Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-майы № 243

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык
регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук
актылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "ушул токтом менен аныкталган" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукцияларга милдеттүү талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси жана алардын компетенттүүлүк тармактары күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев