Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2012-жылдын
 20-февралындагы № 124 токтому
менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө
ЖОБО

 

(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 3-майындагы № 231, 2014-жылдын 25-августу № 484,
2015-жылдын 30-марты № 168
2016-жылдын 24-мартындагы № 142 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

 

1. Жалпы жоболор

2. Агенттиктин максаты жана милдеттери

3. Агенттиктин функциялары

4. Агенттиктин укуктары

5. Агенттиктин ишинин уюштурулушу

6. Агенттиктин мүлкү жана каржыланышы

7. Корутунду жоболор

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары - Агенттик) электр жана почта байланыш жаатын, анын ичинде радиожыштык спектрин пайдаланууну жөнгө салуу функциясын ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.

2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, ушул жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

3. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелип, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аты жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын казыналык системасында эсептери болот.

 

2. Агенттиктин максаты жана милдеттери

 

4. Агенттиктин максаты, жогорку технологиялык жана атаандашууга жарамдуу Улуттук маалымат жиберүү тармагын түзүү жана Улуттук тармакты жалпы дүйнөлүк маалымат айдыңына аралаштыруу.

5. Агенттик төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:

- атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланыштарынын кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылуу;

- радиожыштык спектринин пайдаланылышын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;

- байланыш тармактарынын жана системаларынын өнүгүшүнө көмөктөшүү;

- жарандардын жана башка кардарлардын байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

 

3. Агенттиктин функциялары

 

6. Агенттик ага жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:

жөнгө салуу функциялары:

- радионурландыруучу жана жогорку жыштыктагы электромагнит толкундардын булагы болгон радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө уруксат берет жана алардын реестрин түзөт;

- Кыргыз Республикасында байланыш тармагын номерлөөнүн Улуттук планына ылайык телефондорду номерлөө ресурсун (эл аралык жана шаар аралык коддор менен кошо) пайдалануу жана жайгаштыруу тартибин аныктайт;

- электр байланыш кызматынын бардык пайдалануучуларына сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн, маалыматтын сырын жана керектөөчү жөнүндөгү маалыматтын сырын сактоонун негизинде, жалпы электр байланыш тармагына жана кызматтарына чыгуу мүмкүндүгүнө бирдей деңгээлде жетишин камсыз кылат;

- номерлерди бөлүп берүүнү ишке ашырат (номерлердин диапазондору, эл аралык жана шаар аралык коддор), электр байланыш операторлоруна жана электр байланыш кызматтарына бөлүнгөн номерлерди натыйжалуу пайдаланууга контролду камсыздайт;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы техникалык каражаттардын өз ара байланышкан тутуму болуп саналган жана жыштык каналдарынын жана тилкелеринин пайдаланылышын жалпы ченөөнү, жиберилүүчү радиосигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү жүргүзүүгө, санкцияланбаган радиобергичтерди жана жогорку жыштыктагы электромагниттик таркатылуулардын булактарын, радио тоскоолдуктарды табууга жана аныктоого жана радиожыштык спектрин таасирдүү пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик радиоконтроль тутумун түзөт, өнүктүрөт жана иштетет;

- Кыргыз Республикасынын радиожыштыктарды бөлүштүрүү Улуттук таблицасына ылайык, номиналдарды, радиожыштык тилкелерин бөлүп берет/ыйгарат;

- мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун түзөт, өнүктүрөт, иштетет, ошондой эле аларды жекелештирүү тартибин аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;

- акча которуу операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө маалыматтарды берген адамдардын "Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруусун контролдоону жүргүзөт;

- жыштык ыйгарууларды бөлүп берет, токтото турат, кайта алат же аны бөлүп берүүдөн баш тартат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонуучуларга мурда берилген номиналдарды, радио жыштык тилкелерин кайтарып алат, өзгөртөт, токтото турат, модификациялайт жана кайра бөлүштүрөт;

- радиожолтоолордун жана санкцияланбаган белгилердин кандайын болбосун аныктайт жана жоет, пайдалануучуларга радиожолтоолордун деңгээлин азайтуу жана бөгөт коюу боюнча талап коет;

- лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялоону ишке ашырат жана Лицензиялар жана уруксаттар реестрин жүргүзөт;

- радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө ыйгарылган жыштыктарга эл аралык укуктук коргоо жүргүзөт;

- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет

- Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамына ылайык лицензиялык иш-аракеттерди жүргүзөт жана берилген лицензиялардын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;

- жабдууларга жана техникалык каражаттарга берилген шайкештик сертификаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;

- операторлордун, электр байланыш кызматтарынын, почта байланыш ишканаларынын жана байланыш кызматынан пайдалануучулардын ортосунда болгон чыр-чатактарды жөнгө салуунун, калыс карап чыгуунун жана чечүүнүн тартибин белгилейт;

- керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын жана топторунун ортосунда кайчы субсидиялоону болтурбоо маселелерин изилдейт жана байланыш тармагында аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- бардык электр жана почта байланыш операторлорунун, электр байланыш кызматтары жана почта байланыш ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт, анын ичинде байланыш жаатындагы ишти жөнгө салуучу тиешелүү эрежелерди жана нускамаларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө жиберүү жолу менен дагы колдоо көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасынын байланыш рыногуна талдоо жүргүзөт;

Координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:

- жабдууларды жана техникалык каражаттарды өндүрүүдө, колдонууда шайкештигин тастыктоо боюнча мыйзамдын талаптары аткарылышын камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын Агенттиктин компетенциясына тиешелүү болгон чечимдерин ишке ашырат жана аткарылышын контролдойт;

- радионурландыруучу жана электромагнит толкундарынын булагы болгон радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыз кылат;

- байланыш жаатында мыйзамдын сакталышына мамлекеттик контролду ишке ашырат;

- байланыш жаатын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамды сактоо маселеси боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт;

- улуттук коопсуздуктун, коргонуунун, укуктук тартиптин кызыкчылыгы үчүн жана өзгөчө кырдаалдарда жалпы колдонуудагы электр байланыш операторлоруна жана кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;

- байланыш тармагында лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышына мамлекеттик контролду ишке ашырат;

- жыштык ыйгарууларына ээ болгон юридикалык жана жеке жактардын иштеринин көрсөтүлчү байланыш кызматынын сапатына мамлекеттик контролду ишке ашырат;

- байланыш, лицензия тармагындагы мыйзамдарда каралган көрсөтмөлөрдү чыгарат;

- жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагын биргелешип пайдаланууну контролдойт жана тармактар аралык туташтыруу талаптары аткарылышын мониторингдейт;

- радиокаражаттар орнотулган жерлерде радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык ченемдери сакталышын контролдойт;

- региондор аралык башкармалардын иштерин контролдойт;

- колдоо функциясы;

- Агенттиктин карамагына берилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;

- ички контроль системасынын натыйжалуулугуна жана финансы-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баа берет, баалоонун жыйынтыгы боюнча Агенттиктин компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;

- электр жана почта байланыш тармагындагы техникалык стандартташтыруу боюнча, ошондой эле радиожыштыктык нурландыруучу же жогорку жыштыктагы электромагнит толкундарынын булагы болгон техникалык каражаттарга документтерди жана техникалык регламенттерди иштеп чыгууга жана экспертизасына катышат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августу № 484, 2016-жылдын 24-мартындагы № 142  токтомунун редакциясына ылайык)

 

4. Агенттиктин укуктары

 

7. Агенттик төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен монополист-ишканалардын электр жана почта байланыш кызматтарына тарифтерди бекитет.

- милдеттүү сертификаттоо формасында техникалык каражаттардын шайкештигин ырастайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырттан алынган жабдуулардын жана техникалык байланыш каражаттарынын шайкештигин тастыктоонун натыйжаларын таануу процедурасын белгиленген тартипте жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы радиожыштык спектрине белгиленген тартипте радиомониторинг өткөрөт;

- электр жана почта байланыш операторлорунан алардын катышуучуларынын/уюштуруучуларынын (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, уставдык капиталдагы үлүшү) курамы жөнүндө маалыматтарды, уставдарды, инвестициялардын долбоорлорун, бизнес-пландарын, анын ичинде байланыштын магистралдык тармактарын андан аркы өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер жөнүндө пландарды, күнүмдүк отчетторду сурап алат, ошондой эле мыйзамга ылайык тиешелүү отчеттордун тартиптерин жана мөөнөттөрүн белгилейт;

- байланыш жаатындагы укук-ченемдик актыларды, келишимдерди макулдашууга катышат;

- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана байланыш жагындагы мыйзамдарга ылайык айып салуу жөнүндө чечим чыгарат;

- байланыш жаатындагы мыйзамдарга ылайык көрсөтмөлөрдү берет;

- сотторго доо жана арыздар менен кайрылат, аларды сотто иштерди кароого катышат;

- Агенттикке жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан керектүү маалыматтарды жана материалдарды сурап алат;

- тийиштүү адистердин катышуусу менен убактылуу жумушчу комиссияларды жана топторду белгиленген тартипте түзөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өз компетенциясынын чегинде эл аралык жана ведомстволор аралык келишимдерди түзөт, Агенттиктин функцияларын ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт же илимий-изилдөө жана башка иштерди жүргүзүүгө катышат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн байланыш жаатындагы жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн ишке ашырат;

- радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө лабораториялык сыноо жүргүзөт жана жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорун берет;

- Агенттиктин маалыматтык тутумдарын натыйжалуу пайдалануу үчүн, ошондой эле Агенттиктин бөлүнүштөрүнүн ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык тутумдарды, техникалык чечимдерди ишке киргизет жана колдойт;

- мыйзамда каралган башка укуктарды ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 231, 2014-жылдын 25-августу № 484 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

8. Өз иштерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында Агенттик ыйгарым укуктарынын чегинде байланыш жаатына тиешеси бар ишканалардын менчигинин формасына карабай бардык документтерин көрүү эркиндигине укуктуу.

 

5. Агенттиктин ишинин уюштурулушу

 

9. Агенттик борбордук аппараттан, анын ичинде инженердик-техникалык борбордон, региондор аралык башкармалардан турат жана бирдиктүү структураны түзөт.

10. Агенттикти директор башкарат, аны кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт жана бошотот.

11. Агенттиктин штатында статс-катчынын жана директордун орун басарынын кызмат орундары каралган.

Статс-катчыны дайындоо, бошотуу тартиптери, милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамында аныкталат.

Директордун орун басарын кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри директордун сунушу боюнча дайындайт жана бошотот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.

13. Агенттиктин директору:

- Агенттикке жүктөлгөн маселелердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчиликтүү;

- Агенттиктин директорунун орун басарынын милдеттерин аныктайт;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашып, статс-катчыга Агенттиктин компетенциясына берилген айрым маселелерди тейлөөнү тапшырат.

- Агенттиктин структуралык бөлүктөрүнүн, региондор аралык башкармалардын жоболорун жана кызматкерлердин иш милдеттерин бекитет;

- Агенттиктин структурасын, чыгымдар сметасын жана штаттык тизмесин бекитет;

- буйруктарга, көрсөтмөлөргө, лицензиялык комиссиянын жана Агенттиктин Консультациялык кеңешинин чечимдерине кол коет;

- Агенттиктин аппаратына кирген инженердик-техникалык персоналды ишке жалдайт;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Агенттиктин иши тууралуу отчет берет;

- инженер-техникалык кызматкерлердин эмгек акысынын деңгээлин бекитет:

- ведомстволук сыйлыктарды белгиленген тартипте бекитет жана Агенттиктин кызматкерлерин сыйлайт;

- Агенттиктин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;

- Агенттиктин кызматкерлеринин өкүлдүк органы менен жамааттык келишимге кол коет.

13. Агенттиктин директору байланыш боюнча башкы мамлекеттик инспектор болуп саналат; директордун орун басары, ошондой эле региондор аралык башкармалардын жетекчилери - Кыргыз Республикасында байланыш боюнча ага инспекторлор болуп эсептелишет.

14. Электр жана почта байланыш тармагындагы ишти жөнгө салуу боюнча маанилүү маселелерди кароо үчүн Агенттиктин алдында Агенттиктин директору же директордун орун басары башкаруучу туруктуу иштөөчү лицензиялык комиссия (мындан ары - комиссия), Консультациялык кеңеш (мындан ары - кеңеш) түзүлөт. Комиссия жана кеңеш жөнүндө жоболорду, алардын сандык жана сапаттык курамын Агенттиктин директору бекитет. Комиссиянын жана кеңештин чечимдери Агенттиктин токтому менен таризделет.

15. Агенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 168 токтомдун редакциясына ылайык)

 

6. Агенттиктин мүлкү жана каржыланышы

 

16. Агенттиктин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналып, ажыратуу мыйзамга ылайык ишке ашырылат.

17. Агенттикти кармоо үчүн каржылоонун булактары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт, алар:

- көзөмөлдөө иштерин жүргүзгөндүгү үчүн лицензиаттын лицензияланган иштен түшүүчү кирешесинин 1%и өлчөмүндө жыл сайын төлөнүүчү акы (тармактык пошлиналар);

- радиожыштык спектрин пайдаланууну көзөмөлдөө функциясын аткарганы үчүн жыл сайын алынчу акыдан, ага радиоконтролдун мамлекеттик тутумун жана мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун колдоого, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө төлөнүүчү акы да кирет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, радиожыштык спектринин тилкелерин жана номиналдарын пайдалануу үчүн шайкештик сертификатын берүүгө кеткен чыгымдарды, Кыргыз Республикасынын аймагына радионурландыруучу же жогорку жыштыктагы электромагнит толкундарынын булагы болуп эсептелген радиоэлектрондук каражаттарды жана түзүлүштөрдү, башка техникалык каражаттарды алып келүүгө уруксаттарды, ошондой эле байланыш каражаттарын бажылык тариздөөгө мүмкүндүк берүүчү башка документтерди түзүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн алынган төлөмдөр;

- келишимдик милдеттенмелерге ылайык, Агенттик көрсөткөн кызматтар үчүн жеке жана юридикалык жактардан, мекемелерден жана уюмдардан алынчу каражаттардан которулчу суммалардан;

- башка жыйымдардан, төлөмдөрдөн, гранттардан, донордук жана башка уюмдардын жардамдарынан, мекемелердин, жеке адамдардын ыктыярдуу кошумчаларынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан.

18. Агенттик өз ишинен алган, ушул Жобонун 17-пунктунун экинчи абзацта каралган ар жылдык акыдан алынган каражаттын 60 пайызынан тышкаркы бардык финансылык каражаттар Агенттикке толук өлчөмдө берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 231, 2014-жылдын 25-августу № 484 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

19. Агенттиктин финансылык ресурстары төмөнкүлөргө пайдаланылат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзгөчө жумуш шарттарын эске алуу менен Агенттиктин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө. Мында Агенттиктин инженер-техникалык кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү тиешелүү кызмат боюнча мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарынын деңгээлинде белгиленет, ал эми кошумча үстөктөрдүн жана кошумчалардын өлчөмдөрү эмгек мыйзамдарынын жана жамааттык келишимдин шарттарына ылайык белгиленет;

- функциялык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана чыңдоого, анын ичинде ведомстволук, администрациялык жана башка имараттарды курууга, жабдууларды, шаймандарды, өлчөөчү техниканы сатып алууга;

- радиомониторингдин мамлекеттик тутумун жана мобилдүү байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун түзүүгө жана өнүктүрүүгө;

- имараттарды, транспорт каражаттарды ижаралоо чыгымдарын төлөөгө, командировкалык, өкүлчүлүк жана башка чыгымдардын ордун толтурууга;

- ченемдик документтердин маалыматтык базасын түзүүгө (илимий жана техникалык адабияттар, стандарттар, эрежелер, регламенттер, ошондой эле мезгилдүү жана техникалык адабияттан көчүрмөлөр);

- Агенттиктин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн программалык камсыздоо продуктуларын сатып алууга;

- илимий-изилдөө иштерин, программаларды, техникалык регламенттерди, ченемдик документтерди, усулдарды, колдонмолорду ж.б. иштеп чыгуу үчүн акы төлөөгө;

- Агенттиктин кызматкерлерин окутууга, такшалтууга жана квалификациясын жогорулатууга;

- радиожыштык ресурстарын пайдалануу жаатында улуттук кызыкчылыкты коргоо, байланыш жаатында эл аралык жана улуттук жөнгө салууну стандартташтыруу, шайкеш келтирүү максатында дүйнөлүк жана региондук конференцияларга, семинарларга катышууга;

- улуттук радиожыштык ыйгарууларды көп тараптуу жана эки тараптуу негизде мамлекеттер аралык координациялоого жана аларды нотификациялоого;

- Эл аралык электр байланыш уюмунун, Дүйнөлүк почта союзунун, Байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин иштерине жана байланыш тармагына тиешелүү башка иш-чараларга катышууга;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы байланыш сапатына радиомониторинг жүргүзүүгө, көзөмөлдөөгө жана контролдоого;

- региондор аралык башкармаларды кармоого чыгымдарды каржылоо үчүн дотациялоого;

- байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эл аралык уюмдарга, интеграциялык бирикмелерге - Эл аралык электр байланыш уюмуна, Дүйнөлүк почта союзуна, байланыш жаатындагы Региондук шериктештикке жана байланыш жаатындагы Региондук шериктештиктин алдындагы маалыматташтыруу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Катышуучу мамлекеттеринин координациялык кеңешине мүчөлүк төгүмдөрдү, үлүштүк төгүмдөрдү төлөөгө;

- Агенттиктин кирешелер жана чыгымдар сметасында каралган акча каражаттарынын эсебинен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтун кошо уюмдаштыруучулук каржылоо;

- жамааттык келишимде каралган төлөөлөргө.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августу № 484 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Каражаттарды чыгымдоо директор тарабынан бекитилген сметанын негизинде, ошондой эле учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августу № 484 токтомунун редакциясына ылайык)

 

7. Корутунду жоболор

 

21. Агенттикти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

20. Агенттиктин документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө мыйзамга ылайык сакталат жана пайдаланылат.