Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 8-январы № 2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

"Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:

- 10-пунктунда:

34-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"34) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана мамлекеттик органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара мамиле түзүү;";

36-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:

"36) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенитенциардык саясат маселелери боюнча эл аралык уюмдар өткөрүүчү ар кандай иш-чараларда, конференцияларда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү;";

- 14-пункттун 2-пунктчасындагы "Кыргызстандын аймагында жайгашкан" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев