Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын
18-январындагы № 75-IV токтому
менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүнөн өткөрүү боюнча
СТАНДАРТТАР

 

1-бөлүм. Жалпы Жоболор

2-бөлүм. Комитеттин жана эксперттин укуктары менен милдеттери

3-бөлүм. Экспертизага коюлуучу талаптар

4-бөлүм. Экспертиза уюштуруунун тартиби

5-бөлүм. Экспертиза корутундусу

Экспертиза боюнча терминдердин жана түшүнүктөрдүн глоссарийи

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүнөн өткөрүү боюнча ушул стандарттар (мындан ары - Стандарттар) мыйзамдарды кароо жана кабыл алуу процессин сапаттуу экспертизалык камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

 

1-бөлүм
Жалпы Жоболор

 

1.1 Стандарттардын колдонуу чөйрөсү

 

Ушул Стандарттар:

1) укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык адистештирилген экспертизаларды (мындан ары - экспертиза) өткөрүүнүн тартибин белгилейт;

2) экспертизаларды өткөрүүдөгү милдеттүү талаптарды аныктайт;

3) экспертизаларды өткөрүү чөйрөсүндө кесипкөй терминдерди аныктайт.

Мыйзам долбоорлорунун экспертизаларынын башка түрлөрү ушул Стандарттарды колдонууга кирбейт жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

Ушул Стандарттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген мыйзамдардын долбоорлоруна экспертизаларды өткөрүүдө колдонулат.

Ушул Стандарттар мыйзамга баш ийген актылардын долбоорлоруна, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга жана мыйзамга баш ийген актыларга экспертизаларды өткөрүүдө пайдаланышы мүмкүн.

 

1.2. Экспертиза түшүнүгү

 

Эксперттердин мыйзам долбоорлорун ушул Стандарттардын талаптарына ылайыктыгын талдоо жана баалоо жүргүзүү боюнча иштери экспертиза болуп саналат.

Экспертиза Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитети (мындан ары - Комитет) тарабынан дайындалат.

Экспертизаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперти же мыйзам долбоорун даярдоого түздөнтүз катышпаган, сырттан тартылган адам же адамдардын тобу жүргүзөт.

Мыйзам долбоорун баалоодо эксперттер калыс болуу менен мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти жана укук чыгаруу органынын көз карашы менен байланышы болбоого тийиш.

 

1.3. Экспертизанын предмети

 

Экспертиза өткөрүүдө эксперт чечүүсү зарыл болгон экспертиза милдеттери (суроолордун тизмеги) экспертизанын предмети болуп саналат.

Жүргүзүлүп жаткан экспертизанын түрүнө жараша жана мыйзам долбоору менен жөнгө салынуучу мамилелердин мүнөзүн эске алуу менен экспертиза өз ичине бир же бир нече эксперттик милдеттерди камтуусу мүмкүн.

 

1.4. Экспертизанын максаттары жана принциптери

 

Кабыл алынуучу мыйзамдардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу экспертизанын негизги максаты болуп саналат.

Мыйзамдуулук, негиздүүлүк, комплекстүүлүк, калыстык, көзкарандысыздык, ачык-айкындык жана "кызыкчылыктардын карама-каршылыгына" жол бербөөчүлүк экспертизанын жалпы принциптери болуп саналат.

Жүргүзүлүп жаткан экспертизанын түрүнө жана мыйзам долбоору жөнгө салуучу мамилелердин мүнөзүнө жараша экспертиза атайын максаттарга жана принциптерге ээ болушу мүмкүн.

 

1.5. Экспертизанын милдеттүүлүгү

 

Ушул Стандарттар менен каралган учурларда экспертиза милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.

Калган учурларда мыйзам долбоорлорунун экспертизасы Комитеттин демилгеси боюнча жүргүзүлөт.

Зарыл болгондо кошумча, кайталап, комиссиялык же комплекстүү экспертиза дайындалышы мүмкүн.

 

1.6. Экспертиза өткөрүүнүн укуктук негизи

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдер, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө", "Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө", "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары экспертиза өткөрүүнүн укуктук негизи болуп саналат.

 

2-бөлүм
Комитеттин жана эксперттин укуктары менен милдеттери

 

2.1. Комитеттин укуктары

 

Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:

1) экспертизанын предметин жана өткөрүү мөөнөтүн аныктоого;

2) кайталап, кошумча, комиссиялык же комплекстүү экспертиза дайындоого;

3) эксперттик корутунду боюнча эксперттерден түшүндүрмө алууга;

4) Комитеттин корутундусун даярдоодо мыйзам долбооруна эксперттик корутундуну пайдаланууга.

Комитет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга да ээ.

 

2.2. Комитеттин милдеттери

 

Комитет төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Стандарттарда каралган учурларда мыйзам долбоорунун экспертизасын милдеттүү тартипте өткөрүүнү дайындоого;

2) экспертке мыйзам долбоорун жана коштоочу материалдарды берүүгө.

Комитет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарат.

 

2.3. Эксперттин укуктары

 

Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:

1) экспертизанын предметине тиешелүү материалдар менен таанышууга, анын ичинде, эгерде мыйзам долбооруна карата материалдар, экспертизанын предметине жана объектисине тиешелүү маалыматтар базасы жана маалыматтардын башка булактары коммерциялык, кызматтык же мамлекеттик жашыруун сырды камтыса, белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган маалыматтарды алууга;

2) экспертизанын предметине жана объектисине тиешелүү маалыматтарды менен материалдарды өз алдынча чогултууну жүзөгө ашырууга;

3) эмгектик же жарандык-укуктук келишимде каралган негиздер боюнча экспертиза өткөрүүдөн баш тартууга.

Эксперт кызматтык нускамаларда, эмгектик же жарандык-укуктук келишимде каралган башка укуктарга да ээ.

 

2.4. Эксперттин милдеттери

 

Эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мыйзам долбоорунун экспертизасын өткөрүүгө жана эксперттик корутунду даярдоого;

2) эксперттик корутунду боюнча түшүндүрмө берүүгө;

3) экспертизаны өткөрүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган, мыйзам тарабынан корголуучу мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сырлардын категориясына киргизилген маалыматтарды ачык жарыялабоого.

Эксперт кызматтык нускамада, эмгектик же жарандык-укуктук келишимде каралган башка милдеттерди да аткарат.

 

3-бөлүм
Экспертизага коюлуучу талаптар

 

3.1. Укуктук экспертиза

 

3.1.1. Укуктук экспертизадан өтүүгө жаткан мыйзам долбоорлору

 

Бардык мыйзам долбоорлору укуктук экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

 

3.1.2. Укуктук экспертизанын максаты

 

Мыйзам долбоорунун төмөнкүлөргө:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына;

2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерге, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерине;

3) Кыргыз Республикасынын укуктук тутумуна жана мыйзамдарына;

4) мыйзам долбоорун даярдоо жана жол-жоболоштуруу эрежелерине, анын ичинде мыйзам чыгаруу техникасынын жана укук ченемдеринин логикалык түзүмүнүн талаптарына ылайыктыгын белгилөө үчүн Стандарттардын талаптарына ылайыктыгына баа берүү укуктук экспертизанын максаты болуп саналат.

 

3.1.3. Эксперттерге коюлуучу талаптар

 

Юридикалык билими жана кесиптик даярдыгы бар, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды даярдоо, талдоо жана баалоо чөйрөсүндө кесиптик тажрыйбага ээ болгон адамдар мыйзамдардын долбоорлоруна укуктук экспертизаны жүзөгө ашыруучу эксперттер болууга тийиш.

 

3.1.4. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыктуулукту баалоо

 

Мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүгө тийиш.

Экспертиза өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аныктоосу зарыл:

1) мыйзам долбоорунун максаттары, милдеттери жана укуктук жөнгө салуу предмети Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген конституциялык түзүлүштүн негиздерине, принциптерине жана ченемдерине карама-каршы келбегендигин;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми бул мыйзамга карата шилтеме болуп саналган учурда мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендигин;

3) мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын конституциялык органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясын белгилөөчү ченемдерине карама-каршы келбегендигин;

4) мыйзам долбоорунда камтылган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Конституциясындагыда камтылгандарга карама-каршы келбегендиги.

 

3.1.5. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерге, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайыктыкты баалоо

 

Мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерге, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.

Экспертиза өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аныкташы зарыл:

1) юридикалык жактан күчүнө кирген эларалык келишимдердин ченемдеринин мыйзам долбоорунун жоболоруна караганда артыкчылык принцибинин сакталгандыгын;

2) мыйзам долбоорунун жөнгө салуу предметине кирген эларалык-укуктук ченемдер толук өлчөмдө аныкталгандыгын;

3) мыйзам долбоорунун жоболору эларалык келишимдерге карама-каршы келбегендигин;

4) мыйзам долбоорунун жоболору эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине карама-каршы келбегендигин;

5) мыйзам долбоорунда алар кабыл алынган учурда улуттук мыйзамдарды жана эларалык келишимдерди шайкеш келтирүүгө (жакындаштырууга, жалпылаштырууга) тоскоолдук кылуучу жоболордун баржок экендигин;

6) мыйзам долбоорунда алар кабыл алынган учурда эларалык келишимдердин максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга тоскоол болуучу жоболордун бар-жок экендигин;

7) мыйзам долбоорунда алар кабыл алынган учурда эларалык келишимдерден келип чыгуучу эларалык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга тоскоол болуучу жоболордун бар-жок экендигин;

8) мыйзам долбоорунда эларалык келишимдердин жоболорун имплементациялоого багытталган жоболордун бар-жок экендигин;

9) ал мыйзам долбоорунда эларалык келишимдердин жоболорун имплементациялоонун зарылдыгынын бар-жок экендигин;

10) улуттук мыйзамдарды жана эларалык келишимдерди шайкеш келтирүүгө (жакындаштырууга, жалпылаштырууга) тоскоолдук кылуучу же эларалык келишимдердин максаттарына, милдеттери менен ченемдерине, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине карама-каршы келүүчү жоболорду болтурбоо максатында мыйзам долбооруна, же колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн зарылдыгынын бар-жок экендигин.

Экспертиза өткөрүүдө мыйзам долбоорунун жоболорунун 1969-жылдын 23-майындагы Эларалык келишимдерин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1999-жылдын 21-июлундагы № 89 "Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгын баалоо да жүргүзүлөт. Экспертиза өткөрүүдө экспертке төмөнкүлөр зарыл:

1) мыйзам долбоорунун жоболору ылайык келүүгө тийиш болгон эларалык келишимди аныктоо;

2) анын жоболорунун акыйкаттуулугун жана расмийлүүлүгүн белгилөө үчүн эларалык келишимдин тилин аныктоо;

3) эларалык келишимдин күчүнө кирүүчү так датасын, ошондой эле колдонуу мөөнөтүн аныктоо;

4) Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине чегинүүлөрдүн бар же жок экенин аныктоо;

5) Кыргыз Республикасынын эларалык келишиминин колдонулушун токтоткон учурдун болгонун же болбогонун аныктоо.

 

3.1.6. Кыргыз Республикасынын укуктук тутумуна жана мыйзамдарына ылайыктыкты баалоо

 

Мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын укуктук тутумуна жана мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.

Экспертиза өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аныктоосу зарыл:

1) мыйзам долбоорунун максаттарын, милдеттерин жана укуктук жөнгө салуу предметин;

2) мыйзам долбоорунун укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик базанын абалын;

3) белгиленген коомдук мамилелерди мыйзам чыгаруу менен жөнгө салуунун зарылдыгын;

4) тандалып алынган ченемдик укуктук актынын: мыйзамдын же кодекстин негиздүүлүгүн;

5) мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун принциптерине ылайыктыгын;

6) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайыктыгын;

7) мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму жана колдонуудагы мыйзамдары үчүн терс натыйжаларга алып келбегендигин;

8) мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана өксүктөрдү четтетүүгө көмөктөшөрүн-көмөктөшпөсүн;

9) мыйзам долбоору бир эле маселелер боюнча мурда чыгарылган мыйзамдардын көптүгүн жоюуга көмөктөшөрүн-көмөктөшпөсүн.

 

3.1.7. Мыйзам долбоорун даярдоо жана жол-жоболоштуруу эрежелерине ылайыктыкты баалоо

 

Мыйзам долбоорунун жоболору мыйзам долбоорун даярдоо жана жол-жоболоштуруу эрежелерине, анын ичинде мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерине жана укук ченемдеринин логикалык түзүлүшүнүн талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Экспертиза өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аныктоосу зарыл:

1) жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн түз козгоочу, же жеке ишкердикти жөнгө салуучу мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо үчүн милдетүү түрдө жарыялоо тууралу талап аткарылганбы, ошондой эле андай жарыялоонун белгиленген тартиби сакталганбы;

2) анда төмөнкүлөр:

- жеке ишкердиктин тиешелүү чөйрөсүндөгү маселелер баяндап жазылган жана бул маселелерди чечүү үчүн эмнеге мамлекеттин кийлигишүүсү талан кылынаарынын баяндамасы;

- жөнгө салуунун максаттарынын аныктамасы;

- маселелерди чечүүчү механизмдердин жана чаралардын баяндамасы;

- сунушталган мыйзам долбоорунун башка жолдорунун баяндамасы;

- бул мыйзамды киргизүүдөн келип чыгуучу чыгымдардын жана пайдалардын эсеби;

- мыйзамдын колдонуу мөөнөтүнүн негиздемеси;

- мыйзамдын колдонулушунун натыйжалуулугун байкоого алууга багытталган чаралардын тизмеги камтылган справканы тиркөө менен ишкердик ишти мыйзамдар менен гана мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү жөнүндө талап аткарылгандыгы;

3) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жалпы техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун тартибине карата талаптар аткарылгандыгы;

4) мыйзам долбоору үчүн, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн, же болбосо анын киреше бөлүгүнүн кыскарышын караган каржылоо булагын аныктоо боюнча талаптар аткарылгандыгы;

5) республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан али бекитиле элек жылдан тартып мыйзам долбоорун колдонууга киргизүү каралган учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган бюджеттик резолюция менен мыйзам долбоорун дал келтирүү жөнүндө талап аткарылгандыгы;

6) мыйзам долбооруна карата түшүндүрмө катта төмөнкү маалыматтар:

- мыйзамды кабыл алуу зарылдыгынын негиздемеси;

- анын мазмунунун кыскача мүнөздөмөсү;

- долбоорду иштеп чыгууга катышкан органдардын жана уюмдардын тизмеги камтылгандыгы;

- укук чыгаруучу органга ушул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган актылар (аталышы, датасы, номери, жарыялоонун расмий булагы, беренелердин, пункттардын номерлери) жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасынын номери жана датасы (тапшырманын көчүрмөсү түшүндүрмө катка тиркелет);

- мыйзам долбоору жөнгө салуучу маселелер боюнча бардык ченемдик укуктук актылар тууралу маалыматтар;

- ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматтар;

- мыйзам долбоорун тиешеси бар органдар жана уюмдар менен макулдашуу жөнүндө маалыматтар;

- мыйзам долбоорун иштеп чыгууда пайдаланылган актылардын тизмеги (аталышы, датасы, номери, жарыялоонун расмий булагы, беренелердин, пункттардын номерлери);

7) мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерине ылайык келерлиги;

8) мыйзам долбоору төмөнкү бөлүктөрдөн:

- божомолдон: бул укуктук ченемдин колдонулуш шарттарынын баяндамасынан;

- жайгашуулардан: божомол менен каралган шарттар болгондо жетекчиликке алынууга тийиш болгон жүрүм-турум эрежесинен;

- чаралардан: божомол менен каралган шарттар болгондо укук ченемдеринин жайгашуусун бузган адамдар үчүн келип чыгуучу натыйжалардан турган укук ченемдеринин логикалык түзүмүнүн талаптарына ылайык келгендигин.

Эксперт укук ченемдеринин логикалык түзүмүнүн бөлүктөрү, айрым учурларда, мыйзам долбоорунун аркыл статьяларында же мыйзамдын башка долбоорунда болуп калышы мүмкүн экенин эсине алып коюусу зарыл.

Эксперт мыйзам долбооруна тиркелген документтердеги маалыматтарды баалоосу зарыл. Атап айтканда, бул каржы-экономикалык эсептөөлөр, өткөрүлгөн илимий жана башка адистештирилген экспертиза актылары, статистикалык маалыматтар, кабыл алынып жаткан мыйзамдын колдонулушунун социалдык, экономикалык, юридикалык жана башка мүмкүн болуучу натыйжалары.

Эксперт негизги мыйзам долбоорун колдонууга киргизүүнүн тартибин аныктоочу жана негизги мыйзам долбоорунун жоболору менен бирдикте анын айрым жоболорун колдонуунун өзгөчөлүгүн белгилөөчү мыйзам долбоорунун жоболорун баалоону жүргүзүүсү зарыл.

 

3.1.8. Тыянактар жана сунуштар

 

Жүргүзүлгөн укуктук экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт төмөнкү жыйынтыктардын бирине токтолгон экспертиза корутундусун даярдайт:

1) мыйзам долбоору ушул Стандарттарда камтылган талаптарга ылайык келет;

2) мыйзам долбоору ушул Стандарттарда камтылган талаптарга ылайык келбейт;

3) мыйзам долбоорунун айрым жоболору ушул Стандарттарда камтылган талаптарга ылайык келбейт жана жеткире иштеп чыгууну талап кылат.

 

3.2. Укук коргоо экспертизасы

 

3.2.1. Укук коргоо экспертизасын өтүүчү мыйзам долбоорлору

 

Адам укуктарын коргоонун бирдиктүү стандарттарын камсыз кылуу максатында адамдын жашоо сунуш бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын долбоорлору укук коргоо экспертизасын өтүүгө тийиш.

 

3.2.2. Укук коргоочулук экспертизанын максаты

 

Мыйзам долбоорунун адам укуктарын коргоонун стандарттарына ылайыктыгын баалоо укук коргоо экспертизасынын максаты болуп саналат.

 

3.2.3. Адам укуктарын камсыз кылуунун негиз болуучу принциптери

 

Мыйзам долбоорлорунун укук коргоо экспертизасы адам укуктарын камсыз кылуунун төмөнкү негиз болуучу принциптерине негизденет:

- адам укуктары ага төрөлгөндөн тартып таандык болот, алар бөлүнгүс жана ажыратылгыс болуп саналышат;

- адам укуктары универсалдуу, теңчилдик, анын ичинде эркектер менен аялдардын тең укуктуулук принцибине негизделген;

- адам укуктары Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы алдында турган ар бир кишиге кепилдик кылынган;

- адам укуктары - жогорку баалуулук, ал эми аларды урматтоо, сактоо жана коргоо - мамлекеттин милдети;

- оң маанидеги басмырлоону кошпогондо укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылуу ар кандай белгилер боюнча басмырлоо менен сыйышпайт;

- бардык адамдар өз аброй жана укуктарында теңчиликтүү жана бири бирине карата бир туугандык мамиледе болууга тийиш, мында демократиялык коомдо зарыл болгон бир адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин тийиштүү деңгээлде тааныганда жана урматтаганда гана жол берилет;

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында негизги укуктар жана эркиндиктер бирдей болууга тийиш, аларды жөнгө салуу - мамлекеттик бийлик органдарынын, ал эми камсыз кылуу жана коргоо - мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын биргелешкен иштери;

- жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жана эркиндиктер өздөрүнүн мааниси боюнча тең нарктуу, бирдиктүү (бөлүнгүс) жана өзара байланыштуу.

 

3.2.4. Эксперттерге коюлуучу талаптар

 

Адам укуктарынын теориясы жаатында билимге ээ жана адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө даярдыгы, ошондой эле кесиптик тажрыйбасы бар адамдар мыйзам долбоорлоруна укук коргоо экспертизасын жүзөгө ашыруучу эксперт болууга тийиш.

 

3.2.5. Адам укуктарын коргоо стандарттары түшүнүгү

 

Эларалык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде жана колдонуудагы мыйзамдарында камтылган адам укуктарын коргоо боюнча укуктук ченемдер адам укуктарын коргоонун стандарттары болуп саналат.

Адам укуктарын коргоонун стандарттары адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин тизмегин, алардын мазмуну менен жол берилүүчү чектөөлөрдү, ошондой эле аларды коргоонун механизмдерин белгилейт жана аныктайт.

Адам укуктары жана эркиндиктери бардык мыйзамдардын жана мыйзамга баш ийген актылардан артыкчылыкка ээ болот, ошондон улам укук коргоо экспертизасын өткөрүүдө адам укуктарын коргоонун Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган стандарттарын жетекчиликке алуу зарыл.

Адам укуктарын коргоонун стандарттары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдеринде жана адам укуктарынын маселелери боюнча келишимдерде каралган стандарттардан турат. Стандарттар мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат.

Адам укуктарынын стандарттарына ылайыктыгына укук коргоо экспертизасы ченемдик укуктук актылардын белгиленген баскычтары боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.

 

3.2.6. Укук коргоо экспертизасын өткөрүүнүн баскычтары

 

Мыйзам долбооруна укук коргоо экспертизасы төмөнкү негизги этаптарга ылайык жүргүзүлөт:

1) мыйзам долбоору козгогон адам укуктарынын чөйрөсүн белгилөө;

2) экспертизага камтылган укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды талдоо;

3) мыйзам долбоорунун жоболорунун адам укуктарын коргоо стандарттарына ылайыктыгын баалоо.

 

3.2.7. Мыйзам долбоорунда козголуучу адам укуктарынын чөйрөсүн белгилөө

 

Бул этапта эларалык ченемдерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык адам укуктарынын жана эркиндиктеринин негизинде мыйзам долбоорунда козголуучу адам укуктарынын чөйрөсү белгиленет.

 

3.2.8. Экспертизага камтылган укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды талдоо

 

Укук коргоочулук экспертиза өткөрүүнүн бул этабында төмөнкүлөр зарыл:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча каралып жаткан адам укуктары чөйрөсүнүн коргоо стандартын белгилөө;

2) Кыргыз Республикасы үчүн колдонуудагы эларалык укуктук ченемдер боюнча каралып жаткан адам укуктары чөйрөсүнүн коргоо стандартын белгилөө;

3) адам укуктарынын коргоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган стандарты менен ал укуктарды коргоонун эларалык укуктарда белгиленген стандартын салыштыруу.

Эларалык укукта бекитилген адам укуктарын коргоонун стандарты төмөнкүлөрдү талдоо жолу менен аныкталат:

1) эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин;

2) эл аралык келишимдердеги Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген ченемдерди;

3) эларалык жумшак укуктун аркыл актыларындагы ченемдерди.

Эларалык ченемдерди талдоодо Кыргыз Республикасында адам укуктары менен эркиндиктери Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери менен бир катарда, анын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерине ылайык тааныларынан жана кепилденеринен келип чыгууга тийиш.

Колдонуу үчүн ички мамлекеттик укуктук актыны чыгарууну талап кылбаган Кыргыз Республикасынын расмий жарыяланган эларалык келишимдеринин жоболору, Кыргыз Республикасынын аймагында түздөнтүз колдонулат. Башка учурларда Кыргыз Республикасынын эларалык келишими менен бир катарда, көрсөтүлгөн эларалык келишимдин жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган тийиштүү ички мамлекеттик укуктук актыны да колдонуу керек.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген адам укуктарын коргоо стандарты Кыргыз Республикасынын Конституциясынан баштап, улуттук мыйзам чыгаруу актыларын талдоо жолу менен аныкталат.

Улуттук мыйзамдардын Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эларалык укуктун актыларына ылайыктыгын талдоого алууда улуттук мыйзамдар эларалыкка караганда кем эмес укуктарды кепилдеши керек экенин эсепке алуу зарыл. Мында улуттук мыйзамдар көбүрөөк укуктарды кепилдениши мүмкүн.

Эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин улуттук мыйзам чыгаруунун ажырагыс бөлүгү катары жарыялоо ал ченемдердин эларалык маанисин өзгөртпөйт. Ошондуктан адам укуктарын коргоонун эларалык стандарттарын колдонууда, өзгөчө аларды чечмелөөдө, эларалык актылардын өздөрүндө эле эмес, ошондой эле эларалык сот жана башка органдардын чечимдеринде бышыкталган жалпы принциптерди жетекчиликке алуу зарыл.

Эгерде алар жалпыга маалымдоо үчүн расмий жарыяланбаса ал жөнүндө тиешелүү жазуу экспертизалык корутундуда милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш, анда улуттук мыйзамдарды талдоо адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин, милдеттерин козгоочу мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук акыларга негизденүүсү мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган коргоо стандартында эларалык стандартта каралгандагыдан көбүрөөк кепилдиктер белгиленген учурда дал ошол стандарт колдонулат, а эгерде аз болсо - анда эларалык стандарт колдонулуучу болуп саналат.

 

3.2.9. Мыйзам долбоорунун жоболорунун адам укуктарын коргоо стандарттарына ылайыктыгын баалоо

 

Укук коргоо экспертизасын өткөрүүнүн бул этабында мыйзам долбоорунун төмөнкүлөргө ылайыктыгы баалануусу зарыл:

1) концепциянын адам укуктарын коргоонун тиешелүү стандартынын өзөгүндө турган негизги идеяларга жана максаттарга ылайыктыгы;

2) адам укуктарын коргоонун Кыргыз Республикасында белгиленген стандартына ылайыктыгы;

3) аракеттеги мамлекеттик институттардын компетенцияларына бул мыйзам долбоорунда каралган ыйгарым укуктардын ылайыктыгы;

4) адамдын тиешелүү укугун ишке ашыруу жана коргоо жолжобосунун натыйжалуулугу;

5) мында каралган адам укуктарын чектөөлөрдүн жөндүүлүгү.

Мыйзам долбоорунун жоболорун, ушул чөйрөдө сактоо зарыл болгон укуктарды коргоо стандарты менен салыштырууда башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, Конституцияда, эларалык келишимдерде жана мыйзамдарда каралган учурларда коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоо максаттарында гана жол берилүүчү, мыйзам долбоорунда каралган адам укуктары менен эркиндиктерин чектөөлөрдүн жөндүүлүгүнө көңүл буруу зарыл.

Адам укуктарын чектөөнү караган мыйзам долбоору төмөнкү негиз болуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш:

- мыйзам күчүнө киргенден кийин, ар кимге жеткиликтүү болууга тийиш;

- тиешелүү укуктук ченемдерди колдонуу жөнүндө жетиштүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ар ким ээ болууга;

- укуктук ченем жетиштүү деңгээлде так жана ачык түшүнүктүү баяндалууга керек.

Эгерде мыйзам долбоорунда чектөө каралса, анда бул чектөөлөрдүн зарылдыгы демократиялык коомдо аныкталат.

Чектөөлөрдүн зарылдыгын талдоодо көздөлгөн максаттар менен укуктарды жана эркиндиктерди чектөөдө колдонулуучу каражаттардын теңдештиги текшерилет. Чектөөлөр абдан аз жана корголуп жаткан максаттарга тең болууга тийиш. Мында адам укуктары менен эркиндиктеринин түпкү маани-маңызына шек келиши мүмкүн эмес.

Мында укуктардын айрым категориялары эч кандай жагдайларда чектелүүсү мүмкүн эмес экенин унутпоо керек. Мындай укуктарга жашоо укугу, кыйноолордон же катаал, адамкерчиликсиз же абройду кемсинтүүчү мамилелерден же жазалардан, кулчулуктан эркин болуу укугу, келишимдик милдеттенмелерди аткарбаган учурларда жазык мыйзамдарынын кайтара күчүн колдонуу укугу, анын укук субъектилик укугун таануу укугу, ойлонуу, абийир жана дин тутуу эркиндигинин укугу кирет.

Мыйзам долбоорунун жоболорун адам укуктарын коргоонун тиешелүү стандартына салыштырууда, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун, адекваттуу жана максатка ылайыктуу, натыйжалуу, жеткиликтүү укуктук коргонуу каражаттары менен камсыз кылынышын текшерүү зарыл.

Мыйзам долбоорунда ар кимдин мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын, анын укуктарын жана эркиндиктерин бузган кандай гана болбосун аракеттерине (аракетсиздиктерине) Кыргыз Республикасынын сот органдарына жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоонун эларалык органдарына даттанууга укуктуулугу бекемделиши керек.

Мыйзам долбоорунда козголгон укуктар мамлекет тарабынан канчалык деңгээлде төмөнкү процесстик ченемдерде бекитилүү менен коргоого алынганын текшерүү керек:

- даттанууларды биринчи тез кароо;

- арыздануучуну даттануу берүүдө мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотуу;

- тынч элдешүү макулдашуусуна келүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоо;

- соттун чечимин аткарбаган кызмат адамдарына, аларды ээлеген кызмат орундарынан бошотууга чейинки жогорулатылган талаптарды коюу;

- моралдык зыяндардын ордун толтуруу жана башка.

Соттук коргоо укугу бардык башка укуктар менен эркиндиктердин кепилдиги болуп саналат жана кандайдыр бир, өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда дагы чектөөлөргө алынбайт.

 

3.2.10. Тыянактар жана сунуштар

 

Укук коргоо экспертизасынын натыйжалары боюнча эксперт экспертизалык корутунду түзүп, анда ал төмөнкү тыянактардын бирин чыгарат:

- мыйзам долбоору каралып жаткан адам укуктарынын чөйрөсүндө коргоо стандартына толук өлчөмдө ылайык келет;

- мыйзам долбоору каралып жаткан адам укуктарынын чөйрөсүндө коргоо стандартына толук эмес өлчөмдө ылайык келет жана жеткире иштеп чыгууну талап кылат;

- мыйзам долбоору каралып жаткан адам укуктарынын чөйрөсүндөгү коргоо стандартына толук өлчөмдө ылайык келбейт, адам укугунун бузулушуна алып келет.

Эксперттин тыянагы экспертизалык корутундуда негизделиши керек.

Зарыл болгондо эксперт мыйзам долбооруна карата каралып жаткан адам укуктарынын чөйрөсүндө коргоо стандартына ылайык келген жоболор иштелип чыгылган сунуштарды даярдоого тийиш.

 

3.3. Гендердик экспертиза

 

3.3.1. Гендердик экспертизадан өтүүчү мыйзамдардын долбоорлору

 

Укуктарды, милдеттерди теске салууда жыныстык таандыгына карабастан адамдардын мүмкүнчүлүктөрүндөгү жана жоопкерчиликтериндеги мүмкүн болуучу теңсиздиктерди болтурбоо максатында адамдын жашоо тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын долбоорлору гендердик экспертизадан өтүүсү керек.

 

3.3.2. Гендердик экспертизанын максаты

 

Мыйзам долбоорунун жоболорунда укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтердин, мүмкүнчүлүктөрдүн, эркектер жана аялдар үчүн теңчиликтүү өнөктөштүк мамилелердин жана бирдей маанилүү жыйынтыктардын сакталуусун, аларда гендердик басмырлоого жол берилбөөсүн баалоо гендердик экспертизанын максаты болуп саналат.

 

3.3.3. Гендердик экспертизанын атайын принциптери

 

Гендердик экспертизанын атайын принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жынысына карабастан адамдын эркин жашоо тиричилик өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу адам укуктарын сактоо;

2) жашоонун бир кыйла басмырлоочу жана улуттук мыйзамдар менен эларалык келишимдердин жоболоруна ылайык гендердик басмырлоо болуп саналбаган чөйрөсүндө жыныстардын бириндеги адамдарды колдоого багытталган ченемдерди колдонуу;

3) жынысына карабастан адамдарга карата мээримдүү жана адилет мамиле кылуу.

 

3.3.4. Эксперттерге коюлуучу талаптар

 

Гендердик экспертизаны жүзөгө ашыруучу адамдар төмөнкүдөй болуулары тийиш:

1) гендердик теңчилик жана адам укуктарынын теориясы чөйрөсүндө билимдерге ээ болууга;

2) гендердик теңчиликке жетүүдө жолтоо болуучу (маданий, диндик, институционалдык, экономикалык, саясый жана башка) бөгөттөрдү ажырата билүүгө жөндөмдүү болууга;

3) гендердик теңчиликке жетүүнүн бөгөттөрүн жумшартуу жана жоюу боюнча эларалык жана улуттук тажрыйбаны билүүгө.

 

3.3.5. Гендердик теңчилик категориялары

 

Гендердик теңчилик категориялары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) адам укуктары саясий, жарандык, экономикалык, социалдык жана маданий укуктардын жана эркиндиктердин универсалдуу стандарты катары;

2) адам укуктары аялдардын укугу катары;

3) адам укуктары эркектердин укугу катары;

4) эркектердин жана аялдардын эркиндиктери, милдеттери, жоопкерчилиги;

5) теңчиликтүү мүмкүнчүлүктөр жана теңчиликтүү өнөктөштүк мамилелер.

 

3.3.6. Гендердик экспертиза өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

Гендердик экспертиза өткөрүүдө төмөнкүлөр зарыл:

1) долбоордун гендердик теңчиликке жетишүү жаатындагы мамлекеттик саясатка ылайыктыгын текшерүүнү жүзөгө ашыруу;

2) өлкөдөгү учурдагы гендердик абалды, долбоор жоболорунун аркыл социалдык топторго аргандай таасир этүүлөрүн эсепке алуу;

3) эркектер менен аялдардын аркыл социалдык-экономикалык абалдарын жана ролдорун эсепке алуу;

 

3.3.7. Гендердик экспертиза өткөрүүнүн баскычтары

 

Гендердик экспертиза өткөрүүнүн биринчи баскычында экспертизалоочу төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

1) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана гендердик теңчилик маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерине ылайыктыгына талдоо жүргүзүү;

2) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайыктыгына талдоо жүргүзүү;

3) мыйзам долбоорунун жоболорун гендердик теңчиликтин ар бир категориясы менен салыштыруу;

4) мыйзам долбоорунда колдонулган терминдерди жана түшүнүктөрдү пайдалануунун тууралыгын текшерүү.

Гендердик экспертиза өткөрүүнүн экинчи баскычында эксперт төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

1) гендердик талдоонун жардамы менен мыйзам долбоору өзгөртүүсүз кабыл алынган учурда, күтүлгөн гендердик-социалдык өнүгүүнү аныктоого;

2) ал кабыл алынган учурда, гендердик басмырлоого жол бербөө максатында, мыйзам долбоорунун жоболорунун эркектерге жана аялдарга таасирин болжолдоого;

3) гендердик-тең салмакталган жоболорду бышыктоо максатында мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн зарылдыгын иликтөөгө.

Гендердик талдоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) жыныс белгилери боюнча бөлүштүрүү менен зарыл болгон статистикалык маалыматтарды жыйноонун;

2) ар кандай жыныстагы адамдардын ресурстарга жана ыңгайлуулуктарга жетүү жана аларды көзөмөлдөө деңгээлин ачып көрсөтүүнүн;

3) эркектер менен аялдардын практикалык жана стратегиялык муктаждыктарын, чектелүүлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн иликтөөнүн;

4) эркектер менен аялдардын стратегиялык кызыкчылыктарына байланыштуу чектелүүлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтүүнүн.

Гендердик экспертиза өзүнө буларды камтыйт:

1) анын кабыл алынышы аркыл жыныстагы адамдар үчүн аргандай натыйжаларды берүүчү жоболорду бөлүп көрсөтүү менен мыйзам долбоорунун теске салуучу предметин аныктоону;

2) мыйзам долбоорунун кабыл алынышынын натыйжаларын болжолдоону жана анын айрым жоболорунун жөнгө салуунун тиешелүү чөйрөсүндөгү корголгон кызыкчылыктар менен эриш-аркактыгын талдоого алууну;

3) мыйзам долбоорун кабыл алуунун натыйжасында пайда болуучу узак мөөнөттүү натыйжаларды болжолдоону;

4) мыйзам долбоорун кабыл алуунун натыйжаларын жалпылоону жана талдоого алууну, тийешелүү сунуштарды иштеп чыгууну.

Мыйзам долбоорунун жоболорунун аркыл жыныстагы адамдарга жол берилген белгилүү таасир этүү жана таасир тийгизүү деңгээлин баалоо гендердик талдоонун натыйжасы болуп саналат.

Гендердик талдоонун жүрүшүндө мыйзам долбооруна мыйзам долбоору жөнгө салуучу коомдук мамилелер чөйрөсүндө басмырлоо абалында калган жыныстардын биринин адамдарын колдоо үчүн атайын убактылуу чараларды белгилөөчү жоболорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо зарыл.

 

3.3.8. Тыянактар жана сунуштар

 

Гендердик экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт экспертизалык корутунду жасайт, анда ал төмөнкү тыянактардын бирин чыгарат:

1) мыйзам долбоору гендердик жактан сезимтал - долбоор жашоонун белгилүү бир чөйрөсүндө, жыныстардын басмырланган абалдагы статусун көтөрүү жолу менен гендердик теңчиликти камсыз кылууга көмөктөшөт, айрым жоболордун эркектерге жана аялдарга таасир этүү айырмачылыктарын эсепке алат;

2) мыйзам долбоору гендердик жактан багыттуу - долбоор аларга максаттуу айрым артыкчылыктарды берүү жолу менен жыныстардын биринин кыйла төмөнкү статусунун кесепеттерин өзгөртүүгө жөндөмдүү;

3) мыйзам долбоору гендердик-бейтараптуу - долбоор гендердик бөлүнүүгө таасир этпейт, гендердик теңсиздиктин тереңдешине алып келбейт жана эркектерге дагы, аялдарга да бирдей таасир тийгизет;

4) мыйзам долбоору басмырлоочулуктуу;

5) мыйзам долбоорунун же эркектердин пайдасына, же аялдардын пайдасына гендердик асимметриясы бар;

6) мыйзам долбоору эркектер жана аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү карабайт;

7) мыйзам долбооруна убактылуу атайын чараларды белгилөөчү жоболорду киргизүү зарыл.

Эксперттин тыянактары экспертизалык корутундуда негизделиши керек.

Зарыл болгондо эксперт мыйзам долбооруна карата гендердик жактан сезимтал жана гендердик жактан багытталуу жоболор иштелип чыгылган сунуштарды даярдоого тийиш.

 

3.4. Коррупцияга каршы экспертиза

 

3.4.1. Коррупцияга каршы экспертизадан өтүүчү мыйзамдардын долбоорлору

 

Коррупцияга каршы экспертизадан төмөнкү мыйзамдардын долбоорлору өтүүсү тийиш:

1) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын, эркиндиктери менен милдеттерин камсыз кылуу, коомдук бирикмелердин жана ЖМК, мамлекеттик бюджет, салык тутуму, укук бузуулар менен күрөшүү, ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелерин жөнгө салууга багытталган жоболорду камтыган;

2) жалпы элдик органдардын, кызмат адамдарынын, алардын ченем чыгаруучу, көзөмөлдөөчү, уруксат берүүчү, каттоочу, юрисдикциялык ыйгарым укуктары менен кошо алгандагы ыйгарым укуктарын жөнгө салууга багытталган жоболорду камтыган.

 

3.4.2. Коррупцияга каршы экспертизанын максаты

 

Мыйзам долбоорунун жоболорун, аларда коррупциялык факторлор камтылбаганын баалоо жолу менен коррупциялык жоболордун пайда болуусунун алдын алуу коррупцияга каршы экспертизанын максаты болуп саналат.

 

3.4.3. Эксперттерге коюлуучу талаптар

 

Юридикалык билими жана кесиптик даярдыгы, ошондой эле мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу предметине тиешелүү чөйрөдө кесиптик тажрыйбасы бар адамдар мыйзам долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертизаны жүзөгө ашыруучу эксперттер болууга тийиш.

Зарыл болгондо башка адистер да тартылышы мүмкүн.

 

3.4.4. Коррупцияга каршы экспертизанын этаптары

 

Коррупцияга каршы экспертиза өткөрүүнүн этаптары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзам долбоорунун жоболорунун коррупцияга каршы экспертизанын жалпы талаптарына ылайыктыгын баалоо;

2) мыйзам долбоорунун жоболорунун коррупцияга каршы экспертизанын атайын талаптарына ылайыктыгын баалоо.

 

3.4.5. Коррупцияга каршы экспертиза өткөрүүгө карата жалпы талаптар

 

Коррупцияга каршы экспертиза өткөрүүгө карата жалпы талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган ченемдерине ылайыктыгына талдоо жүргүзүү;

2) мыйзам долбоорунун жоболорунун коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясатка жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган программалык документтерге ылайыктыгына талдоо жүргүзүү;

3) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы эларалык келишимдердин жоболоруна ылайыктыгына талдоо жүргүзүү;

4) мыйзам долбоорунун жоболорунун Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайыктыгына талдоо жүргүзүү;

5) мыйзам долбоорунда колдонулган түшүнүктөрдүн жана терминдердин пайдаланылышынын тууралыгын текшерүү.

 

3.4.6. Коррупцияга каршы экспертиза өткөрүүгө карата атайын талаптар

 

Мыйзам долбоорунун жоболорун, аларда коррупциялык факторлордун, анын ичинде төмөнкүлөрдүн:

1) мыйзам долбоорунун бланкттык жана (же) шилтеме жоболорунун болуусу;

2) ведомстволук жана (же) чакан ченем чыгаруу боюнча кеңейтилген укуктарды болуусу;

3) мыйзам долбоорунун жоболорунун күчөтүлгөн талаптарынын (администрациялык бөгөттөрдүн) болуусу;

4) кызмат адамынын дискрециондук ыйгарым укуктарынын болуусу;

5) жалпы элдик органдардын, кызмат адамдарынын компетенцияларын "укуктуу" деген туюндурмада аныктоо;

6) сынактык жолжоболордун жоктугу;

7) кызмат адамдары үчүн адистештирилген, майда-чүйдөгө чейин баяндалган тыюулардын жана чектөөлөрдүн жоктугу;

8) жалпы элдик органдар, кызмат адамдары тарабынан жасалган укук бузуулардын белгиленген курамдарынын, ошондой эле алардын . айкын жоопкерчиликтеринин жоктугу;

9) маалымат алуу жетүүнүн жолжоболорунун жоктугу;

10) жалпы элдик органдарды, кызмат адамдарын көзөмөлдөөнүн, анын ичинде коомдук көзөмөлдөөнүн жоктугу;

11) "кызыкчылыктар карама-каршылыгынын" болуусу камтылганын баалоо коррупцияга каршы экспертиза өткөрүүгө карата атайын талаптар болуп саналат.

 

3.4.7. Тыянактар жана сунуштар

 

Өткөрүлгөн коррупцияга каршы экспертиза натыйжалары боюнча эксперт экспертизалык корутунду даярдайт, анда ал төмөнкүлөр жасоого тийиш:

1) алардын тизмегин көрсөтүү менен мыйзам долбоорунун жоболорунда коррупциялык факторлордун барлыгы же жоктугу жөнүндө өзүнүн тыянактарын баяндоого;

2) мыйзам долбоорунун коррупциялык факторлорду камтыган жоболорун алып салуу же өзгөртүү боюнча негизделген сунуштарын даярдоого.

 

3.5. Экологиялык экспертиза

 

3.5.1. Экологиялык экспертизадан өтүүгө тийиш болгон мыйзам долбоорлору

 

Экологиялык экспертизадан төмөнкү мыйзамдардын долбоорлору өтүүгө тийиш:

1) жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экологиялык коопсуздук жана калктын саламаттыгы чөйрөлөрүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу жоболорду камтыган;

2) жерлердин, токойлордун, суу объекттеринин, экотутумдун жана башка жаратылыштык же жаратылыштык-чарбалык объекттердин укуктук статустарын өзгөртүүгө багытталган жоболорду камтыган;

3) экономиканын тигил же бул тармактарынын, анын ичинде өнөр жай, транспорт, шааркурулушунун өнүгүшүн жөнгө салуучу жоболорду камтыган;

4) туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин козгогон жоболорду камтыган.

Мыйзам долбоорлорунун көрсөтүлгөн тизмеги толук болуп саналбайт.

 

3.5.2. Экологиялык экспертизанын максаты

 

Мыйзам долбоорунун экологиялык тобокелчиликтерин төмөндөтүү жана эсепке алуу аркылуу жаратылыш ресурстарынын жана айлана чөйрөнүн абалынын калктын саламаттыгына тийгизүүчү мүмкүн болгон терс таасирлеринин алдын алуу экологиялык экспертизанын максаты болуп саналат.

 

3.5.3. Экологиялык экспертизанын атайын принциптери

 

Экологиялык экспертизаны өткөрүүдө экспертизалоочу "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген принциптерди жетекчиликке алат.

 

3.5.4. Экспертке коюлуучу талаптар

 

Экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруучу эксперттер, төмөнкүдөй адамдар болуулары тийиш:

1) айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөлөрүндө теориялык билимдерге ээ;

2) улуттук мыйзамдарды, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерди, айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөлөрүндө эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин билген;

3) экологиялык кризисти жумшартуу, экологиялык маселелерди чечүү жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча улуттук жана эларалык тажрыйбаны билген.

 

3.5.5. Экологиялык экспертизанын этаптары

 

Экологиялык экспертиза өткөрүүнүн этаптары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзам долбоорунун жоболорунун улуттук мыйзамдарга, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдерге, айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөлөрүндөгү жалпы таанылган принциптерге жана ченемдерге ылайыктыгын баалоо;

2) мыйзам долбоорунун жоболорунун экологиялык экспертизанын атайын талаптарына ылайыктыгын баалоо;

 

3.5.6. Экологиялык экспертизанын атайын талаптары

 

Экологиялык экспертизаны өткөрүүдө эксперт төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

1) мыйзам долбоорунун улуттук жана эларалык экологиялык талаптарга ылайыктыгын белгилөөнү;

2) аркыл субъекттердин айлана чөйрөнү коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүнө мыйзам долбоорунун таасирин аныктоону;

3) мыйзам долбоорунун жоболорунун экологиялык баа берүүнүн тутумдук бөлүктөрүнө: жаратылыш ресурстарын пайдаланууга, жаратылышты коргоого, экологиялык коопсуздукка жана калктын саламаттыгына таасир этүүсүн аныктоого.

 

3.5.7. "Жаратылыш ресурстарын пайдалануу" бөлүгүнө карата талаптар

 

Жаратылыш ресурстарынын абалы - жаратылышты керектөөнүн табигый булактарынын (токойлордун, пайдалуу кен байлыктар корунун, айбанаттардын өнөржайлык түрлөрүнүн) сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнүн абалы өлкөнүн өнүгүүсү жана экономикалык өсүшү үчүн аныктоочу база.

Бул бөлүккө карата талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзам долбоорунда мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууну көзөмөлгө алуу иш-милдеттерин аларды пайдалануу боюнча иштер менен айкалыштырууга жол бербөө принциби сакталгандыгы;

2) мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдуу күчүнө кирген эларалык келишимдерде аныкталган жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча эрежелер жана чек коюулар, чектөөлөр эсепке алынгандыгы;

3) мыйзам долборлорунун жоболору коргоо, кайра өндүрүү жана жүргүзүлүп жаткан иштердин жаратылыш ресурстарына тийгизген таасиринин мониторинги боюнча чараларды карагандыгы, ал ишчараларды каржылоонун булактары аныкталгандыгы;

4) жаратылыш ресурстарын пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн мыйзам долбоорундагы ставкалары менен ченемдери даанабы жана Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жаратылыш ресурстарына жана экотутумга таасир этүүгө карата эларалык стандарттарга ченемдеш болуп саналабы;

5) айлана чөйрөгө зыян келтиргендик үчүн чаралар, терс таасирлерди болтурбай коюу үчүн жетиштүү болуп саналабы;

6) мыйзам долбоорунда жаратылышты пайдалануу аймагында жашаган жергиликтүү коомчулуктун жаратылыш ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишүүлөрүнүн механизми каралганбы;

7) жаратылыш пайдалануу жана жаратылышты сактоонун салттуу түрлөрүн сактоо принциби сакталгандыгы;

8) мыйзам долбоорунда жаратылыш ресурстарынын табигый жаңылануусуна тоскоол болуучу аракеттерди жана иштерди чектөөнүн механизмдери каралганбы.

 

3.5.8. "Жаратылышты коргоо" бөлүгүнө карата талаптар

 

Экотутумдун абалы - адамдын жашоосу менен саламаттыгы жана жаратылыш ресурстарынын калыбына келүүсү үчүн зарыл шарттарды кармап туруучу жаратылыштын өзалдынча калыбына келүү тутумдарынын сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнүн абалы.

Бул бөлүккө карата талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзамды колдонуунун экологиялык тутумдардын абалына тийгизген оң жана терс кесепеттерин талдоонун болуусу;

2) мыйзам долбоорундагы экотутумдардын күчтүүлүгүн жана экотутумдук милдеттерди (кыртыш түзүү, суу бөлүштүрүү, аба-ырайын тескөө) аткаруусун төмөндөтүүгө багытталган жоболорду алып салуу;

3) мыйзам долбоорунун өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жана объекттеринин абалына терс таасирин тийгизүүчү жоболорун жоюу;

4) терс таасирлерди азайтуу жана калыбына келтирүү боюнча чаралардын болушу;

5) айлана-чөйрөгө зыян келтиргендик үчүн терс таасирлерди болтурбай коюу үчүн жетиштүү болгудай чаралардын болуусу;

6) табигый экотутумдарга жана ландшафтардын эстетикалык ажайыптыгына таасир тийгизилген учурда кабарлоо жана коомчулуктун катышуу механизиминин болуусу;

7) улуттук же эларалык коргоо статусу бар ландшафттарын кошо алганда мыйзам долбоорунун баалуу же жетишсиз корголгон райондорго таасир этүү деңгээлине баа берүүнүн болуусу;

8) өзгөчө коргоодогу жана табигый экотутумдардын аянттарын арбытууга багытталган жоболордун болуусу;

9) өзгөчө коргоодогу жана табигый экотутумдардын абалын начарлантууга же аянттарын азайтууга багытталган жоболорду жоюу.

 

3.5.9. "Экологиялык коопсуздук жана калктын саламаттыгы" бөлүгүнө карата талаптар

 

Экологиялык коопсуздук жана калктын саламаттыгынын деңгээли адамдын жана коомдун аларга антропогендик жана табыгый таасир этүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон тобокелчиликтер коргоп калуунун шарты менен каражаты катары инсандын, коомдун, айлана чөйрөнүн жашоо үчүн маанилүү кызыкчылыктарынын корголуу абалынын критерийлери жана көрсөткүчтөрү.

Бул бөлүккө карата талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) экологиялык коопсуздукка жана калктын саламаттыгына таасир этүүнүн мүмкүн болгон тобокелчиликтерин табуу, болжолдоо жана баалоо;

2) калктуу конуштардагы айлана чөйрө көрсөткүчтөрүнүн сапатынын начарлашына багытталган жоболордун жол берилбестиги;

3) күтүлгөн экологиялык таасирлердин жана натыйжалардын мүнөзүн: узактыгын, кайра калыбына келүүсүн, көлөмүн жана өлчөмүн баалоонун болуусу;

4) мыйзам долбоорунун экологиялык коопсуздукка жана калктын саламаттыгына тийгизген таасири жөнүндө жаратылышты коргоо органдарынын жана саламаттык сактоо органдарынын корутундуларынын болуусу;

 

3.5.10. Тыянактар жана сунуштар

 

Өткөрүлгөн экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт экспертизалык корутунду даярдайт, анда ал төмөнкү тыянактардын бирин чыгарат:

1) мыйзам долбоору экологиялык жактан жагымдуу болуп саналат мыйзамды кабыл алуунун жана колдонуунун натыйжасы экотутумдардын абалынын жакшыруусуна жана айлана-чөйрө менен калктын саламаттыгынын абалына тийүүчү терс таасирлердин жоюлушуна алып келет;

2) мыйзам долбоору экологиялык багытта болуп саналат - мыйзамды кабыл алуунун жана колдонуунун натыйжасы айлана чөйрө менен жана калктын саламаттыгынын абалына тийип жаткан терс таасирлердин кесепеттерин өзгөртүүгө көмөк берет;

3) мыйзам долбоору экологиялык бейтарап болуп саналат - мыйзамды кабыл алуунун жана колдонуунун натыйжасы айлана-чөйрөнүн жана калктын саламаттыгынын абалын начарлатпайт;

4) мыйзам долбоору экологиялык терс таасирлүү болуп саналат - мыйзамды кабыл алуунун жана колдонуунун натыйжасы түздөнтүз же кыйыр түрүндө айлана-чөйрөнүн жана калктын саламаттыгынын абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн.

Зарыл болгондо эксперт мыйзам долбооруна карата экологиялык жактан жагымдуу жана экологиялык багытта жоболор иштелип чыгылган сунуштарды даярдоого тийиш.

 

4-бөлүм
Экспертиза уюштуруунун тартиби

 

4.1. Экспертиза дайындоо үчүн негиз

 

Комитеттин экспертиза дайындоо жөнүндө чечими экспертиза дайындоо үчүн негиз болуп саналат.

Экспертиза дайындоо жөнүндө чечим ушул Стандарттардын 1.5-пунктунун талаптарын эсепке алуу менен кабыл алынат.

 

4.2. Мыйзам долбоорун коштоочу документтер

 

Эксперт экспертизанын материалдарын төмөнкүлөр менен кошо алгандан кийин экспертизага киришет:

1) мыйзам долбоорунун текстин;

2) аны кабыл алуу зарылдыгынын негиздемесин;

3) укуктук жөнгө салуунун ушул чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалы жөнүндө справканы;

4) мыйзам долбоорунун жоболорун ишке ашыруу үчүн өзгөртүлүшү же кабыл алынышы тийиш болгон мыйзамдардын же мыйзамга баш ийген актылардын тизмегин;

5) каржы-экономикалык негиздемени;

6) мурда жүргүзүлгөн экспертизалардын (эгерде жүргүзүлсө) корутундуларын;

7) коомдук талкуулардын (эгер жүргүзүлсө) жыйынтыктары боюнча материалдарды;

8) башка зарыл материалдарды.

 

4.3. Экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү

 

Экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү Комитет тарабынан белгиленет.

 

5-бөлүм
Экспертиза корутундусу

 

5.1. Эксперттик корутунду түшүнүгү

 

Мыйзам долбоорунун ушул Стандарттарда белгиленген талаптарга жана сунуштарга ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө негизделген тыянактарды камтыган, эксперт тарабынан даярдалган документ экспертиза корутундусу болуп саналат.

Эксперттик корутунду мыйзам долбоорун Комитеттин же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында кароонун милдеттүү шарттарынын бири болуп саналат.

Сунуштар Комитет жана мыйзам долбоорунун иштеп чыгуучусу тарабынан каралат жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү үчүн эсепке алынышы мүмкүн.

Тыянактар жана сунуштар мыйзам долбоорунун, эларалык келишимдердин айкын жоболоруна, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана башка материалдарга шилтемелер менен коштолууга тийиш.

 

5.2. Экспертиза корутундусун даярдоо жана жол-жоболоштуруу

 

Комиссиялык экспертиза өткөрүүдө эксперттердин ар кимиси экспертиза предметине таянуу менен иликтөө жүргүзүшөт, комиссиянын башка мүчөлөрү менен бирдикте алынган натыйжаларды баалашат, жалпы корутунду түзүшөт жана кол коюшат.

Комплекстүү экспертиза өткөрүүдө эксперттердин ар кимиси экспертиза предметине таянуу менен иликтөөнү өзалдыларынча жүргүзүшөт. Эксперттердин ар кимиси корутундунун өзүнүн жыйынтыктары жана сунуштары камтылган бөлүгүнө кол коюшат.

Эксперттердин арасында пикир келишпөөчүлүк болгон учурда алардын ар кимиси же эксперттердин бир тобу экспертиза корутундусунда өз жыйынтыктары менен сунуштарын айрым жазышат.

Экспертиза корутундусуна эксперт кол коет. Экспертиза комиссиясы тарабынан даярдалган корутундуга экспертиза комиссиясынын жетекчиси жана анын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

 

5.3. Экспертиза корутундусунун мазмуну

 

Экспертиза корутундусунда төмөнкүдөй милдеттүү маалыматтар камтылуусу тийиш:

1) мыйзам долбоорунун аталышы, жөнгө салуу предмети жана анын негизги жоболорунун баяндалышы менен бирге мыйзам долбоору жөнүндө маалыматтар;

2) Комитет, мыйзам долбоорун киргизген мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектти жана эксперти (эксперттер) жөнүндө маалыматтар;

3) экспертизанын түрү (түрлөрү);

4) экспертиза өткөрүүнүн негиздемеси;

5) экспертизанын предмети;

6) экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү;

7) эларалык келишимдерге, эларалык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ченемдик укуктук акыларга шилтемелер;

8) талдоонун натыйжалары, эксперттин тыянактары менен сунуштары жана алардын негиздемеси.

Эксперттин көзкарашы боюнча экспертиза корутундусуна башка материалдар тиркелиши мүмкүн.

 

5.4. Комитетке экспертиза материалдарын өткөрүп берүү

 

Комитетке экспертиза корутундусу, коштоочу документтер жана башка материалдар кагаз жүзүндө жана (же) электрондук түрүндө өткөрүлүп берилет.

 

 

Экспертиза боюнча терминдердин жана түшүнүктөрдүн

ГЛОССАРИЙИ

 

Бланктык ченем - жалпы элдик органдарга, кызмат адамдарына жүрүм-турум эрежелерин, тыюу салууларды, чараларды жана башкаларды өзалдынча белгилөө укугун берген ченем.

Гендер - саясатты, экономиканы, укукту, идеологияны жана маданиятты, билим берүүнү жана илимди кошо алганда жашоонун бардык чөйрөлөрүндө көрүнүүчү , эркектер менен аялдардын ортосундагы мамилелердин социалдык өңүтү.

Гендердик талдоо - иштеп жаткан же сунуш кылынган программалар, мыйзамдар, мамлекеттик багыт менен коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндө аялдарга жана эркектерге тийгизилип жаткан аркыл таасирлерди баалоо процесси.

Гендердик басмырлоо - саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же коомдук жашоонун башка кандай гана болбосун тармактарында эркектер менен аялдардын теңчилигин жүзөгө ашырууну же пайдаланууну, таанууну жокко чыгарууга же солгундатууга багытталган, жыныстардын биринин адамдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын чектөөчү, жокко чыгаруучу же артыкчылык берүүчү кандай гана болбосун айырмалоо.

Гендердик мамиле - биргелешкен иштердин аркыл түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы же алака жасоодогу аркыл жыныстагы адамдардын ортосундагы алакалардын жана жүрүм-турумдардын мүнөзү.

Гендердик теңчилик - жашоонун саясый, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүндө адамдарга өз жөндөмдүүлүктөрүн жынысына карабастан эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү, аялдар менен эркектердин тең укуктук статусу жана аны ишке ашыруунун бирдей мүмкүнчүлүгү.

Гендердик теңукуктуулук - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдетүүчү жагдайларды албаганда, аркыл жыныстагы адамдардын укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин мыйзам алдындагы теңдиги.

Гендердик бейтарап мыйзам долбоору - гендердик бөлүнүүгө таасир этпеген, гендердик теңсиздиктин күчөөсүнө алып келбеген жана эркектерге да, аялдарга да бирдей таасир тийгизген мыйзам долбоору.

Гендердик жактан сезимтал мыйзам долбоору - жашоонун белгилүү бир чөйрөсүндө жыныстардын басмырланган абалда жүргөнүнүн статусун көтөрүү жолу менен гендердик теңчиликти камсыз кылууга көмөктөшкөн, айрым жоболордун эркектерге жана аялдарга таасир тийгизүү айырмачылыктарын эсепке алган мыйзам долбоору.

Гендердик жактан багытта мыйзам долбоору - аларга максаттуу түрдө айрым артыкчылыктарды берүү жолу менен жыныстардын биринин биркыйла төмөн статусунун кесепеттерин өзгөртүүгө жөндөмдүү мыйзам долбоору.

Жалпы элдик органдар - мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде түзүлгөн мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка органдар, мекемелер жана уюмдар.

Убактылуу атайын чаралар - жашоонун биркыйла басмырланган чөйрөсүндөгү гендердик көнүмүш түшүнүктөргө кабылган жыныстардын биринин адамдарын колдоого багытталган уюштуруучулук, мыйзамдык, институционалдык мүнөздөгү чаралар.

Кызмат адамы - жалпы элдик органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча белгилүү алкактагы милдеттерди аткаруучу, жалпы элдик органда иштөө үчүн дайындалган же шайланган адам.

Дискрециондук ыйгарым укуктар - кызмат адамы өзү каалагандай жүзөгө ашыра алган ыйгарым укуктар.

Мыйзам чыгаруу техникасы - мыйзам долбоорлорун даярдоо жана жол-жоболоштуруу эрежелеринин тутуму, б.а. ченемдик укуктук актылардын мазмунун жана түзүмүн иштеп чыгууда да, ошондой эле аларды турмушка ашырууда да колдонулуучу белгилүү ыкмалардын, эрежелердин, усулдардын жыйындысы.

Мыйзам долбоорунун коррупциогендик жоболору - мыйзам долбоорунун коррупциянын пайда болуусуна жана өсүүсүнө көмөк болуучу коррупциялык факторлор камтылган жоболору.

Мыйзам долбоорунун жоболорунун коррупциогендүүлүгү - мыйзамдын жоболорунда коррупциялык факторлордун камтылышы.

Коррупциялык укук бузуу - кызмат адамынын өз статусун, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы, өзү үчүн да, ошондой эле башка адамдар үчүн да пайда (мүлк, кызмат көрсөтүү же жеңилдик жана (же) артыкчылык, анын ичинде мүлктүк эмес да) табуу менен байланышкан кандай гана болбосун мыйзамсыз пайдалануу же көрсөтүлгөн адамга ошондой пайданы мыйзамсыз берүү.

Коррупциялык факторлор - мыйзам долбоорунун жоболоруна киргизилген, колдонуудагы мыйзам ченемдери катары аларды ишке ашыруу жүрүмүндө коррупциялык укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү (түрткү берүүчү) шарттар, мүмкүнчүлүктөр.

Коррупция мамлекеттик ишмилдеттерди аткарууга ыйгарым укук берилген адамдар же мыйзамдардын(*) негизинде аларга теңдештирилген саясий, коомдук, экономикалык милдеттерди ишке ашыруучу адамдар, өздөрүнүн статустарын жана аны менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрүн жеке максаттарда же топтук кызыкчылыктар үчүн, мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү ыңгайлуулуктарды жана артыкчылыктарды алуу үчүн пайдалангандагы, ошондой эле жеке адамдар жана юридикалык жактар көрсөтүлгөн ыңгайлуулуктарды жана артыкчылыктарды мыйзамга каршы жол менен берип, ал адамдарды сатып алынгандагы социалдык кубулуш.

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы чек коюу - жаратылыш ресурстарын алып коюунун, колдонуунун, айлана чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруунун, таштоонун чектелген саны. Жаратылышты коргоо, анын ресурстарын сарамжал пайдалануу, ага зыяндуу таасир тийгизүүлөрдүн алдыналуу максаттарында белгиленет.

Эларалык жумшак укук - аркыл эларалык уюмдардын, сот жана башка эларалык органдардын эларалык-укуктук ченемдерди айкындаштырган, толуктаган, түшүндүрмөлөгөн актылары.

Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин эларалык стандарттары - жарыяланган укуктарды таанууда жана камсыз кылууда, мамлекет багыт алуусу тийиш болгон, дүйнөлүк коомчулук тарабынан иштелип чыгылган ченемдик минимум.

Тең укуктарды бузуу - кемсинтүү, жек көрүү түрүндө көрүнүүчү жигердүү же ыргылжың жүрүм-турум, ошондой эле жыныстык таандыктыгына байланыштуу укуктарды чектөө же артыкчылыктарды берүү.

Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин ажыратылгыстыгы - Конституцияда жана эларалык ченемдерде жарыяланган адам укуктарынын эч бири мамлекет тарабынан алынып салынышы же чектөөлөрдүн негизин көрсөтүүсүз көлөмүндө чектелиши мүмкүн эмес.

Адам укуктарынын тартып алынбастыгы - ар бир адамга укуктар белгилүү бир мамлекеттин жараны болгондугу үчүн эмес, адам болгондугу үчүн энчиленген.

Айлана-чөйрөнүн сапаттык чен-өлчөмдөрү - айлана-чөйрөнүн сапаттык абалынын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр: аба зыяндуу заттардын, чектелүү-жолберилген концентрацияларынын (ЧЖК) ченөлчөмүдөрү; радиациялык таасир этүүнүн чектелүү-жолберилген деңгээлдери (ЧЖД); чуулар, магниттик талаалардын термелүүлөрү, химиялык заттардын чектелүү-жолберилген (ХЗЧЖ) өлчөмдөрү; айыл, токой чарбачылыгында колдонулуучу химиялык заттардын тамак-аш азык-түлүктөрүндө калуучу чектелүү-жолберилген саны; антропогендик иштердин айлана-чөйрөгө келтирүүчү оорчулуктарынын чектелүү-жолберилген өлчөмдөрү.

Айлана-чөйрө - табигый экологиялык тутумдардын комплекси катары биосфераны жана анын адамдын ишмердигинин натыйжасында кайра өзгөртүлгөн бөлүгүн, ошондой эле аба-ырай шарттарын кошуп алганда, адамдын жана башка тирүү организмдердин жашоочу орду жана каражаты, шарты катары кызмат кылуучу адамдын жашоо чөйрөсү.

Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактары (объекттери) - коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режимдери белгиленген жаратылыш комплекстерин жана жаратылыштын айрым объекттерин өзүнө камтыган жер, суу (акватория) участоктору. өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарына өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоо, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык жана саламаттык сактоочу мааниси бар табигый же кол менен жасалган жаратылыш комплекстери жана жаратылыш объекттери киргизилиши мүмкүн.

Шилтеме чен-өлчөм - кандай эрежелерди аткаруу зарылдыгы жалпы таризде аталган чен-өлчөм, ал эми бул эрежелердин дайындуу мазмуну башка ченемдик укуктук актыларда берилет.

Мыйзам долбоорунун укуктук экспертизасы - мыйзам долбоорунун түрүнүн, анын максаттарынын жана милдеттеринин, укуктук жөнгө салуучу предметинин, мыйзам долбоорун жөнөткөн органдын компетенциясынын, анда камтылган ченемдердин, кабыл алуу, элге жарыялоо (жарыялоо) тартибинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана мыйзамда белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген эларалык келишимдеринин талаптарына, ошондой эле мыйзам чыгаруу техникаларына ылайыктыгын укуктук баалоо.

Адам укуктары жана эркиндиктери - анын мамлекеттик жана башка бийликтин өкүлдөрү менен өзара мамилелеринде адамдын аброюн сактоочу адептик-укуктук ченемдердин жыйындысы.

Татылган эксперт - мыйзам долбоорлоруна экспертиза өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитети тарабынан тартылган жана атайын билимдерге жана кесиптик тажрыйбага ээ адам (адамдардын тобу).

Жагымдуу басмырлоо - тең укуктардын болгону басмырланган жана басмырланбаган топторго бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө алып келүүчү шарттарга жетүү максатында басмырланган топ үчүн артыкчылыктар тутумун түзүү жана ишке ашыруу.

Жалпы элдик органдардын, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары укуктук актылардын негизинде жалпы элдик органдарга, кызмат адамдарына бекитилип берилген укуктар жана милдеттер.

Ченемчыгаруу укугу - адамдардын чектелбеген тобу үчүн жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү мыйзамга баш ийген ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктар.

Көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктар - иштердин мыйзамдуулугун, анын ичинде укук субъекттеринин иш тартибин (мисалы, инспекция, текшерүү, контроль, көзөмөл) текшерүү максаттарында жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктар.

Уруксат берүү ыйгарым укуктары - белгилүү иштер менен алектенүүгө (мисалы, күбөлүк, лицензия, аккредитация, сертификат) же белгилүү нерселерди (мисалы, курал-жарак) пайдаланууга атайын укуктарды бышыктоочу документтерди берүү максаттарында жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктар. Бул жакка ошондой эле мамлекеттик менчикти менчиктештирүү же ижарага берүү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү (мисалы, мамлекеттик сатып алуулар) менен байланышкан ыйгарым укуктар кирет.

Каттоо ыйгарым укуктары - укук субъекттеринин (мисалы, салык төлөөчүлөрдүн, лицензиаттардын) укуктук статусун белгилөө, токтотуу же өзгөртүү фактыларын, ошондой эле жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жана укук объекттерин (мисалы, кыймылсыз мүлк, автомобилдер) ырастоо максаттарында жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктар.

Юрисдикциялык ыйгарым укуктар - администрациялык-укуктук жоопкерчилик чараларын (мисалы, администрациялык айыптарды салуу) колдонуу максаттарында жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктар.

Жаратылыш ресурстары - адамдын жаратылышты керектөөсүнүн табыгий булактары (жер, суу, токой ресурстары, пайдалуу кендер, минералдык заттардын корлору, радиоактивдүү материалдар, айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, алардын компоненттери жана башка жаратылыш байлыктары, ошондой эле адам кыйыр колдонуучу - рекреациялык, эстетикалык жана башка ыңгайлуулуктар);

Жаратылышты пайдалануу - жаратылыш ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун бардык тариздеринин жана абалын баалоо жана коргоо чараларынын жыйындысы;

Тең укуктар - мамлекет тарабынан кепилденген, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эларалык келишимдерде, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бекемделген аялдардын жана эркектердин укуктарынын теңдиги, башкача айтканда, эки жыныстын адамдарынын тең бирдей юридикалык абалдарынын болуусу, бардык жарандык, саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана башка укуктарды жүзөгө ашырууда тең укуктуулукту камсыз кылуу.

Тең мүмкүнчүлүктөр - гендердик теңчиликке айкын жетишүү үчүн зарыл болгон мыйзамдык, уюштуруучулук, экономикалык чаралардын тутуму.

Тең өнөктөштүк мамилелер - аркыл жыныстагы адамдардын кызматташуусу же мамлекеттик жана коомдук турмушка биргелешип катышуусу.

Тең жоопкерчилик - жыныстык таандыктыгына карабастан адамдын мамлекет тарабынан алдынала аныкталган тиешелүү милдеттерди аткаруусу жана аларды аткарбагандык үчүн мыйзам алдында тең жоопкерчилик тартуу жөндөмдүүлүгү.

Туруктуу өнүгүү - бул турмуштук керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн азыркы жана келечектеги муундардын өкүлдөрүнө мүмкүн болгон максималдуу, татыктуу тең адепки шарттарды кепилдеген өнүгүү. Туруктуу өнүгүү Концепциясы экологиялык коопсуздук жана социалдык адилеттүүлүк принциптери менен айкалышкан экономикага негизденет.

Туруктуу өнүгүүнүн базалык принциби кандай гана болбосун экономикалык ишмердик кедейчиликти максималдуу кыскартуу менен жашоонун так келген сапатына жетишүүгө көмөктөшүүсү жана жаратылыш ресурстарынын табигый өзалдынча калыбына келүү жөндөмдүүлүгүнөн ашпоосу тийиш дегенди билдирет.

Экологиялык коопсуздук - инсандын, коомдун жашоо үчүн маанилүү кызыкчылыктарынын корголуу абалы, адамдын жана коомдун жашоо шарты менен каражаты катары айлана-чөйрөнүн антропогендик жана жаратылыштык таасир этүүлдөрдүн натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан корголуу абалы.

Экологиялык тутумдар (экотутумдар) - заттардын жана энергиялардын алмашуу жүрүмдөрүн жүзөгө ашыруучу, айлана-чөйрөнүн бирдиктүү, туруктуу өзара байланыштагы, өзүн-өзү өстүрүүчү, өзүн-өзү теске салуучу, өзүн-өзү калыбына келтирүүчү табигый компоненттеринин жыйындысы, экотутумдук кызмат көрсөтүүлөрдү калыптандыруунун жана жашоону жандандырып улантуу үчүн зарыл чөйрөнү кайра жаратуу жана кармап туруу үчүн мүмкүн болгон табигый механизмдер. Экологиялык тутумдардын табигый (адепки), өркүндөтүлгөн (өзгөртүлгөн), көчүрүлгөн (кайра түзүлгөн) түрлөрү ажырымдалат.

Экотутумдук кызматтар - ааламдык деңгээлде жашоо үчүн зарыл шарттарды кармап турууга өбөк түзүп жатышкан бардык тирүү жандарга, анын ичинде адамга да көрсөтүлүүчү кызматтар. Экотутумдук кызматтар өзүнө төмөнкү ишмилдеттерди камтыйт: жөндөө (мисалы, аба-ырайын калыптандыруу жана кармап туруу, жаратылыш чөйрөсүн булгануулардан тазалоо, өзгөчө кырдаалдардын тобокелчиликтерин төмөндөтүү), камсыз кылуу (мисалы, тамак-аш, суу, күйүүчү май, жаратылыш ресурстары), колдоо (мисалы, органикалык заттарды синтездөө, кыртыш түзүү).

Экологиялык тобокелчилик - жаратылыш объекттеринин жана факторлорунун кандай гана болбосун (атайыланган же кокустуктан, кичинеден же кырсыктуу) антропогендик өзгөрүүлөрүнүн айлана-чөйрө жана калктын саламаттыгы үчүн жагымсыз таасир этүүсүнүн мүмкүндүгү.

Экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына түздөнтүз же кыйыр таасир этүүчү белгиленген чечимдердин экологиялык тобокелчилигинин жана коркунучтуулугунун деңгээлин аныктоо.

 

(*) Аларга жүзөгө ашырылуучу ишмилдет жана статустун жалпы элдиктүүлүгү көз карашында теңелген.