрежелерди, жалпы талаптарды жана жол-жоболорду камсыз кылууга багытталган.

1.2. "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун милдеттүү түрдө мезгил-мезгили менен контролдоо обьекттери болуп турак жай, коомдук, административдик жана көп функционалдуу өнөр-жай эмес багыттагы имараттарга орнотулган жылуулук менен камсыз кылуу системасы эсептелет. Алар: номиналдуу жылуулук кубаттуулугу 10 кВт жана андан жогору, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасы үчүн жылуулук энергиясын берүүгө арналган катуу, суюк, газ түрүндөгү отун жана биомасса менен иштеген заводдо жана башка жерде жасалган буу казандары; 15 жылдан ашык мурда жасалган буу казандары орнотулган имараттардын жылытуу системасы.

1.3. "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун милдетүү түрдө мезгил-мезгили менен контролдоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- пайдаланууга берүүдө;

- энергетикалык реновациялоодо;

1.4. Бардык калган учурларда буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.

1.5. Бул Жобо төмөнкүдөй имараттарда орнотулган буу казандарга, имараттын жылытуу системасына жана ысык суу менен камсыз кылууга жайылтылбайт:

жалпы аянты 150 квадрат метрден ашпаган жеке турак жай имараттарына;

капиталдык эмес курулуштун убактылуу обьекттерине;

дача үйлөрүнө;

көмөкчү пайдаланылуучу имараттарга жана курулмаларга (көмөкчү жана чарба багытындагы).

1.6. Буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун контролдоонун мезгилдүүлүгү 1-тиркемеге ылайык буу казандын (казандардын) номиналдуу жылуулук кубаттуулугуна, отундун түрүнө жана имараттын функционалдык арналышына жараша дайындалат.

1.7. Мезгил-мезгили менен буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун контролдоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык коопсуздук талаптарына жооп берүүчү жабдуулар оң абалда болгондо жүргүзүлөт.

1.8. Мезгил-мезгили менен буу казандардын, жылытуу жана суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун контролдоону тиешелүү квалификациялык сертификаты бар адистер жүргүзөт.

1.9. Мезгил-мезгили менен жана бир жолку буу казандардын, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо системасынын контролдон өткөндүгүн ырастоочу документ болуп буу казанын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системасынын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчет эсептелет (мындан ары - мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчет).

1.10. Мезгил-мезгили менен буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун контролдоо боюнча сертификациясы бар адис түтөмө газдардын температураларын, аларда кычкылтектин жана көмүртек кычкылынын болушун, буу казандын күйүү камерасындагы абанын температурасын кошо алганда, энергиянын натыйжалуулугуна таасир этүүчү параметрлерди өлчөө үчүн приборлор менен жабдылышы керек.

1.11. Буу казандардын жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системалардын энергетикалык натыйжалуулугун контролдоо боюнча сертификациясы бар адис өзүнө таандык же өзү башкарган имараттарда, ошондой эле жумуш берүүчүгө таандык же жумуш берүүчү башкарган имараттарда жабдуулардын энергетикалык натыйжалуулугуна мезгил-мезгили менен контролдоо жүргүзө албайт.

1.12. Буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо имараттын ээси менен сертификациясы бар адистин ортосундагы келишимдин негизинде, монополияга каршы саясат боюнча атайын мамлекеттик орган менен макулдашылган баада акы төлөө аркылуу жүргүзүлөт.

1.13. Архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буу казандарды, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоону жүргүзүү боюнча адистерди квалификациялуу сертификаттоо үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

эксперт комиссиясынын курамын бекитет жана анын ишин уюштурат;

аттестациядан өтүүчүлөрдөн түшкөн документтерди текшерет жана кабыл алат;

аттестацияланган адистерди каттайт жана квалификациялык сертификат берет;

сертификаты бар адистердин буу казандарды, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоосун бекитет жана реестрди жүргүзөт;

квалификациялык сертификаттардын жарактуулугун эксперттик комиссиясынын чечими менен жокко чыгаруу жана квалификациялык сертификаттарды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди бекитет.

1.14. "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетторунун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт.

1.15. Ар бир сертификациясы бар адистин отчетун каттоонун негизинде архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетторун бирдиктүү мамлекеттик реестрде отчетко каттоо номерин ыйгарат.

1.16. Буу казандарды, жылытуу жана суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификациясы бар адис Мезгилдүү контролдоо жөнүндө бирдиктүү мамлекеттик реестрге кирген мезгилдүү текшерүү жөнүндө өзү берген отчеттордун хронологиялык тартибин жүргүзөт.

1.17. Буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторингди техникалык инспекция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мезгилдүү контролдоо жөнүндө берилген отчеттордун сапатына тандап экспертиза жүргүзүү жолу менен ишке ашырат. Буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттордун сапатына мониторинг жүргүзүүнүн аралыгы ушул отчеттордун сапатына карата даттануунун жана пайдалануучулардын, пайдалануучулар коомунун, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик органдардын маалыматынын болушуна жараша болот, бирок жылына бирден аз болбошу керек.

1.18. Мезгилдүү контролдоо жөнүндө тандоо аркылуу экспертиза өткөрүүнүн жыйынтыгы мамлекеттик архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча адиске берилген квалификациялык сертификатты тастыктоо, токтотуу жана жок кылуу жөнүндө тиешелүү чечим чыгарууга негиз болот.

1.19. Буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчетко тандоо аркылуу экспертиза өткөрүүнүн жыйынтыгы ошондой эле анын жарактуулугун токтотууга жана аны кайра кароого негиз болуп берет.

 

II. Буу казандарына, жылытуу жана ысык суу

менен камсыз кылуу системаларына мезгил-мезгили менен жана

бир жолку контролдоо жүргүзүү тартиби

 

2.1. Имараттын менчик ээси:

- буу казандарды, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасын мезгил-мезгили менен контролдоо жүргүзүүгө сертификаты бар адистер менен келишим түзөт;

- буу казандарды, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасына мезгил-мезгили менен контролдоо жүргүзүү боюнча иштерге акы төлөйт;

- буу казандар, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасы боюнча зарыл документтерди берет.

2.2. Мезгил-мезгили менен контролдоо жүргүзүү үчүн буу казандарды жана анын жабдууларын (мындан ары - буу казан) жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларын даярдоо боюнча талаптар мезгил-мезгили менен контролдоо башталганга чейин он календардык күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө адис тарабынан имараттын менчик ээсине жиберилиши керек.

2.3. Адис мезгил-мезгили менен контролдоону төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзөт:

1) 2-тиркемеге ылайык буу казандын түрүн аныктайт;

2) буу казандын техникалык документтерин карайт жана аны тейлөө боюнча милдеттерди аткарат;

3) буу казанды сыртынан карап чыгат жана анын техникалык абалын аныктайт, атап айтканда:

а) отундун же жылуулук булагынын сызылып чыгышын (жоготуу);

б) буу казандын тышкы абалын, өзгөчө тулкунун жылуулукту сактоо сапатын, буу казандын жана түтүн чыгуучу түтүктүн морунан түтөмө газдардын сызылып чыгышын;

в) күйүү камерасынын, газ күйгүчүнүн (же форсункалардын, колосниктик тордун) жана жылуулук алмашуучулардагы жылуулук булактардын жылуулук алмашуусунун үстүнкү бетинин булганышын;

г) бекитип-жөнгө салуучу арматуранын жана үзгүлтүксүз техникалык тейлөөнү талап кылган башка бөлүктөрдүн бузук эместигин;

д) буу казандын циркулярдык контурундагы жылуулук булагында туздун калдыктарынын чогулушу жана дат басуунун бар же жоктугу;

е) өлчөөчү приборлордун болушун жана бузук эместигин;

ж) жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын долбоордук документтерине ылайык иштелип чыккан жана өндүрүүчү тарабынан чыгарылган, буу казанды колдонуу боюнча нускамага ылайык буу казанды башкаруу системасынын абалын;

4) буу казанды колдонуунун натыйжаларын изилдөөнүн жана аны техникалык тейлөө жана оңдоо менен байланышкан документтерди текшерүүнүн негизинде буу казанды тейлөөнүн сапаттуу деңгээлин аныктайт;

5) буу казандын иштешин текшерет, берүүчүнүн нускамаларына ылайык бардык функциялардын иштешине тестирлөө жүргүзөт. Сыноо буу казанды колдонуу мезгилинде, ошондой эле сыноонун баардык текшерүү мезгилинде номиналдуу жылуулук жүктөмү менен буу казан иштеген режимде жүргүзүлүшү керек. Газ сымал жана суюк отундар колдонулуучу буу казандарды сыноодо максимум жана минимум жылуулук жүктөмүнө жеткен режимдерде анын функциялары, ошондой эле ал номиналдуу жылуулук кубаттуулугу менен иштегенде буу казанды автоматтык башкаруунун сапаты текшерилет;

6) түтөмө газдардын температурасын, аларда кычкылтектин жана көмүртек кычкылынын концентрациясын, ошондой эле күйүү камерасында абанын температурасын өлчөйт;

7) буу казандын иштешинин энергетикалык натыйжалуулугуна баа берет жана анын иш параметрлерин ченемдик маанилер менен 3-тиркемеге ылайыктыгын салыштырат;

8) архитектура жана курулуш жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган буу казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту толтуруу нускамасына ылайык мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчет түзөт;

9) мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетторду бирдиктүү мамлекеттик реестрде тариздөөнү, каттоону жана мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту берүүнү ишке ашырат.

2.4. Эгерде энергетикалык натыйжалуулуктун мезгилдүү контролдоосунун предмети 15 жылдан ашык мурда жасалган буу казаны болсо адис жылытуу жана ысык суу камсыздоо системасынын энергиянын натыйжалуулугуна кошумча бир жолку контролду төмөндөгүдөй жүргүзөт:

1) буу казанга туташтырылган жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын түтүктөрүнүн ички бөлүштүрүүчү тармактарынын абалын текшерет;

2) буу казандын жылуулук кубаттуулугунун имаратты жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн зарыл жылуулук жүктөмүнө ылайык келишине баа берет;

3) зарыл болгон учурда буу казанды алмаштыруу, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасын реконструкциялоо боюнча техникалык чечимдерди, ошондой эле алардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча башка техникалык чечимдерди сунуш кылат.

2.5. Жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын түтүктөрүнүн ички тармактарынын абалын текшерүү төмөнкүдөй жол-жоболордон турат:

1) жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын түтүктөрүнүн ички бөлүштүрүүчү тармактарынын техникалык документтерин жана аларды колдонуу жана тейлөө боюнча милдеттердин аткарылышын текшерүү;

2) төмөнкүлөрдү изилдөөнүн негизинде жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын түтүктөрүнүн ички тармактарынын абалын текшерүү:

а) эсепке алуу жана контролдоо приборлорун кошо алганда, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу тармактарынын негизги компоненттерин;

б) колдонуу, техникалык кармоо жана тейлөө боюнча нускамаларга ылайык жылытуу режимдерин, жайлардагы абанын температурасын жана алардагы жылуулук микроклиматтын температуралык режимин контролдоо системасын;

в) жайларда жылуулук бөлүп чыгаруунун өзүнчө түзүүчүлөрүн;

г) колдонулуудагы техникалык ченемдик документтерге ылайык тармактардын түтүктөрүнүн жылуулукту сактоосун;

д) буу казандын циркулярдык контурундагы жылуулук булагында дат басуунун, туздун калдыктарынын болушун;

ж) түтөмө газдардын температурасын, аларда кычкылтектин жана көмүртек кычкылынын концентрациясын, ошондой эле күйүү камерасында абанын температурасын;

3) тейлөөнүн жана күтүүнүн натыйжаларын изилдөөнүн жана аларды техникалык тейлөө жана оңдоо менен байланышкан документтерди текшерүүнүн негизинде жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын түтүктөрүнүн тармактарын сапаттуу колдонуу деңгээлине баа берүү;

4) имараттын иш жүзүндө функционалдык колдонулушун каралган функционалдык арналышынын долбоору менен салыштыруу;

5) жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын бөлүштүрүүчү түтүктөрүн иш жүзүндө колдонуу режимдерин долбоордо каралган режимдер менен салыштыруу;

6) эгерде жылуулук энергиясын алып келүү ушул буу казан менен ишке ашырылса, имаратты жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук энергиясындагы учурдагы муктаждыктарга баа берүү.

 

III. Мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчет

 

3.1. Мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

а) буу казан жабдууларын чыгаруучунун идентификациялык маалыматтарын;

б) буу казандын тибин жана анын чыгарылган жылын;

в) колдонулуучу энергиянын ар бир түрү үчүн буу казандын номиналдуу жылуулук кубаттуулугун;

г) колдонулуучу энергия булагынын мүнөздөмөсүн жана параметрлерин;

д) мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү контролдоонун тартибин;

е) буу казандын, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугунун эсептерин;

ж) буу казандын, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар менен мезгил-мезгили менен контролдоонун жыйынтыктарын;

з) сертификаты бар адистин идентификациялык маалыматтарын жана коюлган колун.

Отчеттун бланкынын формасын архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

3.2. Мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчет 3 нускада жана электрондук түрдө берилет. Буу казанды, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде сертификаты бар адис отчеттун биринчи нускасын имараттын менчик ээсине, экинчи нускасын жана электрондук версиясын - архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү региондук бөлүмүнө жиберүүгө милдеттүү. Отчеттун үчүнчү нускасы адисте калат.

Отчеттун нускалары буу казандын, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун кийинки жолу контролдоого чейин сакталат.

3.3. Мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттун түп нускасы жоголгон учурда имараттын менчик ээси анын дубликатын берүү жөнүндө арыз жазат. Архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мурда берилген отчеттун негизинде 10 календардык күндүн ичинде дубликатын берет.

Дубликат мезгил-мезгили менен көнтролдоо жөнүндө отчеттун формасы боюнча "Дубликат" (штемпель жана жазуу) деген белги менен таризделет.

3.4. Архитектура жана курулуш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттордун бирдиктүү мамлекеттик реестринде тиешелүү жазууну камсыз кылат.

 

IV. Аскердик-күч, ички иштер, улуттук коопсуздук жана фискалдык-көзөмөлдөөчү министрликтер менен ведомстволордун

карамагындагы имараттардын буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык

натыйжалуулугуна мезгил-мезгили менен контролдоо

жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

4.1. Аскердик-стратегиялык, ички иштер жана улуттук коопсуздук, фискалдык-көзөмөлдөөчү жана өзгөчө кайтарылуучу обьекттердин категориясына таандык имараттардын буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасын мезгил-мезгили менен контролдоо аскердик-күч, ички иштер жана улуттук коопсуздук жана фискалдык-көзөмөлдөөчү министрликтер менен ведомстволордун иштин ушул түрүнө квалификациялуу сертификаты бар адистери тарабынан ишке ашырылат.

 

 

Буу казандардын,
имараттарды жылытуу жана ысык
суу менен камсыз кылуу системасынын
энергетикалык натыйжалуулугун
мезгил-мезгили менен контролдоону
жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого
1-тиркеме

 

Буу казандын номиналдуу жылуулук кубаттуулугуна,

отундун түрүнө жараша буу казандарды, жылытуу жана

ысык суу менен камсыз кылуу системасын

контролдоонун мезгилдүүлүгү

┌────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┐

│          Отундун түрү.         │     Контролдоонун мезгилдүү, жыл   │

│Буу казандын номиналдуу жылуулук├────────────┬────────────┬──────────┤

│        кубаттуулугу, кВт       │    10дон   │    30дан   │  100 кВт │

│                                │  30 кВтга  │  300 кВтга │жана андан│

│                                │    чейин   │    чейин   │  жогору  │

├────────────────────────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤

│Жаратылыш газынан айырмаланган  │      5     │       4    │     2    │

│катуу, суюк жана газ түрүндөгү  │            │            │          │

│отундар                         │            │            │          │

├────────────────────────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤

│Жаратылыш газы                  │      7     │       4    │     3    │

├────────────────────────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤

│Биомасса, биогаз                │      7     │       5    │     4    │

└────────────────────────────────┴────────────┴────────────┴──────────┘

 

 

Буу казандардын,

имараттарды жылытуу жана ысык

суу менен камсыз кылуу системасынын

энергетикалык натыйжалуулугун

мезгил-мезгили менен контролдоону

жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого

2-тиркеме

 

Буу казанды идентификациялоо

 

┌───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐

│        Идентификациялык маалыматтар   │        Отундун түрү         │

│                                       ├──────────────┬──────────────┤

│                                       │   Суюк жана  │     Катуу    │

│                                       │  газ түрүндө │              │

├───────────────────────────────────────┼───────┬──────┼───────┬──────┤

│Номиналдуу жылуулук кубаттуулугу       │0 < 100│>= 100│0 < 100│>= 100│

│                                       │  кВт  │  кВт │   кВт │  кВт │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Менчик ээси                            │   Р   │   Р  │   Р   │   P  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Менчик ээсинин дареги                  │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Орнотмонун оператору                   │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Орнотмонун операторунун дареги         │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Буу казанды контролдоо жүрүп жаткан    │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

│имараттын дареги                       │       │      │       │      │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Буу казандын номери                    │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Отундун түрү                           │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Отунду берүү: кол менен, механикалык   │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Буу казанды чыгаруучу                  │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Чыгаруучунун тиби (завод ж.б.)         │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Буу казандын сериялык номери           │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Буу казандын чыгарылган жылы           │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Буу казандын максималдуу жылуулук      │   V   │   Р  │   V   │   Р  │

│кубаттуулугу же күйгүчтөрдүн ПТКсы     │       │      │       │      │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Номиналдуу жылуулук кубаттуулугу       │   P   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Эң төмөнкү кирген кубаттуулук          │   V   │   V  │   V   │   V  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Эң төмөнкү чыккан кубаттуулук          │   V   │   Р  │   V   │   P  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Конденсациялык же түтөмө газдардын     │   P   │   P  │   P   │   P  │

│нымы конденсациясыз буу казан          │       │      │       │      │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Газдарды чыгаруу методу:               │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

│табигый же механикалык (түтөмө         │       │      │       │      │

│газдардын желдеткичи менен)            │       │      │       │      │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Күйгүзүү үчүн аба берүү -              │   Р   │   Р  │   P   │   Р  │

│табигый же мажбурлоо жолу менен        │       │      │       │      │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│СЕ маркасы                             │   Р   │   P  │   Р   │   P  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Күйгүчтөрдү чыгаруучу (негизги         │   Р   │   Р  │   P   │   P  │

│жана кошумча)                          │       │      │       │      │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Күйгүчтөрдүн тиби                      │   Р   │   P  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Күйгүчтүн сериялык номери              │   Р   │   P  │   P   │   P  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Күйгүчтүн чыгарылган жылы              │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Электр энергиясын контролдоо           │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

│тиби - бир фазалуу, көп фазалуу        │       │      │       │      │

│же моделдөөчү                          │       │      │       │      │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Жылуулук булагы - ысык суу, буу        │   Р   │   P  │   Р   │   Р  │

│же башка                               │       │      │       │      │

├───────────────────────────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤

│Буу казанды колдонуу - жылытуу,        │   Р   │   Р  │   Р   │   Р  │

│ысык суу менен камсыз кылуу, башка     │       │      │       │      │

└───────────────────────────────────────┴───────┴──────┴───────┴──────┘

Эскертүү: Р - зарыл маалыматтар, V - кошумча маалыматтар.

 

 

Буу казандардын,

имараттарды жылытуу жана ысык

суу менен камсыз кылуу системасынын

энергетикалык натыйжалуулугун

мезгил-мезгили менен контролдоону

жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого

3-тиркеме

 

ПТКнын минимум маанилери

 

┌────────────────────┬─────────────────────────────────────────────────

│    Буу казандын    │    Буу казандын минимум жол берилген ПТКсы (%)

│     номиналдуу     ├──────────────┬──────────────┬──────────┬───────┬

│ кубаттуулугу (кВт) │Жаратылыш газы│   Суюк отун  │Төмөн тем-│Конден-│

│                    │ пропан-бутан ├───────┬──────┤пература- │сация- │

│                    │              │Мешке  │Башка │луу буу   │лык буу│

│                    │              │жагы-  │      │казан     │казан  │

│                    │              │луучу  │      │          │       │

│                    │              │оор    │      │          │       │

│                    │              │отун   │      │          │       │

├────────────────────┼──────────────┼───────┼──────┼──────────┼───────┼

│          1         │       2      │   3   │   4  │     5    │   6   │

├────────────────────┼──────────────┼───────┼──────┼──────────┼───────┼

│10дон 100гө         │       87     │   -   │  80  │    90    │   92  │

│чейин               │              │       │      │          │       │

├────────────────────┼──────────────┼───────┼──────┼──────────┼───────┼

│100дөн 500гө        │       87     │   -   │  82  │    91    │   93  │

│чейин               │              │       │      │          │       │

├────────────────────┼──────────────┼───────┼──────┼──────────┼───────┼

│500дөн 3000гө       │       88     │   -   │  83  │    92    │   94  │

│чейин               │              │       │      │          │       │

├────────────────────┼──────────────┼───────┼──────┼──────────┼───────┼

│3000ден 6000ге      │       88     │   82  │  84  │     -    │   -   │

│чейин               │              │       │      │          │       │

├────────────────────┼──────────────┼───────┼──────┼──────────┼───────┼

│6000ден 20000ге     │       89     │   83  │  85  │     -    │   -   │

│чейин               │              │       │      │          │       │

├────────────────────┼──────────────┼───────┼──────┼──────────┼───────┼

│20000ден жогору     │       89     │   85  │  86  │     -    │   -   │

└────────────────────┴──────────────┴───────┴──────┴──────────┴───────┴

──────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

┬───────────────┬─────────────────────────────────────────────────────┤

│   2008-жылдын │                     Катуу отун                      │

│  31-декабрынан├─────┬────┬────────┬────────┬──────────┬─────────────┤

│ кийин пайдала-│Био- │Кокс│Көмүр   │Таш     │Күрөң     │Күрөң        │

│ нууга берилген│масса│    │брикет- │көмүр   │майдалан- │майдаланбаган│

│ конденсациялык│     │    │тер     │        │ган көмүр │көмүр        │

│    буу казан  │     │    │        │        │          │             │

┼───────────────┼─────┼────┼────────┼────────┼──────────┼─────────────┤

│       7       │  8  │  9 │   10   │   11   │    12    │      13     │

┼───────────────┼─────┼────┼────────┼────────┼──────────┼─────────────┤

│      95       │  68 │ 70 │   68   │   69   │    67    │      63     │

│               │     │    │        │        │          │             │

┼───────────────┼─────┼────┼────────┼────────┼──────────┼─────────────┤

│      96       │  69 │ 72 │   69   │   70   │    68    │      64     │

│               │     │    │        │        │          │             │

┼───────────────┼─────┼────┼────────┼────────┼──────────┼─────────────┤

│      97       │  70 │  - │   70   │   72   │    69    │      65     │

│               │     │    │        │        │          │             │

┼───────────────┼─────┼────┼────────┼────────┼──────────┼─────────────┤

│      -        │  72 │  - │   -    │   75   │    71    │      68     │

│               │     │    │        │        │          │             │

┼───────────────┼─────┼────┼────────┼────────┼──────────┼─────────────┤

│      -        │  75 │  - │   -    │   78   │    72    │      73     │

│               │     │    │        │        │          │             │

┼───────────────┼─────┼────┼────────┼────────┼──────────┼─────────────┤

│      -        │  79 │  - │   -    │   82   │    -     │      79     │

┴───────────────┴─────┴────┴────────┴────────┴──────────┴─────────────┘