Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 5-августу № 195

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 5-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү кеңештин депутаты мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта тура албайт.";

3-бөлүктөгү "шаарчалык" деген сөздөн кийин ", райондук" деген сөз менен толукталсын;

4-бөлүк алып салынсын.

2. 25-статьяда:

1-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү кеңештин депутаты, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясынын демилгеси боюнча жумуштан бошотулууга (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурларды кошпогондо), ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңеш менен, ал эми жергиликтүү кеңештин сессияларынын аралыгында - жергиликтүү кеңештин төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусуз тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес.";

2-бөлүк алып салынсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев