Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-апрели № 211

"Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Дыйканбаев, Ч.А.Турсунбеков, Т.З.Зулпукаров, У.Т.Кочкоров, Н.А.Нарматова, Т.М.Узакбаев, Ө.Абдрахманов жана Р.Б.Жээнбековдор тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Тиркеме

 

"Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык

фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Дыйканбаев, Ч.А.Турсунбеков, Т.З.Зулпукаров, У.Т.Кочкоров, Н.А.Нарматова, Т.М.Узакбаев, Ө.Абдрахманов жана Р.Б.Жээнбековдор тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.

Мыйзам долбоорунун 11-беренесинен 1-бөлүгүнө ылайык гарантиялык фонддун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, ыктыярдуу төгүмдөрдүн жана башка бюджеттен тышкары булактардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн.

Мында, Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт деп белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 343-статьясына ылайык кепилдик (гарантия) келишими боюнча кепил (гарант) башка жактын кредиторунун алдында акыркы болуп анын милдеттенмесин толук же бөлүп-бөлүп карызкор менен биргелешип аткаруу үчүн жооп берүүгө милдеттенет.

Мында, Граждандык кодекстин 344-статьясына ылайык карызкордун кепилдик (гарантия) менен камсыздалган милдеттенмеси аткарылбаганда же тийиштүү түрдө аткарылбаганда, эгерде кепилдик келишими (гарантия) менен кепилдин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаса, кепил (гарант) жана карызкор кредитордун алдында чогуу жооп беришет.

Мындай учурда өлкөнүн бюджетинде гарантиялык фонддор үчүн тийиштүү каражаттарды кароо зарыл болот.

Жогоруда баяндалгандарды жана ошондой эле "2013-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген өлкөнүн бюджетинин тартыштыгынын өлчөмүн жана бюджеттик ресурстардын чектелүү экендигин эске алып, Мыйзам долбоорунун 11-беренесиндеги "республикалык, жергиликтүү бюджет" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.

Мындан тышкары, сунушталган Мыйзам долбоору боюнча төмөнкү сунуштарды киргизебиз.

1. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүндө акционердик коомдор, жоопкерчилиги чектелген коомдор, кооперативдер, коомдук фонддор түрүндө уюштуруучулук-укуктук формасы менен юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын аймагында гарантиялык иштерди ишке ашыруу максатында гарантиялык фонддорду түзүү керектиги жөнүндө ченемдер каралат.

Бирок, Кыргыз Республикасынын "Кооперативдер жөнүндө" Мыйзамынын 1-беренесине ылайык кооператив өзүнүн экономикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында мүчөлүк негизде жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу биригиши болуп саналат.

Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 4-пунктунун 1-бөлүгүнөн "кооперативдер" деген сөздү алып салууну туура болот деп эсептейбиз.

2. Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык гарантиялык фонддун милдеттенмеси кардардын ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмө берилгенден жана финансылык-кредиттик мекемелер түзүлгөн кырдаалда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартиптеё карызды өндүрүп алуу боюнча бардык акылга сыярлык жана жеткиликтүү болгон чараларды ишке ашыргандан кийин келип чыгат. Мында "бардык", "акылга сыярлык" жана "жеткиликтүү" деген сөздөр баалоо сөздөрү болуп эсептелет, ал эми "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын текстинде пайдаланылган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир беткей мааниде болууга тийиш.

Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 4-бөлүгүн кайрадан кароону же "бардык акылга сыярлык жана жеткиликтүү" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.