Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 7-майы № 256

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-январындагы № 35, 2015-жылдын 2-февралы № 33, 2017-жылдын 7-июнундагы № 346, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосунда функциялардын кайра бөлүштүрүлгөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны учурдагы финансылык жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде каржыласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жоюлуп, анын көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары финансылык, материалдык-техникалык каражаттары, администрациялык имараттары менен кошо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Мамлекеттик ветеринария департаментин жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссияны белгиленген тартипте түзсүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша жоюу иш-чараларын жүргүзсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестринде:

"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" бөлүмүндө:

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаменти" бөлүмчөсүнүн 2, 3, 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;

"Мамлекеттик ветеринария департаменти" бөлүмчөсү күчүн жоготту деп эсептелсин;

төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген бөлүм менен толукталсын:

"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

1

Фитосанитардык сертификат

Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы

2

Импорттоого карантиндик уруксат

Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы

3

Карантиндик текшерүү жана экспертиза жүргүзүү жөнүндө акт

Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы

4

Ветеринардык күбөлүк

КМШга катышкан мамлекеттердин Ветеринария тармагында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 1998-жылдын 22-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган чечими

5

Ветеринардык сертификат

Эл аралык ветеринардык кодекс, Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы

6

Ветеринардык арналыштагы каражаттарды жасоо укугуна уруксат

Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамы

".

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев