Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-марты № 136

"Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2015-жылдын 14-майы № 291 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген "Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өздөрүнүн актыларын ушул токтом менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык келтирсин.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2013-жылдын 18-мартындагы
№ 136 токтому менен
бекитилген

 

"Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө"

ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ

 

(КР Ѳкмѳтγнγн  2015-жылдын 14-майы № 291 токтомдун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Лак-сыр материалдарын базарда жүгүртүү эрежелери

3-глава. Лак-сыр материалдарынын коопсуздугуна талаптар

4-глава. Лак-сыр материалдарын идентификациялоо

5-глава. Шайкештикти баалоо

6-глава. Лак-сыр материалдарын керектөөчүлөрдү адашууга алып келүүчү аракеттердин алдын алуу

7-глава. Лак-сыр материалдарынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш болбогондугу үчүн жоопкерчилик

8-глава. Корутунду жоболор

1-тиркеме. "Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптары колдонулуучу техникалык жөнгө

салуу объекттеринин тизмеги

2-тиркеме.

 

1-глава

Жалпы жоболор

 

1. Бул Техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламенти" тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Бул Техникалык регламент адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, продукцияны керектөөчүлөрдү адаштырган аракеттерден алдын алуу максатында лак-сыр материалдарына талаптарды белгилейт.

3. Бул Техникалык регламенттин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагында лак-сыр материалдарын өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, колдонууда жана утилдештирүүдө (жок кылууда) милдеттүү болот.

4. Бул Техникалык регламент колдонулуучу техникалык жөнгө салуу объекттеринин тизмеги 1-тиркемеде келтирилген.

5. Бул Техникалык регламент төмөнкүлөргө колдонулбайт:

1) тырмак үчүн лактар жана эмалдарга;

2) чайырларга;

3) эриткичтерге.

6. Бул Техникалык регламентте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) лак-сыр материалдарынын жарылуудан коопсуздугу - лак-сыр материалдарын сактоо, ташуу, сатуу, колдонуу, алардын калдыктарын утилдештирүү жана (же) жок кылуу процесстеринин абалы, бул учурда жарылуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат же ал болгон учурда, жарылуудан пайда болгон кооптуу жана зыяндуу факторлордун адамдарга таасири жоюлат жана мүлктүн сакталышы камсыз кылынат;

2) суу-дисперсиялык лак-сыр материалы - сууда органикалык чел кабыкты пайда кылуучу заттын дисперсиясы түрүндө лак-сыр чөйрөсү бар жана сырдалып жаткан бетке шыбаган учурда тунук эмес лак-сыр жабуусун пайда кылган суюк же паста түрүндөгү пигменттелген лак-сыр материалы;

3) түптөндүрүү - шыбагандан кийин нерсенин бетинде коргоочу лак-сыр жабуусун пайда кылуучу лак-сыр материалы;

4) гонадотроптук таасир - химиялык заттардын адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн репродуктивдүү функциясына зыяндуу таасир этүүсү;

5) канцерогендик таасир - химиялык заттардын адамдын организмине таасир этүү жана залалдуу же залалсыз шишиктердин пайда болушуна алып келүүсү;

6) сыр - чел кабыкты пайда кылуучу зат катары ар кандай маркадагы олифаны, синтетикалык полимерлердин суу дисперсиясын же башка типтеги камдаштыруучу заттарды камтыган, сырдалып жаткан нерсеге шыбаган учурда тунук эмес лак-сыр жабуусун пайда кылган суюк же паста түрүндөгү пигменттелген лак-сыр материалы;

7) кумулятивдүүлүк - химиялык заттардын топтолуу жана адамдын организмине суммалык зыяндуу таасир этүүсү;

8) лак - сырдалып жаткан бетке шыбаганда тунук лак-сыр жабуусун пайда кылган лак-сыр материалы;

9) лак-сыр материалы - боелуп жаткан бетке шыбаганда лак-сыр жабуусун пайда кылган, коргоочу, декоративдик же атайын техникалык касиеттери бар суюк, паста түрүндөгү же күлмайда материал;

10) лак-сыр материалындагы учуп кетүүчү органикалык бирикме лак-сыр материалынын курамында болгон, айрым температурада жана атмосферанын басымында өзүнөн-өзү бууланып кетүүчү ар кандай органикалык суюктук же ар кандай катуу органикалык зат;

11) мутагендик таасир - химиялык заттардын адамдарда, жаныбарларда, өсүмдүктөрдө генетикалык деңгээлде өзгөрүүлөрдү пайда кылуусу;

12) органикалык жактан аралашуучу лак-сыр материалы - эриткичи органикалык зат болуп саналган лак-сыр материалы, анын илээшкектиги органикалык эриткичти колдонуу менен жөнгө салынат;

13) калдыктар - керектөө процессинде пайда болгон лак-сыр материалдарынын калдыктары, ошондой эле өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон лак-сыр материалдары;

14) лак-сыр материалдарынын өрттөн коопсуздугу - лак-сыр материалдарын сактоо, ташуу, сатуу, колдонуу, алардын калдыктарын утилдештирүү жана (же) жок кылуу процесстеринин абалы, мында өрттүн келип чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат же ал келип чыккан учурда, өрт пайда кылган кооптуу жана зыяндуу факторлордун адамдарга таасири жоюлат жана мүлктүн сакталышы камсыз кылынат;

15) күлмайда лак-сыр материалы - эриткичти камтыбаган, сырдалуучу бетке шыбаганда эригенден жана катыгандан кийин жапырт лак-сыр жабуусун пайда кылган күлмайда түрүндөгү лак-сыр материалы;

16) керектөөчү - лак-сыр продукциясын пайдаланган жеке же юридикалык жак;

17) чектик жол берилген концентрация - көлөм бирдигинде зыяндуу химиялык заттын максималдуу саны, ал күн сайын узак мезгил ичинде таасир эткенде изилдөөнүн заманбап ыкмалары менен табылган адамдардын организмине зыяндуу таасир этпейт; курчап турган чөйрөнүн (жумушчу зонанын жана калктуу конуштардын абасында, суу объекттеринде жана кыртышта) санитардык-эпидемиологиялык абалына баа берүүдө гигиеналык критерий болуп саналат;

18) эриткич - суюктук түрүндөгү химиялык зат же химиялык заттардын аралашмасы, ал лак-сыр материалдарынын курамына кирет жана анын илээшкектигин жөнгө салуу, пигментти эритүү жана/же материалдын бөлүкчөлөрүн байланыштыруу үчүн колдонулат;

19) сенсибилизирлөөчү таасир - химиялык заттардын таасирине адамдын организминин өтө сезимтал болушунан келип чыккан жана аллергиялык оорунун өөрчүшүнө алып келген, курчап турган чөйрөгө терс таасир эткен аракет;

20) учуп кетүүчү органикалык кошулмалардын курамы - литрге 1 грамм (г/л) менен эсептелген учуп кетүүчү органикалык кошулмалардын массасы;

21) тератогендик таасир - химиялык заттардын адамдын түйүлдүгүнүн аномалияларына жана өөрчүшүнүн бузулушуна алып келген жана курчап турган чөйрөгө терс таасир тийгизүүсү;

22) лак-сыр материалынын уулуулугу - лак-сыр материалынын курамына кирген химиялык заттарга мүнөздүү болгон, химиялык заттардын жандуу организм менен байланышы болгондо гана терс таасир этүү жөндөмүнүн мүнөздөгөн касиеттердин жыйындысы;

23) лак-сыр материалдарынын калдыктарын утилдештирүү - лак-сыр материалдарын пайдалануу же кайра иштетүү менен байланышкан иш;

24) лак-сыр материалдарынын химиялык коопсуздугу - лак-сыр материалдарынын адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле курчап турган чөйрөгө, анын ичинде жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыяндуу таасиринин жоктугу;

25) эмаль - органикалык эриткичтерде чел кабык пайда кылуучу заттын эритиндиси түрүндө лак-сыр чөйрөсү болгон жана боелуучу бетке шыбаган учурда тунук эмес лак-сыр жабуусун пайда кылган суюк же паста түрүндөгү пигменттелген лак-сыр материалы;

26) эмбриотроптук таасир - химиялык заттардын адамдардын, жаныбарлардын эмбрионунун өлүмүнө жана өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн жараксыздыгына алып келүүсү;

27) шпатлевка - паста түрүндөгү же суюк лак-сыр материалы, ал нерсенин бетинин жылмакай тегиз болушу үчүн сырдоо алдында сырдалуучу бетке шыбалат.

 

2-глава

Лак-сыр материалдарын базарда жүгүртүү эрежелери

 

7. Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдө болгон лак-сыр материалдары ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

8. Бул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келбеген лак-сыр материалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө жол берилбейт.

 

3-глава

Лак-сыр материалдарынын коопсуздугуна талаптар

 

9. Өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, колдонуу, калдыктарды утилдештирүү жана жок кылуу учурунда лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жарандардын өмүрү жана ден соолугу, жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик жана муниципалдык мүлк, курчап турган чөйрөнү коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн коркунуч деңгээлин ушул Техникалык регламентте жана тиешелүү техникалык документтерде белгиленген тобокелдиктин жол берилген деңгээлине чейин төмөндөтүүнүн эсебинен жетишилүүгө тийиш.

10. Лак-сыр материалдарынын кооптуу касиеттеринин адамга таасиринин коркунучун жокко чыгаруу же коркунуч деңгээлин төмөндөтүү үчүн өндүрүүчү (ыйгарым укуктуу өкүл) өзү жүзөгө ашырып жаткан ишке ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) лак-сыр материалдарын керектөөчүлөрдүн мүмкүн болгон топторун аныктоо;

2) лак-сыр материалдарын мүмкүн болгон туура эмес пайдалануунун бардык түрлөрүн аныктоо;

3) лак-сыр материалдарын өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда жана колдонууда, калдыктарды утилдештирүүдө жана жок кылууда мүмкүн болгон коркунучтарды алдын ала караштыруу;

4) коркунучтун деңгээлин баалоо;

5) лак-сыр материалдарынын жана эриткичтердин курамындагы абдан кооптуу химиялык заттарды коркунучу аз химиялык заттарга алмаштыруу;

6) органикалык аралашуучу лак-сыр материалдарын сууда эрүүчү жана күлмайда лак-сыр материалдарына алмаштыруу;

7) коргоо чараларын колдонуу;

8) персоналды эмгектин коопсуз усулдарына жана ыкмаларына үйрөтүү;

9) коопсуз колдонуу жөнүндө маалымат менен коштоо.

Өндүрүүдө, колдонууда, сактоодо, ташууда, утилдештирүүдө жана жок кылууда төмөнкүдөй талаптар сакталууга тийиш: өрттөн же жарылуудан коопсуздук, химиялык, биологиялык жана экологиялык коопсуздуктар.

Лак-сыр материалдарынын жарылуу коркунучу жана өрт коркунучу алардын курамына кирген жана жарылуу, өрт чыгышын пайда кылууга жөндөмдүү химиялык заттардын физикалык-химиялык касиеттери жана көрсөткүчтөрү менен шартталган.

11. Лак-сыр материалдарын имараттарда жана курулмаларда колдонууда жайдын функциялык багытын эске алуу менен жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү аныкталууга тийиш.

Лак-сыр материалдарында жарылуу коркунучу бар аралашмаларды түзгөн химиялык заттарды колдонууга тыюу салынат.

Бири-бири менен аралашканда тутанууну, жарылууну пайда кылган же күйүүчү газдарды пайда кылган лак-сыр материалдарын бирге сактоого, ташууга жана колдонууга тыюу салынат.

12. Лак-сыр материалдарын сактоодо, ташууда, сатууда, колдонууда, калдыктарды утилдештирүүдө жана (же) жок кылууда жарылуу коопсуздугу жана өрт коопсуздугу жарылуунун жана өрттүн келип чыгуу шарттарын болтурбоочу төмөнкүдөй чаралар менен камсыз кылынууга тийиш:

1) өндүрүүчү лак-сыр материалдарынын жарылуу коркунучу жана өрттөнүү коркунучу жөнүндө керектөөчүгө эскертүүгө тийиш;

2) керектөөчү лак-сыр материалдарын коопсуз колдонуу боюнча тиркелген маалыматта өндүрүүчү көрсөткөн талаптарды сактоого тийиш;

3) керектөөчү өрт коопсуздугунун талаптарын жана эрежелерин сактоого тийиш.

13. Жарылуу же өрт чыгуу коркунучун азайтуу үчүн өндүрүү процесстеринде төмөнкүдөй иш-чаралар каралууга тийиш:

1) көбүрөөк жарылуу жана өрттөнүү коркунучу бар учуп кетүүчү органикалык бирикмелерде коркунучу аздарына алмаштыруу;

2) органикалык эрүүчү лак-сыр материалдарын сууда эрүүчү материалдарга алмаштыруу;

3) өтө кургак калдыгы бар лак-сыр материалдарын пайдалануу;

4) өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо.

14. Лак-сыр материалдарын өнөр жайлык колдонуу шартында жарылуу жана өрт чыгуу коркунучун азайтууга төмөнкүдөй иш-чараларды аткаруу менен жетишилет:

1) жарылуу коопсуздугунун жана өрт коопсуздугунун мүмкүн болгон максималдуу деңгээлин камсыз кылган лак-сыр материалдарын колдонуу ыкмаларын пайдалануу;

2) лак-сыр материалдарын колдонуу процесстерин механикалаштыруу жана автоматташтыруу;

3) жарылуудан корголгон жабдууларды пайдалануу;

4) учкун өчүргүчтөрдү, учкун кармагычтарды, отту күчөтпөй токтотуучу, отко бөгөт коюучу, чаң жана металл кармоочу жана жарылууга каршы түзүлүштөрдү, статикалык электрден коргоочу системаларды пайдалануу;

5) учуп кетүүчү органикалык кошулмалардын өрт жана жарылуу жагынан кооптуу концентрациясынын пайда болушун болтурбоочу желдетүү системасын пайдалануу;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык түзүлүштөрү менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесине ылайык өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттары жана өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык түзүлүштөрү менен камсыз кылуу.

15. Лак-сыр материалдарынын химиялык коопсуздугун камсыз кылууга кооптуу химиялык заттарды пайдаланууну чектөө жана (же) лак-сыр материалынын курамында аларды азайтуу менен жетишилет.

Сенсибилдик таасири изилденбеген химиялык заттарды лак-сыр материалдарынын курамында колдонууга тыюу салынат.

Лак-сыр материалдарынын курамында учуп кетүүчү органикалык бирикмелерди: бензолду, пиробензолду, хлордонгон көмүр суутектерин, метанолду колдонууга тыюу салынат.

Лактарды кошпогондо, колдонууга даяр лак-сыр материалдарында толуолдун жана ксилолдун эритмелеринин суммалык массалык үлүшү 15%дан; лакта - 25%дан ашууга тийиш эмес.

Лак-сыр материалдарынын курамында химиялык заттарды: сымапты, мышьякты жана алардын бирикмелерин колдонууга тыюу салынат.

Курулушта ички иштер үчүн колдонулуучу лак-сыр материалдарынын курамында химиялык заттарды: коргошунду, хромду, кадмийди жана алардын кошулмаларын колдонууга тыюу салынат.

Целлюлозанын эфиринен жасалган лак-сыр материалдарында жана сиңирип алуучу лак-сыр материалдарында учуп кетүүчү органикалык бирикмелердин болушу 60%дан ашууга тийиш эмес.

Лак-сыр материалдары адамдын организмине жагымсыз таасир этиши мүмкүн болгон сандагы зыяндуу химиялык заттарды курчап турган чөйрөгө бөлүп чыгарууга тийиш эмес (бөлүнүп чыккан бардык химиялык заттардын биргелешкен таасирин эске алуу менен). Бир нече зыяндуу химиялык заттар бөлүнүп чыккан учурда алардын чектик жол берилген концентрациясына карата концентрациялардын катышынын суммасы бирден ашууга тийиш эмес.

Лак-сыр материалдарын колдонууда пайдаланылып жаткан имараттардын, курулмалардын, курулуштардын жана жайлардын абасындагы зыяндуу заттардын концентрациясы жайлардын жумушчу зонанын абасындагы же атмосфералык абадагы учуп кетүүчү органикалык бирикмелеринин чектик жол берилген концентрациясынын чегинин ченемдик маанилеринен ашууга тийиш эмес, ал Техникалык регламенттин 2-тиркемесинин 1-2-таблицаларында келтирилген.

16. Лак-сыр материалдарын сактоодо төмөнкүлөр камсыз кылынышы керек:

1) продукцияга анын керектөө касиеттерин жана коопсуздук көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө алып келген санкцияланбаган ачууну болтурбаган таңгактын бекемдигин, бүтүндүгүн, жылчыксыздыгын сактоо;

2) лак-сыр материалдарынын ар бир партиясында сактоо шарттарын, сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен коштогон документтердин жана күтүүсүз, авариялык же өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурга нускаманын болушу;

3) иштеген персоналга коргонуунун керектүү жеке жана жамааттык каражаттарын, атайын кийимди, өздүк гигиенанын каражаттарын, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн каражаттарын берүү.

Лак-сыр материалдарын сактоочу жай өрт коопсуздугунун эрежелерине жана талаптарына жооп бериши керек.

17. Лак-сыр материалдарын алар тийиштүү түрдө таңгакталганда, маркаланганда, ташуу коопсуздугу боюнча маалымат менен камсыз болгондо ташууга жана сатууга жол берилет.

Лак-сыр материалдарын ташууда төмөнкүлөр камсыз кылынууга тийиш:

1) продукцияга анын керектөө касиеттерин жана коопсуздук көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө алып келген санкцияланбаган ачууну болтурбаган таңгактын бекемдигин, бүтүндүгүн, жылчыксыздыгын сактоо;

2) лак-сыр материалдарынын ар бир партиясында сактоо шарттарын, сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен коштогон документтердин жана күтүүсүз, авариялык же өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурдагы нускаманын болушу;

3) лак-сыр материалдары жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө, курчап турган чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө таасир тийгизүү коркунучун жокко чыгарган эмгекти коргоонун ыкмаларын жана усулдарын колдонуу;

4) иштеген персоналга коргонуунун керектүү жеке жана жамааттык каражаттарын, атайын кийимди, өздүк гигиенанын каражаттарын, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн каражаттарын берүү;

5) иштеген персоналды коопсуздуктун талаптары жана лак-сыр материалдарын ташуудагы иштин коопсуз ыкмалары жөнүндө маалымат менен тааныштыруу;

6) өрт өчүрүү каражаттарын жана ыкмаларын камтыган авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу чараларын иштеп чыгуу.

Продукцияны ташууга коопсуздук талаптарын сактоо боюнча керектүү квалификациясы бар персонал тартылат.

Лак-сыр материалдарын сатуучу жай санитардык ченемдердин жана өрт коопсуздугунун эрежелеринин талаптарына жооп бериши керек.

18. Лак-сыр материалдарын колдонууга, алар тиешелүү түрдө таңгакталганда, маркаланганда, коркунуч белгилери, аларды коопсуз колдонуу боюнча маалымат менен камсыз болгон шарттарда жол берилет.

Лак-сыр материалдарын коопсуз колдонуу боюнча маалыматты өндүрүүчү иштеп чыгышы керек.

Турмуш-тиричилик шарттарда лак-сыр материалдарын коопсуз колдонуу боюнча маалыматта төмөнкү билдирүүлөр камтылууга тийиш:

1) лак-сыр материалдары менен иштөөдө жеке коргонуу каражаттары жөнүндө;

2) лак-сыр материалдарынын жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө, курчап турган чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө таасир тийгизүү коркунучун болтурбаган эмгектин ыкмалары жана усулдар жөнүндө.

19. Лак-сыр материалдарын өнөр жай шарттарында коопсуз колдонуу боюнча маалыматта төмөнкү билдирүүлөр камтылууга тийиш:

1) жарандарга жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизген жана жумуш зонасындагы абада, атмосфералык абада жана курчап турган чөйрөдө санитардык-эпидемиологиялык контролдоо жүргүзүлө турган химиялык заттардын тизмеги;

2) сенсибилдештирүүчү касиети болгон химиялык заттардын тизмеги;

3) иштеген персоналды коргоонун керектүү жеке жана жамааттык каражаттарынын тизмеги;

4) лак-сыр материалын колдонуудагы коопсуздукту контролдоонун керектүү техникалык каражаттарынын тизмеги;

5) адам менен лак-сыр материалдарынын байланышы болушун жана лак-сыр материалдарынын жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө, курчап турган чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө таасир тийгизүү коркунучун болтурбаган, ошондой эле авариялык кырдаалдарды болтурбаган эмгектин ыкмаларын жана усулдарын (технологияларды жана жабдууларды кошуу менен) тандоо боюнча сунуштар;

6) авариялык кырдаалдардын алдын алуу, анын ичинде жабдууларга талаптар, өрт өчүрүү ыкмаларынын жана каражаттарынын тизмеги.

20. Лак-сыр материалдарын өнөр жайлык колдонууну керектүү квалификациясы болгон, эмгектин коопсуз усулдарына жана ыкмаларына үйрөтүлгөн, коргонуунун керектүү каражаттары менен камсыздалган жана иштеген персоналдын эмгегинин коопсуздугун жана коргоонун талаптарына ылайык лак-сыр материалдары жана эриткичтер менен иштөөгө уруксат алган персонал ишке ашырат.

Лак-сыр материалдарын өнөр жайлык колдонууда жарылуу коркунучу, өрт жана химиялык коопсуздук төмөндөгү жол менен ишке ашырылган чараларда камсыз кылынат:

1) лак-сыр материалдарын колдонуу менен байланышкан коркунучту минимумга чейин түшүргөн эмгектин ыкмаларын жана усулдарын, технологияларды жана жабдууларды тандоо;

2) лак-сыр материалдарын коопсуз колдонууну контролдоонун техникалык каражаттарын талаптагыдай кармоо жана пайдалануу;

3) лак-сыр материалдарын колдонууда бөлүнүп чыккан, жумушчу зонадагы абада, атмосфералык абада жана курчап турган чөйрөдө зыяндуу химиялык заттардын камтылышына өндүрүштүк лабораториялык контролду жүргүзүү;

4) тикелей же мүмкүн боло турган коркунуч, белгилүү иш аракеттерге тыюу салуу, милдеттендирүү каты же уруксат берүү жөнүндө иштеген персоналды эскертүү үчүн, ошондой эле пайдаланганда коркунучтуу жана зыяндуу факторлорду болтурбаган же төмөндөтө турган каражаттардын жайгашкандыгы жөнүндө маалымат үчүн арналган коопсуздук белгилерин пайдалануу;

5) иштеген персоналга коргонуунун керектүү жеке жана жамааттык каражаттарын, атайын кийимди, өздүк гигиенанын каражаттарын, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн каражаттарын берүү;

6) персоналдын билимин текшерүү, авариялык кырдаалдардын алдын алуунун ыкмаларын иштетип чыгуу жана аларды жоюунун керектүү каражаттары менен камсыздоо;

7) эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу.

21. Лак-сыр материалдарынын калдыктарын утилдештирүү "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жалпы техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо менен ишке ашырылат.

Лак-сыр материалдарын утилдештирүү, жок кылуу процессинде адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыяндуу таасирди минималдаштырууга багытталган чаралардын көрүлүшү зарыл.

Лак-сыр материалдарынын калдыктарын утилдештирүүдө же жок кылууда жумушчу зонасындагы абада, атмосфердик абада, ачык көлмөлөрдөгү сууда жана кыртышта зыяндуу химиялык заттардын концентрациясы жол берилген концентрациянын чегинен ашпаш керек.

Экинчи чийки затты, лак-сыр материалдарын же жылуулук алып жүрүүчүлөрдү алуу үчүн аларды пайдалануу менен байланышкан лак-сыр материалдарынын калдыктарын утилдештирүү артыкчылыктуу болуп эсептелет.

Утилдештирүү лак-сыр материалдарынын калдыктарын өнөр жайлык кайра иштетүү жолу менен жүргүзүлүүгө же башка керектөө касиеттери бар экинчи продукцияга кайра иштетилүүгө тийиш.

Утилдештирүүгө мүмкүн болбогон калдыктар термикалык зыянсыздандыруу жолу менен жана (же) зыянсыздандыруу жана өнөр жай калдыктарын көмүү полигондорунда көмүү менен жок кылынышы керек.

22. Лак-сыр материалдары зыяндуу таасир этүүнүн төмөнкү түрлөрү менен таасир бериши мүмкүн:

1) адамга карата - көрүү органдарына жана терисине жалпы ууландыруучу, дүүлүктүрүүчү таасир, дем алуу жолдору же териси аркылуу организмге тийгенде сенсибилдик таасир, канцерогенндик, эмбриотроптук, гонадотроптук жана тератогендик таасир;

2) курчап турган чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө - катуу жана өнөкөт уулануу, мутагендик, канцерогендик таасир, эмбриотроптук, гонадотроптук жана тератогендик таасир;

3) жарылганда, өрттөнгөндө мүлктүн бузулгандыгы же кыйрагандыгы.

23. Коркунучту баалоо өндүрүүчү тарабынан жаңы лак-сыр материалдарды иштеп чыгууда жүргүзүлөт жана төмөнкү милдеттүү баскычтарды өткөрүүнү камтыйт:

1) коркунучтардын булактарын жана түрлөрүн аныктоо;

2) жарылуу коопсуздугунун, өрт коопсуздугунун жана химиялык коопсуздугунун сандык көрсөткүчтөрүн аныктоо;

3) коркунучтун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыяндуу факторлорунун таасирин баалоо.

 

4-глава

Лак-сыр материалдарын идентификациялоо

 

24. Лак-сыр материалдарын идентификациялоо даярдоочу, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.

25. Лак-сыр материалдарын идентификациялоо төмөнкүлөрдү ырастоо максатында өткөрүлөт:

1) продукциянын үлгүгө жана (же) анын сүрөттөлүшүнө шайкеш келиши;

2) лак-сыр материалынын маркасына, тибине, продукциянын партиясына таандыктыгы;

3) лак-сыр материалынын арналышы.

26. Лак-сыр материалдарын идентификациялоо төмөнкүдөй эки баскыч менен ишке ашырылат:

1) лак-сыр материалдын үлгүсүнүн сынамыгын алууда;

2) лак-сыр материалын сыноодон өткөрүүдө.

Ушул Техникалык регламентти колдонуу чөйрөсүнө кирген лак-сыр материалдарды идентификациялоо Евразия экономикалык союзундагы тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ЕЭС ТЭИ ТН) коддорун пайдалануу аркылуу белгиленет. ЕЭС ТЭИ ТН коддору ушул Техникалык регламенттин 1-тиркемесинде келтирилген.

(КР Ѳкмѳтγнγн  2015-жылдын 14-майы № 291 токтомдун редакциясына ылайык)

27. Идентификациялоо конкреттүү лак-сыр материалынын шайкештигин ырастоо үчүн жалпысынан жетишээрлик көрсөткүчтөр жана талаптар боюнча жүргүзүлөт. Лак-сыр материалын сүрөттөө катарында товар коштоочу документтер, берүү келишимдери, спецификация жана техникалык документтер колдонулушу мүмкүн.

28. Лак-сыр материалдарын идентификациялоодо төмөнкүдөй ыкмалардын бири жана/же алардын айкалышы колдонулат:

1) документтик - товарды коштогон документтерде камтылган маалыматты талдоого негизделет;

2) визуалдык - тышкы көрүнүшүн жана/же түсүн көз менен көрүүгө негизделет;

3) шаймандык - өлчөөнүн техникалык каражаттарынын жардамы менен аныктоого негизделет.

 

5-глава

Шайкештикти баалоо

 

29. Кыргыз Республикасында даярдалган жана анын аймагына тыштан алып келинген лак-сыр материалдарын ички базарга алардын ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүнүн шартында жайгаштырууга жол берилет.

30. Лак-сыр материалдарынын шайкештигин баалоо төмөнкү формаларда ишке ашырылат:

1) контролдоо;

2) шайкештигин ырастоо;

3) мамлекеттик көзөмөлдөө.

31. Контролдоо лак-сыр материалдарын өндүрүүчү тарабынан ишке ашырылат.

Өндүрүүчү ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына контролду технологиялык процесстин ар бир баскычында коркунучтуу тобокелдикти талдоо системасынын негизинде уюштурат.

32. Контролдоо ишкананын жетекчиси бекиткен программага ылайык ишке ашырылат.

Контролдун программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) технологиялык процесстин контролдоо параметрлерин;

2) уюмда бузууларды алдын алуу жана табуу, контролду уюштуруу боюнча иш-чаралардын тизмегин;

3) персоналдын жана өндүрүштүн гигиенасын камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын тизмегин;

4) курчап турган чөйрөгө, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүүсүн болтурбоо боюнча иш-чаралардын тизмегин.

33. Лак-сыр материалдарынын шайкештигин тастыктоо "Курулуш материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын коопсуздугу" техникалык регламенти" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 23-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.

Даярдоочу, даярдоочунун расмий өкүлү продукциянын шайкештигин милдеттүү ырастоонун формасын: милдеттүү сертификаттоо жүргүзүүнү же шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алууну тандоого укуктуу.

34. Лак-сыр материалдарын жүгүртүү стадиясында ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 702 токтому менен бекитилген Мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык аткарылат.

35. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактан алынган шайкештигин баалоо жөнүндө документтер, шайкештигинин белгилери, тыштан алынып келген лак-сыр материалдарын сыноолордун протоколдору Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат.

36. Ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги ырасталган лак-сыр материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 88 токтому менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык шайкештик белгиси менен маркаланат.

37. Шайкештик белгисинин сүрөтү таңгакка түшүрүлөт, ошондой эле лак-сыр материалдарга тиркелген документтеринде келтирилет.

38. Ушул Техникалык регламентке шайкештик белгисин түшүрүү ыкмаларын жана жерин продукцияны өндүрүүчү өзү аныктайт.

 

6-глава

Лак-сыр материалдарын керектөөчүлөрдү адашууга

алып келүүчү аракеттердин алдын алуу

 

39. Керектөөчү (сатып алуучу) үчүн лак-сыр материалдарды сактоо, ташуу, сатуу же колдонуу боюнча маалымат эскертме маркалоо жана коопсуз пайдалануу боюнча нускама түрүндө берилет.

40. Керектөөчү үчүн маалымат так жана окуганга жеңил болууга тийиш.

Лак-сыр материалдарды сактоодогу, ташуудагы, пайдалануудагы жана утилдештирүүдөгү коопсуздуктун талаптары башка маалыматтардан өзгөчө шрифти, түсү же башка ыкма аркылуу бөлүнүп берилиши керек.

41. Маалыматтарды түшүрүү каражаттары продукцияны сактоодо, ташууда, сатууда жана колдонууда маркалоонун туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.

 

7-глава

Лак-сыр материалдарынын ушул Техникалык регламенттин

талаптарына шайкеш болбогондугу үчүн жоопкерчилик

 

42. Ушул Техникалык регламенттин жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти өндүрүүчү (сатуучу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартат.

43. Ушул Техникалык регламенттин жоболорун аткарбагандыгы менен байланышкан зыяндын ордун толтуруу өндүрүүчү (сатуучу) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Мында өндүрүүчү (сатуучу) башка адамдарга, алардын мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүнү болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө тийиш.

44. Ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келбеген учурда лак-сыр материалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга жол берилбейт. Ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келбеген лак-сыр материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 702 токтому менен бекитилген Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык кайра суралып алынууга тийиш.

45. Кемчиликтерди жоюу, сапатсыз жана зыяндуу продуктуларды утилдештирүү же жок кылуу жана аларды кемчиликтерди жоюучу жерге же жок кылуучу жерге ташуу өндүрүүчү (сатуучу) тарабынан жана анын эсебинен жүргүзүлөт.

 

8-глава

Корутунду жоболор

 

46. Ушул Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин алынган шайкештикти тастыктаган документтер, аларды колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу деп эсептелинет.

47. Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып лак-сыр материалдар, аларды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери, алар ушул Техникалык регламентке карама-каршы келбесе колдонулат.

 

 

"Лак-сыр материалдарынын

коопсуздугу жөнүндө"

техникалык регламентке

1-тиркеме

 

"Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин таасирине туш келүүчү продукциялардын түрлөрү жана ЕЭБ ТЭИ ТН классификатору боюнча коддор

 

(КР Ѳкмѳтγнγн  2015-жылдын 14-майы № 291 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Товардын аталышы

ЕЭБ ТЭИ ТН коду

Лак-сыр материалдары

Синтетикалык полимерлердин же химиялык модификацияланган табигый полимерлердин негизиндеги сырлар жана лактар (анын ичинде эмалдар жана политуралар)

1

Татаал полиэфирлер негизиндеги сырлар жана лактар:

 

 

башкалар

3208 10 900 0

2

Акрил же винил полимерлеринин негизиндеги сырлар жана лактар:

 

 

башкалар

3208 20 900 9

3

Даяр сиккативдер

3211 00 000 0

4

Сырларды өндүрүүдө пайдаланылган пигменттер (күлмайда, суюк же паста сымал), боёгучтар жана башка сырдоочу заттар:

 

 

башкалар

3212 90 000 0

5

Шыбак иштери, фасаддардын беттерин, имараттардын ички дубалдарын, полдорду, шыптарды даярдоо үчүн майшыбактар жана башка бүтөгүчтөр, мастикалар жана тыгыздоочу курамдар:

3214 10 900 0

 

башкалар

3214 90 000 9

 

 

"Лак-сыр материалдарынын

коопсуздугу жөнүндө"

техникалык регламентке

2-тиркеме

 

 

1-таблица

 

Жумушчу зонанын абасындагы жана калктуу конуштардын атмосфералык абасындагы учуп кетүүчү негизги органикалык

бирикмелердин гигиеналык ченемдери

 

┌────────────────────┬──────────┬────────┬───────────────┬────────────┐

│    Учуп кетүүчү    │ Химиялык │ЧЖКнын  │ ЧЖКнын чоңдугу│Зыяндуулук- │

│    органикалык     │ формула  │чоңдугу │    атм.в.,    │    тун     │

│     бирикмелер     │          │р.з.,   │    мг/куб.м   │ лимиттөөчү │

│                    │          │мг/куб.м├───────┬───────┤ көрсөткүчү │

│                    │          │        │  Бир  │ Орточо│            │

│                    │          │        │ жолку │ сутка-│            │

│                    │          │        │ макси-│  лык  │            │

│                    │          │        │ малдуу│       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│          1         │     2    │    3   │   4   │   5   │      6     │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Амилацетат          │C7H14O2   │   100  │  0,1  │   -   │Рефлектордук│

│(пентилацетат)      │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Амил спирти         │C5H12O    │    10  │  0,01 │   -   │      -     │

│(пентан-1-ол)       │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Күкүртү аз          │     -    │ 300/100│  5    │  1,5  │Рефлектор-  │

│бензин-эриткич      │          │        │       │       │дук-резорб- │

│                    │          │        │       │       │тивдик      │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Бутилацетат         │C6H12O2   │ 200/50 │  0,1  │   -   │Рефлектордук│

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Бутил спирт         │C4H10O    │  30/10 │  0,1  │   -   │Рефлектордук│

│(бутан-1-ол)        │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Бутилцеллозоль      │C6H14O2   │     5  │  1    │  0,3  │Рефлектор-  │

│(2-бутоксиэтанол)   │          │        │       │       │дук-резорб- │

│                    │          │        │       │       │тивдик      │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Гексан              │C6H14     │ 900/300│ 60    │   -   │Рефлектордук│

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Диацетон спирти     │C6H12O2   │ 100/-  │  0,3  │   -   │      -     │

│(4-гидрокси-4       │          │        │(ТБКД) │       │            │

│метил-пентан-2-он)  │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Диэтиленгликоль     │C4H10O3   │    10  │    -  │  0,2  │Резорбтивдик│

│(2,2-оксидиэтанол)  │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Диэтил эфири        │C4H10O    │ 900/300│  1    │  0,6  │Рефлектор-  │

│(этоксиэтан)        │          │        │       │       │дук-резорб- │

│                    │          │        │       │       │тивдик      │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Изобутилацетат      │C6H12O2   │    10  │  0,1  │   -   │Рефлектордук│

│(2-метилпропилаце-  │          │        │       │       │            │

│тат)                │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Изобутил спирти     │C4H10O    │    10  │  0,1  │   -   │Рефлектордук│

│(2-метилпропан-1-ол)│          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Изопропил спирти    │C3H8O     │  50/10 │  0,6  │   -   │Рефлектордук│

│(пропан-2-ол)       │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Ксилол              │C8H10     │ 150/50 │  0,2  │   -   │Рефлектордук│

│(диметилбензол      │          │        │       │       │            │

│(2-,3-,4-изомерлерд-│          │        │       │       │            │

│ин аралашмасы)      │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Метилацетат         │C3H6O2    │   100  │  0,07 │   -   │Рефлектордук│

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Нефрас-С-150/200    │     -    │ 300/100│    -  │   -   │      -     │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│н-пентан            │C5H12     │ 900/300│100    │ 25    │Рефлектор-  │

│                    │          │        │       │       │дук-резорб- │

│                    │          │        │       │       │тивдик      │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Пропил спирти       │C3H8O     │  30/10 │  0,3  │   -   │Рефлектордук│

│(пропан-1-ол)       │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Скипидар (Сга кайра │     -    │ 600/300│  2,0  │  1,0  │Рефлектор-  │

│эсептегенде)        │          │        │       │       │дук-резорб- │

│                    │          │        │       │       │тивдик      │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Толуол (метилбензол)│C7H8      │ 150/50 │  0,6  │   -   │Рефлектордук│

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Оор эриткич         │     -    │    50  │   -   │   -   │      -     │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Формальдегид        │CH2O      │     0,5│  0,035│  0,003│Рефлектор-  │

│                    │          │        │       │       │дук-резорб- │

│                    │          │        │       │       │тивдик      │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Циклогексан         │C6H12     │    80  │  1,4  │   -   │Рефлектордук│

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Циклогексанон       │C6H10O    │  30/10 │  0,04 │   -   │Рефлектордук│

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Этиленгликоль       │C2H6O2    │  10/5  │  1,0  │   -   │      -     │

│(этан-1,2-диол)     │          │        │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Этанол              │C2H6O     │ 2000/  │  5    │   -   │Рефлектордук│

│                    │          │ 1000   │       │       │            │

├────────────────────┼──────────┼────────┼───────┼───────┼────────────┤

│Этилцеллозольв      │C4H10O2   │  30/10 │  0,7  │   -   │      -     │

│(2-этоксиэтанол)    │          │        │ (ТБКД)│       │            │

└────────────────────┴──────────┴────────┴───────┴───────┴────────────┘

Эскертүүлөр:

ЧЖКр.з. - жумушчу зонанын абасында учуп кетүүчү органикалык бирикмелердин чектик жол берилген концентрациясы, мында бүткүл эмгек стажынын ичинде күн сайын 8 саат бою дем алганда иштеп жаткан персоналда оорулар же ден соолук абалынын бузулушу болууга тийиш эмес. Алымда максималдуу бир жолку, бөлүмдө - орточо алмашуучу ЧЖК көрсөтүлгөн;

ЧЖКатм.в. максималдуу бир жолку - калктуу конуштардын абасында учуп кетүүчү органикалык бирикмелердин чектик жол берилген концентрациясы, ал адамдын организминде рефлектордук реакцияны пайда кылбайт, алымда ЧЖКнын максималдуу бир жолку курамы көрсөтүлгөн;

ЧЖКатм.в. орточо суткалык - калктуу конуштардын абасында учуп кетүүчү органикалык бирикмелердин орточо суткалык чектик жол берилген концентрациясы, ал белгисиз узак убакыт бою күнү-түнү дем алган шартта адамга тикелей же кыйыр түрдө зыяндуу таасир этүүгө тийиш эмес;

ТБКД - жумушчу зонанын абасындагы учуп кетүүчү органикалык бирикменин таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээли.

 

 

2-таблица

 

Жумушчу зонанын абасындагы жана калктуу конуштардын атмосфералык абасындагы оор металлдардын бирикмелеринин

гигиеналык ченемдери

 

┌───────────────────────────────┬──────────┬──────────────────────────┐

│    Оор металлдарды камтыган   │ ЧЖКр.з., │      ЧЖКатм., мг/куб.м   │

│           бирикмелер          │ мг/куб.м ├───────────┬──────────────┤

│                               │          │максималдуу│ орточо-сутка-│

│                               │          │ бир жолку │      лык     │

├───────────────────────────────┼──────────┼───────────┼──────────────┤

│Хром (VI) триоксид             │ 0,03/0,01│     -     │    0,0015    │

├───────────────────────────────┼──────────┼───────────┼──────────────┤

│Коргошун жана анын органикалык │  -/0,05  │    0,001  │    0,0003    │

│эмес бирикмелери               │          │           │              │

│(коргошунга кайра эсептегенде) │          │           │              │

├───────────────────────────────┼──────────┼───────────┼──────────────┤

│Кадмий жана анын органикалык   │ 0,05/0,01│     -     │    0,0003    │

│эмес бирикмелери               │          │           │              │

└───────────────────────────────┴──────────┴───────────┴──────────────┘

Эскертүү:

ЧЖКр.з. - жумушчу зонанын абасында учуп кетүүчү органикалык бирикмелердин чектик жол берилген концентрациясы, мында бүткүл эмгек стажынын ичинде күн сайын 8 саат бою дем алганда иштеп жаткан персоналда оорулар же ден соолук абалынын бузулушу болууга тийиш эмес. Алымда максималдуу бир жолку, бөлүмдө - орточо алмашуучу ЧЖК көрсөтүлгөн;

ЧЖКатм.в. максималдуу бир жолку - калктуу конуштардын абасында учуп кетүүчү органикалык бирикмелердин чектик жол берилген концентрациясы, ал адамдын организминде рефлектордук реакцияны пайда кылбайт;

ЧЖКатм.в. орточо суткалык - калктуу конуштардын абасында учуп кетүүчү органикалык бирикмелердин орточо суткалык чектик жол берилген концентрациясы, ал белгисиз узак убакыт бою күнү-түнү дем алган шартта адамга тикелей же кыйыр түрдө зыяндуу таасир этүүгө тийиш эмес.