Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 17-февралындагы
№ 105 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо
МЕТОДИКАСЫ

 

(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 25-мартындагы № 147, 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 223
токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бул методика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын баалоо тутумун институттук эс-тутумду алып жүргөн башкаруучу шайман катары түзүүгө багытталган. Мындай сапатта ал төмөнкүлөргө багытталган:

- баалоолорду салыштыруу үчүн шарттарды түзүүгө;

- процессти эмес, натыйжаны баалоого;

- баалоонун натыйжаларын иш аракеттерди оңдоо үчүн негиз катары пайдаланууга;

- баалоого жарандык коомду тартууга;

- эл аралык рейтингдик изилдөөлөрдү пайдаланууга.

1. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин баалоонун интегралдык көрсөткүчү

 

1. Баалануучу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкү программаларды ишке ашырууга кошкон салымы бааланууга тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын (мындан ары - Өкмөттүн программасы) аткаруунун натыйжалары;

2) улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун натыйжалары;

3) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тармактык, аймактык жана башка жергиликтүү пландарын жана программаларын ишке ашыруунун натыйжалары.

Баалоонун маанилүү аспектиси болуп конкреттүү мамлекеттик органга жана конкреттүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына "Калктын ишеним индексин" эсепке алуу саналат.

Баалоонун объективдүүлүгү эл аралык рейтингдик изилдөөлөрдө Кыргызстандын абалын талдоо менен ырасталат.

2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо төмөнкү көрсөткүчтөрдүн сандык маанилеринин базасында эсептелүүчү Баалоонун интегралдык көрсөткүчүнүн (мындан ары - БИК) маанилерин аныктоонун негизинде жүргүзүлөт:

1) базалык көрсөткүчтөрдү баалоо (мындан ары - БКБ);

2) вариативдик көрсөткүчтөрдү баалоо (мындан ары - ВКБ);

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдерин баалоо (мындан ары - ЭРБ);

4) "Калктын ишеним индекси" (мындан ары - КИИ).

3. БИКтин мааниси ар бир кварталдагы (отчеттук мезгилдеги) иштин жыйынтыгы боюнча аныкталат. БИКти эсептөө үчүн жалбыракча модели колдонулат, анын мисалы сүрөттө көрсөтүлгөн, ал эми иштөө тартиби төмөндө берилген.

Баалануучу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн БИКтин ар бир координаты боюнча көрсөткүчтөрдүн конкреттүү топтому белгиленет.

Интегралдык көрсөткүчтүн сандык маанисин аныктоо методикасы 1-сүрөттө келтирилген.

1-сүрөт. БИКти эсептөө үчүн

2. Базалык көрсөткүчтөрдү баалоо

 

4. Базалык көрсөткүчтөр Өкмөттүн программасын ишке ашыруу менен түз байланыштуу. Алар баалануучу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Өкмөт тарабынан ишке ашырылуучу бардык программаларды, анын ичинде улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашырууда кошкон салымын анык көрсөтүүгө тийиш.

5. Базалык көрсөткүчтөрдү белгилөө үчүн булактар:

1) Өкмөттүн программасында конкреттүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдында турган түз милдеттердин болушу. Мындай милдеттердин ишке ашырылуучу көрсөткүчтөрү базалык көрсөткүчтөр катары чыгышы мүмкүн;

2) колдонуудагы улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларда конкреттүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдында турган түз милдеттердин болушу. Мындай милдеттердин ишке ашырылуучу көрсөткүчтөрү базалык көрсөткүчтөр катары боло алат;

3) Өкмөттүн программасында, колдонуудагы улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларда конкреттүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдында турган кыйыр милдеттердин болушу. Мындай учурда мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түз милдеттерин түзүү жана алардан улам базалык көрсөткүчтөрдү белгилөө зарыл;

4) Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенме, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түз милдеттерин түзүү жана алардан улам базалык көрсөткүчтөрдү белгилөө зарыл.

6. Базалык көрсөткүчтөрдүн аталышы жана пландык мааниси ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан бекитилет.

7. Базалык көрсөткүчтөрдү аныктоо үчүн критерийлер:

1) ушул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясына кирет;

2) отчеттук мезгил менен салыштырылат;

3) милдеттин бир эле убакта кыйындагандыгы менен реалдуу;

4) чектеш милдеттери жана Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдери бар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базалык көрсөткүчтөрү менен координацияланган;

5) ишке ашырылуучу саясаттын уланмалуулугун камсыздайт.

8. Базалык көрсөткүчтөрдүн өзгөчөлүгү:

1) базалык көрсөткүчтөр туруктуу критерийлер болуп саналбайт, бирок төмөнкүлөргө ылайык дайыма кайра каралып турат:

- базалык көрсөткүчтөрдүн булактарында жаңы милдеттердин коюлушуна ылайык;

- милдеттерди ишке ашыруу аяктаганына жараша;

2) базалык көрсөткүчтөр өзүнүн салмактуу маанисине ээ. Көрсөткүчтүн салмагы коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүүдөгү анын салымынын маанисине жараша аныкталат. Салмактын сандык мааниси 0,8ден 1,0гө чейинки диапазондо болот;

3) базалык көрсөткүчтөрдүн саны көп эмес болушу керек. Оптималдуу саны - төрттөн жетиге чейин;

4) базалык көрсөткүчтөр этиштин буйрук ыңгайы аркылуу айтылган динамикалык терминдерде белгиленет - "... чоңдукка көбөйтүлсүн", "... чоңдукка төмөндөтүлсүн", "... курулсун", "... чечилсин" ж.б.

9. Базалык көрсөткүчтөрдүн салмактык мааниси ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

10. Базалык көрсөткүчтөрдү баалоо базалык көрсөткүчтөрдүн пландаштырылган сандык маанилерине жетишүүнүн даражасын алардын салмактык маанилерин эске алып аныктоо жолу менен жүргүзүлөт. Базалык көрсөткүчтөрдү баалоону аныктоо жана отчеттук мезгилге аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин баяндамаларын (мындан ары - баяндама) даярдоо үчүн төмөнкү таблицаны толтуруу зарыл:

1-таблица

N

Көрсөткүчтүн аталышы БК

Көрсөткүчтүн салмактык мааниси С

Көрсөткүчтүн пландалган мааниси

Пландалган маани белгиленген документ

Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси

Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси белгиленген документ

Базалык көрсөткүчкө жетүү даражасы ЖД

Эскертүү

1

2

3

4

5

6

7

8

9

1

 

 

 

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БКБнын мааниси

 

 

 

 

 

 

 

 

Базалык көрсөткүчтү баалоонун мааниси ар бир отчеттук мезгилде төмөнкүдөй ырааттуулук менен аныкталат:

1) 2-графага ушул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын базалык көрсөткүчтөрүнүн аталышы жазылат;

2) 3-графага тиешелүү базалык көрсөткүчтөрдүн салмактык мааниси жазылат. Эгерде көрсөткүчтүн салмактык мааниси белгиленбесе, анда ал бирге барабар катары кабыл алынат;

3) 4-графага базалык көрсөткүчтөрдүн пландаштырылган сандык мааниси жазылат;

4) 5-графа пландалган базалык көрсөткүчтөрдүн сандык мааниси белгиленген ченемдик документтердин аталышын жана номурун камтыйт;

5) 6-графага отчеттук мезгилде иш жүзүндө жетишилген базалык көрсөткүчтөрдүн цифралык мааниси жазылат;

6) 7-графага базалык көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү сандык мааниси белгиленген актылардын же документтердин аталышы жана номуру жазылат;

7) 8-графага базалык көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү маанилерин алардын пландаштырылган маанисине бөлүү жолу аркылуу аныкталуучу пландалган базалык көрсөткүчтөргө жетүү даражасынын мааниси жазылат;

8) 9-графага көрсөткүчтөрдүн пландалган маанилеринин аткарылбай калгандыгынын, ошондой эле ашыкча аткарылгандыгынын себептери боюнча түшүндүрмө жазылат.

Айрым базалык көрсөткүчтөрдүн пландалган маанилери ашыкча аткарылган учурда, аларга жетүүнүн даражасы бирдик катары кабыл алынат. Мында иш жүзүндө жетишилген ашыкча аткаруу кийинки отчеттук кварталды пландаштырууда эске алынат.

11. БИКти эсептөө үчүн БКБнын жалпыланган көрсөткүчүнүн сандык мааниси эсептелет. Бул үчүн ар бир базалык көрсөткүчкө жетүү даражасынан алынган мааниси (8-графа) ага тиешелүү салмакка (3-графа) көбөйтүлөт, алынган сандар кошулат жана суммасы базалык көрсөткүчтөрдүн жалпы санына бөлүнөт.

БКБ = (ЖД1 х С1 + ЖД2 х С2 + ЖДс х Сс) \ с, мында:

БКБ - Базалык көрсөткүчтөрдү баалоонун мааниси (0дон 1ге чейин);

ЖД - көрсөткүчкө жетүү даражасы (0дон 1ге чейин);

С - тиешелүү көрсөткүчтүн салмагы (0,8ден 1,0го чейин);

с - базалык көрсөткүчтөрдүн саны. Эгерде бир же бир нече көрсөткүчтөр боюнча, анын ичинде "объективдүү" себептер боюнча да иш жүргүзүлбөсө, БКБны эсептөөдө "с" азайтылышы мүмкүн эмес.

БКБнын алынган мааниси БИКти эсептөө үчүн тиешелүү координатка (1-сүрөт) жазылат.

3. Вариативдик көрсөткүчтөрдү баалоо

 

12. Вариативдик көрсөткүчтөрдүн курамы жана алардын саны мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз алдынча аныкталат, бирок алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун ар жылдык планына толук шайкеш келиши керек.

Вариативдик көрсөткүчтөр мамлекеттик органдардын өздөрүнүн максаттары, милдеттери жана базалык функциялары менен түз байланышкан. Алар мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын учурдагы иштешин, анын туруктуулугун жана кесипкөйлүгүн, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын чөйрөсүндө тармактык, аймактык жана башка жергиликтүү саясатты ишке ашыруу боюнча ишин мүнөздөөгө тийиш.

13. Вариативдик көрсөткүчтөрдү белгилөө үчүн булактар:

1) министрлик, ведомство, тармактык же башка жергиликтүү мүнөздөгү жергиликтүү мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан жана ишке ашырылуучу программалар жана стратегиялар;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алардын милдеттик түрдөгү базалык функциялары;

3) ушул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын базалык көрсөткүчтөргө жетүүгө таасир көрсөтүүчү факторлору;

4) Өкмөттүн программасында, колдонуудагы улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларда конкреттүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдында турган кыйыр милдеттердин болушу;

5) тармактык же башка жергиликтүү мүнөздөгү Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелер.

14. Вариативдик көрсөткүчтөрдү аныктоо үчүн критерийлер:

1) ушул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясына кирет;

2) базалык көрсөткүчтөрдү аткарууга иштейт;

3) отчеттук мезгил менен салыштырылат;

4) милдеттин бир эле мезгилдеги кыйындагандыгы менен реалдуу;

5) чектеш милдеттери жана Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдери бар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көрсөткүчтөрү менен координацияланган;

6) ишке ашырылуучу саясаттын уланмалуулугун камсыздайт.

15. Вариативдик көрсөткүчтөрдүн өзгөчөлүгү:

1) вариативдик көрсөткүчтөр толугу менен түздөн-түз мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилет;

2) вариативдик көрсөткүчтөр туруктуу критерийлер болуп саналбайт жана төмөнкү негиздерде кайра каралышы мүмкүн:

- жаңы милдеттердин коюлушуна ылайык;

- милдеттерди ишке ашыруу аяктаганына жараша;

3) вариативдик көрсөткүчтөр көп эмес болушу керек. Оптималдуу саны - бештен жетиге чейин.

16. Вариативдик көрсөткүчтөрдү баалоо вариативдик көрсөткүчтөрдүн пландаштырылган маанилерине жетүү даражасын аныктоо жолу аркылуу жүргүзүлөт. Вариативдик көрсөткүчтөрдү баалоону аныктоо жана баяндама даярдоо үчүн төмөнкү таблицаны толтуруу зарыл.

2-таблица

N

Вариативдик көрсөткүчтүн аталышы ВК

Көрсөткүчтүн пландалган мааниси

Пландалган маани белгиленген документ

Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси

Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси жазылган документ

Вариативдик көрсөткүчкө жетүү даражасы

Эскертүү

1

2

3

4

5

6

7

8

1

 

 

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

 

 

 

ВКБнын мааниси

 

 

 

 

 

 

 

Вариативдик көрсөткүчтү баалоонун мааниси ар бир отчеттук мезгилде төмөнкү ырааттуулук менен аныкталат:

1) 2-графага вариативдик көрсөткүчтөрдүн аталышы жазылат;

2) 3-графага пландаштырылган вариативдик көрсөткүчтөрдүн сандык мааниси жазылат;

3) 4-графа пландалган вариативдик көрсөткүчтөрдүн сандык мааниси белгиленген актылардын жана документтердин аталышын жана номурун камтыйт;

4) 5-графага отчеттук мезгилде иштин жыйынтыгы боюнча вариативдик көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндө жетишилген цифралык маанилери жазылат;

5) 6-графага вариативдик көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү сандык мааниси белгиленген актылардын жана документтердин аталышы жана номуру жазылат;

6) 7-графага вариативдик көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү мааниси пландаштырылган мааниге бөлүү жолу аркылуу аныкталган пландалган вариативдик көрсөткүчтөргө жетүү даражасынын мааниси жазылат;

7) ВКБ көрсөткүчтөрдүн жалпы санына бөлүнгөн бардык вариативдик көрсөткүчтөргө жетүү даражасынын суммасы катары эсептелет.

4. "Калктын ишеним индекси"

 

17. "Калктын ишеним индекси" (мындан ары - КИИ) - калктын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине карата мамилесин чагылдырган коомчулуктун жалпы маанайын өзгөртүү динамикасынын жалпыланган көрсөткүчү. КИИни өлчөө жарандын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жеке канааттангандыгын жана калктын мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алган кызмат көрсөтүүлөргө канааттангандыгын баалоого мүмкүндүк берет.

18. КИИни өлчөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы N 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.

19. КИИ стандарттык репрезентативдик тандоо боюнча, 5-7 пайыздын чегинде тандоодо ката кетирүү менен 18 жаштан 75 жашка чейин курактагы Кыргыз Республикасынын жарандарын дайыма сурамжылоонун негизинде түзүлөт. КИИнин мааниси жобого ылайык "+100дөн" "-100гө" чейинки интервалда өзгөрөт. Мында индекстин "0дөн" жогорку мааниси коомчулуктун пикиринде мамлекеттик органдардын "оң", ал эми индекстин "0дөн" төмөнкү мааниси - "терс" баалары артыкчылык кылгандыгын билдирет. КИИнин маанисин ушул методиканын форматына келтирүү үчүн "+100дүн" "-100гө" чейинки маанилеринин шкаласын 0%-100% шкаласына өзгөртүп түзүү керек.

КИИнин алынган мааниси БИКти эсептөө үчүн тиешелүү координатка (1-сүрөттү кара) жазылат.

20. КИИны өлчөөнүн жүрүшүндө алынганы маалыматтар коомчулукка маалымдалууга милдеттүү жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.

5. Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын абалын баалоо

 

21. Кыргызстан эл аралык уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу бардык маанилүү рейтингдик өлчөөлөрдүн катышуучусу болуп эсептелет. Өлчөөлөр кесипкөй социологиялык компаниялар тарабынан дайыма жүргүзүлүп турат. Эл аралык коомдоштук тарабынан мындай баалоо өнүгүүнүн артыкчылыктарын түзүү үчүн жакшы багыт катары кызмат кылышы мүмкүн.

22. Ар бир мамлекеттик органга бир же бир нече эл аралык индекстер жазылат, аларга ушул орган жооп берет. Индекстердин тизмеги жана жоопкерчиликтерди бекитүү Өкмөт тарабынан аныкталат. Баалоо жол-жобосу төмөндө келтирилген таблицага ылайык ар бир жыл боюнча индекстердин көрсөткүчтөрүнүн динамикасын аныктоодо турат.

 

Индикатор

Мурдагы жыл

Отчеттук жыл

Өсүш\ төмөндөө

 

 

 

абсолюттук чоңдук

салыштырма чоңдук

абсолюттук чоңдук

салыштырма чоңдук

 

1-индекс

 

 

 

 

 

2-индекс

 

 

 

 

 

 

23. Бул методиканын максаттары үчүн рейтингдин салыштырма көрсөткүчүн түзүү зарыл, ал Кыргызстандын рейтинги менен рейтингиндеги ушул индекстин минималдуу маанисинин (акыркы орун) ортосундагы айырманын рейтингдеги ушул индекстин максималдуу мааниси (биринчи орун) менен рейтингиндеги ушул индекстин минималдуу маанисинин (акыркы орун) ортосундагы айырмага болгон катышы катары төмөнкү формула боюнча түзүлөт:

 

Салыштырма көрсөткүч

=

Кыргызстандын мааниси - Минималдуу маани

 

Максималдуу маани - Минималдуу маани

 

 

Индекстин алынган мааниси БИКти эсептөө үчүн тиешелүү координатка түшүрүлөт (1-сүрөттү кара).

Эгер мамлекеттик орган бир нече индекске жооп берсе, анда индекстердин орточо мааниси эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 223 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Индекстердин динамикасын (өсүшүн же төмөндөшүн) негиздөө интегралдык индекстердин түзүүчү компоненттерин талдоодон келип чыгат. Жалпы көрсөткүчтөргө өтө чоң деңгээлде таасир тийгизген индекстердин параметрлерин бөлүп көрсөтүү зарыл. Мындай талдоонун негизинде ведомствонун иш планына киргизүү үчүн сунуштар түзүлүшү мүмкүн.

Индексти дезинтегралдоо мисалы төмөнкү таблицада келтирилген.

 

Индекстин аталышы

Индекстердин түзүүчү параметрлери

Адамдык өнүгүүнүн индекси

Жашоонун күтүлүүчү узактыгы (узак жашоону баалайт)

Өлкөнүн калкынын сабаттуулук деңгээли (окууга сарпталган жаштын орточо саны) жана окуунун күтүлүүчү узактыгы

АКШ долларында сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн теңдештиги (СМТ) боюнча калктын жан башына карата улуттук дүң киреше (УДК) аркылуу бааланган жашоо деңгээли

6. Отчеттук мезгил үчүн БИКтин сандык маанисин аныктоо

 

25. Отчеттук мезгил үчүн БИКтин сандык мааниси төрт баалоочу чекитти бириктирүүчү түз сызыктар менен чектелген фигуранын аянтынын фигуранын жалпы аянтына катышы катары (1-сүрөттү кара) аныкталат.

Фигуранын жалпы аянты 2ге барабар. Ошентип баалоонун чоңдугу дайыма бирден аз болот. Бирок, баалоо канчалык бирге жакын болсо, отчеттук мезгилде ишти баалоо ошончолук жогору болот.

26. БИКти аныктоого карата отчеттук квартал үчүн баштапкы маалыматтардын топтомо таблицасы толтурулат.

3-таблица

N

Көрсөткүчтүн аталышы

Көрсөткүчтөрдүн мааниси

1

Базалык көрсөткүчтөрдү баалоо

 

2

Вариативдик көрсөткүчтөрдү баалоо

 

3

Эл аралык рейтингдерди баалоо

 

4

Калктын ишеним индекси

 

 

Эскертүү: 3-таблицадагы бардык көрсөткүчтөрдүн мааниси салыштырмалуу сандарда (б.а. 0дөн 1ге чейин) көрсөтүлөт.

27. БИКтин мааниси БКБ-ВКБ-КИИ-ЭРБ тик бурчтуу координата тутумуна 2 геометриялык фигуранын аянттарынын катышы катары аныкталат (2-сүрөт):

1) 3-таблицанын акыркы графасынын маалыматтарына шайкеш келген БКБ, ВКБ, КИИ жана ЭРБнын координаттык окторундагы баалоочу чекиттерди түз сызыктар менен бириктирүү жолу менен пайда болгон төрт бурчтуктун;

2) БКБ, ВКБ, КИИ жана ЭРБнын координаттык окторундагы алардын максималдык маанилерине, б.а. 1ге шайкеш келген баалоочу чекиттерди түз сызыктар менен бириктирүү жолу менен пайда болгон төрт бурчтуктун.

Төмөнкү сүрөттө эки тик бурчтуктун болжолдуу сүрөтү келтирилген:

2-сүрөт.

БКБ, ВКБ, КИИ жана ЭРБнын координаттык окторундагы алардын максималдык маанилерине (б.а. 1ге) шайкеш келген баалоочу чекиттерин түз сызыктар менен бириктирүү жолу менен пайда болгон төрт бурчтук 2ге барабар аянтка ээ.

Баалоо көрсөткүчтөрүнүн отчеттук мезгилде түзүлгөн маанилерин (3-таблица) бириктирүү жолу менен пайда болгон төрт бурчтуктун аянтын 4 тик бурчтуу үч бурчтуктун аянтынан тураарын элестетүүгө болот. Белгилүү болгондой тик бурчтуу үч бурчтуктун аянты тик бурчту түзүүчү жактарынын көбөйтүндүсүнүн жарымына барабар. Муну эсепке алуу менен, ар бир тик бурчтуу үч бурчтуктун аянтын төмөнкүдөй жол менен табабыз:

1) S1 = (БКБ х ВКБ) : 2;

2) S2 = (ВКБ х ЭРБ) : 2;

3) S3 = (БКБ х КИИ) : 2;

4) S4 = (КИИ х ЭРБ) : 2.

Баалоо көрсөткүчтөрүнүн отчеттук мезгилдеги маанилерин бириктирүү жолу менен пайда болгон төрт бурчтуктун аянтын S = S1 + S2 + S3 + S4 суммасы катары табабыз.

БКБ-ВКБ-КИИ-ЭРБ тик бурчтуу координат тутумунда эки геометриялык фигуранын аянттарынын катышы аркылуу аныкталган БИКти S:2 (1-сүрөт) катары табабыз.

7. Баалоо жыйынтыктары

 

28. Баалоо жыйынтыктары:

- ар кандай деңгээлдерде башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алууга мүмкүндүк берет;

- жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнүн жана диалог түзүүнүн куралы болуп калат;

- Өкмөттүн ишин баалоо, ошондой эле кийинки жылга карата максаттарды, милдеттерди жана көрсөткүчтөрдү оңдоп-түзөтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.