Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 26-февралы № 96

"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилгелеген "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2013-жылдын 26-февралындагы

№ 96 токтому менен

жактырылган

"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык

жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду чыгарды.

"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча (мындан ары - мыйзам долбоору).

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы менен "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына премикстерди, байытылган унду ташып келүү боюнча иштеген же байытылган унду өндүрүүчү жеке жана юридикалык жактарды экономикалык жактан колдоо боюнча Өкмөттүн кошумча ыйгарым укуктарын караштырган оңдоолорду киргизүү сунушталган (премикстерди сатып алууга каражат бөлүп берүү, салыктык жана бажылык жеңилдиктерди берүү).

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы менен премикстин импортуна кошумча нарк салыгынан бошотууну Өкмөттүн ыйгарым укуктарына берүү сунушталат.

Андан ары, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгү менен жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесин байытылган унду өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо чаралары катарында байытылган унду өндүрүүчүлөрдү (иштетүүчүлөрдү) пайдага салыктан бошотуу, биринчи жана экинчи сорттогу өндүрүлүүчү унду милдеттүү фортификациялоодо айыл чарба продукциясын иштетүүчүлөрдү кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө жоболор менен толуктоо сунушталган.

Жогоруда аталган жоболор боюнча белгилеп кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт, мында салыктарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таандык.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, ушул Кодексте каралгандан башка учурларда салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Валюталык Фонддун ортосундагы 2011-2014-жылдарга карата экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Меморандум колдонулуучу мөөнөтүнүн ичинде жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизбөөгө милдеттенген. Ар кандай салыктык преференцияларды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарыялаган түзүмдүк параметрлердин аткарылбай калышына жана Эл аралык Валюталык Фонддун кредиттик транштарын чектөөгө алып келиши мүмкүн.

Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган ар кандай салыктык жеңилдиктерди берүү салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн экономикалык иштин бирдей шартын түзүүнү белгилеген принциптин бузулушуна алып келет.

Ошондой эле белгилеп кетчү нерсе, сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса анын жоболорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүү керек болот. Ал эми "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылса, алардын каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынбашы керек.

Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караштырган башка мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууну караштырган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булактарын аныктагандан кийин гана кабыл алышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы менен "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин импорттолуучу премиксти бажылык тариздөө режимин жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү боюнча Өкмөт тарабынан чара көрүү, анын ичинде премикстин импортун кошумча наркка салыктан бошотуу, премиксти алып келгендик үчүн бажылык алымды азайтуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө жобо менен толуктоо сунушталган. Ал эми "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасында (ТЭИ ТН) премикстер өзүнчө код менен бөлүнгөн эмес, ошондуктан премикстин импортерлору үчүн бажы жеңилдиктерин берүү мүмкүн эмес.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө байытылбаган унду алып келүүнү тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын киргизүү сунушталууда. Ушуга байланыштуу белгилеп кетчү нерсе, ун товарларынын чакан топторунда байытылбаган ун ТЭИ ТНдин өзүнчө коду менен бөлүнгөн эмес.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы менен "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жаңы жобо менен толуктоо сунушталган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө байытылган унду пайдаланууну үгүттөө боюнча акысыз эфирдик убакыт берилет. Бул маселе "Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнгө салуучу предмет болгондуктан, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү алтынчы абзацты алып салууну сунуштайбыз.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгү боюнча да сунушубуз ушундай.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацы менен премикстин стандарттарын бекитүүнү Өкмөттүн компетенциясына берүү сунушталууда. Бирок "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, стандарт - бул консенсустун негизинде иштеп чыгарылган документ, анда продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, жумуштарды аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү көп жолку ыктыярдуу пайдалануу үчүн белгиленет. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык премикстин стандарттары сунушталуучу мүнөздө болгондуктан, ченемдик укуктук актынын сапаттарына ээ болушу мүмкүн эмес.

Мыйзам долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацынын жоболорун эске алып, бул берененин 1-бөлүгүнүн онунчу абзацында "премиксти сатып алуу үчүн акча каражат бөлүп берет" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.

"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде "өндүрүш" деген сөз эки жолу колдонулгандыктан, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.

Жогоруда аталган Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "алып келүү" деген сөздөр пайдаланылгандыктан, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндөгү экинчи абзацында "импорт" деген сөздү "алып келүү" деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз.

Мыйзам долбоордун 1-беренесинин 3-бөлүгү менен "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин байытылган унду өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо чараларын аныктаган бөлүк менен толуктоо сунушталууда. Мында, аталган Мыйзамдын 8-беренесинин жөнгө салуучу предмети байытылган ундун коопсуздугун камсыздоо жагында жеке жана юридикалык жактардын милдеттерин аныктоо болгондуктан, жогоруда аталган толуктоону өзүнчө берене кылып тариздөөнү сунуштайбыз.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндөгү экинчи жана бешинчи абзацтарды алып салууну сунуштайбыз, анткени "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, продукцияны же ага байланыштуу өндүрүш, долбоорлоо, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумуштарды аткарууга, кызмат көрсөтүүлөргө техникалык регламентте камтылган минималдуу керектүү коопсуздук талаптары коюлат.

Мында керектөөчүлөрдө премикси жок унду да тандоо укугу болушу керек. Ушуга байланыштуу, сатылуучу бардык унду эмес, белгилүү бир өлчөмдөгү унду байытуу зарылдыгын белгилөөнү сунуштайбыз.

Маалымат катарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 569 токтому менен "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент бекитилгенин айтмакчыбыз, анда шайкештикти баалоо формалары да аныкталган.

Ушулар менен бирге эле, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы менен сунушталган өзгөртүү "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин алтынчы абзацын кайра карап чыгууну талап кылаарын билдиребиз.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорун төмөнкүдөй мазмундагы жоболор менен толуктоону сунуштайбыз:

"- 6 жана 7-беренелери төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6-берене. Байытылган ундун зыянсыздыгына жана сапатына

мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруучу органдардын ыйгарым

укуктары

 

Нан жасоо үчүн байытылган унга карата техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Байытылган унга жана аны сактоо, ташуу жана сатуу процесстерине карата мамлекеттик көзөмөл байытылган унду жүгүртүү стадиясында ишке ашырылат. Байытылган ундун өндүрүштүк объекттерине жана өндүрүү процесстерине, сатууга карата мамлекеттик көзөмөл мезгилдүү пландык жана пландан сырткары текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен өндүрүш объектилерин эксплуатациялоо процессинде ишке ашырылат.

 

7-берене. Байытылган ундун зыянсыздыгын камсыздоо

 

Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү, алынып келүүчү жана сатылчу байытылган ундун коопсуздук талаптарын мамлекеттик жөнгө салуу техникалык регламенттер менен белгиленет.".

Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен бул мыйзамдын долбоору расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет деп аныктоо сунушталууда. Мында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган учурдан тартып кеминде он беш күндөн кийин күчүнө кирет деп айтылганын билдиребиз.

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ишкердикти жөнгө салууга багышталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасири талдоого алынышы керек. Аталган Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга тийиш. Мында коомдук талкуунун натыйжасы жөнүндө жыйынтыктоочу маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принциптерине да негизделгендиктен, ошондой эле Конституциянын 88-беренесине ылайык Өкмөт Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылаарын эске алып, мыйзам долбоорунун 2-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

"2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча керектүү чараларды көрсүн.".

Адамды администрациялык жоопкерчиликтен бошотуу маселесин Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси жөнгө салгандыктан, мыйзам долбоорунун 2-беренесинин төртүнчү абзацын алып салуу керек.

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.

Долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтарынын жоболору Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 92-беренеси жөнгө салуучу предметтин чегинен чыгып кеткен.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгү менен жогоруда аталган Кодекстин 92-беренеси боюнча администрациялык укук бузууларды кароону администрациялык комиссияларга тапшыруу сунушталган. Ушуга байланыштуу, бул ыйгарым укук соттордун компетенциясынан алып салынат. Бирок белгилеп кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 92-беренесинде администрациялык жаза катары продуктуну конфискациялоо каралган. Ал эми Кодекстин 37-беренесине ылайык конфискацияны сот (судья) гана колдонот.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык мүлктү менчик ээсинин эркинен тышкары алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3 жана 5-бөлүктөрү боюнча "райондук мамлекеттик администрациялар", "мамлекеттик администрациялар" деген терминдердин пайдаланылышын тактоону сунуштайбыз. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат.

Долбоордун 1-беренесинин 6-бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарынын жоболору Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 614-беренеси жөнгө салуучу предметтин чегинен чыгып кеткендиктен аларды алып салууну, ал эми бул аталган жоболорду Кодекстин, жалпы бөлүгүндө чагылдырууну сунуштайбыз.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кабыл алууну азыркы мезгилде максатка ылайык эмес деп эсептейбиз.