Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 токтому
менен бекитилген

Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу
ТАРТИБИ

 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575, 2015-жылдын 25-июну № 417 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

 

1. Бул Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана соттун чечиминин негизинде конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин регламенттештирет.

2. Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселеси Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан чечилет. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.

3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-июну № 417 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

 

2. Комиссиянын иши

 

4. Комиссия өз ишин ушул Тартипке ылайык жүргүзөт. Комиссиянын курамына курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, улуттук коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу салык органынын жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү кирет.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары Комиссиянын төрагасы болот.

Комиссия конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу жөнүндө чечим чыгарат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Комиссиянын чечими отурумга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Комиссия өз компетенциясына кирген маселелерди, эгерде отурумга анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса чечүүгө укуктуу. Добуштар тең болуп калганда Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.

6. Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке жиберилет.

 

3. Жаңгак жыгачтарын пайдалануу

 

7. Белгиленген тартипте конфискацияланган жаңгак жыгачы, жаңгак тамырлары жана уюлдары Кыргыз Республикасынын аймагында гана буюмдарды жана чала фабрикаттарды жасоо үчүн пайдаланылат.

8. Сатып алынган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын үчүнчү жактарга кайра сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга тыюу салынат.

9. Пайдаланууга жараксыз конфискацияланган жаңгак жыгачы, жаңгак тамырлары жана уюлдары Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин өтүнүч каты боюнча жылуулук берүү мезгилинде пайдалануу үчүн Комиссиянын актысынын негизинде балдар үйлөрүнө, интернат-үйлөрүнө, мектеп-интернаттарга, карылар жана майыптар үйлөрүнө андан ары пайдаланууга берилет.