Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7b4025ad-765b-4004-8d89-39bbd138cddb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 9-апрели № 183

Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин
бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнун 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бул токтомдон келип чыккан уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы 186,3 куб. метр көлөмүндө конфискацияланган жаңгак жыгачтарын жана 7 тонна өлчөмүндө жаңгак тамырларын жана уюлдарын Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссия тарабынан чечим чыгарылганга чейин ушул токтомго ылайык кабыл алууну жана сактоону камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнун 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун колдонууну токтото туруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 244 токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев