Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 640 токтому менен бекитилген

 

2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик
СТРАТЕГИЯСЫ

Киришүү

1. Кырдаалды талдоо

2. 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын

максаты жана милдеттери

3. Мамлекеттик стратегиянын принциптери жана артыкчылыктуу

багыттары

4. Ресурстар

5. Күтүлүүчү натыйжалар

6. Мониторинг жана баалоо

 

Киришүү

 

Кыргыз Республикасы экономикалык, саясий жана социалдык өнүгүүнүн маанилүү баскычында турат. Мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн реформалоо болуп өттү. Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн арасынан биринчилерден болуп парламенттик башкаруу формасындагы мамлекет болду жана өткөөл мезгилдеги көйгөйлөрдү татыктуу жеңүү менен позитивдүү өзгөрүүлөрдү стабилдештирүү режиминде иштеп баштады.

Жарандык коомдун эң бир активдүү бөлүгү болуп эсептелген Кыргызстандын жаштары бул процесстин негизги катышуучусу болуп саналат, анткени жаштар коомдун жашоого аракетинин түрдүү чөйрөлөрүндөгү жаңы жана прогрессивдүү нерселерди жайылтууга жөндөмдүү келишет. Кыргызстандын жаштары өлкөбүздүн башкы стратегиялык ресурсу катары саналат.

Коомдук кайра уюштуруулардын татаалдыгы жаштарды социалдаштыруу процесстерине, дегеле жаш муундун жашоосунун бардык тараптарына таасирин тийгизди. Жаңы тарыхый шарттарда принциптүү башка негизде каралуусу зарыл болгон жаштардын негизги көйгөйлөрүн чечүүнүн мазмуну жана ыкмалары өзгөрдү.

Социалдык жакка багытталган экономика менен демократиялуу коомду куруу жаштардын адеп-ахлактык жана рухий өнүгүүлөрүсүз, кыргызстандык жаш муундарда мекенчилдик, кесипкөйлүк, жоопкерчилик сыяктуу сапаттардын калыптануусуз мүмкүн эмес. Кыргызстандын демократиялык кайра куруу жолунда илгерилөө темпи коомдук-саясий жашоодогу жаштардын позициясына жараша болот.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясаты жаш жарандардын калыптанышы, өзүн-өзү көрсөтүшү жана алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн социалдык-экономикалык, укуктук жана башка шарттарды түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

1. Кырдаалды талдоо

 

Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясаты түзүлгөн жылдардан тартып жаштар саясатын жүзөгө ашыруу үчүн мыйзам базалары түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 18-июнундагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргызстан жаштарын өнүктүрүүнүн Улуттук "Жаштык" программасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 173 Жарлыгы менен бекитилген 2006-2008-жылдарга "Кыргызстан жаштары" улуттук программасы жана 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясы ишке ашырылды.

2005-жылдын март айында жана 2010-жылдын апрель айында болгон саясий окуялар радикалдуу кайра түзүүгө жөндөмдүү коомдун башкы кыймылдаткыч күчү жаштар болорлугун көрсөттү. Билимдүү, бирок талап кылынбаган жаштар өлкөдө болуп жаткандардын саясий индикатору болуп калышат.

Жаштар маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюштурууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 25 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменттин базасында жаштар маселелери боюнча функцияларды ага өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги түзүлдү. Азыркы учурда жаштар иштери боюнча аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги болуп кайра уюштурулду.

Республиканын региондорунда 23 жаштар борбору иштейт, бул борборлордо жаштар менен иштер жүргүзүлүп, тренингдер өткөрүлүп, жаштардын бош убактыларын уюштуруу үчүн шарттар түзүлгөн.

"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жаштарга 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандыгы жок адамдар кирет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-жылдын 1-январына карата жаштардын саны 1 млн. 684,5 миң адамды же калктын жалпы санынын 31 пайызын түздү. Жаштардын жалпы санынын 50,5 пайызын уландар, 49,5 пайызын кыздар түзөт. Региондордогу жаштардын саны Нарын облусунда 28 пайыздан тартып, Ош шаарында 36 пайызга чейин өйдө-ылдый болуп турат. Жаштардын үчтөн экиси айыл жеринде жашайт.

Окуп жаткан жаштардын саны 629 миң адамды же болжол менен 37 пайыз түзөт, анын ичинде жалпы билим берүүчү мектептерде билим алган окуучулардын саны 320,9 адам, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларында - 221,7 адам.

15-28 жаштагы экономикалык активдүү жаштардын саны 869,0 миң адамды же аталган куракта анын жалпы санынын 54 пайызын түзөт, анын ичинде иштегендери - 740,7 миң адам же болжол менен 47 пайыз. Иштеген жаштардын ичинен эркектер 63,6 пайызды, ал эми кыз-келиндер 36,4 пайызды түзөт. Мамлекеттик кызматта жаштардын жалпы санынан 19 пайызы иштейт.

Иштеген жаштардын ичинен жогорку билимге 121 миң адам же 15 пайызы, орто кесиптик билимге - 41,4 миң адам же жаштардын 5 пайызы, баштапкы кесиптик билимге - 46,9 миң адам же 6 пайызы ээ. Ошентип иштеген жаштардын 26 пайызы гана адистикке ээ.

Жаштардын коомдо өзүнүн өзгөчө функциясы бар. Ал коомдун өнүгүшүнүн жетишкен деңгээлин мурастап калат, үй-бүлө түзүүнүн жана демографиялык процесстердин башкы субъектиси катары чыгат. Жашоо турмушка жөндөмдүү өсүп келе жаткан муунду калыптандыруу өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы стратегиялык милдеттеринин бири. Мындайча айтканда жаштар мамлекеттик кызыкчылыктардын объектиси, коомду өнүктүрүүнү камсыз кылуунун башкы факторлорунун бири болуп саналат.

Мамлекеттик жаштар саясаты, бир жагынан коомду өнүктүрүүнүн эң маанилүү каражаттарынын бири болуп саналса, ал эми экинчи жагынан - анын өнүгүүсүн кечеңдетүү көптөгөн олуттуу көйгөйлөргө ээ. Жаштар эмгек рыногунун түзүмүндөгү эң ири сегмент болгондуктан, бул жумушчу күчүн сунуштоонун өсүү тенденциясын жаратууда. Жаштар эмгекке жөндөмдүү курактагы калктын курактык тобун толуктап жатышат. Орточо эсеп менен алганда жыл сайын 116 миңдей жаштар эмгек рыногуна келишет, ошол эле учурда түзүлгөн жумуш орундары алардын керектөөлөрүнүн 50 пайызын гана канааттандыра алат.

Расмий маалыматтар боюнча жаштар арасындагы жумушсуздук 10 пайызга жетет, мында 15тен 19 жашка чейинки курактык топтогу жумушсуздардын деңгээли 19 пайыздан жогоруну түзөт, 20дан 24 жашка чейинки курактык топтогулардыкы 16 пайызга жакын, 25 жаштан улуу курактагыларда жумушсуздуктун деңгээли 9 пайызга чейин төмөндөгөнү байкалат. Расмий катталган жумушсуз жаштардын дээрлик 60 пайызы узак убакыт жумушсуз жүрүшөт. Алардын арасынан 14 пайыздан көбү жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү.

Жаштарды ишке орноштуруудагы көйгөйлөр жаштар үчүн кошумча тоскоолдуктардын болушу менен айырмаланган жаштардын эмгек рыногунун өзгөчөлүгү менен шартталган. Буларга атаандаштыктын төмөндүгү, өзгөчө эмгек рыногуна жаңы аралашкандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү, өзүн иш менен камсыз кылуу жана жеке ишин ачуу үчүн кесиптик квалификациянын жетишсиздигинин жана баштапкы капиталдын жоктугунун негизинде мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүлүгү. Туруктуу жумушу жок, демек туруктуу кирешеси жок жаштар бардык "табылган иштерди" аткарууга даяр. Ошентип дагы бир чоң көйгөй келип чыгат, тактап айтканда экономиканын формалдуу эмес сектору кеңейе баштайт.

Жаштарга билим берүү чөйрөсүндө дагы бир катар көйгөйлөр бар, мисалы, бүтүрүүчү адистердин санынын, сапатынын жана профилинин эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келбегендиги, жумуш орундарынын жоктугуна жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыктарынын сапатынын начардыгына байланыштуу өздөрүнө иш таба алышпаган жогорку окуу жайларды бүтүрүүчүлөрдүн пайызынын жогорулугу.

Жаштарда сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу мамлекеттик жаштар саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп калуусу керек. Кургак учук, ВИЧ/СПИД көбөйүп, өспүрүмдөр жана жаштар баңгиликке улам көбүрөөк тартылып баратканы байкалат. Буга байланыштуу бийлик органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун активдүү катышуусунда жаштар менен максаттуу иштерди жүргүзүү зарыл.

Жаштар саясаты жаатындагы иш-чаралар негизинен жаштардын бош убактыларын уюштурууга багытталган. Мында жаштар мамлекеттик органдардын, бизнестин, коомчулуктун белгилүү бир колдоосунда ар кандай иш-чараларды демилге кылууга жана уюштурууга күчтөрү жетсе да иш-чараларда эреже катары, жаштардын өздөрүнүн ролу пассивдүү.

 

2. 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик

стратегиясынын максаты жана милдеттери

 

2015-жылга чейин Жаштар саясатын мамлекеттик стратегиянын негизги максаты Кыргыз Республикасынын саясий-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө олуттуу салым киргизүүгө жөндөмдүү коомдун прогрессивдүү бөлүгү катары жаштардын потенциалын өнүктүрүү жана жүзөгө ашыруу болуп эсептелет.

2015-жылга чейин Жаштар саясатын мамлекеттик стратегиясынын (мындан ары - Мамлекеттик стратегия) милдеттери:

1. Жаштар саясатынын чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.

2. Жаштардын потенциалын жогорулатуу.

3. Жаштарды жарандык тарбиялоо, жаш муундарда руханий адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу.

4. Сергек жашоо мүнөзүн чыңдоо жана өнүктүрүү.

5. Жаштар саясатын маалыматтык жактан камсыздоо.

6. Жаштар саясаты жаатындагы эл аралык кызматташтык.

Мамлекеттик стратегиянын максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн жогоруда аталган милдеттерден келип чыгуучу иш-чаралар планы иштелип чыккан.

 

3. Мамлекеттик стратегиянын принциптери

жана артыкчылыктуу багыттары

 

Мамлекеттик стратегия төмөнкү принциптердин негизинде ишке ашырылат:

- жаш жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо;

- жаштардын прогрессивдүү демилгелерин колдоо;

- жынысына, улутуна, социалдык абалына жана диний ишенимдерине карабастан жаштардын ар кандай топторунун кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу;

- жаштардын аялуу бөлүгүн, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды, жетимдерди, көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан өспүрүмдөрдү даректүү коргоо жана колдоо.

Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттары катары төмөнкүлөр аныкталган:

1) жаштарды мекенчилдик, адеп-ахлактык жана рухий өнүктүрүү;

2) жаштардын жаратмандык активдүүлүгүнүн өнүгүүсү жана жаштардын коомдук маанилүү демилгелерин колдоо;

3) жаш жарандардын экономикалык өз алдынчалыгын камсыздоого жана алардын эмгекке укуктарынын жүзөгө ашырылышына көмөктөшүү;

4) жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүнүн идеясын калыптандыруу, тарбиялоо жана билим берүү;

5) маалыматтык ачык-айкындык.

Жаштар саясатынын негизги багыты болуп жаштарды өлкөнүн бардык өнүгүү процесстерине кошуу, ал үчүн жаңы келечектерди, мейкиндиктерди жана "өсүү жерлерин" ачуу.

Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүлөрдү камсыз кылууга чакырылган:

- муундардын стратегиялык улантмалуулугу, улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү, жаштарды Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарына аяр мамиле жасоого тарбиялоого;

- жарандык коомдун шарттарында социалдашууга жөндөмдүү, инсандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтаган, укуктук тутумдун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланган, улуттук жана диний сабырдуулукту көрсөткөн, башка элдердин тилдерине, салттарына жана маданиятына урматтоо менен мамиле кылган, рухий көз караштарга толеранттуу, мазмундуу компромисстерди издөөнү жана табууну билген демократиялуу мамлекеттин жарандары болууга;

- жаштардын ар тараптуу жана учурга ылайык өнүгүүсүн, алардын чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн, өз ишин уюштура билүү көндүмдөрүн, инсандын өзүн-өзү өнүктүрүүсүн, өз укугун коргой билүүсүн, коомдук бирикмелердин иштерине катышуусун;

- жаштардын ар түрдүү социалдык көндүмдөрдү жана ролдорду, жеке бакубатчылыгы жана коомдун абалы үчүн жоопкерчиликти өздөштүрүүсүн, коомдун ачыктыгын эске алуу менен алардын социалдык жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүүгө.

 

4. Ресурстар

 

Бул Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу үчүн ресурстардын ар кандай түрлөрү пайдаланылат:

- кадрдык: жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик жаштар саясатынын иш-чараларынын ишке ашырылышына кызыкдар эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;

- финансылык: башкы финансылык булактардын бири болуп жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттары саналат. Ошондой эле эл аралык донор уюмдарынын каражаттары жана алардын техникалык жардамдары тартылат.

 

5. Күтүлүүчү натыйжалар

 

Мамлекеттик стратегияны жүзөгө ашырууда төмөнкүлөр күтүлөт:

1) мамлекеттик жаштар саясатынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү;

2) жаштардын потенциалын жогорулатуу жана жаштар саясатын ишке ашырууну институттук (жаштар үйлөрүн жана борборлорун түзүү) жактан бекемдөө;

3) жарандык жана мекенчилдик тарбиянын деңгээлин жогорулатуу;

4) жаш жарандардын саламаттыгын бекемдөө;

5) маалыматтык ачыктык жана жаштардын маалыматтарды алуусун кеңейтүү;

6) жаштар саясаты жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

 

6. Мониторинг жана баалоо

 

Мамлекеттик стратегиянын мониторингдөө жана баалоо тутумунун акыркы жыйынтыгы маалыматтардын эки альтернативдик: мамлекеттик (расмий) жана мамлекеттик эмес (коомдук) каналдарын түзүү аркылуу куруу пландалгандыктан Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына дайыма мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны аткаруу баскычындагы чечүүчү компоненттеринен болот.

Мониторингдин маалыматтарынын негизинде мезгил-мезгили менен Мамлекеттик стратегиянын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу бааланып турат, анын жүрүшүндө "начар" жерлер жана кемчиликтер аныкталат. Алынган жыйынтыктардын негизинде иш-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, кызыкдар аткаруучулар менен координацияны жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынат.