Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 24-январы № 32

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 271, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 271 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-майындагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобонун 10-пунктунун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-февралындагы № 126 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 10-пунктунун жыйырма төртүнчү абзацындагы "кадрларды тандоону жана жайгаштырууну," деген сөздөр алып салынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун 7-пунктунун он алтынчы абзацындагы "жана алып коюуга" деген сөздөр алып салынсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 9-июнундагы № 336 "Тамеки жалбырагынын жана ферменттелген тамекинин экспортуна лицензия жазып-каттоонун жана берүүнүн жобосу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев