Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2013-жылдын
9-апрелиндеги № 184 токтому
менен бекитилген

"Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө"
Техникалык регламент

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

 

1. "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо, продукцияны керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүчү аракеттердин алдын алуу максатында иштелип чыккан.

Техникалык регламент продукцияга, аларды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу процесстерине карата колдонулушу жана аткарылышы милдеттүү болгон талаптарды белгилейт.

2. Бул Техникалык регламенттин талаптары төмөнкүлөргө жайылтылат:

1) буудай унуна, сулу, кара буудай, тритикал, жүгөрү, арпа, таруу (акталган), күрүч, гречка, соя, сорттуу ундарга;

2) бардык түрдөгү акшакка, талканга жана улпакка;

3) буудай кебегине.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 393 токтомуна ылайык)

3. Бул Техникалык регламентте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

тобокелдиктерди талдоо - тобокелдиктер жана алардын пайда болушуна алып келген шарттар жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана баалоо процесси, бул ушул тобокелдиктердин кайсылары ундун коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн экендигин жана аларды тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджмент системасында чагылдыруу үчүн зарыл;

нымдуулук - продукциянын жалпы массасына карата нымдын курамы пайыз менен;

зыянкечтер - сактоо жана ташуу учурунда данга жана дан азыктарына зыян келтирүүчү жана жок кылуучу зыянкечтер;

зыяндуу аралашмалар - адамдын ден соолугу жана жаныбарлар үчүн кооптуу өсүмдүктөр аралашмалары;

зыянкечтерден бузулуу - продукцияда жандуу зыянкечтердин курт-кумурскалардын же кенелердин болушу;

зыянкечтер менен булгануу - продукцияда жансыз зыянкечтердин, алардын бөлүктөрүнүн жана жашоо продуктуларынын болушу;

булгануу - бөтөн минералдык жана органикалык аралашмалар;

акшак - акшак өсүмдүктөрүнүн (буудай, арпа, сулу, таруу, гречиха, күрүч, жүгөрү) данын кайра иштетүүнүн продуктулары;

картошка илдети - аэробдук спора бактерияларынан пайда болгон илдет;

ун - бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү 0,14 мм болгон, данды майдалоо жолу менен алынган жана продукцияны өндүрүүгө арналган майда дисперстик азык;

тартылган ун продукциясы - дандан ун тартуунун натыйжасында алынган продукция;

жүгөрү уну - жүгөрү данын тартуунун натыйжасында алынган ун;

күрүч уну - күрүчтүн данын тартуунун натыйжасында алынган ун;

кара буудай уну - кара буудайдын данын тартуунун натыйжасында алынган ун;

кара буудай-буудай же буудай-кара буудай уну - төмөнкүдөй катышта дан аралашмасын тартуунун натыйжасында алынган ун: кара буудай 60%, буудай 40% - тартылган кара буудай-буудай үчүн; буудай 70% жана кара буудай 30% - тартылган буудай-кара буудай үчүн (жол берилген четтөө (+, -) 5%дан ашпайт);

сорго уну - соргонун данын тартуунун натыйжасында алынган ун;

сулу уну - сулунун данын тартуунун натыйжасында алынган ун;

кесек тартылган ун - дандын бардык курамдык бөлүктөрүн тартуунун натыйжасында алынган ун;

металл-магнит аралашмасы - ферро магниттик касиети бар аралашма;

минералдык аралашма - минералдан алынган аралашма;

улпак - ун тартуу процессинде сорттолгон азыктуу дан кабыгы;

зыянсыздандыруу - зыянкечтерди, оору таратуучуларды, курт-кумурскаларды, кемирүүчүлөрдү физикалык, химиялык, биологиялык каражаттардын жардамы менен жок кылуу;

сактоо мөөнөтү - сактоонун белгиленген шарттарын сактаган учурда тамак-аш азыгы ченемдик документте же сатып алуу-сатуу келишиминде көрсөтүлгөн өзүнүн бардык касиеттерин сактаган мезгил;

тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент системасы - ун-акшак продукциясынын коопсуздугуна таасир эткен тобокелдиктерди аныктаган, баалаган жана контролдогон система;

жарактуулук мөөнөтү - бул тамак-аш азыгы багыты боюнча пайдаланууга жарактуу деп эсептелген мезгил;

сактоо шарттары - тамак-аш азыктарына мүнөздүү болгон органолептикалык, физикалык-химиялык касиеттерди сактоону жана коопсуздук көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон айлана-чөйрөнүн оптималдуу параметрлери (айланадагы абанын температурасы, нымдуулугу, жарык режими ж.б.) жана колдонуу эрежелери (зыянкечтерден, курт-кумурскалардан, кемирүүчүлөрдөн сактоо чаралары; таңгактын бүтүндүгүн сактоо чаралары ж.б.);

өндүрүштүк контролдоо - бул санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди сактоо боюнча жеке жана юридикалык жактар жүзөгө ашырган чаралардын комплекси, ошондой эле продукциянын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алдын алуучу иш-чараларды аткаруу жана өндүрүлүп жаткан продукциянын булгануу тобокелдигин азайтуу.

 

2-глава

Ун-акшак продукциясын өндүрүүгө арналган

дандын коопсуздугуна карата талаптар

 

4. Ун-акшак продукциясын өндүрүүгө арналган дан коопсуз болууга тийиш.

5. Төмөнкүдөй данды пайдаланууга жол берилбейт:

1) анын коопсуздугун тастыктаган коштоо документтери (шайкештик сертификаты, шайкештик декларациясы) болбогон;

2) бузулган, булганган же зыяндуу аралашмалуу.

 

3-глава

Ун-акшак продукциясын өндүрүү процесстерине

карата талаптар

 

6. Өндүрүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды, жабдууларды жана аймактарды пайдалануунун өрт, санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

7. Данды кайра иштетүү жана даяр продукцияны сактоо боюнча имараттарга, курулмаларга жана жайларга карата талаптар "Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу" Техникалык регламенти" деген Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

8. Ун-акшак продукциясын өндүрүү боюнча ишканалардын өндүрүштүк жайларынын жумушчу зонасында аба чөйрөсүнүн санитардык-эпидемиологиялык шарттары "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" деген Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

9. Ун-акшак продукциясын өндүрүү боюнча ишканалардын өндүрүштүк жайларынын жумушчу зонасынын абасында зыяндуу заттардын болушу ушул Техникалык регламенттин 1-тиркемесинде келтирилген жол берилген топтолуунун белгиленген чегинен ашууга тийиш эмес.

10. Ун-акшак продукциясын өндүрүү боюнча жайлар тамак-аш азыктарынын булганышынын тобокелдиги жогору болгон, катуу жана суюк калдыктарды натыйжалуу утилдештирүү жок болгон экологиялык жактан булганыч аймактардан жана өнөр жай өндүрүштөрүнөн алыс жайгашууга тийиш.

11. Долбоорлоо этабында иштелип чыккан жана макулдашылган технологиялардын, инженердик жана техникалык иш-чаралардын коопсуздугуна карата талаптар өндүрүүнү (жасап чыгарууну) уюштуруу этабында, ошондой эле өндүрүштүк циклдин бардык этаптарында: ун-акшак продукциясын кайра иштетүү, сактоо, ташуу, сатуу учурунда, ошондой эле данды иштетүүнүн кошумча продуктуларын пайдалануу, кайра иштетүү учурунда жүзөгө ашырылат жана контролдонот.

12. Объекттердин кубаттуулугуна карабастан, ун-акшак продукциясынын чийки затын кабыл алуунун, сактоонун, даярдоонун жана кайра иштетүүнүн бардык процесстери продукциянын коопсуздугун камсыз кылган шарттарда жүргүзүлүүгө тийиш.

13. Өзүнүн көрсөткүчтөрү боюнча ун-акшак продукциясы адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган химиялык, радиоактивдүү, биологиялык активдүү заттардын жана алардын кошулмаларынын, микроорганизмдердин жана башка биологиялык организмдердин болушунун жол берилген деңгээлинен ашпоого жана ушул Техникалык регламенттин 2, 3 жана 4-тиркемелеринде келтирилген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

14. Ун-акшак продукциясын өндүрүү процесстери төмөнкүдөй тобокелдиктерди жоюуну же коопсуз деңгээлге жеткирүүнү камсыз кылууга тийиш:

1) майда, бүрүшкөн жана зыянкечтер жеген дандарды бөлүү;

2) данды тартуу алдында аны кургак же нымдуу ыкма менен тазалоо;

3) минералдык жана металл-магниттик кошулмаларды бөлүү;

4) дандан зыяндуу аралашмага кирген жапайы өсүмдүктөрдүн үрөнүн бөлүү;

5) данды талап кылынган нымдуулукка чейин жеткирүү;

6) азыктардын микотоксиндер менен булганышын;

7) зыянкечтерден бузулуусун;

8) жансыз зыянкечтерден бузулуусун;

9) минералдык кошулманын болушунун жол берилген ченемдерден ашып кетүүсүн;

10) металл-магниттик кошулманын болушунун жол берилген ченемдеринен ашып кетүүсүн;

11) зыяндуу кошулманын болушунун ченемдерден ашып кетүүсүн;

12) нымдуулуктун болушунун ченемдерден ашып кетүүсүн;

13) картошка илдетинин өөрчүшүн.

15. Ушул Техникалык регламенттин 14-пунктунда көрсөтүлгөн тобокелдиктер тегирмен ишканаларын долбоорлоо, куруу учурунда каралган технологиялык процесстер жана (же) ыкмалар менен жоюлууга же коопсуз деңгээлге чейин жеткирилүүгө, пайдалануу учурунда жүзөгө ашырылууга тийиш.

16. Ун-акшак продукциясын өндүрүүдө (даярдоодо) магниттик тосмолор сепараторлордун, обойкалык, щеткалык, жуугуч машиналардын, триерлердин, интенсивдүү нымдоо шилегичтеринин жана данды нымдуу актоо машиналарынын, көлөмдүк дозаторлордун, вальцовка станокторунун, майдалагычтардын, жанчыгыч, бастыруучу, жылмалоочу, актоочу машиналардын, энтолейтордун жана башка күйшөгүч машиналардын алдында, ошондой эле даяр продукцияны жана тоют дан азыктарын контролдоодо орнотулат.

17. Ун-акшак продукциясын картошканын илдетин пайда кылуучу споралык бактериялар менен булганышын четтетүү жабдууларды сактоонун жана жууп-тазалоо графигин сактоонун оптималдуу температуралык жана ным режимдерин камсыз кылуунун эсебинен жүргүзүлөт.

18. Ун-акшак продукциясынан жандуу зыянкечтер табылган учурда продукцияны сепаратордо жана электе элөө, ошондой эле газдаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү зарыл.

19. Данда, ун-акшак продукциясында, ошондой эле өндүрүштүк жана кампа жайларында зыянкечтер, патогендик микроорганизмдер, курт-кумурскалар жана кемирүүчүлөр болгон учурда өндүрүүчү продукциянын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заянсыздандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.

Заянсыздандыруу боюнча иш-чараларды өндүрүүчү өндүрүштүк контролдоо программасына киргизүүгө тийиш.

20. Санитардык тазалоо, газдаштыруу, дегазация, дезинфекция, дератизация жана дезинсекция продукциянын булгануу тобокелдигин болтурбоо үчүн жетиштүү болгон мезгилдүүлүктө жүргүзүлүүгө тийиш. Санитардык тазалоонун: газдаштыруунун, дегазациянын, дезинфекциянын, дератизациянын жана дезинсекциянын мезгилдүүлүгү өндүрүштүк (өздүк) контролдоо системасынын алкагында (өндүрүү, ташуу жана сатуу учурунда) өндүрүүчү тарабынан белгиленет.

21. Ишканада технологиялык процесстин бардык стадияларында ун-акшак продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өндүрүүчү технологиялык документтерди (нускаманы) иштеп чыгат жана бекитет.

Ун-акшак продукциясын өндүрүү (даярдоо) үчүн өндүрүштүк жана кампа жайларынын продукциянын коопсуздугун камсыз кылган шарттары болууга тийиш.

22. Ун-акшак продукциясын өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда анын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) ун-акшак продукциясын өндүрүүнүн технологияларын жана рецепттерин иштеп чыгууда контролдонуучу этаптарды (кыйчалыш контролдук нокотторду) аныктоо ун-акшак продукциясынын коопсуздугуна терс таасир этиши мүмкүн болгон технологиялардын бузулушун табуу максатында тобокелдиктерди талдоонун негизинде жүргүзүлөт;

2) ун-акшак продукциясынын коопсуздугун контролдоону анын ишенимдүүлүгүн жана толуктугун камсыз кылуучу каражаттар жана иш-чаралар менен жүргүзүү;

3) чийки затка, технологиялык каражаттарга жана көмөкчү материалдарга контролдук кылуу, ошондой эле технологиялык процесстин этаптарында жана даяр продукцияга контролдук кылуу;

4) технологиялык жабдуулардын иштешине контролдук кылуу;

5) документтерди кагаз жана электрондук булактарда жүргүзүү жана сактоо;

6) өндүрүштүк жайларды жууп-тазалоо, газдаштыруу, дегазациялоо, дезинфекциялоо, дезинсекциялоо, дератизациялоо графиктерин жана режимдерин тандоо;

7) технологиялык процесстин ар бир этабында жана участкасында кызматкерлердин жеке гигиена эрежелерин сакташын камсыз кылуу;

8) өндүрүшкө жана аны башкарууга катышкан кызматкерлердин жоопкерчилигин жана ыйгарым укуктарын аныктоо.

23. Ушул Техникалык регламенттин 22-пунктунда көрсөтүлгөн принциптерди турмушка ашыруу чыгарылуучу ун-акшак продукциясын башкаруу жана анын коопсуздугун камсыз кылуу системасын тандоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

24. Ишканаларда өндүрүштүк цехтерди, участкаларды, бөлүмдөрдү, көмөкчү, кампа жайларын пландаштыруу технологиялык процесстердин ырааттуулугун, чийки заттын, даярдалып жаткан продукциянын коопсуздугуна, жууп-тазалоонун жана дезинфекциялоонун сапатына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

Өндүрүштүк жайларда технологиялык жабдууну жайгаштыруу чийки заттын жана даяр продукциянын кайчылаш агымын жокко чыгарууга тийиш.

25. Жайларды, жабдууларды, шаймандарды, идиштерди, транспорт каражаттарын жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо коопсуз продукцияны өндүрүүнү (даярдоону), анын жүгүртүлүшүн камсыз кылууга жана даяр продукциянын кайрадан булганышын жокко чыгарууга тийиш.

Жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттар колдонулат.

26. Чийки зат жана ун-акшак продукциясы менен байланышта болгон технологиялык жабдуулар жана шаймандар:

1) жабдууну оңдоо, тейлөө жана ун-акшак продукциясынын булганышынын тобокелдигин четтетүү үчүн жетиштүү болгон санитардык тазалоонун эркин жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

2) чогултулуучу бирдиктердин, түйүндөрдүн, тетиктердин, ошондой эле майлоочу майлардын чийки затка жана даяр продукцияга түшүп калышын четтете турган алардын ишенимдүү бекитилишин камсыз кылууга;

3) продукциянын бул түрүн колдонуу үчүн уруксат берилген материалдардан жасалууга тийиш.

27. Ун-акшак продукциясын сактоо шарттары төмөнкүдөй тобокелдиктерди четтетүүнү камсыз кылууга тийиш:

1) зыянкечтер менен бузулууну;

2) жансыз зыянкечтер менен булганууну;

3) байытылган унда нымдын болушунун ченемден ашып кетишин;

4) зыянкечтердин жашоосунун продуктулары менен булганууну;

5) өзүнөн-өзү ысып кетүүнү.

28. Ун-акшак продукциясы бул үчүн атайын бөлүнгөн, продукциянын керек-жарак касиеттеринин сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылган идиште же идишсиз ыкма менен сакталууга тийиш.

29. Бөлүп салынган продукция поддондор штабелдеринде сакталып, алардын ортосундагы аралык контролдоо жана транспортко жүктөө үчүн ылайыктуу болууга тийиш.

30. Данды кайра иштетүүнүн продуктуларынын мезофилдик аэробдук жана факультативдик аэробдук микроорганизмдер, ичеги таякчаларынын бактериялары, патогендик микроорганизмдер, көгөрүү, зыянкечтер, ошондой эле алардын жашоосунун продуктулары менен булганышын, бузулуусун, нымдуулуктун көрсөткүчтөрүнүн ашып кетишин четтетуү, өз алдынча ысып кетишине, данды кайра иштетүүнүн продуктуларына мүнөздүү эмес жыттын жана даамдын пайда болушуна жол бербөө максатында төмөнкүдөй талаптарды сактоо зарыл:

1) ун-акшак продукциясынын продуктуларын сактоо үчүн кампа жайлары (идиштер) кургак, таза, желдетилүүчү, бөтөн жытсыз болууга, атмосфералык жана кыртыш сууларынан, курт-кумурскалар, кемирүүчүлөр жана чымчыктар киришинен корголууга тийиш;

2) данды кайра иштетүүнүн продуктуларын сактоо үчүн кампаларда механикалык тазалоону, дезинфекциялоону, дезинсекциялык жана дератизациялык иш-чараларды дайыма жүргүзүү зарыл;

3) унду жана акшакты дан, калдыктар, кебектер, аралаш тоюттар жана идиш менен бирге жайгаштырууга тыюу салынат;

4) унду, акшакты элөө жана идиштерге кайра салыштыруу, идиштерди тазалоо жүргүзүлгөн жайларда унду жана акшакты жайгаштырууга тыюу салынат.

31. Бардык өндүрүштүк жана көмөкчү жайлардын табигый, атайын же аралаш желдетүүсү болууга тийиш.

32. Даяр продукциянын өлчөп салуу мүшөктөрүнө, пакеттерге бөлүп салуу үчүн жайлар башка өндүрүштүк жана кампа жайларынан бөлөк болууга тийиш.

33. Продуктулар менен контакт болуучу зонада колдонулуучу конструкциялык материалдар дат баспай турган болууга, продукцияны булгаган же анын даамына, жытына жана түсүнө таасир эткен аралашмаларды пайда кылбоого, бети жылмакай жана тегиз болууга, жуугуч жана дезинфекциялоочу аралашмалардын таасирине туруштук бергидей болууга тийиш.

34. Сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте метрологиялык аттестациядан жана текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги өлчөө каражаттары колдонулууга тийиш.

341. Даярдоочу ун-акшак өнөр жайынын азыктарын чыгарууда "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 393 токтомуна ылайык)

 

4-глава

Ун-акшак продукциясын сактоо, ташуу жана

сатуу процесстерине карата талаптар

 

35. Өндүрүүчү ун-акшак продукциясын өндүрүүнүн коопсуздук көрсөткүчтөрүн, технологиялык режимдерин, сактоо шарттарын эске алуу менен жарактуулук мөөнөтүн белгилейт, алар уюмдун бекитилген технологиялык документтери менен аныкталат.

36. Сактоо учурунда ун-акшак продукциясынын коопсуздугу имарат-жайдын температурасынын, нымдуулугунун көрсөткүчтөрү, жыты жана даамы, зыянкечтер, картошка илдети менен бузулушу боюнча өндүрүүчү белгилеген тартипте контролдонууга тийиш.

37. Ун-акшак продукциясы автомобилдик, темир жол транспортунда идиши бар же идиши жок ыкма менен ташылат.

38. Ун-акшак продукциясына арналган транспорт кургак, таза, ным өтүүдөн корголуп, зыянкечтерсиз, бөтөн жыт-жыбырсыз жана чаңсыз болуп, ташылган жүктүн коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылууга тийиш.

39. Бөлүп салынган ун-акшак продукциясы ташылган жүктүн сакталышын камсыз кылган жүк ташуучу транспорттун бардык түрлөрү менен транспорттук идиште ташылат.

40. Ун-акшак продукциясын сатып-өткөрүүдө өндүрүүчү аны ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин ырастаган документтер менен коштоого тийиш.

Коштогон документтер төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) продуктунун аталышын;

2) бул продукт шайкеш келген ченемдерди камтыган документтер жөнүндө маалыматты;

3) өндүрүүчүнүн аталышын, анын турган жерин;

4) продуктунун партиясынын салмагын;

5) продукцияны сактоо, ташуу, сатуу шарттарын.

41. Өндүрүүчү өзү белгилеген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде, ал көрсөтүлгөн сактоо, ташуу, сатуу жана колдонуу шарттарын сактаган учурда ун-акшак продукциясынын коопсуздугу үчүн жооп берет.

Ун-акшак продукциясын сатып-өткөрүүчү жеке жана юридикалык жактар ун-акшак продукциясынын коопсуздугун камсыз кылган шарттарды түзүүгө тийиш.

42. Төмөнкүдөй ун-акшак продукциясы жүгүртүүдөн алып салынат, эгерде ал:

1) ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келбесе;

2) өндүрүүчүнүн анын чыгарылышын ырастаган документтери болбосо;

3) белгиленген жарактуулук мөөнөтү болбосо же жарактуулук мөөнөтү өтсө;

4) мыйзамдарда каралган маалыматтары бар маркалоосу болбосо же ага карата мындай маалымат болбосо.

43. Бул Техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген жана төмөнкү пайдаланууларга жараксыз ун-акшак продукциясы:

1) азык-түлүк максаттары үчүн жараксыздар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу болгон учурда тоют максаттарына колдонулат;

2) тоют максаттарына пайдаланууга жараксыздар - техникалык максаттарда колдонулат;

3) азык-түлүк, тоют жана техникалык максаттарга жараксыздар - "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 токтомуна ылайык жок кылынууга тийиш.

 

5-глава

Ун-акшак продукциясын таңгактоого,

маркалоого карата талаптар

 

44. Ун-акшак продукциясынын таңгагы продукциянын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылууга тийиш жана продукциянын бул түрү менен колдонууга Кыргыз Республикасында уруксат берилген материалдардан жасалууга тийиш.

45. Керектөө идишине салынган ун-акшак продукциясы милдеттүү түрдө этикеткаланууга жана маркаланууга тийиш. Таңгакталбаган продукция жөнүндө маалыматтар керектөөчүгө соода залында маалымат баракчасында берилет.

451. Даярдоочу ун-акшак өнөр жайынын азыктарын маркалоодо "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 393 токтомуна ылайык)

46. Даяр продуктуларды маркалоо керектөөчүнү төмөнкүлөр боюнча адаштырууга тийиш эмес:

1) данды кайра иштетүү продуктуларынын мүнөздөмөсү, алардын табияты, окшоштугу, касиеттери, курамы, саны, жарактуулук (сактоо) мөөнөтү, даярдоо же өндүрүү ыкмасы;

2) багыты же алар ээ болбогон касиеттер;

3) ун жана акшак өнөр жайынын бардык продуктулары ээ болгон өзгөчө мүнөздөмөлөрдүн болушу;

4) продукт ээ болбогон касиеттердин болушу.

47. Маркалоо керектөө идишинин ар бирине түшүрүлүүгө жана мамлекеттик, ошондой эле расмий тилде берилүүчү төмөнкүдөй милдеттүү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) продуктунун аталышын;

2) сортун;

3) өндүрүүчүнүн аталышын, турган жерин (юридикалык дарек, чыгаруучу өлкө);

4) өндүрүүчүнүн товардык белгисин (бар болсо);

5) нетто салмагын;

6) азыктык баалуулугун;

7) иштелип чыккан датаны жана таңгакты алмаштыруу номерин;

8) сактоо шарттарын;

9) жарактуулук мөөнөтүн;

10) продукция ага ылайык даярдалган жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документтин (стандарттын, техникалык регламенттин) белгисин.

48. Этикеткалоо жана маркалоо материалдары аны менен контактта болгон продукцияга химиялык заттардын жугушу жокко чыгарылгыдай түрдө тандалууга тийиш.

Этикетка материалынын түрүн жана өлчөмүнүн формасын тандоону продукцияны сактоо шарттарына жараша өндүрүүчү аныктайт.

49. Этикетка:

1) тамак-аш азыктарынын керектөө таңгагынын окуу үчүн ылайыктуу болгон бир же бир нече жеринде жайгаштырылууга;

2) жакшы көрүнүп жана окулгудай түрдө бекитилүүгө;

3) ар кандай тышкы таасирлерден сакталууга тийиш.

50. Таңгак бекем, таза, кургак, бузулбаган, бөтөн жыт-жыбырсыз болууга тийиш.

51. Продукциянын ачык-айкын түрлөрүн таңгактоо шарттарын, түрлөрүн жана ыкмаларын өндүрүүчү аныктайт.

52. Ушул Техникалык регламенттин жоболоруна шайкеш келген ун-акшак продукциясы "Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине шайкештик белгисинин графикалык сүрөттөлүшүнүн эскизин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 88 токтомуна ылайык Техникалык регламентке жараша белги менен маркаланат.

53. Шайкештик белгисинин сүрөттөлүшү коштоочу документтерге жазылат жана (же) транспорттук таңгакка түшүрүлөт.

54. Техникалык регламентке шайкештик белгисин түшүрүү ыкмасын жана ордун даярдоочу өз алдынча аныктайт.

 

6-глава

Идентификациялоо

 

55. Продукцияны идентификациялоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:

1) продукция жөнүндө ишенимдүү маалыматты эске алып, аны керектөөчүлөрдүн негиздүү тандоо укуктарын камсыз кылуу;

2) керектөөчүнү ниети бузук өндүрүүчүдөн (сатуучудан) коргоо;

3) продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин белгилөө;

4) өндүрүүчү (сатуучу) билдирген маалыматтардын продукцияга шайкештигин баалоо.

56. Ун-акшак продукциясын тапшырыкчы тарабынан идентификациялоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) ун-акшак продукциясынын техникалык жөнгө салуу объекттерине таандык экенин белгилөө. Идентификациялоо ушул Техникалык регламенттин 3-пунктунда жана тиешелүү стандарттарда камтылган аныктамаларда ачып көрсөтүлгөн белгилерди эске алуу менен керектөө таңгагындагы же коштогон документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды карап салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт;

2) продукцияны идентификациялоо үчүн маалыматтар жетишсиз же ишенимсиз болгон учурда.

 

7-глава

Продукциянын шайкештигин баалоо

 

57. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана жүгүртүүдө болгон продукцияны, ал ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келген шартта, ички базарда жайгаштырууга жол берилет.

58. Продукциянын шайкештигин баалоо төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:

1) өндүрүштүк контролдоо;

2) шайкештикти декларациялоо;

3) мамлекеттик көзөмөл.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 393 токтоуна ылайык)

59. Өндүрүштүк контролду продукцияны өндүрүүчү ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоо менен өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында, коркунучтуу тобокелдиктерди жана кыйчалыш контролдук нокотторду талдоо системаларын же тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуунун менеджмент системаларын талдоонун негизинде жүргүзөт. Тандалган система белгиленген тартипте сертификацияланууга тийиш.

60. Өндүрүштүк контролдоо ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоо менен өндүрүүчү иштеп чыккан жана бекиткен өндүрүштүк контролдоо программасына ылайык жүргүзүлөт.

61. Өндүрүштүк контролдоо программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) продукцияны өндүрүүнүн, сактоонун жана сатуунун бардык этаптарында өндүрүштүк контролдоо боюнча иш-чаралардын тизмесин жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн;

2) чийки затты, тышкы чөйрө объекттерин жана даяр продукцияны мезгилдүү лабораториялык контролдоону;

3) өндүрүш процесстеринин контролдонуучу этаптарын;

4) технологиялык жабдууларды техникалык тейлөө графиктерин жана режимдерин;

5) продукцияны кайра иштетүүгө кайтаруу тартибин;

6) жетекчилик тарабынан өндүрүштүк контролдоонун ички аудитин;

7) өндүрүш процесстерин жүзөгө ашырууда эреже бузуулардын алдын алуу жана аларды табуу боюнча оңдоп-түзөтүү иш-чараларды жүргүзүүнү;

8) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү четтетүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартибин (анын ичинде санитардык тазалоо, газдаштыруу, дегазациялоо, дезинфекциялоо, дератизациялоо жана дезинсекциялоо боюнча иш-чаралар);

9) өндүрүштүк контролдоо схемасын аткаруу үчүн жекече жоопкерчиликтүү кызмат адамдарынын тизмесин.

62. Өндүрүштүк контролдоо программасына өзгөртүүлөрдү ишкананын жетекчиси, жеке ишкер же анын ыйгарым укуктуу адамы өндүрүштүн технологиялык процессинде инженердик жана техникалык өзгөртүүлөр жүргүзүлгөн учурларда киргизет.

63. Өндүрүштүк контролдоо сыноолорду жүргүзүү менен коштолууга тийиш. Табыштамачы тиешелүү түрдө идентификациялаган продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин сыноо менчигинин түрүнө карабастан аккредитацияланган сыноо лабораториясында (борборунда) жүргүзүлөт.

64. Продукциянын шайкештигин декларациялоону табыштамачы өз далилдеринин негизинде жана (же) үчүнчү тараптын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде декларация кабыл алуу аркылуу жүргүзөт.

65. Табыштамачы продукциянын белгиленген милдеттүү талаптарга шайкештигин ырастаган документтердин негизинде шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алат.

Табыштамачы төмөнкүдөй схемалардын бири боюнча декларациялоону жүзөгө ашырууга укуктуу:

1) Д 1 схемасы - өз далилдеринин негизинде азыктардын шайкештиги жөнүндө декларацияны кабыл алууда колдонуу сунуш кылынат. Мында декларацияны кабыл алып жаткан табыштамачы продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин ырастоо максатында далилдик базаны өз алдынча түзөт;

2) Д 2 схемасы - Д 1 схемасындай эле шарттарда колдонуу сунуш кылынат, бирок өз далилдерине кошумча, табыштамачы техникалык документтердин комплектине аккредитацияланган сыноо лабораторияларында үчүнчү тарап тарабынан жүргүзүлгөн декларацияланган продукцияны сыноонун протоколдорун кошот;

3) Д 2а схемасы - Д 2 схемасындай эле шарттарда колдонуу сунуш кылынат, бирок өз далилдерине кошумча, табыштамачы өзү өндүргөн продукциянын же анын курамдык бөлүктөрүнүн сапат менеджментинин системасына сертификатты көрсөтөт.

66. Сапат менеджментинин системасынын сертификаты продукциянын шайкештигин декларациялоонун ар кандай схемасы боюнча далил базасынын курамында колдонулушу мүмкүн.

67. Далил базасы ушул Техникалык регламенттин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууну ырастаган сыноолордун натыйжаларын камтууга тийиш. Изилдөөлөр (сыноолор) менчигинин түрүнө карабастан аккредитацияланган сыноо лабораториясында (борборунда) жүргүзүлүшү мүмкүн.

68. Далил базасы катары төмөнкүлөр да колдонулушу мүмкүн:

1) техникалык документтер;

2) өзүнүн сыноолорунун жана өлчөөлөрүнүн натыйжалары;

3) шайкештик сертификаты же чийки затты жана компоненттерди сыноолордун протоколдору;

4) ченемдик укуктук актыларда каралган жана ага ыйгарым укуктуу органдар жана уюмдар тарабынан берилген документтер (гигиеналык корутундулар, өрт коопсуздугунун корутундулары ж.б.);

5) декларацияланып жаткан продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги жөнүндө билдирүү үчүн негиз болгон башка документтер.

69. Шайкештик жөнүндө декларация продукцияны чыгаруунун пландаштырылган мезгилине же аларды сатып өткөрүү мөөнөтүнө таянуу менен табыштамачы тарабынан белгиленген, бирок жарактуулук же сактоо мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө кабыл алынат.

70. Шайкештик жөнүндө декларация бир даярдоочу чыгарган жана ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптары боюнча декларациялануучу таасын продукцияга карата кабыл алынат. Мында бир түрдүү топтогу продукцияга шайкештик жөнүндө декларацияга тиркеме таризделет, ал анын күчү жайылтылган продукциянын тизмесин жана (же) шайкештик жөнүндө декларацияга кирбеген кошумча маалыматтарды камтыйт.

71. Продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги жөнүндө кабыл алынган декларация белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан үч күндүн ичинде катталууга тийиш.

72. Продукцияны өндүрүүдө (сатууда) тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча менеджмент системасын киргизүүнү аны өндүргөн өндүрүүчү (сатуучу) камсыз кылат. Өндүрүүчү тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджментинин натыйжалуу системасын түзүүгө, документтөөгө, киргизүүгө жана иштөө абалында сактоого, ошондой эле (коркунучтуу тобокелдиктерди жана кыйчалыш контролдук нокотторду талдоо системасынын же тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджмент системасынын негизинде) өндүрүштүк-технологиялык процесстин ар бир этабында өндүрүштүк контролду жүргүзүүгө милдеттүү.

73. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

74. Бул Техникалык регламенттин жоболорунун сакталышына мамлекеттик көзөмөл ун-акшак продукциясын өндүрүү жана жүгүртүү стадиясында жүргүзүлөт.

75. Бул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына Мамлекеттик көзөмөлдү "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.

76. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактан алынган шайкештикти баалоо жөнүндө документтер, шайкештик белгилери, продукцияны сыноолордун протоколдору Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылууга тийиш.

77. Ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги ырасталган продукция Техникалык регламентке шайкештик белгиси менен маркаланат.

 

8-глава

Бул Техникалык регламенттин талаптарын

бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

78. Бул Техникалык регламенттин жоболорун бузгандыгы үчүн өндүрүүчү (сатуучу) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартат.

79. Бул Техникалык регламенттин жоболорун аткарбагандык менен байланышкан зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүчү (сатуучу) толтурат.

Мында өндүрүүчү (сатуучу) башка адамдарга, алардын мүлкүнө, айлана-чөйрөгө зыян келтирилишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө тийиш.

80. Зыяндын ордун толтуруу боюнча өндүрүүчүнүн (сатуучунун) милдети ордун толтуруу үчүн негиздер келип чыкканга чейин түзүлгөн келишим же бир тараптуу билдирүү менен чектелиши мүмкүн эмес.

81. Кемчиликтерди жоюу, салаты начар продукцияны жок кылуу жана аны жок кылуу жерине ташуу өндүрүүчү (сатуучу) тарабынан жана анын эсебинен жүргүзүлөт.

 

9-глава

Өткөөл жана корутунду жоболор

 

82. Ун-акшак продукциясынын шайкештигин ырастаган, бул Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин табыштамачы алган документтер алардын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин анык болуп саналат.

83. Бул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып ун-акшак продукциясынын, аны өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу процесстеринин коопсуздугу жагынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери, эгерде алар ушул Техникалык регламентке карама-каршы келбесе колдонула берет.

 

 

"Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын
коопсуздугу жөнүндө"
Техникалык регламентке
1-тиркеме

 

Ун жана акшак ишканаларынын жумушчу зонасынын абасында

зыяндуу заттардын мүмкүн чектик топтолушу

 

┌──┬──────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐

│№ │                Заттын аталышы                │  МЧТнун чоңдугу,  │

│  │                                              │ашык эмес, мг/куб.м│

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│1 │Дандын чаңы (кремнийдин эки кычкылынын        │         4,0       │

│  │курамына карабастан)                          │                   │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│2 │Өсүмдүктөн жана малдан чыккан чаң:            │                   │

│  ├──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│  │кремнийдин эки кычкылынын аралашмасы 10%дан   │         2,0       │

│  │ашык (пахта, кебез, жыгач ж.б.)               │                   │

│  ├──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│  │кремнийдин эки кычкылынын аралашмасы 2%дан    │         4,0       │

│  │10%га чейин                                   │                   │

│  ├──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│  │кремнийдин эки кычкылынын аралашмасы 2%дан кем│         6,0       │

│  │(ун, кебез, жыгач ж.б.)                       │                   │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│3 │Темир оксиди                                  │         6,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│4 │Цинк магниди                                  │         6,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│5 │Марганец (марганецтин эки кычкылына кайра     │                   │

│  │эсептегенде):                                 │                   │

│  ├──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│  │дезинтеграция аэрозолу                        │         0,3       │

│  ├──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│  │ширетүү аэрозолундагы марганец, анын курамы:  │         0,2       │

│  │20%га чейин                                   │                   │

│  ├──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│  │20%дан 30%га чейин                            │         0,1       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│6 │Кобальт оксиди                                │         0,5       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│7 │Окситетрациклин                               │         0,1       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│8 │Тетрациклин                                   │         0,1       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│9 │Бромдуу метил                                 │         1,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│10│Металлил                                      │         0,3       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│11│Фосфин                                        │         0,1       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│12│Дихлорэтан                                    │        10,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│13│Метитион                                      │         0,1       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│14│Золатон                                       │         0,1       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│15│Карбофос                                      │         0,5       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│16│Аммиак                                        │        20,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│17│Бром                                          │         0,5       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│18│Азот кислотасы                                │         2,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│19│Күкүрт кислотасы                              │         1,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│20│Уксус кислотасы                               │         5,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│21│Йод                                           │         1,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│22│Ацетон                                        │       200,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│23│Бензол                                        │        15,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│24│Эфирлер                                       │         1-10      │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│25│Спирттер: этил                                │      1000,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│  │метил                                         │         5,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│26│Бензин                                        │       100,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│27│Керосин (дизель отуну)                        │       200,0       │

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│28│Уулуу жегичтер (№aOHка кайра эсептегенде)     │         0,5       │

└──┴──────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘

 

 

"Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын
коопсуздугу жөнүндө"
Техникалык регламентке
2-тиркеме

 

1-таблица

 

Ун жана акшак үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү

 

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 393 токтомуна ылайык)

 

Продуктулардын тобу

Көрсөткүчтөр

Жол берилүүчү деңгээл, мг/кг, ашык эмес

Эскертүү

Буудай уну, кара буудай уну, тритикал, сулу, жүгөрү, арпа, таруу (акталган), күрүч, гречка, соя, сорго уну

Токсиндүү элементтер:

коргошун

0,5

Чийки зат боюнча

мышьяк

0,2

Чийки зат боюнча

кадмий

0,1

Чийки зат боюнча

сымап

0,03

Чийки зат боюнча

Пестициддер:(*)

гексахлорциклогексан (альфа-, бета-, гамма-изомерлер);

0,5
0,2

Жүгөрү

Дихлордифенилтрихлорэтан жана анын метаболиттери

0,02

Чийки зат боюнча

Гексахлорбензол

0,01

Буудай

Сымап-органикалык пестициддер

Жол берилбейт

Чийки зат боюнча

2,4-Д кычкылы, анын туздары жана эфирлер

Жол берилбейт

Чийки зат боюнча

Зыянкечтер менен булгануусу(**)

20 экз./кг ашык эмес кенеден башка зыянкечтердин болушуна жол берилбейт

 

Өлгөн зыянкеч курт кумурскалар менен булгануусу

15 экз./кг

 

Радионуклиддер:

цезий-137

60 Бк/кг

 

стронций-90(***)

11 Бк/кг

 

Микотоксиндер:

афлотоксин В1

0,005

 

дезоксиниваленол

0,7

Аштык дан - буудай жана андан жасалган азыктар;

1,0

Аштык дан - арпа жана андан жасалган азыктар

Т-2 токсин

0,1

Аштык дан жана андан жасалган азыктар

зеараленон

1,0

Аштык дан жана улпактар (буудай, арпа, жүгөрү)

0,2

Аштык дандан жасалган азыктар (буудай, арпа, жүгөрү)

охратоксин А

0,005

Аштык буудай, арпа, кара буудай, сулу, күрүч

фумонизин

4,0

Жүгөрү (сото)

Эскертүү:

1. (*) - пестициддердин калдык санын жана данды өндүрүүдө колдонулгандарын контролдоо зарыл;

2. (**) - курт кумурскалар - зыянкечтер жана эгиндин кенелери;

3. (***) - дан радиациялык абал жакшы болбогон аймактан алынып келген учурда стронций-90дун канча экендигин даярдоочу (жеткирип берүүчү, импорттоочу) жана (же) мамлекеттик ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү орган көзөмөлдөйт.

4. Токсиндүү элементтер, пестициддер жана радионуклиддер данга шайкештик декларациясы болгон учурда чийки зат боюнча контролдонот. Ал жок болгон учурда изилдөө бардык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.

 

2-таблица

 

Ун үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү

 

┌──────────────────────────────────────┬──────────────────────────────┐

│         Көрсөткүчтүн аталышы         │    Буудай уну, анын ичинде   │

│                                      │сулу, кара буудай,            │

│                                      │    тритикал, жүгөрү, арпа,   │

│                                      │   таруу (акталган), күрүч,   │

│                                      │         гречка, сорго        │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Минералдык аралашманын болушу         │Чайнаганда кыртылдоого        │

│                                      │тийиш эмес                    │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Нымдуулук, % ашык эмес                │            15,0              │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Металл-магнит аралашмасы,             │             3                │

│1 кг унда мг, айрым бөлүкчөлөрүнүн    │                              │

│өлчөмү алда канча чоң линиялык өлчөөдө│                              │

│0,3 миллиметрден ашпайт жана (же)     │                              │

│салмагы 0,4 миллиграммдан ашпайт      │                              │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Зыянкечтер менен бузулушу             │Жол берилбейт                 │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Зыянкечтер менен булганышы            │Жол берилбейт                 │

├──────────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤

│Буудай уну үчүн:                      │Жол берилбейт                 │

│лабораторияда сынап бышыргандан       │                              │

│36 сааттан кийин нандын "картошка     │                              │

│ылаңын" козгогучтар менен бузулушу    │                              │

└──────────────────────────────────────┴──────────────────────────────┘

 

3-таблица

 

Акшак үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү

 

┌────────────────────────────────────────────────┬────────────────────┐

│             Көрсөткүчтөрдүн аталышы            │       Ченем        │

├────────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤

│Нымдуулук, % ашык эмес:                         │                    │

│- жылмаланган буудай акшагы;                    │       14,0         │

│- күрүч акшагы;                                 │       15,0         │

│- акталган арпа акшагы;                         │       15,0         │

│- гречка акшагы;                                │       14,0         │

│- сулунун улпагы;                               │       12,5         │

│- арпа акшагы;                                  │       15,0         │

│- манна акшагы;                                 │       15,5         │

│- күйшөлгөн буурчак;                            │       15,0         │

│- сулунун акшагы;                               │       12,5         │

│- буудай акшагы                                 │       14,0         │

├────────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤

│Металл-магнит аралашмасы 1 кг акшакка мг, ашык  │        3,0         │

│эмес                                            │                    │

│Металл-магнит аралашмасынын айрым бөлүкчөлөрүнүн│                    │

│өлчөмү алда канча чоң линиялык өлчөөдө 0,3      │                    │

│миллиметрден ашууга тийиш эмес, ал эми анын     │                    │

│айрым күкүмдөрүнүн салмагы - 0,4 мг             │                    │

├────────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤

│Нан запастарынын зыянкечтер менен булганышы     │Жол берилбейт       │

├────────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤

│Нан запастарынын зыянкечтер менен бузулушу      │Жол берилбейт       │

└────────────────────────────────────────────────┴────────────────────┘

 

 

"Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын
коопсуздугу жөнүндө"
Техникалык регламентке
3-тиркеме

 

Ун жана акшак үчүн микробиологиялык көрсөткүчтөр

 

┌──────────────────┬────────────┬───────────────────────────┬─────────┐

│  Продуктулардын  │МАФАМ ЖБУ/г,│ Азыктын массасы (г), анда │ Көкдат, │

│       тобу       │ ашык эмес  │төмөнкүлөргө жол берилбейт │  КОЕ/г, │

│                  │            ├────────┬──────┬───────────┤ашык эмес│

│                  │            │  ИТТБ  │  В.  │Патогендик,│         │

│                  │            │ (коли- │cereus│анын ичинде│         │

│                  │            │формдор)│      │  сальмо-  │         │

│                  │            │        │      │  неллдер  │         │

├──────────────────┼────────────┼────────┼──────┼───────────┼─────────┤

│Кайнатууну талап  │  5*10^(3)  │  0,01  │  0,1 │     25    │   50    │

│кылбаган акшак    │            │        │      │           │         │

│(тамак-ашты       │            │        │      │           │         │

│жылытып           │            │        │      │           │         │

│кургатуунун       │            │        │      │           │         │

│концентраты)      │            │        │      │           │         │

├──────────────────┼────────────┼────────┼──────┼───────────┼─────────┤

│Акшактын бардык   │  1*10^(4)  │  1,0   │  0,1 │     25    │   50    │

│түрдөгү таякчалары│            │        │      │           │         │

│(тамак-аш         │            │        │      │           │         │

│экструзиондук     │            │        │      │           │         │

│технологиядагы    │            │        │      │           │         │

│концентрат)       │            │        │      │           │         │

└──────────────────┴────────────┴────────┴──────┴───────────┴─────────┘

Эскертүү:

МАФАМ ЖБУ/г - мезофилдик аэробдук жана факультативдик анаэробдук микроорганизмдердин саны же жалпы бактериялык уруктануу;

ИТТБ (колиформдор) - ичеги таякчасынын тобундагы бактериялар;

В cereus (Bacilluscereus) - Бацилла түркүмүндөгү аэробдук спора түзүүчү бактериялар.

ДДТ - (ДихлорДифеннилТрихлорэтан) - экологиялык коркунучтуу инсектицидтердин бир түрү.

 

 

"Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын
коопсуздугу жөнүндө"
Техникалык регламентке
4-тиркеме

 

Тамак-аш кебектери үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү

 

┌───────────────────┬────────────────────┬─────────────┬──────────────┐

│  Продуктулардын   │    Көрсөткүчтөр    │Жол берилүүчү│   Эскертүү   │

│       тобу        │                    │ деңгээлдер, │              │

│                   │                    │   мг/кг,    │              │

│                   │                    │  ашык эмес  │              │

│                   │                    │             │              │

├───────────────────┼────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│Дан азыктарынан    │Уулуу элементтер:   │             │              │

│тамак-аш кебектери ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Коргошун            │     1,0     │Чийки зат     │

│                   │                    │             │боюнча        │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Мышьяк              │     0,2     │Чийки зат     │

│                   │                    │             │боюнча        │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Кадмий              │     0,1     │Чийки зат     │

│                   │                    │             │боюнча        │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Сымап               │     0,03    │Чийки зат     │

│                   │                    │             │боюнча        │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Пестициддер:(*)     │     0,5     │Чийки зат     │

│                   │гексахлорциклогексан│             │боюнча        │

│                   │(a, b, y-изомерлер) │             │              │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │ДДТ жана анын       │     0,02    │Чийки зат     │

│                   │метаболиттери       │             │боюнча        │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Радионуклиддер:     │             │              │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │цезий-137           │   170       │Чийки зат     │

│                   │                    │             │боюнча        │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │стронций-90         │   120       │Чийки зат     │

│                   │                    │             │боюнча        │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Микотоксиндер:      │             │              │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │афлотоксин B1       │     0,005   │              │

│                   │                    ├─────────────┼──────────────┤

│                   │                    │     0,7     │Буудайдан     │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │дезоксиниваленол    │     1,0     │Арпадан       │

│                   ├────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Зеараленон          │     1,0     │Буудайдан,    │

│                   │                    │             │арпадан,      │

│                   │                    │             │жүгөрүдөн     │

├───────────────────┼────────────────────┼─────────────┼──────────────┤

│                   │Дан запастарынын    │Жол берилбейт│              │

│                   │зыянкечтери         │             │              │

│                   │(курт-кумурскалар,  │             │              │

│                   │кенелер) менен      │             │              │

│                   │булганышы жана      │             │              │

│                   │бузулушу            │             │              │

└───────────────────┴────────────────────┴─────────────┴──────────────┘

 

Тамак-аш кебектери үчүн микробиологиялык көрсөткүчтөр

 

┌──────────────┬─────────┬──────────────────────┬─────────┬───────────┐

│Продуктулардын│ КМАФАиМ │ Азыктын массасы (г), │ Көкдат, │ Эскертүү  │

│     тобу     │  КОЕ/г, │  анда төмөнкүлөргө   │  КОЕ/г, │           │

│              │ашык эмес│    жол берилбейт     │ашык эмес│           │

│              │         ├────────┬─────────────┤         │           │

│              │         │  БГКП  │ Патогендик, │         │           │

│              │         │ (коли- │ анын ичинде │         │           │

│              │         │формдор)│сальмонеллдер│         │           │

├──────────────┼─────────┼────────┼─────────────┼─────────┼───────────┤

│Дандан        │5*10^(4) │    0,1 │     25      │   100   │Ысытып     │

│тамак-аш      │         │        │             │         │тазалоо    │

│кебектери     │         │        │             │         │менен      │

└──────────────┴─────────┴────────┴─────────────┴─────────┴───────────┘

 

 

"Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентке
5-тиркеме

 

Ун-акшак чыгаруу өнөр жайы үчүн берилүүчү чийки затта зыяндуу аралашмалардын болушунун жол берилүүчү эң жогорку деңгээлдери

 

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 393 токтомуна ылайык)

 

Дандын аталышы

Көрсөткүчтүн аталышы

Жол берилүүчү деңгээли % тен жогору эмес

1

Буудай

Кара көсөө

0,05

Сойломо кекирең, түлкү куйруктуу боз кемпир, ланцет сыяктуу сары мыя (жалпылаганда)

0,1

Түлкү машак

0,1

Түктүү мөмөлүү гелиотроп

0,1

Бозомук триходесма

Жол берилбейт

Чычала (кароолонгон, бузулган) дандар

10,0

Фузариоз дандар

1,0

2

Кара буудай, тритикал

Кара көсөө

0,05

Сойломо кекирең, түлкү машак (жалпылаганда)

0,1

Түктүү мөмөлүү гелиотроп

0,1

Бозомук триходесма

Жол берилбейт

Түлкү куйруктуу боз кемпир, ланцет сыяктуу сары мыя (жалпылаганда)

0,1

Фузариоз дандар

1,0

Кызгылтым боелгон дандар

3,0

3

Сулу

Сойломо кекирең, ланцет сыяктуу сары мыя, кара көсөө жана чычала (жалпылаганда)

0,1

Түлкү куйруктуу боз кемпир, Түлкү машак (жалпылаганда)

0,02

Түктүү мөмөлүү гелиотроп жана тозомук триходесма

Жол берилбейт

4

Арпа

Кара көсөө жана чычала

0,1

Сойломо кекирең, түлкү куйруктуу боз кемпир, ланцет сыяктуу сары мыя, лолиум, түлкү машак (жалпылаганда)

0,1

Түктүү мөмөлүү гелиотроп жана Бозомук триходесма

Жол берилбейт

5

Таруу

Лолиум, түлкү куйруктуу боз кемпир, ланцет сыяктуу сары мыя, кара көсөө жана чычала (жалпылаганда)

0,18

Сойломо кекирең, түлкү машак (жалпылаганда)

0,02

Түктүү мөмөлүү гелиотроп жана бозомук триходесма

Жол берилбейт

6

Гречиха

Бузулган дандар

0,3

Кара көсөө

0,05

Сойломо кекирең, түлкү куйруктуу боз кемпир, ланцет сыяктуу сары мыя, түлкү машак (жалпылаганда)

0,1

Түктүү мөмөлүү гелиотроп жана бозомук триходесма

Жол берилбейт

7

Күрүч

Бузулган дандар

0,5

Саргайган дандар

4,0

8

Жүгөрү

Кара көсөө жана чычала

0,15

Сойломо кекирең, түлкү куйруктуу боз кемпир, ланцет сыяктуу сары мыя (жалпылаганда)

0,1

Түлкү куйрук

0,1

Түктүү мөмөлүү гелиотроп

Жол берилбейт

Бозомук триходесма, кене күнжүт уругу

Жол берилбейт

Ачык сары-жашыл түстөгү нурланган дандын болушу

0,1

9

Сорго, чумиза

Кара көсөө жана чычала

0,1

Сойломо кекирең, түлкү куйруктуу боз кемпир, ланцет сыяктуу сары мыя (жалпылаганда)

0,1

Түлкү машак

0,1

Түктүү мөмөлүү гелиотроп жана бозомук триходесма

Жол берилбейт